Башкы бетТафсирAt-Takaathur (102)

Тафсир At-Takaathur (102) — التكاثر

Меккелик · 8 аят

Окуу · УгууPDF файл

أَلْهَىٰكُمُ ٱلتَّكَاثُرُ ﴿١﴾

Оо, адамдар! Мал-мүлк жана бала-чака менен мактануу силерди Аллахка моюн сунуудан алаксытып койду

حَتَّىٰ زُرْتُمُ ٱلْمَقَابِرَ ﴿٢﴾

Силер өлүп, кабырга киргенге чейин. كلا سوف تعلمون

كَلَّا سَوْفَ تَعْلَمُونَ ﴿٣﴾

Аны менен мактануу Аллахка моюн сунуудан силерди алаксытпаш керек болчу. Силер ошол алек болгонуңардын акыбетин жакында билесиңер. ثم كلاسوف تعلمون

ثُمَّ كَلَّا سَوْفَ تَعْلَمُونَ ﴿٤﴾

Кийин анын акыбетин дагы билесиңер

كَلَّا لَوْ تَعْلَمُونَ عِلْمَ ٱلْيَقِينِ ﴿٥﴾

Чындыгында силер Аллахка тирилип барарыңарды жана иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын аларыңарды чындап билгениңерде, анда силер мал-мүлк жана бала-чаканы айтып мактануу менен алек болбойт элеңер

لَتَرَوُنَّ ٱلْجَحِيمَ ﴿٦﴾

Аллахка ант болсун! Силер кыямат күнү тозокту сөзсүз көрөсүңөр. بلغ Куран · Тафсир

ثُمَّ لَتَرَوُنَّهَا عَيْنَ ٱلْيَقِينِ ﴿٧﴾

Андан соң силер аны эч кандай шек-күмөнү жок анык көрөсүңөр

ثُمَّ لَتُسْـَٔلُنَّ يَوْمَئِذٍ عَنِ ٱلنَّعِيمِ ﴿٨﴾

Андан соң ал күнү Аллах силерге берген ден-соолук, байлык жана башка жакшылыктар тууралуу сөзсүз сурак алат. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · At-Takaathur — التكاثر

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил