يسٓ ﴿١﴾
Йаа-сиин. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген
Башкы бет›Тафсир›Yaseen (36)
Меккелик · 83 аят
يسٓ ﴿١﴾
Йаа-сиин. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген
وَٱلْقُرْءَانِ ٱلْحَكِيمِ ﴿٢﴾
Аяттарыбекемделген жана алдынан да,артынан да жалган келе албаган Куран менен Аллахант берди
إِنَّكَ لَمِنَ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿٣﴾
Оо, пайгамбар! Чындыгында сен Аллах пенделерин жалгыз Өзүнө сыйынууга жана ибадат кылууга буйруу үчүн жиберген пайгамбарлардансың. عل صرط مستقيم
عَلَىٰ صِرَٰطٍۢ مُّسْتَقِيمٍۢ ﴿٤﴾
تَنزِيلَ ٱلْعَزِيزِ ٱلرَّحِيمِ ﴿٥﴾
Түз жолдо жана туура шариятта. Бул түз жол жана туура шарият эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, ыймандуу пенделерине Ырайымдуу Раббиң тараптан түшкөн
لِتُنذِرَ قَوْمًۭا مَّآ أُنذِرَ ءَابَآؤُهُمْ فَهُمْ غَـٰفِلُونَ ﴿٦﴾
Биз аны сага араб коомун коркутуп, эскертиш үчүн түшүрдүк. Аларга эскертүүчү пайгамбар келген эмес, алар ыйманга жана Аллахка сыйынууга көңүл бурушпайт. Ошондой эле эскертүү жетпеген бардык коомдордун абалы ушундай, алар эскертүүчү пайгамбарларга муктаж
لَقَدْ حَقَّ ٱلْقَوْلُ عَلَىٰٓ أَكْثَرِهِمْ فَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ ﴿٧﴾
Алардын көпчүлүгүнө Аллахтын азабы милдет болду. Анткени ага чейин аларга пайгамбардын өз оозу менен Аллахтын акыйкатыжеткен,бирок алар Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиришкен жок жана аларга келген акыйкаттыиш жүзүндө аткарышкан жок
إِنَّا جَعَلْنَا فِىٓ أَعْنَـٰقِهِمْ أَغْلَـٰلًۭا فَهِىَ إِلَى ٱلْأَذْقَانِ فَهُم مُّقْمَحُونَ ﴿٨﴾
Алардын бул нерседеги мисалы моюндарына кишен салынып, жаактарынан ылдый моюндары менен кошо колдорубайланган адамдар сыяктуу.Алар баштарын асманга көтөрүп турууга аргасыз.Андыктан алар аныылдый кыла алышпайт. Мына ошолор Аллахка ыйман келтирүүдөн кишенделгендер, алар Ага моюн сунушпайт жана Ал үчүн баштарын да ийишпейт. بلغ Куран · Тафсир د د وجعلنامن بينأيديهم س اومن خلفهم س افأغشينهم فهم لا يبصرون
وَجَعَلْنَا مِنۢ بَيْنِ أَيْدِيهِمْ سَدًّۭا وَمِنْ خَلْفِهِمْ سَدًّۭا فَأَغْشَيْنَـٰهُمْ فَهُمْ لَا يُبْصِرُونَ ﴿٩﴾
Биз алардыалдынан да,артынан да акыйкаттан тосуп койдук жана алардын көздөрүн акыйкаттыкөрүүдөн бууп койдук. Андыктан алар аны пайда ала тургандай көрө алышпайт. Бул нерсе алар баш ийбестик кылып, каапырлыктан баштартпагандан кийин болду
وَسَوَآءٌ عَلَيْهِمْ ءَأَنذَرْتَهُمْ أَمْ لَمْ تُنذِرْهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ ﴿١٠﴾
Оо, Мухаммад! Сен акыйкатка каршы чыккан каапырларды коркутасыңбы же коркутпайсыңбы, аларга баары бир. Алар сен Аллахтараптан алып келген нерсеге ыйман келтиришпейт
إِنَّمَا تُنذِرُ مَنِ ٱتَّبَعَ ٱلذِّكْرَ وَخَشِىَ ٱلرَّحْمَـٰنَ بِٱلْغَيْبِ ۖ فَبَشِّرْهُ بِمَغْفِرَةٍۢ وَأَجْرٍۢ كَرِيمٍ ﴿١١﴾
Чындыгында сенин эскертмеңден бул Куранды чындык дегендер, андагы келгенге ээрчигендер жана эч ким көрбөй тургандай жалгыз калган учурда Раббисинен корккон адамдар чындап пайда алышат. Мына ушундай сыпаттарга ээ болгондорго аларды кубандырган нерсени кабар бер, Аллах алардын күнөөлөрүн өчүрөт жана кечирет, ошондой эле акыретте алардыулуусыйлык болгон бейишке кирүү күтүп турат
إِنَّا نَحْنُ نُحْىِ ٱلْمَوْتَىٰ وَنَكْتُبُ مَا قَدَّمُوا۟ وَءَاثَـٰرَهُمْ ۚ وَكُلَّ شَىْءٍ أَحْصَيْنَـٰهُ فِىٓ إِمَامٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿١٢﴾
Чындыгында Биз кыямат күнү сурак алуу үчүн өлүктөрдү кайра тирилтебиз жана алар дүйнө жашоосунда кылган жакшылык жана жамандык иштерин жазып коёбуз,ошондой эле алар өлгөндөн кийин артында калтырып кеткен сообу улануучу садака же каапырлык сыяктуу жамандыктарын да жазып коёбуз. Биз бүткүл нерселерди анык Китепте (Лаухуль Махфузда) эсептеп жазып койгонбуз
وَٱضْرِبْ لَهُم مَّثَلًا أَصْحَـٰبَ ٱلْقَرْيَةِ إِذْ جَآءَهَا ٱلْمُرْسَلُونَ ﴿١٣﴾
Оо, пайгамбар! Ал баш ийбеген каапырларга сабак алчу бир мисалды айтып бер, ал бир шаар элине элчилердин келгендиги тууралуу окуя
إِذْ أَرْسَلْنَآ إِلَيْهِمُ ٱثْنَيْنِ فَكَذَّبُوهُمَا فَعَزَّزْنَا بِثَالِثٍۢ فَقَالُوٓا۟ إِنَّآ إِلَيْكُم مُّرْسَلُونَ ﴿١٤﴾
Биз башында аларды Аллахты жалгыздоого жана Ага ибадат кылууга чакырыш үчүн эки элчини жибергенбиз. Алар ал экөөсүн жалганга чыгарышты, анан Биз аларга үчүнчү элчини кошуп кубаттадык. Ошондо үч элчи шаардын элине айтты: «Чындыгында биз үчөөбүз тең силерди Аллахка гана сыйуунуга жана Анын шариятын ээрчүүгө чакырууүчүн пайгамбар болуп жиберилдик»
قَالُوا۟ مَآ أَنتُمْ إِلَّا بَشَرٌۭ مِّثْلُنَا وَمَآ أَنزَلَ ٱلرَّحْمَـٰنُ مِن شَىْءٍ إِنْ أَنتُمْ إِلَّا تَكْذِبُونَ ﴿١٥﴾
Шаардын эли элчилерге айтышты: «Силер бизге окшогон эле адамсыңар, бизден артык эмессиңер. Ырайымдуу силерге эчкандай вахий түшүргөн жок жана силер булсөзүңөр менен Аллахка жалган жалаа жаап жатасыңар». بلغ Куран · Тафсир
قَالُوا۟ رَبُّنَا يَعْلَمُ إِنَّآ إِلَيْكُمْ لَمُرْسَلُونَ ﴿١٦﴾
Ал үч элчи шаар элинин жалганга чыгарганына жооп кылып айтышты: «Оо, шаар эли! Раббибиз билет, биз силерге Ал тараптан элчи болуп жиберилдик. Ушул нерсе биз үчүн далилге жетиштүү
وَمَا عَلَيْنَآ إِلَّا ٱلْبَلَـٰغُ ٱلْمُبِينُ ﴿١٧﴾
Биздин милдет буйрулган нерсени гана силерге ачык-айкын жеткирүү. Ал эми силерди туура жолго салуу биздин колубузда эмес»
قَالُوٓا۟ إِنَّا تَطَيَّرْنَا بِكُمْ ۖ لَئِن لَّمْ تَنتَهُوا۟ لَنَرْجُمَنَّكُمْ وَلَيَمَسَّنَّكُم مِّنَّا عَذَابٌ أَلِيمٌۭ ﴿١٨﴾
Шаар эли элчилерге айтышты: «Биз силерди жамандыкка жоруп жатабыз. Эгер бизди жалгыз Аллахка сыйынгыла деп даават кылганыңарды токтотпосоңор, силерди таш бараң кылып өлтүрөбүз жана бизден аёсуз азапты көрөсүңөр»
قَالُوا۟ طَـٰٓئِرُكُم مَّعَكُمْ ۚ أَئِن ذُكِّرْتُم ۚ بَلْ أَنتُمْ قَوْمٌۭ مُّسْرِفُونَ ﴿١٩﴾
Элчилер аларга жооп кылып: «Силер Аллахка каапырлык кылып, Анын элчилерин ээрчүдөн баш тартканыңар себептүү жоруган жамандыгыңар өзүңөргө кайтат. Биз силерге Аллахтыэскертсек да жамандыкка жоруйсуңарбы?! Силер каапырлыкта жана күнөө кылууда анык эле чектен чыккан коомсуңар»
وَجَآءَ مِنْ أَقْصَا ٱلْمَدِينَةِ رَجُلٌۭ يَسْعَىٰ قَالَ يَـٰقَوْمِ ٱتَّبِعُوا۟ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿٢٠﴾
Ошондошаардан алыс жерден бир адам эли элчилерди жалганга чыгарып коюшпасын, алардыөлтүрүп же зыян берип коркутушпасын деп алар үчүн коркуп шашып-бушуп келип мындай деди: «Оо, элим! Бул элчилер алып келген нерсеге ээрчигиле
ٱتَّبِعُوا۟ مَن لَّا يَسْـَٔلُكُمْ أَجْرًۭا وَهُم مُّهْتَدُونَ ﴿٢١﴾
Оо, элим! Келген нерсени жеткиргени үчүн силерден акы сурабаган адамдарга ээрчигиле! Алар Аллах тараптан силерге жеткирген нерседе туура жолду тутунгандар. Ким ушундай болсо, анда ал ээрчитүүгө татыктуу
وَمَا لِىَ لَآ أَعْبُدُ ٱلَّذِى فَطَرَنِى وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ ﴿٢٢﴾
Ал насаатчы адам айтты: «Мени жараткан Аллахка сыйынуудан мени эмне тосуп жатат?! Силерди жараткан Аллахка сыйынуудан силерди эмне тосуп жатат?! Силер сыйлык же жаза алыш үчүн кайрадан тирилип Ага гана кайтасыңар
ءَأَتَّخِذُ مِن دُونِهِۦٓ ءَالِهَةً إِن يُرِدْنِ ٱلرَّحْمَـٰنُ بِضُرٍّۢ لَّا تُغْنِ عَنِّى شَفَـٰعَتُهُمْ شَيْـًۭٔا وَلَا يُنقِذُونِ ﴿٢٣﴾
Мен акым жок туруп мени жараткан Аллахтан башкаларды кудай кылып алайынбы?! Эгер мага Ырайымдуу жамандыктыкааласа, мага ал кудайлардын ортомчулугу эч пайда бербейт жана алар мага пайда да, зыян да بلغ Куран · Тафсир келтире алышпайт. Ошондой эле мен каапырлыкта өлгөн болсом, Аллах мага каалаган жамандыктан мени куткара алышпайт
إِنِّىٓ إِذًۭا لَّفِى ضَلَـٰلٍۢ مُّبِينٍ ﴿٢٤﴾
Эгерде мен Аллахтан башкалардыкудай кылып алсам, анда мен анык жаңылган болом. Анткени мен сыйынууга татыктууну таштап, сыйынууга татыктуу эмеске сыйындым
إِنِّىٓ ءَامَنتُ بِرَبِّكُمْ فَٱسْمَعُونِ ﴿٢٥﴾
Оо, элим! Чындыгында мен өзүмдүн жана силердин жалпы Раббибизге ыйман келтирдим, эми мени уккула, мен силердин өлтүрөм деп коркутканыңарга көңүл да бурбайм». Ошондо аны эли өлтүрүп коюшат. Анан Аллах аны бейишке киргизди
قِيلَ ٱدْخُلِ ٱلْجَنَّةَ ۖ قَالَ يَـٰلَيْتَ قَوْمِى يَعْلَمُونَ ﴿٢٦﴾
بِمَا غَفَرَ لِى رَبِّى وَجَعَلَنِى مِنَ ٱلْمُكْرَمِينَ ﴿٢٧﴾
Ал шейит болгондон кийин ага сый көргөзүлүп: «Бейишке кир!» – деп айтылды. Ал бейишке кирип, андагы жыргалчылыктыкөргөндө өзүнчө кыялдана:«Аттиң,мени жалганга чыгарган,мени өлтүргөн элим күнөөлөрүмдү кечирилгенин жана Раббим мага кандай сый-урмат көргөзгөнүн билишсе кана, алар мага окшоп ыйман келтирип, мага берилгендей сыйлыкка жетишсе кана!»
۞ وَمَآ أَنزَلْنَا عَلَىٰ قَوْمِهِۦ مِنۢ بَعْدِهِۦ مِن جُندٍۢ مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَمَا كُنَّا مُنزِلِينَ ﴿٢٨﴾
Аныжалганга чыгарган жана өлтүргөн элине асмандан периштелерден болгон аскер түшүрүп,алардыжок кылууга Биз муктаж эмеспиз. Кайсы бир коомду жок кылганда аларага перителерди түшүргөн эмеспиз, аларды жок кылуу Бизге өтө жеңил. Биз, алардын кыйроосу азап периштелерин түшүрүү менен эмес, асмандан келген катуу кыйкырык аркылууболсун деп чечтик. إن كانت إلا صيحة وحدة فإذا هم خمدون
إِن كَانَتْ إِلَّا صَيْحَةًۭ وَٰحِدَةًۭ فَإِذَا هُمْ خَـٰمِدُونَ ﴿٢٩﴾
Анын элинин окуясыБиз аларга жиберген бир кыйкырык гана болду. Ошондоалар сулайып өлүштү, алардын эч бири калбады. Алардын мисалы жарк этип күйүп, жалп этип өчкөн оттой болду, алардын артында эч нерсе калбады
يَـٰحَسْرَةً عَلَى ٱلْعِبَادِ ۚ مَا يَأْتِيهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ ﴿٣٠﴾
Кыямат күнү азаптыкөргөндө өкүнүчкө баткан, өкүттө калган кайран гана жалганчыпенделер!Анткени дүйнөдө пайгамбар аларга Аллах тараптан кандай нерсени алып келбесин, аны сөзсүз шылдыңга алып маскаралашкан. Мына ошондуктан кыямат күнү алардын акыбети Аллах тарапка кош көңүл карагандарына өкүнүү болду. بلغ Куран · Тафсир
أَلَمْ يَرَوْا۟ كَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُم مِّنَ ٱلْقُرُونِ أَنَّهُمْ إِلَيْهِمْ لَا يَرْجِعُونَ ﴿٣١﴾
Пайгамбарларды шылдыңдашкан жалганчылар сабак алыш үчүн алардан мурунку коомдорду көрүшпөйбү?! Алар өлүштү, эми дүйнөгө эч качан кайтып келишпейт. Алар кылган иш-аракеттерин көздөй кетишти. Жакында Аллах аларга сыйлыгын же жазасын берет. ل ون ك لما جميع لدينا محضرون
وَإِن كُلٌّۭ لَّمَّا جَمِيعٌۭ لَّدَيْنَا مُحْضَرُونَ ﴿٣٢﴾
Кыяматта бардык коомдор кайра тирилгенден кийин алардын бири да калбастан кылган иш-аракеттеринин сыйлыгын же жазасын алышүчүн Биздинب алдыбызга келишет
وَءَايَةٌۭ لَّهُمُ ٱلْأَرْضُ ٱلْمَيْتَةُ أَحْيَيْنَـٰهَا وَأَخْرَجْنَا مِنْهَا حَبًّۭا فَمِنْهُ يَأْكُلُونَ ﴿٣٣﴾
Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандарга анын чындык экендигинин аят-белгиси – бул кургап калган жер. Биз ага асмандан жамгыр жаадырып, түркүн-түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрдүк жана адамдар жеш үчүн ар кандай дан азыктарын чыгардык. Жамгыр жаадырып, өсүмдүктөрдү чыгарып бул жерди тирилткен Зат өлүктөрдү да кайра тирилтүүгө кудуреттүү
وَجَعَلْنَا فِيهَا جَنَّـٰتٍۢ مِّن نَّخِيلٍۢ وَأَعْنَـٰبٍۢ وَفَجَّرْنَا فِيهَا مِنَ ٱلْعُيُونِ ﴿٣٤﴾
Биз жамгыр жаадырган бул жерди курма жана жүзүм бакчаларына айланттык жана аларды сугарууга булактарды чыгардык
لِيَأْكُلُوا۟ مِن ثَمَرِهِۦ وَمَا عَمِلَتْهُ أَيْدِيهِمْ ۖ أَفَلَا يَشْكُرُونَ ﴿٣٥﴾
Аллахадамдарга берген албакчалардын мөмө-жемиштеринен алар жешсин деп.Булнерселер алардын аракети менен болгон жок. Эми алар бул жакшылыктарга шүгүр кылуу үчүн жалгыз Аллахка ибадаттарды кылышпайбы, Анын пайгамбарларына ыйман келтиришпейби?!
سُبْحَـٰنَ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلْأَزْوَٰجَ كُلَّهَا مِمَّا تُنۢبِتُ ٱلْأَرْضُ وَمِنْ أَنفُسِهِمْ وَمِمَّا لَا يَعْلَمُونَ ﴿٣٦﴾
Түрлүү-түрлүү өсүмдүктөрдү жана бак-дарактарды өстүргөн, адамдардын өздөрүнөн эркектер менен аялдарды жараткан жана ошондой эле кургактык менен деңизде адамдар билбеген Аллахтын башка макулуктарын жараткан Аллах аруу жана ыйык
وَءَايَةٌۭ لَّهُمُ ٱلَّيْلُ نَسْلَخُ مِنْهُ ٱلنَّهَارَ فَإِذَا هُم مُّظْلِمُونَ ﴿٣٧﴾
Адамдарга Аллахтын жалгыздыгын билдирген белги – Биз күндүз менен кошо жарыкты кетиребиз, күндүздү түндөн ажыратып түндү келтиребиз жана күндүз бүткөндөн кийин караңгылыкты алып келебиз. Ошондо адамдар карыңгылыкка киришет. بلغ Куран · Тафсир
وَٱلشَّمْسُ تَجْرِى لِمُسْتَقَرٍّۢ لَّهَا ۚ ذَٰلِكَ تَقْدِيرُ ٱلْعَزِيزِ ٱلْعَلِيمِ ﴿٣٨﴾
Дагыалар үчүн Аллахтын жалгыздыгын билдирген белги – булКүн.АлАллахӨзүбилген чектен ашып кетпестен,өз ордунда сүзүп жүрөт. Бул Кудуреттүүнүн белгилеп койгон тагдыры. Аны эч ким жеңе албайт. Ал Билүүчү, Ага макулуктардын эчбир нерсеси жашыруун эмес
وَٱلْقَمَرَ قَدَّرْنَـٰهُ مَنَازِلَ حَتَّىٰ عَادَ كَٱلْعُرْجُونِ ٱلْقَدِيمِ ﴿٣٩﴾
Дагы алар үчүн Аллахтын жалгыздыгын билдирген белги – бул Ай. Биз ар бир түнгө анын өз ордун белгилеп койгонбуз. Ал кичине болуп башталып, улам чоңоё берет, кийин кайра кичирейип баштайт. Ал ичкелигинде, ийилчектигинде,саргычтыгындаل жана эскилигинде кудум ийилип жок болуп бара жаткан курманын шагысымал
لَا ٱلشَّمْسُ يَنۢبَغِى لَهَآ أَن تُدْرِكَ ٱلْقَمَرَ وَلَا ٱلَّيْلُ سَابِقُ ٱلنَّهَارِ ۚ وَكُلٌّۭ فِى فَلَكٍۢ يَسْبَحُونَ ﴿٤٠﴾
Күн, Ай жана түн менен күндүздүн белгилери Аллахтын тагдыры менен белгиленген. Алар белгиленген чектен ашып кетишпейт.Күн Айдын жолун өзгөртүп же анын нурун кетирип,Ага кошулуп кетпейт.Ошондой эле түн дагы күндүздөн ашып кетпейт, анын убактысы бүтө электе эле кирип келбейт. Планеталар, орбиталар ж.б. сыяктуу Аллахтын тагдырыжана коргоосуменен моюн сундурулган бул макулуктардын ар биринин жеке өзүнө тийиштүү жолдору бар
وَءَايَةٌۭ لَّهُمْ أَنَّا حَمَلْنَا ذُرِّيَّتَهُمْ فِى ٱلْفُلْكِ ٱلْمَشْحُونِ ﴿٤١﴾
Ошондой эле аларга Аллахтын жалгыздыгын жана пенделерине кылган жакшылыгынын белгиси – Биз Нухтун заманында топон суудан аман калган Адамдын кээ бир урпактарын Аллахтын макулуктарыменен толгон кемеге түшүрдүк.Аллахага ар бир түркүмдөн бирден жуптутүшүрдү. وخلقنا لهم من مثله ما يركبون
وَخَلَقْنَا لَهُم مِّن مِّثْلِهِۦ مَا يَرْكَبُونَ ﴿٤٢﴾
Дагыаларга Анын жалгыздыгын жана пенделерине кылган жакшылыгынын белгиси – Биз алар үчүн Нухтун кемеси сыяктуу унааларды жараттык. وإن نشأ نغرقهم فلا صريخلهم ولا هم ينقذون
وَإِن نَّشَأْ نُغْرِقْهُمْ فَلَا صَرِيخَ لَهُمْ وَلَا هُمْ يُنقَذُونَ ﴿٤٣﴾
Эгерде Биз аларды чөктүрүүнү кааласак, чөктүрүп жибермекпиз. Эгер Биз алардын чөгүшүн каалаганда, аларга эч ким жардам бере алмак эмес. Эгер алар Биздин буйругубуз жана чечимибиз менен чөгүшкөндө, аларды эч ким куткара алмак эмес. إلا رحمة منا ومتعا إلى حين
إِلَّا رَحْمَةًۭ مِّنَّا وَمَتَـٰعًا إِلَىٰ حِينٍۢ ﴿٤٤﴾
Бирок Биз алардычөгүүдөн куткарып жана алар өтүп кете албагандай белгилүү бир мөөнөткө чейин жашоодон пайдаланууларыүчүн алардыкайра кайтарсак,балким ошондоалар сабак алышып ыйман келтирет чыгар. بلغ Куран · Тафсир
وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱتَّقُوا۟ مَا بَيْنَ أَيْدِيكُمْ وَمَا خَلْفَكُمْ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ ﴿٤٥﴾
Эгерде ыймандан жүз бурган мушриктерге:«Аллахтын силерге кылган ырайымын үмүт кылууменен алдыңардагы акыреттен жана анын азаптарынан сактангыла жана артта калуучу дүйнөдөн сактагыла!» – деп айтылса, алар баш ийишпейт. وما تأتيهم من ءاية من ءايت ربهم إلا كانواعنها معرضين
وَمَا تَأْتِيهِم مِّنْ ءَايَةٍۢ مِّنْ ءَايَـٰتِ رَبِّهِمْ إِلَّا كَانُوا۟ عَنْهَا مُعْرِضِينَ ﴿٤٦﴾
Качан ал баш ийбестик кылган мушриктерге Аллахтын жалгыздыгына жана Ал Өзү гана сыйынууна татыктуу экендигине далилболгон аят-белгилер келсе,алар андан сабак албастан туруп жүз бурушат
وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ أَنفِقُوا۟ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ قَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لِلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ أَنُطْعِمُ مَن لَّوْ يَشَآءُ ٱللَّهُ أَطْعَمَهُۥٓ إِنْ أَنتُمْ إِلَّا فِى ضَلَـٰلٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿٤٧﴾
فى ضلل مبين Эгер ал баш ийбестерге: «Аллах силерге ырыскы кылган мал-мүлктөн кедей-кембагалдарга да жардам бергиле!» – деп айтылса, ыймандууларды беттен алып мындай дешет: «Аллах Өзү тамактандырууну каалаган адамдарды биз тамактандырмак белек?! Биз анын каалоосуна каршы чыкпайбыз. Эй, момундар! Силер акыйкаттан алыстап, анык эле адашып жатасыңар»
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَـٰذَا ٱلْوَعْدُ إِن كُنتُمْ صَـٰدِقِينَ ﴿٤٨﴾
Кайра тирилүүнү жалганга чыгарып, аны мүмкүн эмес деп четке каккан каапырлар айтышат: «Эй, момундар! Силер кайра тирилүүанык болот деген сөзүңөрдө чынчылболсоңор айткылачы,алкачан болот экен?». ما ينظرون إلا صيحة وحدة تأخذهم وهم يخصمون
مَا يَنظُرُونَ إِلَّا صَيْحَةًۭ وَٰحِدَةًۭ تَأْخُذُهُمْ وَهُمْ يَخِصِّمُونَ ﴿٤٩﴾
Кайра тирилүүнү мүмкүн эмес деп жалганга чыгаргандар сурнайдын биринчи тартылышын гана күтүп жатышат. Бул катуу кыйкырык алар соода-сатык, сугатчылык, чарбачылык ж.б. башка дүйнө иштери менен алек болуп жатышканда капыстан келет
فَلَا يَسْتَطِيعُونَ تَوْصِيَةًۭ وَلَآ إِلَىٰٓ أَهْلِهِمْ يَرْجِعُونَ ﴿٥٠﴾
Бул кыйкырык аларга күтүүсүз келгенде алар бири-бирине осуят кылганга да жетишпей калат, өз үйлөрүнө жана үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпай калат.Алар ошолиштеп жаткан жерлеринде жан беришет
وَنُفِخَ فِى ٱلصُّورِ فَإِذَا هُم مِّنَ ٱلْأَجْدَاثِ إِلَىٰ رَبِّهِمْ يَنسِلُونَ ﴿٥١﴾
Кайра тирилүүгө экинчи жолу сурнай тартылганда, алардын баарысысурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн Раббисине карай шашылып кабырларынан чыгышат. بلغ Куран · Тафсир
قَالُوا۟ يَـٰوَيْلَنَا مَنۢ بَعَثَنَا مِن مَّرْقَدِنَا ۜ ۗ هَـٰذَا مَا وَعَدَ ٱلرَّحْمَـٰنُ وَصَدَقَ ٱلْمُرْسَلُونَ ﴿٥٢﴾
Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган каапырлар өкүнгөн абалда: «Шорубуз кургур ай! Бизди ким кабырдан тирилтип чыгарды?» – дегенде, аларга жооп берилет: «Бул Аллахтын берген убадасы. Чындыгында ал сөзсүз ишке ашат. Пайгамбарлар да Раббиси тараптан жеткирген бул нерседе чындыктыайтышкан». إن كانت إلا صيحة وحدة فإذا هم جميع لدينا محضرون
إِن كَانَتْ إِلَّا صَيْحَةًۭ وَٰحِدَةًۭ فَإِذَا هُمْ جَمِيعٌۭ لَّدَيْنَا مُحْضَرُونَ ﴿٥٣﴾
Кабырлардан кайра тирилип чыгуу кернейди бир жолу үйлөгөндө эле болот. Ошондо кыямат күнү сурак бериш үчүн бардык макулуктар Биздин алдыбызга келишет
فَٱلْيَوْمَ لَا تُظْلَمُ نَفْسٌۭ شَيْـًۭٔا وَلَا تُجْزَوْنَ إِلَّا مَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿٥٤﴾
Ал күндө адилеттик менен өкүм кылынат. Эй, пенделер! Ошондо силерге күнөөлөрүңөр көбөйтүлүп же соопторуңардан кемитилип зулумдук кылынбайт. Чындыгында силер дүйнө жашоосунда кылган иштериңердин сыйлыгын же жазасын толук түрдө аласыңар
إِنَّ أَصْحَـٰبَ ٱلْجَنَّةِ ٱلْيَوْمَ فِى شُغُلٍۢ فَـٰكِهُونَ ﴿٥٥﴾
Кыямат күнү бейиш ээлери түбөлүк жыргалчылыкты жана улуу жеңишти көрүшкөндө башкаларды ойлонбой калышат. Алар кубанычта ошону гана ойлонуп калышат
هُمْ وَأَزْوَٰجُهُمْ فِى ظِلَـٰلٍ عَلَى ٱلْأَرَآئِكِ مُتَّكِـُٔونَ ﴿٥٦﴾
Алар жана алардын жубайларыбейишкөлөкөлөрүндө сөрүлөрдүн үстүндө жыргалчылыкта болушат. لهم فيها فكهة ولهم ما يدعون
لَهُمْ فِيهَا فَـٰكِهَةٌۭ وَلَهُم مَّا يَدَّعُونَ ﴿٥٧﴾
Ал бейиште алар үчүн жүзүм, анжир, анар сыяктуу мөмө-жемиштер болот. Ошондой эле алар ырахаттын жана жыргалчылыктын кандай түрүн сурашпасын,алнерселер аларга берилет. سلم قولا من رب رحيم
سَلَـٰمٌۭ قَوْلًۭا مِّن رَّبٍّۢ رَّحِيمٍۢ ﴿٥٨﴾
Алар үчүн булжакшылыктардан да өткөн жакшылык –аларга ЫрайымдууРаббиси тараптан айтылган салам болот. Эгерде Ал аларга салам айтса, алар бүт тараптан саламатта болушат жана эң жогорку деңгээлдеги саламдашууга жеткен болушат
وَٱمْتَـٰزُوا۟ ٱلْيَوْمَ أَيُّهَا ٱلْمُجْرِمُونَ ﴿٥٩﴾
Кыямат күнү мушриктерге айтылат: «Ыймандуулардан бөлүнгүлө! Алар силер менен болууга ылайыктуу эмес. Анткени силердин жазаңар менен аларды сыйлыгы, силердин сыпаттарыңар менен алардын сыпаттары ар башка». بلغ Куран · Тафсир و
۞ أَلَمْ أَعْهَدْ إِلَيْكُمْ يَـٰبَنِىٓ ءَادَمَ أَن لَّا تَعْبُدُوا۟ ٱلشَّيْطَـٰنَ ۖ إِنَّهُۥ لَكُمْ عَدُوٌّۭ مُّبِينٌۭ ﴿٦٠﴾
Мен силерге пайгамбарларымдын тили менен осуят кылып жана буйруп мындай деп айткан элем го: «Эй, адам баласы! Каапырлыктын жана күнөөлөрдүн түр-түрүн кылып шайтанга баш ийбегиле! Чындыгында шайтан силерге анык душман.Акылыбар адам ага душмандыгын ачык эле көргөзгөн душманына кантип эле баш ийсин?!
وَأَنِ ٱعْبُدُونِى ۚ هَـٰذَا صِرَٰطٌۭ مُّسْتَقِيمٌۭ ﴿٦١﴾
Эй, адам баласы! Силерди Мага гана ибадат кылгыла жана Мага эч нерсени шерик кылбагыла деп буйрудум! Жалгыз Мага ибадат кылуу жана баш ийүү – Менин ыраазылыгыма жана бейишке алып барган туура жол. Бирок, силер Менин осуятымдыжана буйругумду аткарбадыңар.ل
وَلَقَدْ أَضَلَّ مِنكُمْ جِبِلًّۭا كَثِيرًا ۖ أَفَلَمْ تَكُونُوا۟ تَعْقِلُونَ ﴿٦٢﴾
Шайтан силерден көптөгөн адамдарды адаштырды. Силерди Раббиңерге баш ийүүгө, жалгыз Ага сыйынууга буйругандай жана силерге ачык эле душмандык кылган шайтанга моюн сунуудан эскерткендей да акылыңар жокпу?!
هَـٰذِهِۦ جَهَنَّمُ ٱلَّتِى كُنتُمْ تُوعَدُونَ ﴿٦٣﴾
Мына бул каапырлыгыңар үчүн дүйнөдө убада кылынган тозок. Ал силерге көрүнгөн эмес. Бүгүн болсо аны өз көзүңөр менен көрүп турасыңар
ٱصْلَوْهَا ٱلْيَوْمَ بِمَا كُنتُمْ تَكْفُرُونَ ﴿٦٤﴾
Бүгүн ал жакка киргиле! Дүйнө жашоосунда Аллахка каапырлык кылганыңар себептүү анын жалындуу ысыгын таткыла!»
ٱلْيَوْمَ نَخْتِمُ عَلَىٰٓ أَفْوَٰهِهِمْ وَتُكَلِّمُنَآ أَيْدِيهِمْ وَتَشْهَدُ أَرْجُلُهُم بِمَا كَانُوا۟ يَكْسِبُونَ ﴿٦٥﴾
Бүгүн Биз алардын ооздоруна мөөр басабыз, алар каапырлыктарын жана күнөөлөрүн четке кагып сүйлөй албай дудук болуп калышат. Бизге алардын кылган иштерин колдору айтып беришет жана алар басып барып кылган күнөөлөрүнө буттарыкүбө болушат
وَلَوْ نَشَآءُ لَطَمَسْنَا عَلَىٰٓ أَعْيُنِهِمْ فَٱسْتَبَقُوا۟ ٱلصِّرَٰطَ فَأَنَّىٰ يُبْصِرُونَ ﴿٦٦﴾
Эгер Биз алардын көздөрүн сокур кылып коюунукааласак, алардыкөр кылып коймокпуз, анан алар көрө албай калышмак. Кийин алар Сыраттан бейишке өтүш үчүн жарышышат. Алардын көзү көрбөсө, алар андан кантип өтүшмөк эле?! بلغ Куран · Тафсир ي
وَلَوْ نَشَآءُ لَمَسَخْنَـٰهُمْ عَلَىٰ مَكَانَتِهِمْ فَمَا ٱسْتَطَـٰعُوا۟ مُضِيًّۭا وَلَا يَرْجِعُونَ ﴿٦٧﴾
Эгерде Биз алардын дене түзүлүшүн өзгөртүүнү жана аларды буттарына отургузуп коюуну кааласак, анда Биз алардын дене түзүлүшүн өзгөртмөкпүз жана аларды буттарына отургузуп коймокпуз. Анан алар ордунан жыла албай калышат жана алдыга да, артка да кете албай калышат
وَمَن نُّعَمِّرْهُ نُنَكِّسْهُ فِى ٱلْخَلْقِ ۖ أَفَلَا يَعْقِلُونَ ﴿٦٨﴾
Биз жашоодо адамдардын кимисинин өмүрүн узун кылсак, аны алсыз куракка кайтарабыз. Алар акыл жүгүртүшпөйбүжана түбөлүк кала турган жай булдүйнө эмес,акырет экенин аңдап түшүнүшпөйбү?!
وَمَا عَلَّمْنَـٰهُ ٱلشِّعْرَ وَمَا يَنۢبَغِى لَهُۥٓ ۚ إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرٌۭ وَقُرْءَانٌۭ مُّبِينٌۭ ﴿٦٩﴾
Биз Мухаммадга ыр үйрөткөн жокпуз. Бул ага ылайык келбейт. Анткени ал анын табиятында жок жана силердин аны акын деген сөзүңөр туура болгудай табияты аны талап да кылбайт. Биз ага үйрөткөн нерсе ойлонгон адам үчүн ачык-айкын эскертме жана Куран. ي
لِّيُنذِرَ مَن كَانَ حَيًّۭا وَيَحِقَّ ٱلْقَوْلُ عَلَى ٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿٧٠﴾
Мындан пайда алган жүрөгү тирүү, акылытунук адамдарга эскертүү үчүн жана каапырларга азаптытүшүрүш үчүн. Анткени аларга анын келиши жана дааваттын жетиши менен далил коюлду. Эми алар эч кандай шылтоо айта алышпайт
أَوَلَمْ يَرَوْا۟ أَنَّا خَلَقْنَا لَهُم مِّمَّا عَمِلَتْ أَيْدِينَآ أَنْعَـٰمًۭا فَهُمْ لَهَا مَـٰلِكُونَ ﴿٧١﴾
Алар көрүшпөйбү, Биз алар үчүн үй жаныбарларын жаратып, алар ал үй жаныбарларына ээлик кылышат, аларды өз кызыкчылыктарына жараша пайдаланышат. وذللنها لهم فمنها ركوبهم ومنها يأكلون
وَذَلَّلْنَـٰهَا لَهُمْ فَمِنْهَا رَكُوبُهُمْ وَمِنْهَا يَأْكُلُونَ ﴿٧٢﴾
Жана Биз аларды моюн сундуруп, аларга баш ийе турган кылдык. Алардын кээ бирлерин минишет, аларга жүктөрүн артышат жана кээ бирлеринин эттерин жешет
وَلَهُمْ فِيهَا مَنَـٰفِعُ وَمَشَارِبُ ۖ أَفَلَا يَشْكُرُونَ ﴿٧٣﴾
Жана аларды мингенден жана эттерин жегенден башка дагы пайдалары бар, мисалы, жүндөрү, тыбыттары, кылдары жана майлары. Алардан төшөктөрдү жана кийимдерди тигишет. Ошондой эле алардын сүттөрүн суусундук катары ичишет. Эми алар Аллахтын аларга берген ушундай жакшылыктары үчүн Ага шүгүр кылышпайбы? بلغ Куран · Тафсир
وَٱتَّخَذُوا۟ مِن دُونِ ٱللَّهِ ءَالِهَةًۭ لَّعَلَّهُمْ يُنصَرُونَ ﴿٧٤﴾
Мушриктер Аллахтан башкаларга сыйынып,алардыАнын азабынан куткарууга жардам берет деген үмүттө кудай тутуп алышты. لا يستطيعون نصرهم وهم لهم جند محضرون
لَا يَسْتَطِيعُونَ نَصْرَهُمْ وَهُمْ لَهُمْ جُندٌۭ مُّحْضَرُونَ ﴿٧٥﴾
Алардын кудайлары өздөрүнө да, Аллахты таштап аларга сыйынгандарга да жардам бере алышпайт. Алар жана алардын айкелдеринин баарысыазапка алынып келинет,алардын ар бири бири-биринен баштартышат
فَلَا يَحْزُنكَ قَوْلُهُمْ ۘ إِنَّا نَعْلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعْلِنُونَ ﴿٧٦﴾
Оо, пайгамбар! Алардын «сен пайгамбар эмессиң» же «сен акынсың» деген сыяктуу сөздөрү жана башка жалган жалаалары сени капалантпасын. Чындыгында Биз алардын бул тууралуу жашыргандарын да, ачык айткандарын да билебиз. Бизге алардын эчбири жашыруун эмес. Жакында Биз аларга анын сыйлыгын же жазасын беребиз
أَوَلَمْ يَرَ ٱلْإِنسَـٰنُ أَنَّا خَلَقْنَـٰهُ مِن نُّطْفَةٍۢ فَإِذَا هُوَ خَصِيمٌۭ مُّبِينٌۭ ﴿٧٧﴾
Өлүмдөн кийин кайра тирилүүнү четке каккан инсан ойлонбойбу, Биз аны бел суудан жараттык, кийин ал төрөлгөнгө чейин бир нече баскычтардан өттү жана тарбияланды. Кийин ал көп талашып тартышканга өттү. Ал муну кайра тирилүү мүмкүн экендигине далил катары көрбөйбү?!
وَضَرَبَ لَنَا مَثَلًۭا وَنَسِىَ خَلْقَهُۥ ۖ قَالَ مَن يُحْىِ ٱلْعِظَـٰمَ وَهِىَ رَمِيمٌۭ ﴿٧٨﴾
Бул каапыр унутту жана наадандык кылды, чириген сөөктү кайра тирилүүнүн мүмкүн эмес экендигине далил кылып: «Муну ким кайра тирилте алат?» – деди. Ал өзүнүн жоктон жаралганын көргөн эмес
قُلْ يُحْيِيهَا ٱلَّذِىٓ أَنشَأَهَآ أَوَّلَ مَرَّةٍۢ ۖ وَهُوَ بِكُلِّ خَلْقٍ عَلِيمٌ ﴿٧٩﴾
Оо, Мухаммад! Ага жооп бер: «Бул чириген сөөктөрдү аны баштапкы жолу жараткан Аллах тирилтет. Аны баштапкы жолу жараткан Зат аны кайрадан тирилтүүгө кудуреттүү. Ал бардык жаратылгандарды Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес»
ٱلَّذِى جَعَلَ لَكُم مِّنَ ٱلشَّجَرِ ٱلْأَخْضَرِ نَارًۭا فَإِذَآ أَنتُم مِّنْهُ تُوقِدُونَ ﴿٨٠﴾
Оо, адамдар! Ал силерге көк жана суу дарактан отту пайда кылып, силер андан от тутандырып жатасыңар. Көк жана суу дарак менен жалындаган от сыяктуу эки карама-каршылыкты бириктирген Зат өлүктөрдү тирилтүүгө кудуреттүү. بلغ Куран · Тафсир
أَوَلَيْسَ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ بِقَـٰدِرٍ عَلَىٰٓ أَن يَخْلُقَ مِثْلَهُم ۚ بَلَىٰ وَهُوَ ٱلْخَلَّـٰقُ ٱلْعَلِيمُ ﴿٨١﴾
Асмандар менен Жерди жана алардын ортосундагы эбегейсиз чоң нерселерди жараткан Зат өлүктөрдү кайра тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи?! Албетте, Ал ага кудуреттүү! Ал бүткүл макулуктарды жараткан Жаратуучу, аларды Билүүчү
إِنَّمَآ أَمْرُهُۥٓ إِذَآ أَرَادَ شَيْـًٔا أَن يَقُولَ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ ﴿٨٢﴾
Чындыгында Аллахтын иши, эгер Ал бир нерсени жаратууну кааласа, анда «бол!» деп гана айтат, Анын каалаган нерсеси ошол замат ишке ашат. Бул нерсеге Анын жан салууга, өлтүрүүгө жана кайра тирилтүүгө ж.б. каалоолору да кирет
فَسُبْحَـٰنَ ٱلَّذِى بِيَدِهِۦ مَلَكُوتُ كُلِّ شَىْءٍۢ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ ﴿٨٣﴾
Аллах мушриктердин Ага алсыздыктытаңуулап жаткандарынан аруу жана ыйык. Бүткүл нерселердин бийлиги Ага гана таандык. Ал аларды Өзү каалагандай башкарат. Бардык нерселердин ачкысы Анын гана колунда. Силер акыретте жалгыз Ага гана кайтып барасыңар. Ошондо Ал силерге иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз