صٓ ۚ وَٱلْقُرْءَانِ ذِى ٱلذِّكْرِ ﴿١﴾
Сод. Ушул сыяктуу бириндеген тамгалар тууралуу бакара сүрөөсүнүн башында келген. Адамдарга дүйнөдө жана акыретте пайда берген эскертмелерди өзүнө камтыган Куран менен ант берилди.Булнерсе мушриктердин Аллах менен катар шериктери бар деп ойлошконундай эмес
بَلِ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ فِى عِزَّةٍۢ وَشِقَاقٍۢ ﴿٢﴾
Бирок каапырлар Аллахты жалгыздоодон бой көтөрүп текеберленишти жана Мухаммадга каршы чыгып душмандык кылышты. كم أهلكنا من قبلهم من قرن فنادواولات حين مناص
كَمْ أَهْلَكْنَا مِن قَبْلِهِم مِّن قَرْنٍۢ فَنَادَوا۟ وَّلَاتَ حِينَ مَنَاصٍۢ ﴿٣﴾
Биз алардан мурун пайгамбарларын жалганга чыгарган канчалаган муундардыжок кылдык.Аларга азап түшкөн кезде алар жардам сурап жалбарышты. Бирок ал учур – жалбаргандарыпайда берип, азаптан куткара турган учур эмес болчу
وَعَجِبُوٓا۟ أَن جَآءَهُم مُّنذِرٌۭ مِّنْهُمْ ۖ وَقَالَ ٱلْكَـٰفِرُونَ هَـٰذَا سَـٰحِرٌۭ كَذَّابٌ ﴿٤﴾
Аларга өздөрүнөн болгон пайгамбар келип Аллахтын азабынан коркуткан кезде алар таң калышты. Алар каапырлыктан да кайтышкан жок. Качан каапырлар Мухаммад алып келген нерсенин чындык экендигине далилдерди көрүшкөндө мындай дешти: «Бул киши адамдарды сыйкырлаган сыйкырчы, Аллах тараптан вахий түшкөн пайгамбармын деп айтып сөзүжалган
أَجَعَلَ ٱلْـَٔالِهَةَ إِلَـٰهًۭا وَٰحِدًا ۖ إِنَّ هَـٰذَا لَشَىْءٌ عُجَابٌۭ ﴿٥﴾
Бул киши Андан башка кудай жок деп көп кудайларды бир кудай кылганы турабы? Чындыгында мунун кылганы өтө таң калыштуу»
وَٱنطَلَقَ ٱلْمَلَأُ مِنْهُمْ أَنِ ٱمْشُوا۟ وَٱصْبِرُوا۟ عَلَىٰٓ ءَالِهَتِكُمْ ۖ إِنَّ هَـٰذَا لَشَىْءٌۭ يُرَادُ ﴿٦﴾
Алардын кадырмандары жана башчылары кетип баратканда аларды ээрчигендерге мындай деди: «Бараткан жолуңардан тайбагыла! Мухаммаддын динине кирбегиле! Кудайларыңарга сыйынуу жолунда бекем болгула! Чындыгында Мухаммаддын силерди бир кудайга сыйынууга чакырганынын артында көздөгөн бир нерсеси бар,ал мунуменен бизге үстөмдүк кылып,бизди ээрчитүүнүкаалап жатат
مَا سَمِعْنَا بِهَـٰذَا فِى ٱلْمِلَّةِ ٱلْـَٔاخِرَةِ إِنْ هَـٰذَآ إِلَّا ٱخْتِلَـٰقٌ ﴿٧﴾
Мухаммад бизди үгүттөп жаткан жалгыз кудайга сыйынуутууралууата-бабаларыбыздан жана Исанын дининен да уккан эмеспиз.Биз андан уккан нерсе анык эле калп жана жалаа. بلغ Куран · Тафсир
أَءُنزِلَ عَلَيْهِ ٱلذِّكْرُ مِنۢ بَيْنِنَا ۚ بَلْ هُمْ فِى شَكٍّۢ مِّن ذِكْرِى ۖ بَل لَّمَّا يَذُوقُوا۟ عَذَابِ ﴿٨﴾
Куран бизге окшогон башчыларга түшпөстөн, арабыздан ушуга гана түшкөнү туурабы? Жок! Ал мушриктер сага түшкөн вахийге шектенүүдө. Алар Аллахтын азабын татпаганы үчүн аларга берилген мөөнөткө азгырылып жатышат. Эгер алар азапты татышканда каапырлыкка, Аллахка ширк кылууга жана сага түшкөн вахийге бет алышпайт болчу
أَمْ عِندَهُمْ خَزَآئِنُ رَحْمَةِ رَبِّكَ ٱلْعَزِيزِ ٱلْوَهَّابِ ﴿٩﴾
Же Өзү каалаган адамга каалаганын берген жана эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү Раббиңдин жакшылыктар казынасы мына ошол мушриктерде бекен? Пайгамбарлык да Анын жакшылыктар казынасынан. Ал аны каалаган адамга берет. Алар аныкаалаганына берип, каалаганынан тыя тургандай ал алардын колунда эмес
أَمْ لَهُم مُّلْكُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا ۖ فَلْيَرْتَقُوا۟ فِى ٱلْأَسْبَـٰبِ ﴿١٠﴾
Же алар бергенге жана тыйганга акысы болгудай асмандар менен жердин мүлкү жана ал экөөсүнүн ортосундагы мүлк алардын колунда бекен? Эгерде алардын ойлору ушундай болсо, анда өздөрү каалаганга берип же тыйып коюу өкүмүн колдоруна алыш үчүн асманга жетүүнүн себептерин кылышсын. Бирок алар эч качан мындай кыла алышпайт
جُندٌۭ مَّا هُنَالِكَ مَهْزُومٌۭ مِّنَ ٱلْأَحْزَابِ ﴿١١﴾
Мухаммадды жалганга чыгаргандар – пайгамбарларын жалганга чыгарган мурунку аскерлер сыяктуу жеңилген аскерлер
كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍۢ وَعَادٌۭ وَفِرْعَوْنُ ذُو ٱلْأَوْتَادِ ﴿١٢﴾
Алар биринчи болуп жалганга чыгаргандар эмес. Аларга чейин Нухтун коому жалганга чыгарган, Аад жалганга чыгарган жана адамдар азапталуучуустундардын ээси Фараон да жалганга чыгарган
وَثَمُودُ وَقَوْمُ لُوطٍۢ وَأَصْحَـٰبُ لْـَٔيْكَةِ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلْأَحْزَابُ ﴿١٣﴾
Самуд жалганга чыгарды, Луттун коому жалганга чыгарды, Шуайбдын коому жалганга чыгарды. Мына ошолор пайгамбарларын жалганга чыгарууга жана алар алып келген нерсеге каапырлык кылууга уюшкан топтор
إِن كُلٌّ إِلَّا كَذَّبَ ٱلرُّسُلَ فَحَقَّ عِقَابِ ﴿١٤﴾
Бул топтордун бири да калбай пайгамбарларды жалганга чыгарышты, анан аларга белгилүү бир убакка чейин кечиксе да Аллахтын азабытүшөрү анык болду жана аларга Анын жазасыкелди. بلغ Куран · Тафсир
وَمَا يَنظُرُ هَـٰٓؤُلَآءِ إِلَّا صَيْحَةًۭ وَٰحِدَةًۭ مَّا لَهَا مِن فَوَاقٍۢ ﴿١٥﴾
Мухаммаддыжалганга чыгаргандар кайтаруу мүмкүн эмес болгон сур кернейинин эки жолу тартылышын күтүп жатышат. Эгер алар аныжалганга чыгарган абалда өлүшсө, аларга азап түшөт
وَقَالُوا۟ رَبَّنَا عَجِّل لَّنَا قِطَّنَا قَبْلَ يَوْمِ ٱلْحِسَابِ ﴿١٦﴾
Алар шылдыңдап айтышты: «Оо, Раббибиз! Кыямат күнгө чейин эле бул дүйнө жашоосундагы азап энчибизди эртеле көр»
ٱصْبِرْ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَٱذْكُرْ عَبْدَنَا دَاوُۥدَ ذَا ٱلْأَيْدِ ۖ إِنَّهُۥٓ أَوَّابٌ ﴿١٧﴾
Оо, пайгамбар! Ал жалганчылардын сага жакпаган сөздөрүнө сабыр кыл. Душмандарына каршы турууда кубаттуу жана Аллахка ибадат кылууда сабырдуу пендебиз Даудду эсте. Чындыгында ал Аллахка көп тообо кылып кайткан жана Ал ыраазыболгон иштердин кылган пенде эле
إِنَّا سَخَّرْنَا ٱلْجِبَالَ مَعَهُۥ يُسَبِّحْنَ بِٱلْعَشِىِّ وَٱلْإِشْرَاقِ ﴿١٨﴾
Биз ага кечке маал жана таңга маал аныменен кошоل Аллахтыаруулаган тоолорду моюн сундурдук
وَٱلطَّيْرَ مَحْشُورَةًۭ ۖ كُلٌّۭ لَّهُۥٓ أَوَّابٌۭ ﴿١٩﴾
Жана абада калкып турган канаттууларды ага моюн сундурдук. Алардын баарысы анын артынан кошо аруулашып моюн сунушат
وَشَدَدْنَا مُلْكَهُۥ وَءَاتَيْنَـٰهُ ٱلْحِكْمَةَ وَفَصْلَ ٱلْخِطَابِ ﴿٢٠﴾
Жана Биз аны айбаттуулук, күч-кудурет жана душмандарынын үстүнөн жеңишке жеткирген бийлик менен кубаттадык. Биз ага пайгамбарлыкты жана иш-аракеттердеги тууралыкты бердик. Ошондой эле Биз ага ар бир көздөгөн нерсесинде жеткиликтүү баяндоону, сөзүндө жана өкүм кылууда калыстыктыбердик
۞ وَهَلْ أَتَىٰكَ نَبَؤُا۟ ٱلْخَصْمِ إِذْ تَسَوَّرُوا۟ ٱلْمِحْرَابَ ﴿٢١﴾
Оо, пайгамбар! Сага талашып-тартышкан эки адамдын кабарыкелдиби? Биз кезде алар Дауддун ибадатканасына ашып түшүштү
إِذْ دَخَلُوا۟ عَلَىٰ دَاوُۥدَ فَفَزِعَ مِنْهُمْ ۖ قَالُوا۟ لَا تَخَفْ ۖ خَصْمَانِ بَغَىٰ بَعْضُنَا عَلَىٰ بَعْضٍۢ فَٱحْكُم بَيْنَنَا بِٱلْحَقِّ وَلَا تُشْطِطْ وَٱهْدِنَآ إِلَىٰ سَوَآءِ ٱلصِّرَٰطِ ﴿٢٢﴾
Алар Дауддун үстүнө күтүүсүз кирип барышты. Ал алардын адаттан тыш мындай жолдо капыстан кирип келгенинен чоочуп кетти.Качан алар анын коркуп кеткенин билишкенде ага:«Коркпо!Биз экөөбүздүн ортобузда талаш жаралып, экөөбүздүн бирибиз зулумдук кылды. Биздин ортобузда адилеттик менен өкүм чыгарып бер. Өкүм кылганда бизге зулумдук кылба. Жана бизге туура жолгокарай туура багыт көргөз». بلغ Куран · Тафсир
إِنَّ هَـٰذَآ أَخِى لَهُۥ تِسْعٌۭ وَتِسْعُونَ نَعْجَةًۭ وَلِىَ نَعْجَةٌۭ وَٰحِدَةٌۭ فَقَالَ أَكْفِلْنِيهَا وَعَزَّنِى فِى ٱلْخِطَابِ ﴿٢٣﴾
Талашкандардын бирөөсү Даудга айтты: «Бул киши диндеш бир тууганым. Мунун токсон тогуз кою бар. А меники бирөө эле.Анан булменден «мунуда мага бер»деп талап кылып,мени сөздөн жеңип алды»
قَالَ لَقَدْ ظَلَمَكَ بِسُؤَالِ نَعْجَتِكَ إِلَىٰ نِعَاجِهِۦ ۖ وَإِنَّ كَثِيرًۭا مِّنَ ٱلْخُلَطَآءِ لَيَبْغِى بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ وَقَلِيلٌۭ مَّا هُمْ ۗ وَظَنَّ دَاوُۥدُ أَنَّمَا فَتَنَّـٰهُ فَٱسْتَغْفَرَ رَبَّهُۥ وَخَرَّ رَاكِعًۭا وَأَنَابَ ۩ ﴿٢٤﴾
Дауд ал экөөнүн ортосунда өкүм кылып доогерге кайрылып мындай деди: «Сенин коюңду өзүнүн койлоруна кошуп алууну талап кылуу менен бул диндеш бир тууганың сага зулумдук кылыптыр. Чынында канча деген шериктер өз ара акысын бербей жана калыстык кылбай аша чабышат. Жакшылык иштерди кылган ыймандуулар гана шериктерине адил мамиле кылат, аларга зулум кылышпайт. Мындай сыпаттагылар өтө сейрек». Ошондо Дауд Биз аны бул талаш-тартыш аркылуу сынап жатканыбызды билип калып, Раббисинен кечирим сурады, Аллахка жакындаш үчүн сажда кылдыжана Ага тообокылды
فَغَفَرْنَا لَهُۥ ذَٰلِكَ ۖ وَإِنَّ لَهُۥ عِندَنَا لَزُلْفَىٰ وَحُسْنَ مَـَٔابٍۢ ﴿٢٥﴾
Ошондо Биз ага жооп берип, ал кылганын кечирдик. Чындыгында ал Биздин алдыбызда жакындардан эле жана ал үчүн акыретте жакшыакыбет бар
يَـٰدَاوُۥدُ إِنَّا جَعَلْنَـٰكَ خَلِيفَةًۭ فِى ٱلْأَرْضِ فَٱحْكُم بَيْنَ ٱلنَّاسِ بِٱلْحَقِّ وَلَا تَتَّبِعِ ٱلْهَوَىٰ فَيُضِلَّكَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ ۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَضِلُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ لَهُمْ عَذَابٌۭ شَدِيدٌۢ بِمَا نَسُوا۟ يَوْمَ ٱلْحِسَابِ ﴿٢٦﴾
Оо, Дауд! Биз сени жер бетинде диний жана дүйнөлүк өкүм-буйруктардыишке ашырууң үчүн орун басар кылдык. Эми сен адамдардын ортосунда адилеттик менен өкүм кыл. Адамдардын ортосунда өкүм кылууда напси каалооңоээрчибе! Туугандык же достук себептүү эки тараптын бир жагына тартпа же душмандык себептүү экинчи тарапка зыян бербе. Антсең сени напси каалооң Аллахтын туура жолунан адаштырып коёт. Чындыгында Аллахтын туура жолунан адашкандар сурак күнүн унутушканы себептүү аларга катуу азап болот. Эгерде алар аны эстешкенде жана андан коркушканда, анда напси каалоолоруна ээрчишпейт болчу
وَمَا خَلَقْنَا ٱلسَّمَآءَ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا بَـٰطِلًۭا ۚ ذَٰلِكَ ظَنُّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ ۚ فَوَيْلٌۭ لِّلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِنَ ٱلنَّارِ ﴿٢٧﴾
Биз асмандар менен жерди жөндөн-жөн эле жараткан жокпуз. Бул каапырлык кылгандардын ойлогону. Эгерде алар каапырлыкта жана Аллах тууралуу жаман ойдо өлгөн болсо, анда ал каапырларга мындай ойлогондору үчүн кыямат күнү тозок азабы болсун
أَمْ نَجْعَلُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ كَٱلْمُفْسِدِينَ فِى ٱلْأَرْضِ أَمْ نَجْعَلُ ٱلْمُتَّقِينَ كَٱلْفُجَّارِ ﴿٢٨﴾
Биз Аллахка ыйман келтиргендерди, Анын элчисин ээрчигендерди жана жакшылык иштерди кылгандарды жер бетинде каапырлык жана күнөөлөрдү кылгандарга эч качан теңебейбиз. Ошондой эле Раббисинин буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Ага моюн сунгандарды каапырлардай, эки жүздүүлөрдөй жана күнөөгө баткан адамдардай кылбайбыз. Чындыгында аларды теңөө Аллахка ылайык келбегендей зулумдук. Тескерисинче, Аллах таза ыймандууларды бейишке киргизип сыйлайт, ал эми шоордуу каапырларды тозокко киргизип жазалайт. بلغ Куран · Тафсир Анткени алар Аллахтын алдында бирдей эмес,алардын сыйлык-жазаларыда бирдей болбойт
كِتَـٰبٌ أَنزَلْنَـٰهُ إِلَيْكَ مُبَـٰرَكٌۭ لِّيَدَّبَّرُوٓا۟ ءَايَـٰتِهِۦ وَلِيَتَذَكَّرَ أُو۟لُوا۟ ٱلْأَلْبَـٰبِ ﴿٢٩﴾
Биз сага өзүнө көп жакшылыктарды жана пайдаларды камтыган Куран китепти адамдар анын аяттары менен маанилеринин үстүндө ой жүгүртүшүчүн жана туура акылжүгүрткөн адамдар сабак алышүчүн түшүрдүк
وَوَهَبْنَا لِدَاوُۥدَ سُلَيْمَـٰنَ ۚ نِعْمَ ٱلْعَبْدُ ۖ إِنَّهُۥٓ أَوَّابٌ ﴿٣٠﴾
Жана Биз Дауддун көзүн кубантыш үчүн Биздин ага кылган жакшылыгыбыз катары ага Сулайманды бердик. Сулайман кандай жакшыпенде! Ал Аллахка көп тообокылуучу жана Ага кайтуучу
إِذْ عُرِضَ عَلَيْهِ بِٱلْعَشِىِّ ٱلصَّـٰفِنَـٰتُ ٱلْجِيَادُ ﴿٣١﴾
Эстечи, асыр маалында ага үч туягы жерге тийгенде, төртүнчүсүн көтөргөн асыл тукум күлүк аттар көргөзүлдү. Ал асылтукум тулпарлардыкөрүүменен алек болуп күн да батып кетти
فَقَالَ إِنِّىٓ أَحْبَبْتُ حُبَّ ٱلْخَيْرِ عَن ذِكْرِ رَبِّى حَتَّىٰ تَوَارَتْ بِٱلْحِجَابِ ﴿٣٢﴾
Ошондо Сулайман айтты: «Мен бул аттар сыяктуу мал-дүйнөнү сүйүүнү Раббимди эскерүүдөн артык көрүптүрмүн. Күн батып,асыр намазынан кечигип калыптырмын
رُدُّوهَا عَلَىَّ ۖ فَطَفِقَ مَسْحًۢا بِٱلسُّوقِ وَٱلْأَعْنَاقِ ﴿٣٣﴾
Мага жанагыл тулпарларды алып келгиле!». Аларды алып келишти. Анан ал алардын буттарын жана моюндарын кылычменен чаап баштады. ولقد فتنا سليمن وألقينا عل كرسيه جسدا ثم أناب
وَلَقَدْ فَتَنَّا سُلَيْمَـٰنَ وَأَلْقَيْنَا عَلَىٰ كُرْسِيِّهِۦ جَسَدًۭا ثُمَّ أَنَابَ ﴿٣٤﴾
Биз Сулайманды сынап, анын тактысына адам кейпиндеги шайтанды отургузуп койдук. Ал кыска мөөнөткө анын ордуна бийлик жүргүздү. Кийин бийлик кайрадан Сулайманга кайтарылып, ага жин-шайтандар баш ийдирилди
قَالَ رَبِّ ٱغْفِرْ لِى وَهَبْ لِى مُلْكًۭا لَّا يَنۢبَغِى لِأَحَدٍۢ مِّنۢ بَعْدِىٓ ۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلْوَهَّابُ ﴿٣٥﴾
Сулайман айтты: «Оо, Раббим! Менин күнөөлөрүмдү кечир жана мага менден кийин адамдардын эч кимисинде болбогондой жеке өзүмө гана тийиштүү бийлик бер. Оо, Раббим! Чындыгында Сен Берешенсиң, Жоомартсың»
فَسَخَّرْنَا لَهُ ٱلرِّيحَ تَجْرِى بِأَمْرِهِۦ رُخَآءً حَيْثُ أَصَابَ ﴿٣٦﴾
Биз ага жооп бердик жана анын буйругуна моюн сунган, аны каалаган тарабына алып барган, катуулугуна жана ылдамдуулугуна карабастан сыдырым соккон шамалдыага моюн сундурдук. بلغ Куран · Тафсир
وَٱلشَّيَـٰطِينَ كُلَّ بَنَّآءٍۢ وَغَوَّاصٍۢ ﴿٣٧﴾
Ошондой эле ага буйруктарын аткарган жин-шайтандардымоюн сундурдук. Алардын кээ бирлери куруучулар, кээ бирлери деңиз тереңдиктерине чумкушуп,берметтерди алып чыгышат
وَءَاخَرِينَ مُقَرَّنِينَ فِى ٱلْأَصْفَادِ ﴿٣٨﴾
Жана жин-шайтандардын арасындагыбаш ийбестерин да ага моюн сундурдук. Алар кишендер менен байланган, эч кыймылдай алышпайт
هَـٰذَا عَطَآؤُنَا فَٱمْنُنْ أَوْ أَمْسِكْ بِغَيْرِ حِسَابٍۢ ﴿٣٩﴾
Оо, Сулайман! Бул сенин сураганыңа жооп катары Биздин сага болгон белегибиз. Аны каалаганыңа бер, каалагаңан тыйып кой. Бергениң же тыйганың үчүн суралбайсың. وإن له عندنا لزلف وحسن مٔاب
وَإِنَّ لَهُۥ عِندَنَا لَزُلْفَىٰ وَحُسْنَ مَـَٔابٍۢ ﴿٤٠﴾
Чындыгында Сулайман Биздин алдыбызда жакындардан эле жана ал үчүн бейиш болгон эң сонун кайтуучу жай бар
وَٱذْكُرْ عَبْدَنَآ أَيُّوبَ إِذْ نَادَىٰ رَبَّهُۥٓ أَنِّى مَسَّنِىَ ٱلشَّيْطَـٰنُ بِنُصْبٍۢ وَعَذَابٍ ﴿٤١﴾
Оо, пайгамбар! Пендебиз Аюбду эстечи, бир кезде ал Раббиси Аллахка кайрылып: «Мен шайтандан азап тарттым, чарчадым чалыктым» – дуба кылды
ٱرْكُضْ بِرِجْلِكَ ۖ هَـٰذَا مُغْتَسَلٌۢ بَارِدٌۭ وَشَرَابٌۭ ﴿٤٢﴾
Ошондо Биз ага: «Бутуң менен жерди теп» – дедик. Ал буту менен жерди тепкенде ал жерден иче турган жана жуунганда ага зыян берген нерсени кетире турган суучыкты
وَوَهَبْنَا لَهُۥٓ أَهْلَهُۥ وَمِثْلَهُم مَّعَهُمْ رَحْمَةًۭ مِّنَّا وَذِكْرَىٰ لِأُو۟لِى ٱلْأَلْبَـٰبِ ﴿٤٣﴾
Биз ага жооп берип,анын зыян тарткан нерсесин жок кылдык.Ошондой эле ага үй-бүлөсүн кайтардык жана туура акыл жүгүрткөн адамдар «сабырдуулуктун акыбети – кутулуу жана соопко жетүү» экендиги тууралуу ой жүгүртүүлөрү үчүн Биз ага Өзүбүз тараптан ырайым катары анын үстүнө дагы ошончо бала-чаканы жана неберелерди кошуп бердик
وَخُذْ بِيَدِكَ ضِغْثًۭا فَٱضْرِب بِّهِۦ وَلَا تَحْنَثْ ۗ إِنَّا وَجَدْنَـٰهُ صَابِرًۭا ۚ نِّعْمَ ٱلْعَبْدُ ۖ إِنَّهُۥٓ أَوَّابٌۭ ﴿٤٤﴾
Качан Аюб аялына ачуусу келип, ага жүз балак урам деп касам ичкенде Биз ага айттык: «Эй, Аюб! Касамыңды ишке ашырыш үчүн колуңа бир ууч курманын ичке сабактарын алып, аны менен аялыңды ур! Касам ичкенден кийин аны бузба». Ошондо ал бир ууч курманын сабагын алып, аны урду. Чындыгында Биз анын сыноолорубузга сабырдуулугун көрдүк. Ал кандай жакшы пенде! Чындыгында ал Аллахка дайым тообо кылып кайтуучу. بلغ Куран · Тафсир
وَٱذْكُرْ عِبَـٰدَنَآ إِبْرَٰهِيمَ وَإِسْحَـٰقَ وَيَعْقُوبَ أُو۟لِى ٱلْأَيْدِى وَٱلْأَبْصَـٰرِ ﴿٤٥﴾
Оо, пайгамбар! Сен Биз тандаган пенделер жана Биз жиберген элчилер болгон Ибрахим, Исхак жана Якубду эстечи. Алар Аллахка ибадат кылууда күч-кубаттуу, Анын ыраазылыгын издеген жана акыйкатка чындап көрөгөчтүк кылган адамдар болчу
إِنَّآ أَخْلَصْنَـٰهُم بِخَالِصَةٍۢ ذِكْرَى ٱلدَّارِ ﴿٤٦﴾
Чындыгында Биз аларга өзгөчө касиет бердик. Ал касиет – акыретти эстөө менен жүрөктөрүн тирилтүү, жакшылык иштерди кылып ага даярдык көрүү жана адамдардыалардыаткарууга чакыруу
وَإِنَّهُمْ عِندَنَا لَمِنَ ٱلْمُصْطَفَيْنَ ٱلْأَخْيَارِ ﴿٤٧﴾
Акыйкатта алар Биздин алдыбызда моюн сунуу үчүн, ибадат кылуу үчүн тандап алынган адамдардан. Биз аларга пайгамбарлык милдетти тапшырып,аныلадамдарга жеткирүүүчүн тандап алдык
وَٱذْكُرْ إِسْمَـٰعِيلَ وَٱلْيَسَعَ وَذَا ٱلْكِفْلِ ۖ وَكُلٌّۭ مِّنَ ٱلْأَخْيَارِ ﴿٤٨﴾
Оо, пайгамбар! Ибрахимдин баласы Исмаилди, Аль-Ясааны жана Зулкифлди эстегин. Аларга эң сонун мактоолорду айт.Анткени алар ошоготатыктуу.Алардын баарысыАллахтын алдында тандалган пенделерден
هَـٰذَا ذِكْرٌۭ ۚ وَإِنَّ لِلْمُتَّقِينَ لَحُسْنَ مَـَٔابٍۢ ﴿٤٩﴾
Бул аларга карата айтылган алкыш-мактоолор тууралуу Курандагы эскерүү. Ошондой эле Аллахтын буйруктарын аткарып,тыюуларын таштаган такыбалар үчүн акыретте эңсонун кайтып баруучужай бар
جَنَّـٰتِ عَدْنٍۢ مُّفَتَّحَةًۭ لَّهُمُ ٱلْأَبْوَٰبُ ﴿٥٠﴾
Ал кайтып баруучу эң сонун жай – алар кыямат күнү кире турган түбөлүктүү бейиштер. Анын эшиктери аларга салтанаттуу ачылат. متكٔين فيها يدعون فيها بفكهةكثيرة وشراب
مُتَّكِـِٔينَ فِيهَا يَدْعُونَ فِيهَا بِفَـٰكِهَةٍۢ كَثِيرَةٍۢ وَشَرَابٍۢ ﴿٥١﴾
Алар кооздолгон сөрүлөрдө жамбаштап жатышып, кызматчылардан өздөрү каалаган түркүн-түрлүү мөмө- жемиштерди жана шарап сыяктууалар каалаган суусундуктардыалдырышат
۞ وَعِندَهُمْ قَـٰصِرَٰتُ ٱلطَّرْفِ أَتْرَابٌ ﴿٥٢﴾
Алардын алдында күйөөлөрүнөн көзүн албаган, башкаларга көз салбаган жана баары тегиз бир куракта болгон аялдар бар. بلغ Куран · Тафсир
هَـٰذَا مَا تُوعَدُونَ لِيَوْمِ ٱلْحِسَابِ ﴿٥٣﴾
Оо, такыбалар! Силер дүйнөдө кылган жакшылык иштериңердин кыяматтагы эң жакшы сыйлыгы катары силерге убада кылынган нерсе – мына ушул. إن هذا لرزقنا ما له من نفاد
إِنَّ هَـٰذَا لَرِزْقُنَا مَا لَهُۥ مِن نَّفَادٍ ﴿٥٤﴾
Чындыгында бул айткан сыйлыгыбыз – Биз берген ырыскы. Биз аны кыямат күнү такыбаларга насип кылабыз. Ал ырыскы дайым уланат, ал эч качан бүтпөйт жана түгөнбөйт
هَـٰذَا ۚ وَإِنَّ لِلطَّـٰغِينَ لَشَرَّ مَـَٔابٍۢ ﴿٥٥﴾
Биз айткан бул нерсе – такыбалардын сыйлыгы. Ал эми каапырлык жана күнөөлөрдү кылып Аллахтын чектеринен чыккандарга такыбалардын сыйлыгынан айырмаланган жаза бар. Алар үчүн кыяматта эң жаман кайтып баруучу жай бар
جَهَنَّمَ يَصْلَوْنَهَا فَبِئْسَ ٱلْمِهَادُ ﴿٥٦﴾
Бул жаза – аларды ороп алуучу тозок. Алар анын ысыгынан жана жалынан азап тартышат. Аларга оттон төшөктөр бар. Алардын төшөгү кандай жаман! هذا فليذوقوهحميم وغساق
هَـٰذَا فَلْيَذُوقُوهُ حَمِيمٌۭ وَغَسَّاقٌۭ ﴿٥٧﴾
Бул азап – кайнаган ысык суу жана тозокто азапталган адамдардын аккан ириңдери. Аны ичкиле! Бул алардын чаңкоосун кетирбеген суусундуктары
وَءَاخَرُ مِن شَكْلِهِۦٓ أَزْوَٰجٌ ﴿٥٨﴾
Алар үчүн бул азапка окшогон башка дагы азаптар бар. Алар акыретте азапталыш үчүн аларга түркүн-түрлүү азаптар даярдалган
هَـٰذَا فَوْجٌۭ مُّقْتَحِمٌۭ مَّعَكُمْ ۖ لَا مَرْحَبًۢا بِهِمْ ۚ إِنَّهُمْ صَالُوا۟ ٱلنَّارِ ﴿٥٩﴾
Адамдар тозокко киргенде душмандар сыяктуу бири-бирин сөгүшөт, бири-биринен баш тартып, кээ бирлери: «Бул топ силер менен бирге тозокко кирет» – деп айтышканда, аларга мындай деп жооп беришет: «Алар кош келишпеди! Алар дагы биз сыяктуу тозок азабын тартышат»
قَالُوا۟ بَلْ أَنتُمْ لَا مَرْحَبًۢا بِكُمْ ۖ أَنتُمْ قَدَّمْتُمُوهُ لَنَا ۖ فَبِئْسَ ٱلْقَرَارُ ﴿٦٠﴾
Ээрчиген жоон топ өздөрүнүн башчыларына айтышат: «Эй, башчылар! Өзүңөр кош келбедиңер! Силер бизди адаштырып жана азгырып ушул кыйноочу азапка түшүүбүзгө себепчи болдуңар. Бул эмне деген жаман жай! Тозок оту – баарынын турак-жайы». بلغ Куран · Тафсир
قَالُوا۟ رَبَّنَا مَن قَدَّمَ لَنَا هَـٰذَا فَزِدْهُ عَذَابًۭا ضِعْفًۭا فِى ٱلنَّارِ ﴿٦١﴾
Ээрчигендер айтышты: «Оо, Раббибиз! Бизге акыйкат келгенден кийин бизди адаштыргандарды тозокто эселеп азапта»
وَقَالُوا۟ مَا لَنَا لَا نَرَىٰ رِجَالًۭا كُنَّا نَعُدُّهُم مِّنَ ٱلْأَشْرَارِ ﴿٦٢﴾
Чектен чыккан текеберлер айтышты: «Эмнеге биз дүйнөдө азапка татыктуу бактысыздар деп эсептеген кишилерди биз менен чогукөрбөй жатабыз?
أَتَّخَذْنَـٰهُمْ سِخْرِيًّا أَمْ زَاغَتْ عَنْهُمُ ٱلْأَبْصَـٰرُ ﴿٦٣﴾
Биз аларды шылдыңдаганыбыз катачылык болуп, алар азапка татыктуу болбой калыштыбы же биз аларды шылдыңдаганыбыз туура болуп, алар тозокко кириштиби?ق Биз аларды көрбөй жатабыз го?»
إِنَّ ذَٰلِكَ لَحَقٌّۭ تَخَاصُمُ أَهْلِ ٱلنَّارِ ﴿٦٤﴾
Чындыгында Биз силерге айткан каапырлардын кыяматтагы талашып-тартышуусу эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат нерсе
قُلْ إِنَّمَآ أَنَا۠ مُنذِرٌۭ ۖ وَمَا مِنْ إِلَـٰهٍ إِلَّا ٱللَّهُ ٱلْوَٰحِدُ ٱلْقَهَّارُ ﴿٦٥﴾
Оо, Мухаммад! Коомуңдагы каапырларга айт: «Акыйкатта мен болгону силерге каапырлыгыңар жана пайгамбарларды жалганга чыгарганыңар себептүү Аллахтын азабы келип калуусунан эскертүүчүмүн. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал Өз улуктугунда жана ысым-сыпаттарында Жалгыз. Ал баарын багынткан жана баш ийдирген Каардуу
رَبُّ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا ٱلْعَزِيزُ ٱلْغَفَّـٰرُ ﴿٦٦﴾
Ал асмандар менен жердин жана алардын ортосундагы нерселердин Раббиси. Ал Өз бийлигинде эч кимден жеңилбеген Кудуреттүү.Алтообокылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү. قل هو نبؤا عظيم
قُلْ هُوَ نَبَؤٌا۟ عَظِيمٌ ﴿٦٧﴾
Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларга айт: «Акыйкатта Куран – улуу мартабалуу кабар. أ نتم عنه معرضون
أَنتُمْ عَنْهُ مُعْرِضُونَ ﴿٦٨﴾
Силер бул улуу мартабалуу кабарга көңүл бурбастан, андан жүз буруп жатасыңар. بلغ Куран · Тафсир
مَا كَانَ لِىَ مِنْ عِلْمٍۭ بِٱلْمَلَإِ ٱلْأَعْلَىٰٓ إِذْ يَخْتَصِمُونَ ﴿٦٩﴾
Эгерде Аллах мага вахий түшүрүп, мени үйрөтпөгөндө, анда менде периштелер менен Адамдын жаралуусунун ортосунда болгон сөз тууралууилим болмок эмес
إِن يُوحَىٰٓ إِلَىَّ إِلَّآ أَنَّمَآ أَنَا۠ نَذِيرٌۭ مُّبِينٌ ﴿٧٠﴾
Чындыгында Аллах Өзү вахий кылган нерселерди гана мага түшүрдү. Анткени мен силерге Анын азабын ачык эскертүүчүмүн»
إِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلَـٰٓئِكَةِ إِنِّى خَـٰلِقٌۢ بَشَرًۭا مِّن طِينٍۢ ﴿٧١﴾
Эстегин, бир кезде Раббиң периштелерге айтты: «Мен ылайдан адамды жаратам. Ал – Адам. فإذا سويته ونفخت فيه من روحى فقعواله سجدين
فَإِذَا سَوَّيْتُهُۥ وَنَفَخْتُ فِيهِ مِن رُّوحِى فَقَعُوا۟ لَهُۥ سَـٰجِدِينَ ﴿٧٢﴾
Мен анын тулку-боюн түздөп,келбет берип жана ага Өз Рухумдан жан салганда,ага сажда кылгыла»
فَسَجَدَ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ كُلُّهُمْ أَجْمَعُونَ ﴿٧٣﴾
Периштелер Раббисинин буйругуна баш ийип, баарысы сый-урмат катары сажда кылышты. Алардын арасынан Адамга сажда кылбаган бири да калган жок
إِلَّآ إِبْلِيسَ ٱسْتَكْبَرَ وَكَانَ مِنَ ٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿٧٤﴾
Бир гана Иблис сажда кылуудан текеберленди. Ал Раббисинин буйругуна текеберлик кылганыүчүн каапырлардан болду
قَالَ يَـٰٓإِبْلِيسُ مَا مَنَعَكَ أَن تَسْجُدَ لِمَا خَلَقْتُ بِيَدَىَّ ۖ أَسْتَكْبَرْتَ أَمْ كُنتَ مِنَ ٱلْعَالِينَ ﴿٧٥﴾
Аллах айтты: «Эй, Иблис! Өзүмдүн эки Колум менен жараткан Адамга сажда кылууга сага эмне тоскоол болду? Сени сажда кылуудан текеберлик тостубуже сен буга чейин эле Раббиңе текеберленип, менменсинип калдың беле?»
قَالَ أَنَا۠ خَيْرٌۭ مِّنْهُ ۖ خَلَقْتَنِى مِن نَّارٍۢ وَخَلَقْتَهُۥ مِن طِينٍۢ ﴿٧٦﴾
Ибилис: «Мен Адамдан артыкмын. Сени мени оттон, аны болсо ылайдан жараттың» – деди. Анын оюнда от топурактан шарапаттуу эле
قَالَ فَٱخْرُجْ مِنْهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٌۭ ﴿٧٧﴾
АллахИблиске айтты: «Бейиштен чык! Эми сен каргышка жана сөгүшкө калдың. بلغ Куран · Тафсир
وَإِنَّ عَلَيْكَ لَعْنَتِىٓ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلدِّينِ ﴿٧٨﴾
Сен сыйлык жана жаза күн болгон кыяматка чейин бейиштен куулдуң»
قَالَ رَبِّ فَأَنظِرْنِىٓ إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ ﴿٧٩﴾
Иблис айтты:«Пенделериңди кайра тирилткен күнгө чейин мага мөөнөт бер жана мени өлтүрбө»
قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ ٱلْمُنظَرِينَ ﴿٨٠﴾
Аллахайтты:«Сен мөөнөт берилгендерден болдуң
إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْوَقْتِ ٱلْمَعْلُومِ ﴿٨١﴾
Сени жок кылууүчүн белгилүүбир убакыт келген күнгө чейин». قال فبعز تك لأغوين هم أجمعين
قَالَ فَبِعِزَّتِكَ لَأُغْوِيَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ ﴿٨٢﴾
Иблис айтты:«Сенин кудуреттүүлүгүңө жана каардуулугуңа ант болсун!Мен бүткүл адам баласын адаштырамын
إِلَّا عِبَادَكَ مِنْهُمُ ٱلْمُخْلَصِينَ ﴿٨٣﴾
Сен менин адаштыруумдан коргогондордужана жалгыз Өзүңө чын ыкластан ибадат кылгандардыгана адаштыра албайм»
قَالَ فَٱلْحَقُّ وَٱلْحَقَّ أَقُولُ ﴿٨٤﴾
Аллах таала айтты: «Акыйкат Менден жана Мен акыйкаттыгана айтамын: لأملأن جهن م منك ومم نتبعك منهم أجمعين
لَأَمْلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنكَ وَمِمَّن تَبِعَكَ مِنْهُمْ أَجْمَعِينَ ﴿٨٥﴾
Кыямат күнүсен жана сени каапырлыкта ээрчиген бардык адам баласыменен тозоктутолтурамын»
قُلْ مَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍۢ وَمَآ أَنَا۠ مِنَ ٱلْمُتَكَلِّفِينَ ﴿٨٦﴾
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Мен силерге жеткирген насааттарым үчүн сыйлык сурабайм жана мен буйрулган нерседен ашыкча сүйлөп убара болгондордон эмесмин». إن هو إل اذكر للعلمين
إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرٌۭ لِّلْعَـٰلَمِينَ ﴿٨٧﴾
Куран адамзат менен жиндердин арасынан милдет алгандарына эскертме! بلغ Куран · Тафсир ولتعلمن نبأه بعد حين
وَلَتَعْلَمُنَّ نَبَأَهُۥ بَعْدَ حِينٍۭ ﴿٨٨﴾
БулКурандын кабарын жана алчындык экенин бир аз убакыттан кийин өлгөн кезиңерде сөзсүз билесиңер. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран