Башкы бетТафсирFussilat (41)

Тафсир Fussilat (41) — فصلت

Меккелик · 54 аят

Окуу · УгууPDF файл

حمٓ ﴿١﴾

Хаа-миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген

تَنزِيلٌۭ مِّنَ ٱلرَّحْمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ ﴿٢﴾

Бул Куран Ырайымдуу, Мээримдүү Аллах тараптанي түшүрүлгөн. كتب فصلت ءايته قرءانا عربا لقوم يعلمون

كِتَـٰبٌۭ فُصِّلَتْ ءَايَـٰتُهُۥ قُرْءَانًا عَرَبِيًّۭا لِّقَوْمٍۢ يَعْلَمُونَ ﴿٣﴾

Ал аяттары эң толук деңгээлде баяндалган Китеп жана ал билген адамдар үчүн арабча Куран кылынды. Анткени алар анын маанилеринен жана андагыакыйкатка карай багыттамалардан пайда алышат. بشيرا ونذيرا فأعرض أكثرهم فهم لا يسمعون

بَشِيرًۭا وَنَذِيرًۭا فَأَعْرَضَ أَكْثَرُهُمْ فَهُمْ لَا يَسْمَعُونَ ﴿٤﴾

Аллахтын ыймандууларга даярдаган улуу сыйлыгын сүйүнчүлөөчү, каапырларды Аллахтын жан кыйнаган азабы менен коркутуучу. Бирок алардын көпчүлүгү жүз буруп кетишти. Алар андагы туура жолду кабыл алуу менен кунт коюп угушпайт

وَقَالُوا۟ قُلُوبُنَا فِىٓ أَكِنَّةٍۢ مِّمَّا تَدْعُونَآ إِلَيْهِ وَفِىٓ ءَاذَانِنَا وَقْرٌۭ وَمِنۢ بَيْنِنَا وَبَيْنِكَ حِجَابٌۭ فَٱعْمَلْ إِنَّنَا عَـٰمِلُونَ ﴿٥﴾

Алар айтышты: «Биздин жүрөктөрүбүздү тосмолор чулгап калган, алар сен чакырган нерсеге акыл жүгүртө алышпайт. Кулактарыбыз дүлөйлүктөн аныуга алышпайт. Сени менен биздин ортобузда тосмо болгону үчүн сенин айткан сөздөрүн бизге жетпейт. Сен өз жолуңда аракетиңди кыл, биз дагы өз жолубузда аракетибизди кылалы. Биз сени эч качан ээрчибейбиз»

قُلْ إِنَّمَآ أَنَا۠ بَشَرٌۭ مِّثْلُكُمْ يُوحَىٰٓ إِلَىَّ أَنَّمَآ إِلَـٰهُكُمْ إِلَـٰهٌۭ وَٰحِدٌۭ فَٱسْتَقِيمُوٓا۟ إِلَيْهِ وَٱسْتَغْفِرُوهُ ۗ وَوَيْلٌۭ لِّلْمُشْرِكِينَ ﴿٦﴾

Оо, пайгамбар! Ал каршы чыккандарга айткын: «Чындыгында мен силерге окшогон эле адаммын. Аллах мага: «Силердин чыныгы жалгыз кудайыңар – Аллах» – деп вахий кылды. Андыктан Ага жеткирген жолго түшкүлө жана Андан күнөөлөрүңдү кечирүүсүн сурагыла! Аллахтан башкага сыйынган же башканы Ага шерик кылган мушриктерге кыйроожана азап болсун!»

ٱلَّذِينَ لَا يُؤْتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَهُم بِٱلْـَٔاخِرَةِ هُمْ كَـٰفِرُونَ ﴿٧﴾

Ал эми мал-мүлкүнөн зекет бербегендер болсо түбөлүк жыргалчылыктар жана жан ооруткан азаптар болгон акыретке каапыр болгондор. بلغ Куран · Тафсир

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ لَهُمْ أَجْرٌ غَيْرُ مَمْنُونٍۢ ﴿٨﴾

Ал эми Аллахка жана пайгамбарларына ыйман келтиргендердин, жакшылык иштерди кылгандардын сыйлыгы эч качан бүтпөгөн түбөлүктүү бейиш болот

۞ قُلْ أَئِنَّكُمْ لَتَكْفُرُونَ بِٱلَّذِى خَلَقَ ٱلْأَرْضَ فِى يَوْمَيْنِ وَتَجْعَلُونَ لَهُۥٓ أَندَادًۭا ۚ ذَٰلِكَ رَبُّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٩﴾

Оо, пайгамбар! Мушриктерди жемелеп мындай деп айт: «Жерди эки күндө, жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү жараткан Аллахка эмнеге каапырлык кылып жатасыңар жана Андан башкаларга сыйынып, аларды Ага шерик кылып жатасыңар? Ал бүткүл макулуктардын Раббиси»

وَجَعَلَ فِيهَا رَوَٰسِىَ مِن فَوْقِهَا وَبَـٰرَكَ فِيهَا وَقَدَّرَ فِيهَآ أَقْوَٰتَهَا فِىٓ أَرْبَعَةِ أَيَّامٍۢ سَوَآءًۭ لِّلسَّآئِلِينَ ﴿١٠﴾

Мурдагы эки күнгө б.а. шейшемби жана шаршемби күндөрүнө төрт күн кошуп, ал күндөрү жер үстүнө ал силкинөөсү үчүн бекем тоолорду орнотту жана адамдардын, жан-жаныбарлардын азык-оокаттарын өлчөп белгилеп койду. Муна ал тууралуу суроону каалагандар үчүн (айтты)

ثُمَّ ٱسْتَوَىٰٓ إِلَى ٱلسَّمَآءِ وَهِىَ دُخَانٌۭ فَقَالَ لَهَا وَلِلْأَرْضِ ٱئْتِيَا طَوْعًا أَوْ كَرْهًۭا قَالَتَآ أَتَيْنَا طَآئِعِينَ ﴿١١﴾

Андан соң асманды жаратууга бет алды. Ошол кезде ал түтүн болчу. Ошондо ага жана Жерге кайрылып: «Өз ыктыярыңар менен же мажбур түрдө Менин буйругума моюн сунуп келгиле! Силер мындан кача албайсыңар» – дегенде алар: «Моюн сунуп келдик. Оо, Раббибиз! Биз үчүн Сенин каалооңдон башка каалоо жок» – дешти

فَقَضَىٰهُنَّ سَبْعَ سَمَـٰوَاتٍۢ فِى يَوْمَيْنِ وَأَوْحَىٰ فِى كُلِّ سَمَآءٍ أَمْرَهَا ۚ وَزَيَّنَّا ٱلسَّمَآءَ ٱلدُّنْيَا بِمَصَـٰبِيحَ وَحِفْظًۭا ۚ ذَٰلِكَ تَقْدِيرُ ٱلْعَزِيزِ ٱلْعَلِيمِ ﴿١٢﴾

Ошентип Аллах асмандарды жаратууну эки күндө, бейшемби жана жума күндөрү толук бүтүрдү. Асмандар менен жердин жаралуусу ошол экөөсү менен кошо алты күндө толук бүттү. Аллах вахий кылып ар бир асманга өзүнө тийиштүү иштерди белгиледи, ошондой эле милдеттерди жана ибадаттарды буйруду. Жана Биз дүйнө асманын жылдыздар менен кооздоп,алар аркылууасмандыжин-шайтандардын уурдап уккандарынан коргоп койдук.Бул айтылгандардын баарысыэчкимден жеңилбеген Кудуреттүүнүн,жараткандарын Билүүчүнүн тагдыры. فإن أعرضوافقل أنذرتكم صعقة مثل صعقة عاد وثمود

فَإِنْ أَعْرَضُوا۟ فَقُلْ أَنذَرْتُكُمْ صَـٰعِقَةًۭ مِّثْلَ صَـٰعِقَةِ عَادٍۢ وَثَمُودَ ﴿١٣﴾

Оо, пайгамбар! Эгер алар сен алып келген нерсеге ыйман келтирүүдөн баш тартышса, анда аларга айт: «Мен силерди Худдун коому Аад жана Салихтин коому Самуд жалганга чыгарышканда алардын башына түшкөн азап сыяктууазаптын келишинен эскерттим»

إِذْ جَآءَتْهُمُ ٱلرُّسُلُ مِنۢ بَيْنِ أَيْدِيهِمْ وَمِنْ خَلْفِهِمْ أَلَّا تَعْبُدُوٓا۟ إِلَّا ٱللَّهَ ۖ قَالُوا۟ لَوْ شَآءَ رَبُّنَا لَأَنزَلَ مَلَـٰٓئِكَةًۭ فَإِنَّا بِمَآ أُرْسِلْتُم بِهِۦ كَـٰفِرُونَ ﴿١٤﴾

أرسلتم به كفرون Качан аларга пайгамбарлары биринин артынан бири келип, аларды Аллахка гана сыйынгыла деген нерсеге гана чакырганда алардын арасындагыкаапырлар айтышты: «Эгерде Раббибиз бизге периштелерди элчилер кылып بلغ Куран · Тафсир жиберүүнү каалаганда, анда ал аларды түшүрмөк. Чындыгында биз силер алып келген нерсеге каапырлык кылдык. Анткени силер биз сыяктуу эле адамсыңар»

فَأَمَّا عَادٌۭ فَٱسْتَكْبَرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ بِغَيْرِ ٱلْحَقِّ وَقَالُوا۟ مَنْ أَشَدُّ مِنَّا قُوَّةً ۖ أَوَلَمْ يَرَوْا۟ أَنَّ ٱللَّهَ ٱلَّذِى خَلَقَهُمْ هُوَ أَشَدُّ مِنْهُمْ قُوَّةًۭ ۖ وَكَانُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا يَجْحَدُونَ ﴿١٥﴾

Ал эми Худдун коому Аад Аллахка каапырлык кылышканы аз келгенсип, жер бетинде эч бир себепсиз текеберленишти, айланасындагыларга зулумдук кылышты жана күч-кубаттуулугуна азгырылып: «Бизден да күчтүү ким бар?»– деп айтышты. Алар бизден күчтүү эчким жок деп ойлошкон. ОшондоАллахаларга жооп кылып айтты: «Аларды жараткан жана аларга чектен чыгарган күч-кубатты берген Аллах алардан да күчтүү экенин билишпейби жана көрүшпөйбү?!».Алар Худ пайгамбар алып келген Аллахтын аят-белгилерине каапырлык кылышты

فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ رِيحًۭا صَرْصَرًۭا فِىٓ أَيَّامٍۢ نَّحِسَاتٍۢ لِّنُذِيقَهُمْ عَذَابَ ٱلْخِزْىِ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا ۖ وَلَعَذَابُ ٱلْـَٔاخِرَةِ أَخْزَىٰ ۖ وَهُمْ لَا يُنصَرُونَ ﴿١٦﴾

وهم لا ينصرون Кийин Биз аларга дүйнө жашоосунда кордук азабын таттыруу үчүн каргашалуу күндөрдө азап менен коштолгон добулдуу шамалды жибердик. Аларды күткөн акырет азабы андан да кордоочу! Алар азаптан куткарып колдой турган эчкимди таба алышпайт

وَأَمَّا ثَمُودُ فَهَدَيْنَـٰهُمْ فَٱسْتَحَبُّوا۟ ٱلْعَمَىٰ عَلَى ٱلْهُدَىٰ فَأَخَذَتْهُمْ صَـٰعِقَةُ ٱلْعَذَابِ ٱلْهُونِ بِمَا كَانُوا۟ يَكْسِبُونَ ﴿١٧﴾

Ал эми Салихтин үммөтү Самуд коомуна акыйкат жолду түшүндүрүп, багыт көрсөттүк, бирок алар акыйкаттын ордуна адашууну артык көрүштү. Ошондо каапырлыгы жана күнөөлөрү үчүн аларды кордоочу кыйкырык азабы жок кылды

وَنَجَّيْنَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَكَانُوا۟ يَتَّقُونَ ﴿١٨﴾

Биз Аллахка жана пайгамбарларга ыйман келтиргендерди куткардык. Алар Аллахтан коркуп Анын буйруктарына баш ийишти жана Анын тыюуларынан алысташты.Биз алардыкоомуна түшкөн азаптан куткарып калдык

وَيَوْمَ يُحْشَرُ أَعْدَآءُ ٱللَّهِ إِلَى ٱلنَّارِ فَهُمْ يُوزَعُونَ ﴿١٩﴾

Аллах ал күнү душмандарын тозокко чогултат жана тозок сакчыларыалардын бирин да калтырбай кайтарат. Алар тозоктон качып кете алышпайт

حَتَّىٰٓ إِذَا مَا جَآءُوهَا شَهِدَ عَلَيْهِمْ سَمْعُهُمْ وَأَبْصَـٰرُهُمْ وَجُلُودُهُم بِمَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿٢٠﴾

Алар тозокко айдалып келишкенде дүйнөдө кылгандарын танып башташат. Ошондо аларга кулактары, көздөрү, терилери алардын дүйнөдө кылган каапырлыктарын жана күнөөлөрүн айтып күбөгө өтүшөт. بلغ Куран · Тафсир

وَقَالُوا۟ لِجُلُودِهِمْ لِمَ شَهِدتُّمْ عَلَيْنَا ۖ قَالُوٓا۟ أَنطَقَنَا ٱللَّهُ ٱلَّذِىٓ أَنطَقَ كُلَّ شَىْءٍۢ وَهُوَ خَلَقَكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍۢ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ ﴿٢١﴾

Каапырлар терилерине: «Эмне үчүн дүйнөдө кылган иштерибизди айтып бизге каршы күбөгө өттүңөр?» – дешкенде, терилер өз ээлерине айтышат: «Бүткүл нерсеге тил берген Аллах бизди да сүйлөттү». Ал силерди дүйнөдө болгонуңарда алгачкы жолу жараткан жана силер акыретте сурак бериш үчүн, жаза-сыйлык алыш үчүн Ага гана кайтасыңар

وَمَا كُنتُمْ تَسْتَتِرُونَ أَن يَشْهَدَ عَلَيْكُمْ سَمْعُكُمْ وَلَآ أَبْصَـٰرُكُمْ وَلَا جُلُودُكُمْ وَلَـٰكِن ظَنَنتُمْ أَنَّ ٱللَّهَ لَا يَعْلَمُ كَثِيرًۭا مِّمَّا تَعْمَلُونَ ﴿٢٢﴾

تعملون Силер күнөө кылган кезде кулактарыңар, көздөрүңөр, терилериңер силерге каршы күбөгө өтпөсүң деп жашынбайт элеңер. Анткени силер өлүмдөн кийинки суракка, жазага жана сыйлыкка ишенчү эмессиңер. Аллах силердин кылганыңардын көбүн билбейт деп ойлогонсуңар, атүгүл Ага белгисиз деп куру ойлорго жетеленгенсиңер

وَذَٰلِكُمْ ظَنُّكُمُ ٱلَّذِى ظَنَنتُم بِرَبِّكُمْ أَرْدَىٰكُمْ فَأَصْبَحْتُم مِّنَ ٱلْخَـٰسِرِينَ ﴿٢٣﴾

Силер Раббиңер тууралууойлогон мына ушулжаман оюңар силерди кыйроогоалып келди.Ошонун айынан силер дүйнөдө жана акыретте жоготууга учурагандардан болдуңар

فَإِن يَصْبِرُوا۟ فَٱلنَّارُ مَثْوًۭى لَّهُمْ ۖ وَإِن يَسْتَعْتِبُوا۟ فَمَا هُم مِّنَ ٱلْمُعْتَبِينَ ﴿٢٤﴾

Мына ошол кулактары, көздөрү, терилери күбөгө өткөндөр сабыр кылышса да тозок алардын турак жайы жана баш калкалаган жери болот. Алар азапты алууну жана Аллахтын ыраазылыгын сурашса да алар эч качан Анын ыраазылыгына жетишпейт жана бейишке да киришпейт

۞ وَقَيَّضْنَا لَهُمْ قُرَنَآءَ فَزَيَّنُوا۟ لَهُم مَّا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَحَقَّ عَلَيْهِمُ ٱلْقَوْلُ فِىٓ أُمَمٍۢ قَدْ خَلَتْ مِن قَبْلِهِم مِّنَ ٱلْجِنِّ وَٱلْإِنسِ ۖ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ خَـٰسِرِينَ ﴿٢٥﴾

Биз ал каапырларга аларды коштоп жүргөн жин-шайтандардан болгон жан жөкөрлөрдү кылып койдук. Ал жин- шайтандар аларга дүйнөдө кылган иш-аракеттерин кооз кылып көргөзүштү жана алардын артындагы акырет иштерин да кооз кылып көргөзүшүп, аларга аныэстөөнү, ал үчүн аракет кылууну унуттурушту. Ошентип аларга да адамзат менен жиндерден болгон мурунку өткөн коомдор менен бирге азап милдет болду. Чындыгында алар кыяматта тозоккокирип өздөрүн жана үй-бүлөлөрүн зыянга учураткандардан болушту

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَا تَسْمَعُوا۟ لِهَـٰذَا ٱلْقُرْءَانِ وَٱلْغَوْا۟ فِيهِ لَعَلَّكُمْ تَغْلِبُونَ ﴿٢٦﴾

Качан каапырлар далилге далил менен жооп берүүгө алдары келбей калганда бири-бирине насаат кылып: «Силерге Мухаммад окуп жаткан бул Куранды укпагыла! Андагы айтылгандарга ээрчибегиле! Ал окуп баштаганда эле кыйкырып, ызы-чуу салып баштагыла! Балким ушундай кылуу менен аны жеңесиңер. Ошондо ал силерге окубай калат,даават да кылбай калат,анан андан кутулуп эс аласыңар»– дешти. بلغ Куран · Тафсир

فَلَنُذِيقَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ عَذَابًۭا شَدِيدًۭا وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَسْوَأَ ٱلَّذِى كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿٢٧﴾

Биз Аллахка каапырлык кылып, пайгамбарларды жалганга чыгаргандарга кыяматта оор азапты таттырабыз. Ошондой эле алардын жазасыкатарыөздөрүкылган ширк жана күнөөлөрдүн эң катаалыменен жазасын беребиз

ذَٰلِكَ جَزَآءُ أَعْدَآءِ ٱللَّهِ ٱلنَّارُ ۖ لَهُمْ فِيهَا دَارُ ٱلْخُلْدِ ۖ جَزَآءًۢ بِمَا كَانُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا يَجْحَدُونَ ﴿٢٨﴾

Бул айтылган жаза – Аллахка каапырлык кылган, пайгамбарларды жалганга чыгарган Анын душмандарынын жазасыболгон тозок. Алар ал жакта түбөлүк калышат. Бул алардын Аллахтын аят-белгилерин жокко чыгарганынын, анын ачыктыгына жана далили күчтүүлүгүнө карабастан ыйман келтирбегенин жазасыболду

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ رَبَّنَآ أَرِنَا ٱلَّذَيْنِ أَضَلَّانَا مِنَ ٱلْجِنِّ وَٱلْإِنسِ نَجْعَلْهُمَا تَحْتَ أَقْدَامِنَا لِيَكُونَا مِنَ ٱلْأَسْفَلِينَ ﴿٢٩﴾

Аллахка каапырлык кылып, Анын пайгамбарларын жалганга чыгаргандар айтышты: «Раббибиз!Бизди адаштырган жиндер менен адамдарды көргөз, каапырлыкты жана ага үгүттөөнү негиздеген Иблисти жана кан төгүүнү баштаган Адам атанын баласын көргөз, биз ал экөөсүн тозокто эң катуу кордолуп азапталгандардан болушу үчүн алардын үстүнө чыгып буттарыбыз менен тебелеп-тепсейбиз»

إِنَّ ٱلَّذِينَ قَالُوا۟ رَبُّنَا ٱللَّهُ ثُمَّ ٱسْتَقَـٰمُوا۟ تَتَنَزَّلُ عَلَيْهِمُ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ أَلَّا تَخَافُوا۟ وَلَا تَحْزَنُوا۟ وَأَبْشِرُوا۟ بِٱلْجَنَّةِ ٱلَّتِى كُنتُمْ تُوعَدُونَ ﴿٣٠﴾

توعدون Ал эми «Раббим – Аллах! Андан башка Рабби жок» деп айткандарга жана Анын буйруктарына баш ийүүдө, тыюуларын таштоодо түз жолду тутунгандарга өлүм келген кезде периштелер түшүп: «Өлүмдөн жана андан кийинки нерселерден коркпогула жана дүйнөдө артыңарда калтырган нерселерге кайгырбагыла! Аллахка келтирген ыйманыңар,жакшылык иштериңер үчүн дүйнөдө силерге убада кылынган бейишке сүйүнгүлө!

نَحْنُ أَوْلِيَآؤُكُمْ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا وَفِى ٱلْـَٔاخِرَةِ ۖ وَلَكُمْ فِيهَا مَا تَشْتَهِىٓ أَنفُسُكُمْ وَلَكُمْ فِيهَا مَا تَدَّعُونَ ﴿٣١﴾

Биз силердин дүйнө жашооңордогу колдоочуңарбыз. Биз силерди тууралап жана коргоп жүргөнбүз. Ошондой эле силердин акыреттеги колдоочуңарбыз. Биздин колдообуз дайым силерди коштойт. Бейиште силер үчүн жан дүйнөңөр каалаган жыргалчылыктар жана кумарлар бар,ошондой эле силер эңсеп каалаган бүт нерселер бар. نزلا من غفور رحيم

نُزُلًۭا مِّنْ غَفُورٍۢ رَّحِيمٍۢ ﴿٣٢﴾

Тообокылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Мээримдүү Раббинин силерди сыйлаш үчүн даярдап койгон ырыскысы!»

وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلًۭا مِّمَّن دَعَآ إِلَى ٱللَّهِ وَعَمِلَ صَـٰلِحًۭا وَقَالَ إِنَّنِى مِنَ ٱلْمُسْلِمِينَ ﴿٣٣﴾

Аллахтыжалгыздоого, Анын шариятын иш жүзүндө аткарууга жана Раббисин ыраазыкылган жакшылык иштерди кылууга чакырган, ошондой эле «Мен Аллахка ээрчип моюн сунгандардынмын» деп айткан адамдан да жакшы сүйлөгөн эч ким жок. Кимде-ким ушулардын баарысын кылса, анда ал адамдардан эң жакшысүйлөгөнү. بلغ Куран · Тафсир

وَلَا تَسْتَوِى ٱلْحَسَنَةُ وَلَا ٱلسَّيِّئَةُ ۚ ٱدْفَعْ بِٱلَّتِى هِىَ أَحْسَنُ فَإِذَا ٱلَّذِى بَيْنَكَ وَبَيْنَهُۥ عَدَٰوَةٌۭ كَأَنَّهُۥ وَلِىٌّ حَمِيمٌۭ ﴿٣٤﴾

Аллахты ыраазы кылган жакшылыктарды, ибадаттарды кылуу менен Анын каарын келтирген жамандыктарды, күнөөлөрдү кылуу бирдей эмес. Сага жамандык кылган адамга эң жакшымүнөз менен жооп бер! Эгер экөөңөрдүн ортоңордомурунтан душмандык болуп,сен анын жамандыгына жакшылык менен жооп берсең,анда алкүйүмдүү жакыныңдай болуп калат

وَمَا يُلَقَّىٰهَآ إِلَّا ٱلَّذِينَ صَبَرُوا۟ وَمَا يُلَقَّىٰهَآ إِلَّا ذُو حَظٍّ عَظِيمٍۢ ﴿٣٥﴾

Мактоогоарзыган мындай мүнөзгө адамдардын кылган жамандыгына сабыр кылган адам гана жете алат.Мындай мүнөзгө улууэнчиге ээ болгон адам гана жетет. Анткени бул нерседе көптөгөн жакшылыктар жана пайдалар бар

وَإِمَّا يَنزَغَنَّكَ مِنَ ٱلشَّيْطَـٰنِ نَزْغٌۭ فَٱسْتَعِذْ بِٱللَّهِ ۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ ﴿٣٦﴾

Эгерде шайтан сени кайсы убакта болбосун жамандыкка азгырса, анда Аллахтан коргоо сура! Чындыгында Ал сенин айткандарыңды Угуучу, абалыңдың Билүүчү

وَمِنْ ءَايَـٰتِهِ ٱلَّيْلُ وَٱلنَّهَارُ وَٱلشَّمْسُ وَٱلْقَمَرُ ۚ لَا تَسْجُدُوا۟ لِلشَّمْسِ وَلَا لِلْقَمَرِ وَٱسْجُدُوا۟ لِلَّهِ ٱلَّذِى خَلَقَهُنَّ إِن كُنتُمْ إِيَّاهُ تَعْبُدُونَ ﴿٣٧﴾

إ ياه تعبدون Күн менен түндүн алмашуусу,Күн жана Ай – Аллахтын улууктугун жана жалгыздыгын билдирген аят-белгилерден. Эй, адамдар! Күнгө сажда кылбагыла жана Айга сажда кылбагыла! Эгер Аллахка чындап сыйынсаңар, анда ошолордун баарын жараткан Аллахка гана сажда кылгыла!

فَإِنِ ٱسْتَكْبَرُوا۟ فَٱلَّذِينَ عِندَ رَبِّكَ يُسَبِّحُونَ لَهُۥ بِٱلَّيْلِ وَٱلنَّهَارِ وَهُمْ لَا يَسْـَٔمُونَ ۩ ﴿٣٨﴾

Эгерде алар текеберленип жана жүз буруп Жаратуучу Аллахка сажда кылышпаса, анда Анын алдындагы периштелер күнү-күнү Аны аруулашат, мактоолорду айтышат. Алар Ага сыйынуудан тажашпайт

وَمِنْ ءَايَـٰتِهِۦٓ أَنَّكَ تَرَى ٱلْأَرْضَ خَـٰشِعَةًۭ فَإِذَآ أَنزَلْنَا عَلَيْهَا ٱلْمَآءَ ٱهْتَزَّتْ وَرَبَتْ ۚ إِنَّ ٱلَّذِىٓ أَحْيَاهَا لَمُحْىِ ٱلْمَوْتَىٰٓ ۚ إِنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌ ﴿٣٩﴾

إنه عل كل شىء قدير ى Анын улуктугун, жалгыздыгын жана кайра тирилтүүгө болгон кудуреттүүлүгүн билдирген аят-белгилеринен – сен көрүп турган өсүмдүк өспөгөн жер. Эгер Биз ага жамгыр суусун түшүрсөк, ал андагы көмүлгөн дандардын өнгөнүнөн кыймылга келип,көтөрүлө баштайт.Чындыгында ушундай өлүк жерди өсүмдүктөр аркылуутирилткен Аллах – сурак жана жаза-сыйлык үчүн өлүктөрдү кайрадан тирилте алат. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Өлүк жерди кайра тирилтүү жана өлүктөрдү кабырларынан кайра тирилтүү Аныалсыратпайт. بلغ Куран · Тафсир

إِنَّ ٱلَّذِينَ يُلْحِدُونَ فِىٓ ءَايَـٰتِنَا لَا يَخْفَوْنَ عَلَيْنَآ ۗ أَفَمَن يُلْقَىٰ فِى ٱلنَّارِ خَيْرٌ أَم مَّن يَأْتِىٓ ءَامِنًۭا يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۚ ٱعْمَلُوا۟ مَا شِئْتُمْ ۖ إِنَّهُۥ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ ﴿٤٠﴾

Ал эми Аллахтын аят-белгилерин четке кагып, жалганга чыгарып жана бурмалап тууралыктан четтеп кеткендердин абалы бизге маалым. Биз аларды билебиз. Тозокко ыргытылган адам жакшыбы же кыяматта азаптан кутулган адамбы? Эй, адамдар! Өзүңөр каалаган жакшылык-жамандык иштерди жасай бергиле. Биз силерге жакшыны да, жаманды да баяндап бердик. Аллах кайсынысын кылып жатканыңарды Көрүүчү. Силердин иш-аракеттериңердин эчбири Ага жашыруун эмес

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِٱلذِّكْرِ لَمَّا جَآءَهُمْ ۖ وَإِنَّهُۥ لَكِتَـٰبٌ عَزِيزٌۭ ﴿٤١﴾

Аллах тараптан Куран келгенде ага каапырлык кылгандар кыямат күнү азапталышат. Чындыгында ал ыйык жана улук Китеп. Аныэч ким бурмалай албайт, эч ким өзгөртө да албайт

لَّا يَأْتِيهِ ٱلْبَـٰطِلُ مِنۢ بَيْنِ يَدَيْهِ وَلَا مِنْ خَلْفِهِۦ ۖ تَنزِيلٌۭ مِّنْ حَكِيمٍ حَمِيدٍۢ ﴿٤٢﴾

Ага кошумчалап же кемитип же өзгөртүп же бурмалап, анын алдынан да, артынан да жалган жолой албайт. Ал китеп бүткүл абалда мактоого арзыган жана жаратууда, тагдыр кылууда, шариятты өкүм кылууда Даанышман тараптан түшкөн

مَّا يُقَالُ لَكَ إِلَّا مَا قَدْ قِيلَ لِلرُّسُلِ مِن قَبْلِكَ ۚ إِنَّ رَبَّكَ لَذُو مَغْفِرَةٍۢ وَذُو عِقَابٍ أَلِيمٍۢ ﴿٤٣﴾

Оо, пайгамбар! Сага айтылган жалган сөздөр сенден мурунку пайгамбарларга да айтылган. Андыктан сабыр кыл! Чындыгында Раббиң тообо кылган пенделери үчүн Кечиримдүү жана тообо кылбастан күнөө кыла бергендерди ي ى ى Жазалоочу. катаал

وَلَوْ جَعَلْنَـٰهُ قُرْءَانًا أَعْجَمِيًّۭا لَّقَالُوا۟ لَوْلَا فُصِّلَتْ ءَايَـٰتُهُۥٓ ۖ ءَا۬عْجَمِىٌّۭ وَعَرَبِىٌّۭ ۗ قُلْ هُوَ لِلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ هُدًۭى وَشِفَآءٌۭ ۖ وَٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ فِىٓ ءَاذَانِهِمْ وَقْرٌۭ وَهُوَ عَلَيْهِمْ عَمًى ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ يُنَادَوْنَ مِن مَّكَانٍۭ بَعِيدٍۢ ﴿٤٤﴾

Эгерде Биз бул Куранды араб тилинде түшүрбөсөк алардын арасындагы каапырлар: «Бизге түшүнүктүү болуш үчүн аяттарына түшүндүрмө берилсе болмок? Курандыалып келген арабболсо, анан ал өзү башка тилде болмок беле?» – деп айтышмак. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Бул Куран Аллахка ыйман келтирип, Анын пайгамбарын чынчыл деп тастыктагандар үчүн адашуудан сактаган туура жол, көкүрөктөгү наадыкдыкка жана ушуга окшогон нерселерге шыпаа. Ал эми Аллахка ыйман келтирбегендердин кулактары дүлөй, ага карата көздөрү сокур, ала аны түшүнүшпөйт. Мына ушул сыпаттарга ээ болгондор алыс жерден чакырык салган адамдардай, эми алар чакырган адамды кантип угушсун?»

وَلَقَدْ ءَاتَيْنَا مُوسَى ٱلْكِتَـٰبَ فَٱخْتُلِفَ فِيهِ ۗ وَلَوْلَا كَلِمَةٌۭ سَبَقَتْ مِن رَّبِّكَ لَقُضِىَ بَيْنَهُمْ ۚ وَإِنَّهُمْ لَفِى شَكٍّۢ مِّنْهُ مُرِيبٍۢ ﴿٤٥﴾

مريب Биз Мусага Тооратты бердик. Алар ал тууралуу талашып-тартышты, кээ бири ага ыйман келтирди, кээ бири ага каапыр болду. Эгерде Аллахтын алардын талаштары тууралуу кыяматта пенделердин ортосунда өкүм кылам деген убадасыболбогондо, анда Тоорат тууралуу талашып-тартышкандардын ортосунда өкүм кылмак. Кимиси بلغ Куран · Тафсир акыйкатта, кимиси жалганда экенин ачыктап, чынчылды урматтамак жана жалганчыны кордомок. Чындыгында каапырлар Куран тууралуу катуу шек-күмөндө

مَّنْ عَمِلَ صَـٰلِحًۭا فَلِنَفْسِهِۦ ۖ وَمَنْ أَسَآءَ فَعَلَيْهَا ۗ وَمَا رَبُّكَ بِظَلَّـٰمٍۢ لِّلْعَبِيدِ ﴿٤٦﴾

Кимде-ким жакшылык иш кылса, анда жакшылык ишинин пайдасыөзүнө кайтат. Эч кимдин кылган жакшылык иши Аллахка пайда келтирбейт. Ал эми ким жамандык иш кылса, анда анын зыяны өзүнө кайтат. Макулуктардан эч кимдин кылган күнөөсү Аллахка зыян бербейт. Ар бирине өзү татыктуу болгон сыйлыгын же жазасын берет. Оо, пайгамбар!Раббиң пенделерине зулум кылбайт,алардын жакшылыгын кемитпейт жана күнөөлөрүн көбөйтпөйт

۞ إِلَيْهِ يُرَدُّ عِلْمُ ٱلسَّاعَةِ ۚ وَمَا تَخْرُجُ مِن ثَمَرَٰتٍۢ مِّنْ أَكْمَامِهَا وَمَا تَحْمِلُ مِنْ أُنثَىٰ وَلَا تَضَعُ إِلَّا بِعِلْمِهِۦ ۚ وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ أَيْنَ شُرَكَآءِى قَالُوٓا۟ ءَاذَنَّـٰكَ مَا مِنَّا مِن شَهِيدٍۢ ﴿٤٧﴾

Кыяматтын илими Аллахтын Өзүнө гана кайтарылат. Ал анын качан болорун Өзү гана билет, аныАндан башка эч ким билбейт. Мөмө-жемиштердин аларды сактоочу бүчүрлөрдөн чыгуусу, ургаачынын боюна бүтүп жана төрөөсү Анын илими менен гана болот. Ал алардын эч бирин өткөрүп жибербейт. Кыяматта Аллах менен катар айкелгендерге сыйынган мушриктерди бул кылгандары үчүн Аллах аларды жемелеп: «Силер шериктер деп ойлогон Менин шериктерим кайда?» – дегенде мушриктер айтышат: «Сенин алдыңда мойнубузга алабыз, Сенин шеригиңбар деп арабыздан азыр эчким күбөлүккө өтпөйт»

وَضَلَّ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَدْعُونَ مِن قَبْلُ ۖ وَظَنُّوا۟ مَا لَهُم مِّن مَّحِيصٍۢ ﴿٤٨﴾

Алар дуба кылышкан айкелдери алардыташтап кетишти жана Аллахтын азабынан качып кутула албастарын анык билишти

لَّا يَسْـَٔمُ ٱلْإِنسَـٰنُ مِن دُعَآءِ ٱلْخَيْرِ وَإِن مَّسَّهُ ٱلشَّرُّ فَيَـُٔوسٌۭ قَنُوطٌۭ ﴿٤٩﴾

Инсан өзүнө ден-соолук, байлык жана бала-чака сыяктуу жакшылыктарды сурагандан эч тажабайт. Эгер ал кедейликке же ооруга туш болсо, анда ал Аллахтын ырайымынан таптакыр эле үмүт үзүп коёт

وَلَئِنْ أَذَقْنَـٰهُ رَحْمَةًۭ مِّنَّا مِنۢ بَعْدِ ضَرَّآءَ مَسَّتْهُ لَيَقُولَنَّ هَـٰذَا لِى وَمَآ أَظُنُّ ٱلسَّاعَةَ قَآئِمَةًۭ وَلَئِن رُّجِعْتُ إِلَىٰ رَبِّىٓ إِنَّ لِى عِندَهُۥ لَلْحُسْنَىٰ ۚ فَلَنُنَبِّئَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِمَا عَمِلُوا۟ وَلَنُذِيقَنَّهُم مِّنْ عَذَابٍ غَلِيظٍۢ ﴿٥٠﴾

ى Эгерде Биз ага ден-соолук, байлык берсек жана аныбашына түшкөн балээден, оорудан саламат кылсак ал мындай деп гана айтат: «Бул мага буйрук экен. Анткени мен ага татыктуумун. Мен кыямат болот деп эч ойлобойм. Эгер кыямат болуп калчу болсо деле Аллахтын алдында мен үчүн байлык жана мал-мүлк бар. Ал мага аны дүйнөдө татыктуу болгонум себептүү бергени сымал акыретте да мага алардыберет». Биз Аллахка каапырлык кылгандарга алардын кылган каапырлыгы менен күнөөлөрүнүн кабарын сөзсүз айтабыз жана аларга чектен ашкан катаал азапты таттырабыз. بلغ Куран · Тафсир

وَإِذَآ أَنْعَمْنَا عَلَى ٱلْإِنسَـٰنِ أَعْرَضَ وَنَـَٔا بِجَانِبِهِۦ وَإِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ فَذُو دُعَآءٍ عَرِيضٍۢ ﴿٥١﴾

Эгерде Биз инсанга ден-соолук, амандык сыяктуу жакшылыктарды берсек, ал Аллахты эстөөнү жана Ага моюн сунууну унутуп, кырын салып текеберленип калат. А эгер анын башына оору, кедейлик келсе, ал Аллахка башына түшкөн балээден куткар деп арыз-муңун айтып, узак дубаларды кылып баштайт. Ал Раббисинин ага берген жакшылыктарына шүгүр кылбайт жана Анын сыноолоруна сабыр кылбайт

قُلْ أَرَءَيْتُمْ إِن كَانَ مِنْ عِندِ ٱللَّهِ ثُمَّ كَفَرْتُم بِهِۦ مَنْ أَضَلُّ مِمَّنْ هُوَ فِى شِقَاقٍۭ بَعِيدٍۢ ﴿٥٢﴾

Оо, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерге айт: «Айткылачы, эгер бул Куран Аллах тараптан болуп, кийин силер ага каапырлык кылып,жалганга чыгарган болсоңор,анда силердин абалыңар кандай болот?Акыйкаттын ачыктыгына жана анын далилдеринин күчтүүлүгүнө карабастан ага баш ийбестик кылган адамдан да көбүрөөк адашкан ким бар?

سَنُرِيهِمْ ءَايَـٰتِنَا فِى ٱلْـَٔافَاقِ وَفِىٓ أَنفُسِهِمْ حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَهُمْ أَنَّهُ ٱلْحَقُّ ۗ أَوَلَمْ يَكْفِ بِرَبِّكَ أَنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ شَهِيدٌ ﴿٥٣﴾

Биз курайш каапырларынын бул Куран тууралуу шектенүүлөрүн жок кылып, ал шек-күмөнсүз акыйкат экени анык болгонго чейин аларга Аллахтын мусулмандарга ачып койгон жер мейкиндигиндеги аят-белгилерибизди көргөзөбүз жана ошондой эле Биз Меккени багынтуу менен аларга өздөрүндөгү аят-белгилерди көргөзөбүз. Куран Аллах тараптан экендигине Ал Өзү күбө бергени мушриктерге жетиштүү эмеспи? Аллахтан да күчтүү күбөлүккө өтүүчү ким бар? Эгерде алар акыйкатты каалашканда, анда аларга Раббисинин күбөлүгү жетиштүү болмок

أَلَآ إِنَّهُمْ فِى مِرْيَةٍۢ مِّن لِّقَآءِ رَبِّهِمْ ۗ أَلَآ إِنَّهُۥ بِكُلِّ شَىْءٍۢ مُّحِيطٌۢ ﴿٥٤﴾

Чындыгында мушриктер кыяматта кайра тирилүүнү жокко чыгарышканыүчүн Раббисине жолугуудан шектенүүдө. Алар акыретке ыйман келтиришпейт. Ошондуктан жакшылык иштерди кылып ага даярдык көрүшпөйт. Акыйкатта Аллахилими жана кудурети менен бүткүлнерсени Өзүнө камтып алат. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Fussilat — فصلت

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил