وَيْلٌۭ لِّلْمُطَفِّفِينَ ﴿١﴾
Таразадан алдагандарга кыйроожана жоготуу болсун!
Башкы бет›Тафсир›Al-Mutaffifin (83)
Меккелик · 36 аят
وَيْلٌۭ لِّلْمُطَفِّفِينَ ﴿١﴾
Таразадан алдагандарга кыйроожана жоготуу болсун!
ٱلَّذِينَ إِذَا ٱكْتَالُوا۟ عَلَى ٱلنَّاسِ يَسْتَوْفُونَ ﴿٢﴾
Алар башкалардан өлчөтүп алып жатканда,өз акыларын кемитпестен толук кылып алышат. وإذا كالوهم أو وزنوهم يخسرون
وَإِذَا كَالُوهُمْ أَو وَّزَنُوهُمْ يُخْسِرُونَ ﴿٣﴾
Өздөрү адамдарга өлчөп же таразага тартканда, өлчөмүн жана салмагын кемитип беришет. Пайгамбар Мединага көчүп барганга чейин мединалыктар ушундай абалда болушкан
أَلَا يَظُنُّ أُو۟لَـٰٓئِكَ أَنَّهُم مَّبْعُوثُونَ ﴿٤﴾
Булкүнөө ишти кылгандар Аллахка тирилип барабыз деп ишенишпейт бекен? ليوم عظيم
لِيَوْمٍ عَظِيمٍۢ ﴿٥﴾
Улуу күндө сурак берүү жана жаза-сыйлык алуу үчүн. Анткени анда кыйынчылыктар жана коркунучтар бар
يَوْمَ يَقُومُ ٱلنَّاسُ لِرَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٦﴾
Алкүнүадамдар сурак берүүүчүн бүткүлмакулуктардын Раббисинин алдында турушат
كَلَّآ إِنَّ كِتَـٰبَ ٱلْفُجَّارِ لَفِى سِجِّينٍۢ ﴿٧﴾
Абал силер өлүмдөн кийин кайра тирилүүболбойт деп элестеткендей эмес.Чындыгында каапыр жана эки жүздүү күнөөкөр адамдардын китептери эң төмөнкү жерде жоготууда болот
وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا سِجِّينٌۭ ﴿٨﴾
Оо,пайгамбар!Сен Сижжин эмне экенин кандай билмек элең? كتب م رقوم
كِتَـٰبٌۭ مَّرْقُومٌۭ ﴿٩﴾
Алардын китептери жок кылынбастан жазылган,ага эчнерсе кошулбайт жана кемитилбейт. بلغ Куран · Тафсир ويل يومئذ للمكذبين
وَيْلٌۭ يَوْمَئِذٍۢ لِّلْمُكَذِّبِينَ ﴿١٠﴾
Ал күнү жалганчыларга кыйроо жана жоготуу болсун!
ٱلَّذِينَ يُكَذِّبُونَ بِيَوْمِ ٱلدِّينِ ﴿١١﴾
Алар Аллах пенделерине дүйнөдө кылган иш-аракеттерине жараша сыйлык же жаза бере турган сурак күндү жалганга чыгаргандар
وَمَا يُكَذِّبُ بِهِۦٓ إِلَّا كُلُّ مُعْتَدٍ أَثِيمٍ ﴿١٢﴾
АлкүндүАллахтын чектеринен чыгып,көп күнөө кылган адамдар гана жалганга чыгарышат
إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِ ءَايَـٰتُنَا قَالَ أَسَـٰطِيرُ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿١٣﴾
Эгерде ага элчибизге түшүргөн аяттарыбыз окулса: «Бул байыркы элдердин уламыштары. Ал Аллах тараптан эмес» – деп айтат
كَلَّا ۖ بَلْ ۜ رَانَ عَلَىٰ قُلُوبِهِم مَّا كَانُوا۟ يَكْسِبُونَ ﴿١٤﴾
Абал ал жалганчылар элестеткендей эмес. Тескерисинче, алардын кылган күнөөлөрү акылдарын ээлеп жаап калды. Ошондуктан жүрөктөрү менен акыйкаттыкөрүшкөн жок
كَلَّآ إِنَّهُمْ عَن رَّبِّهِمْ يَوْمَئِذٍۢ لَّمَحْجُوبُونَ ﴿١٥﴾
Акыйкатта алар кыямат күнүРаббисин көрүүдөн курукалышат
ثُمَّ إِنَّهُمْ لَصَالُوا۟ ٱلْجَحِيمِ ﴿١٦﴾
Андан соңтозоккокиришип,анын ысыктык азабын тартышат
ثُمَّ يُقَالُ هَـٰذَا ٱلَّذِى كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ ﴿١٧﴾
Кийин кыяматта аларды жемелөө максатта мындай деп айтылат: «Силер туш болгон бул азап – пайгамбарыңар дүйнөдө силерге алжөнүндө айткан кезде жалган деген нерсеңер»
كَلَّآ إِنَّ كِتَـٰبَ ٱلْأَبْرَارِ لَفِى عِلِّيِّينَ ﴿١٨﴾
Абал силер ойлогондой сурак берүү да жок, сыйлык же жаза алуу да жок дегендей эмес. Чындыгында баш ийүүчү адамдардын китептери Иллийюнда. بلغ Куран · Тафсир
وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا عِلِّيُّونَ ﴿١٩﴾
Оо,Мухаммад!Сен Иллийюн деген эмне экенин кайдан билмек элең? كتب م رقوم
كِتَـٰبٌۭ مَّرْقُومٌۭ ﴿٢٠﴾
Алардын китептери жок кылынбастан жазылган,ага эчнерсе кошулбайт жана кемитилбейт
يَشْهَدُهُ ٱلْمُقَرَّبُونَ ﴿٢١﴾
Булкитепке ар бир асмандагыжакындатылган периштелер келишет
إِنَّ ٱلْأَبْرَارَ لَفِى نَعِيمٍ ﴿٢٢﴾
Чындыгында ибадаттардыкөп кылган адамдар кыямат күнүтүбөлүк жыргалчылыкта болушат
عَلَى ٱلْأَرَآئِكِ يَنظُرُونَ ﴿٢٣﴾
Алар кооздолгон сөрүлөрдүн үстүндө Раббисине жана алардын жан дүйнөсүнө кубаныч тартуулаган бардык нерселерге назар салып олтурушат
تَعْرِفُ فِى وُجُوهِهِمْ نَضْرَةَ ٱلنَّعِيمِ ﴿٢٤﴾
Алардыкарай турган болсоң,сулуужана жылдыздуужүздөрүнөн жыргалчылыктын белгилерин көрөсүң. يسقون من رحيق م ختوم
يُسْقَوْنَ مِن رَّحِيقٍۢ مَّخْتُومٍ ﴿٢٥﴾
Аларга кызматчыларыидиштерине мөөр басылган шараптардыичиришет
خِتَـٰمُهُۥ مِسْكٌۭ ۚ وَفِى ذَٰلِكَ فَلْيَتَنَافَسِ ٱلْمُتَنَـٰفِسُونَ ﴿٢٦﴾
Андан акырына чейин мисктин жытыбуркурап турат. Мына ушул улуусыйлык үчүн жарышуучулар Аллахтыыраазы кылган иш-аракеттерди кылып жана Анын каарын келтирген нерселерди таштооменен жарышышсын. ومزاجه من تسنيم
وَمِزَاجُهُۥ مِن تَسْنِيمٍ ﴿٢٧﴾
Булмөөр басылган ичимдик Тасним булагынан болот
عَيْنًۭا يَشْرَبُ بِهَا ٱلْمُقَرَّبُونَ ﴿٢٨﴾
Ал бейиштин эң жогорусунда жайгашкан булак. Аны таза жана тунук абалда жакындатылгандар ичишет, ал эми жалпы ыймандуулар болсо аны башка аралашмасы менен ичишет. بلغ Куран · Тафсир
إِنَّ ٱلَّذِينَ أَجْرَمُوا۟ كَانُوا۟ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ يَضْحَكُونَ ﴿٢٩﴾
Чындыгында каапырлыкта болуп,күнөө кылган адамдар ыйман келтиргендердин үстүнөн шылдыңдап күлүштү. وإذا مر وابهم يتغامزون
وَإِذَا مَرُّوا۟ بِهِمْ يَتَغَامَزُونَ ﴿٣٠﴾
Ыймандуулардын жанынан өткөн кезде бири-бирине көз кысып мазакташты
وَإِذَا ٱنقَلَبُوٓا۟ إِلَىٰٓ أَهْلِهِمُ ٱنقَلَبُوا۟ فَكِهِينَ ﴿٣١﴾
Ал эми үй-бүлөсүнө кайтышканда, каапырлыктарына жана ыймандууларды шылдыңдашканына кубанган бойдон кайтышты
وَإِذَا رَأَوْهُمْ قَالُوٓا۟ إِنَّ هَـٰٓؤُلَآءِ لَضَآلُّونَ ﴿٣٢﴾
Эгер мусулмандарды көрүш калышса: «Чындыгында булар акыйкат жолдон адашкандар. Анткени алар ата- бабалардын дининен безишти»–деп айтышты
وَمَآ أُرْسِلُوا۟ عَلَيْهِمْ حَـٰفِظِينَ ﴿٣٣﴾
Алар бул сөздү айткыдай, Аллах алардын иш-аракеттерин сактоону аларга тапшырган эмес
فَٱلْيَوْمَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ مِنَ ٱلْكُفَّارِ يَضْحَكُونَ ﴿٣٤﴾
Эми каапырлар дүйнөдө алардын үстүнөн күлүшкөндөй,ыймандуулар да кыямат күнүалардын үстүнөн күлүшөт
عَلَى ٱلْأَرَآئِكِ يَنظُرُونَ ﴿٣٥﴾
Алар кооздолгон сөрүлөрдүн үстүндө Аллахаларга даярдаган түбөлүк жыргалчылыктардыкарап олтурушат
هَلْ ثُوِّبَ ٱلْكُفَّارُ مَا كَانُوا۟ يَفْعَلُونَ ﴿٣٦﴾
Каапырлар дүйнөдө кылган иштери үчүн кордоочуазап менен жазаланышты. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз