Башкы бетТафсирAt-Takwir (81)

Тафсир At-Takwir (81) — التكوير

Меккелик · 29 аят

Окуу · УгууPDF файл

إِذَا ٱلشَّمْسُ كُوِّرَتْ ﴿١﴾

Күндүн бөлүкчөлөрү жуурулушуп, анын нуру өчкөндө

وَإِذَا ٱلنُّجُومُ ٱنكَدَرَتْ ﴿٢﴾

Жылдыздар күбүлүп, жарыктары кеткенде

وَإِذَا ٱلْجِبَالُ سُيِّرَتْ ﴿٣﴾

Тоолор өз ордунан кыймылга келгенде

وَإِذَا ٱلْعِشَارُ عُطِّلَتْ ﴿٤﴾

Ээлери атаандашкан бооз төөлөр ээси жок кароосуз калганда

وَإِذَا ٱلْوُحُوشُ حُشِرَتْ ﴿٥﴾

Жапайыайбанаттар адамзат менен кошобир жерге топтолуп калганда

وَإِذَا ٱلْبِحَارُ سُجِّرَتْ ﴿٦﴾

Деңиздер от болуп жанганда

وَإِذَا ٱلنُّفُوسُ زُوِّجَتْ ﴿٧﴾

Жандар өзүнө окшогондор менен биригип, бузуку бузуку менен, такыба такыба менен бирге болгондо

وَإِذَا ٱلْمَوْءُۥدَةُ سُئِلَتْ ﴿٨﴾

Аллахтирүүлөй көмүлгөн наристе кыздардан сураганда. بأى ذنب قتلت

بِأَىِّ ذَنۢبٍۢ قُتِلَتْ ﴿٩﴾

Сени өлтүргөн адам кайсыкүнөөң үчүн өлтүрдүдеп

وَإِذَا ٱلصُّحُفُ نُشِرَتْ ﴿١٠﴾

Пенделердин ар бири өзүнүн амалбаракчасын окуш үчүн аларга амалбаракчаларытаркатылганда. بلغ Куран · Тафсир

وَإِذَا ٱلسَّمَآءُ كُشِطَتْ ﴿١١﴾

Асман койдун териси сыйрылган сыяктуусыйрылганда

وَإِذَا ٱلْجَحِيمُ سُعِّرَتْ ﴿١٢﴾

Тозок жандырылганда

وَإِذَا ٱلْجَنَّةُ أُزْلِفَتْ ﴿١٣﴾

Бейиш такыбаларга жакындатылганда

عَلِمَتْ نَفْسٌۭ مَّآ أَحْضَرَتْ ﴿١٤﴾

Ушулар болгон кезде ар бир жан булкүнгө кандай иш-аракеттерди даярдаганын билет

فَلَآ أُقْسِمُ بِٱلْخُنَّسِ ﴿١٥﴾

Аллахтүндөсүжаркыраганга чейинки жашыруун жылдыздар менен ант берди

ٱلْجَوَارِ ٱلْكُنَّسِ ﴿١٦﴾

Алар өз орбитасында жүрүшөт, таң агарганда антилопа бадалдарга жашынган сыяктуу көрүнбөй калышат

وَٱلَّيْلِ إِذَا عَسْعَسَ ﴿١٧﴾

Жана кирип келген түндүн башталышыжана кетип бараткан түндүн акырыменен ант берди

وَٱلصُّبْحِ إِذَا تَنَفَّسَ ﴿١٨﴾

Ошондой эле нурун чачкан таң менен ант берди. إنه لقول رسول كريم

إِنَّهُۥ لَقَوْلُ رَسُولٍۢ كَرِيمٍۢ ﴿١٩﴾

Чындыгында Мухаммадга түшкөн Куран – Аллахтын сөзү. Аны ага Аллах аманат кылган чынчыл периште Жебреил жеткирген

ذِى قُوَّةٍ عِندَ ذِى ٱلْعَرْشِ مَكِينٍۢ ﴿٢٠﴾

Ал Арштын Раббисинин алдында улуу даражага ээ болгон кубаттуулук ээси. بلغ Куран · Тафсир مطاع ثم أمين

مُّطَاعٍۢ ثَمَّ أَمِينٍۢ ﴿٢١﴾

Асмандагылар ага баш ийишет жана ал вахийди жеткирүүгө ишенимдүү. وما صاحبكم بمجنون

وَمَا صَاحِبُكُم بِمَجْنُونٍۢ ﴿٢٢﴾

Силер менен бирге жүргөн, силер анын акылдуулугун, аманаткөйлүгүн жана чынчылдыгын билген Мухаммад, силер жалаа жапкандай жинди эмес

وَلَقَدْ رَءَاهُ بِٱلْأُفُقِ ٱلْمُبِينِ ﴿٢٣﴾

Алдосуңар Жебреилди асман мейкиндигинде өз жаратылган келбетинде ачык көрдү

وَمَا هُوَ عَلَى ٱلْغَيْبِ بِضَنِينٍۢ ﴿٢٤﴾

Ал досуңар силерге жеткир деп буйрулган нерсени жеткирүүдө сараң эмес жана ал көзү ачыктарга окшоп акы да албайт. وما هوبقول شيطن رجيم

وَمَا هُوَ بِقَوْلِ شَيْطَـٰنٍۢ رَّجِيمٍۢ ﴿٢٥﴾

Жана булКуран Аллахтын ырайымынан куулган шайтандын сөзүэмес. فأ ين تذهبون

فَأَيْنَ تَذْهَبُونَ ﴿٢٦﴾

Булдалилдерден кийин анын Аллахтан экенин четке кагууүчүн дагыкандай жолдоргобарасыңар? إن هو إل اذكر للعلمين

إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرٌۭ لِّلْعَـٰلَمِينَ ﴿٢٧﴾

Куран жиндер менен адамзат үчүн эскертме жана насыйкат

لِمَن شَآءَ مِنكُمْ أَن يَسْتَقِيمَ ﴿٢٨﴾

Араңарда акыйкат жолготүшүүнү каалагандар үчүн

وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٢٩﴾

Бүткүл макулуктардын Раббиси силерге туура жолду же башка нерсени каалаганда гана силер ошону каалайсыңар. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · At-Takwir — التكوير

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил