Башкы бетТафсирGhafir (40)

Тафсир Ghafir (40) — غافر

Меккелик · 85 аят

Окуу · УгууPDF файл

حمٓ ﴿١﴾

Хаа-миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген

تَنزِيلُ ٱلْكِتَـٰبِ مِنَ ٱللَّهِ ٱلْعَزِيزِ ٱلْعَلِيمِ ﴿٢﴾

Курандын баарын үстөм келүүчү Кудуреттүү, пенделеринин пайдасын Билүүчү Аллах тарабынан элчиси Мухаммадка түшүүсү

غَافِرِ ٱلذَّنۢبِ وَقَابِلِ ٱلتَّوْبِ شَدِيدِ ٱلْعِقَابِ ذِى ٱلطَّوْلِ ۖ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ إِلَيْهِ ٱلْمَصِيرُ ﴿٣﴾

Ал күнөөкөрлөрдүн күнөөлөрүн Кечирүүчү, тообо кылган пенделеринин тооболорун кабыл кылуучу, күнөөлөрүнө тообо кылбагандарды катуу жазалоочу, жакшылык жана айкөлдүк Ээси. Жалгыз Өзү гана сыйынууга татыктуу жана кыяматта пенделердин баарысы жалгыз Ага гана кайтып барышат. Ошондо аларга татыктуу болгон жазасын же сыйлыгын берет

مَا يُجَـٰدِلُ فِىٓ ءَايَـٰتِ ٱللَّهِ إِلَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ فَلَا يَغْرُرْكَ تَقَلُّبُهُمْ فِى ٱلْبِلَـٰدِ ﴿٤﴾

Аллахтын жалгыздыгына жана пайгамбарлардын чынчылдыгына далил болгон аят-белгилерге акылы бузук каапырлар гана каршы чыгып талашышат. Алар үчүн кайгырба жана аларга берилген кенен ырыскыга, жыргалчылыктарга азгырылба! Аларга мөөнөттүн берилиши – бул алардыакырындык менен жазалоо жана аларга карата колдонулган айлакерлик

كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍۢ وَٱلْأَحْزَابُ مِنۢ بَعْدِهِمْ ۖ وَهَمَّتْ كُلُّ أُمَّةٍۭ بِرَسُولِهِمْ لِيَأْخُذُوهُ ۖ وَجَـٰدَلُوا۟ بِٱلْبَـٰطِلِ لِيُدْحِضُوا۟ بِهِ ٱلْحَقَّ فَأَخَذْتُهُمْ ۖ فَكَيْفَ كَانَ عِقَابِ ﴿٥﴾

Алардан мурун Нухтун эли жалганга чыгарышты, Нухтун коомунан кийин жамааттар жалганга чыгарышкан, Аад жана Самуд коомдору, Луттун коому, Мадиян ээлери жалганга чыгарышты, ошондой эле Фараон да жалганга чыгарды. Ар бир коом аларга келген пайгамбарды кармап өлтүрүүнү көздөштү. Акыйкатты жок кылуу үчүн жалганды айтып талашып-тартышты. Ошондо Мен ошол коомдордун баарысын кармадым. Менин аларды жазалоом кандай болдудеп ойлойсуң.Өтө катаалжаза болду

وَكَذَٰلِكَ حَقَّتْ كَلِمَتُ رَبِّكَ عَلَى ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ أَنَّهُمْ أَصْحَـٰبُ ٱلنَّارِ ﴿٦﴾

Оо, пайгамбар! Аллах ал жалганчы коомдордун жок болушун өкүм кылган сыяктуу, аларга Раббиңдин каапырлык кылгандар тозок адамдарыдеген сөзүмилдет болду. بلغ Куран · Тафсир

ٱلَّذِينَ يَحْمِلُونَ ٱلْعَرْشَ وَمَنْ حَوْلَهُۥ يُسَبِّحُونَ بِحَمْدِ رَبِّهِمْ وَيُؤْمِنُونَ بِهِۦ وَيَسْتَغْفِرُونَ لِلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ رَبَّنَا وَسِعْتَ كُلَّ شَىْءٍۢ رَّحْمَةًۭ وَعِلْمًۭا فَٱغْفِرْ لِلَّذِينَ تَابُوا۟ وَٱتَّبَعُوا۟ سَبِيلَكَ وَقِهِمْ عَذَابَ ٱلْجَحِيمِ ﴿٧﴾

Оо, пайгамбар! Раббиңдин Аршын көтөргөн жана анын айланасында турган периштелер Раббисин Ага ылайык келбеген нерселерден аруулашат, ага ыйман келтиришет жана Аллахка ыйман келтиргендерге кечирим тилеп дуба кылышат: «Раббибиз! Сенин илимиң жана ырайымың бүткүл нерсени камтып турат. Күнөөлөрүнө тообо кылгандарды,диниңди ээрчигендерди кечир жана алардытозоккотийгизбей сакта!»

رَبَّنَا وَأَدْخِلْهُمْ جَنَّـٰتِ عَدْنٍ ٱلَّتِى وَعَدتَّهُمْ وَمَن صَلَحَ مِنْ ءَابَآئِهِمْ وَأَزْوَٰجِهِمْ وَذُرِّيَّـٰتِهِمْ ۚ إِنَّكَ أَنتَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿٨﴾

Периштелер айтышат: «Раббибиз! Ыймандууларды Өзүң киргизем деп убада кылган бейишке киргиз жана алар менен бирге жакшыиштерди кылган ата-бабаларын, жубайларын жана бала-чакаларын киргиз. Чындыгында Сен эч кимге жеңилбеген Кудуреттүүсүң, тагдыр кылууда жана башкарууда Даанышмансың

وَقِهِمُ ٱلسَّيِّـَٔاتِ ۚ وَمَن تَقِ ٱلسَّيِّـَٔاتِ يَوْمَئِذٍۢ فَقَدْ رَحِمْتَهُۥ ۚ وَذَٰلِكَ هُوَ ٱلْفَوْزُ ٱلْعَظِيمُ ﴿٩﴾

Аларды кылган иштеринин жамандыгынан сакта, амалдары үчүн аларды азаптаба. Кыяматта кимди кылган жаман иштеринин жазасынан сактасаң, демек ага ырайым кылган болосуң. Бул азаптан сактоо жана бейишке кирүү аркылуу ырайымга жетүү мына ушул теңдешсиз улуу жеңиш

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ يُنَادَوْنَ لَمَقْتُ ٱللَّهِ أَكْبَرُ مِن مَّقْتِكُمْ أَنفُسَكُمْ إِذْ تُدْعَوْنَ إِلَى ٱلْإِيمَـٰنِ فَتَكْفُرُونَ ﴿١٠﴾

Аллахка жана Анын элчилерине каапырлык кылгандар кыяматта тозокко киргенде өздөрүн жек көрүп, каргыш айтып мындай деп чакырык салышат:«Аллахтын силерге болгон жек көрүүсү–өзүңөрдүжек көргөндөн да күчтүү. Анткени дүйнөдө силерди Аллахка ыйман келтирүүгө чакырганда Ага каапырлык кылдыңар, Аны менен катар башкаларды кудай туттуңар»

قَالُوا۟ رَبَّنَآ أَمَتَّنَا ٱثْنَتَيْنِ وَأَحْيَيْتَنَا ٱثْنَتَيْنِ فَٱعْتَرَفْنَا بِذُنُوبِنَا فَهَلْ إِلَىٰ خُرُوجٍۢ مِّن سَبِيلٍۢ ﴿١١﴾

Каапырларга тообо кылуу жана моюнга алуу пайда бербеген кезде алар күнөөлөрүн моюндарына алып мындай деп айтышты: «Раббибиз! Сен бизди жок кезибизде эки жолу өлтүрүп, кайра жараттың. Кийин ошол жаратуудан кийин бизди кайра өлтүрдүң. Жана бизди кайра тирилтүү менен жоктон бар кылып эки жолу тирилттиң. Биз кылган күнөөлөрүбүздү мойнубузга алабыз. Биз үчүн тозоктон чыгуунун жолу барбы, биз жашоого кайра кайтып, жакшы иштерди кылалы, ошондо Сен бизден ыраазы болосуң?!»

ذَٰلِكُم بِأَنَّهُۥٓ إِذَا دُعِىَ ٱللَّهُ وَحْدَهُۥ كَفَرْتُمْ ۖ وَإِن يُشْرَكْ بِهِۦ تُؤْمِنُوا۟ ۚ فَٱلْحُكْمُ لِلَّهِ ٱلْعَلِىِّ ٱلْكَبِيرِ ﴿١٢﴾

Силерге берилген азаптын себеби – силерди Аллахка эч кимди шерик кылбастан, Ага гана сыйынууга чакырганда, Ага каапырлык кылдыңар, Ага шериктерди коштуңар. Эгерде Аллах менен катар кайсы бир шерикке сыйынган болсо, ага ишендиңер. Өкүм кылуу жалгыз Аллахтын Өзүнө гана таандык. Ал Өз Заты, кудурети, үстөмдүгү менен Бийик, бүткүл нерседен жогору болгон Улук. بلغ Куран · Тафсир

هُوَ ٱلَّذِى يُرِيكُمْ ءَايَـٰتِهِۦ وَيُنَزِّلُ لَكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ رِزْقًۭا ۚ وَمَا يَتَذَكَّرُ إِلَّا مَن يُنِيبُ ﴿١٣﴾

Аллах силерге Өзүнүн кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдириш үчүн мейкиндикте жана өзүңөрдө аят- белгилерди көргөзөт. Ошондой эле өсүмдүктөр жана эгинзарлар сыяктуу ырыскыңарга себеп болуш үчүн асмандан жамгыр суусун түшүрдү. Аллахтын аят-белгилеринен Ага чын ыкластан тообокылып кайткан адамдар гана сабак алышат

فَٱدْعُوا۟ ٱللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ وَلَوْ كَرِهَ ٱلْكَـٰفِرُونَ ﴿١٤﴾

Оо, ыймандуулар! Каапырлар жаман көрүп, кыжырланса да Аллахка ширк кылбастан, Ага чын ыкластан баш ийип жана дуба кылып жалбаргыла

رَفِيعُ ٱلدَّرَجَـٰتِ ذُو ٱلْعَرْشِ يُلْقِى ٱلرُّوحَ مِنْ أَمْرِهِۦ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنْ عِبَادِهِۦ لِيُنذِرَ يَوْمَ ٱلتَّلَاقِ ﴿١٥﴾

Ал – адамдардын Ага чын ыкластан дуба кылып кайрылуусуна жана баш ийүүсүнө татыктуу. Ал бүткүл макулуктардан даражасы Бийик жана улуу Арштын Ээси. Ал пенделерин жандантуу үчүн жана алар башкаларды жандандырууларыүчүн,ошондой эле абалкылар менен акыркылар чогулган кыямат күнүнөн адамдардыкоркутуш үчүн пенделеринен Өзүкаалаганына вахий түшүрөт

يَوْمَ هُم بَـٰرِزُونَ ۖ لَا يَخْفَىٰ عَلَى ٱللَّهِ مِنْهُمْ شَىْءٌۭ ۚ لِّمَنِ ٱلْمُلْكُ ٱلْيَوْمَ ۖ لِلَّهِ ٱلْوَٰحِدِ ٱلْقَهَّارِ ﴿١٦﴾

ى Ал күнү алар ачык түрдө бир жерге чогулушат. Аллахка алардын эч бир нерсеси жашыруун болбойт, өздөрү да, иштери да, сыйлык-жазалары да жашыруун болбойт. Ал: «Бүгүн бийлик кимге таандык?» – деп сурайт. Ошондо анын бир гана жообу болот: «Бийлик Өз Затында, сыпаттарында жана иш-аракеттеринде Жалгыз болгон жана бүткүл нерсеге үстөмдүк кылган, бүткүл нерселер Ага гана баш ийген Каардуу Аллахка гана таандык»

ٱلْيَوْمَ تُجْزَىٰ كُلُّ نَفْسٍۭ بِمَا كَسَبَتْ ۚ لَا ظُلْمَ ٱلْيَوْمَ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَرِيعُ ٱلْحِسَابِ ﴿١٧﴾

Ал күнү ар бир жан кылган ишине жараша жазасын алат, жакшылык болсожакшылык, жамандык болсожамандык. Ал күнү эч кандай зулумдук болбойт. Анткени өкүм кылуу адилеттүү Аллах. Чындыгында Аллах пенделерин толук билгени себептүүалардытездик менен суракка алуучу

وَأَنذِرْهُمْ يَوْمَ ٱلْـَٔازِفَةِ إِذِ ٱلْقُلُوبُ لَدَى ٱلْحَنَاجِرِ كَـٰظِمِينَ ۚ مَا لِلظَّـٰلِمِينَ مِنْ حَمِيمٍۢ وَلَا شَفِيعٍۢ يُطَاعُ ﴿١٨﴾

Оо, пайгамбар! Аларды кыямат күнү менен коркут. Ал жакындап калган кыямат келет, ал эми келери күтүлгөн ар бир нерсе жакын. Ал күндө жүрөктөр катуу коркунучтан улам адамдардын алкымына тыгылып, Ырайымдуу алардын арасынан уруксат бергендери гана сүйлөй алышат. Ширк жана күнөө кылып өздөрүнө зыян берген залымдар үчүн эчкандай дос,жакын жана ага өз эрки менен шапаат кылуучуболбойт

يَعْلَمُ خَآئِنَةَ ٱلْأَعْيُنِ وَمَا تُخْفِى ٱلصُّدُورُ ﴿١٩﴾

Аллахадамдардын байкатпай тиктеген кыянат көз карашын да билет.Алардын эчбири Ага жашыруун эмес. بلغ Куран · Тафсир

وَٱللَّهُ يَقْضِى بِٱلْحَقِّ ۖ وَٱلَّذِينَ يَدْعُونَ مِن دُونِهِۦ لَا يَقْضُونَ بِشَىْءٍ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْبَصِيرُ ﴿٢٠﴾

Аллах адилеттик менен өкүм кылат. Эч кимге кылган жакшылыктары кемитилип же күнөөлөрү көбөйтүлүп зулумдук кылынбайт. Ал эми мушриктер сыйынган Аллахтан башка кудайларыэч нерсени өкүм кыла алышпайт. Анткени алар эч бир нерсеге ээ эмес. Чындыгында Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, алардын ниеттерин жана иштерин Көрүүчү. Жакында ал үчүн аларга сыйлыгын же жазасын берет

۞ أَوَلَمْ يَسِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَيَنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ كَانُوا۟ مِن قَبْلِهِمْ ۚ كَانُوا۟ هُمْ أَشَدَّ مِنْهُمْ قُوَّةًۭ وَءَاثَارًۭا فِى ٱلْأَرْضِ فَأَخَذَهُمُ ٱللَّهُ بِذُنُوبِهِمْ وَمَا كَانَ لَهُم مِّنَ ٱللَّهِ مِن وَاقٍۢ ﴿٢١﴾

ه Мушриктер жер бетин кезип, алардан мурунку жалганчы коомдордун акыбети кандай болгонун ойлонуп көрүшпөйбү?Алардын акыбети жамандык менен бүткөн.Алкоомдор булардан кыйла күчтүүболушкан жана булар калтырбагандай имараттарды калтырышкан. Аллах аларды күнөөлөрү себептүү жок кылды. Аларды Аллахтын жазасынан эчбир нерсеىкоргоп кала алган жок

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ كَانَت تَّأْتِيهِمْ رُسُلُهُم بِٱلْبَيِّنَـٰتِ فَكَفَرُوا۟ فَأَخَذَهُمُ ٱللَّهُ ۚ إِنَّهُۥ قَوِىٌّۭ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ ﴿٢٢﴾

Алардын башына түшкөн алазаптын себеби – аларга Аллахтараптан ачык-айкын далилдер менен пайгамбарлар келишкен, бирок алар Аллахка каапырлык кылышты жана пайгамбарларын жалганга чыгарышты. Алардын ошончолук күчтүүлүгүнө карабастан, Аллах аларды кармап туруп жок кылды. Чындыгында Ал каапырлык кылгандарга жана пайгамбарларын жалганга чыгаргандарга Кубаттуу жана жазасыкатаал. ولقد أرسلنا موس بٔايتنا وسلطن مبين

وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مُوسَىٰ بِـَٔايَـٰتِنَا وَسُلْطَـٰنٍۢ مُّبِينٍ ﴿٢٣﴾

Биз Мусаны ачык аят-белгилерибиз менен, кескин далилдерибиз менен жибердик. إلى فرعون وهمن وقرون فقالواسحر كذاب

إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَهَـٰمَـٰنَ وَقَـٰرُونَ فَقَالُوا۟ سَـٰحِرٌۭ كَذَّابٌۭ ﴿٢٤﴾

Аны Фараонго, анын вазири Хаманга жана Карунга жибердик. Алар: «Муса сыйкырчы жана пайгамбармын деп айтып жаткан сөзүндө жалганчы»–дешти

فَلَمَّا جَآءَهُم بِٱلْحَقِّ مِنْ عِندِنَا قَالُوا۟ ٱقْتُلُوٓا۟ أَبْنَآءَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ مَعَهُۥ وَٱسْتَحْيُوا۟ نِسَآءَهُمْ ۚ وَمَا كَيْدُ ٱلْكَـٰفِرِينَ إِلَّا فِى ضَلَـٰلٍۢ ﴿٢٥﴾

فى ضلل Качан Муса аларга өзүнүн чынчылдыгын билдирген далил менен келгенде Фараон: «Муну менен бирге ыйман келтиргендин балдарын өлтүргүлө, алар үчүн кордук катары аялдарын тирүү калтыргыла» – деди. Каапырлардын ыймандуулардын санын азайткыла деп буйруп айла-амал кылышканыэч нерсеге жарабайт, таасири да болбойт

وَقَالَ فِرْعَوْنُ ذَرُونِىٓ أَقْتُلْ مُوسَىٰ وَلْيَدْعُ رَبَّهُۥٓ ۖ إِنِّىٓ أَخَافُ أَن يُبَدِّلَ دِينَكُمْ أَوْ أَن يُظْهِرَ فِى ٱلْأَرْضِ ٱلْفَسَادَ ﴿٢٦﴾

Фараон айтты: «Мени тоспогула, мен Мусаны өзүм жазалап өлтүрөм. Эми ал Раббисине сакта деп жалбарсын. Бирок мен анын жалбарганына карабайм.Менин коркконум –алсилердин тутунган диниңерди өзгөртүп жиберет же жер бетинде өлтүрүү, талкалоосыяктуубузукулуктар жайылат». بلغ Куран · Тафсир

وَقَالَ مُوسَىٰٓ إِنِّى عُذْتُ بِرَبِّى وَرَبِّكُم مِّن كُلِّ مُتَكَبِّرٍۢ لَّا يُؤْمِنُ بِيَوْمِ ٱلْحِسَابِ ﴿٢٧﴾

Качан Муса Фараондун аны коркутканын билгенде мындай деди: «Мен өзүмдүн Раббимден жана силердин Раббиңерден акыйкатка жана ага ишенүүгө текеберлик кылган, кыямат күнүндөгү сурак жана жазага ыйман келтирбеген адамдардан коргоосун сураймын»

وَقَالَ رَجُلٌۭ مُّؤْمِنٌۭ مِّنْ ءَالِ فِرْعَوْنَ يَكْتُمُ إِيمَـٰنَهُۥٓ أَتَقْتُلُونَ رَجُلًا أَن يَقُولَ رَبِّىَ ٱللَّهُ وَقَدْ جَآءَكُم بِٱلْبَيِّنَـٰتِ مِن رَّبِّكُمْ ۖ وَإِن يَكُ كَـٰذِبًۭا فَعَلَيْهِ كَذِبُهُۥ ۖ وَإِن يَكُ صَادِقًۭا يُصِبْكُم بَعْضُ ٱلَّذِى يَعِدُكُمْ ۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهْدِى مَنْ هُوَ مُسْرِفٌۭ كَذَّابٌۭ ﴿٢٨﴾

مسرف كذ اب ОшондоФараондун туугандарынан болгон, адамдардан ыйманын жашырып жүргөн бир киши алардын Мусаны өлтүрөбүз деген ойлорун четке кагып мындай деди: «Силер эч кандай күнөөсү болбогон, Раббим – Аллах дегени үчүн эле адамды өлтүрө бересиңерби?! Ал силерге Аллах тараптан келген элчимин деген сөзүнүн чындык экендигин тастыктаган далилдерди алып келди го?! Эгерде ал жалган айткан болсо, анда жалганынын зыяны өзүнө тиет. А эгер айткан сөзү чын болсо, анда ал силерге убада кылып жаткан кээ бир азаптар көп өтпөй өз башыңарга түшүп жүрбөсүн. Чындыгында Аллах Анын чектеринен чыккандарды, Ага жана пайгамбарларына жалаа жапкандарды акыйкат жолго салбайт

يَـٰقَوْمِ لَكُمُ ٱلْمُلْكُ ٱلْيَوْمَ ظَـٰهِرِينَ فِى ٱلْأَرْضِ فَمَن يَنصُرُنَا مِنۢ بَأْسِ ٱللَّهِ إِن جَآءَنَا ۚ قَالَ فِرْعَوْنُ مَآ أُرِيكُمْ إِلَّا مَآ أَرَىٰ وَمَآ أَهْدِيكُمْ إِلَّا سَبِيلَ ٱلرَّشَادِ ﴿٢٩﴾

ى Оо, элим! Мисир жериндеги үстөм бийлик силердин гана колуңарда. Эгер Мусаныөлтүргөн үчүн бизге Аллахтын азабы келсе, бизди андан ким куткарат?». Фараон айтты: «Менин оюм – чечүүчү ой, менин өкүмүм – чечүүчү өкүм. Менин оюм – жамандыкты жана бузукулукту тосуш үчүн Мусаны өлтүрүш керек. Мен силерди туура нерсеге гана багыттайм»

وَقَالَ ٱلَّذِىٓ ءَامَنَ يَـٰقَوْمِ إِنِّىٓ أَخَافُ عَلَيْكُم مِّثْلَ يَوْمِ ٱلْأَحْزَابِ ﴿٣٠﴾

Ыйман келтирген адам элине наасат кылып айтты: «Эгерде силер зулумдук, канкордук кылып Мусаны өлтүрчү болсоңор, анда мен силердин башыңарга мурункулар сыяктуу жамаат-жамаат болуп пайгамбарларына каршы биригишип,кийин Аллахалардыжок кылгандай азап келүүсүнөн коркомун

مِثْلَ دَأْبِ قَوْمِ نُوحٍۢ وَعَادٍۢ وَثَمُودَ وَٱلَّذِينَ مِنۢ بَعْدِهِمْ ۚ وَمَا ٱللَّهُ يُرِيدُ ظُلْمًۭا لِّلْعِبَادِ ﴿٣١﴾

Нух коому, Аад жана Самуд, ошондой эле алардан кийинки келгендер сыяктуу каапырлык кылгандарды жана пайгамбарларды жалганга чыгаргандарды – каапырлыктары жана пайгамбарларды жалганга чыгарышканы үчүн Аллах аларды жок кылды. Аллах пенделерине зулумдукту каалабайт. Ал аларга өздөрүнө ылайык жаза берип, күнөөлөрү үчүн гана азаптайт. بلغ Куран · Тафсир

وَيَـٰقَوْمِ إِنِّىٓ أَخَافُ عَلَيْكُمْ يَوْمَ ٱلتَّنَادِ ﴿٣٢﴾

Оо, элим! Чындыгында мен силер үчүн кыямат күнүнөн коркомун. Ал күнү адамдар туугандыгы же кадыр- барктуулугуошондой коркунучтууабалда аларга жардам берет деген ойдобири-бирин атап чакырышат

يَوْمَ تُوَلُّونَ مُدْبِرِينَ مَا لَكُم مِّنَ ٱللَّهِ مِنْ عَاصِمٍۢ ۗ وَمَن يُضْلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِنْ هَادٍۢ ﴿٣٣﴾

Силер ал күнү тозоктон артыңардыкарабай жандалбастап качасыңар. Силерди Аллахтын азабынан коргоп кала тургандай эч бир нерсе болбойт. Аллах кимди жардамсыз таштап, ыйман келтирүүгө ийгилик бербесе, анда аныэч ким туура жолгосала албайт. Анткени туура жолгоийгилик берүү Аллахтын гана колунда

وَلَقَدْ جَآءَكُمْ يُوسُفُ مِن قَبْلُ بِٱلْبَيِّنَـٰتِ فَمَا زِلْتُمْ فِى شَكٍّۢ مِّمَّا جَآءَكُم بِهِۦ ۖ حَتَّىٰٓ إِذَا هَلَكَ قُلْتُمْ لَن يَبْعَثَ ٱللَّهُ مِنۢ بَعْدِهِۦ رَسُولًۭا ۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ مَنْ هُوَ مُسْرِفٌۭ مُّرْتَابٌ ﴿٣٤﴾

Мусага чейин Юсуф да силерге Аллахтын жалгыздыгына ачык далилдерди алып келген. Силер болсо ал алып келген нерсеге шектенип, жалганга чыгардыңар. Качан ал өлгөндө шек-күмөн кылууңар күч алып: «Аллах андан кийин пайгамбар жибербейт» – дедиңер. Силердин акыйкаттан адашканыңар сыяктуу Аллах бардык чектен чыккандарды,Анын жалгыздыгына шектенгендерди адаштырат

ٱلَّذِينَ يُجَـٰدِلُونَ فِىٓ ءَايَـٰتِ ٱللَّهِ بِغَيْرِ سُلْطَـٰنٍ أَتَىٰهُمْ ۖ كَبُرَ مَقْتًا عِندَ ٱللَّهِ وَعِندَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ۚ كَذَٰلِكَ يَطْبَعُ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ قَلْبِ مُتَكَبِّرٍۢ جَبَّارٍۢ ﴿٣٥﴾

كل قلب متكبرجبار Аллахтын аят-белгилерин жокко чыгаруу үчүн далилсиз талашып-тартышкандардын бул кылганы – Аллахтын алдында, Ага жана пайгамбарларга ыйман келтиргендердин алдында ушунчалык жек көрүндү иш. Биздин аят- белгилерибизди жокко чыгаруу максатта талашып-тартышкандын жүрөктөрүнө Аллах мөөр баскан сыяктуу акыйкатка текеберлик кылгандардын да жүрөктөрүнө мөөр басты. Ал аларды тууралыкка багыттабайт жана жакшылыкка жол көргөзбөйт

وَقَالَ فِرْعَوْنُ يَـٰهَـٰمَـٰنُ ٱبْنِ لِى صَرْحًۭا لَّعَلِّىٓ أَبْلُغُ ٱلْأَسْبَـٰبَ ﴿٣٦﴾

Фараон вазири Хаманга айтты: «Эй, Хаман! Мага бийик имарат курчу, мен жолдоргожетсем дейм

أَسْبَـٰبَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ فَأَطَّلِعَ إِلَىٰٓ إِلَـٰهِ مُوسَىٰ وَإِنِّى لَأَظُنُّهُۥ كَـٰذِبًۭا ۚ وَكَذَٰلِكَ زُيِّنَ لِفِرْعَوْنَ سُوٓءُ عَمَلِهِۦ وَصُدَّ عَنِ ٱلسَّبِيلِ ۚ وَمَا كَيْدُ فِرْعَوْنَ إِلَّا فِى تَبَابٍۢ ﴿٣٧﴾

Балким асмандарга жеткирген жолдоргожетсем, Мусанын чыныгысыйынууга татыктуу деген кудайын көрөт элем. Бирок мен Мусанын айтып жаткан сөздөрүн жалган деп ойлойм».Качан Фараон Хамандан ошонуталап кылганда анын кылган ишинин жамандыгы ага кооз көргөзүлдү жана акыйкат жолдон чыгып, адашуу жолуна түштү. Фараондун жалгандыүстөм кылам, Муса алып келген акыйкаттыжокко чыгарам деген айла-амалыжокко учурады. Анткени анын акыбети – ишинин оңунан чыкпашына, аракетинин жокко учурашына жана эч качан бүтпөгөн бактысыздыкка алып барат. بلغ Куран · Тафсир

وَقَالَ ٱلَّذِىٓ ءَامَنَ يَـٰقَوْمِ ٱتَّبِعُونِ أَهْدِكُمْ سَبِيلَ ٱلرَّشَادِ ﴿٣٨﴾

Фараондун туугандарынан болгон ыймандуу адам өз коомуна насаат кылып, аларды акыйкат жолго багыттап мындай деп айтты: «Оо, элим! Мени ээрчигиле, мен силерге туура жолду жана акыйкатка карай багыттыкөргөзөм

يَـٰقَوْمِ إِنَّمَا هَـٰذِهِ ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَا مَتَـٰعٌۭ وَإِنَّ ٱلْـَٔاخِرَةَ هِىَ دَارُ ٱلْقَرَارِ ﴿٣٩﴾

Оо, элим! Чындыгында бул дүйнө жашоосу убактылуу гана ырахат. Андыктан ал силерди убактылуу ырахаттар менен алдап койбосун. Ал эми акырет жайы – эч качан түгөнбөгөн жыргалчылыктарга толгон, түбөлүк кала турган жай. Аллахка моюн сунуу менен ага жетүүгө аракет кылгыла жана акырет иштерин таштап, дүйнө жашоосу менен гана алек болуудан сак болгула

مَنْ عَمِلَ سَيِّئَةًۭ فَلَا يُجْزَىٰٓ إِلَّا مِثْلَهَا ۖ وَمَنْ عَمِلَ صَـٰلِحًۭا مِّن ذَكَرٍ أَوْ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤْمِنٌۭ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ يَدْخُلُونَ ٱلْجَنَّةَ يُرْزَقُونَ فِيهَا بِغَيْرِ حِسَابٍۢ ﴿٤٠﴾

يرزقون فيها بغيرحساب Кимде-ким күнөө иш кылса, анда ал ошол ишине жараша гана жазасын алат, ага ашыкча жаза берилбейт. Ал эми эркек болобу же аял болобу, Аллахка жана пайгамбарларга ыйман келтирип, Анын жүзүн каалап жакшылык иш кылса, анда ушундай асыл сыпаттарга ээ болгон адамдар кыямат күнү бейишке киришет. Ал жайда Аллах аларга Өзү даярдап койгон мөмө-жемиштерден жана түгөнбөгөн түбөлүк жыргалчылыктардан эсепсиз ырыскыкылып берет

۞ وَيَـٰقَوْمِ مَا لِىٓ أَدْعُوكُمْ إِلَى ٱلنَّجَوٰةِ وَتَدْعُونَنِىٓ إِلَى ٱلنَّارِ ﴿٤١﴾

Оо, элим! Мен силерди бул дүйнөдө жана акыретте Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылып кыйроодон аман калууга чыкырып жатсам, анда эмнеге силер мени Аллахка каапырлык кылууга, Ага баш ийбестикке үндөп тозоккокирүүгө чакырып жатасыңар?!

تَدْعُونَنِى لِأَكْفُرَ بِٱللَّهِ وَأُشْرِكَ بِهِۦ مَا لَيْسَ لِى بِهِۦ عِلْمٌۭ وَأَنَا۠ أَدْعُوكُمْ إِلَى ٱلْعَزِيزِ ٱلْغَفَّـٰرِ ﴿٤٢﴾

Силер мени Аллахка каапыр болуп,Аныменен катар сыйынууга туура келер-келбестигин билбестен туруп Андан башкага сыйынат деген үмүттө мени жалганыңарга чакырып жатасыңар. А мен болсо силерди жеңилбес Кудуреттүү, пенделерине чексиз Кечиримдүү Аллахка ыйман келтирүүгө чакырып жатам

لَا جَرَمَ أَنَّمَا تَدْعُونَنِىٓ إِلَيْهِ لَيْسَ لَهُۥ دَعْوَةٌۭ فِى ٱلدُّنْيَا وَلَا فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ وَأَنَّ مَرَدَّنَآ إِلَى ٱللَّهِ وَأَنَّ ٱلْمُسْرِفِينَ هُمْ أَصْحَـٰبُ ٱلنَّارِ ﴿٤٣﴾

Акыйкатта силер мени ыйман келтирүүгө жана моюн сунууга чакырып жаткан кудайыңар бул дүйнөдө жана акыретте бир да жолу дуба кылынууга татыктуу эмес, ал дуба кылгандарга жооп да бере албайт. Жана баарыбыз Аллахтын Өзүнө кайтып барабыз, ал эми каапырлыкта, жана күнөө кылууда чектен чыккандар – мына ошолор кыямат күнүтозоккотүшө турган адамдар». بلغ Куран · Тафсир

فَسَتَذْكُرُونَ مَآ أَقُولُ لَكُمْ ۚ وَأُفَوِّضُ أَمْرِىٓ إِلَى ٱللَّهِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ بَصِيرٌۢ بِٱلْعِبَادِ ﴿٤٤﴾

Алар анын насаатын кабылдашкан жок.Ошондоалайтты:«Менин силерге айткан насаатымдыкийин эстейсиңер, кабыл албай койгонуңарга катуу өкүнөсүңөр. Мен бүткүл ишимди Аллахка гана тапшырам. Чындыгында пенделердин кылган иштеринин эчбири Аллахка жашыруун эмес»

فَوَقَىٰهُ ٱللَّهُ سَيِّـَٔاتِ مَا مَكَرُوا۟ ۖ وَحَاقَ بِـَٔالِ فِرْعَوْنَ سُوٓءُ ٱلْعَذَابِ ﴿٤٥﴾

Алар аныөлтүрөбүз дешкенде Аллаханыалардын айла-амалдарынан сактап калды. Ал эми Фараондун үй-бүлөсүн сууга чөктүрүү азабы ороп алды. Аллах аны жана бардык аскеринيбул дүйнөдөو сууга чөктүрдү

ٱلنَّارُ يُعْرَضُونَ عَلَيْهَا غُدُوًّۭا وَعَشِيًّۭا ۖ وَيَوْمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ أَدْخِلُوٓا۟ ءَالَ فِرْعَوْنَ أَشَدَّ ٱلْعَذَابِ ﴿٤٦﴾

Алар өлгөндөн кийин эртең менен жана кечинде алардын кабырларында тозок оту көргөзүлүп турат. Ал эми кыямат күнү айтылат: «Фараонду ээрчигендерди катуу жана катаал азапка киргизгиле! Анткени алар каапырлык кылышты, жалганга чыгарыштыжана Аллахтын жолунан тосушту»

وَإِذْ يَتَحَآجُّونَ فِى ٱلنَّارِ فَيَقُولُ ٱلضُّعَفَـٰٓؤُا۟ لِلَّذِينَ ٱسْتَكْبَرُوٓا۟ إِنَّا كُنَّا لَكُمْ تَبَعًۭا فَهَلْ أَنتُم مُّغْنُونَ عَنَّا نَصِيبًۭا مِّنَ ٱلنَّارِ ﴿٤٧﴾

Оо, пайгамбар! Эстечи, тозокко түшкөндөрдөн болгон ээрчигендер жана ээрчиткендер өз ара талашып- тартышышат. Ошондо ээрчиген алсыздар аларды ээрчиткен текебер жол башчыларына айтышат: «Чындыгында биз дүйнөдө адашууда силерди ээрчигенбиз. Эми силер бизди Аллахтын азабынан бир аз болсо да арылта ل аласыңарбы?»

قَالَ ٱلَّذِينَ ٱسْتَكْبَرُوٓا۟ إِنَّا كُلٌّۭ فِيهَآ إِنَّ ٱللَّهَ قَدْ حَكَمَ بَيْنَ ٱلْعِبَادِ ﴿٤٨﴾

Ээрчиткен тебекер жол башчылары айтышты: «Чындыгында ээрчиткендерибиз да, ээрчигендерибиз да тозоктобуз. Арабыздан эч ким башканын азабын көтөрбөйт. Чындыгында Аллах пенделеринин ортосунда өкүм кылып, алардын ар бирине тытыктууболгон азаптыберди»

وَقَالَ ٱلَّذِينَ فِى ٱلنَّارِ لِخَزَنَةِ جَهَنَّمَ ٱدْعُوا۟ رَبَّكُمْ يُخَفِّفْ عَنَّا يَوْمًۭا مِّنَ ٱلْعَذَابِ ﴿٤٩﴾

Тозокто азапталып жаткандардын арасынан ээрчигендери да, ээрчиткендери да тозоктон чыгуудан жана дүйнө жашоосуна кайтып тообо кылуудан үмүт үзүшкөндө тозоктун сакчы периштелерине айтышты: «Раббиңерден биздеги түбөлүк азаптыбир күнгө болсода жеңилдетсин деп жалбарып сурагылачы»

قَالُوٓا۟ أَوَلَمْ تَكُ تَأْتِيكُمْ رُسُلُكُم بِٱلْبَيِّنَـٰتِ ۖ قَالُوا۟ بَلَىٰ ۚ قَالُوا۟ فَٱدْعُوا۟ ۗ وَمَا دُعَـٰٓؤُا۟ ٱلْكَـٰفِرِينَ إِلَّا فِى ضَلَـٰلٍ ﴿٥٠﴾

Тозок сакчыларыкаапырларга:«Силерге пайгамбарларыңар ачык-айкын далилдер менен келген жок беле?»–деп сурашканда каапырлар айтышты: «Ооба, алар бизге ачык-айкын далилдер менен келишкен». Сакчылар аларды шылдыңдап: «Анда өзүңөр жалбаргыла! Биз каапырларга ортомчу боло албайбыз. Каапырлардын жалынып- жалбаргандары алардын каапырлыгы себептүү кабыл кылынбастан текке кетет» – деп айтышты. بلغ Куран · Тафсир

إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ ٱلْأَشْهَـٰدُ ﴿٥١﴾

Чындыгында Биз пайгамбарларды жана бул дүйнөдө Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтиргендерди далилдерин үстөм кылып, аларды душмандарына каршы колдоп жардам беребиз. Ошондой эле аларга колдоо көргөзүп, аларды бейишке киргизебиз, душмандарын бул дүйнөдө жазалайбыз жана акыретте аларга пайгамбарларды, периштелерди жана ыймандууларды дааваттын жеткенине жана алардын жалганга чыгаргандарына күбө кылып тозоккокиргизебиз

يَوْمَ لَا يَنفَعُ ٱلظَّـٰلِمِينَ مَعْذِرَتُهُمْ ۖ وَلَهُمُ ٱللَّعْنَةُ وَلَهُمْ سُوٓءُ ٱلدَّارِ ﴿٥٢﴾

Ал күндө каапырлык жана күнөө кылып өздөрүнө зулумдук кылгандарга ал тууралуу шылтоолору пайда бербейт. Алар ал күнү Аллахтын ырайымынан кууп салынат жана акыретте алар үчүн жан кыйнаган азапка туш кылуучу эң жаман жай бар

وَلَقَدْ ءَاتَيْنَا مُوسَى ٱلْهُدَىٰ وَأَوْرَثْنَا بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ٱلْكِتَـٰبَ ﴿٥٣﴾

Биз Мусага Исраил урпактарын акыйкатка багыттаган илимди бердик жана Тоораттымуундан-муунга мурас болуп өткөн китеп кылып койдук

هُدًۭى وَذِكْرَىٰ لِأُو۟لِى ٱلْأَلْبَـٰبِ ﴿٥٤﴾

Ал акыйкат жолгокарай багыт жана туура акыл жүгүрткөндөр үчүн эскертме.ق

فَٱصْبِرْ إِنَّ وَعْدَ ٱللَّهِ حَقٌّۭ وَٱسْتَغْفِرْ لِذَنۢبِكَ وَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ بِٱلْعَشِىِّ وَٱلْإِبْكَـٰرِ ﴿٥٥﴾

Оо, пайгамбар! Элиңдин сени жалганга чыгарганына жана алардын зыяндарына сабыр кыл! Чындыгында Аллахтын сени колдойм жана жеңишке жеткирем деген убадасышек-күмөнсүз чындык. Ошондой эле күнөөң үчүн кечирим сура жана эртең менен жана кечинде Раббиңе мактоолорду айтып аруула!

إِنَّ ٱلَّذِينَ يُجَـٰدِلُونَ فِىٓ ءَايَـٰتِ ٱللَّهِ بِغَيْرِ سُلْطَـٰنٍ أَتَىٰهُمْ ۙ إِن فِى صُدُورِهِمْ إِلَّا كِبْرٌۭ مَّا هُم بِبَـٰلِغِيهِ ۚ فَٱسْتَعِذْ بِٱللَّهِ ۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْبَصِيرُ ﴿٥٦﴾

Аллахтын аят-белгилерин эч дайын-далилсиз эле жокко чыгарууга аракет кылып талашып-тартышкандардын мындай ишке баруусуна, алардын бой көтөрүүсү жана акыйкатты моюндабаган текеберлиги түртүп жатат. Алар бой көтөрүү менен көздөгөнүнө жете албайт. О, пайгамбар! Аллахтан коргоо сурагын! Чынында, Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Көрүүчү. Амалдардын эч бири Ага билинбей калбайт, жана ошол амалына жараша аларга сыйын же жазасын берет

لَخَلْقُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ أَكْبَرُ مِنْ خَلْقِ ٱلنَّاسِ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٥٧﴾

Акыйкатта эбегейсиз чоң жана кең болгон асмандар менен жерди жаратуу – адамдарды жараткандан да улуу нерсе. Ал экөөсүнүн улуулугуна карабастан алардыжараткан Аллах – өлүктөрдү да кабырларынан сурак жана жаза- сыйлык үчүн кайрадан тирилтүүгө кудуреттүү.Бирок адамдардын көпчүлүгүбилишпейт,сабак алышпайт жана بلغ Куран · Тафсир муну айкындыгына карабастан кайра тирилүүгө далил кылышпайт

وَمَا يَسْتَوِى ٱلْأَعْمَىٰ وَٱلْبَصِيرُ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ وَلَا ٱلْمُسِىٓءُ ۚ قَلِيلًۭا مَّا تَتَذَكَّرُونَ ﴿٥٨﴾

Көзү көргөн адам менен көрбөгөн адам тең эмес. Ошондой эле Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарлардын чынчылдыгын тастыктап, жакшылык иштерди кылгандар менен бузуку ишеним жана күнөөлөр себептүү жамандык иштерди кылгандар тең эмес. Силер өтө аз гана үлгү аласыңар. Эгер силер үлгү алганыңарда, анда бул эки топтун айырмасын билмексиңер, Аллахтын ыраазылыгын көздөп ыйман келтиргендерден жана жакшылык иштерди кылгандардан болууга жанталашмаксыңар

إِنَّ ٱلسَّاعَةَ لَـَٔاتِيَةٌۭ لَّا رَيْبَ فِيهَا وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يُؤْمِنُونَ ﴿٥٩﴾

Чындыгында Аллах сурак жана жаза-сыйлык үчүн өлүктөрдү кайра тирилткен Саат сөзсүз келет. Бирок көпчүлүк адамдар анын келишине ишенишпейт.Ошондуктан ага даярдык көрүшпөйт

وَقَالَ رَبُّكُمُ ٱدْعُونِىٓ أَسْتَجِبْ لَكُمْ ۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِى سَيَدْخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ ﴿٦٠﴾

Эй, адамдар! Раббиңер айтты: «Жалгыз Мага сыйынгыла жана Менден сурагыла, Мен силердин дубаңарга жооп берем, силерди кечирем жана ырайым кылам. Чындыгында Мага гана сыйынбастан текеберлик кылгандар кыяматта кор болгон абалда тозоккокиришет»

ٱللَّهُ ٱلَّذِى جَعَلَ لَكُمُ ٱلَّيْلَ لِتَسْكُنُوا۟ فِيهِ وَٱلنَّهَارَ مُبْصِرًا ۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَذُو فَضْلٍ عَلَى ٱلنَّاسِ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَشْكُرُونَ ﴿٦١﴾

يشكرون Аллах силер эс алууңар үчүн түндү караңгыкылып койду жана тиричилик кылууңар үчүн күндүздү жарык кылып койду. Чындыгында Аллах адамдарга жалпы жана жеке жакшылыктарды берген улуу артыкчылык Ээси. Бирок адамдардын көпчүлүгүАллахтын аларга берген жакшылыктарына шүгүр кылышпайт

ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمْ خَـٰلِقُ كُلِّ شَىْءٍۢ لَّآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ فَأَنَّىٰ تُؤْفَكُونَ ﴿٦٢﴾

Силерге жакшылыктарды берген ушул Аллах – Ал бүткүл нерселердин Жаратуучусу, Андан башка Жаратуучу жок, Ал Өзү гана сыйынууга татыктуу. Анан кандайча силер Аллахка сыйынбастан туруп, кайдагы бир пайда да, зыян да бере албаган башка нерселерге сыйынып жатасыңар?!

كَذَٰلِكَ يُؤْفَكُ ٱلَّذِينَ كَانُوا۟ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ يَجْحَدُونَ ﴿٦٣﴾

Ал аларды Аллахка ыйман келтирип, жалгыз Ага сыйынуудан бурганы сымал, Аллахтын жалгыздыгын билдирген аят-белгилерди четке каккандарды да бардык жерде, бардык учурда андан буруп коёт, аларды акыйкатка багыттабайт жана тууралыкка ийгилик бербейт. بلغ Куран · Тафсир

ٱللَّهُ ٱلَّذِى جَعَلَ لَكُمُ ٱلْأَرْضَ قَرَارًۭا وَٱلسَّمَآءَ بِنَآءًۭ وَصَوَّرَكُمْ فَأَحْسَنَ صُوَرَكُمْ وَرَزَقَكُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَـٰتِ ۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمْ ۖ فَتَبَارَكَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٦٤﴾

Оо, адамдар! Аллах силерге жерди жайланышууга ыңгайлуу жай кылып койду жана үстүңөрдөгү асманды урап кетпей тургандай бекем кылып куруп койду. Ошондой эле силерди энеңердин курсагында эң сонун келбетте жаратты. Силерге тамак-аштын адалын жана тазасын ырыскыкылды. Силерге ушундай жакшылыктардыберген – Раббиңер Аллах.Бүткүлмакулуктардын Раббиси Аллахыйык болду.Алардын Андан башка Раббиси жок

هُوَ ٱلْحَىُّ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ فَٱدْعُوهُ مُخْلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ ۗ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٦٥﴾

Ал түбөлүк Тирүү, эч качан өлбөйт. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Андыктан Анын гана Жүзүн каалап, Ага сыйынып жана сурап дуба кылгыла! Ага макулуктардытеңеп ширк кылбагыла! Макулуктардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!

۞ قُلْ إِنِّى نُهِيتُ أَنْ أَعْبُدَ ٱلَّذِينَ تَدْعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ لَمَّا جَآءَنِىَ ٱلْبَيِّنَـٰتُ مِن رَّبِّى وَأُمِرْتُ أَنْ أُسْلِمَ لِرَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٦٦﴾

Оо, пайгамбар! Айткын: «Мага кудайларыңарга сыйынуунун жалган экендигине ачык-айкын далилдер келген кезде Аллах мени силер Аныменен катар сыйынган, пайда да зыян да бере албаган айкелдериңерге сыйынуумду тыйды жана жалгыз Ага гана сыйынып моюн сунуумду буйруду. Ал бүткүл макулуктардын Раббиси, алардын Андан башка Раббиси жок

هُوَ ٱلَّذِى خَلَقَكُم مِّن تُرَابٍۢ ثُمَّ مِن نُّطْفَةٍۢ ثُمَّ مِنْ عَلَقَةٍۢ ثُمَّ يُخْرِجُكُمْ طِفْلًۭا ثُمَّ لِتَبْلُغُوٓا۟ أَشُدَّكُمْ ثُمَّ لِتَكُونُوا۟ شُيُوخًۭا ۚ وَمِنكُم مَّن يُتَوَفَّىٰ مِن قَبْلُ ۖ وَلِتَبْلُغُوٓا۟ أَجَلًۭا مُّسَمًّۭى وَلَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ ﴿٦٧﴾

Алсилердин түпкүатаңар Адамдытопурактан жаратты.Андан кийин силерди белсуудан,андан соң уюган кандан жаратып, кийин силерди кичинекей ымыркай кылып энеңердин курсагынан чыгарды. Андан соң денеңер күчкө толгон куракка жеттиңер, кийин чоңоюп отуруп карылык куракка келдиңер, араңардан кээ бирлер ага жетпей өлгөндөр болот.Ошондой эле Аллахтын илиминде белгилүүмөөнөткө чейин жеттиңер,андан кемиген да жок,ага кошулган да жок.Балким силер Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген ушулдалилдерден пайда аларсыңар

هُوَ ٱلَّذِى يُحْىِۦ وَيُمِيتُ ۖ فَإِذَا قَضَىٰٓ أَمْرًۭا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ ﴿٦٨﴾

Тирилтүү да, өлтүрүү да Анын гана колунда. Эгерде Ал бир ишке өкүм кылса, анда ал ишке «бол!» деп гана айтат, ал ошол замат ишке ашат

أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ يُجَـٰدِلُونَ فِىٓ ءَايَـٰتِ ٱللَّهِ أَنَّىٰ يُصْرَفُونَ ﴿٦٩﴾

Оо, пайгамбар! Аллахтын аят-белгилеринин ачык-айкындыгына карабастан аларды жалган деп талашып- тартышкандардыкарабайсыңбы?!Алардын ачык келген акыйкаттан жүз бурган абалдарына таң каласың! بلغ Куран · Тафсир

ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِٱلْكِتَـٰبِ وَبِمَآ أَرْسَلْنَا بِهِۦ رُسُلَنَا ۖ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ ﴿٧٠﴾

Алар Куранды жана пайгамбарларыбызга жиберген акыйкатты жалганга чыгарышты. Жакында ал жалганчылар жалгандын акыбети кандай болорун билишет,анын артыжаман экенин көрүшөт

إِذِ ٱلْأَغْلَـٰلُ فِىٓ أَعْنَـٰقِهِمْ وَٱلسَّلَـٰسِلُ يُسْحَبُونَ ﴿٧١﴾

Алар анын акыбетин моюндары кишенделгенде, буттары чынжырланганда жана азап периштелери сүйрөгөндө билишет

فِى ٱلْحَمِيمِ ثُمَّ فِى ٱلنَّارِ يُسْجَرُونَ ﴿٧٢﴾

Алардыбуркулдап кайнаган ысык сууга сүйрөшөт.Кийин тозоктокүйүшөт. ثم قيل لهم أين ما كنتمتشركون

ثُمَّ قِيلَ لَهُمْ أَيْنَ مَا كُنتُمْ تُشْرِكُونَ ﴿٧٣﴾

Кийин аларга жеме катарымындай деп айтылат:«Силер шерик кылып сыйынган жалган кудайларыңар кайда?

مِن دُونِ ٱللَّهِ ۖ قَالُوا۟ ضَلُّوا۟ عَنَّا بَل لَّمْ نَكُن نَّدْعُوا۟ مِن قَبْلُ شَيْـًۭٔا ۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ ٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿٧٤﴾

Пайда да, зыян да бере албаган Аллахтан башка айкелдериңер?». Каапырлар айтышты: «Алар бизге көрүнбөй жок болуп кетишти. Биз дүйнөдө сыйынууга татыктуу деп эч кимге сыйынган эмеспиз». Аллах ошолорду адаштырганы сыяктуу каапырлардыда бардык жерде жана заманда акыйкаттан адаштырат

ذَٰلِكُم بِمَا كُنتُمْ تَفْرَحُونَ فِى ٱلْأَرْضِ بِغَيْرِ ٱلْحَقِّ وَبِمَا كُنتُمْ تَمْرَحُونَ ﴿٧٥﴾

Аларга айтылат: «Силер тарткан бул азап – ширк кылганыңар жана ашыкча кутуруп сүйүнүчкө батканыңар себептүү берилди

ٱدْخُلُوٓا۟ أَبْوَٰبَ جَهَنَّمَ خَـٰلِدِينَ فِيهَا ۖ فَبِئْسَ مَثْوَى ٱلْمُتَكَبِّرِينَ ﴿٧٦﴾

Силер түбөлүк кала турган тозоктун эшиктеринен киргиле! Акыйкатка текеберлик кылгандардын жайы кандай ق жаман!»

فَٱصْبِرْ إِنَّ وَعْدَ ٱللَّهِ حَقٌّۭ ۚ فَإِمَّا نُرِيَنَّكَ بَعْضَ ٱلَّذِى نَعِدُهُمْ أَوْ نَتَوَفَّيَنَّكَ فَإِلَيْنَا يُرْجَعُونَ ﴿٧٧﴾

Оо, пайгамбар! Элиңдин сага көргөзгөн запкысына жана жалгандарына сабыр кыл! Чындыгында Аллахтын сага убада кылган жеңиши шексиз чындык. Биз сага Бадр күнүндөгүдөй аларга убадаланган азаптын кээ бирлерин тирүүңдө көргөзөбүз же ага чейин эле жаныңды алабыз. Силер кыяматта Бизге гана кайтып келесиңер, ошондо Биз алардын иш-аракеттеринин жазасын берип, алардытүбөлүк тозоккокиргизебиз. بلغ Куран · Тафсир

وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا رُسُلًۭا مِّن قَبْلِكَ مِنْهُم مَّن قَصَصْنَا عَلَيْكَ وَمِنْهُم مَّن لَّمْ نَقْصُصْ عَلَيْكَ ۗ وَمَا كَانَ لِرَسُولٍ أَن يَأْتِىَ بِـَٔايَةٍ إِلَّا بِإِذْنِ ٱللَّهِ ۚ فَإِذَا جَآءَ أَمْرُ ٱللَّهِ قُضِىَ بِٱلْحَقِّ وَخَسِرَ هُنَالِكَ ٱلْمُبْطِلُونَ ﴿٧٨﴾

О, пайгамбар! Биз сага чейин көптөгөн пайгамбарларды өзүнүн үммөттөрүнө жибергенбиз. Алар пайгамбарларды жалганга чыгарып, ыза беришти, бирок алардын кылыгына, запкыларына пайгамбарлар сабыр кылышты. Ошол пайгамбарлардын кээ бирлери тууралуу сага айтып бердик, кээ бирлерин айткан жокпуз. Эч бир пайгамбар Раббиси кааламайынча өз элине керемет-мөөжүза көрсөтө албайт. Каапырлардын өз коомдоруна керемет-мөжиза алып келсин деген талабы- зулумдук.Эгерде Аллахтараптан пайгамбарлар менен коомдорунун ортосун ажыратуу же жеңиш берүү тууралуу буйрук келсе, анда Ал алардын ортосун адилеттик менен ажыратып, каапырларды жок кылат жана пайгамбарларды сактап калат. Пенделердин ортосу ажыратылган ошол убакта жалганчылар каапырлыгынын айынан өздөрүн кыйрооготушкылышат

ٱللَّهُ ٱلَّذِى جَعَلَ لَكُمُ ٱلْأَنْعَـٰمَ لِتَرْكَبُوا۟ مِنْهَا وَمِنْهَا تَأْكُلُونَ ﴿٧٩﴾

Аллах силер үчүн төөлөрдү, уйларды жана койлорду жаратты, алардын кээ бирлерин минесиңер, кээ бирлеринин этин жейсиңер

وَلَكُمْ فِيهَا مَنَـٰفِعُ وَلِتَبْلُغُوا۟ عَلَيْهَا حَاجَةًۭ فِى صُدُورِكُمْ وَعَلَيْهَا وَعَلَى ٱلْفُلْكِ تُحْمَلُونَ ﴿٨٠﴾

Бул жандыктарда силер үчүн ар бир заманда жаңырып турган түрдүү пайдалар бар. Силер алар аркылуу өзүңөрдөгү каалаган муктаждыктарга жетесиңер. Алардын эң белгилүүсү — деңизде жана кургактыкта минип жүрөсүңөр

وَيُرِيكُمْ ءَايَـٰتِهِۦ فَأَىَّ ءَايَـٰتِ ٱللَّهِ تُنكِرُونَ ﴿٨١﴾

Аллахсилерге Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген аят-белгилерди көргөзөт.Силер Аллахтын аят- белгиси экенине ынангандан кийин алардын кайсыбирин мойнуңарга албай коёсуңар?

أَفَلَمْ يَسِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَيَنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۚ كَانُوٓا۟ أَكْثَرَ مِنْهُمْ وَأَشَدَّ قُوَّةًۭ وَءَاثَارًۭا فِى ٱلْأَرْضِ فَمَآ أَغْنَىٰ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَكْسِبُونَ ﴿٨٢﴾

ى Ал жалганчылар жер бетин кезишпейби, алардан мурунку жалганчы коомдордун арты кандай бүткөнүнө ой жүгүртүп, алардан сабак алышпайбы?! Ал коомдор булардан да бай, күч-кубаттуу болушкан, жер бетинде алардан көп тарыхый эстеликтерди калган. Аларга Аллахтын кыйратуучу азабы келгенде күч-кубаттуулугу аларга эч пайда берген жок

فَلَمَّا جَآءَتْهُمْ رُسُلُهُم بِٱلْبَيِّنَـٰتِ فَرِحُوا۟ بِمَا عِندَهُم مِّنَ ٱلْعِلْمِ وَحَاقَ بِهِم مَّا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ ﴿٨٣﴾

Качан аларга пайгамбарлары ачык-айкын далилдер менен келишкенде аларды жалганга чыгарышты жана пайгамбарлар алып келгенге каршы келген өздөрүндөгү илимди гана карманууга ыраазы болушту. Аларды пайгамбарларыкоркутканда маскаралап күлүшкөн азап алардын башына түштү. بلغ Куран · Тафсир

فَلَمَّا رَأَوْا۟ بَأْسَنَا قَالُوٓا۟ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَحْدَهُۥ وَكَفَرْنَا بِمَا كُنَّا بِهِۦ مُشْرِكِينَ ﴿٨٤﴾

Качан алар азабыбызды көргөндө эч кандай ишеним пайда бербеген учурда моюндарына алып: «Биз жалгыз Аллахка ыйман келтирдик жана Андан башка сыйынган шериктертерге жана айкелдерге каапырлык кылдык» – деп айтышат

فَلَمْ يَكُ يَنفَعُهُمْ إِيمَـٰنُهُمْ لَمَّا رَأَوْا۟ بَأْسَنَا ۖ سُنَّتَ ٱللَّهِ ٱلَّتِى قَدْ خَلَتْ فِى عِبَادِهِۦ ۖ وَخَسِرَ هُنَالِكَ ٱلْكَـٰفِرُونَ ﴿٨٥﴾

Бирок алар Биздин азабыбыздыөз көзү менен көргөндө ыйман келтиргендери эч пайда бербейт. Алар азапты көргөн кезде ыймандары пайда бербейт деген – Аллахтын пенделерине жүргөн өкүм жолу. Каапырлар Аллахка каапырлык кылышканы себептүү жана азапты көргөнгө чейин тообо кылышпаганы себептүү азап түшкөн кезде өздөрүн кыйроого учуратышты. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Ghafir — غافر

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил