Башкы бетТафсирAsh-Shams (91)

Тафсир Ash-Shams (91) — الشمس

Меккелик · 15 аят

Окуу · УгууPDF файл

وَٱلشَّمْسِ وَضُحَىٰهَا ﴿١﴾

Аллах Күн менен ант берди жана ал чыгыш тараптан чыккандан кийин көтөрүлгөн убактысы менен ант берди

وَٱلْقَمَرِ إِذَا تَلَىٰهَا ﴿٢﴾

Жана ал баткандан кийин анын артынан ээрчиген Ай менен ант берди

وَٱلنَّهَارِ إِذَا جَلَّىٰهَا ﴿٣﴾

Жер бетиндеги нерселерди өз жарыгы менен ачык кылып көргөзгөн күндүз менен ант берди

وَٱلَّيْلِ إِذَا يَغْشَىٰهَا ﴿٤﴾

Жер бетин каптап, караңгыга айланган түн менен ант берди

وَٱلسَّمَآءِ وَمَا بَنَىٰهَا ﴿٥﴾

Асман менен жана анын кылдаат курулушу менен ант берди

وَٱلْأَرْضِ وَمَا طَحَىٰهَا ﴿٦﴾

Жер менен ант берди жана адамдар ага жашаш үчүн анын жайыктыгы менен ант берди. ونفس وماسو ها

وَنَفْسٍۢ وَمَا سَوَّىٰهَا ﴿٧﴾

Ар бир жан менен ант берди жана Аллах аны түз турпатта жаратканы менен ант берди. بلغ Куран · Тафсир فألهمها فجورها وتقوها

فَأَلْهَمَهَا فُجُورَهَا وَتَقْوَىٰهَا ﴿٨﴾

Ага ташташ керек болгон жаман нерсени жана аткарыш керек болгон жакшы нерсени үйрөтпөстөн түшүндүрүп койду. قد أفلح من زك ىها

قَدْ أَفْلَحَ مَن زَكَّىٰهَا ﴿٩﴾

Кимде-ким жакшы сапаттарга ээ болуп жана жаман сапаттардан арылып, жан дүйнөсүн тазалаган болсо, анда ал көздөгөнүнө жетти. وقد خاب من دس ىها

وَقَدْ خَابَ مَن دَسَّىٰهَا ﴿١٠﴾

Кимде-ким өзүн күнөөлөргө жана жамандык иштерге жашырса, анда ал зыянга учурады

كَذَّبَتْ ثَمُودُ بِطَغْوَىٰهَآ ﴿١١﴾

Самуд коому күнөөлөрдү жана жамандык иштерди кылып чектен чыгышканы себептүү пайгамбары Салихти жалганга чыгарышты

إِذِ ٱنۢبَعَثَ أَشْقَىٰهَا ﴿١٢﴾

Анан алардын эң бактысызы элинин дайындоосу менен ордунан турган кезде

فَقَالَ لَهُمْ رَسُولُ ٱللَّهِ نَاقَةَ ٱللَّهِ وَسُقْيَـٰهَا ﴿١٣﴾

Аллахтын элчиси Салих аларга: «Аллахтын төөсүнө жана анын суу ичкен күнүнө тийишпегиле жана ага зыян келтирбегиле» – деди. فكذبوهفعقروها فدمدمعليهم رب هم بذنبهم فسو ها

فَكَذَّبُوهُ فَعَقَرُوهَا فَدَمْدَمَ عَلَيْهِمْ رَبُّهُم بِذَنۢبِهِمْ فَسَوَّىٰهَا ﴿١٤﴾

Алар пайгамбарынын төө тууралуу айтканын жалган дешип, арасындагы эң бактысызы алардын ыраазылыгы менен аны өлтүрүп салды жана алар күнөөгө шерик болушту. بلغ Куран · Тафсир Ошондо Аллах аларга азабын түшүрүп, аларды күнөөлөрү себептүү кыйкырык менен өлтүрдү жана аларды кыйроого дуушар кылган жазаны баарына бирдей кылды. ولا يخاف عقبها

وَلَا يَخَافُ عُقْبَـٰهَا ﴿١٥﴾

Аллах аларды кыйратып жок кылган азапты кылып, анын кесепеттеринен корккон жок. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Ash-Shams — الشمس

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил