حمٓ ﴿١﴾
Бул тууралуу Бакара сүрөсүнүн башталышында сөз болгон
Башкы бет›Тафсир›Az-Zukhruf (43)
Меккелик · 89 аят
حمٓ ﴿١﴾
Бул тууралуу Бакара сүрөсүнүн башталышында сөз болгон
وَٱلْكِتَـٰبِ ٱلْمُبِينِ ﴿٢﴾
Аллахакыйкатка карай багыттоожолун ачык көргөзгөнي Куран менен ант берди. إنا جعلنه قرءنا عربا لعل كم تعقلون
إِنَّا جَعَلْنَـٰهُ قُرْءَٰنًا عَرَبِيًّۭا لَّعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ ﴿٣﴾
Эй, силердин тилиңерде Куран түшкөн коом! Силер аны башка коомдорго жеткириш үчүн анын маанилерине акыл жүгүртүп түшүнөт деген үмүттө Биз Курандыарабтилинде кылдык
وَإِنَّهُۥ فِىٓ أُمِّ ٱلْكِتَـٰبِ لَدَيْنَا لَعَلِىٌّ حَكِيمٌ ﴿٤﴾
Чындыгында бул Куран бийиктикке, улуктукка жана даанышмандыкка ээ болгон Сакталган Тактада (Лаухул Махфузда). Анын буйруктары жана тыюулары тууралуу аяттары бекемделген
أَفَنَضْرِبُ عَنكُمُ ٱلذِّكْرَ صَفْحًا أَن كُنتُمْ قَوْمًۭا مُّسْرِفِينَ ﴿٥﴾
Силер ширк менен күнөөлөрдү көп кылганыңар үчүн эле Биз силерден баш тартып Курандытүшүрбөй коймок белек? Биз андай кылбайбыз. Тескерисинче силерге болгон мээримдүүлүгүбүз мунун карама-каршысын талап кылат
وَكَمْ أَرْسَلْنَا مِن نَّبِىٍّۢ فِى ٱلْأَوَّلِينَ ﴿٦﴾
Биз мурунку коомдорго канчалаган пайгамбарларды жибердик. وما يأتيهم من نبى إلا كانوا به يستهزءون
وَمَا يَأْتِيهِم مِّن نَّبِىٍّ إِلَّا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ ﴿٧﴾
Ал коомдорго Аллах тарабынан кандай пайгамбар келсе да, аны шылдыңдашкан
فَأَهْلَكْنَآ أَشَدَّ مِنْهُم بَطْشًۭا وَمَضَىٰ مَثَلُ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿٨﴾
Анан Биз ал коомдордон да күч-кубаттуу болгондорду жок кылдык. Биз алардан да алсыз коомду жок кылып коюуга күчсүз эмеспиз. Куранда Аад, Самуд, Лут коому жана Мадиян ээлери сыяктуу мурунку коомдор кандай сыпатта жок кылынганы тууралуу өткөн. بلغ Куран · Тафсир
وَلَئِن سَأَلْتَهُم مَّنْ خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ لَيَقُولُنَّ خَلَقَهُنَّ ٱلْعَزِيزُ ٱلْعَلِيمُ ﴿٩﴾
Оо, пайгамбар! Жалганчы мушриктерден: «Асмандарды ким жараткан? Жерди ким жараткан?» – деп сурасаң, алар сурооңо жооп кылып: «Аларды эч кимге жеңилбес Кудуреттүү, бүткүл нерсени Билүүчү жараткан» – деп гана айтышат
ٱلَّذِى جَعَلَ لَكُمُ ٱلْأَرْضَ مَهْدًۭا وَجَعَلَ لَكُمْ فِيهَا سُبُلًۭا لَّعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ ﴿١٠﴾
Аллах силерге Жерди жайык кылып, аны бутуңар менен басууга ылайыктуу төшөк кылды. Жана силер жол жүргөндө туура багыт алсын деп андагытоолор менен өрөөндөрдө жолдордукылып койду
وَٱلَّذِى نَزَّلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۢ بِقَدَرٍۢ فَأَنشَرْنَا بِهِۦ بَلْدَةًۭ مَّيْتًۭا ۚ كَذَٰلِكَ تُخْرَجُونَ ﴿١١﴾
Ал силерге, малдарыңарга жана эгинзарларыңарга жетиштүү өлчөмдө асмандан суу түшүрдү. Анан Биз аны менен өсүмдүк өспөгөн кургак жерди тирилттик.Аллахөсүмдүк өспөгөн алкургак жерди тирилткен сыяктуусилерди да кайрадан тирилтет
وَٱلَّذِى خَلَقَ ٱلْأَزْوَٰجَ كُلَّهَا وَجَعَلَ لَكُم مِّنَ ٱلْفُلْكِ وَٱلْأَنْعَـٰمِ مَا تَرْكَبُونَ ﴿١٢﴾
Ал түн менен күн, эркек жана ургаачы сыяктуу бардык түрлөрдү жаратты. Ошондой эле силерге сапарларда минген улоолорду жана кемелерди жаратты. Силер деңизде кемелерге, кургактыкта улоолоргоолтурасыңар
لِتَسْتَوُۥا۟ عَلَىٰ ظُهُورِهِۦ ثُمَّ تَذْكُرُوا۟ نِعْمَةَ رَبِّكُمْ إِذَا ٱسْتَوَيْتُمْ عَلَيْهِ وَتَقُولُوا۟ سُبْحَـٰنَ ٱلَّذِى سَخَّرَ لَنَا هَـٰذَا وَمَا كُنَّا لَهُۥ مُقْرِنِينَ ﴿١٣﴾
مقرنين Силер сапарларда үстүнө минип жүрөсүңөр деген үмүттө ушунун баарын силер үчүн жаратты. Андан соң Раббиңер силерди алардын үстүнө мингизип,моюн сундурууменен кылган жакшылыгын эстегиле жана тилиңер менен мындай деп айткыла: «Бизге бул улоону даярдаган жана моюн сундурган Аллах аруу жана ыйык! Эми биз алардыбашкара алабыз. Эгерде Аллах алардыбизге моюн сундурбаганда алардыбашкара алмак эмеспиз»
وَإِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا لَمُنقَلِبُونَ ﴿١٤﴾
Жана биз өлгөндөн кийин сурак бериш үчүн жана сыйлык-жаза алыш үчүн Раббибизге гана кайтабыз
وَجَعَلُوا۟ لَهُۥ مِنْ عِبَادِهِۦ جُزْءًا ۚ إِنَّ ٱلْإِنسَـٰنَ لَكَفُورٌۭ مُّبِينٌ ﴿١٥﴾
Мушриктер кээ бир макулуктардын Жаратуучудан төрөлгөн деген ойдо: «Периштелер Аллахтын кыздары» – деп айтышты. Чындыгында ушундай сөздү айтып жаткан инсан – ал анык эле четке каккан жана адашкан шүгүрсүз адам. بلغ Куран · Тафсир
أَمِ ٱتَّخَذَ مِمَّا يَخْلُقُ بَنَاتٍۢ وَأَصْفَىٰكُم بِٱلْبَنِينَ ﴿١٦﴾
Эй, мушриктер! Аллах жараткандардын арасынан Өзүнө кыздарды энчилеп, ал эми силерге уул балдарды ыйгардыдеп жатасыңарбы?Силерد ойлоп жаткан мындай бөлүштүрүүэмне деген бөлүштүрүү? وإذا بشرأحدهم بما ضرب للرحمن مثلا ظل وجهه مسو اوهوكظيم
وَإِذَا بُشِّرَ أَحَدُهُم بِمَا ضَرَبَ لِلرَّحْمَـٰنِ مَثَلًۭا ظَلَّ وَجْهُهُۥ مُسْوَدًّۭا وَهُوَ كَظِيمٌ ﴿١٧﴾
Эгерде алардын бирине Аллахка таандык деп жаткан сыяктуу кыздуу болгону жөнүндө сүйүнчүлөнсө, катуу кайгырып капаланганынан жүзү карарып, ачуусу ичине батпай кетет. Анда эмнеге сүйүнчү айтылса өзү кайгырып жаткан нерсени Раббисине таандык кылып жатат?
أَوَمَن يُنَشَّؤُا۟ فِى ٱلْحِلْيَةِ وَهُوَ فِى ٱلْخِصَامِ غَيْرُ مُبِينٍۢ ﴿١٨﴾
Алар аялзатыболгону үчүн аныжасантып тарбиялаган жана талаш-талкууда сөзүн ачык айталбаган кыз баланы Раббисине таандык кылып жатышабы?
وَجَعَلُوا۟ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةَ ٱلَّذِينَ هُمْ عِبَـٰدُ ٱلرَّحْمَـٰنِ إِنَـٰثًا ۚ أَشَهِدُوا۟ خَلْقَهُمْ ۚ سَتُكْتَبُ شَهَـٰدَتُهُمْ وَيُسْـَٔلُونَ ﴿١٩﴾
Алар Ырайымдуунун кулдары болгон периштелерди кыздар деп аташты. Алар кыздар экенин билгидей Аллах алардыжаратып жатканда көрүшүптүрбү? Алардын бул күбөлүктөрүн периштелер жазып коюшат. Ал эми кыямат күнү ал тууралуу суралышат жана жалгандары себептүү азапталышат
وَقَالُوا۟ لَوْ شَآءَ ٱلرَّحْمَـٰنُ مَا عَبَدْنَـٰهُم ۗ مَّا لَهُم بِذَٰلِكَ مِنْ عِلْمٍ ۖ إِنْ هُمْ إِلَّا يَخْرُصُونَ ﴿٢٠﴾
Тагдырды шылтоо кылгандар: «Эгерде Аллах бизди аларга сыйынуубузду каалабаганда, анда биз аларга сыйынбайт элек. Анын бизден ушуну каалоосу – Анын ыраазы экенин билдирет» – деп айтышат. Алардын бул айткан сөзү илимге жатпайт, алар жалгандыгана сүйлөп жатышат. أم ءاتينهم كتبا من قبله فهم به مستمسكون
أَمْ ءَاتَيْنَـٰهُمْ كِتَـٰبًۭا مِّن قَبْلِهِۦ فَهُم بِهِۦ مُسْتَمْسِكُونَ ﴿٢١﴾
Же Биз Куранга чейин ал мушриктерге Аллахтан башкага сыйынганга уруксат деп айтылган китеп берген бекенбиз? Алар ошол китепти карманып, далил кылып жатышабы
بَلْ قَالُوٓا۟ إِنَّا وَجَدْنَآ ءَابَآءَنَا عَلَىٰٓ أُمَّةٍۢ وَإِنَّا عَلَىٰٓ ءَاثَـٰرِهِم مُّهْتَدُونَ ﴿٢٢﴾
Жок! Андай болгон жок! Тескерисинче алар ээрчигендерин далил кылып: «Биз мурунку ата-бабаларыбызды ушул динде таптык. Алар айкелдерге сыйынышкан. Эми биз дагыалардын жолун жолдоп, аларга сыйынабыз» – дешет
وَكَذَٰلِكَ مَآ أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ فِى قَرْيَةٍۢ مِّن نَّذِيرٍ إِلَّا قَالَ مُتْرَفُوهَآ إِنَّا وَجَدْنَآ ءَابَآءَنَا عَلَىٰٓ أُمَّةٍۢ وَإِنَّا عَلَىٰٓ ءَاثَـٰرِهِم مُّقْتَدُونَ ﴿٢٣﴾
م قتدون Оо, пайгамбар! Булар жалганга чыгарып, ата-бабаларын ээрчүүнү бетке кармашканы сыяктуу Биз сенден мурун кайсыгана шаарга болбосун, элин эскертсин деп пайгамбар жибербейли, алардын бай башчыларыжана чоңдору: بلغ Куран · Тафсир «Биз ата-бабаларыбызды ушул динде тапканбыз жана биз алардын жолун жолдойбуз» – деп айтышкан. Бул нерседе сенин коомуңбиринчи болуп жаткан жок
۞ قَـٰلَ أَوَلَوْ جِئْتُكُم بِأَهْدَىٰ مِمَّا وَجَدتُّمْ عَلَيْهِ ءَابَآءَكُمْ ۖ قَالُوٓا۟ إِنَّا بِمَآ أُرْسِلْتُم بِهِۦ كَـٰفِرُونَ ﴿٢٤﴾
Аларга пайгамбары: «Мен силерге ата-бабаларыңардын дининен да жакшысын алып келсем да аларды ээрчийсиңерби?» – деп айтканда алар айтышты: «Чындыгында биз сен алып келген жана сенден мурунку пайгамбарлар алып келишкен нерсеге каапырлык кылдык»
فَٱنتَقَمْنَا مِنْهُمْ ۖ فَٱنظُرْ كَيْفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ ٱلْمُكَذِّبِينَ ﴿٢٥﴾
Биз сенден мурунку пайгамбарларды жалганга чыгарган коомдордон өч алып, аларды жок кылдык. Пайгамбарларын жалганга чыгаргандардын акыбети кандай болгонун ойлонуп көрчү.Алардын акыбети өкүнүчтүү болду
وَإِذْ قَالَ إِبْرَٰهِيمُ لِأَبِيهِ وَقَوْمِهِۦٓ إِنَّنِى بَرَآءٌۭ مِّمَّا تَعْبُدُونَ ﴿٢٦﴾
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Ибрахим атасына жана элине мындай деп айтты: «Мен силер Аллахтан башка сыйынып жаткан кудайларыңарга эчкатышым жок
إِلَّا ٱلَّذِى فَطَرَنِى فَإِنَّهُۥ سَيَهْدِينِ ﴿٢٧﴾
Мени жараткан Аллахка гана сыйынам. Ал мени Өзүнүн туура динине ээрчитип, пайдалуу нерсеге багыттайт». وجعلها كلمةباقية فى عقبه لعلهم يرجعون
وَجَعَلَهَا كَلِمَةًۢ بَاقِيَةًۭ فِى عَقِبِهِۦ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ ﴿٢٨﴾
Ибрахим алар ширкти жана күнөөлөрдү таштап, Аллахка тообо кылып кайтышат деген үмүттө «Лаа илааха иллаллах» деген Аллахтыжалгыздоокелмесин өзүнөн кийинки урпактарына калтырып кетти. Алардын арасында Аллахка ширк кылбай, жалгыз Ага сыйынгандар дагыделе бар
بَلْ مَتَّعْتُ هَـٰٓؤُلَآءِ وَءَابَآءَهُمْ حَتَّىٰ جَآءَهُمُ ٱلْحَقُّ وَرَسُولٌۭ مُّبِينٌۭ ﴿٢٩﴾
Мен ал жалганчы мушриктерди жок кылууга шашкан жокмун. Тескерисинче аларга Куран жана баяндоочу пайгамбар Мухаммад келгенге чейин Мен алардыбул дүйнөдө жашатып жыргаттым жана алардан мурункуата- бабаларын да жыргаттым
وَلَمَّا جَآءَهُمُ ٱلْحَقُّ قَالُوا۟ هَـٰذَا سِحْرٌۭ وَإِنَّا بِهِۦ كَـٰفِرُونَ ﴿٣٠﴾
Качан аларга эч кандай шек-күмөнү жок бул Куран келгенде алар айтышты: «Бул сыйкыр! Мухаммад аны менен бизди сыйкырлап койду.Биз ага каапырлык кылдык жана эчкачан ишенбейбиз». بلغ Куран · Тафсир
وَقَالُوا۟ لَوْلَا نُزِّلَ هَـٰذَا ٱلْقُرْءَانُ عَلَىٰ رَجُلٍۢ مِّنَ ٱلْقَرْيَتَيْنِ عَظِيمٍ ﴿٣١﴾
Жалганчы мушриктер айтты: «Аллах бул Куранды жакыр жана жетим Мухаммадга түшүргөндүн ордуна Мекке же Таифтен болгон эки улууадамдын бирине түшүрсө болбойт беле?!»
أَهُمْ يَقْسِمُونَ رَحْمَتَ رَبِّكَ ۚ نَحْنُ قَسَمْنَا بَيْنَهُم مَّعِيشَتَهُمْ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا ۚ وَرَفَعْنَا بَعْضَهُمْ فَوْقَ بَعْضٍۢ دَرَجَـٰتٍۢ لِّيَتَّخِذَ بَعْضُهُم بَعْضًۭا سُخْرِيًّۭا ۗ وَرَحْمَتُ رَبِّكَ خَيْرٌۭ مِّمَّا يَجْمَعُونَ ﴿٣٢﴾
Оо, пайгамбар! Алар Раббиңдин ырайымын өздөрү каалаганга берип, өздөрү каалагандан тыйып койгудай Анын ырайымын алар бөлүштүрөбү же Аллахпы? Биз дүйнөдө алардын ырыскыларын бөлүштүрүп, алар бири-бирине моюн сунсун деп аларды бай-кедей кылдык. Акыретте Раббиңдин пенделерине болгон ырайымы алардын убактылуудүйнөдө топтогон нерселеринен жакшыраак
وَلَوْلَآ أَن يَكُونَ ٱلنَّاسُ أُمَّةًۭ وَٰحِدَةًۭ لَّجَعَلْنَا لِمَن يَكْفُرُ بِٱلرَّحْمَـٰنِ لِبُيُوتِهِمْ سُقُفًۭا مِّن فِضَّةٍۢ وَمَعَارِجَ عَلَيْهَا يَظْهَرُونَ ﴿٣٣﴾
Эгерде адамдардын баарысы каапырлыкта бир коом болбогондо, анда Биз Аллахка каапырлык кылгандардын үйлөрүнүн чатырларын күмүштөн кылып,алар ага чыга тургандай тепкичтерди кылмакпыз. ولبيوتهم أبوبا وسررا عليها يتكٔون
وَلِبُيُوتِهِمْ أَبْوَٰبًۭا وَسُرُرًا عَلَيْهَا يَتَّكِـُٔونَ ﴿٣٤﴾
Биз алардыакырындык менен жазалап жана сынаш үчүн алардын үйлөрүндө эшиктерди жана жөлөнүп отурган сөрүлөрдү кылдык
وَزُخْرُفًۭا ۚ وَإِن كُلُّ ذَٰلِكَ لَمَّا مَتَـٰعُ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا ۚ وَٱلْـَٔاخِرَةُ عِندَ رَبِّكَ لِلْمُتَّقِينَ ﴿٣٥﴾
Жана Биз аларга алтындарды кылдык. Мына ушулардын баарысы дүйнө жашоосундагы гана ырахаттар. Алар убактылуу болгону үчүн пайдасы аз. Оо, пайгамбар! Ал эми Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштаган такыбалар үчүн Раббиңдин алдындагыакыреттеги жыргалчылыктар жакшыраак
وَمَن يَعْشُ عَن ذِكْرِ ٱلرَّحْمَـٰنِ نُقَيِّضْ لَهُۥ شَيْطَـٰنًۭا فَهُوَ لَهُۥ قَرِينٌۭ ﴿٣٦﴾
Кимде-ким Куранга чын көңүлдөн назар салбай, аны жүз бурган абалга жеткирсе, анда ага жаза катары аны шайтанга башкартып коёбуз,аланын жанынан калбай адашканын күчөтөт
وَإِنَّهُمْ لَيَصُدُّونَهُمْ عَنِ ٱلسَّبِيلِ وَيَحْسَبُونَ أَنَّهُم مُّهْتَدُونَ ﴿٣٧﴾
Курандан жүз бургандардын үстүнөн башкартып коюлган жандоочшайтандар алардыАллахтын дининен тосушат. Алар Анын буйруктарын аткарышпайт, тыйгандарын ташташпайт жана өздөрүн акыйкат жолдобуз деп ойлошот. Ошол себептен алар адашкандарына тообокылышпайт. بلغ Куран · Тафсир
حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَنَا قَالَ يَـٰلَيْتَ بَيْنِى وَبَيْنَكَ بُعْدَ ٱلْمَشْرِقَيْنِ فَبِئْسَ ٱلْقَرِينُ ﴿٣٨﴾
Аллахты эстөөдөн жүз бурган адам кыяматта акыры Бизге келген кезде үмүттөнө: «Эй, жандоочу! Аттиң, сен экөөбүздүн ортобуздагыаралык чыгыш менен батыштай болгондокана! Сен эң жаман жандоочусуң!» – деп айтат
وَلَن يَنفَعَكُمُ ٱلْيَوْمَ إِذ ظَّلَمْتُمْ أَنَّكُمْ فِى ٱلْعَذَابِ مُشْتَرِكُونَ ﴿٣٩﴾
Кыямат күнү Аллах каапырларга айтат: «Силер ширк жана күнөөлөрдү кылып өзүңөргө зулумдук кылдыңар. Бүгүн силерге азапта шериктеш болгонуңар эч пайда бербейт. Ал шериктериңер силердин ордуңарга азабыңарды эч качан көтөрбөйт»
أَفَأَنتَ تُسْمِعُ ٱلصُّمَّ أَوْ تَهْدِى ٱلْعُمْىَ وَمَن كَانَ فِى ضَلَـٰلٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿٤٠﴾
Чындыгында алар акыйкатты угаарга келгенде дүлөй, аны көрөөргө келгенде сокур. Оо, пайгамбар! Сен дүлөйгө угуза аласыңбы же сокурду тууралыкка багыттай аласыңбы же акыйкат жолдон ачык эле адашып кеткенди туура жолго сала аласыңбы? فإما نذهبن بك فإنا منهم م نتقمون
فَإِمَّا نَذْهَبَنَّ بِكَ فَإِنَّا مِنْهُم مُّنتَقِمُونَ ﴿٤١﴾
Эгерде Биз аларды азаптаганга чейин жаныңды алуу менен сени алып кетсек, анда Биз аларды дүйнөдө жана акыретте азаптап өчалабыз
أَوْ نُرِيَنَّكَ ٱلَّذِى وَعَدْنَـٰهُمْ فَإِنَّا عَلَيْهِم مُّقْتَدِرُونَ ﴿٤٢﴾
Же Биз аларга убада кылган кээ бир азаптарды сага көргөзөбүз. Аларга Биздин күчүбүз жетет. Алар Бизге эч бир нерседе үстөмдүк кыла алышпайт
فَٱسْتَمْسِكْ بِٱلَّذِىٓ أُوحِىَ إِلَيْكَ ۖ إِنَّكَ عَلَىٰ صِرَٰطٍۢ مُّسْتَقِيمٍۢ ﴿٤٣﴾
Оо,пайгамбар!Раббиң сага вахий кылган нерсени бекем карма!Сен эчкандай адашуусужок акыйкат жолдосуң
وَإِنَّهُۥ لَذِكْرٌۭ لَّكَ وَلِقَوْمِكَ ۖ وَسَوْفَ تُسْـَٔلُونَ ﴿٤٤﴾
Чындыгында бул Куран сен үчүн жана сенин коомуң үчүн кадыр-барк. Жакында кыямат күнү силер ага ыйман келтиргениңер,анын жол-жобосун ээрчигениңер жана ага даават кылганыңар тууралуусураласыңар
وَسْـَٔلْ مَنْ أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ مِن رُّسُلِنَآ أَجَعَلْنَا مِن دُونِ ٱلرَّحْمَـٰنِ ءَالِهَةًۭ يُعْبَدُونَ ﴿٤٥﴾
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун жиберген пайгамбарлардан сурачы, Биз Ырайымдуудан башка сыйынуу үчүн кудайларды кылган бекенбиз? بلغ Куран · Тафсир
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مُوسَىٰ بِـَٔايَـٰتِنَآ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَمَلَإِي۟هِۦ فَقَالَ إِنِّى رَسُولُ رَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٤٦﴾
Биз Мусаны аят-белгилерибиз менен Фараонго жана анын элиндеги башчыларга жибердик. Ал аларга: «Чындыгында мен бүткүлмакулуктардын Раббисинин элчисимин»– деп айтты
فَلَمَّا جَآءَهُم بِـَٔايَـٰتِنَآ إِذَا هُم مِّنْهَا يَضْحَكُونَ ﴿٤٧﴾
Качан аларга Биздин аят-белгилерибиз келгенде алардын үстүнөн маскаралап жана шылдыңап күлүштү
وَمَا نُرِيهِم مِّنْ ءَايَةٍ إِلَّا هِىَ أَكْبَرُ مِنْ أُخْتِهَا ۖ وَأَخَذْنَـٰهُم بِٱلْعَذَابِ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ ﴿٤٨﴾
Биз Фараон менен анын элиндеги башчыларга Муса алып келген нерсе акыйкат экендигине кандай далилдерди көргөзбөйлү, андан кийинки келген далил андан дагы күчтүү болчу. Биз аларды дүйнөдө азап менен алдык. Балким алар каапырлыктан кайтышар деп үмүт кылдык,бирок эчкандай пайда чыккан жок
وَقَالُوا۟ يَـٰٓأَيُّهَ ٱلسَّاحِرُ ٱدْعُ لَنَا رَبَّكَ بِمَا عَهِدَ عِندَكَ إِنَّنَا لَمُهْتَدُونَ ﴿٤٩﴾
Аларга кээ бир азаптар келгенде Мусага айтышты: «Эй, сыйкырчы! Раббиңдин ыйман келтирсеңер азаптан куткарабыз деп сага айтканы боюнча биз үчүн Ага дуба кылчы. Эгер Ал бизди куткарса, Биз Ага карай туура жолго түшөбүз»
فَلَمَّا كَشَفْنَا عَنْهُمُ ٱلْعَذَابَ إِذَا هُمْ يَنكُثُونَ ﴿٥٠﴾
Качан Биз аларды азаптан куткарсак, ошол замат убадаларын бузушту, аны аткарышкан жок
وَنَادَىٰ فِرْعَوْنُ فِى قَوْمِهِۦ قَالَ يَـٰقَوْمِ أَلَيْسَ لِى مُلْكُ مِصْرَ وَهَـٰذِهِ ٱلْأَنْهَـٰرُ تَجْرِى مِن تَحْتِىٓ ۖ أَفَلَا تُبْصِرُونَ ﴿٥١﴾
Фараон бийлигине чиренип элине жар салды: «Эй, элим! Мисирдин бийлиги жана хан сарайларымдын астынан аккан Нил сыяктуу дарыялар мага таандык эмеспи?! Силер бийлигимди көрбөй жатасыңарбы жана улуктугумду тааныбай жатасыңарбы?!
أَمْ أَنَا۠ خَيْرٌۭ مِّنْ هَـٰذَا ٱلَّذِى هُوَ مَهِينٌۭ وَلَا يَكَادُ يُبِينُ ﴿٥٢﴾
Мен куулган жана алсыз Мусага караганда артыкмын. Ал сөздү да тыңдап сүйлөй албайт
فَلَوْلَآ أُلْقِىَ عَلَيْهِ أَسْوِرَةٌۭ مِّن ذَهَبٍ أَوْ جَآءَ مَعَهُ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ مُقْتَرِنِينَ ﴿٥٣﴾
Аны жиберген Аллах анын элчи экенин көргөзүү үчүн ага алтындан билериктерди такса болбойт беле же бири- бирин ээрчиген периштелерди аныменен жиберсе болбойт беле?!». بلغ Куран · Тафсир
فَٱسْتَخَفَّ قَوْمَهُۥ فَأَطَاعُوهُ ۚ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ قَوْمًۭا فَـٰسِقِينَ ﴿٥٤﴾
Фараон өз элин азгырып алдады. Ошондо алар анын адашуусуна моюн сунушту. Чындыгында алар Аллахка баш ийбеген коом эле
فَلَمَّآ ءَاسَفُونَا ٱنتَقَمْنَا مِنْهُمْ فَأَغْرَقْنَـٰهُمْ أَجْمَعِينَ ﴿٥٥﴾
Качан алар каапырлыктан такыр баш тартпай ачуубузду келтиргенде Биз алардан өч алып, алардын баарысын сууга чөктүрдүк. فجعلنهم سلفا ومثلا للٔاخرين
فَجَعَلْنَـٰهُمْ سَلَفًۭا وَمَثَلًۭا لِّلْـَٔاخِرِينَ ﴿٥٦﴾
Биз Фараон менен анын жан жөкөрлөрүн адамдардан алдын кылдык,алэми анын каапыр коомун алардан кийин кылдык жана адамдар алардын кылгандарын кылып, алардын башына түшкөн нерсеге кабылбаш үчүн аларды ибарат алгандарга сабак кылдык
۞ وَلَمَّا ضُرِبَ ٱبْنُ مَرْيَمَ مَثَلًا إِذَا قَوْمُكَ مِنْهُ يَصِدُّونَ ﴿٥٧﴾
О, пайгамбар! Мушриктер Аллах Тааланын: «Силер жана силер сыйынган Аллахтан башка нерселер силер кире турган тозоктун отуну» деген сөзүнө христиандар сыйынган Иса дагыкирип калат деп ойлошкон. Бирок, Аллах Таала айкелдерге сыйынуудан тыйган сыяктуу Исага да сыйынуудан тыйган эле. Ошондо сенин коомуң кыйкырып чуу чыгарып: «Биздин кудайларыбыз да Исадай болуусуна ыраазыбыз» дешкенде, Аллах аларга жооп кылып: «Ал эми Биз кимге алдын ала жакшылык жазсак, мына ошолор андан алыс болот» – деп айтты
وَقَالُوٓا۟ ءَأَـٰلِهَتُنَا خَيْرٌ أَمْ هُوَ ۚ مَا ضَرَبُوهُ لَكَ إِلَّا جَدَلًۢا ۚ بَلْ هُمْ قَوْمٌ خَصِمُونَ ﴿٥٨﴾
Алар: «Биздин кудайларыбыз жакшыбыже Исабы?» – деп айтышты. Ибн Аль-Зибаара жана ага окшогондор сага бул мисалды акыйкатка жетүүнү жакшы көрүшкөнү үчүн эмес, талаш-тартышты жакшы көрүшкөнү үчүн келтирди. Алар табиятынан талашып-тартышкан адамдар
إِنْ هُوَ إِلَّا عَبْدٌ أَنْعَمْنَا عَلَيْهِ وَجَعَلْنَـٰهُ مَثَلًۭا لِّبَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ﴿٥٩﴾
Мариямдын уулу Иса – Аллахтын пенделеринин бири. Биз ага жакшылык кылып пайгамбарчылык менен элчиликти бердик. Биз аны Исраил урпактарына Аллахтын кудуреттүлүгүн далил кылуулары үчүн мисал кылдык. Анткени Аллах Адамды ата-энесиз жараткан сыяктуу аны атасыз жаратты
وَلَوْ نَشَآءُ لَجَعَلْنَا مِنكُم مَّلَـٰٓئِكَةًۭ فِى ٱلْأَرْضِ يَخْلُفُونَ ﴿٦٠﴾
Эй, Адам балдары! Эгер Биз силерди жок кылууну каалаганда, силерди жок кылып коймокпуз жана силердин ордуңарга периштелерди жер бетинде орун басар кылып коймокпуз. Алар Аллахка эч нерсени шерик кылбастан сыйынышмак. بلغ Куран · Тафсир
وَإِنَّهُۥ لَعِلْمٌۭ لِّلسَّاعَةِ فَلَا تَمْتَرُنَّ بِهَا وَٱتَّبِعُونِ ۚ هَـٰذَا صِرَٰطٌۭ مُّسْتَقِيمٌۭ ﴿٦١﴾
Чындыгынды Иса улуу кыяматтын белгилеринен. Ал акыр заман келгенде түшөт. Силер кыямат кайымдын болорунан шек санабагыла.Мен силерге Аллахтараптан алып келген нерседе мени ээрчигиле.Мен силерге алып келген булнерсе эчкандай бурмалануусуو жок туура жол
وَلَا يَصُدَّنَّكُمُ ٱلشَّيْطَـٰنُ ۖ إِنَّهُۥ لَكُمْ عَدُوٌّۭ مُّبِينٌۭ ﴿٦٢﴾
Шайтан силерди азрыгуу жана адаштыруу менен туура жолдон чыгарып жибербесиң. Чындыгында ал силерге анык душман
وَلَمَّا جَآءَ عِيسَىٰ بِٱلْبَيِّنَـٰتِ قَالَ قَدْ جِئْتُكُم بِٱلْحِكْمَةِ وَلِأُبَيِّنَ لَكُم بَعْضَ ٱلَّذِى تَخْتَلِفُونَ فِيهِ ۖ فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ ﴿٦٣﴾
Иса өз элине анын пайгамбар экендигин билдирген ачык-айкын далилдер менен келгенде аларга айтты: «Мен силерге Аллах тараптан даанышмандык менен жана ошондой эле силер диниңерде талашып-тартышкан кээ бир нерселерди баяндаш үчүн келдим. Эми силер Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерселерде мага моюн сунгула!
إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ رَبِّى وَرَبُّكُمْ فَٱعْبُدُوهُ ۚ هَـٰذَا صِرَٰطٌۭ مُّسْتَقِيمٌۭ ﴿٦٤﴾
Чындыгында Аллах менин жана силердин Раббиңер. Биз үчүн Андан башка Рабби жок. Андыктан Ага гана чын ыкластан сыйынгыла. Бул жалгыз кудайга сыйынуу – эч кандай бурмалануусу жок туура жол
فَٱخْتَلَفَ ٱلْأَحْزَابُ مِنۢ بَيْنِهِمْ ۖ فَوَيْلٌۭ لِّلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ مِنْ عَذَابِ يَوْمٍ أَلِيمٍ ﴿٦٥﴾
Христиан жамааттар Иса тууралуу талашып-тартышты. Кээ бирлери «ал – кудай» дешсе, кээ бирлери «ал кудайдын баласы» дешти, кээ бирлери болсо «ал энеси экөөсү кудай» дешти. Исаны кудай же анын баласы же ыйык үчилтик деп сыпаттооменен өздөрүнө зыян келтиргендерге кыяматта алардыкүткөн кыйноочуазап-тозок болсун!
هَلْ يَنظُرُونَ إِلَّا ٱلسَّاعَةَ أَن تَأْتِيَهُم بَغْتَةًۭ وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ ﴿٦٦﴾
Иса тууралуу талашып-тартышкан ал жамааттар кыяматтын келгенин сезбей калган абалда аларга капыстан келүүсүн күтүп жатышабы? Эгерде ал алардын каапырлык абалында келсе, анда алардын барар жайы кыйноочу азап болот
ٱلْأَخِلَّآءُ يَوْمَئِذٍۭ بَعْضُهُمْ لِبَعْضٍ عَدُوٌّ إِلَّا ٱلْمُتَّقِينَ ﴿٦٧﴾
Каапырлыкта жана адашууда дос болгондор кыямат күнү бири-бирине душман болушат. Бирок Аллахтын буйруктарын аткарып,тыйгандарын таштаган такыбалар гана андай болушпайт.Алардын достугутүбөлүк. بلغ Куран · Тафсир
يَـٰعِبَادِ لَا خَوْفٌ عَلَيْكُمُ ٱلْيَوْمَ وَلَآ أَنتُمْ تَحْزَنُونَ ﴿٦٨﴾
Аллах аларга айтат: «Оо, пенделерим! Бүгүн силерге мындан арыэч кандай коркунуч болбойт жана силер өткөрүп жиберген дүйнө ырахаттарыүчүн кайгырбайсыңар
ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا وَكَانُوا۟ مُسْلِمِينَ ﴿٦٩﴾
Алар пайгамбарына түшкөн Куранга ыйман келтиришти жана Куранга ээрчип, анын буйруктарын аткарышты жана тыйгандарын ташташты
ٱدْخُلُوا۟ ٱلْجَنَّةَ أَنتُمْ وَأَزْوَٰجُكُمْ تُحْبَرُونَ ﴿٧٠﴾
Силер жана силерге окшогон ыймандуулар бейишке киргиле! Силер эч качан бүтпөгөн жана түгөнбөгөн түбөлүктүү жыргалчылыктарды көрүп кубанасыңар
يُطَافُ عَلَيْهِم بِصِحَافٍۢ مِّن ذَهَبٍۢ وَأَكْوَابٍۢ ۖ وَفِيهَا مَا تَشْتَهِيهِ ٱلْأَنفُسُ وَتَلَذُّ ٱلْأَعْيُنُ ۖ وَأَنتُمْ فِيهَا خَـٰلِدُونَ ﴿٧١﴾
Аларды кызматчылары алтын идиштер жана кармоочсуз чөйчөктөр менен айланып турушат. Бейиште көңүлдөр самаган, көздөр караганда ырахаттанган нерселер бар. Силер ал жакта түбөлүк жашайсыңар, ал жактан эч качан чыкпайсыңар
وَتِلْكَ ٱلْجَنَّةُ ٱلَّتِىٓ أُورِثْتُمُوهَا بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿٧٢﴾
Силерге сыпатталган мына ошол бейиш – Аллах Өз жакшылыгы менен силерге кылган иш-аракеттериңер үчүн мурас кылды. لكم فيها فكهةكثيرةمنها تأكلون
لَكُمْ فِيهَا فَـٰكِهَةٌۭ كَثِيرَةٌۭ مِّنْهَا تَأْكُلُونَ ﴿٧٣﴾
Алжакта силер жешиңер үчүн түгөнбөгөн мөмө-жемиштер бар
إِنَّ ٱلْمُجْرِمِينَ فِى عَذَابِ جَهَنَّمَ خَـٰلِدُونَ ﴿٧٤﴾
Чындыгында каапырлык жана күнөөлөрдүкылган күнөөкөрлөр кыямат күнүтозок азабында түбөлүк болушат. لا يفترعنهم وهم فيهمبلسون
لَا يُفَتَّرُ عَنْهُمْ وَهُمْ فِيهِ مُبْلِسُونَ ﴿٧٥﴾
Аларга азап жеңилдетилбейт жана алар алнерседе Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болушат
وَمَا ظَلَمْنَـٰهُمْ وَلَـٰكِن كَانُوا۟ هُمُ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٧٦﴾
Биз алардытозоккокиргизип зулумдук кылбадык.Бирок алар каапырлык себептүүөздөрүнө зулумдук кылышты. بلغ Куран · Тафсир
وَنَادَوْا۟ يَـٰمَـٰلِكُ لِيَقْضِ عَلَيْنَا رَبُّكَ ۖ قَالَ إِنَّكُم مَّـٰكِثُونَ ﴿٧٧﴾
Алар тозоктун сакчысы Маликти чакырып: «Оо, Малик! Раббиң бизди өлтүрсүнчү, биз азаптан алалы» – дегенде ал аларга мындай деп жооп берет:«Силер өлбөстөн дайым азапта болосуңар,силерге азап токтотулбайт»
لَقَدْ جِئْنَـٰكُم بِٱلْحَقِّ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَكُمْ لِلْحَقِّ كَـٰرِهُونَ ﴿٧٨﴾
Биз силерге дүйнөдө шек-күмөнсүз акыйкат менен келгенбиз,бирок көпчүлүгүңөр акыйкаттыжаман көрдүңөр
أَمْ أَبْرَمُوٓا۟ أَمْرًۭا فَإِنَّا مُبْرِمُونَ ﴿٧٩﴾
Эгерде алар пайгамбарга айлакердик кылышып, ага каршы айла-амал уюштурса, Биз дагы алар үчүн алардыкынан да өткөн айла-амалдардыкамдап койдук
أَمْ يَحْسَبُونَ أَنَّا لَا نَسْمَعُ سِرَّهُمْ وَنَجْوَىٰهُم ۚ بَلَىٰ وَرُسُلُنَا لَدَيْهِمْ يَكْتُبُونَ ﴿٨٠﴾
Же Биз алар жүрөктөрүнө каткан сырларын же жашыруун шыбырашкан сыр сөздөрүн угушпайт деп ойлошобу? Албетте, биз алардын баарын угабыз! Алардагы периштелер алардын кылган бардык иш-аракеттерин жазып турушат
قُلْ إِن كَانَ لِلرَّحْمَـٰنِ وَلَدٌۭ فَأَنَا۠ أَوَّلُ ٱلْعَـٰبِدِينَ ﴿٨١﴾
О, элчи! Кыздарды Аллахка таандык кылгандарга айткын: «Аллах алардын сөзүнөн Жогору. жана Ал балалуу болуудан Таза. Аллахка ибадат кылып, Аны аруулоочулардын алгачкысы менмин»
سُبْحَـٰنَ رَبِّ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ رَبِّ ٱلْعَرْشِ عَمَّا يَصِفُونَ ﴿٨٢﴾
Асмандар менен жердин Раббиси жана Арштын Раббиси мушриктердин Анын шериги, аялы жана баласы бар деген сөздөрүнөн аруу
فَذَرْهُمْ يَخُوضُوا۟ وَيَلْعَبُوا۟ حَتَّىٰ يُلَـٰقُوا۟ يَوْمَهُمُ ٱلَّذِى يُوعَدُونَ ﴿٨٣﴾
Оо, пайгамбар! Аларды тим кой! Алар убада кылынган кыямат күнгө кезиккенге чейин жалганга батып, ойноп жүрө беришсин
وَهُوَ ٱلَّذِى فِى ٱلسَّمَآءِ إِلَـٰهٌۭ وَفِى ٱلْأَرْضِ إِلَـٰهٌۭ ۚ وَهُوَ ٱلْحَكِيمُ ٱلْعَلِيمُ ﴿٨٤﴾
Ал Аллах асмандагы чыныгы кудай жана жердеги чыныгы кудай. Ал Өз жаратуусунда, тагдыр кылуусунда жана башкаруусунда Даанышман,пенделеринин абалдарын Билүүчү.Алардын эчбири Ага жашыруун эмес. بلغ Куран · Тафсир
وَتَبَارَكَ ٱلَّذِى لَهُۥ مُلْكُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا وَعِندَهُۥ عِلْمُ ٱلسَّاعَةِ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ ﴿٨٥﴾
Асмандар менен жердеги жана алардын ортосундагыбийлик Ага гана таандык болгон Аллахтын жакшылыгыжана берекеси көбөйдү. Кыяматтын болор убактысын Ал гана билет. Аны Андан башка эч ким билбейт. Силер акыретте сурак бериш үчүн жана сыйлык-жаза алыш үчүн Ага гана кайтасыңар
وَلَا يَمْلِكُ ٱلَّذِينَ يَدْعُونَ مِن دُونِهِ ٱلشَّفَـٰعَةَ إِلَّا مَن شَهِدَ بِٱلْحَقِّ وَهُمْ يَعْلَمُونَ ﴿٨٦﴾
Мушриктердин Аллахтан башка сыйынгандары Анын алдында шапаат кылууга ээлик кылышпайт. Бирок Иса, Узейр жана периштелер сыяктуу «Аллахтан башка кудай жок» экендигин билип күбө беришкендер гана ээлик кылышат
وَلَئِن سَأَلْتَهُم مَّنْ خَلَقَهُمْ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُ ۖ فَأَنَّىٰ يُؤْفَكُونَ ﴿٨٧﴾
Эгер сен алардан: «Силерди ким жараткан?» – деп сурасаң, алар: «Бизди Аллах жараткан» – деп гана айтышат. Анда эмнеге ушинтип моюнга алгандан кийин Ага сыйынуудан четтеп жатасыңар?
وَقِيلِهِۦ يَـٰرَبِّ إِنَّ هَـٰٓؤُلَآءِ قَوْمٌۭ لَّا يُؤْمِنُونَ ﴿٨٨﴾
Аллах пайгамбарынын аны өз эли жалганга чыгарганы тууралуу арыз-муңун жана ал тууралуу мындай деп айтканын билет: «Оо, Раббим! Чындыгында бул адамдар Сен мен аркылуу жиберген нерсеге ыйман келтиришпеди»
فَٱصْفَحْ عَنْهُمْ وَقُلْ سَلَـٰمٌۭ ۚ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ ﴿٨٩﴾
Эми сен алардан жүз бур жана сени жамандыктарынан коргогон сөздү айт: «Силер жакында жазаңардыалганда билесиңер». (Бул окуя Меккеде болгон). Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз