Башкы бетТафсирAl-Balad (90)

Тафсир Al-Balad (90) — البلد

Меккелик · 20 аят

Окуу · УгууPDF файл

لَآ أُقْسِمُ بِهَـٰذَا ٱلْبَلَدِ ﴿١﴾

Аллах тыйылган шаар болгон ыйык Мекке менен ант берди

وَأَنتَ حِلٌّۢ بِهَـٰذَا ٱلْبَلَدِ ﴿٢﴾

Оо, пайгамбар! Сен үчүн ал жерде өлтүрүлүүгө татыктууну өлтүрүүгө, туткундалууга татыктууну туткундоого уруксат. ووالد وما ولد

وَوَالِدٍۢ وَمَا وَلَدَ ﴿٣﴾

Аллах адамзаттын атасы менен ант берди жана андан таркаган урпактар менен ант берди

لَقَدْ خَلَقْنَا ٱلْإِنسَـٰنَ فِى كَبَدٍ ﴿٤﴾

Биз инсанды дүйнөдө тарткан кыйынчылыктар себептүү чарчоодо жана машакатта жараттык. أيحسب أن لن يقدر عليه أحد

أَيَحْسَبُ أَن لَّن يَقْدِرَ عَلَيْهِ أَحَدٌۭ ﴿٥﴾

Эгерде инсан күнөө кылса, анда Раббиси аны жараткан болсо дагы ага эч кимдин күчү жетпейт жана өч ала албайт деп ойлойбу? يقول أهلكت مالا لبدا

يَقُولُ أَهْلَكْتُ مَالًۭا لُّبَدًا ﴿٦﴾

Ал: «Биринин үстүнө бири үйүлгөн мал-мүлк сарптадым» — деп айтат. بلغ Куран · Тафсир أيحسب أن لم يره أحد

أَيَحْسَبُ أَن لَّمْ يَرَهُۥٓ أَحَدٌ ﴿٧﴾

Бул мактанчаак Аллах анын сарптаганын көрбөйт деп жана мал-мүлкүн кайдан таап, кайда сарптаганы үчүн сурак албайт деп ойлоп жатабы? ألم نجعل له عينين

أَلَمْ نَجْعَل لَّهُۥ عَيْنَيْنِ ﴿٨﴾

Биз ага көрүүчү эки көз бербедикпи? ولسانا وشفتين

وَلِسَانًۭا وَشَفَتَيْنِ ﴿٩﴾

Сүйлөөчү тил жана эки эрин бербедикпи?

وَهَدَيْنَـٰهُ ٱلنَّجْدَيْنِ ﴿١٠﴾

Жана Биз ага жакшылык жана жамандык жолду тааныттык

فَلَا ٱقْتَحَمَ ٱلْعَقَبَةَ ﴿١١﴾

Аны бейиштен бөлүп турган тоскоолдуктан өтүүсү талап кылынганына карабастан, ал аны кесип өтпөйт

وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا ٱلْعَقَبَةُ ﴿١٢﴾

Оо, пайгамбар! Ал бейишке кирүү үчүн кандай тоскоолдуктан өтүшү керек экенин кайдан билесиң? فك رقبة

فَكُّ رَقَبَةٍ ﴿١٣﴾

Ал эркек же аял кулду азат кылуу. بلغ Куран · Тафсир أو إطعم فى يوم ذى مسغبة

أَوْ إِطْعَـٰمٌۭ فِى يَوْمٍۢ ذِى مَسْغَبَةٍۢ ﴿١٤﴾

Же азык-түлүк тартыш болгон ачарчылык күндө тамак-аш берүү. يتيما ذا مقربة

يَتِيمًۭا ذَا مَقْرَبَةٍ ﴿١٥﴾

Тууганчылыгы бар атасы жок балага. أو مسكينا ذا متربة

أَوْ مِسْكِينًۭا ذَا مَتْرَبَةٍۢ ﴿١٦﴾

Же эч нерсеге ээлик кылбаган кедейге

ثُمَّ كَانَ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَتَوَاصَوْا۟ بِٱلصَّبْرِ وَتَوَاصَوْا۟ بِٱلْمَرْحَمَةِ ﴿١٧﴾

Кийин ал Аллахка ыйман келтирип, бири-бирин ибадаттарга, күнөөлөргө жана сыноолорго сабырдуу болууга жана ошондой эле бири-бирин Аллахтын пенделерине мээримдүү болууга осуят кылгандардан болгон

أُو۟لَـٰٓئِكَ أَصْحَـٰبُ ٱلْمَيْمَنَةِ ﴿١٨﴾

Мына ушул сыпаттагы адамдар оң тарап ээлери

وَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا هُمْ أَصْحَـٰبُ ٱلْمَشْـَٔمَةِ ﴿١٩﴾

Ал эми элчибизге түшүргөн аяттарга каапырлык кылгандар – алар сол тарап ээлери. عليهم نار مؤصدة

عَلَيْهِمْ نَارٌۭ مُّؤْصَدَةٌۢ ﴿٢٠﴾

Кыямат күнү алардын үстүнөн жабылган от бар. Алар ал жакта азапталышат. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-Balad — البلد

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил