وَٱلْعَـٰدِيَـٰتِ ضَبْحًۭا ﴿١﴾
Аллах катуу чуркаганда дем алганы угулган тулпарлар менен ант берди
Башкы бет›Тафсир›Al-Aadiyaat (100)
Меккелик · 11 аят
وَٱلْعَـٰدِيَـٰتِ ضَبْحًۭا ﴿١﴾
Аллах катуу чуркаганда дем алганы угулган тулпарлар менен ант берди
فَٱلْمُورِيَـٰتِ قَدْحًۭا ﴿٢﴾
Жана туяктары ташка катуу тийгенде от чачыраган тулпарлар менен ант берди
فَٱلْمُغِيرَٰتِ صُبْحًۭا ﴿٣﴾
Жана таң заарда душманга чабуул койгон тулпарлар менен ант берди. فأثرن به نقعا
فَأَثَرْنَ بِهِۦ نَقْعًۭا ﴿٤﴾
Ошондо алар жүгүрүктөрү менен чаңды сапырып жиберишти. فوسطن به جمعا
فَوَسَطْنَ بِهِۦ جَمْعًا ﴿٥﴾
Андан соң атчандар душмандын жоон тобун жарып киришти
إِنَّ ٱلْإِنسَـٰنَ لِرَبِّهِۦ لَكَنُودٌۭ ﴿٦﴾
Чындыгында инсан Раббиси андан каалаган жакшылыктан баш тартуучу. وإنه عل ذلك لشهيد
وَإِنَّهُۥ عَلَىٰ ذَٰلِكَ لَشَهِيدٌۭ ﴿٧﴾
Ал жакшылыктан баш тартканына өзү күбө. Ал ачык эле көрүнгөнү үчүн аны тана албайт. بلغ Куран · Тафсир
وَإِنَّهُۥ لِحُبِّ ٱلْخَيْرِ لَشَدِيدٌ ﴿٨﴾
Ал байлыкты ашыкча сүйгөнү үчүн сараңдык кылат
۞ أَفَلَا يَعْلَمُ إِذَا بُعْثِرَ مَا فِى ٱلْقُبُورِ ﴿٩﴾
Бул дүйнө жашоосуна алданган адам, эгер Аллах өлүктөрдү кабырлардан тирилтип, аларды сурак, сыйлык жана жаза үчүн жерден чыгарганда абал ал ойлогондой болбосун билбейби?
وَحُصِّلَ مَا فِى ٱلصُّدُورِ ﴿١٠﴾
Жүрөктөрдөгү ниеттер, ишенимден жана башка нерселер ачыкка чыкканда. إن رب هم بهم يومئذ ل خبير
إِنَّ رَبَّهُم بِهِمْ يَوْمَئِذٍۢ لَّخَبِيرٌۢ ﴿١١﴾
Чындыгында алардын Раббиси ал күнү алардан кабардар. Пенделеринин эч бир нерсеси Ага жашыруун эмес. Жакында аларга анын сыйлыгын же жазасын берет. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз