Башкы бетТафсирAl-Fil (105)

Тафсир Al-Fil (105) — الفيل

Меккелик · 5 аят

Окуу · УгууPDF файл

أَلَمْ تَرَ كَيْفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِأَصْحَـٰبِ ٱلْفِيلِ ﴿١﴾

Оо, пайгамбар! Пил ээлери болгон Абраха жана анын жан жөкөрлөрү Каабаны талкалоону каалаганда Раббиң аларды эмне кылганын билбедиңби? ألم يجعل كيدهم فى تضليل

أَلَمْ يَجْعَلْ كَيْدَهُمْ فِى تَضْلِيلٍۢ ﴿٢﴾

Аллах алардын аны талкалайбыз деген жаман ойлорун текке кетирди. Алар адамдарды Каабадан бурабыз деген тилектерине жетишпеди жана андан эч нерсе ала алышпады. وأرسل عليهم طيرا أبابيل

وَأَرْسَلَ عَلَيْهِمْ طَيْرًا أَبَابِيلَ ﴿٣﴾

Аларга топ-тобу менен келген канаттууларды жиберди. ترميهم بحجارة من سجيل

تَرْمِيهِم بِحِجَارَةٍۢ مِّن سِجِّيلٍۢ ﴿٤﴾

Аларга каткан чопо таштарды ыргытышты. فجعلهم كعصف م أكول

فَجَعَلَهُمْ كَعَصْفٍۢ مَّأْكُولٍۭ ﴿٥﴾

Аллах аларды малдар тебелеп тепсеп жеген эгин жалбырактарындай кылып койду. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-Fil — الفيل

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил