ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ فَاطِرِ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ جَاعِلِ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةِ رُسُلًا أُو۟لِىٓ أَجْنِحَةٍۢ مَّثْنَىٰ وَثُلَـٰثَ وَرُبَـٰعَ ۚ يَزِيدُ فِى ٱلْخَلْقِ مَا يَشَآءُ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌۭ ﴿١﴾
ى Асмандар менен Жерди мурун болбогондой көрүнүштө ЖаратуучуАллахка мактоолор болсун!Алпериштелердин арасында тагдыр буйруктарын аткарган элчилерди кылды. Алардын арасында пайгамбарларга вахийди жеткирип, аларды өз аманаттарын аткарууга күч-кубат бергендери бар. Ошондой эле алардын арасында эки, үч, төрт канаттуулары бар. Алардын жардамы менен буйруктарды аткаруу үчүн учушат. Аллах жараткандарына Өзү каалагандай мүчө же сулуулук же үн кошуп берет. Чындыгында Аллахбардык нерсеге Кудуреттүү. Аныэч ким алсыз кыла албайт
مَّا يَفْتَحِ ٱللَّهُ لِلنَّاسِ مِن رَّحْمَةٍۢ فَلَا مُمْسِكَ لَهَا ۖ وَمَا يُمْسِكْ فَلَا مُرْسِلَ لَهُۥ مِنۢ بَعْدِهِۦ ۚ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿٢﴾
Чынында, бардык нерсенин ачкычыАллахтын колунда. Ал адамдарга ырыскы, туура жол, бактылуулук эшигин ачса, аны эч ким токтото албайт. Ал эми бул эшиктердин кайсы бирин жаап койсо, аны эч ким ача албайт. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, жаратууда, тагдыр кылууда жана башкарууда Даанышман
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱذْكُرُوا۟ نِعْمَتَ ٱللَّهِ عَلَيْكُمْ ۚ هَلْ مِنْ خَـٰلِقٍ غَيْرُ ٱللَّهِ يَرْزُقُكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلْأَرْضِ ۚ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ فَأَنَّىٰ تُؤْفَكُونَ ﴿٣﴾
فأ نى تؤفكون О, адамдар! Аллахтын силерге берген жакшылыктарын жүрөк, тил жана дене-мүчөңөр менен амал кылып эстегиле. Силерге асмандан жамгыр жаадырып, жерден мөмө-жемиш, эгин өстүрүп ырыскыберген, Андан бөлөк ибадатка татыктууболбогон Аллахтан башка жаратуучуңар барбы?Ушундан кийин кантип акыйкаттан жүз буруп, Аллахка жалаа жаап жатасыңар?! Ал силерди жаратып, ырыскыберип жатса, силер Анын шериги бар деп ойлоп жатасыңар?!
وَإِن يُكَذِّبُوكَ فَقَدْ كُذِّبَتْ رُسُلٌۭ مِّن قَبْلِكَ ۚ وَإِلَى ٱللَّهِ تُرْجَعُ ٱلْأُمُورُ ﴿٤﴾
Оо, пайгамбар! Эгерде элиң сени жалганга чыгарышса, сабыр кыл! Сен өз эли жалганга чыгарган биринчи пайгамбар эмессиң. Сенден мурунку Аад, Самуд жана Луттун эли сыяктуу коомдор да пайгамбарларын жалганга чыгарышкан. Бардык иштер жалгыз Аллахка гана кайтат. Жалганчылар акыры кыйрап жок болот, ал эми пайгамбарлар менен ыймандууларга жеңишти Аллах өзү берет.ق
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنَّ وَعْدَ ٱللَّهِ حَقٌّۭ ۖ فَلَا تَغُرَّنَّكُمُ ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَا ۖ وَلَا يَغُرَّنَّكُم بِٱللَّهِ ٱلْغَرُورُ ﴿٥﴾
Эй, адамдар! Кыямат күнү кайра тирилүү, сыйлык же жаза алуу сыяктуу Аллахтын силерге берген убадасы эч кандай шек-күмөнүжок чындык.Андыктан булкүнгө жакшылык иштерди кылууменен даярдануудан силерди бул дүйнө жыргалчылыктары жана ырахаттары азгырып койбосун. Ошондой эле шайтан силерге жалганды кооз көргөзүп,дүйнөгө берилтип азгырып койбосун. بلغ Куран · Тафсир و
إِنَّ ٱلشَّيْطَـٰنَ لَكُمْ عَدُوٌّۭ فَٱتَّخِذُوهُ عَدُوًّا ۚ إِنَّمَا يَدْعُوا۟ حِزْبَهُۥ لِيَكُونُوا۟ مِنْ أَصْحَـٰبِ ٱلسَّعِيرِ ﴿٦﴾
Эй, адамдар! Чындыгында шайтан силерге түбөлүк душман. Андыктан ага каршы күрөшүү менен аны душман туткула. Чындыгында шайтан өзүнө ээрчигендерди Аллахка каапырлык кылууга чакырып, алардын акыбети кыяматтагыжалындаган тозок болуусун каалайт
ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَهُمْ عَذَابٌۭ شَدِيدٌۭ ۖ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ لَهُم مَّغْفِرَةٌۭ وَأَجْرٌۭ كَبِيرٌ ﴿٧﴾
Шайтандыээрчип Аллахка каапырлык кылгандар үчүн катууазап бар.Ал эми Аллахка ыйман келтирип,жакшылык иштерди кылгандар үчүн алардын күнөөлөрүнө кечирим жана аларга бейишболгон улуусыйлык бар
أَفَمَن زُيِّنَ لَهُۥ سُوٓءُ عَمَلِهِۦ فَرَءَاهُ حَسَنًۭا ۖ فَإِنَّ ٱللَّهَ يُضِلُّ مَن يَشَآءُ وَيَهْدِى مَن يَشَآءُ ۖ فَلَا تَذْهَبْ نَفْسُكَ عَلَيْهِمْ حَسَرَٰتٍ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌۢ بِمَا يَصْنَعُونَ ﴿٨﴾
Шайтан анын кылган жаман ишин кооз көргөзүп, ал аны жакшы деп ойлогон адам, Аллах ага акыйкатты кооз көргөзүп, ал аны акыйкат деп ойлогон адам сыяктуу эмес. Чындыгында Аллах Өзү каалаганды адаштырат, Өзү каалаганды туура жолго салат. Аны эч ким мажбурлай албайт. Оо, пайгамбар! Адашкандардын адашканына кайгырып таптакыр эле чөгүп кетпе! Чындыгында Аллах таала алардын кылгандарын билет. Алардын иш- аракеттеринин эчбири Ага жашыруун эмес
وَٱللَّهُ ٱلَّذِىٓ أَرْسَلَ ٱلرِّيَـٰحَ فَتُثِيرُ سَحَابًۭا فَسُقْنَـٰهُ إِلَىٰ بَلَدٍۢ مَّيِّتٍۢ فَأَحْيَيْنَا بِهِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا ۚ كَذَٰلِكَ ٱلنُّشُورُ ﴿٩﴾
Аллах шамалды жиберди. Ал шамалдар болсо булуттарды кыймылга келтирди. Анан Биз ал булуттарды эч кандай өсүмдүк өспөгөн жерге айдап барып, анын суусу менен кургап калган жерди тирилтип өсүмдүктөрдү өстүрдүк. Биз бул өлүк жерден өсүмдүктөрдү өстүрүп тирилткенибиз сыяктуу кыяматта өлүктөр да ушинтип кайра тирилишет
مَن كَانَ يُرِيدُ ٱلْعِزَّةَ فَلِلَّهِ ٱلْعِزَّةُ جَمِيعًا ۚ إِلَيْهِ يَصْعَدُ ٱلْكَلِمُ ٱلطَّيِّبُ وَٱلْعَمَلُ ٱلصَّـٰلِحُ يَرْفَعُهُۥ ۚ وَٱلَّذِينَ يَمْكُرُونَ ٱلسَّيِّـَٔاتِ لَهُمْ عَذَابٌۭ شَدِيدٌۭ ۖ وَمَكْرُ أُو۟لَـٰٓئِكَ هُوَ يَبُورُ ﴿١٠﴾
Кимде-ким бул дүйнө менен акыреттеги кадыр-баркты кааласа, анда аны Аллахтан гана сурасын. Эки дүйнөдөгү кадыр-барк жалгыз Ага гана таандык. Жакшы эскерүүлөр Анын Өзүнө гана көтөрүлөт. Пенделердин жакшылык иштери, да Ага гана көтөрүлөт. Ал эми пайгамбарды өлтүрүүгө болгон аракеттер сыяктуу жаман айла-амал кылгандар үчүн катууазап бар.Ал каапырлардын айлакерлиги жоккочыгат жана бузулат,алардын эчбир максаты ишке ашпайт
وَٱللَّهُ خَلَقَكُم مِّن تُرَابٍۢ ثُمَّ مِن نُّطْفَةٍۢ ثُمَّ جَعَلَكُمْ أَزْوَٰجًۭا ۚ وَمَا تَحْمِلُ مِنْ أُنثَىٰ وَلَا تَضَعُ إِلَّا بِعِلْمِهِۦ ۚ وَمَا يُعَمَّرُ مِن مُّعَمَّرٍۢ وَلَا يُنقَصُ مِنْ عُمُرِهِۦٓ إِلَّا فِى كِتَـٰبٍ ۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٌۭ ﴿١١﴾
Аллах силердин түпкү атаңар Адамды топурактан жаратты, кийин силерди бел суудан жаратты, анан силерди бири-бириңерге жуп болгон эркектер жана аялдар кылды.Кайсыаялдын боюнда болбосун же баласын төрөбөсүн, ал Анын илими менен гана болот. Алардын эч бири Андан жашырылып калбайт. Ал жараткандардын кимисинин өмүрү узарбасын же кемибесин, ал нерсе Сакталган Тактада (Лаухуль Махфуз) жазылган. Чындыгында силердин بلغ Куран · Тафсир топурактан жаралышыңар,баскыч-баскычболуп жаралууңар жана Сакталган Тактада өмүрлөрүңөрдүн жазылуусу сыяктууي булайтылган нерселер Аллахүчүн жеңил
وَمَا يَسْتَوِى ٱلْبَحْرَانِ هَـٰذَا عَذْبٌۭ فُرَاتٌۭ سَآئِغٌۭ شَرَابُهُۥ وَهَـٰذَا مِلْحٌ أُجَاجٌۭ ۖ وَمِن كُلٍّۢ تَأْكُلُونَ لَحْمًۭا طَرِيًّۭا وَتَسْتَخْرِجُونَ حِلْيَةًۭ تَلْبَسُونَهَا ۖ وَتَرَى ٱلْفُلْكَ فِيهِ مَوَاخِرَ لِتَبْتَغُوا۟ مِن فَضْلِهِۦ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ ﴿١٢﴾
Эки деңиз бирдей эмес, алардын бирөөсү тузсуз таза суу, ал тузсуз болгону үчүн аны ичүү жеңил, ал эми экинчиси өтө туздуу болгону үчүн аны ичүү мүмкүн эмес. Силер бул айтылган эки деңиздин ар биринен жумшак эттүү балыктардыжейсиңер жана алардан берметтерди, маржандардыкооздукка тагыныш үчүн чыгарып аласыңар. Эй, назар салуучу! Силер соода-сатык аркылуу Аллахтын жакшылыктарын издеп, деңизди жарып алдыга да, артка да сүзгөн кемелерди көрөсүңөр.م Балким силерل Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кыларсыңар
يُولِجُ ٱلَّيْلَ فِى ٱلنَّهَارِ وَيُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِى ٱلَّيْلِ وَسَخَّرَ ٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ كُلٌّۭ يَجْرِى لِأَجَلٍۢ مُّسَمًّۭى ۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمْ لَهُ ٱلْمُلْكُ ۚ وَٱلَّذِينَ تَدْعُونَ مِن دُونِهِۦ مَا يَمْلِكُونَ مِن قِطْمِيرٍ ﴿١٣﴾
Аллах түндү күздүзгө киргизип аныузартат жана күндүздү түнгө киргизип аныузартат. Ошондой эле Ал Күн менен Айды моюн сундурду. Алардын ар бири Аллах билген белгилүү бир мөөнөткө чейин жүрүшөт. Ал кыямат күн. Мына ошолордун баарысын силердин Раббиңер Аллах өлчөп белгилейт жана жүргүзөт. Бийлик Ага гана таандык. Андан башка силер сыйынып жаткан кудайлар данектин кабыгындай нерсеге да ээлик кылышпайт,анан Менден башка аларга кантип сыйынып жатасыңар?!
إِن تَدْعُوهُمْ لَا يَسْمَعُوا۟ دُعَآءَكُمْ وَلَوْ سَمِعُوا۟ مَا ٱسْتَجَابُوا۟ لَكُمْ ۖ وَيَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ يَكْفُرُونَ بِشِرْكِكُمْ ۚ وَلَا يُنَبِّئُكَ مِثْلُ خَبِيرٍۢ ﴿١٤﴾
خبير Эгерде силер кудайларыңарга дуба кылсаңар, алар дубаңарды угушпайт. Алар эч нерсени укпаган жансыз заттар. Эгер алар силердин дубаңардыугушат дей турган болсок, алар силерге жооп бере алышпайт. Алар кыямат күнү силердин ширктериңерден жана сыйынганыңардан баш тартышат. Оо, пайгамбар! Сага Аллахтан башка эч ким чындык кабарды айтпайт
۞ يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ أَنتُمُ ٱلْفُقَرَآءُ إِلَى ٱللَّهِ ۖ وَٱللَّهُ هُوَ ٱلْغَنِىُّ ٱلْحَمِيدُ ﴿١٥﴾
Эй, адамдар! Силер бардык иштериңерде, бүткүл абалдарыңарда Аллахка муктажсыңар. Ал эми Аллах эч бир нерседе силерге муктаж эмес. Ал бул дүйнөдө жана акыретте пенделерине тагдыр кылган нерседе мактоого татыктуу. إن يشأ يذهبكم ويأت بخلق جديد
إِن يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ وَيَأْتِ بِخَلْقٍۢ جَدِيدٍۢ ﴿١٦﴾
Эгерде Ал силерди кыйратып жок кылууну кааласа жок кылып коймок жана силердин ордуңарга Ага сыйынган, Ага эчнерсени шерик кылбаган башка жаңыадамдардыалып келип коймок
وَمَا ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ بِعَزِيزٍۢ ﴿١٧﴾
Силерди кыйратып жок кылуу жана ордуңарга жаңыадамдардыалып келүү Аллах үчүн оор эмес. بلغ Куран · Тафсир
وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌۭ وِزْرَ أُخْرَىٰ ۚ وَإِن تَدْعُ مُثْقَلَةٌ إِلَىٰ حِمْلِهَا لَا يُحْمَلْ مِنْهُ شَىْءٌۭ وَلَوْ كَانَ ذَا قُرْبَىٰٓ ۗ إِنَّمَا تُنذِرُ ٱلَّذِينَ يَخْشَوْنَ رَبَّهُم بِٱلْغَيْبِ وَأَقَامُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ ۚ وَمَن تَزَكَّىٰ فَإِنَّمَا يَتَزَكَّىٰ لِنَفْسِهِۦ ۚ وَإِلَى ٱللَّهِ ٱلْمَصِيرُ ﴿١٨﴾
ى ى Эч бир күнөөкөр башка күнөөкөрдүн күнөөлөрүн көтөрбөйт. Ар бир күнөөкөр өз күнөөсүн гана көтөрөт. Эгер оор күнөөлөрүбар адам алардын кээ бирлерин көтөрүшүүгө башкалардычакырса,анын күнөөлөрүнөн эчбири ага жүктөлбөйт, эгер ал чакырылган адам анын жакыны болсо дагы. Оо, пайгамбар! Чындыгында сен кайыптагы Раббисинен корккон, намазды толук түрдө аткарышкан адамдарды гана Аллахтын азабынан коркута аласың. Мына ошолор гана сенин коркутууңдан пайда алышат. Кимде-ким күнөөлөрдөн (алардын эң чоң ширк кылуу) тазаланган болсо, анда ал өзү үчүн гана тазаланган болот. Анткени мунун пайдасыанын өзүнө кайтат. Аллах анын моюн сунуусуна муктажэмес жана кыяматта сурак берүү, жаза же сыйлык алуу үчүн кайтуу Аллахка гана болот
وَمَا يَسْتَوِى ٱلْأَعْمَىٰ وَٱلْبَصِيرُ ﴿١٩﴾
Сокур менен көзү көргөн адам бирдей болбогону сыяктуу каапыр менен ыймандуунун даражаларыда бирдей эмес
وَلَا ٱلظُّلُمَـٰتُ وَلَا ٱلنُّورُ ﴿٢٠﴾
Караңгылыктар менен нур бирдей болбогонусыяктуукаапырлык менен ыйман да бирдей эмес
وَلَا ٱلظِّلُّ وَلَا ٱلْحَرُورُ ﴿٢١﴾
Көлөкө менен ысык шамалбирдей болбогонусыяктуубейиш менен тозоктун да таасирлери бирдей эмес
وَمَا يَسْتَوِى ٱلْأَحْيَآءُ وَلَا ٱلْأَمْوَٰتُ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُسْمِعُ مَن يَشَآءُ ۖ وَمَآ أَنتَ بِمُسْمِعٍۢ مَّن فِى ٱلْقُبُورِ ﴿٢٢﴾
Тирүүлөр менен өлүктөр бирдей эмес болгону сыяктуу ыймандуулар менен каапырлар да бирдей эмес. Чындыгында Аллах Өзү каалаганга туура жолду угузат. Эй, пайгамбар! Сен кабырлардагы өлүктөр сымал каапырларга угуза албайсың. إن أنت إلا نذير
إِنْ أَنتَ إِلَّا نَذِيرٌ ﴿٢٣﴾
Сен болгонуаларга Аллахтын азабын эскертүүчүсүң
إِنَّآ أَرْسَلْنَـٰكَ بِٱلْحَقِّ بَشِيرًۭا وَنَذِيرًۭا ۚ وَإِن مِّنْ أُمَّةٍ إِلَّا خَلَا فِيهَا نَذِيرٌۭ ﴿٢٤﴾
Оо, пайгамбар! Биз сени Аллах ыймандууларга даярдап койгон улуу соопторду сүйүнчүлөөчү жана каапырларга даярдап койгон кыйноочу азапты эскертүүчү кылып шек-күмөнсүз акыйкат менен жибердик. Мурунку коомдордун кимиси болбосун,аларга Аллахтараптан Анын азабынан эскертүүчүэлчи келген. بلغ Куран · Тафсир
وَإِن يُكَذِّبُوكَ فَقَدْ كَذَّبَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ جَآءَتْهُمْ رُسُلُهُم بِٱلْبَيِّنَـٰتِ وَبِٱلزُّبُرِ وَبِٱلْكِتَـٰبِ ٱلْمُنِيرِ ﴿٢٥﴾
Оо, пайгамбар! Эгерде элиң сени жалганга чыгарган болсо, анда сен коому жалганга чыгарган биринчи пайгамбар эмессиң. Аад, Самуд, Луттун эли сыяктуу мурунку коомдор да пайгамбарларын жалганга чыгарышкан. Аларга пайгамбарлары Аллах тараптан алардын чынчылдыгын билдирген ачык-айкын далилдерди алып келишкен, пайгамбарларыбаракчалардыжана ой жүгүрткөндөргө нурдууКитепти алып келишкен эле
ثُمَّ أَخَذْتُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ ۖ فَكَيْفَ كَانَ نَكِيرِ ﴿٢٦﴾
Бирок алар ага карабастан Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылышты, Ал тараптан алып келишкен нерселерге ишенишпеди. Ошондо Мен каапырлык кылгандарды жок кылдым. Оо, пайгамбар! Мен аларды жок кылып четке какканым кандай болгонун карачы!
أَلَمْ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَأَخْرَجْنَا بِهِۦ ثَمَرَٰتٍۢ مُّخْتَلِفًا أَلْوَٰنُهَا ۚ وَمِنَ ٱلْجِبَالِ جُدَدٌۢ بِيضٌۭ وَحُمْرٌۭ مُّخْتَلِفٌ أَلْوَٰنُهَا وَغَرَابِيبُ سُودٌۭ ﴿٢٧﴾
ألونها وغرابيب سود Оо, пайгамбар! Көрбөдүңбү, Аллах асмандан жамгырдын суусун түшүрдү. Анан Биз ал суунун жардамы менен дарактарды сугаргандан кийин кызыл, жашыл, сары жана башка түркүн түстөгү мөмө-жемиштерди чыгардык. Тоолордун арасында ак жолдор, кызыл жолдор жана капкара жолдор бар
وَمِنَ ٱلنَّاسِ وَٱلدَّوَآبِّ وَٱلْأَنْعَـٰمِ مُخْتَلِفٌ أَلْوَٰنُهُۥ كَذَٰلِكَ ۗ إِنَّمَا يَخْشَى ٱللَّهَ مِنْ عِبَادِهِ ٱلْعُلَمَـٰٓؤُا۟ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ غَفُورٌ ﴿٢٨﴾
Ошондой эле адамдар, айбанаттар жана үй жаныбарлары (төө, уй, кой) да жогоруда айтылгандай ар түрдүү өң- түстөрдө болушат. Чындыгында илимдүүлөр гана Аллахтын ордун улукташат жана Андан коркушат. Анткени алар Анын сыпаттарын, шариятын жана кудуретинин белгилерин билишет. Чындыгында Аллах эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, пенделеринен тообо кылгандарынынر күнөөлөрүн Кечирүүчү
إِنَّ ٱلَّذِينَ يَتْلُونَ كِتَـٰبَ ٱللَّهِ وَأَقَامُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَأَنفَقُوا۟ مِمَّا رَزَقْنَـٰهُمْ سِرًّۭا وَعَلَانِيَةًۭ يَرْجُونَ تِجَـٰرَةًۭ لَّن تَبُورَ ﴿٢٩﴾
Чындыгында Биз пайгамбарыбызга түшүргөн Аллахтын Китебин окугандар, андагыны иш жүзүндө аткаргандар, намаздытолук түрдө окугандар, Биз ырыскыкылып берген нерселерден ачык жана жашыруун түрдө зекет ж.б. бергендер булкылган иш-аракеттери үчүн Аллахтын алдында зыянга учурабаган сооданыүмүт кылышат
لِيُوَفِّيَهُمْ أُجُورَهُمْ وَيَزِيدَهُم مِّن فَضْلِهِۦٓ ۚ إِنَّهُۥ غَفُورٌۭ شَكُورٌۭ ﴿٣٠﴾
Аллах алардын иш-аракеттеринин соопторун толук бериш үчүн жана аларга Өз жакшылыгын көбөйтүш үчүн. Анткени Ал буга татыктуу. Чындыгында Аллах мына ушул сыпаттарга ээ адамдардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, алардын жакшылык иштерине Ыраазыболуучу
وَٱلَّذِىٓ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ مِنَ ٱلْكِتَـٰبِ هُوَ ٱلْحَقُّ مُصَدِّقًۭا لِّمَا بَيْنَ يَدَيْهِ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ بِعِبَادِهِۦ لَخَبِيرٌۢ بَصِيرٌۭ ﴿٣١﴾
Оо, пайгамбар! Биз сага вахий кылган китеп эч кандай шек-күмөнү жок чындык. Аллах аны мурунку китептерди тастыстап түшүргөн. Чындыгында Аллах пенделеринен Кабардар, аларды Көрүүчү. Ал бардык коомдордун بلغ Куран · Тафсир пайгамбарларына өз заманына жараша зарылдуу нерселерди вахий кылып турган
ثُمَّ أَوْرَثْنَا ٱلْكِتَـٰبَ ٱلَّذِينَ ٱصْطَفَيْنَا مِنْ عِبَادِنَا ۖ فَمِنْهُمْ ظَالِمٌۭ لِّنَفْسِهِۦ وَمِنْهُم مُّقْتَصِدٌۭ وَمِنْهُمْ سَابِقٌۢ بِٱلْخَيْرَٰتِ بِإِذْنِ ٱللَّهِ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلْفَضْلُ ٱلْكَبِيرُ ﴿٣٢﴾
Кийин Биз башка үммөттөрдөн артык кылып тандап алган Мухаммаддын үммөтүнө Курандыбердик. Алардын арасында арам иштерди кылып,парздардыташтап өзүнө зулум кылгандарыбар,ошондой эле алардын арасында парздарды аткарып, арам иштерди таштоо менен бирге кээ бир мустахабдарды таштаган жана кээ бир макрухтардыкылган орточолору бар. Ошондой эле алардын арасында Аллахтын уруксатыменен жакшылыктарда жарышкандар бар. Бул нерсе парз жана мустахаб иштерди аткаруу, арам жана макрух иштерди таштоо менен болот. Бул үммөттү тандоо жана ага Куранды берүү тууралуу айтылган бул нерселер артыкчылыкта ага эч бир нерсе келбеген улуу жакшылык
جَنَّـٰتُ عَدْنٍۢ يَدْخُلُونَهَا يُحَلَّوْنَ فِيهَا مِنْ أَسَاوِرَ مِن ذَهَبٍۢ وَلُؤْلُؤًۭا ۖ وَلِبَاسُهُمْ فِيهَا حَرِيرٌۭ ﴿٣٣﴾
Ал тандалгандар кире турган түбөлүктүү бейиш. Алар ал жайда берметтерди, алтын билериктерди тагынып жүрүшөт жана алардын кийимдери жибектен болот
وَقَالُوا۟ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ ٱلَّذِىٓ أَذْهَبَ عَنَّا ٱلْحَزَنَ ۖ إِنَّ رَبَّنَا لَغَفُورٌۭ شَكُورٌ ﴿٣٤﴾
Алар бейишке киргенден кийин айтышат: «Биз тозокко кирүүдөн коркконубуз себептүү бизден кайгы-капаны жок кылып койгон Аллахка мактоолор болсун! Чындыгында Раббибиз пенделеринен тообокылгандардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, алардын моюн сунгандарына Ыраазыболуучу
ٱلَّذِىٓ أَحَلَّنَا دَارَ ٱلْمُقَامَةِ مِن فَضْلِهِۦ لَا يَمَسُّنَا فِيهَا نَصَبٌۭ وَلَا يَمَسُّنَا فِيهَا لُغُوبٌۭ ﴿٣٥﴾
Ал бизди Өз жакшылыгы менен жайгашкандан кийин көчүп кетүү болбогон түбөлүктүү бейишке киргизди. Бул биздин күч-кудуретибиз менен болгон жок. Биз бул жайда чарчоогожана кыйынчылыкка кабылбайбыз
وَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَهُمْ نَارُ جَهَنَّمَ لَا يُقْضَىٰ عَلَيْهِمْ فَيَمُوتُوا۟ وَلَا يُخَفَّفُ عَنْهُم مِّنْ عَذَابِهَا ۚ كَذَٰلِكَ نَجْزِى كُلَّ كَفُورٍۢ ﴿٣٦﴾
Алэми Аллахка каапырлык кылгандар тозок отунда түбөлүк калышат.Алар өлүп кала турганчалык жана азаптан эс ала турганчалык өлүм менен алардын жаны кыйылбайт. Аларга эч бир тозок азабы жеңилдетилбейт. Биз Раббисинин жакшылыктарын четке каккан ар бир адамдымына ушундай жаза менен жазалайбыз
وَهُمْ يَصْطَرِخُونَ فِيهَا رَبَّنَآ أَخْرِجْنَا نَعْمَلْ صَـٰلِحًا غَيْرَ ٱلَّذِى كُنَّا نَعْمَلُ ۚ أَوَلَمْ نُعَمِّرْكُم مَّا يَتَذَكَّرُ فِيهِ مَن تَذَكَّرَ وَجَآءَكُمُ ٱلنَّذِيرُ ۖ فَذُوقُوا۟ فَمَا لِلظَّـٰلِمِينَ مِن نَّصِيرٍ ﴿٣٧﴾
Алар ал жакта болгон үндөрү менен жардам сурап кыйкырышып: «Раббибиз! Бизди тозоктон чыгара көр, биз Сенин ыраазылыгыңды алып, азабыңдан кутулуш үчүн дүйнөдө кылган иштерибизден башкача жакшылык иштерди кылабыз» – деп айтышат. Аллах аларга жооп кылып айтат: «Биз силерди эсине келүүнү каалаган адам эсине келип, Аллахка тообо кылып жана жакшылык иштерди кылганчалык өмүр берип жашатпадыкпы?! Силерге Аллахтын азабынан эскертүүчүпайгамбар да келген!Силердин эчкандай далилиңер жок,ушунун баарынан кийин بلغ Куран · Тафсир кечирим да жок.Андыктан тозоктун азабын тарткыла.Каапырлык жана күнөө кылып өздөрүнө зулум кылгандар үчүн алардыАллахтын азабынан куткарган же аныалардан жеңилдеткен эчкандай жардамчыжок»
إِنَّ ٱللَّهَ عَـٰلِمُ غَيْبِ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ إِنَّهُۥ عَلِيمٌۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ ﴿٣٨﴾
Чындыгында Аллах асмандар менен Жердеги кайыпты Билүүчү. Ал анын эч бирин өткөрүп жибербейт. Чындыгында Ал пенделери көкүрөктөрүндө жашырган жакшылыктыжана жамандыктыБилүүчү
هُوَ ٱلَّذِى جَعَلَكُمْ خَلَـٰٓئِفَ فِى ٱلْأَرْضِ ۚ فَمَن كَفَرَ فَعَلَيْهِ كُفْرُهُۥ ۖ وَلَا يَزِيدُ ٱلْكَـٰفِرِينَ كُفْرُهُمْ عِندَ رَبِّهِمْ إِلَّا مَقْتًۭا ۖ وَلَا يَزِيدُ ٱلْكَـٰفِرِينَ كُفْرُهُمْ إِلَّا خَسَارًۭا ﴿٣٩﴾
Эй, адамдар! Ал силерди иш жүзүндө сынаш үчүн жер бетинде бири-бириңерге орун басар кылды. Кимде-ким Аллахка жана пайгамбарлар алып келген нерсеге каапырлык кылса, анда анын каапырлыгынын күнөөсү өзүнө кайтат, анын каапырлыгыРаббисине зыян бербейт. Каапырлардын каапырлыгыРаббисинин алдында ашыкча жек көрүүнү көбөйткөндөн көбөйтө берет жана каапырлардын каапырлыгы зыянга учуроону да көбөйтөт. Эгер алар ыйман келтиришкенде Аллахалар үчүн бейиште даярдап койгон нерселерде зыян тартышмак эмес
قُلْ أَرَءَيْتُمْ شُرَكَآءَكُمُ ٱلَّذِينَ تَدْعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَرُونِى مَاذَا خَلَقُوا۟ مِنَ ٱلْأَرْضِ أَمْ لَهُمْ شِرْكٌۭ فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ أَمْ ءَاتَيْنَـٰهُمْ كِتَـٰبًۭا فَهُمْ عَلَىٰ بَيِّنَتٍۢ مِّنْهُ ۚ بَلْ إِن يَعِدُ ٱلظَّـٰلِمُونَ بَعْضُهُم بَعْضًا إِلَّا غُرُورًا ﴿٤٠﴾
ى Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Мага айткылачы, силер Аллахтан башка сыйынган кудайларыңар Жер бетинде эмнени жаратты? Тоолорду жараттыбы? Дарыяларды жараттыбы? Жан-жаныбарларды жараттыбы? Же алар асмандарды жаратууда Аллах менен шериктешпи?». Же Биз аларга кудайларына сыйынуу туура деген далилдерди камтыган китеп бериптирбизби? Алардын эч бири болгон эмес! Тескерисинче каапырлык жана күнөөлөрдүкылып өздөрүнө зулум кылгандардын бири-бирине кылган убадасыалдоогана
۞ إِنَّ ٱللَّهَ يُمْسِكُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ أَن تَزُولَا ۚ وَلَئِن زَالَتَآ إِنْ أَمْسَكَهُمَا مِنْ أَحَدٍۢ مِّنۢ بَعْدِهِۦٓ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ حَلِيمًا غَفُورًۭا ﴿٤١﴾
غفورا Чындыгында Аллахасмандар менен Жерди жок болуп кетүүдөн сактап кармап турат.Эгерде алэкөөсүжок болуп кетсин дей турган болсок,анда Аллахтан кийин аныжок болуп кетүүдөн эчким кармап кала албайт.Чындыгында Ал жазалоого шашылбаган Токтоо, пенделеринен тообо кылгандардын күнөөлөрүн Кечирүүчү
وَأَقْسَمُوا۟ بِٱللَّهِ جَهْدَ أَيْمَـٰنِهِمْ لَئِن جَآءَهُمْ نَذِيرٌۭ لَّيَكُونُنَّ أَهْدَىٰ مِنْ إِحْدَى ٱلْأُمَمِ ۖ فَلَمَّا جَآءَهُمْ نَذِيرٌۭ مَّا زَادَهُمْ إِلَّا نُفُورًا ﴿٤٢﴾
نفورا Ал жалганчы каапырлар эгер аларга Аллах тараптан Анын азабын эскерткен пайгамбар келсе, анда акыйкатка түздөнүүдө жана аны карманууда жөөттөрдөн да, христиандардан да ашып түшөбүз деп катуу ант беришкен. Ал эми качан Мухаммад аларга Раббиси тараптан пайгамбар болуп келип,алардыАллахтын азабынан коркутканда, анын келиши алардыакыйкаттан алыстатып, жалгандыкарманууларын күчөттү. Алар мурункулардан да түз жолдо болобуз деп берген бекем анттарын аткарышкан жок. بلغ Куран · Тафсир
ٱسْتِكْبَارًۭا فِى ٱلْأَرْضِ وَمَكْرَ ٱلسَّيِّئِ ۚ وَلَا يَحِيقُ ٱلْمَكْرُ ٱلسَّيِّئُ إِلَّا بِأَهْلِهِۦ ۚ فَهَلْ يَنظُرُونَ إِلَّا سُنَّتَ ٱلْأَوَّلِينَ ۚ فَلَن تَجِدَ لِسُنَّتِ ٱللَّهِ تَبْدِيلًۭا ۖ وَلَن تَجِدَ لِسُنَّتِ ٱللَّهِ تَحْوِيلًا ﴿٤٣﴾
Алардын Аллахтын атыменен ант беришкени жакшыниетте жана туура максатта болгон эмес. Тескерисинче Жер бетинде текеберлик кылуу жана адамдарды алдоо үчүн болгон. Бузуку айла-амал айлакерлердин өздөрүн курчап алат. Ал текебер айлакерлер аларга окшогон мурункуларды жок кылгандай аларды да жок кылган Аллахтын өзгөрбөс өкүм жолун күтүп жатышабы?! Сен тебекерлерди жок кылууда Аллахтын өкүм жолу аларга келбей тургандай кылып аны өзгөрткөн же алардан башкаларга буруп жибере тургандай нерсени эч качан таба албайсың.Анткени Аллахтын өкүм жолуөзгөрбөйт
أَوَلَمْ يَسِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَيَنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَكَانُوٓا۟ أَشَدَّ مِنْهُمْ قُوَّةًۭ ۚ وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيُعْجِزَهُۥ مِن شَىْءٍۢ فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَلَا فِى ٱلْأَرْضِ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَلِيمًۭا قَدِيرًۭا ﴿٤٤﴾
Курайштагы сени жалганга чыгаргандар жер бетин кезип, алардан мурунку жалганчы коомдордун акыбети кандай болгонун көрүшпөйбү?Алардын акыбети жамандык менен бүттү, анткени Аллахалардыжок кылды. Алар курайштан да күч-кубаттууэле.Аллахасмандар менен Жердеги эчбир нерсени өткөрүп жибербейт.Чындыгында Алжалганчылардын иш-аракеттерин Билүүчү,алардын иш-аракеттеринин эчбирин өткөрүп жибербейт.Алкачан кааласа алардыمкыйратууга Кудуреттүү
وَلَوْ يُؤَاخِذُ ٱللَّهُ ٱلنَّاسَ بِمَا كَسَبُوا۟ مَا تَرَكَ عَلَىٰ ظَهْرِهَا مِن دَآبَّةٍۢ وَلَـٰكِن يُؤَخِّرُهُمْ إِلَىٰٓ أَجَلٍۢ مُّسَمًّۭى ۖ فَإِذَا جَآءَ أَجَلُهُمْ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِعِبَادِهِۦ بَصِيرًۢا ﴿٤٥﴾
Эгерде Аллах адамдарды кылган күнөөлөрү жана кылмыштары үчүн жазасын тездете турган болсо, анда жер бетиндеги адамдардын баарысы байлыктары жана мал-жандыктары менен кошо ошол замат кыйроого учурашмак. Бирок Аллах аларды Өз илиминде мөөнөтү белгиленген кыямат күнүнө чейин кечиктирет. Ал эми кыямат күнү келгенде, албетте Аллах пенделерин Көрүүчү, алардын эч бир нерсеси Ага жашыруун эмес. Ошондо аларга иш-аракеттери үчүн сыйлыгын же жазасын берет, жакшыболсожакшы, жаман болсожаман болот. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран