Башкы бетТафсирAl-Qaari'a (101)

Тафсир Al-Qaari'a (101) — القارعة

Меккелик · 11 аят

Окуу · УгууPDF файл

ٱلْقَارِعَةُ ﴿١﴾

Катуу коркунучу менен адамдардын жүрөк үшүн алган кыямат сааты

مَا ٱلْقَارِعَةُ ﴿٢﴾

Өз коркунучу менен адамдардын жүрөк үшүн алган бул кыямат сааты деген эмне?

وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا ٱلْقَارِعَةُ ﴿٣﴾

Оо, пайгамбар! Өз коркунучу менен адамдардын жүрөк үшүн алган бул кыямат саатын сен кайдан билмек элең? Чындыгында ал – кыямат күн

يَوْمَ يَكُونُ ٱلنَّاسُ كَٱلْفَرَاشِ ٱلْمَبْثُوثِ ﴿٤﴾

Адамдардын жүрөк үшүн алган күндө алар чар тарапка чачыраган көпөлөктөр сыяктуу болуп калышат

وَتَكُونُ ٱلْجِبَالُ كَٱلْعِهْنِ ٱلْمَنفُوشِ ﴿٥﴾

Жана тоолор тез жүрүшүндө жана кыймылында тытылган жүн сыяктуу болуп калат. فأما من ثقلت موزينه

فَأَمَّا مَن ثَقُلَتْ مَوَٰزِينُهُۥ ﴿٦﴾

Кимдин жакшылык иштери жамандык иштеринен басымдуу болсо, فهو فى عيشة ر اضية

فَهُوَ فِى عِيشَةٍۢ رَّاضِيَةٍۢ ﴿٧﴾

анда ал бейиште көңүлдөгүдөй жашоодо болот. بلغ Куран · Тафсир وأما من خفت موزينه

وَأَمَّا مَنْ خَفَّتْ مَوَٰزِينُهُۥ ﴿٨﴾

Ал эми кимдин жамандык иштери жакшылык иштеринен басымдуу болсо, فأم ه هاوية

فَأُمُّهُۥ هَاوِيَةٌۭ ﴿٩﴾

анда анын кыямат күндөгү турак жайы тозок болот

وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا هِيَهْ ﴿١٠﴾

Оо, пайгамбар! Ал эмне экенин сен кандай билмек элең? نار حامية

نَارٌ حَامِيَةٌۢ ﴿١١﴾

Ал – абдан ысык тозок. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-Qaari'a — القارعة

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил