Башкы бетТафсирAl-A'laa (87)

Тафсир Al-A'laa (87) — الأعلى

Меккелик · 19 аят

Окуу · УгууPDF файл

سَبِّحِ ٱسْمَ رَبِّكَ ٱلْأَعْلَى ﴿١﴾

Жараткандарынан бийик болгон Раббиңди эскерип, Аны улуктаган кезде Анын ысымын айтып аруула!

ٱلَّذِى خَلَقَ فَسَوَّىٰ ﴿٢﴾

Ал инсанды түз турпатта жаратты жана тулку боюн тең салмакта кылды

وَٱلَّذِى قَدَّرَ فَهَدَىٰ ﴿٣﴾

Ал макулуктардын түрлөрүн, түркүмдөрүн жана сыпаттарын белгилеп, алардын ар бирин өзүнө ылайыктуу жана шайкеш келген нерсеге багыттады

وَٱلَّذِىٓ أَخْرَجَ ٱلْمَرْعَىٰ ﴿٤﴾

Ал жерден силердин мал-жандыктарыңар оттогон жайыттарды чыгарды

فَجَعَلَهُۥ غُثَآءً أَحْوَىٰ ﴿٥﴾

Кийин аны жапжашыл болгондон кийин кургаган бозомтук кара чөпкө айлантты

سَنُقْرِئُكَ فَلَا تَنسَىٰٓ ﴿٦﴾

Оо, пайгамбар! Биз сага Куранды окутабыз, аны көкүрөгүңө эч унутпай тургандай кылып топтойбуз. Сен эми буга чейин унутпай жаттап калайын деп аракет кылган сыяктуу Жебреил менен жарышып окуба. بلغ Куран · Тафсир

إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُ ۚ إِنَّهُۥ يَعْلَمُ ٱلْجَهْرَ وَمَا يَخْفَىٰ ﴿٧﴾

Бирок Аллах кандайдыр бир даанышмандык себептүү андан унуттурууну каалаган нерселерди гана унутасың. Чындыгында Ал ачыкты да, жашыруунду да билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. ونيسرك لليسر

وَنُيَسِّرُكَ لِلْيُسْرَىٰ ﴿٨﴾

Жана Биз сага Аллах ыраазы болгон, сени бейишке киргизген иш-аракеттерди кылууңду жеңил кылабыз

فَذَكِّرْ إِن نَّفَعَتِ ٱلذِّكْرَىٰ ﴿٩﴾

Андыктан сен Курандагы вахий кылынган нерселер менен адамдарга насаат айт жана эскертмеге кулак салуу мүмкүн болсо эле аларга эскерте бер. سيذك ر من يخش

سَيَذَّكَّرُ مَن يَخْشَىٰ ﴿١٠﴾

Аллахтан корккон адамдар насааттарыңдан сабак алышат. Анткени ошолор насыйкаттан пайда алышат

وَيَتَجَنَّبُهَا ٱلْأَشْقَى ﴿١١﴾

Каапыр адам болсо насааттан алыстап, андан качат. Анткени ал акыретте тозокко киргени үчүн эң бактысыз адамдардан болот

ٱلَّذِى يَصْلَى ٱلنَّارَ ٱلْكُبْرَىٰ ﴿١٢﴾

Ал эбегейсиз чоң отко кирип, анын ысыктык азабын түбөлүк тартат. ثم لا يموت فيها ولا يحي

ثُمَّ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحْيَىٰ ﴿١٣﴾

Кийин ал тозокто түбөлүк калат. Ал жакта тарткан азаптан эс алыш үчүн өлбөйт жана татыктуу жакшы жашоодо да жашабайт. بلغ Куран · Тафсир قد أفلح من تزك

قَدْ أَفْلَحَ مَن تَزَكَّىٰ ﴿١٤﴾

Ким ширктен жана күнөөлөрдөн тазаланса, анда ал максатына ийгиликтүү жетти

وَذَكَرَ ٱسْمَ رَبِّهِۦ فَصَلَّىٰ ﴿١٥﴾

Ошондой эле шариятта келген түрлүү зикирлер менен Раббисин зикир кылса жана намазды талаптагыдай көрүнүштө толук аткарса (ийгиликке жетти)

بَلْ تُؤْثِرُونَ ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا ﴿١٦﴾

Бирок силер дүйнө жашоосун акыреттен алдын коёсуңар жана ал экөөсүнүн ортосундагы чоң айырмачылыктан улам дүйнөнү андан артык көрөсүңөр

وَٱلْـَٔاخِرَةُ خَيْرٌۭ وَأَبْقَىٰٓ ﴿١٧﴾

Бирок акырет дүйнөдөн жана андагы жыргалчылыктардан жана ырахаттардан жакшыраак, артыгыраак жана түбөлүктүү. Анткени андагы жыргалчылыктар эч качан түгөнбөйт

إِنَّ هَـٰذَا لَفِى ٱلصُّحُفِ ٱلْأُولَىٰ ﴿١٨﴾

Чынында, Биз силерге айткан бул буйруктар жана кабарлар Курандан мурун түшкөн баракчаларда бар. صحف إ برهيموموس

صُحُفِ إِبْرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ ﴿١٩﴾

Ал Ибрахим менен Мусага түшүрүлгөн баракчалар. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-A'laa — الأعلى

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил