حمٓ ﴿١﴾
Башкы бет›Тафсир›Ash-Shura (42)
Меккелик · 53 аят
حمٓ ﴿١﴾
عٓسٓقٓ ﴿٢﴾
Хаа. Миим. Айн. Сиин. Кааф. Ушуга окшогон сөздүн түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында айтылган
كَذَٰلِكَ يُوحِىٓ إِلَيْكَ وَإِلَى ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِكَ ٱللَّهُ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿٣﴾
Оо, пайгамбар! Душмандарынан өч алууда Кудуреттүү, башкаруусунда жана жаратуусунда Даанышман Аллах сага жана сенден мурунку пайгамбарларга ушул сыяктуу вахий түшүрөт
لَهُۥ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۖ وَهُوَ ٱلْعَلِىُّ ٱلْعَظِيمُ ﴿٤﴾
Жаратуу, бийлик кылуу, башкаруу жактан асмандардагы жана жердеги бүткүл нерселер Аллахка гана таандык. Ал Өз заты, кудурети жана каардуулугу менен Бийик, Өз затында Улук
تَكَادُ ٱلسَّمَـٰوَٰتُ يَتَفَطَّرْنَ مِن فَوْقِهِنَّ ۚ وَٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ يُسَبِّحُونَ بِحَمْدِ رَبِّهِمْ وَيَسْتَغْفِرُونَ لِمَن فِى ٱلْأَرْضِ ۗ أَلَآ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلْغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ ﴿٥﴾
Аллахтын улуктугунан эбегейгиз жана бийик асмандар дагыкабат-кабат жердин үстүнөн жарылып кетчүдөй болуп турат. Ал эми периштелер Раббисин аруулашууда, Ага баш ийүү менен мактоолорду айтып улукташууда жана жер бетиндегилер үчүн Аллахтан кечирим сурашууда. Акыйкатта Аллах тообо кылган пенделерин Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу
وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُوا۟ مِن دُونِهِۦٓ أَوْلِيَآءَ ٱللَّهُ حَفِيظٌ عَلَيْهِمْ وَمَآ أَنتَ عَلَيْهِم بِوَكِيلٍۢ ﴿٦﴾
Ал эми Аллахтан башка айкелдерди жакын тутушуп,Аллахменен катар аларга сыйынгандардын иш-аракеттерин Аллах жазып күзөтүп турат жана ал үчүн аларга жазасын берет. Оо, пайгамбар! Сен алардын иш-аракеттерин сактоогожоопкер эмессиңжана алардын иш-аракеттери үчүн суралбайсың.ي Сен болгонужеткирүүчүсүң
وَكَذَٰلِكَ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ قُرْءَانًا عَرَبِيًّۭا لِّتُنذِرَ أُمَّ ٱلْقُرَىٰ وَمَنْ حَوْلَهَا وَتُنذِرَ يَوْمَ ٱلْجَمْعِ لَا رَيْبَ فِيهِ ۚ فَرِيقٌۭ فِى ٱلْجَنَّةِ وَفَرِيقٌۭ فِى ٱلسَّعِيرِ ﴿٧﴾
Оо, пайгамбар! Сен Меккени жана анын айланасындагы араб шаарларын, ошондой эле бүткүл адамзатты эскертүүң үчүн жана Аллах абалкылар менен акыркыларды сурак жана жаза-сыйлык үчүн бир жайга чогулткан, шек-күмөнсүз боло турган кыямат күнүнөн адамдарды коркутууң үчүн Биз сенден мурунку пайгамбарларга вахий кылганыбыз сыяктуу сага дагы арабча Куранды вахий кылдык. Ал кезде адамдар эки топко бөлүнүшөт: бир тобу бейиштеги ыймандуулар, экинчи тобу тозоктогу каапырлар. بلغ Куран · Тафсир
وَلَوْ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَعَلَهُمْ أُمَّةًۭ وَٰحِدَةًۭ وَلَـٰكِن يُدْخِلُ مَن يَشَآءُ فِى رَحْمَتِهِۦ ۚ وَٱلظَّـٰلِمُونَ مَا لَهُم مِّن وَلِىٍّۢ وَلَا نَصِيرٍ ﴿٨﴾
Эгер Аллах аларды Ислам динин тутунган бир үммөт кылууну каалаганда, аларды бир үммөт кылып, алардын баарысын бейишке киргизип коймок. Бирок Анын даанышмандыгынын талабына ылайык Ал Өзү каалаганды Исламга киргизип, аны бейишке киргизет. Ал эми каапырлык жана күнөөлөрдү кылуу менен өздөрүнө зулумдук кылгандар үчүн алардыколдогон колдоочужана Аллахтын азабынан куткарган жардамчыболбойт
أَمِ ٱتَّخَذُوا۟ مِن دُونِهِۦٓ أَوْلِيَآءَ ۖ فَٱللَّهُ هُوَ ٱلْوَلِىُّ وَهُوَ يُحْىِ ٱلْمَوْتَىٰ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌۭ ﴿٩﴾
Бирок мушриктер Аллахтан башкаларды колдоочу кылып алышты. Аллах Өзү гана чыныгы Колдоочу. Андан башкалар пайда да, зыян да келтире алышпайт. Ал өлүктөрдү сурак жана жаза-сыйлык үчүн кайра тирилтет. Аны эч ким алсырата албайт
وَمَا ٱخْتَلَفْتُمْ فِيهِ مِن شَىْءٍۢ فَحُكْمُهُۥٓ إِلَى ٱللَّهِ ۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبِّى عَلَيْهِ تَوَكَّلْتُ وَإِلَيْهِ أُنِيبُ ﴿١٠﴾
Эй, адамдар! Силер дин негиздерине жана анын ичине кирген бөлүмдөргө байланыштуу кайсы бир нерседе талашып калсаңар, анын өкүмү Аллахта. Ал нерседе Анын Китебине же пайгамбарынын сүннөткө кайтсын. Менин Раббим мына ушундай сыпаттарга ээ, бүткүл иштеримде Ага гана таянам жана Ага гана тообокылып кайтам
فَاطِرُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ جَعَلَ لَكُم مِّنْ أَنفُسِكُمْ أَزْوَٰجًۭا وَمِنَ ٱلْأَنْعَـٰمِ أَزْوَٰجًۭا ۖ يَذْرَؤُكُمْ فِيهِ ۚ لَيْسَ كَمِثْلِهِۦ شَىْءٌۭ ۖ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْبَصِيرُ ﴿١١﴾
Аллах асмандар менен жерди мурун болбогондой көрүнүштө Жаратуучу. Ал силерге өзүңөрдөн жубайларды жаратты. Жана силерге төө, уй жана койлорду көбөйтүш үчүн жуп кылып жаратты. Ошондой эле Ал силерди үйлөнүү аркылуу өзүңөрдөн болгон жубайларыңардан жаратат жана силерге жан-жаныбарлардын эттери жана сүттөрү аркылуу жашоо берет. Ага макулуктардын эч бири окшобойт. Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу. Алардын эч бирин өткөрүп жибербейт. Ал жакында аларга иш-аракеттери үчүн сыйлык же жазасын берет. Жакшы болсо жакшы, жаман болсо жаман болот
لَهُۥ مَقَالِيدُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۖ يَبْسُطُ ٱلرِّزْقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقْدِرُ ۚ إِنَّهُۥ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌۭ ﴿١٢﴾
Асмандар менен жер казыналарынын ачкычтары жалгыз Ага таандык. Ал пенделери шүгүр кылабы же четке кагабы деп сынаш үчүн Өзү каалаганына ырыскыны кең кылат. Ошондой эле алар сабыр кылабы же Аллахтын тагдырына кажырланабы деп сынаш үчүн Өзү каалаганынын ырыскысын тар кылат. Чындыгында Ал бардык нерсени Билүүчү.Пенделерине пайдалууболгон нерселердин эчбири Ага жашыруун эмес
۞ شَرَعَ لَكُم مِّنَ ٱلدِّينِ مَا وَصَّىٰ بِهِۦ نُوحًۭا وَٱلَّذِىٓ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ وَمَا وَصَّيْنَا بِهِۦٓ إِبْرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ وَعِيسَىٰٓ ۖ أَنْ أَقِيمُوا۟ ٱلدِّينَ وَلَا تَتَفَرَّقُوا۟ فِيهِ ۚ كَبُرَ عَلَى ٱلْمُشْرِكِينَ مَا تَدْعُوهُمْ إِلَيْهِ ۚ ٱللَّهُ يَجْتَبِىٓ إِلَيْهِ مَن يَشَآءُ وَيَهْدِىٓ إِلَيْهِ مَن يُنِيبُ ﴿١٣﴾
ينيب Биз Нухка жеткир жана аны иш жүзүндө аткар деп буйруганыбыз сыяктуу силерге да динди шарият кылдык. Оо, пайгамбар! Биз сага вахий кылган нерселерди да шарият кылдык. Ошондой эле Биз Ибрахимге, Мусага, Исага بلغ Куран · Тафсир жеткиргиле жана аны иш жүзүндө аткаргыла, бир сөз менен айтканда: «Динди толук тургузгула жана анда бөлүнүп-жарылбагыла» – деген сыяктуу буйруктарыбызды силерге да шарият кылдык. Силер мушриктерди Аллахка гана сыйынып, Андан башкага сыйынбагыла деген чакырыгыңар алар үчүн оор болду. Аллах пенделеринен Өзү каалагандарын тандап, Өзүнө сыйынууга жана моюн сунууга ийгилик берет, ошондой эле күнөөлөрүнө тообоم кылып Ага кайткандардыӨзүнө карай багыттайт
وَمَا تَفَرَّقُوٓا۟ إِلَّا مِنۢ بَعْدِ مَا جَآءَهُمُ ٱلْعِلْمُ بَغْيًۢا بَيْنَهُمْ ۚ وَلَوْلَا كَلِمَةٌۭ سَبَقَتْ مِن رَّبِّكَ إِلَىٰٓ أَجَلٍۢ مُّسَمًّۭى لَّقُضِىَ بَيْنَهُمْ ۚ وَإِنَّ ٱلَّذِينَ أُورِثُوا۟ ٱلْكِتَـٰبَ مِنۢ بَعْدِهِمْ لَفِى شَكٍّۢ مِّنْهُ مُرِيبٍۢ ﴿١٤﴾
Каапырлар менен мушриктерге Мухаммад жиберилип, аларга далил коюлгандан кийин бөлүнүп кетишти. Алардын бөлүнүп-жарылуусу чектен чыгуу жана зулумдук себептен гана болду. Эгерде Аллах аларга азапты белгилүүбир мөөнөткө чейин,тагыраак айтканда кыямат күнгө чейин кечиктирет деп алдын ала Анын илиминде жазылбаганда, анда Аллах алардын ортосунда өкүм чыгармак, аларга каапырлыктары жана пайгамбарларды жалганга чыгаргандары себептүү азапты эртелетмек. Ал эми Тооратты мураска алган жөөттөр, ата-бабаларынан кийин Инжилди алган христиандар, алардан кийинки мушриктер Мухаммад алып келген бул Куранга катуу шектеништи жана аныжалганга чыгарышты
فَلِذَٰلِكَ فَٱدْعُ ۖ وَٱسْتَقِمْ كَمَآ أُمِرْتَ ۖ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَآءَهُمْ ۖ وَقُلْ ءَامَنتُ بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ مِن كِتَـٰبٍۢ ۖ وَأُمِرْتُ لِأَعْدِلَ بَيْنَكُمُ ۖ ٱللَّهُ رَبُّنَا وَرَبُّكُمْ ۖ لَنَآ أَعْمَـٰلُنَا وَلَكُمْ أَعْمَـٰلُكُمْ ۖ لَا حُجَّةَ بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمُ ۖ ٱللَّهُ يَجْمَعُ بَيْنَنَا ۖ وَإِلَيْهِ ٱلْمَصِيرُ ﴿١٥﴾
Сен бул туура динге чакыр, Аллах сага буйругандай ага бекем бол, алардын жалган каалоолорун ээрчибе жана алар менен талашып-тартышканда айт: «Мен Аллахка жана Ал пайгамбарларына түшүргөн китептерге ыйман келтирдим. Аллах мага силердин ортоңордо адилеттик менен өкүм кылууну буйруду. Мен сыйынган Аллах – Ал менин да, силердин Раббиңер. Биздин кылган иштерибиз жакшы болсо да, жаман болсо да өзүбүз үчүн. Силердин кылган иштериңер жакшы болсо да, жаман болсо да өзүңөр үчүн. Биздин ортобузда далил ачык-айкын болгондон кийин эч кандай талашып-тартышуу жок. Аллах баарыбызды чогултат. Кыяматта Ага гана кайтабыз. Ошондо Ал ар бирибизге өзүбүз татыктуу болгон сыйлыкты же жазаны берет. Мына ошол кезде чынчылдан алдамчы, акыйкатчыдан жалганчы айырмаланат»
وَٱلَّذِينَ يُحَآجُّونَ فِى ٱللَّهِ مِنۢ بَعْدِ مَا ٱسْتُجِيبَ لَهُۥ حُجَّتُهُمْ دَاحِضَةٌ عِندَ رَبِّهِمْ وَعَلَيْهِمْ غَضَبٌۭ وَلَهُمْ عَذَابٌۭ شَدِيدٌ ﴿١٦﴾
Мухаммадга түшкөн бул динге адамдар жооп бергенден кийин ал тууралуу жалган далилдер менен талашып- тартышкандардын далилдери Раббисинин жана ыймандуулардын алдында пайдасыз жана жокко чыгарылат. Алардын эч таасири болбойт. Аларга каапырлыктары жана акыйкатты четке каккандыктары үчүн Аллахтын каары болот жана кыямат күнүалардыкатаал азап күтүп турат
ٱللَّهُ ٱلَّذِىٓ أَنزَلَ ٱلْكِتَـٰبَ بِٱلْحَقِّ وَٱلْمِيزَانَ ۗ وَمَا يُدْرِيكَ لَعَلَّ ٱلسَّاعَةَ قَرِيبٌۭ ﴿١٧﴾
Аллах Куранды эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат менен түшүрдү. Ошондой эле адамдардын ортосунда калыс өкүм кылыш үчүн адилеттикти түшүрдү.Алар жалганга чыгарып жаткан кыямат саатыжакын калган чыгар.Кайсы бир нерсе келе жатса,демек буланын жакын экенинен кабар берет. بلغ Куран · Тафсир
يَسْتَعْجِلُ بِهَا ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِهَا ۖ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ مُشْفِقُونَ مِنْهَا وَيَعْلَمُونَ أَنَّهَا ٱلْحَقُّ ۗ أَلَآ إِنَّ ٱلَّذِينَ يُمَارُونَ فِى ٱلسَّاعَةِ لَفِى ضَلَـٰلٍۭ بَعِيدٍ ﴿١٨﴾
Ага ишенбегендер анын батыраак келишин шаштырышат. Анткени алар суракка, сооп-сыйлыкка жана жазага ишенишпейт. Ал эми Аллахка ыйман келтиргендер болсоага баруудан коркушат жана алар анын эч кандай шек- күмөнү жок акыйкат экенин анык билишет. Каямат сааты тууралуу талашып-тартышкандар жана анын болору тууралуушектенгендер акыйкатка туура келбегендей анык адашууда!
ٱللَّهُ لَطِيفٌۢ بِعِبَادِهِۦ يَرْزُقُ مَن يَشَآءُ ۖ وَهُوَ ٱلْقَوِىُّ ٱلْعَزِيزُ ﴿١٩﴾
Аллах пенделерине Боорукер. Ал Өзү каалаган пендесине ырыскы берип,ырыскысын кенен кылат жана ырайым, даанышандыгы менен Өзү каалаган пендесинин ырыскысын тарытат. Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, Ал душмандарынан өч алууга Кудуреттүү
مَن كَانَ يُرِيدُ حَرْثَ ٱلْـَٔاخِرَةِ نَزِدْ لَهُۥ فِى حَرْثِهِۦ ۖ وَمَن كَانَ يُرِيدُ حَرْثَ ٱلدُّنْيَا نُؤْتِهِۦ مِنْهَا وَمَا لَهُۥ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ مِن نَّصِيبٍ ﴿٢٠﴾
نص يب Кимде-ким акырет сообуна жетем деп ага ылайык иш-аракеттерди кылса, Биз анын сооп-сыйлыгын эселеп беребиз. Бир жакшылык иш он эседен жети жүз эсеге чейин эселеп-эселеп көбөйтүлөт. Ал эми ким дүйнөнү гана кааласа, Биз ага жазылган насибин беребиз. Бирок ал дүйнөнү артык көргөнү үчүн акыретте эч кандай энчиге ээ болбойт
أَمْ لَهُمْ شُرَكَـٰٓؤُا۟ شَرَعُوا۟ لَهُم مِّنَ ٱلدِّينِ مَا لَمْ يَأْذَنۢ بِهِ ٱللَّهُ ۚ وَلَوْلَا كَلِمَةُ ٱلْفَصْلِ لَقُضِىَ بَيْنَهُمْ ۗ وَإِنَّ ٱلظَّـٰلِمِينَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ ﴿٢١﴾
عذاب أليم Же болбосо ал мушриктердин Аллахтан башка кудайлары барбы жана алар Аллах Өз шариятында уруксат бербеген ширк кылуу, адалдыарам же арамдыадал кылуу сыяктуу нерселерди аларга динден деп шарият кылып беришеби?Эгер Аллахталашып-тартышкандардын ортосунда өкүм кылууга атайын бир мөөнөттүбелгилебегенде жана аларды ошого чейин калтырам дебегенде, анда алардын ортосунда сөзсүз өкүм кылмак. Чындыгында Аллахка ширк жана күнөө кылып өздөрүнө зулумдук кылгандардыкыямат күнүкүткөн кыйноочуазап бар
تَرَى ٱلظَّـٰلِمِينَ مُشْفِقِينَ مِمَّا كَسَبُوا۟ وَهُوَ وَاقِعٌۢ بِهِمْ ۗ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ فِى رَوْضَاتِ ٱلْجَنَّاتِ ۖ لَهُم مَّا يَشَآءُونَ عِندَ رَبِّهِمْ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلْفَضْلُ ٱلْكَبِيرُ ﴿٢٢﴾
Оо, пайгамбар! Сен ширк жана күнөө кылып өздөрүнө зулумдук кылгандардыкүнөөлөрү себептүү жазалануудан жана сөзсүз ишке ашуучу жазадан коркушкандарын көрөсүң. Аларга тообосуз коркунуч эч пайда бербейт. Ал эми булардан айырмаланып Аллахка, Анын элчилерине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар ырахаттанган абалда бейиш бакчаларында болушат. Алар үчүн Раббисинин алдында алар каалагандай түгөнбөс жакшылыктын түрлөрү болот. Мына ушул эч бир жакшылык тең келбегендей улуу жакшылык. بلغ Куран · Тафсир
ذَٰلِكَ ٱلَّذِى يُبَشِّرُ ٱللَّهُ عِبَادَهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ ۗ قُل لَّآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ أَجْرًا إِلَّا ٱلْمَوَدَّةَ فِى ٱلْقُرْبَىٰ ۗ وَمَن يَقْتَرِفْ حَسَنَةًۭ نَّزِدْ لَهُۥ فِيهَا حُسْنًا ۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌۭ شَكُورٌ ﴿٢٣﴾
Бул Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга Өзүнүн пайгамбары аркылуу сүйүнчүлөгөн улуу куш кабар. Оо, пайгамбар! Айткын: «Мен силерге жеткирген акыйкат үчүн сыйлык сурабайм. Мен силерден пайдасы өзүңөргө гана кайта турган бир гана нерсеси сурайм – силерге болгон жакындыгым үчүн мени жакшыкөргүлө». Ким жакшылык кылса, анын сообун эселеп беребиз. Бир жакшылык он эсеге көбөйтүлөт. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине кечиримдүү, Анын Жүзүн каалап жакшылык иштерди кылгандарга ыраазыболуучу
أَمْ يَقُولُونَ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًۭا ۖ فَإِن يَشَإِ ٱللَّهُ يَخْتِمْ عَلَىٰ قَلْبِكَ ۗ وَيَمْحُ ٱللَّهُ ٱلْبَـٰطِلَ وَيُحِقُّ ٱلْحَقَّ بِكَلِمَـٰتِهِۦٓ ۚ إِنَّهُۥ عَلِيمٌۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ ﴿٢٤﴾
Мушриктер Мухаммад бул Куранды өзү ойлоп таап, аны Раббисине таандык кылып жатат деп ойлошот. Аллах аларга жооп кылып айтты: «Эгерде сен жалган жалаа ойлоп табам деп өзүңө айткан болсоң, анда Мен сенин жүрөгүңдү мөөрлөп коймокмун жана жалган жалааны өчүрүп, акыйкатты калтырмакмын. Бирок иштин мындай болбогондугу – Раббиси тараптан вахий кылынган нерседе пайгамбар чынчыл экендигине далил болот. Чындыгында Аллах пенделеринин жүрөгүндөгү нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес
وَهُوَ ٱلَّذِى يَقْبَلُ ٱلتَّوْبَةَ عَنْ عِبَادِهِۦ وَيَعْفُوا۟ عَنِ ٱلسَّيِّـَٔاتِ وَيَعْلَمُ مَا تَفْعَلُونَ ﴿٢٥﴾
Аллах пенделеринин каапырлык жана күнөөлөрү үчүн кылган тооболорун кабыл кылат жана кылган жамандыктарын кечирет. Ал силердин ар бир кылганыңардыбилет. Силердин кылган ишиңердин эч бири Ага жашыруун эмес.Жакында силерге алардын сыйлыгын же жазасын берет
وَيَسْتَجِيبُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ وَيَزِيدُهُم مِّن فَضْلِهِۦ ۚ وَٱلْكَـٰفِرُونَ لَهُمْ عَذَابٌۭ شَدِيدٌۭ ﴿٢٦﴾
Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандардын дубасына Аллах жооп берет жана аларга сурашпаса да Өз жакшылыктарынан көбөйтүп берет. Ал эми Аллахка жана Анын элчисилерине каапырлык кылгандардыкыяматта күткөн катууазап бар
۞ وَلَوْ بَسَطَ ٱللَّهُ ٱلرِّزْقَ لِعِبَادِهِۦ لَبَغَوْا۟ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَـٰكِن يُنَزِّلُ بِقَدَرٍۢ مَّا يَشَآءُ ۚ إِنَّهُۥ بِعِبَادِهِۦ خَبِيرٌۢ بَصِيرٌۭ ﴿٢٧﴾
Эгерде Аллах бардык пенделерине ырыскыныкенен кылганда, алар жер бетинде чектен чыгып кетишмек. Бирок Аллах ырыскыны Өзү каалаган өлчөмдө көбөйтүп жана азайтып түшүрөт. Чындыгында Аллах пенделеринин абалдары Билүүчү, аларды Көрүүчү. Ошондуктан Ал кандайдыр бир даанышмандык себептүү берет жана кандайдыр бир даанышмандык себептүүалат
وَهُوَ ٱلَّذِى يُنَزِّلُ ٱلْغَيْثَ مِنۢ بَعْدِ مَا قَنَطُوا۟ وَيَنشُرُ رَحْمَتَهُۥ ۚ وَهُوَ ٱلْوَلِىُّ ٱلْحَمِيدُ ﴿٢٨﴾
Пенделери жамгыр жаашынан үмүт үзүп калышканда Ал аларга жамгыр жаадырат жана аны жайылтып, жерди өндүрөт. Ал пенделеринин иштерин башкаруучу, бардык абалда мактоого татыктуу. بلغ Куран · Тафсир
وَمِنْ ءَايَـٰتِهِۦ خَلْقُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَثَّ فِيهِمَا مِن دَآبَّةٍۢ ۚ وَهُوَ عَلَىٰ جَمْعِهِمْ إِذَا يَشَآءُ قَدِيرٌۭ ﴿٢٩﴾
Асмандар менен жерди жаратуу жана ал экөөсүндө укмуштуудай тирүү жандыктарды таратуу – Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген аят-белгилерден. Ал алардыӨзү каалаганда чогултууга жана аларга сыйлык-жаза берүүгө кудуреттүү. Аларды абалкы учурда жаратуу Аны алсыратпаган сыяктуу бул нерсе да Аны алсырата албайт
وَمَآ أَصَـٰبَكُم مِّن مُّصِيبَةٍۢ فَبِمَا كَسَبَتْ أَيْدِيكُمْ وَيَعْفُوا۟ عَن كَثِيرٍۢ ﴿٣٠﴾
Эй, адамдар! Өзүңөргө же мал-мүлкүңөргө тийиштүү башыңарга түшкөн кыйынчылык өз колуңар менен кылган күнөөлөр себептүүболду.Аллахалардын көпчүлүгүн кечирди жана алүчүн силерди жазалаган жок
وَمَآ أَنتُم بِمُعْجِزِينَ فِى ٱلْأَرْضِ ۖ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِن وَلِىٍّۢ وَلَا نَصِيرٍۢ ﴿٣١﴾
Эгер Аллах силерди жазалоону кааласа, Анын жазасынан качып кутула албайсыңар. Силер үчүн ишиңерди башкарган Андан башка колдоочу жок жана Ал силерге азаптыкааласа, силерди андан сактаган жардамчыда жок
وَمِنْ ءَايَـٰتِهِ ٱلْجَوَارِ فِى ٱلْبَحْرِ كَٱلْأَعْلَـٰمِ ﴿٣٢﴾
Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген аят-белгилерден – деңизде тоолордой бийик болгон кемелердин жүрүүсү
إِن يَشَأْ يُسْكِنِ ٱلرِّيحَ فَيَظْلَلْنَ رَوَاكِدَ عَلَىٰ ظَهْرِهِۦٓ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّكُلِّ صَبَّارٍۢ شَكُورٍ ﴿٣٣﴾
Эгерде Аллах кемелерди жүргүзгөн шамалды токтотууну кааласа, аны токтотуп коймок. Анан алар деңизде кыймылсыз бир ордунда туруп калмак. Чындыгында кемелерди жаратуу жана шамалды моюн сундуруу сыяктуу бул айтылган нерселерде сыноолорго жана кыйынчылыктарга сабыр кылган жана Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылган адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдер бар. أو يوبقهن بما كسبواويعف عن كثير
أَوْ يُوبِقْهُنَّ بِمَا كَسَبُوا۟ وَيَعْفُ عَن كَثِيرٍۢ ﴿٣٤﴾
Же Аллах катуу шамал жиберип ал кемелерди жок кылууну кааласа, анда адамдардын кылган күнөөлөрү себептүү алардыкыйратып жок кылмак.Аллахпенделеринин көптөгөн күнөөлөрүн кечирип,алардыжазалаган жок
وَيَعْلَمَ ٱلَّذِينَ يُجَـٰدِلُونَ فِىٓ ءَايَـٰتِنَا مَا لَهُم مِّن مَّحِيصٍۢ ﴿٣٥﴾
Катуу шамал жиберип ал кемелерди жок кыла турган кезде Аллахтын аят-белгилерин жокко чыгарыш үчүн талашып-тартышкандар, алар үчүн кыйроодон качып кутулуу жок экенин билишет. Ошондо алар Аллахтан башкаларды таштап, Ага гана жалбарышат. بلغ Куран · Тафсир
فَمَآ أُوتِيتُم مِّن شَىْءٍۢ فَمَتَـٰعُ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا ۖ وَمَا عِندَ ٱللَّهِ خَيْرٌۭ وَأَبْقَىٰ لِلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ ﴿٣٦﴾
Эй, адамдар! Силерге берилген мал-мүлк же кадыр-барк же бала-чака бул дүйнө жашоосунун убактылуу ырахаттары. Ал эми түбөлүк жыргалчылык – Аллах Өзүнө жана пайгамбарларына ыйман келтирген жана бүткүл иштеринде жалгыз Ага тобокел кылгандарга даярдап койгон бейиш жыргалчылыгы
وَٱلَّذِينَ يَجْتَنِبُونَ كَبَـٰٓئِرَ ٱلْإِثْمِ وَٱلْفَوَٰحِشَ وَإِذَا مَا غَضِبُوا۟ هُمْ يَغْفِرُونَ ﴿٣٧﴾
Алар чоң жана жийиркеничтүү күнөөлөрдөн алысташат. Эгерде аларга кимдир бирөө сөзү же иши менен зыян берсе,анын каталыгын кечирет жана алүчүн жазалашпайт.Булкечиримдүүлүк алардан болгон айкөлдүк,анткени анда жакшылыктар жана пайдалар бар
وَٱلَّذِينَ ٱسْتَجَابُوا۟ لِرَبِّهِمْ وَأَقَامُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَأَمْرُهُمْ شُورَىٰ بَيْنَهُمْ وَمِمَّا رَزَقْنَـٰهُمْ يُنفِقُونَ ﴿٣٨﴾
Алар Раббисинин буйругун аткарып, тыйгандарын таштооменен Ага жооп беришет жана намаздыталаптагыдай толук аткарышат. Ошондой эле алар үчүн маанилүү болгон иштерде өз ара кеңешишет жана Биз аларга берген ырыскыдан Аллахтын жүзүн каалап сарпташат
وَٱلَّذِينَ إِذَآ أَصَابَهُمُ ٱلْبَغْىُ هُمْ يَنتَصِرُونَ ﴿٣٩﴾
Эгерде аларга зулумдук кылынса жана ал зулумдук кылган адам кечиримге татыксыз болсо, анда алар өз кадырын түшүрбөстөн жеңишке жетишет. Бул анык жеңиш, айрыкча кечирип коюуда эч кандай пайда болбогон болсо
وَجَزَٰٓؤُا۟ سَيِّئَةٍۢ سَيِّئَةٌۭ مِّثْلُهَا ۖ فَمَنْ عَفَا وَأَصْلَحَ فَأَجْرُهُۥ عَلَى ٱللَّهِ ۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٤٠﴾
Кимде-ким өз акысын алууну кааласа, анда ал аны алганга акылуу. Бирок ашырбастан же чектен чыкпастан дал өзүндөй болсун. Ал эми ким ага жамандык кылган адамдыкечирсе, ал жамандыгыүчүн аныжазалабаса жана аны менен мусулман бир тууганын жараштырса, анда анын сооп-сыйлыгы Аллахтын алдында. Чындыгында Аллах адамдардын өзүнө же мал-мүлкүнө же абийирине тийишип зулумдук кылгандарды сүйбөйт, атүгүл аларды жек көрөт
وَلَمَنِ ٱنتَصَرَ بَعْدَ ظُلْمِهِۦ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ مَا عَلَيْهِم مِّن سَبِيلٍ ﴿٤١﴾
Ким өз таламыүчүн жеңишке жетсе, анда аларга өз акыларын алганыүчүн эч кандай жаза жок
إِنَّمَا ٱلسَّبِيلُ عَلَى ٱلَّذِينَ يَظْلِمُونَ ٱلنَّاسَ وَيَبْغُونَ فِى ٱلْأَرْضِ بِغَيْرِ ٱلْحَقِّ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ ﴿٤٢﴾
Чындыгында жазалоо адамдарга зулумдук кылып жана жер бетинде күнөө иштерди кылгандар үчүн. Мына ошолорго акыретте кыйноочу азаптар бар. بلغ Куран · Тафсир
وَلَمَن صَبَرَ وَغَفَرَ إِنَّ ذَٰلِكَ لَمِنْ عَزْمِ ٱلْأُمُورِ ﴿٤٣﴾
Ал эми ким башкалардын зыянына сабыр кылып, аларды кечирсе, анда мындай сабырдуулук өзүнө жана коомго жакшылык алып келет. Бул мактоого татыктуу иш. Буга улуу энчиге ээ болгондор гана жетишет
وَمَن يُضْلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِن وَلِىٍّۢ مِّنۢ بَعْدِهِۦ ۗ وَتَرَى ٱلظَّـٰلِمِينَ لَمَّا رَأَوُا۟ ٱلْعَذَابَ يَقُولُونَ هَلْ إِلَىٰ مَرَدٍّۢ مِّن سَبِيلٍۢ ﴿٤٤﴾
Аллах кимге туура жолго түшүүгө колдоо көргөзбөй, аныакыйкаттан адаштырса, анда ал үчүн анын иштерин колго алган Андан башка эч кандай колдоочу болбойт. Сен көрөсүң, каапырлык жана күнөө иштерди кылып өздөрүнө зулумдук кылгандар кыяматта азапты өз көздөрү менен көрүшкөндө: «Дүйнөгө кайра кайтуунун жолу бар бекен, биз кайтып Аллахка тообо кылалы?» – деп үмүттөнө айтышат
وَتَرَىٰهُمْ يُعْرَضُونَ عَلَيْهَا خَـٰشِعِينَ مِنَ ٱلذُّلِّ يَنظُرُونَ مِن طَرْفٍ خَفِىٍّۢ ۗ وَقَالَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِنَّ ٱلْخَـٰسِرِينَ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ وَأَهْلِيهِمْ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۗ أَلَآ إِنَّ ٱلظَّـٰلِمِينَ فِى عَذَابٍۢ مُّقِيمٍۢ ﴿٤٥﴾
Оо, пайгамбар! Сен ал залымдарды тозокко кордолуп алып келингенде катуу коркунучтан адамдарды кылчактап тиктегендерин көрөсүң. Ошондо Аллахка жана пайгамбарларга ыйман келтиргенде айтышат: «Чыныгы жоготууга учурагандар – алар кыяматта Аллахтын азабына туш болгон себептүү өздөрүн жана үй-бүлөлөрүн жоготууга учураткандар».Чындыгында каапырлык жана күнөөлөрдүкылып өздөрүнө зулумдук кылгандар эчкачан бүтпөгөн түбөлүктүү азапта болушат
وَمَا كَانَ لَهُم مِّنْ أَوْلِيَآءَ يَنصُرُونَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ ۗ وَمَن يُضْلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِن سَبِيلٍ ﴿٤٦﴾
Кыяматта аларды Аллахтын азабынан куткарып аларга жардам берген эч бир колдоочу болбойт. Аллах кимди акыйкатка карай жардамсыз таштап адаштырса, анда аныакыйкатка багыттаган эч бир жол болбойт
ٱسْتَجِيبُوا۟ لِرَبِّكُم مِّن قَبْلِ أَن يَأْتِىَ يَوْمٌۭ لَّا مَرَدَّ لَهُۥ مِنَ ٱللَّهِ ۚ مَا لَكُم مِّن مَّلْجَإٍۢ يَوْمَئِذٍۢ وَمَا لَكُم مِّن نَّكِيرٍۢ ﴿٤٧﴾
Эй, адамдар! Артка кайтаруу мүмкүн болбогон кыямат күн келгенге чейин Раббиңердин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап жана кийинкиге калтырбай Ага тез жооп бергиле!Алкезде силер үчүн коргонор эчбир нерсе болбойт жана дүйнөдө кылган күнөөлөрүңөрдү четке кагууга да жол берилбейт
فَإِنْ أَعْرَضُوا۟ فَمَآ أَرْسَلْنَـٰكَ عَلَيْهِمْ حَفِيظًا ۖ إِنْ عَلَيْكَ إِلَّا ٱلْبَلَـٰغُ ۗ وَإِنَّآ إِذَآ أَذَقْنَا ٱلْإِنسَـٰنَ مِنَّا رَحْمَةًۭ فَرِحَ بِهَا ۖ وَإِن تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌۢ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ فَإِنَّ ٱلْإِنسَـٰنَ كَفُورٌۭ ﴿٤٨﴾
Оо, пайгамбар! Эгерде алар сенин буйругуңдан баш тартышса, Биз сени алардын иш-аракеттерин сактоочу кылып жиберген эмеспиз. Сен өзүңө буйрулганды гана жеткирүүгө милдеттүүсүң, ал эми аларды суракка алуу Аллахтын милдетинде. Эгерде Биз адам баласына Өзүбүз тараптан байлык, ден-соолук же ушуга окшогон нерселерди берип ырайым кылсак, ал ага сүйүнөт. А эгер анын башына күнөөлөрү себептүү ага жакпагандай кыйынчылыктар келсе, акыйкатта алар табиятынан Аллахтын жакшылыктарын танып кетишет, ага шүгүр кылышпайт жана Аллахтын Өз даанышмандыгыменен тагдыр кылган нерсесине ачууланышат. بلغ Куран · Тафсир
لِّلَّهِ مُلْكُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ يَخْلُقُ مَا يَشَآءُ ۚ يَهَبُ لِمَن يَشَآءُ إِنَـٰثًۭا وَيَهَبُ لِمَن يَشَآءُ ٱلذُّكُورَ ﴿٤٩﴾
أَوْ يُزَوِّجُهُمْ ذُكْرَانًۭا وَإِنَـٰثًۭا ۖ وَيَجْعَلُ مَن يَشَآءُ عَقِيمًا ۚ إِنَّهُۥ عَلِيمٌۭ قَدِيرٌۭ ﴿٥٠﴾
Асмандар менен жердин мүлкү Аллахка гана таандык. Ал эркек же ургаачы же башка ушул сыяктуу Өзү каалаган нерсени жаратат. Кимге кааласа кыз берип, уул бербейт жана кимге кааласа уул берип, кыз бербейт. Же кимге кааласа уул да, кыз да берет жана кимди кааласа төрөбөс кылып коёт. Чындыгында Ал болуп жаткан жана келечекте боло турган нерселерди Билүүчү. Бул анын илими менен даанышмандыгы кемчиликсиз экенин билдирет. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес жана Аныэч бир нерсе алсырата албайт
۞ وَمَا كَانَ لِبَشَرٍ أَن يُكَلِّمَهُ ٱللَّهُ إِلَّا وَحْيًا أَوْ مِن وَرَآئِ حِجَابٍ أَوْ يُرْسِلَ رَسُولًۭا فَيُوحِىَ بِإِذْنِهِۦ مَا يَشَآءُ ۚ إِنَّهُۥ عَلِىٌّ حَكِيمٌۭ ﴿٥١﴾
على حكيم Аллах адам баласы менен вахийди илхам кылуу аркылуу же Өзүн көргөзбөстөн сөзүн угузуу аркылуу же ага Жебреил периште сыяктуу периштени элчи кылып жиберип, адамзаттан болгон пайгамбарга Аллахтын уруксаты менен Ал каалаганды вахий кылуу аркылуу гана сүйлөшөт. Чындыгында Ал Өз затында жана сыпаттарында Бийик, Өз жаратуусунда, кудуреттүүлүгүндө жана шариятында Даанышман
وَكَذَٰلِكَ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ رُوحًۭا مِّنْ أَمْرِنَا ۚ مَا كُنتَ تَدْرِى مَا ٱلْكِتَـٰبُ وَلَا ٱلْإِيمَـٰنُ وَلَـٰكِن جَعَلْنَـٰهُ نُورًۭا نَّهْدِى بِهِۦ مَن نَّشَآءُ مِنْ عِبَادِنَا ۚ وَإِنَّكَ لَتَهْدِىٓ إِلَىٰ صِرَٰطٍۢ مُّسْتَقِيمٍۢ ﴿٥٢﴾
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурунку пайгамбарларга вахий кылгандай сага дагы Куранды Өз алдыбыздан вахий кылдык.Сен буга чейин пайгамбарларга асмандан түшкөн китептер эмне экенин жана ыйман деген эмне экенин билчи эмессиң. Бирок Биз бул Куранды нур кылып түшүрдүк, Биз аны менен Өзүбүз каалаган пенделерибизди туура жолгосалабыз. Чындыгында сен дагыадамдардытуура жол болгон Ислам динине багыттайсың
صِرَٰطِ ٱللَّهِ ٱلَّذِى لَهُۥ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۗ أَلَآ إِلَى ٱللَّهِ تَصِيرُ ٱلْأُمُورُ ﴿٥٣﴾
Жаратуу, ээлик кылуу жана башкаруу жактан асмандар менен жердеги нерселер Ага гана таандык болгон Аллахтын жолу. Бүткүл иштер тагдыр кылынуу жана башкаруу жактан жалгыз Аллахтын Өзүнө гана кайтат. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз