إِذَا ٱلسَّمَآءُ ٱنفَطَرَتْ ﴿١﴾
Периштелер түшүү үчүн асман жарылганда
Башкы бет›Тафсир›Al-Infitaar (82)
Меккелик · 19 аят
إِذَا ٱلسَّمَآءُ ٱنفَطَرَتْ ﴿١﴾
Периштелер түшүү үчүн асман жарылганда
وَإِذَا ٱلْكَوَاكِبُ ٱنتَثَرَتْ ﴿٢﴾
Жылдыздар күбүлүп түшкөндө
وَإِذَا ٱلْبِحَارُ فُجِّرَتْ ﴿٣﴾
Деңиздер бири-бирине ачылып кошулганда
وَإِذَا ٱلْقُبُورُ بُعْثِرَتْ ﴿٤﴾
Кабырдагы өлүктөр кайра тирилүү үчүн анын топурагы оодарылганда. علمت نفس ما قد مت وأخ رت
عَلِمَتْ نَفْسٌۭ مَّا قَدَّمَتْ وَأَخَّرَتْ ﴿٥﴾
Ошол кезде ар бир жан кандай иш-аракет даярдаганын жана кайсынысын кылбастан таштап койгондугун билет
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلْإِنسَـٰنُ مَا غَرَّكَ بِرَبِّكَ ٱلْكَرِيمِ ﴿٦﴾
Эй, Раббисине каапырлык кылган инсан! Раббиң кең пейилдиги менен сага мөөнөт берип, сени жазалоого шашылбаган кезде Анын буйругуна каршы чыгууңа эмне себеп болду?
ٱلَّذِى خَلَقَكَ فَسَوَّىٰكَ فَعَدَلَكَ ﴿٧﴾
Ал сени жок жерден жаратты жана дене-мүчөлөрүңдү келишкен турпатта кылды. بلغ Куран · Тафсир
فِىٓ أَىِّ صُورَةٍۢ مَّا شَآءَ رَكَّبَكَ ﴿٨﴾
Ал сени Өзү каалаган келбетте жаратты жана сага жакшылык кылды, анткени ал сени эшектин же маймылдын же иттин же башка нерселердин келбетинде жараткан жок
كَلَّا بَلْ تُكَذِّبُونَ بِٱلدِّينِ ﴿٩﴾
Эй, алдангандар! Абал силер элестеткендей эмес. Бирок силер сурак күнүн жалганга чыгардыңар, ал үчүн аракет да кылбадыңар. وإن عليكم لحفظين
وَإِنَّ عَلَيْكُمْ لَحَـٰفِظِينَ ﴿١٠﴾
Чындыгында силердин үстүңөрдө иш-аракеттериңерди сактоочу периштелер бар. كراما كتبين
كِرَامًۭا كَـٰتِبِينَ ﴿١١﴾
Аллахтын алдында ардактуулар, силердин иш-аракеттериңерди жазуучулар. يعلمون ما تفعلون
يَعْلَمُونَ مَا تَفْعَلُونَ ﴿١٢﴾
Силер кандай иш кылбагыла, алар аны билип жазып турушат
إِنَّ ٱلْأَبْرَارَ لَفِى نَعِيمٍۢ ﴿١٣﴾
Чындыгында жакшылык иштерди жана ибадаттарды көп кылгандар кыямат күнү түбөлүк жыргалчылыкта болушат
وَإِنَّ ٱلْفُجَّارَ لَفِى جَحِيمٍۢ ﴿١٤﴾
Чындыгында күнөөкөр адамдар жалындаган тозокто болушат. بلغ Куран · Тафсир
يَصْلَوْنَهَا يَوْمَ ٱلدِّينِ ﴿١٥﴾
Алар ага сурак күнү киришет, анын ысыктык азабын тартышат
وَمَا هُمْ عَنْهَا بِغَآئِبِينَ ﴿١٦﴾
Алар андан эч качан жок болуп кетишпейт, ал жакта түбөлүк калышат
وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا يَوْمُ ٱلدِّينِ ﴿١٧﴾
Оо, пайгамбар! Сен сурак күн эмне экенин кандай билмек элең?
ثُمَّ مَآ أَدْرَىٰكَ مَا يَوْمُ ٱلدِّينِ ﴿١٨﴾
Сен дагы сурак күнү эмне экенин кайдан билмек элең?
يَوْمَ لَا تَمْلِكُ نَفْسٌۭ لِّنَفْسٍۢ شَيْـًۭٔا ۖ وَٱلْأَمْرُ يَوْمَئِذٍۢ لِّلَّهِ ﴿١٩﴾
Ал күнү эч ким башка бирөөгө пайда келтире албайт. Ал күнү бүткүл иш башкаларга эмес, Аллахка гана таандык. Ал аны Өзү каалагандай кылат. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз