وَٱلضُّحَىٰ ﴿١﴾
Аллах күндүн баштапкы убактысы менен ант берди
Башкы бет›Тафсир›Ad-Dhuhaa (93)
Меккелик · 11 аят
وَٱلضُّحَىٰ ﴿١﴾
Аллах күндүн баштапкы убактысы менен ант берди
وَٱلَّيْلِ إِذَا سَجَىٰ ﴿٢﴾
Жана кыймыл-аракет токтоп, адамдар тынчыган караңгы түн менен ант берди. ما ودعك ربك وما قل
مَا وَدَّعَكَ رَبُّكَ وَمَا قَلَىٰ ﴿٣﴾
Оо, пайгамбар! Вахий басаңдап калганда мушриктер айткандай Раббиң сени таштаган жок жана сени жек көргөн жок
وَلَلْـَٔاخِرَةُ خَيْرٌۭ لَّكَ مِنَ ٱلْأُولَىٰ ﴿٤﴾
Сен үчүн акырет жашоосу дүйнөдөн жакшыраак. Анткени анда түгөнбөгөн түбөлүк жыргалчылыктар бар
وَلَسَوْفَ يُعْطِيكَ رَبُّكَ فَتَرْضَىٰٓ ﴿٥﴾
Жакында Раббиң сага жана үммөтүңө улуу сыйлыкты берет, ошондо сен жана үммөтүң Анын бергенине ыраазы болосуңар. ألم يجدك يتيما فٔاو
أَلَمْ يَجِدْكَ يَتِيمًۭا فَـَٔاوَىٰ ﴿٦﴾
Ал сени атаң кайтыш болуп калган кичине кезиңде тапты. Анан сага чоң атаң Абдулмутталипти, кийин абаң Абу Талипти сага башпаанек кылды. بلغ Куран · Тафсир ل
وَوَجَدَكَ ضَآلًّۭا فَهَدَىٰ ﴿٧﴾
Ал сени китеп эмне экенин, ыйман эмне экенин билбеген абалда таап, сага андагы билбеген нерселериңди үйрөттү
وَوَجَدَكَ عَآئِلًۭا فَأَغْنَىٰ ﴿٨﴾
Жана сени кедей абалда таап, кийин сени байытты
فَأَمَّا ٱلْيَتِيمَ فَلَا تَقْهَرْ ﴿٩﴾
Жаш кезинде атасынан ажыраган адамга жаман мамиле кылба жана аны кордобо
وَأَمَّا ٱلسَّآئِلَ فَلَا تَنْهَرْ ﴿١٠﴾
Жана муктаждыгын сурап келген адамды кууба. وأم ابنعمة ربك فحدث
وَأَمَّا بِنِعْمَةِ رَبِّكَ فَحَدِّثْ ﴿١١﴾
Жана Аллахтын сага берген жакшылыктарына шүгүр кыл жана алар тууралуу айт. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз