وَٱلصَّـٰٓفَّـٰتِ صَفًّۭا ﴿١﴾
Алибадаттарында сап-сап болуп тизилип турган периштелер менен ант берди
Башкы бет›Тафсир›As-Saaffaat (37)
Меккелик · 182 аят
وَٱلصَّـٰٓفَّـٰتِ صَفًّۭا ﴿١﴾
Алибадаттарында сап-сап болуп тизилип турган периштелер менен ант берди
فَٱلزَّٰجِرَٰتِ زَجْرًۭا ﴿٢﴾
Ал булуттарды айдаган жана Аллах анын түшүүсүн каалаган жерге чейин алып барган периштелер менен ант берди
فَٱلتَّـٰلِيَـٰتِ ذِكْرًا ﴿٣﴾
Аллахтын сөзүн окуган периштелер менен ант берди. إن إلهكم لوحد
إِنَّ إِلَـٰهَكُمْ لَوَٰحِدٌۭ ﴿٤﴾
Оо, адамдар! Чындыгында силердин чыныгы кудайыңар Жалгыз, Анын шериги жок, Ал – Аллах
رَّبُّ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا وَرَبُّ ٱلْمَشَـٰرِقِ ﴿٥﴾
Ал асмандардын Раббиси, Жердин Раббиси жана алардын ортосундагылардын Раббиси. Ошондой эле Ал жыл бою чыккан жана баткан Күндүн Раббиси
إِنَّا زَيَّنَّا ٱلسَّمَآءَ ٱلدُّنْيَا بِزِينَةٍ ٱلْكَوَاكِبِ ﴿٦﴾
Чындыгында Биз Жерге жакын асманды кооз зыйнат болгон жыздыздар менен кооздоп койдук. Аларды бир караганда жаркыраган асылташтардай көрүнөт. وحفظا من كل شيطن مارد
وَحِفْظًۭا مِّن كُلِّ شَيْطَـٰنٍۢ مَّارِدٍۢ ﴿٧﴾
Жана Биз дүйнө асманын башийбес бардык шайтандарга атылган жылдыздар менен сактап койдук
لَّا يَسَّمَّعُونَ إِلَى ٱلْمَلَإِ ٱلْأَعْلَىٰ وَيُقْذَفُونَ مِن كُلِّ جَانِبٍۢ ﴿٨﴾
Ал шайтандар асмандагы периштелерге Раббиси тараптан вахий кылынган шарияты жана тагдыры тууралуу сөздөрүн уга алышпайт.Аларга бүт тараптан кызыган чок жылдыздар атылат
دُحُورًۭا ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌۭ وَاصِبٌ ﴿٩﴾
Алардыугуудан кууп алыстатышүчүн!Алар үчүн акыретте түбөлүк кыйноочуазап бар. بلغ Куран · Тафсир
إِلَّا مَنْ خَطِفَ ٱلْخَطْفَةَ فَأَتْبَعَهُۥ شِهَابٌۭ ثَاقِبٌۭ ﴿١٠﴾
Бирок шайтандардан кимиси периштелердин ортосунда болгон жер бетиндеги адамдарга илими жете элек нерсе тууралуу бир эле сөздү кулак чалып калса, анда аны жалындаган чок жылдыз кууп жетип күйгүзүп салат. Балким ал уккан сөзүн аны чок жылдыз күйгүзүп жибергенге чейин жан-жөкөрлөрүнө айтканга үлгүрүп, ал сөз көзү ачыктарга жетиши мүмкүн. Анан алар ага кошуп жүз жалгандыкошоайтышат
فَٱسْتَفْتِهِمْ أَهُمْ أَشَدُّ خَلْقًا أَم مَّنْ خَلَقْنَآ ۚ إِنَّا خَلَقْنَـٰهُم مِّن طِينٍۢ لَّازِبٍۭ ﴿١١﴾
Оо, Мухаммад! Кайра тирилүүнү четке каккан мушриктерден сурачы: «Алар жаралыш жактан Биз жараткан асмандардан, Жерден жана периштелерден да оорбу, түзүлүшү жактан күчтүүбү, мүчөлүү жактан чоңбу?». Чындыгында Биз аларды жабышчаак ылайдан жараттык. Алар кайра тирилүүнү кантип жокко чыгарып жатышат, алар жабышчаак ылай болгон алсыз нерседен жаралыштыго? بل عجبت ويسخرون
بَلْ عَجِبْتَ وَيَسْخَرُونَ ﴿١٢﴾
Оо, Мухаммад! Сен Аллахтын кудуретине, жараткандарынын иштерин башкаруусуна таң каласың жана кайра тирилүүнү жалганга чыгарган мушриктерге да таң каласың. Ал мушриктер кайра тирилүүнү ашыкча жалганга чыгаргандары себептүү ал тууралуу сенин айткан сөздөрүңдү мазактап күлүшөт. وإذا ذكروالا يذكرون
وَإِذَا ذُكِّرُوا۟ لَا يَذْكُرُونَ ﴿١٣﴾
Эгерде ал мушриктерге кандайдыр бир насаат айтылса, алар андан пайда алышпайт. Анткени алардын жүрөктөрү мерез болуп калган. وإ ذا رأوا ءاية يستسخرون
وَإِذَا رَأَوْا۟ ءَايَةًۭ يَسْتَسْخِرُونَ ﴿١٤﴾
Эгерде аларга пайгамбардын чынчылэкендигине далилболгон анын аят-белгилеринен бир аят-белгини көрүшсө, аныаябай шылдыңдашат жана ага таң калышат
وَقَالُوٓا۟ إِنْ هَـٰذَآ إِلَّا سِحْرٌۭ مُّبِينٌ ﴿١٥﴾
Алар: «Мухаммад алып келген бул нерсе анык эле сыйкыр»– дешет. أءذا متنا وكنا ترابا وعظما أءنا لمبعوثون
أَءِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًۭا وَعِظَـٰمًا أَءِنَّا لَمَبْعُوثُونَ ﴿١٦﴾
Биз өлүп топуракка жана чирип үбөлөнгөн сөөккө айлангандан кийин кайрадан тирилебизби?Мындай болуусу мүмкүн эмес (деп ойлошот)
أَوَءَابَآؤُنَا ٱلْأَوَّلُونَ ﴿١٧﴾
Бизден мурунку өткөн ата-бабаларыбыз да кайра тирилишеби? بلغ Куран · Тафсир قل نعم وأنتمدخرون
قُلْ نَعَمْ وَأَنتُمْ دَٰخِرُونَ ﴿١٨﴾
Оо, Мухаммад! Аларга жооп бер: «Ооба. Силер топуракка жана чириген сөөктөргө айландан кийин кайра тирилесиңер жана силердин мурунку ата-бабаларыңар да тирилишет. Баарыңар кор болгон абалда тирилесиңер». فإنما هى زجرة وحدة فإذا هم ينظرون
فَإِنَّمَا هِىَ زَجْرَةٌۭ وَٰحِدَةٌۭ فَإِذَا هُمْ يَنظُرُونَ ﴿١٩﴾
Сурнай (экинчи жолу) бир тартылганда баарысыАллах аларга эмне кыларын күтүшүп кыяматтын коркунучтарын карап калышат
وَقَالُوا۟ يَـٰوَيْلَنَا هَـٰذَا يَوْمُ ٱلدِّينِ ﴿٢٠﴾
Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган мушриктер айтышты: «Шорубуз кургур ай! Бул күн Аллах пенделери дүйнө жашоосунда кылган иш-аракеттеринин сыйлыгын же жазасын бере турган сурак күн го!»
هَـٰذَا يَوْمُ ٱلْفَصْلِ ٱلَّذِى كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ ﴿٢١﴾
Ошондо аларга айтылат: «Бул күн пенделердин ортосунда өкүм кылына турган күн. Силер аны дүйнөдө четке каккансыңар жана аныжалганга чыгаргансыңар»
۞ ٱحْشُرُوا۟ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ وَأَزْوَٰجَهُمْ وَمَا كَانُوا۟ يَعْبُدُونَ ﴿٢٢﴾
مِن دُونِ ٱللَّهِ فَٱهْدُوهُمْ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلْجَحِيمِ ﴿٢٣﴾
Ошол күнү периштелерге айтылат: «Ширк кылган залым мушриктерди, аларга окшоп ширк кылгандарды, аларды жалганда колдогондорду жана ошондой эле алар Аллахтан башка сыйынышкан айкелдерин чогулткула да, аларга тозоккокарай жолду көргөзгүлө жана ал жакка айдап баргыла. Чындыгында ал алардын бара турган жайы
وَقِفُوهُمْ ۖ إِنَّهُم مَّسْـُٔولُونَ ﴿٢٤﴾
Алардытозоккокиргизерден алдын сурак берүүүчүн кармап тургула.Алар сурак беришет.Анан ошондон кийин гана аларды тозокко алып баргыла». ما لكم لا تناصرون
مَا لَكُمْ لَا تَنَاصَرُونَ ﴿٢٥﴾
Аларга жеме иретинде айтылат: «Силерге эмне болду, дүйнөдө бири-бириңерди колдогондой колдобой жатасыңар,кудайларыңар силерди колдойт деп ойлочуңар эле го?»
بَلْ هُمُ ٱلْيَوْمَ مُسْتَسْلِمُونَ ﴿٢٦﴾
Жок! Алар бүгүн кордолуп Аллахтын буйругуна баш ийишет. Алар алсыздыктарыжана айла-амалдарытүгөнгөндүгү себептүүбири-бирин колдой алышпайт. بلغ Куран · Тафсир
وَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍۢ يَتَسَآءَلُونَ ﴿٢٧﴾
Алар бири-бирин жемелешип, талашып-тартышат. Ал кезде жеме да, талашуу да пайда бербейт
قَالُوٓا۟ إِنَّكُمْ كُنتُمْ تَأْتُونَنَا عَنِ ٱلْيَمِينِ ﴿٢٨﴾
Ээрчигендер башчыларына айтышат: «Эй, биздин башчылар! Силер дин жана акыйкат тараптан келип, бизге каапырлыкты, ширкти жана күнөөлөрдү кооз кылып көргөзгөнсүңөр жана Аллах тараптан пайгамбарлар алып келген акыйкаттан бизди алыстаткансыңар». قالوا بل لم تكونوامؤمنين
قَالُوا۟ بَل لَّمْ تَكُونُوا۟ مُؤْمِنِينَ ﴿٢٩﴾
Башчылар ээрчигендерге айтышат: «Бул иш силер ойлогондой эмес. Силер өзүңөр каапыр болгонсуңар, ыймандуу болгон эмессиңер.Өзүңөр четке каккансыңар»
وَمَا كَانَ لَنَا عَلَيْكُم مِّن سُلْطَـٰنٍۭ ۖ بَلْ كُنتُمْ قَوْمًۭا طَـٰغِينَ ﴿٣٠﴾
Эй, ээрчигендер! Биз силерди мажбурлап же үстөмдүк кылып каапырлыкка, ширкке жана күнөөгө түртө тургандай бизге бийлик берилген эмес.Силер өзүңөр каапырлыкта жана ширкте чектен ашкан коом болдуңар
فَحَقَّ عَلَيْنَا قَوْلُ رَبِّنَآ ۖ إِنَّا لَذَآئِقُونَ ﴿٣١﴾
Эми бизге да, силерге да Аллахтын «Мен тозокту сени жана сени ээрчигендердин баарысыменен толтурам (85- бет)» деген убадасыанык болду. Андыктан биз Раббибиз убада кылган нерсени сөзсүз тартабыз. فأغوينكم إنا كنا غوين
فَأَغْوَيْنَـٰكُمْ إِنَّا كُنَّا غَـٰوِينَ ﴿٣٢﴾
Биз силерди адашууга жана каапырлыкка үндөдүк. Чындыгында биз акыйкат жолдон адашкандар элек
فَإِنَّهُمْ يَوْمَئِذٍۢ فِى ٱلْعَذَابِ مُشْتَرِكُونَ ﴿٣٣﴾
Чындыгында ээрчигендер да, ээрчиткендер да кыямат күнү биргеликте азапта болушат
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَفْعَلُ بِٱلْمُجْرِمِينَ ﴿٣٤﴾
Чындыгында Биз аларга азаптытарттырганыбыз сыяктуу алардан башка күнөөлөрдү да ошондой кылабыз
إِنَّهُمْ كَانُوٓا۟ إِذَا قِيلَ لَهُمْ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا ٱللَّهُ يَسْتَكْبِرُونَ ﴿٣٥﴾
Эгерде ал мушриктерге дүйнөдө: «Аллахтан башка кудай жок» деп анын талабына ылайык иш-аракет кылгыла жана ага каршы келгенди таштагыла» – деп айтылса, алар акыйкатка текеберлик кылып, бой көтөрүп ага жооп берүүдөн жана моюн сунуудан баштартышты. بلغ Куран · Тафсир
وَيَقُولُونَ أَئِنَّا لَتَارِكُوٓا۟ ءَالِهَتِنَا لِشَاعِرٍۢ مَّجْنُونٍۭ ﴿٣٦﴾
Алар каапырлыктарына далил кылып: «Биз кайдагы бир жинди акындын сөзү үчүн эле кудайларыбызга сыйынганды таштамак белек?» – дешти. Алар бул бул айткан сөзү менен пайгамбарды максат кылышты
بَلْ جَآءَ بِٱلْحَقِّ وَصَدَّقَ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿٣٧﴾
Алардын жалаасы аша чаап кетти. Аллахтын элчиси жинди да, акын да эмес. Ал Аллахтын жалгыздыгынына жана Анын элчисин ээрчүүгө чакырган Курандыалып келди жана ошондой эле пайгамбарлардын Аллахтараптан алып келишкен Аллахтыжалгыздоожана акырет анык экендиги тууралуу нерселерде чынчыл экендиктерин тастыктады жана аларга каршычыккан жок
إِنَّكُمْ لَذَآئِقُوا۟ ٱلْعَذَابِ ٱلْأَلِيمِ ﴿٣٨﴾
Эй, мушриктер! Силер каапырлыгыңар жана пайгамбарларды жалганга чыгарганыңар себептүү кыямат күнү кыйноочу азапты татасыңар. وما تجزون إلا ما كنتمتعملون
وَمَا تُجْزَوْنَ إِلَّا مَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿٣٩﴾
Эй, мушриктер! Силер дүйнөдө Аллахка каапырлык жана күнөөлөрдү кылганыңарга жараша жазаңарды аласыңар
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلْمُخْلَصِينَ ﴿٤٠﴾
Бирок Аллах аларды сыйынууда ыкластуу кылган жана алар дагы Ага ыкластуулук менен сыйынышкан Анын ыймандуупенделери – мына ошолор азаптан кутулуучулар
أُو۟لَـٰٓئِكَ لَهُمْ رِزْقٌۭ مَّعْلُومٌۭ ﴿٤١﴾
Ошол ыкластуу пенделерге өз жакшылыгы, кооздугу жана түбөлүктүүлү менен маалым болгон Аллахтын ырыскысы бар
فَوَٰكِهُ ۖ وَهُم مُّكْرَمُونَ ﴿٤٢﴾
Алар каалаган жана жеген даамдуу мөмө-жемиштер аларга ырыскы. Буга кошумча алар даражасыкөтөрүлүү жана УлууАллахтын Жүзүн көрүүменен да сыйланат
فِى جَنَّـٰتِ ٱلنَّعِيمِ ﴿٤٣﴾
Алар ушулардын баарысына эч качан бүтпөгөн туруктуу, түбөлүктүү жана жыргал бейиштерде жетишет. بلغ Куран · Тафсир عل سرر متقبلين
عَلَىٰ سُرُرٍۢ مُّتَقَـٰبِلِينَ ﴿٤٤﴾
Алар сөрүлөргө сүйөнүшүп бет маңдай бири-бирин карап олтурушат. يطاف عليهم بكأس من معين
يُطَافُ عَلَيْهِم بِكَأْسٍۢ مِّن مَّعِينٍۭ ﴿٤٥﴾
Аларга аккан суудай таза болгон шарап куюлган кеселер айлантылат
بَيْضَآءَ لَذَّةٍۢ لِّلشَّـٰرِبِينَ ﴿٤٦﴾
Өңүаппак,аныичкен адам болуп көрбөгөндөй ырахат алат. لا فيها غول ولا هم عنها ينزفون
لَا فِيهَا غَوْلٌۭ وَلَا هُمْ عَنْهَا يُنزَفُونَ ﴿٤٧﴾
Ал адамдын акылын кетирип мас кылган дүйнөдөгү шараптай эмес. Аны ичкен адамдын башы оорубайт, денесине жана акылына закаласытийбейт
وَعِندَهُمْ قَـٰصِرَٰتُ ٱلطَّرْفِ عِينٌۭ ﴿٤٨﴾
Жана бейиште алардын бакыраң көздүү, абийирдүү аялдарыболот, алар күйөөсүнөн башка эч кимге көз салбайт. كأن هن بيض مكنون
كَأَنَّهُنَّ بَيْضٌۭ مَّكْنُونٌۭ ﴿٤٩﴾
Алардын түсүнүн апапакайлыгы эч бир кол тийбей сакталган чымчык жумурткасынын сарысы менен болгон аралашма сымал
فَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍۢ يَتَسَآءَلُونَ ﴿٥٠﴾
Бейиштегилер бири-биринен дүйнөдөгүөткөн чагыжана кандай окуялар болгондугутууралуусурашат
قَالَ قَآئِلٌۭ مِّنْهُمْ إِنِّى كَانَ لِى قَرِينٌۭ ﴿٥١﴾
Ал ыймандуулардан бирөөсү айтат: «Менин бир таанышым бар эле, ал кайра тирилүүнү жокко чыгарчу
يَقُولُ أَءِنَّكَ لَمِنَ ٱلْمُصَدِّقِينَ ﴿٥٢﴾
Ал мени жактырбагандай шылдыңдап мындай деди: «Эй, чынчыл! Сен өлүктөрдүн кайра тирилерин чындык деп тастыктагандардын бирисиңби? أءذا متنا وكنا ترابا وعظما أءنا لمدينون
أَءِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًۭا وَعِظَـٰمًا أَءِنَّا لَمَدِينُونَ ﴿٥٣﴾
Биз өлүп, топуракка жана чириген сөөктөргө айлангандан кийин кайра тирилип, дүйнөдө кылган иштерибиздин жазасын же сыйлыгын алабызбы? بلغ Куран · Тафсир قال هل أنتم مط لعون
قَالَ هَلْ أَنتُم مُّطَّلِعُونَ ﴿٥٤﴾
Анын ыймандуу жолдошу бейиштик болгон досторуна айтты: «Жүргүлө мени менен, кайра тирилүүнү жокко чыгарган жанагыл досубузду көрүп келелиби?»
فَٱطَّلَعَ فَرَءَاهُ فِى سَوَآءِ ٱلْجَحِيمِ ﴿٥٥﴾
Ал көз чаптырып карады. Ошондодосун тозоктун ортосунан көрдү
قَالَ تَٱللَّهِ إِن كِدتَّ لَتُرْدِينِ ﴿٥٦﴾
Ал айтты: «Аллахка ант болсун! Эй, досум! Сен мени каапырлыкка жана кайра тирилүүнү жокко чыгарууга чакырып, аз жерден мени да кыйроогоучуратып кое жаздаптырсың!
وَلَوْلَا نِعْمَةُ رَبِّى لَكُنتُ مِنَ ٱلْمُحْضَرِينَ ﴿٥٧﴾
Эгер Аллахмени ыйман жолуна салып, ийгилик берип мага жакшылык кылбаганда, мени дагысага окшоп азапка түшкөндөрдөн болмок экем». أفما نحن بميتين
أَفَمَا نَحْنُ بِمَيِّتِينَ ﴿٥٨﴾
Биз, бейиш адамдары, өлбөйт экенбиз
إِلَّا مَوْتَتَنَا ٱلْأُولَىٰ وَمَا نَحْنُ بِمُعَذَّبِينَ ﴿٥٩﴾
Дүйнө жашоосундагы биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. Биз бейиште түбөлүк калабыз. Каапырларга окшоп азапталбайбыз»
إِنَّ هَـٰذَا لَهُوَ ٱلْفَوْزُ ٱلْعَظِيمُ ﴿٦٠﴾
Чындыгында Раббибиз бизди бейишке киргизип жана тозоктон сактап, ушундай сооп-сыйлыктарды бергени – эч бир жеңиш тең келбеген улуу жеңиш
لِمِثْلِ هَـٰذَا فَلْيَعْمَلِ ٱلْعَـٰمِلُونَ ﴿٦١﴾
Иш-аракет кылгандар ушундай улуусыйлык үчүн аракет кылышсын.Чындыгында булкирешелүүсоода
أَذَٰلِكَ خَيْرٌۭ نُّزُلًا أَمْ شَجَرَةُ ٱلزَّقُّومِ ﴿٦٢﴾
Аллах Өзүнүн чын ыкластан моюн сунган пенделерине даярдап койдум деген бул жакшылык артыкпы же Курандагы каргышка калган Заккум дарагы жакшыбы? Ал адамды семиртпеген жана курсагын да тойгузбаган каапырлардын тамагы. بلغ Куран · Тафсир إنا جعلنها فتنة للظ لمين
إِنَّا جَعَلْنَـٰهَا فِتْنَةًۭ لِّلظَّـٰلِمِينَ ﴿٦٣﴾
Чындыгында Биз ал даракты каапырлык жана күнөөлөрдү кылган залымдарды азгырган сыноо кылдык. Ал айтышты: «Чынында от даракты жалмайт. Ал жакта дарак өсүшү мүмкүн эмес»
إِنَّهَا شَجَرَةٌۭ تَخْرُجُ فِىٓ أَصْلِ ٱلْجَحِيمِ ﴿٦٤﴾
Чындыгында Заккум дарагы–эңжаман жерден өнүп чыккан дарак.Алтозоктун түбүнөн өсүп чыгат
طَلْعُهَا كَأَنَّهُۥ رُءُوسُ ٱلشَّيَـٰطِينِ ﴿٦٥﴾
Андан өнүп чыккан мөмөлөр – шайтандардын баштарына окшогон жийиркеничтүү көрүнүштө. Анын сыртынын жийиркеничтүүлүгү ичи да ошондой экенине далил болот. Бул анын мөмөсүнүн даамы жийиркеничтүү экенин билдирет
فَإِنَّهُمْ لَـَٔاكِلُونَ مِنْهَا فَمَالِـُٔونَ مِنْهَا ٱلْبُطُونَ ﴿٦٦﴾
Каапырлар ачка болгондо, анын ачуу жана жийиркеничтүү мөмөлөрүнөн курсактарытойгуча жешет. ثم إن لهم عليها لشوبا من حميم
ثُمَّ إِنَّ لَهُمْ عَلَيْهَا لَشَوْبًۭا مِّنْ حَمِيمٍۢ ﴿٦٧﴾
Кийин алар аныжешкен соң аларга жийиничтүү,кайнак аралашма суусундук берилет
ثُمَّ إِنَّ مَرْجِعَهُمْ لَإِلَى ٱلْجَحِيمِ ﴿٦٨﴾
Андан кийин алар тозок азабына кайтарылат.Ошентип алар азаптан-азапка өтүп жүрө беришет
إِنَّهُمْ أَلْفَوْا۟ ءَابَآءَهُمْ ضَآلِّينَ ﴿٦٩﴾
Чындыгында ал каапырлар ата-бабаларын акыйкат жолдон адашкан абалда табышып, алардыэч кандай далилсиз үлгү тутуп ээрчишкен
فَهُمْ عَلَىٰٓ ءَاثَـٰرِهِمْ يُهْرَعُونَ ﴿٧٠﴾
Алар адашууда ата-бабаларынын изине түшүп, алардыөлүп-талып ээрчишкен
وَلَقَدْ ضَلَّ قَبْلَهُمْ أَكْثَرُ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿٧١﴾
Алардан мурунку абалкылардын көпчүлүгү да адашкан. Оо, пайгамбар! Сенин коомуң – адашкан коомдордун биринчиси эмес. بلغ Куран · Тафсир ولقد أرسلنا فيهم منذرين
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا فِيهِم مُّنذِرِينَ ﴿٧٢﴾
Биз ошол алгачкы коомдорго Аллахтын азабынан коркуткан пайгамбарларды жибердик, бирок алар каапыр болушту
فَٱنظُرْ كَيْفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ ٱلْمُنذَرِينَ ﴿٧٣﴾
Оо, пайгамбар! Пайгамбарлардын эскертмелерине жооп бербеген коомдордун арты кандай болгонун карабайсыңбы? Чындыгында алардын акыбети – каапырлыктары жана пайгамбарларын жалганга чагаргандыгы себептүү түбөлүк тозокко кирүү болду
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلْمُخْلَصِينَ ﴿٧٤﴾
Аллахка чын ыкластан ыйман келтиргендер гана андай болгон жок. Чындыгында алар жалганчыкаапырлардын акыбети болгон азаптан кутулушту
وَلَقَدْ نَادَىٰنَا نُوحٌۭ فَلَنِعْمَ ٱلْمُجِيبُونَ ﴿٧٥﴾
Бир кезде Бизге пайгамбарыбыз Нух аны жалганга чыгарган коомуна каршы дуба кылып кайрылды. Биз кандай жакшыжооп берүүчүбүз! Биз анын коомуна каршыкылган дубасына жооп берүүгө шашылдык
وَنَجَّيْنَـٰهُ وَأَهْلَهُۥ مِنَ ٱلْكَرْبِ ٱلْعَظِيمِ ﴿٧٦﴾
Биз аны, үй-бүлөсүн жана аны менен болгон ыймандууларды коомунун зыянынан жана андагы каапырларга жиберилген улуутопон сууга чөгүүдөн сактадык
وَجَعَلْنَا ذُرِّيَّتَهُۥ هُمُ ٱلْبَاقِينَ ﴿٧٧﴾
Биз анын үй-бүлөсүн менен аныээрчигендерди гана куткардык. Ал эми алардан башка коомундагыкаапырларды сууга чөктүрдүк
وَتَرَكْنَا عَلَيْهِ فِى ٱلْـَٔاخِرِينَ ﴿٧٨﴾
Жана келечек муундарда ал тууралуу айтылган мактоо сөздөрдү калтырдык
سَلَـٰمٌ عَلَىٰ نُوحٍۢ فِى ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٧٩﴾
Келечек муундарда Нух тууралуу жаман сөздөр айтылуусунан ага саламаттык жана амандык болсун! Тескерисинче, аныэскерип айтылган жакшысөздөр гана калат. بلغ Куран · Тафсир
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿٨٠﴾
Биз Нухка бергендей сыйлыкты Аллахка гана сыйынып жакшылыктарды кылгандарга жана Ага моюн сунгандарга да беребиз
إِنَّهُۥ مِنْ عِبَادِنَا ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿٨١﴾
Чындыгында Нух Аллахка моюн сунган ыймандуу пенделерибизден
ثُمَّ أَغْرَقْنَا ٱلْـَٔاخَرِينَ ﴿٨٢﴾
Кийин Биз калгандарын аларга жиберген топон сууга чөктүрдүк.Алардан эчким калган жок
۞ وَإِنَّ مِن شِيعَتِهِۦ لَإِبْرَٰهِيمَ ﴿٨٣﴾
Чындыгында Ибрахим дагы жалгыз Аллахка чакырууда анын динине туура келген абалда ээрчиген адамдардан болчу
إِذْ جَآءَ رَبَّهُۥ بِقَلْبٍۢ سَلِيمٍ ﴿٨٤﴾
Эстечи, бир кезде ал Раббисине ширктен тазаланган жүрөк менен жана адамдарга Аллахтынасаат кылган абалда келди. إذ قال لأبيه وقومه ماذا تعبدون
إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوْمِهِۦ مَاذَا تَعْبُدُونَ ﴿٨٥﴾
Ошондо ал атасы менен мушрик коомун жемелеп мындай деп айтты: «Аллахтан башка эмнелерге сыйынып жатасыңар?
أَئِفْكًا ءَالِهَةًۭ دُونَ ٱللَّهِ تُرِيدُونَ ﴿٨٦﴾
Аллахтан башка жалган кудайларга сыйынып жатасыңарбы?
فَمَا ظَنُّكُم بِرَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٨٧﴾
Эй, элим! Силер ааламдардын Раббисинен башкага сыйынган абалда Ага жолуккан кезде Ал тууралуу кандай ойлойсуңар?»
فَنَظَرَ نَظْرَةًۭ فِى ٱلنُّجُومِ ﴿٨٨﴾
Ибрахим эли менен чогубарбастын айласын издеп жылдыздарга бир карады. بلغ Куран · Тафсир فقال إنى سقيم
فَقَالَ إِنِّى سَقِيمٌۭ ﴿٨٩﴾
Анан эли менен чогумайрамга баргысыкелбей шылтоосун айтып:«Мен ооруп жатам»–деди. فتولوا عنه مدبرين
فَتَوَلَّوْا۟ عَنْهُ مُدْبِرِينَ ﴿٩٠﴾
Алар аныташтап кетишти
فَرَاغَ إِلَىٰٓ ءَالِهَتِهِمْ فَقَالَ أَلَا تَأْكُلُونَ ﴿٩١﴾
Анан алардын Аллахтан башка сыйынган кудайларына келип, алардын шылдыңдай мындай деди: «Мушриктер силер үчүн жасаган тамак-аштардан жебейсиңерби? ما لكم لا تنطقون
مَا لَكُمْ لَا تَنطِقُونَ ﴿٩٢﴾
Эмнеге сүйлөбөйсүңөр? Эмнеге сурагандарга жооп бербейсиңер? Аллахтан башка ушундай нерселерге сыйынган болмок беле?!»
فَرَاغَ عَلَيْهِمْ ضَرْبًۢا بِٱلْيَمِينِ ﴿٩٣﴾
Ибрахим жакын келип алардыоңколуменен сындыра бир чапты
فَأَقْبَلُوٓا۟ إِلَيْهِ يَزِفُّونَ ﴿٩٤﴾
Ошондоаларга сыйынган адамдар аныкөздөй далбастап келишти. قال أتعبدون ما تنحتون
قَالَ أَتَعْبُدُونَ مَا تَنْحِتُونَ ﴿٩٥﴾
Ибрахим алардытуруктуулук менен кабылалды.Алардыжемелеп мындай деди:«Өзүңөр чегип жасаган Аллахтан башка кудайларыңарга сыйынасыңарбы?
وَٱللَّهُ خَلَقَكُمْ وَمَا تَعْمَلُونَ ﴿٩٦﴾
Аллах таала силерди жана иш-аракетиңерди жаратты. Бул айкелдериңер болсо силердин жасаган ишиңер. Аллах гана ширк кылынбастан сыйынууга татыктуу
قَالُوا۟ ٱبْنُوا۟ لَهُۥ بُنْيَـٰنًۭا فَأَلْقُوهُ فِى ٱلْجَحِيمِ ﴿٩٧﴾
Качан алар ага каршы далил келтире албай калышканда күч колдонууга өтүштү. Алар Ибрахимди эмне кылуу тууралуу ич ара кеңешип мындай дешти: «Ал үчүн имарат кургула да, анын ичин отунга толтургула жана аны күйгүзүп туруп, аны ошого ыргыткыла!». بلغ Куран · Тафсир
فَأَرَادُوا۟ بِهِۦ كَيْدًۭا فَجَعَلْنَـٰهُمُ ٱلْأَسْفَلِينَ ﴿٩٨﴾
Ибрахимдин эли аныжок кылып жаныбыз жай алат деп ага жамандыктыкаалашты. Бирок Биз отту салкын жана бейпил кылуубуз менен аларды жоготууга учураттык. وقال إنى ذاهب إلى ربى سيهدين
وَقَالَ إِنِّى ذَاهِبٌ إِلَىٰ رَبِّى سَيَهْدِينِ ﴿٩٩﴾
Ибрахим айтты: «Мен талаптагыдай сыйыныш үчүн өз эл-жеримди таштап Раббиме кетем. Раббим мени эки дүйнөдөгү жакшылыктарга жолдойт»
رَبِّ هَبْ لِى مِنَ ٱلصَّـٰلِحِينَ ﴿١٠٠﴾
«Оо, Раббим! Мага такыба перзент бере көр. Ал мага жат жерде элимдин ордуна эрмек жана жөлөк болсун». فبشرنه بغلم حليم
فَبَشَّرْنَـٰهُ بِغُلَـٰمٍ حَلِيمٍۢ ﴿١٠١﴾
Биз анын дубасына жооп бердик жана ага бой жетип кичи пейил боло турган перзенттүү болору тууралуу сүйүнчү кабарды жеткирдик
فَلَمَّا بَلَغَ مَعَهُ ٱلسَّعْىَ قَالَ يَـٰبُنَىَّ إِنِّىٓ أَرَىٰ فِى ٱلْمَنَامِ أَنِّىٓ أَذْبَحُكَ فَٱنظُرْ مَاذَا تَرَىٰ ۚ قَالَ يَـٰٓأَبَتِ ٱفْعَلْ مَا تُؤْمَرُ ۖ سَتَجِدُنِىٓ إِن شَآءَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلصَّـٰبِرِينَ ﴿١٠٢﴾
Исмаил бой тартып, атасы менен тең катар басып калганда атасы Ибрахим түш көрдү. Пайгамбарлардын түшү аян. Ибрахим баласына көргөн түшүн жоруп: «Балам! Мен түшүмдө сени курмандыкка чалып жатыпмын. Бул тууралуу кандай ойлойсуң?» – дегенде, Исмаил атасына мындай деди: «Атаке! Аллахтын мени курмандыкка чал деген буйругун аткарыңыз.Мени Аллахтын өкүмүнө ыраазы,сабыр кылган абалда табасыз»
فَلَمَّآ أَسْلَمَا وَتَلَّهُۥ لِلْجَبِينِ ﴿١٠٣﴾
Качан ал экөөсү Аллахка моюн сунган кезде Ибрахим баласын курмандыкка чалуу тууралуу буйрукту аткарыш үчүн аныбешенесинин капталына жаткырды
وَنَـٰدَيْنَـٰهُ أَن يَـٰٓإِبْرَٰهِيمُ ﴿١٠٤﴾
Ибрахим баласын курмандыкка чал деген Аллахтын буйругун аткарууга киришкенде Биз: «Оо, Ибрахим!» – деп чакырык салдык
قَدْ صَدَّقْتَ ٱلرُّءْيَآ ۚ إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿١٠٥﴾
Сен балаңды курмандыкка чалуу тууралуу көргөн түшүндү экиленбестен аткардың. Чындыгында Биз сени бул чоң сыноодон куткарып сыйлаганыбыз сыяктуу жакшылык кылган адамдарды да сыноолордон жана кыйынчылыктардан куткарабыз. بلغ Куран · Тафсир
إِنَّ هَـٰذَا لَهُوَ ٱلْبَلَـٰٓؤُا۟ ٱلْمُبِينُ ﴿١٠٦﴾
Акыйкатта бул анык сыноо болчу. Ибрахим андан ийгиликтүү өттү. وفدينهبذب ح عظيم
وَفَدَيْنَـٰهُ بِذِبْحٍ عَظِيمٍۢ ﴿١٠٧﴾
Биз Исмаилдин ордуна курмандыкка чалыш үчүн чоң кочкорду тартуу кылдык
وَتَرَكْنَا عَلَيْهِ فِى ٱلْـَٔاخِرِينَ ﴿١٠٨﴾
Жана келечек муундарга Ибрахим тууралуу алкыш-мактоосөздөрдү калтырдык
سَلَـٰمٌ عَلَىٰٓ إِبْرَٰهِيمَ ﴿١٠٩﴾
Аллахтан ага дубай салам жана бүткүлбалээ-кырсыктардан аман болуутууралуукаалоо-тилектер болсун!
كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿١١٠﴾
Биз Ибрахимге моюн сунганы үчүн ушундай сыйлык бергенибиз сыяктуу жакшылык кылгандарга да сыйлыктарды тартуулайбыз
إِنَّهُۥ مِنْ عِبَادِنَا ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿١١١﴾
Чындыгында Ибрахим Аллахка кулчулук кылуунун талаптарынي аткарган ыймандуупенделерибизден эле
وَبَشَّرْنَـٰهُ بِإِسْحَـٰقَ نَبِيًّۭا مِّنَ ٱلصَّـٰلِحِينَ ﴿١١٢﴾
Жана ал Аллахка моюн сунуп жалгыз баласы Исмаилди курмандыкка чалгандыгынын сыйлыгы катары Биз ага пайгамбар жана такыба пенде болотурган Исхак аттуу балалуу болорун сүйүнчүлөдүк
وَبَـٰرَكْنَا عَلَيْهِ وَعَلَىٰٓ إِسْحَـٰقَ ۚ وَمِن ذُرِّيَّتِهِمَا مُحْسِنٌۭ وَظَالِمٌۭ لِّنَفْسِهِۦ مُبِينٌۭ ﴿١١٣﴾
Биз ага жана баласы Исхакка Өзүбүз тараптан береке түшүрдүк жана аларга көп жакшылыктарды бердик. Ал жакшылыктардан – алардын балдарынын көп болуусу. Алардын урпактарынын ичинде Раббисине моюн сунуп жакшылык кылгандары бар жана ошондой эле каапырлык жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө ачык зулумдук кылгандары да бар. ولقدمنناعل موس وهرون
وَلَقَدْ مَنَنَّا عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَـٰرُونَ ﴿١١٤﴾
Биз Муса менен анын бир тууганыХарунга пайгамбарлык бердик. بلغ Куран · Тафсир
وَنَجَّيْنَـٰهُمَا وَقَوْمَهُمَا مِنَ ٱلْكَرْبِ ٱلْعَظِيمِ ﴿١١٥﴾
Биз алардыжана алардын коому Исраил урпактарын Фараондун кулчулугунан жана сууга чөгүүдөн сактадык
وَنَصَرْنَـٰهُمْ فَكَانُوا۟ هُمُ ٱلْغَـٰلِبِينَ ﴿١١٦﴾
Биз аларды Фараонго жана анын аскерине каршы колдодук. Душмандын үстүнөн жеңишке жетүү алар тарапта болду
وَءَاتَيْنَـٰهُمَا ٱلْكِتَـٰبَ ٱلْمُسْتَبِينَ ﴿١١٧﴾
Жана Биз Муса менен анын бир тууганыХарунга Аллахтараптан ачык-айкын Тоорат китебин бердик
وَهَدَيْنَـٰهُمَا ٱلصِّرَٰطَ ٱلْمُسْتَقِيمَ ﴿١١٨﴾
Аларды эч кандай бурмалануусу жок туура жолго салдык. Ал -– Жаратуучунун ыраазылыгына жеткирген Ислам дининин жолу
وَتَرَكْنَا عَلَيْهِمَا فِى ٱلْـَٔاخِرِينَ ﴿١١٩﴾
Жана алар тууралуу келечек муунга алкыш-мактоосөздөрдү калтырдык. سلمعل موس وهرون
سَلَـٰمٌ عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَـٰرُونَ ﴿١٢٠﴾
Аллахтан ал экөөсүнө дубай салам, алкыш-мактоолор жана бүткүл балээ-кырсыктардан аман болуу тууралуу каалоо-тилектер болсун!
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿١٢١﴾
Чындыгында Биз Муса менен Харунга ушундай ардактуу сыйлыкты бергенибиз сыяктуу Раббисине моюн сунуп жакшылыктарды кылгандарга да сыйлыктарды беребиз
إِنَّهُمَا مِنْ عِبَادِنَا ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿١٢٢﴾
Чындыгында Муса менен Харун Аллахтын шариятын аткарган ыймандуупенделерибизден болчу
وَإِنَّ إِلْيَاسَ لَمِنَ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿١٢٣﴾
Ошондой эле Илияс дагы Раббиси тараптан жиберилген элчилерибизден эле. Аллах ага пайгамбарчылыкты жана элчиликти тартуу кылды. بلغ Куран · Тафсир
إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِۦٓ أَلَا تَتَّقُونَ ﴿١٢٤﴾
Бир кезде ал жиберилген Исраил урпактарына мындай деди: «Оо, элим! Аллахтын жалгыз Ага гана сыйынуу сыяктууөкүм-буйруктарын аткарып,ширк сыяктуутыюуларын таштап Андан коркпойсуңарбы?!
أَتَدْعُونَ بَعْلًۭا وَتَذَرُونَ أَحْسَنَ ٱلْخَـٰلِقِينَ ﴿١٢٥﴾
Аллахтан башка кудайыңар Баалга сыйынып, эң мыктыЖаратуучу Аллахка сыйынууну таштап коёсуңарбы?!
ٱللَّهَ رَبَّكُمْ وَرَبَّ ءَابَآئِكُمُ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿١٢٦﴾
Аллах силерди жана силерден мурунку ата-бабаларыңарды жараткан Раббиңер. Андан башка пайда да, зыян да бербеген айкелдер эмес, Ал Өзү гана сыйынууга татыктуу. فكذبوه فإن هم لمحضرون
فَكَذَّبُوهُ فَإِنَّهُمْ لَمُحْضَرُونَ ﴿١٢٧﴾
Аны коому жалганга чыгаргандан башка эч нерсе кылбады. Эми алар жалганга чыгарышканы себептүү азапка топтолуп келишет
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلْمُخْلَصِينَ ﴿١٢٨﴾
Ал эми анын коомундагыАллахка чын ыкластан сыйынган ыймандуулар – алар азапка топтолуп келүүдөн аман калышат
وَتَرَكْنَا عَلَيْهِ فِى ٱلْـَٔاخِرِينَ ﴿١٢٩﴾
Ал эми келечек муундарга ал тууралуу алкыш-мактоо сөздөрүн калтырдык
سَلَـٰمٌ عَلَىٰٓ إِلْ يَاسِينَ ﴿١٣٠﴾
Аллахтан Илияска дубай саламдар жана мактоолор болсун!
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿١٣١﴾
Биз Илияска ушундай сыйлык бергенибиз сыяктуу ыймандуу пенделерибиздин жакшылык кылгандарына да сыйлыктарды беребиз
إِنَّهُۥ مِنْ عِبَادِنَا ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿١٣٢﴾
Чындыгында Илияс Раббисине чындап ыйман келтирген чыныгыыймандуупенделерибизден эле. بلغ Куран · Тафсир
وَإِنَّ لُوطًۭا لَّمِنَ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿١٣٣﴾
Лут дагыөз коомдоруна куш кабарчыжана эскертүүчү болуп жиберилген Аллахтын элчилеринен эле. إ ذ نجينه وأهله أجمعين
إِذْ نَجَّيْنَـٰهُ وَأَهْلَهُۥٓ أَجْمَعِينَ ﴿١٣٤﴾
Биз аныжана бүт үй-бүлөсүн коомуна жиберилген азаптан сактаган кезибизди эстечи
إِلَّا عَجُوزًۭا فِى ٱلْغَـٰبِرِينَ ﴿١٣٥﴾
Бир гана аялынан башкасын. Анткени ал аял коому сыяктуу каапыр болгону үчүн аныда азап алды
ثُمَّ دَمَّرْنَا ٱلْـَٔاخَرِينَ ﴿١٣٦﴾
Анан Биз аныжалганга чыгарган жана алалып келгенге ишенбеген коомунун калгандарын кыйратып жок кылдык. وإ نكم لتمرون عليهم م ص بحين
وَإِنَّكُمْ لَتَمُرُّونَ عَلَيْهِم مُّصْبِحِينَ ﴿١٣٧﴾
Эй, Мекке эли!Силер таң эрте Шамга карай сапарларыңарда алардын жерлеринен өтүп жатасыңар го!
وَبِٱلَّيْلِ ۗ أَفَلَا تَعْقِلُونَ ﴿١٣٨﴾
Жана ал жерлерден түндөсү да өтүп жатасыңар. Акыл жүгүртпөйсүңөрбү? Алардын жалганынын, каапырлыгынын жана ага чейин болбогондой бузукулук кылгандарынын артыэмне болгонунан сабак албайсыңарбы?
وَإِنَّ يُونُسَ لَمِنَ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿١٣٩﴾
Юнус дагыөз коомдоруна куш кабарчыжана эскертүүчү болуп жиберилген Аллахтын элчилеринен эле
إِذْ أَبَقَ إِلَى ٱلْفُلْكِ ٱلْمَشْحُونِ ﴿١٤٠﴾
Бир кезде ал Раббисинин уруксатысыз коомунан качып, жүргүнчүлөргө жана буюмдарга толгон кемеге отурду
فَسَاهَمَ فَكَانَ مِنَ ٱلْمُدْحَضِينَ ﴿١٤١﴾
Кеме жүккө толгону үчүн чөгөйүн деп калды. Ошондо жүргүнчүлөр адамдын көптүгүнөн кеме чөгүп кетүүсүнөн коркуп, арасынан кээ бирлерин ыргытыш үчүн чүчү кулак ташташты. Юнус ошол утулгандардын арасында болчу. Аны деңизге ыргытышты
فَٱلْتَقَمَهُ ٱلْحُوتُ وَهُوَ مُلِيمٌۭ ﴿١٤٢﴾
Качан аны деңизге ыргытканда аны кит жутуп алды. Ал Раббисинин уруксатысыз деңизге кетип калгандыгы үчүн ал өзү жемеге алынган нерсеге туш болду. بلغ Куран · Тафсир
فَلَوْلَآ أَنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلْمُسَبِّحِينَ ﴿١٤٣﴾
Эгер Юнус бул иш болгонго чейин Аллахты көп зикир кылгандардан болбогондо, эгер ал киттин курсагында Аллахты аруулаганы болбогондо
لَلَبِثَ فِى بَطْنِهِۦٓ إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ ﴿١٤٤﴾
киттин курсагында кыямат күнгө чейин калып калмак.Алага кабыр сыяктууболуп калмак
۞ فَنَبَذْنَـٰهُ بِٱلْعَرَآءِ وَهُوَ سَقِيمٌۭ ﴿١٤٥﴾
Анан Биз аны киттин курсагынан чыгарып, эч кандай бак-дарак, курулуш болбогон жерде таштадык. Ал киттин курсагында канча бир убакыт болгонуүчүн анын денеси алсырап калган эле. وأنبتنا عليه شجرة من يقطين
وَأَنۢبَتْنَا عَلَيْهِ شَجَرَةًۭ مِّن يَقْطِينٍۢ ﴿١٤٦﴾
Анан Биз албош жерге аныкөлөкөлөнсүн жана азыктансын деп ашкабак дарагын өстүрдүк. وأرسلنهإ لى مائة ألف أو يزيدون
وَأَرْسَلْنَـٰهُ إِلَىٰ مِا۟ئَةِ أَلْفٍ أَوْ يَزِيدُونَ ﴿١٤٧﴾
Биз аныжүз миң же андан көбүрөөк элине пайгамбар кылып жибергенбиз. فٔامنوافمتعنهم إلى حين
فَـَٔامَنُوا۟ فَمَتَّعْنَـٰهُمْ إِلَىٰ حِينٍۢ ﴿١٤٨﴾
Алар ага ыйман келтиришти жана ал алып келгенди акыйкат деп ишеништи. Ошентип Аллах аларга дүйнө жашоосунда алардын ажалыкелгенге чейин жакшылыктардыпайдаландырды
فَٱسْتَفْتِهِمْ أَلِرَبِّكَ ٱلْبَنَاتُ وَلَهُمُ ٱلْبَنُونَ ﴿١٤٩﴾
Оо, Мухаммад! Мушриктерден ачуулана сурачы: «Силер өзүңөр жаман көргөн кыз балдарды Аллахка таандык кылып, ал эми уул балдарды өзүңөргө таандык кылып алдыңарбы? Бул эмне деген бөлүштүрүү?!
أَمْ خَلَقْنَا ٱلْمَلَـٰٓئِكَةَ إِنَـٰثًۭا وَهُمْ شَـٰهِدُونَ ﴿١٥٠﴾
Алар кандайча периштелерди ургаачы деп ойлоп жатышат, аларды жаратканда катышышкан да эмес, көрүшкөн да эмес го?!
أَلَآ إِنَّهُم مِّنْ إِفْكِهِمْ لَيَقُولُونَ ﴿١٥١﴾
وَلَدَ ٱللَّهُ وَإِنَّهُمْ لَكَـٰذِبُونَ ﴿١٥٢﴾
Чынында, мушриктер Аллахка жалган айтып жана Ага жалаа жаап Анын баласы бар дешет. Алар бул жалаасында анык жалганчы. بلغ Куран · Тафсир
أَصْطَفَى ٱلْبَنَاتِ عَلَى ٱلْبَنِينَ ﴿١٥٣﴾
Аллах алар жакшы көргөн уул балдарды таштап, Өзү үчүн алар жаман көргөн кыз балдарды тандап алыптырбы? Жок! مالكم كيف تحكمون
مَا لَكُمْ كَيْفَ تَحْكُمُونَ ﴿١٥٤﴾
Эй, мушриктер! Силерге эмне болду?! Аллахка кыз балдарды таандык кылып, ал эми өзүңөргө уул балдарды таандык кылып,эмнеге мындай адилетсиз өкүм кылып жатасыңар?! أفلا تذك رون
أَفَلَا تَذَكَّرُونَ ﴿١٥٥﴾
Силер тутунган бул бузук ишенимдин жалгандыгын билип эсиңерге келбейсиңерби?! Силер эсиңерге келгенде мындай сөздүайтпайт болчуңар. أم لكم سلطن مبين
أَمْ لَكُمْ سُلْطَـٰنٌۭ مُّبِينٌۭ ﴿١٥٦﴾
Же силерде бул жөнүндө китепте же пайгамбардан келген ачык далил барбы? فأتوا بكتبكم إن كنتم صدقين
فَأْتُوا۟ بِكِتَـٰبِكُمْ إِن كُنتُمْ صَـٰدِقِينَ ﴿١٥٧﴾
Эгер булайтып жаткан сөзүңөрдө чынчылболсоңор,анда силер буга далилкылган китебиңерди алып келгилечи!
وَجَعَلُوا۟ بَيْنَهُۥ وَبَيْنَ ٱلْجِنَّةِ نَسَبًۭا ۚ وَلَقَدْ عَلِمَتِ ٱلْجِنَّةُ إِنَّهُمْ لَمُحْضَرُونَ ﴿١٥٨﴾
Мушриктер Аллахменен алар көрбөгөн периштелердин ортосунда тууганчылык бар деп периштелерди Аллахтын кыздарыдеп ойлошот.Периштелер болсоАллахмушриктерди суракка алып келерин билишет
سُبْحَـٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ ﴿١٥٩﴾
Мушриктердин Аллахтын баласы бар, шериги бар деп Ага ылайык келбеген сыпаттоолорунан Аллах таала аруу жана таза
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلْمُخْلَصِينَ ﴿١٦٠﴾
Аллахтын чын ыкластуу пенделери гана АныӨзүнө ылайык келгендей улуулук жана кемчиликсиз сыпаттар менен сыпатташат. فإنكم وما تعبدون
فَإِنَّكُمْ وَمَا تَعْبُدُونَ ﴿١٦١﴾
Эй, мушриктер! Силер жана Аллахтан башка сыйынган кудайларыңар بلغ Куран · Тафсир
مَآ أَنتُمْ عَلَيْهِ بِفَـٰتِنِينَ ﴿١٦٢﴾
акыйкат динден эчкимди адаштыра албайсыңар
إِلَّا مَنْ هُوَ صَالِ ٱلْجَحِيمِ ﴿١٦٣﴾
Бирок тозок ээлеринен болот деп өкүм кылынгандан башкасын. Анткени Аллахага Өз өкүмүн жүргүзөт, анан ал каапырлык кылып, тозоккокирет. Ал эми силердин жана кудайларыңардын буга эч кандай күч-кубатыжетпейт
وَمَا مِنَّآ إِلَّا لَهُۥ مَقَامٌۭ مَّعْلُومٌۭ ﴿١٦٤﴾
Периштелер Аллахка болгон кулчулуктарын жана мушриктердин ойлогон ойлоруна катышы жок экендиктерин ачыктап мындай дешет: «Биздин арабызда ким болбосун, анын Аллахка сыйынууда жана моюн сунууда белгилүү орду бар
وَإِنَّا لَنَحْنُ ٱلصَّآفُّونَ ﴿١٦٥﴾
وَإِنَّا لَنَحْنُ ٱلْمُسَبِّحُونَ ﴿١٦٦﴾
Биз, периштелер Аллахка ибадат кылууда жана моюн сунууда саптарга тизилип турабыз. Биз Аллахты Ага ылайык келбеген сыпаттардан аруулайбыз». وإ نكانوا ليقولون
وَإِن كَانُوا۟ لَيَقُولُونَ ﴿١٦٧﴾
لَوْ أَنَّ عِندَنَا ذِكْرًۭا مِّنَ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿١٦٨﴾
لَكُنَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلْمُخْلَصِينَ ﴿١٦٩﴾
فَكَفَرُوا۟ بِهِۦ ۖ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ ﴿١٧٠﴾
Мекке элинен болгон мушриктер Мухаммаддын пайгамбарчылыгына чейин мындай деп айтышчу:«Эгерде бизде да Тоорат сыяктуу абалкылардын китебиндей китеп болгондо биз Аллахка чын ыкластан сыйынмакпыз». Бирок алар бул нерседе жалганчылар. Аларга Мухаммад Курандыалып келди, бирок алар ага каапырлык кылышты. Эми жакында алар кыямат күндөгүкатаалазап күтүп турганын билишет
وَلَقَدْ سَبَقَتْ كَلِمَتُنَا لِعِبَادِنَا ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿١٧١﴾
إِنَّهُمْ لَهُمُ ٱلْمَنصُورُونَ ﴿١٧٢﴾
وَإِنَّ جُندَنَا لَهُمُ ٱلْغَـٰلِبُونَ ﴿١٧٣﴾
Пайгамбарларыбызга Биздин сөзүбүз алдын ала айтылган: «Аллах аларга берген далилдер жана күч-кубаттуулук بلغ Куран · Тафсир себептүүалар душмандарынын үстүнөн жеңишке жетишет.Жеңиш –Аллахтын сөзүулук болсун деп Анын жолунда согушкан аскерлерибиз тарапта». فتول عنهمحت حين
فَتَوَلَّ عَنْهُمْ حَتَّىٰ حِينٍۢ ﴿١٧٤﴾
Оо, пайгамбар! Сен ал каршы чыккан мушриктерден Аллахка белгилүү болгон алардын азап убактысынын мөөнөтү келгенге чейин жүзүңдү бур! وأبصرهم فسوف يبصرون
وَأَبْصِرْهُمْ فَسَوْفَ يُبْصِرُونَ ﴿١٧٥﴾
Аларга азап келген учурда аларды карап тур. Жакында алар азапты өз көзү менен көрөт, бирок көрүү эми эч кандай пайда бербейт. أ فبعذابنا يستعجلون
أَفَبِعَذَابِنَا يَسْتَعْجِلُونَ ﴿١٧٦﴾
Мушриктер Аллахтын азабын шаштырып жатышабы?
فَإِذَا نَزَلَ بِسَاحَتِهِمْ فَسَآءَ صَبَاحُ ٱلْمُنذَرِينَ ﴿١٧٧﴾
Эгер аларга Аллахтын азабытүшсө, анда ошол таң алар үчүн эң жаман таң болот! وتول عنهمحت حين
وَتَوَلَّ عَنْهُمْ حَتَّىٰ حِينٍۢ ﴿١٧٨﴾
Оо, пайгамбар! Аллах аларга азапты өкүм кылганга чейин алардан жүзүңдү бур! وأبصر فسوف يبصرون
وَأَبْصِرْ فَسَوْفَ يُبْصِرُونَ ﴿١٧٩﴾
Аларга Аллахтын азабыжана жазасыкелерин карап тур, алар дагыкарашсын
سُبْحَـٰنَ رَبِّكَ رَبِّ ٱلْعِزَّةِ عَمَّا يَصِفُونَ ﴿١٨٠﴾
Оо,Мухаммад!Кудуреттүүлүк Ээси болгон Раббиңмушриктер сыпаттап жаткан кемчилик сыпаттардан аруу
وَسَلَـٰمٌ عَلَى ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿١٨١﴾
Ардактуу пайгамбарларга Аллахтын саламы жана алкышы болсун!
وَٱلْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٨٢﴾
Бүткүл мактоолор Аллахка гана таандык. Ал Өзү ага татыктуу. Ал бүткүл ааламдын Раббиси. Алардын Андан башка Раббиси жок. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз