تَنزِيلُ ٱلْكِتَـٰبِ مِنَ ٱللَّهِ ٱلْعَزِيزِ ٱلْحَكِيمِ ﴿١﴾
Куран китеби эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман Аллах тараптан гана түшкөн
Башкы бет›Тафсир›Az-Zumar (39)
Меккелик · 75 аят
تَنزِيلُ ٱلْكِتَـٰبِ مِنَ ٱللَّهِ ٱلْعَزِيزِ ٱلْحَكِيمِ ﴿١﴾
Куран китеби эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман Аллах тараптан гана түшкөн
إِنَّآ أَنزَلْنَآ إِلَيْكَ ٱلْكِتَـٰبَ بِٱلْحَقِّ فَٱعْبُدِ ٱللَّهَ مُخْلِصًۭا لَّهُ ٱلدِّينَ ﴿٢﴾
Оо, пайгамбар! Биз сага акыйкатты камтыган Куранды түшүрдүк. Андагы кабарлардын баарысы чындык жана өкүмдөрдүн баарысыадилеттүү. Андыктан ширкти таштап, жалгыз Аллахка гана чын ыкластан сыйын!
أَلَا لِلَّهِ ٱلدِّينُ ٱلْخَالِصُ ۚ وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُوا۟ مِن دُونِهِۦٓ أَوْلِيَآءَ مَا نَعْبُدُهُمْ إِلَّا لِيُقَرِّبُونَآ إِلَى ٱللَّهِ زُلْفَىٰٓ إِنَّ ٱللَّهَ يَحْكُمُ بَيْنَهُمْ فِى مَا هُمْ فِيهِ يَخْتَلِفُونَ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهْدِى مَنْ هُوَ كَـٰذِبٌۭ كَفَّارٌۭ ﴿٣﴾
Ширктен таза болгон дин Аллахка гана таандык! Ал эми Аллахтан башка кудайларды жана тагуттарды колдоочу тутуп аларга сыйынгандар бул кылгандарынын шылтоосу катарымындай деп айтышат: «Биз аларга бизди Аллахка бир аз болсо да жакындатсын, муктаждыктарыбыздыАга айтсын жана Анын алдында бизге ортомчулук кылышсын деп гана сыйынабыз». Чындыгында Аллах Ага гана сыйынган ыймандуулар менен мушрик каапырлардын ортосундагы Аллахты жалгыздоого байланышкан талаш-тартыштары тууралуу кыяматта өкүм кылат. Аллахтын шериги бар деп жана Анын жакшылыктарын танып кеткендерге Алакыйкатка карай ийгилик бербейт
لَّوْ أَرَادَ ٱللَّهُ أَن يَتَّخِذَ وَلَدًۭا لَّٱصْطَفَىٰ مِمَّا يَخْلُقُ مَا يَشَآءُ ۚ سُبْحَـٰنَهُۥ ۖ هُوَ ٱللَّهُ ٱلْوَٰحِدُ ٱلْقَهَّارُ ﴿٤﴾
Эгерде Аллах балалуу болушун каалаганда, анда жараткандардын арасынан Өзү каалаганын тандап, аны бала кылып алмак. Аллах мушриктердин айткандарынан аруу! Ал Өз затында, сыпаттарында жана иш-аракеттеринде Жалгыз.ل Бул нерселерде Анын шериги жок. Ал бүткүл макулуктарды Багынтуучу
خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ بِٱلْحَقِّ ۖ يُكَوِّرُ ٱلَّيْلَ عَلَى ٱلنَّهَارِ وَيُكَوِّرُ ٱلنَّهَارَ عَلَى ٱلَّيْلِ ۖ وَسَخَّرَ ٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ ۖ كُلٌّۭ يَجْرِى لِأَجَلٍۢ مُّسَمًّى ۗ أَلَا هُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْغَفَّـٰرُ ﴿٥﴾
Ал асмандар менен жерди улуу даанышмандык үчүн жаратты. Залымдар айткандай жөндөн-жөн эле жараткан жок. Түндү күндүзгө киргизет, күндүздү түнгө киргизет. Алардын бири келсе, экинчиси кетет. Жана Күндү менен Айды моюн сундурду. Ал экөөсүнүн ар бири бул жашоо бүтө турган белгиленген убакытка чейин жүрөт. Чындыгында Ал Өз душмандарынан өч алган жана эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү
خَلَقَكُم مِّن نَّفْسٍۢ وَٰحِدَةٍۢ ثُمَّ جَعَلَ مِنْهَا زَوْجَهَا وَأَنزَلَ لَكُم مِّنَ ٱلْأَنْعَـٰمِ ثَمَـٰنِيَةَ أَزْوَٰجٍۢ ۚ يَخْلُقُكُمْ فِى بُطُونِ أُمَّهَـٰتِكُمْ خَلْقًۭا مِّنۢ بَعْدِ خَلْقٍۢ فِى ظُلُمَـٰتٍۢ ثَلَـٰثٍۢ ۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمْ لَهُ ٱلْمُلْكُ ۖ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ فَأَنَّىٰ تُصْرَفُونَ ﴿٦﴾
Эй, адамдар! Раббиңер силерди бир жандан – Адамдан жаратты, кийин андан аялы Хаваны жаратты. Ошондой эле силер үчүн төөлөрдү,уйларды,койлордужана эчкилерди сегиз түр кылып жаратты.Ар бир түрүнөн بلغ Куран · Тафсир эркек-ургаачысын жаратты. Аллах силерди энеңердин курсагында үч караңгылыкта – курсакта, жатында жана тондун ичинде баскыч-баскыч кылып жаратты. Мына ошолордун баарысын жараткан Аллах– силердин Раббиңер. Бийлик Ага гана таандык. Андай башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Эмнеге силер Ага сыйынгандын ордуна эч нерсени жараталбаган, тескерисинче өздөрү жаратылган нерселерге сыйынып жатасыңар!
إِن تَكْفُرُوا۟ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَنِىٌّ عَنكُمْ ۖ وَلَا يَرْضَىٰ لِعِبَادِهِ ٱلْكُفْرَ ۖ وَإِن تَشْكُرُوا۟ يَرْضَهُ لَكُمْ ۗ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌۭ وِزْرَ أُخْرَىٰ ۗ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُم مَّرْجِعُكُمْ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ۚ إِنَّهُۥ عَلِيمٌۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ ﴿٧﴾
Эй, адамдар! Эгерде Раббиңерге каапырлык кылсаңар, Аллах силердин ыйманыңарга муктаж эмес. Силердин каапырлыгыңар Ага зыян келтирбейт. Анын зыяны өзүңөргө гана кайтат. Ал пенделеринин Ага каапырлык кылууларына ыраазы эмес жана аларды каапырлыкка да буйрубайт. Анткени Аллах букузукулукка жана күнөөгө буйрубайт. Эгерде Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылсаңар жана Ага ыйман келтирсеңер, анда Ал шүгүрчүлүгүңөргө ыраазы болот жана ал үчүн соопторду берет. Эч бир жан башканын күнөөсүн көтөрбөйт. Тескерисинче, ар бир жан кылган ишине жараша кармалып турат. Кийин силер кыяматта жалгыз Раббиңерге кайтасыңар. Ошондо Ал силердин дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын берет. Силерге иш-аракеттериңер үчүн сыйлыгын берет. Чындыгында Ал пенделеринин жүрөктөрүндөгү нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. ر
۞ وَإِذَا مَسَّ ٱلْإِنسَـٰنَ ضُرٌّۭ دَعَا رَبَّهُۥ مُنِيبًا إِلَيْهِ ثُمَّ إِذَا خَوَّلَهُۥ نِعْمَةًۭ مِّنْهُ نَسِىَ مَا كَانَ يَدْعُوٓا۟ إِلَيْهِ مِن قَبْلُ وَجَعَلَ لِلَّهِ أَندَادًۭا لِّيُضِلَّ عَن سَبِيلِهِۦ ۚ قُلْ تَمَتَّعْ بِكُفْرِكَ قَلِيلًا ۖ إِنَّكَ مِنْ أَصْحَـٰبِ ٱلنَّارِ ﴿٨﴾
Эгерде каапыр адам оору, мал-мүлк жоготуу, сууга чөгүү сыяктуу зыянга учураса, ал Раббисине гана кайтып, андагы зыяндыкетирүүсүн сурап дуба кылат. Кийин Ал анын башына түшкөн зыяндыкетирип жакшылык кылган болсо, анда ага чейин Аллахка жалынганын таштап коёт жана башкалардыАллахка карай жеткирген жолдон адаштырыш үчүн Ага башкаларды шерик кылып сыйынышат. Оо, пайгамбар! Ушундай абалдагы адамдарга айт: «Калган өмүрүңдө каапырлыгың менен жыргап ал. Ал аз гана убакыт. Чындыгында сен кыяматта дос досту коштогондой тозоккокиргендер менен бирге болосуң
أَمَّنْ هُوَ قَـٰنِتٌ ءَانَآءَ ٱلَّيْلِ سَاجِدًۭا وَقَآئِمًۭا يَحْذَرُ ٱلْـَٔاخِرَةَ وَيَرْجُوا۟ رَحْمَةَ رَبِّهِۦ ۗ قُلْ هَلْ يَسْتَوِى ٱلَّذِينَ يَعْلَمُونَ وَٱلَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ ۗ إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُو۟لُوا۟ ٱلْأَلْبَـٰبِ ﴿٩﴾
Же болбосо, Аллахка моюн сунуп, түнкү убакыттарды Раббисине сажда кылган, намазда турган абалда өткөргөн, акырет азабынан корккон, Раббисинин ырайымын үмүт кылган адам жакшыбы же кыйналганда гана Аллахка сыйынып, барчылыкта Ага каапырлык кылган жана Аллахка шериктерди кошкон адамбы жакшыбы? Оо, пайгамбар!Аллахтытаанып билишкени себептүүаларга милдет болгон нерселерди билгендер менен булардын эч бирин билбегендер тең боло алабы? Чындыгында бул эки топтун айырмачылыгын туура акыл жүгүрткөндөр гана билишет
قُلْ يَـٰعِبَادِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱتَّقُوا۟ رَبَّكُمْ ۚ لِلَّذِينَ أَحْسَنُوا۟ فِى هَـٰذِهِ ٱلدُّنْيَا حَسَنَةٌۭ ۗ وَأَرْضُ ٱللَّهِ وَٰسِعَةٌ ۗ إِنَّمَا يُوَفَّى ٱلصَّـٰبِرُونَ أَجْرَهُم بِغَيْرِ حِسَابٍۢ ﴿١٠﴾
Оо, пайгамбар! Мага жана пайгамбарларга ыйман келтирген пенделериме айт: «Раббиңердин буйруктарына баш ийип,тыюуларын таштап Андан корккула!Силерден булдүйнөдө жакшылык иштерди кылгандар үчүн дүйнө بلغ Куран · Тафсир жашоосунда жеңиш, ден-соолук жана байлык сыяктуу жакшылыктар болот. Ал эми акыретте бейиш болот. Аллахтын жери кенен.Андыктан Аллахка сыйынууга тоскоолдук жаратпагандай жер тапканга чейин көчө бергиле! Чындыгында кыямат күнү сабырдууларга берилген сооп-сыйлыктары көптүк жана түрдүүлүк жактан эсепсиз жана ченемсиз болот»
قُلْ إِنِّىٓ أُمِرْتُ أَنْ أَعْبُدَ ٱللَّهَ مُخْلِصًۭا لَّهُ ٱلدِّينَ ﴿١١﴾
Оо, пайгамбар! Айт: «Аллах мени чын ыкластан Ага гана ибадат кылууга буйруду
وَأُمِرْتُ لِأَنْ أَكُونَ أَوَّلَ ٱلْمُسْلِمِينَ ﴿١٢﴾
Жана бул үммөттөн мени эң биринчи болуп Ага баш ийип, Аныээрчигендерден болууга буйруду»
قُلْ إِنِّىٓ أَخَافُ إِنْ عَصَيْتُ رَبِّى عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍۢ ﴿١٣﴾
Оо, пайгамбар! Айт: «Эгер мен Аллахка баш ийбестик кылып, Ага моюн сунбасам, анда мага улуу кыямат күндөгү азап жетишинен коркомун»
قُلِ ٱللَّهَ أَعْبُدُ مُخْلِصًۭا لَّهُۥ دِينِى ﴿١٤﴾
Оо, пайгамбар! Айт: «Мен чын ыкластан ибадат кылып Аллахка гана сыйынам. Андан башка эч кимге сыйынбайм
فَٱعْبُدُوا۟ مَا شِئْتُم مِّن دُونِهِۦ ۗ قُلْ إِنَّ ٱلْخَـٰسِرِينَ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ وَأَهْلِيهِمْ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۗ أَلَا ذَٰلِكَ هُوَ ٱلْخُسْرَانُ ٱلْمُبِينُ ﴿١٥﴾
Эй, мушриктер! Силер дагы Андан башка каалаган кудайларга сыйына бергиле (коркутуу максатта айтылган буйрук)». Оо, пайгамбар! Айт: «Чыныгы жоготууга учурагандар – алар өздөрүн жана үй-бүлөсүн зыянга учураткандар. Алар өздөрү гана бейишке киргени себептүү же алар менен бирге тозокко түшкөнү себептүү алардан бөлөк болгону үчүн аларды жолуктурбайт. Мына ушул эч кандай бүдөмүксүз ачык-айкын адашуу эмеспи!
لَهُم مِّن فَوْقِهِمْ ظُلَلٌۭ مِّنَ ٱلنَّارِ وَمِن تَحْتِهِمْ ظُلَلٌۭ ۚ ذَٰلِكَ يُخَوِّفُ ٱللَّهُ بِهِۦ عِبَادَهُۥ ۚ يَـٰعِبَادِ فَٱتَّقُونِ ﴿١٦﴾
Алар үчүн үстүлөрүндө түтүн,жалын жана ысыктык болот жана астыларында да түтүн,жалын жана ысыктык болот». Мына ушул айтылган азап менен Аллах пенделерин коркутат. Оо, пенделерим! Менин буйруктарыма баш ийип, тыюуларымдыташтап Менден корккула!
وَٱلَّذِينَ ٱجْتَنَبُوا۟ ٱلطَّـٰغُوتَ أَن يَعْبُدُوهَا وَأَنَابُوٓا۟ إِلَى ٱللَّهِ لَهُمُ ٱلْبُشْرَىٰ ۚ فَبَشِّرْ عِبَادِ ﴿١٧﴾
Ал эми айкелдерге сыйынуудан жана Аллахтан башка бардык сыйынылган нерселерден алыстагандарга жана тообо кылып Аллахка кайткандарга өлгөндө, кабырда жана кыяматта бейиш тууралуу куш кабар айтылат. Оо, пайгамбар! Пенделериме сүйүнчүлө! بلغ Куран · Тафсир
ٱلَّذِينَ يَسْتَمِعُونَ ٱلْقَوْلَ فَيَتَّبِعُونَ أَحْسَنَهُۥٓ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ هَدَىٰهُمُ ٱللَّهُ ۖ وَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمْ أُو۟لُوا۟ ٱلْأَلْبَـٰبِ ﴿١٨﴾
Ал эми сөзгө кулак салып, анын жакшы-жаманын айырмалап, пайдасы бар жакшы сөздөрдү ээрчигендерге – мына ушундай сыпаттагыадамдарга Аллах туура жолгокарай ийгилик берет, мына ушулар туура акыл жүгүрткөндөр
أَفَمَنْ حَقَّ عَلَيْهِ كَلِمَةُ ٱلْعَذَابِ أَفَأَنتَ تُنقِذُ مَن فِى ٱلنَّارِ ﴿١٩﴾
Оо, пайгамбар! Кимге каапырлыктан жана адашуудан баш тартпаганыүчүн азап сөзү милдет болсо, сен анытуура жолго салууга жана ийгилик берүүгө эч кандай айла таба албайсың. Оо, пайгамбар! Сен ушундай сыпаттагы адамдытозоктон куткара аласыңбы?
لَـٰكِنِ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوْا۟ رَبَّهُمْ لَهُمْ غُرَفٌۭ مِّن فَوْقِهَا غُرَفٌۭ مَّبْنِيَّةٌۭ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ ۖ وَعْدَ ٱللَّهِ ۖ لَا يُخْلِفُ ٱللَّهُ ٱلْمِيعَادَ ﴿٢٠﴾
Бирок Раббисинин буйруктарына баш ийип, тыюуларын таштап Андан корккондор үчүн биринин үстүнө бири курулган бийик бөлмөлөр бар, алардын алдыларынан дарыялар агып турат. Бул Аллахтын аларга берген анык убадасы. Аллах убадасын бузбайт
أَلَمْ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَسَلَكَهُۥ يَنَـٰبِيعَ فِى ٱلْأَرْضِ ثُمَّ يُخْرِجُ بِهِۦ زَرْعًۭا مُّخْتَلِفًا أَلْوَٰنُهُۥ ثُمَّ يَهِيجُ فَتَرَىٰهُ مُصْفَرًّۭا ثُمَّ يَجْعَلُهُۥ حُطَـٰمًا ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَذِكْرَىٰ لِأُو۟لِى ٱلْأَلْبَـٰبِ ﴿٢١﴾
ى Силер көрүп билесиңер, Аллах асмандан жамгыр суусун түшүрүп, аныбулактарга жана агындарга киргизди. Кийин ал суу аркылуу түркүн түстөгү эгиндерди чыгарды. Кийин ал кургады. Эй, назар салуучу! Сен аны жапжашыл болгондон кийин саргайганын көрөсүң.Анан аныкак кургагандан кийин сынма жана майдаланма кылып койду. Чындыгында бул айтылгандарда жүрөгү тирүү адамдар үчүн эскертмелер бар
أَفَمَن شَرَحَ ٱللَّهُ صَدْرَهُۥ لِلْإِسْلَـٰمِ فَهُوَ عَلَىٰ نُورٍۢ مِّن رَّبِّهِۦ ۚ فَوَيْلٌۭ لِّلْقَـٰسِيَةِ قُلُوبُهُم مِّن ذِكْرِ ٱللَّهِ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ فِى ضَلَـٰلٍۢ مُّبِينٍ ﴿٢٢﴾
م بين Аллах көкүрөгүн Исламга ачып, Өзүнө карай багыттап, Раббиси тараптан көрөгөчтүк берилген адам Аллахты эстебей жүрөгү мерез болуп калган адам менен тең болобу? Алар эч качан тең болушпайт! Туура жолдогулар куткарылат, ал эми Аллахты эстебей жүрөктөрү мерез болуп калгандар кыйроого туш болушат. Мына ошолор акыйкаттан анык адашууда
ٱللَّهُ نَزَّلَ أَحْسَنَ ٱلْحَدِيثِ كِتَـٰبًۭا مُّتَشَـٰبِهًۭا مَّثَانِىَ تَقْشَعِرُّ مِنْهُ جُلُودُ ٱلَّذِينَ يَخْشَوْنَ رَبَّهُمْ ثُمَّ تَلِينُ جُلُودُهُمْ وَقُلُوبُهُمْ إِلَىٰ ذِكْرِ ٱللَّهِ ۚ ذَٰلِكَ هُدَى ٱللَّهِ يَهْدِى بِهِۦ مَن يَشَآءُ ۚ وَمَن يُضْلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِنْ هَادٍ ﴿٢٣﴾
ه Аллах пайгамбары Мухаммадга эң мыкты сөз болгон Куранды түшүрдү. Ал аны чындыкта, көркөмдүктө жана шайкештикте жана карама-каршылыктардын жоктугунда бири-бирине окшош кылып түшүрдү. Анын ичинде көптөгөн окуялар, өкүмдөр, убадалар, коркутуулар, акыйкат жана жалган жолдогу адамдардын сыпаттары тууралуу айтылган. Раббисинен корккондор андагы келген коркутууларды жана эскертүүлөрдү укканда терилери титирейт. Андан соң эгер алар андагы үмүт жараткан нерселерди жана сүйүнчү кабарларды угушса, Аллахты эстеп بلغ Куран · Тафсир алардын терилери жана жүрөктөрү тынч алат. Курандагы бул айтылгандар жана анын таасири – Аллах Өзү каалаганды багыттаган туура жолу. Аллах кимди жардамсыз таштаса жана туура жолго ийлигик бербесе, анда аны эч ким туура жолгосала албайт
أَفَمَن يَتَّقِى بِوَجْهِهِۦ سُوٓءَ ٱلْعَذَابِ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۚ وَقِيلَ لِلظَّـٰلِمِينَ ذُوقُوا۟ مَا كُنتُمْ تَكْسِبُونَ ﴿٢٤﴾
Аллах туура жолго салган, дүйнөдө ийгилик берген жана акыретте бейишке киргизген адам менен каапырлык кылып ошол жолдо өлгөн, колу-буту кишенделип тозокко кирген адам тең болобу? Ал жер сүргөн жүзү менен тозоктон коргоно албайт. Каапырлык жана күнөө кылып өздөрүнө зыян бергендерге жемелөө катарыайтылат: «Өзүңөр кылган каапырлык менен күнөөлөрдүн азабын таткыла!Булсилердин жазаңар»
كَذَّبَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ فَأَتَىٰهُمُ ٱلْعَذَابُ مِنْ حَيْثُ لَا يَشْعُرُونَ ﴿٢٥﴾
Ал мушриктерден мурунку коомдор да жалганга чыгарышкан. Ошондо алар аны сезип тообо кылып даярдык көрүүгө жетишпей тургандай абалда аларга капыстан азап келген
فَأَذَاقَهُمُ ٱللَّهُ ٱلْخِزْىَ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا ۖ وَلَعَذَابُ ٱلْـَٔاخِرَةِ أَكْبَرُ ۚ لَوْ كَانُوا۟ يَعْلَمُونَ ﴿٢٦﴾
Ошондо Аллах аларга бул азап менен дүйнө жашоосунда кордукду, шерменделикти жана маскаралыкты таттырды. Ал эми акыретте алардыкүткөн азап мындан да катаал, эгер алар мунубилишкенде
وَلَقَدْ ضَرَبْنَا لِلنَّاسِ فِى هَـٰذَا ٱلْقُرْءَانِ مِن كُلِّ مَثَلٍۢ لَّعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ ﴿٢٧﴾
Биз Мухаммадга түшүрүлгөн бул Куранда адамдарга жакшылык менен жамандык, акыйкат менен жалган, ыйман менен каапырлык тууралуу түрдүү мисалдарды келтирдик. Биз муну адамдар мисалдардан үлгү алып, акыйкатты ишжүзүндө аткарып,жалгандыташтап сабак алат деген үмүттө кылдык. قرءانا عربيا غيرذى عوج لعلهم يتقون
قُرْءَانًا عَرَبِيًّا غَيْرَ ذِى عِوَجٍۢ لَّعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ ﴿٢٨﴾
Биз аны араб тилиндеги Куран кылдык, анда эч кандай бурмалоо, өзгөртүү жана бүдөмүк нерсе жок. Биз муну алар анын буйруктарына ээрчип жана тыюуларын таштап Аллахтан коркушат деген үмүттө кылдык
ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلًۭا رَّجُلًۭا فِيهِ شُرَكَآءُ مُتَشَـٰكِسُونَ وَرَجُلًۭا سَلَمًۭا لِّرَجُلٍ هَلْ يَسْتَوِيَانِ مَثَلًا ۚ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٢٩﴾
لا يعلمون Аллах ширк кылган адам менен Ага гана сыйынган адамдысалыштырып мисал келтирди. Ыркыкелишпеген эки шериктин бир эркек кулу бар, ал бирөөсүн ыраазы кылса, экинчисин ачуулантат. Ошол себептеп ал эмне кыларын билбей башымаң. Ошондой эле бир эркекке тийиштүү бир кул бар, ал ага өзү гана ээлик кылат, ал анын максатын билет. Анын көңүлү тынч, эч кандай кабатырлануу жок. Эми ушул эки эки эркек тең болобу? Аллахка мактоолор болсун! Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт. Ошол себептен Аллахка башкаларды шерик кылышат. بلغ Куран · Тафсир إنك ميت وإن هم ميتون
إِنَّكَ مَيِّتٌۭ وَإِنَّهُم مَّيِّتُونَ ﴿٣٠﴾
Оо, пайгамбар! Акыйкатта сен дагы, алар дагы сөзсүз өлөсүңөр
ثُمَّ إِنَّكُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ عِندَ رَبِّكُمْ تَخْتَصِمُونَ ﴿٣١﴾
Эй, адамдар! Кийин силер кыяматта Раббиңердин алдында талашып-тартышасыңар. Ошондо чынчыл менен жалганчы ачык билинет
۞ فَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّن كَذَبَ عَلَى ٱللَّهِ وَكَذَّبَ بِٱلصِّدْقِ إِذْ جَآءَهُۥٓ ۚ أَلَيْسَ فِى جَهَنَّمَ مَثْوًۭى لِّلْكَـٰفِرِينَ ﴿٣٢﴾
Шериги бар, аялыбар, баласыбар деп Аллахка ылайык келбеген нерсени Ага тийиштүү кылган адамдан да өткөн залым жок.Ошондой эле Аллахтын элчиси алып келген вахийди жалганга чыгарган адамдан да өткөн залым жок. Аллахка каапыр болгондор үчүн тозокто орун жок бекен? Албетте, бар! Чындыгында алар үчүн ал жакта орун да, жай да бар
وَٱلَّذِى جَآءَ بِٱلصِّدْقِ وَصَدَّقَ بِهِۦٓ ۙ أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُتَّقُونَ ﴿٣٣﴾
Ал эми сөзүндө, иш-аракеттеринде пайгамбарлардан жана башкалардан акыйкатты алып келген, анын чындык экенине ишенген жана анын талаптарына ылайык иш-аракет кылгандар – мына ошолор Раббисинин буйругуна баш ийип, тыюуларынан алыстаган чыныгы такыбалар
لَهُم مَّا يَشَآءُونَ عِندَ رَبِّهِمْ ۚ ذَٰلِكَ جَزَآءُ ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿٣٤﴾
Алар үчүн Раббисинин алдында өздөрү каалагандай түбөлүк ырахаттар бар. Бул Жаратуучусуна жана адамдарга жакшылык кылгандардын сыйлыгы
لِيُكَفِّرَ ٱللَّهُ عَنْهُمْ أَسْوَأَ ٱلَّذِى عَمِلُوا۟ وَيَجْزِيَهُمْ أَجْرَهُم بِأَحْسَنِ ٱلَّذِى كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿٣٥﴾
Аллах алардын дүйнөдө кылган эң жаман күнөө иштерин өчүрүш үчүн кылды. Анткени алар тообо кылышты, Раббисине кайтышты. Ошондой эле аларга кылган эң жакшыиштеринине соопторду берет
أَلَيْسَ ٱللَّهُ بِكَافٍ عَبْدَهُۥ ۖ وَيُخَوِّفُونَكَ بِٱلَّذِينَ مِن دُونِهِۦ ۚ وَمَن يُضْلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِنْ هَادٍۢ ﴿٣٦﴾
Аллах пендеси Мухаммадга дин жана дүйнө иштеринде, ошондой эле аны душмандарынан коргоого Өзү жетиштүү эмеспи?! Албетте, Ал ага Өзү жетиштүү! Оо, пайгамбар! Алар наадандыктан жана кем акылдыктан өздөрүАллахменен катар сыйынышкан кудайларысага зыян берет деп сени коркутушат.Аллахкимди жардамсыз таштап, туура жолготүшүүгө ийгилик бербесе, анда анытуура жолгосалган, ага ийлигик берген эч ким болбойт. بلغ Куран · Тафсир
وَمَن يَهْدِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِن مُّضِلٍّ ۗ أَلَيْسَ ٱللَّهُ بِعَزِيزٍۢ ذِى ٱنتِقَامٍۢ ﴿٣٧﴾
Ал эми Аллах кимге туура жолго түшүүгө ийгилик берсе, анда аны эч ким адаштыра албайт. Аллах эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Ага каапырлык кылып, баш ийбегендерден өч Алуучу эмеспи?! Албетте, Ал Өзү Кудуреттүү, өч Алуучу!
وَلَئِن سَأَلْتَهُم مَّنْ خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُ ۚ قُلْ أَفَرَءَيْتُم مَّا تَدْعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ إِنْ أَرَادَنِىَ ٱللَّهُ بِضُرٍّ هَلْ هُنَّ كَـٰشِفَـٰتُ ضُرِّهِۦٓ أَوْ أَرَادَنِى بِرَحْمَةٍ هَلْ هُنَّ مُمْسِكَـٰتُ رَحْمَتِهِۦ ۚ قُلْ حَسْبِىَ ٱللَّهُ ۖ عَلَيْهِ يَتَوَكَّلُ ٱلْمُتَوَكِّلُونَ ﴿٣٨﴾
Оо, пайгамбар! Эгерде мушриктерден: «Асмандар менен Жерди ким жараткан?» – деп сурасаң, алар: «Аны Аллах жараткан» – деп гана айтышат. Аларга кудайларынын алсыздыгын жар салып мындай деп айт: «Силер Аллахтан башка сыйынган кудайларыңар тууралуу мага айткылачы, эгер Аллах мага зыян берүүнү кааласа, алар мени андан куткара алышабы?! Же болбосо, Раббим мага Өз алдынан ырайым тартууласа, алар аны менден тосо алышабы?!». Аларга айткын: «Аллахтын Өзү мага жетиштүү! Бүткүл ишимде Ага гана тобокел кыламын. Тобокел кылган адамдар жалгыз Ага гана таянышат»
قُلْ يَـٰقَوْمِ ٱعْمَلُوا۟ عَلَىٰ مَكَانَتِكُمْ إِنِّى عَـٰمِلٌۭ ۖ فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ ﴿٣٩﴾
Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, элим! Силер өзүңөргө жаккандай абалда Аллахка ширк амалыңарды кыла бергиле. А мен болсо Раббим мага буйруган Аныжалгыздоого чакырып, Ага чын ыкластан ибадатымдыкыламын. Жакында ар бир жолдун акыбети кандай экенин билесиңер». من يأتيه عذاب يخزيه ويحل عليه عذاب مقيم
مَن يَأْتِيهِ عَذَابٌۭ يُخْزِيهِ وَيَحِلُّ عَلَيْهِ عَذَابٌۭ مُّقِيمٌ ﴿٤٠﴾
Силер жакында кимге булдүйнөдө кордукка салган азап келерин жана акыретте эчкачан бүтпөгөн түбөлүк азап түшөрүн билесиңер
إِنَّآ أَنزَلْنَا عَلَيْكَ ٱلْكِتَـٰبَ لِلنَّاسِ بِٱلْحَقِّ ۖ فَمَنِ ٱهْتَدَىٰ فَلِنَفْسِهِۦ ۖ وَمَن ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيْهَا ۖ وَمَآ أَنتَ عَلَيْهِم بِوَكِيلٍ ﴿٤١﴾
بوكيل Оо, пайгамбар! Биз сени адамдарды эскертсиң деп алар үчүн сага Куранды акыйкат менен түшүрдүк. Ким туура жолго түшсө, анда анын туура жолго түшкөнү өзүнө гана пайда. Анын тууралыкка түшкөнү Аллахка эч кандай пайда келтирбейт. Анткени Ал ага муктаж эмес. Ал эми ким адашса, анда ал адашканынын зыянын өзү гана тартат. Анын адашканы Аллахка эч кандай зыян бербейт. Сен аларды туура жолго салууга кепил эмессиң. Сен өзүңө буйрулгандыгана аларга жеткирүүгө милдеттүүсүң
ٱللَّهُ يَتَوَفَّى ٱلْأَنفُسَ حِينَ مَوْتِهَا وَٱلَّتِى لَمْ تَمُتْ فِى مَنَامِهَا ۖ فَيُمْسِكُ ٱلَّتِى قَضَىٰ عَلَيْهَا ٱلْمَوْتَ وَيُرْسِلُ ٱلْأُخْرَىٰٓ إِلَىٰٓ أَجَلٍۢ مُّسَمًّى ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يَتَفَكَّرُونَ ﴿٤٢﴾
Аллах жандарды ажалы жеткенде алат. Ошондой ажалы келе элек уйкудагы жандарды да алат, өлөт деп өкүм кылынганын кармап калат,алэми Аллахтын илиминде белгилүүбир мөөнөткө чейин жашайт деп өкүм بلغ Куран · Тафсир кылынгандарды коё берет. Чындыгында жанды алууда, коё берүүдө, өлтүрүүдө жана тирилтүүдө – ушундай нерселерди кылган Аллах адамдардыөлгөндөн кийин сурак, сыйлык же жаза үчүн кайра тирилтүүгө кудуреттүү деп ой жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар
أَمِ ٱتَّخَذُوا۟ مِن دُونِ ٱللَّهِ شُفَعَآءَ ۚ قُلْ أَوَلَوْ كَانُوا۟ لَا يَمْلِكُونَ شَيْـًۭٔا وَلَا يَعْقِلُونَ ﴿٤٣﴾
Мушриктер Аллахтан башка өздөрүнүн айкел кудайлары пайда берет деген үмүттө аларды шапаатчы кылып алышты. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Алар силер үчүн жана өздөрү үчүн эч нерсеге ээлик кылбаса да, акыл жүгүртө албаса да аларды шапаатчы кылып алдыңарбы?! Алар сүйлөй албаган, укпаган, көрбөгөн, пайда-зыян бере албаган жансыз заттар»
قُل لِّلَّهِ ٱلشَّفَـٰعَةُ جَمِيعًۭا ۖ لَّهُۥ مُلْكُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۖ ثُمَّ إِلَيْهِ تُرْجَعُونَ ﴿٤٤﴾
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Бүткүл шапаат Аллахка гана таандык. Анын алдында Анын уруксатысыз эч ким шапаат кыла албайт, Өзү ыраазыболгондор гана шапаат кылышат. Асмандардын жана Жердин мүлкү жалгыз Ага гана таандык. Кийин кыяматта сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн жалгыз Ага гана кайтасыңар. Ал силерге иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет»
وَإِذَا ذُكِرَ ٱللَّهُ وَحْدَهُ ٱشْمَأَزَّتْ قُلُوبُ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ ۖ وَإِذَا ذُكِرَ ٱلَّذِينَ مِن دُونِهِۦٓ إِذَا هُمْ يَسْتَبْشِرُونَ ﴿٤٥﴾
Эгерде Аллахтын Өзү гана эскерилсе, анда акыретке жана андагы кайра тирилүүгө, суракка, жаза-сыйлыкка ишенбеген мушриктердин жүрөгү иренжип баштайт. А эгер Аллахтан башка алар сыйынышкан кудайлары эскерилсе, ошол замат кубанып шаттанышат
قُلِ ٱللَّهُمَّ فَاطِرَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ عَـٰلِمَ ٱلْغَيْبِ وَٱلشَّهَـٰدَةِ أَنتَ تَحْكُمُ بَيْنَ عِبَادِكَ فِى مَا كَانُوا۟ فِيهِ يَخْتَلِفُونَ ﴿٤٦﴾
Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, Аллах! Асмандар менен Жерди мурда болбогондон көрүнүштө Жаратуучу, кайыпты да, учурду да Билүүчү. Сага булардын эч бири жашыруун эмес. Пенделер дүйнөдө талашып тартышкан нерселерге кыяматта Өзүн гана өкүм чыгарасың. Ошондочынчыл менен жалганчы, бактылуу менен бактысыз анык болот»
وَلَوْ أَنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ مَا فِى ٱلْأَرْضِ جَمِيعًۭا وَمِثْلَهُۥ مَعَهُۥ لَٱفْتَدَوْا۟ بِهِۦ مِن سُوٓءِ ٱلْعَذَابِ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۚ وَبَدَا لَهُم مِّنَ ٱللَّهِ مَا لَمْ يَكُونُوا۟ يَحْتَسِبُونَ ﴿٤٧﴾
Эгер ширк жана күнөө кылып өзүнө зулум кылгандарга жер бетиндеги бардык байлыктар жана андан бир нече эсе көп байлык таандык болсо, кайра тирилүүдөн кийин көрө турган катуу азаптан кутулуу үчүн байлыктын баарын садага чаап жибермек. Бирок, аларга андай кылууга уруксат берилбейт. Чындап аларда ошончо мүлкү болсо да, баарыбир кабылкылынбайт.Аллахтараптан алар үчүн күтүлбөгөндөй азаптын түрлөрүачыкка чыгат. وبدا لهم سئات ما كسبواوحاق بهم ما كانوابه يستهزءون
وَبَدَا لَهُمْ سَيِّـَٔاتُ مَا كَسَبُوا۟ وَحَاقَ بِهِم مَّا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ ﴿٤٨﴾
Алар кылган ширк жана күнөөлөрү ачыкка чыгат жана аларга дүйнөдө коркутуу иретинде айтылганда шылдыңдаган азап алардыороп алат. بلغ Куран · Тафсир ر
فَإِذَا مَسَّ ٱلْإِنسَـٰنَ ضُرٌّۭ دَعَانَا ثُمَّ إِذَا خَوَّلْنَـٰهُ نِعْمَةًۭ مِّنَّا قَالَ إِنَّمَآ أُوتِيتُهُۥ عَلَىٰ عِلْمٍۭ ۚ بَلْ هِىَ فِتْنَةٌۭ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٤٩﴾
يعلمون Эгерде каапыр адам ооруга же жакырлыкка кабылса, Биз аны куткарышыбыз үчүн дуба кылат. Кийин Биз ага жакшылык кылып ден-соолук же байлык берсек, ал каапыр: «Аллах мага муну татыктуу экенимди билген үчүн гана берди» – дейт. Чынында бул сыноо жана акырындык менен жазалоо болчу. Бирок каапырлардын көпчүлүгү муну билишпейт. Аллах аларга берген жакшылыктар себептүү куру кыялдарга азгырылышат
قَدْ قَالَهَا ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ فَمَآ أَغْنَىٰ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَكْسِبُونَ ﴿٥٠﴾
Бул сөздү алардан мурунку каапырлар да айтышкан. Бирок аларга тапкан байлыктары, кадыр-барктары эч кандай пайда берген жок
فَأَصَابَهُمْ سَيِّـَٔاتُ مَا كَسَبُوا۟ ۚ وَٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ مِنْ هَـٰٓؤُلَآءِ سَيُصِيبُهُمْ سَيِّـَٔاتُ مَا كَسَبُوا۟ وَمَا هُم بِمُعْجِزِينَ ﴿٥١﴾
Кийин алар кылган ширк жана күнөөлөрдүн жазасын өздөрүтартышты.Ширк жана күнөөлөрдүкылып өздөрүнө зулум кылган азыркыадамдар мурункулардай сыяктууэле кылган күнөөлөрүн жазасын алышат.Алар Аллахтан эч качан кутула алышпайт жана Ага үстөмдүк да кыла алышпайт
أَوَلَمْ يَعْلَمُوٓا۟ أَنَّ ٱللَّهَ يَبْسُطُ ٱلرِّزْقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقْدِرُ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يُؤْمِنُونَ ﴿٥٢﴾
Ал мушриктер сөз кылып жатышабы, Аллах сынаш үчүн Өзү каалаганга ырыскыны кенен кылып берерин, ошондой эле Аллахтын тагдырына ким сабыр кыларын же кыжырданарын билиш үчүн Өзү каалаганга ырыскысын тарытарын билишпейби?! Чындыгында бул айтылган ырыскынын кенендиги, тарлыгы сыяктуу нерселерде – ыймандуу адамдар үчүн Аллахтын башкаруусун билдирген аят-белгилер бар. Анткени мына ошолор аят- белгилерден пайда алышат. Ал эми каапырлар болсоалардыэлес алышпайт жана алардан жүз бурушат
۞ قُلْ يَـٰعِبَادِىَ ٱلَّذِينَ أَسْرَفُوا۟ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمْ لَا تَقْنَطُوا۟ مِن رَّحْمَةِ ٱللَّهِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَغْفِرُ ٱلذُّنُوبَ جَمِيعًا ۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلْغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ ﴿٥٣﴾
Оо, пайгамбар! Аллахка ширк кылып жана күнөөлөрдү кылып чектен чыккан пенделериме айт: «Аллахтын ырайымынан жана күнөөлөрүңөрдү кечирүүсүнөн үмүт үзбөгүлө! Чындыгында Аллах тообо кылгандардын бардык күнөөлөрүн кечирет. Чындыгында Ал тообокылуучулардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу»
وَأَنِيبُوٓا۟ إِلَىٰ رَبِّكُمْ وَأَسْلِمُوا۟ لَهُۥ مِن قَبْلِ أَن يَأْتِيَكُمُ ٱلْعَذَابُ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ ﴿٥٤﴾
Тообо жана жакшы иштерди кылуу менен Раббиңерге кайткыла жана силерге кыяматтагы азап келишинен мурун Ага ээрчигиле!Болбосокийин кудайларыңардан жана үй-бүлөңөрдөн силерди азаптан куткарып жардам берген эч кимди таппайсыңар. بلغ Куран · Тафсир
وَٱتَّبِعُوٓا۟ أَحْسَنَ مَآ أُنزِلَ إِلَيْكُم مِّن رَّبِّكُم مِّن قَبْلِ أَن يَأْتِيَكُمُ ٱلْعَذَابُ بَغْتَةًۭ وَأَنتُمْ لَا تَشْعُرُونَ ﴿٥٥﴾
Жана Раббиңер Өз элчисине түшүргөн эң сонун Курандыээрчигиле жана силер тообокылып даярдык көрө электе сездирбестен,күтүүсүз азап келгенге чейин анын буйруктарын аткаргыла жана тыйгандарын таштагыла
أَن تَقُولَ نَفْسٌۭ يَـٰحَسْرَتَىٰ عَلَىٰ مَا فَرَّطتُ فِى جَنۢبِ ٱللَّهِ وَإِن كُنتُ لَمِنَ ٱلسَّـٰخِرِينَ ﴿٥٦﴾
Силер кыяматта катуу өкүнүчтөн: «Аттиң ай, мен каапырлык жана күнөөлөр себептүү Аллахтын акысына көңүл кош караганым үчүн, ыймандуулардыжана Аллахка моюн сунгандардышылдыңдаганым үчүн мени өкүнүч басты!» –деп айтып калбашыңар үчүн мунуаткаргыла
أَوْ تَقُولَ لَوْ أَنَّ ٱللَّهَ هَدَىٰنِى لَكُنتُ مِنَ ٱلْمُتَّقِينَ ﴿٥٧﴾
Же болбосо ал тагдырды бетине кармап: «Эгер Аллах мага ийгилик бергенде мен дагы такыбалардан болмокмун, Анын буйруктарын аткармакмын,тыйгандарын таштамакмын»–деп айтат
أَوْ تَقُولَ حِينَ تَرَى ٱلْعَذَابَ لَوْ أَنَّ لِى كَرَّةًۭ فَأَكُونَ مِنَ ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿٥٨﴾
Же болбосо ал азапты өз көзү менен көргөндө: «Эгер мен дүйнөгө кайра кайтсам, мен Аллахка тообо кылмакмын, жакшылык иштерди кылган адамдардын катарында болмокмун»–деп айтат
بَلَىٰ قَدْ جَآءَتْكَ ءَايَـٰتِى فَكَذَّبْتَ بِهَا وَٱسْتَكْبَرْتَ وَكُنتَ مِنَ ٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿٥٩﴾
Сен туура жолду кыялданып ойлогондой болбойт! Сага Менин аят-белгилерим келгенде сен аны жалганга чыгаргансың, текеберлик кылгансың жана Аллахка, Анын аяттарына жана пайгамбарларына каапырлык кылгансың
وَيَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ تَرَى ٱلَّذِينَ كَذَبُوا۟ عَلَى ٱللَّهِ وُجُوهُهُم مُّسْوَدَّةٌ ۚ أَلَيْسَ فِى جَهَنَّمَ مَثْوًۭى لِّلْمُتَكَبِّرِينَ ﴿٦٠﴾
Аллахтын шериги бар, баласы бар деп Ага жалган жалаа жапкандардын жүздөрү кыяматта карарып кеткенин көрөсүң. Бул алардын бактысыз экендигинин белгиси. Аллахка жана Анын пайгамбарларына ыйман келтирүүгө текеберлик кылгандар үчүн тозоктоорун жок бекен?!Албетте,алар үчүн орундар бар!
وَيُنَجِّى ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوْا۟ بِمَفَازَتِهِمْ لَا يَمَسُّهُمُ ٱلسُّوٓءُ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ ﴿٦١﴾
Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондорду Аллах ийгилик жайы болгон бейишке киргизип азаптан сактайт. Аларга азап тийбейт жана алар дүйнөдө өткөрүп жиберген жыргалчылыктарга эч качан кайгырышпайт
ٱللَّهُ خَـٰلِقُ كُلِّ شَىْءٍۢ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ وَكِيلٌۭ ﴿٦٢﴾
Аллах бүткүл нерселердин Жаратуучусу, Андан башка Жаратуучу жок. Ал бардык нерсени Сактоочу. Ал иштерди башкарат жана аны Өзү каалагандай жолго салат. بلغ Куран · Тафсир
لَّهُۥ مَقَالِيدُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۗ وَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْخَـٰسِرُونَ ﴿٦٣﴾
Асмандар менен Жердеги жакшылык казыналарынын ачкычтарыжалгыз Ага гана таандык. Ал аныӨзү каалаганга берет, Өзү каалагандан тыйып коёт. Аллахтын аяттарына каапырлык кылгандар – мына ошолор жоготууга учурагандар. Анткени алар дүйнө жашоосунда ыймандан куру калыштыжана акыретте түбөлүк тозоккокиришти
قُلْ أَفَغَيْرَ ٱللَّهِ تَأْمُرُوٓنِّىٓ أَعْبُدُ أَيُّهَا ٱلْجَـٰهِلُونَ ﴿٦٤﴾
Оо, пайгамбар! Сени өздөрүнүн кудайларына сыйынууга азгырып жаткан мушриктерге айт: «Эй, Раббисине наадандык кылгандар! Силер мени Аллахтан башкага сыйынууга буйруп жатасыңарбы?! Жалгыз Аллахтан башка эч ким сыйынууга татыктуу эмес. Мен Андан башкага сыйынбайм»
وَلَقَدْ أُوحِىَ إِلَيْكَ وَإِلَى ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِكَ لَئِنْ أَشْرَكْتَ لَيَحْبَطَنَّ عَمَلُكَ وَلَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلْخَـٰسِرِينَ ﴿٦٥﴾
Оо, пайгамбар! Аллах сага жана сенден мурунку пайгамбарларга: «Эгерде сен Аллах менен катар башкага сыйынсаң, жакшы иштериңдин сооптору жок болуп кетет жана бул дүйнөдө диниңден куру калган, акыретте азапка туш болгон жоготууга учурагандардан болосуң» – деп вахий кылган
بَلِ ٱللَّهَ فَٱعْبُدْ وَكُن مِّنَ ٱلشَّـٰكِرِينَ ﴿٦٦﴾
Жалгыз Аллахтын Өзүнө гана сыйын, Ага эч кимди шерик кылба жана сага кылган жакшылыктары үчүн шүгүр кылгандар менен бирге бол!
وَمَا قَدَرُوا۟ ٱللَّهَ حَقَّ قَدْرِهِۦ وَٱلْأَرْضُ جَمِيعًۭا قَبْضَتُهُۥ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ وَٱلسَّمَـٰوَٰتُ مَطْوِيَّـٰتٌۢ بِيَمِينِهِۦ ۚ سُبْحَـٰنَهُۥ وَتَعَـٰلَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ ﴿٦٧﴾
عما يشركون Мушриктер Аллахка алсыз макулуктарды шерик кылып, Аны талаптагыдай улукташкан жок. Жана алар Аллахтын кудуреттүүлүгүнө көңүл бурушкан жок, Анын кудуреттүүлүгүнүн белгилеринен – жер бетиндеги тоолор, бак- дарактар, дарыялар, деңиздер кыямат күнү Анын чеңгелинде болот жана жети кабат асмандын баарысы Оң Колунда түрмөктөлгөн болот
وَنُفِخَ فِى ٱلصُّورِ فَصَعِقَ مَن فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَن فِى ٱلْأَرْضِ إِلَّا مَن شَآءَ ٱللَّهُ ۖ ثُمَّ نُفِخَ فِيهِ أُخْرَىٰ فَإِذَا هُمْ قِيَامٌۭ يَنظُرُونَ ﴿٦٨﴾
قيام ينظرون Ал күнү Сур кернейди тартууга жоопкер периште аны үйлөйт. Ошондо асмандар менен жердеги бардык жандуулар өлөт. Андан соң кайра тирилтүү үчүн Сурду экинчи жолу үйлөйт. Ошол замат бардык тирүү жан Аллах эми алардыэмне кылар экен деп күтүп туруп калышат
وَأَشْرَقَتِ ٱلْأَرْضُ بِنُورِ رَبِّهَا وَوُضِعَ ٱلْكِتَـٰبُ وَجِا۟ىٓءَ بِٱلنَّبِيِّـۧنَ وَٱلشُّهَدَآءِ وَقُضِىَ بَيْنَهُم بِٱلْحَقِّ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ ﴿٦٩﴾
Пенделердин ортосунда өкүм кылыш үчүн Рабби пайда болгондо Жер жаркырады, адамдардын иш-аракеттери жазылган баракчалар таркатылды, пайгамбарларды алып келишти, ошондой эле пайгамбарлар өз коомдоруна күбө болушуүчүн Мухаммад пайгамбардын үммөтүн да алып келишти.Аллахалардын баарына адилеттик менен بلغ Куран · Тафсир өкүм кылды. Ал күнү аларга зулумдук кылынбайт, эч бир адамдын күнөөсү көбөйтүлбөйт жана жакшылыктары азайтылбайт. ووفيت كل نفس ما عملت وهوأعلمبما يفعلون
وَوُفِّيَتْ كُلُّ نَفْسٍۢ مَّا عَمِلَتْ وَهُوَ أَعْلَمُ بِمَا يَفْعَلُونَ ﴿٧٠﴾
Аллах ар бир жандын кылган жакшылык же жамандык иштеринин жаза-сыйлыгын толук берет. Аллах алардын кылып жаткан иштерин билет.Алардын кылган жакшылык,жамандык иштеринин эчбири Ага жашыруун эмес.Ал күн келгенде алар кылган иштеринин сыйлыгын же жазасын алышат
وَسِيقَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِلَىٰ جَهَنَّمَ زُمَرًا ۖ حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءُوهَا فُتِحَتْ أَبْوَٰبُهَا وَقَالَ لَهُمْ خَزَنَتُهَآ أَلَمْ يَأْتِكُمْ رُسُلٌۭ مِّنكُمْ يَتْلُونَ عَلَيْكُمْ ءَايَـٰتِ رَبِّكُمْ وَيُنذِرُونَكُمْ لِقَآءَ يَوْمِكُمْ هَـٰذَا ۚ قَالُوا۟ بَلَىٰ وَلَـٰكِنْ حَقَّتْ كَلِمَةُ ٱلْعَذَابِ عَلَى ٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿٧١﴾
ى Периштелер Аллахка каапырлык кылгандардытоп-тобуменен кордогон абалда тозоккоалып келишет.Качан алар тозокко келгенде ага сакчылык кылган периштелер анын эшиктерин ачышат жана алардыжемелелеген абалда: «Силерге Раббиңер тараптан түшкөн аяттарды окуп берген, кыямат күндөгү катуу азаптар болгон жолугушуу тууралуукоркутуп эскерткен,өзүңөрдөн болгон пайгамбарлар келген жок беле?»– деп тосуп алышат.Каапырлык кылгандар моюндарына алып: «Ооба, ошонун баарысы болгон. Бирок азап сөзү каапырлардын башына түшөрү милдет экен. Биз каапырлардан болчубуз» – деп айтышат
قِيلَ ٱدْخُلُوٓا۟ أَبْوَٰبَ جَهَنَّمَ خَـٰلِدِينَ فِيهَا ۖ فَبِئْسَ مَثْوَى ٱلْمُتَكَبِّرِينَ ﴿٧٢﴾
Аларды кордош үчүн жана Аллахтын мээриминен жана тозоктон чыгууга үмүтсүз кылыш үчүн аларга айтылат: «Силер түбөлүк кала турган тозоктун эшиктеринен киргиле! Акыйкатка текеберлик кылгандардын жайыкандай жаман!»
وَسِيقَ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوْا۟ رَبَّهُمْ إِلَى ٱلْجَنَّةِ زُمَرًا ۖ حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءُوهَا وَفُتِحَتْ أَبْوَٰبُهَا وَقَالَ لَهُمْ خَزَنَتُهَا سَلَـٰمٌ عَلَيْكُمْ طِبْتُمْ فَٱدْخُلُوهَا خَـٰلِدِينَ ﴿٧٣﴾
Ал эми Раббисинин буйруктарын аткарып, Анын тыйгандарын таштап Андан корккон ыймандууларды периштелер сыпайылык,сый-урмат менен топ-топ кылып бейишке алып келишет.Качан алар бейишке келгенде анын эшиктери ачылат. Жана ага сакчылык кылган периштелер аларга: «Силерге жакпаган бардык нерселерден жана бүткүл жамандыктардан саламаттык болсун! Жүрөгүңөр да, ишиңер да таза болду. Эми силер түбөлүк кала турган бейишке киргиле!»– деп айтышат
وَقَالُوا۟ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ ٱلَّذِى صَدَقَنَا وَعْدَهُۥ وَأَوْرَثَنَا ٱلْأَرْضَ نَتَبَوَّأُ مِنَ ٱلْجَنَّةِ حَيْثُ نَشَآءُ ۖ فَنِعْمَ أَجْرُ ٱلْعَـٰمِلِينَ ﴿٧٤﴾
Ыймандуулар бейишке киргенде: «Пайгамбарлардын тили менен бизге берген убадасын аткарган Аллахка мактоолор болсун! Ал бизди бейишке киргизем, бейиш жерине мураскор кылам деп убада кылган. Эми биз анын каалаган жеринен орун алабыз. Раббисинин Жүзүн каалап жакшылык иштерди кылгандардын сыйлыгыкандай сонун!» – деп айтышат. بلغ Куран · Тафсир
وَتَرَى ٱلْمَلَـٰٓئِكَةَ حَآفِّينَ مِنْ حَوْلِ ٱلْعَرْشِ يُسَبِّحُونَ بِحَمْدِ رَبِّهِمْ ۖ وَقُضِىَ بَيْنَهُم بِٱلْحَقِّ وَقِيلَ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٧٥﴾
Бул улуу күндө периштелер Аллахты каапырлардын айткан Ага ылайыксыз сөздөрүнөн аруулап, Аршты тегеректеп турушат жана Аллах бардык макулуктардын ортосунда адилеттик менен өкүм кылат. Каалаганын урматтайт, каалаганын азаптайт. Жана айтылат: «Ыймандууларга ырайымдуулук менен, каапырларга азап менен өкүм кылган бүткүлмакулуктардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!». Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз