Башкы бетТафсирAt-Taariq (86)

Тафсир At-Taariq (86) — الطارق

Меккелик · 17 аят

Окуу · УгууPDF файл

وَٱلسَّمَآءِ وَٱلطَّارِقِ ﴿١﴾

Аллах асман менен ант берди жана түндөсү келүүчү жылдыз менен ант берди

وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا ٱلطَّارِقُ ﴿٢﴾

Оо, пайгамбар! Сен бул улуу жылдыздын абалы тууралуу кайдан билмек элең?

ٱلنَّجْمُ ٱلثَّاقِبُ ﴿٣﴾

Ал жаркыраган жарыгы менен асманды тешип өткөн жылдыз. إن كل نفس لما عليها حافظ

إِن كُلُّ نَفْسٍۢ لَّمَّا عَلَيْهَا حَافِظٌۭ ﴿٤﴾

Кайсы гана жан болбосун, Аллах кыямат күнү сурак алуу үчүн анын кылган иш- аракеттерин сактоочу бир периштени анын үстүнөн жоопкер кылган

فَلْيَنظُرِ ٱلْإِنسَـٰنُ مِمَّ خُلِقَ ﴿٥﴾

Эми инсан ага Аллахтын кудуреттүүлүгү жана инсандын алсыздыгы анык болуш үчүн Аллах аны эмнеден жараткандыгы тууралуу ой жүгүртүп көрсүн

خُلِقَ مِن مَّآءٍۢ دَافِقٍۢ ﴿٦﴾

Аллах аны атылып чыгып, жатынга куюлуучу суудан жараткан

يَخْرُجُ مِنۢ بَيْنِ ٱلصُّلْبِ وَٱلتَّرَآئِبِ ﴿٧﴾

Бул суу эркек кишинин омуртка сөөктөрү менен көкүрөк сөөктөрүнүн ортосунан чыгат. بلغ Куран · Тафсир إنه عل رجعه لقادر

إِنَّهُۥ عَلَىٰ رَجْعِهِۦ لَقَادِرٌۭ ﴿٨﴾

Эгерде Ал аны ошол жийиркеничтүү суудан жараткан болсо, анда андан сурак алуу жана жаза же сыйлык берүү үчүн өлүмдөн кийин кайра тирилтүүгө кудуреттүү

يَوْمَ تُبْلَى ٱلسَّرَآئِرُ ﴿٩﴾

Ал күнү катылган сырлар сыналып, жүрөктө жышырылган ниеттер, ишенимдер жана башка нерселер ачыкка чыгат жана түз жүргөн адам менен бузуку адам айырмаланып калат. فما له من قوة ولا ناصر

فَمَا لَهُۥ مِن قُوَّةٍۢ وَلَا نَاصِرٍۢ ﴿١٠﴾

Ал күнү инсан үчүн Аллахтын азабынан коргонгон күч-кубат да, ага жардам берген жардамчы да болбойт

وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلرَّجْعِ ﴿١١﴾

Аллах жамгырлуу асман менен ант берди. Анткени ал ошол тараптан кайра-кайра түшүп турат. ع

وَٱلْأَرْضِ ذَاتِ ٱلصَّدْعِ ﴿١٢﴾

Ошондой эле өсүмдүктөр, мөмө-жемиштер жана бак-дарактар жарып чыккан Жер менен ант берди. إنه لقول فصل

إِنَّهُۥ لَقَوْلٌۭ فَصْلٌۭ ﴿١٣﴾

Чындыгында Мухаммадга түшкөн бул Куран – акыйкат менен жалганды ажыратуучу сөз. بلغ Куран · Тафсир

وَمَا هُوَ بِٱلْهَزْلِ ﴿١٤﴾

Ал оюн-тамаша же жалган эмес. Ал тамашасы жок чындык. إن هم يكيدون كيدا

إِنَّهُمْ يَكِيدُونَ كَيْدًۭا ﴿١٥﴾

Чындыгында пайгамбар алып келген нерсени жалганга чыгаргандар анын дааватын токтотуу жана жокко чыгаруу максатта көптөгөн айла-амалдарды жасашат. وأ كيد كيدا

وَأَكِيدُ كَيْدًۭا ﴿١٦﴾

Мен дагы динди үстөм кылып, жалганды жок кылыш үчүн айла-амал кыламын

فَمَهِّلِ ٱلْكَـٰفِرِينَ أَمْهِلْهُمْ رُوَيْدًۢا ﴿١٧﴾

Оо, пайгамбар! Ал каапырларды күтө тур, аларга бир аз мөөнөт бер. Алардын азабын жана кыйроосун шаштырба. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · At-Taariq — الطارق

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил