Башкы бетТафсирAl-Humaza (104)

Тафсир Al-Humaza (104) — الهمزة

Меккелик · 9 аят

Окуу · УгууPDF файл

وَيْلٌۭ لِّكُلِّ هُمَزَةٍۢ لُّمَزَةٍ ﴿١﴾

Адамдарды көп ушактагандарга жана аларды жаманатты кылгандарга кыйроо жана катаал азап болсун!

ٱلَّذِى جَمَعَ مَالًۭا وَعَدَّدَهُۥ ﴿٢﴾

Анын бүткүл ою байлык топтоо жана аны эсептөө, анын андан башка ою жок. يحسب أن ماله أخلده

يَحْسَبُ أَنَّ مَالَهُۥٓ أَخْلَدَهُۥ ﴿٣﴾

Ал чогулткан байлыгы аны өлүмдөн куткарып, дүйнө жашоосунда түбөлүк калам деп ойлойт

كَلَّا ۖ لَيُنۢبَذَنَّ فِى ٱلْحُطَمَةِ ﴿٤﴾

Абал бул наадан ойлогондой эмес. Аны тозок отуна ыргыткыла! Ал андагы азаптын катаалдыгынан улам ага ташталган бардык нерселерди майдалап, таш-талканын чыгарат

وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا ٱلْحُطَمَةُ ﴿٥﴾

Оо, пайгамбар! Ага ташталгандардын баарысын жок кылган бул тозок эмне экенин кайдан билмек элең?

نَارُ ٱللَّهِ ٱلْمُوقَدَةُ ﴿٦﴾

Ал — Аллахтын алоолонгон тозогу. بلغ Куран · Тафсир

ٱلَّتِى تَطَّلِعُ عَلَى ٱلْأَفْـِٔدَةِ ﴿٧﴾

Ал адамдардын денесинен жүрөктөрүнө тешип кирет. إن ها عليهم مؤصدة

إِنَّهَا عَلَيْهِم مُّؤْصَدَةٌۭ ﴿٨﴾

Чындыгында ал анын ичинде азапталгандар үчүн жабык. فى عمد ممد دة

فِى عَمَدٍۢ مُّمَدَّدَةٍۭ ﴿٩﴾

Алар ал жактан чыгып кетпеш үчүн узун устундар менен бекемделген. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-Humaza — الهمزة

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил