Башкы бетТафсирAd-Dukhaan (44)

Тафсир Ad-Dukhaan (44) — الدخان

Меккелик · 59 аят

Окуу · УгууPDF файл

حمٓ ﴿١﴾

Бул тууралуу Бакара сүрөсүнүн башталышында сөз болгон

وَٱلْكِتَـٰبِ ٱلْمُبِينِ ﴿٢﴾

Аллах Туура Жолду баяндоочу Куранга ант берди

إِنَّآ أَنزَلْنَـٰهُ فِى لَيْلَةٍۢ مُّبَـٰرَكَةٍ ۚ إِنَّا كُنَّا مُنذِرِينَ ﴿٣﴾

Биз Куранды Кадыр түндө түшүрдүк. Ал жакшылыктарга толгон түн. Чындыгында Биз бул Куран менен коркутуп эскертебиз. فيها يفرق كل أمر حكيم

فِيهَا يُفْرَقُ كُلُّ أَمْرٍ حَكِيمٍ ﴿٤﴾

Бул түндө Аллах ошол жылы ишке ашыра турган ырыскы, ажал жана башка нерселерге байланыштуу өкүм кылынган бүткүлиштер чечилет

أَمْرًۭا مِّنْ عِندِنَآ ۚ إِنَّا كُنَّا مُرْسِلِينَ ﴿٥﴾

Биз Өзүбүз тараптан өкүм кылынган ар бир ишти чечебиз.Чындыгында Биз пайгамбарлардыжиберебиз

رَحْمَةًۭ مِّن رَّبِّكَ ۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ ﴿٦﴾

Оо, пайгамбар! Биз Раббиң тараптан пайгамбар жибериле тургандарга ырайым катары пайгамбарларды жиберебиз. Чындыгында Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу, алардын иш-аракеттерин жана ниеттерин Билүүчү. Алардын эчбири Ага жашыруун эмес

رَبِّ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَآ ۖ إِن كُنتُم مُّوقِنِينَ ﴿٧﴾

Ал асмандар менен жердин жана алардын ортосундагы нерселердин Раббиси. Эгерде силер буга терең ишенсеңер, анда Менин элчиме ыйман келтиргиле

لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ يُحْىِۦ وَيُمِيتُ ۖ رَبُّكُمْ وَرَبُّ ءَابَآئِكُمُ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿٨﴾

Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал тирилтет жана өлтүрөт. Андан башка тирилтүүчү жана өлтүрүүчү жок. Ал силердин жана мурунку ата-бабаларыңардын Раббиси. بلغ Куран · Тафсир بل هم فىشك يلعبون

بَلْ هُمْ فِى شَكٍّۢ يَلْعَبُونَ ﴿٩﴾

Ал мушриктер буга ишенишпейт. Тескерисинче, алар жалган жолдо болгону себептүү бул нерседен шектенишет жана көңүл да бурушпайт

فَٱرْتَقِبْ يَوْمَ تَأْتِى ٱلسَّمَآءُ بِدُخَانٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿١٠﴾

О, пайгамбар! Сен элиңе жакындап калган азапты күт. Ал азап асманды түтүн каптаган күнү болот, алар аны катуу коркунучта өз көзү менен көрөт

يَغْشَى ٱلنَّاسَ ۖ هَـٰذَا عَذَابٌ أَلِيمٌۭ ﴿١١﴾

Ал элиңдин баарын ороп алат. Аларга айтылат: «Силердин башыңарга түшкөн бул азап – кыйноочу азап»

رَّبَّنَا ٱكْشِفْ عَنَّا ٱلْعَذَابَ إِنَّا مُؤْمِنُونَ ﴿١٢﴾

Ошондо алар Раббисине жалбарып: «Раббибиз! Сен бизге жиберген азапты бизден кетир. Эгер Сен аны бизден кетирсең, биз Сага жана пайгамбарыңа ыйман келтиребиз» – деп дуба кылышат

أَنَّىٰ لَهُمُ ٱلذِّكْرَىٰ وَقَدْ جَآءَهُمْ رَسُولٌۭ مُّبِينٌۭ ﴿١٣﴾

Алар кантип эсине келип, Раббисине кайтышмак эле, анткени аларга чынчылдыгы жана аманаткөйлүгү белгилүү жана пайгамбарлыгыанык элчи келди?! ثم تولوا عنه وقالوا معلم م جنون

ثُمَّ تَوَلَّوْا۟ عَنْهُ وَقَالُوا۟ مُعَلَّمٌۭ مَّجْنُونٌ ﴿١٤﴾

Кийин алар ага ишенүүдөн баш тартышты жана ал тууралуу: «Ага башка бирөөлөр үйрөтөт, ал пайгамбар эмес» – дешти. Ошондой эле аныжинди деп да айтышты

إِنَّا كَاشِفُوا۟ ٱلْعَذَابِ قَلِيلًا ۚ إِنَّكُمْ عَآئِدُونَ ﴿١٥﴾

Чындыгында Биз силерден азаптыбир аз кетирген болсок, силер кайра эле каапырлыгыңарга жана жалганыңарга кайтасыңар

يَوْمَ نَبْطِشُ ٱلْبَطْشَةَ ٱلْكُبْرَىٰٓ إِنَّا مُنتَقِمُونَ ﴿١٦﴾

Оо, пайгамбар! Биз коомуңдагы каапырларды күч менен катуу кармаган Бадр күнүн күт. Биз алардан Аллахка кылган каапырлыктарыжана пайгамбардыжалганга чыгаргандарыүчүн өз алабыз

۞ وَلَقَدْ فَتَنَّا قَبْلَهُمْ قَوْمَ فِرْعَوْنَ وَجَآءَهُمْ رَسُولٌۭ كَرِيمٌ ﴿١٧﴾

Биз алардан мурун Фараондун коомун сынаганбыз. Аларга Аллах тараптан сыйлуу пайгамбар Муса келип, аларды Аллахтыжалгыздоогожана Ага сыйынууга чакырды. بلغ Куран · Тафсир

أَنْ أَدُّوٓا۟ إِلَىَّ عِبَادَ ٱللَّهِ ۖ إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌۭ ﴿١٨﴾

Муса Фараон менен анын коомуна айтты: «Аллахтын пенделери болгон Исраилдин урпактарын мага таштагыла. Аларды кул кылууга силердин укугуңар жок. Чындыгында мен силерге Аллах тараптан келген элчимин, Ал мага буйруган нерсени жеткирүүгө ишеничтүүмүн,андан эчбир нерсени кемитпейм жана кошпойм

وَأَن لَّا تَعْلُوا۟ عَلَى ٱللَّهِ ۖ إِنِّىٓ ءَاتِيكُم بِسُلْطَـٰنٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿١٩﴾

Жана силер Аллахка сыйынуудан баш тартып жана пенделерине бой көтөрүп текеберлик кылбагыла. Чындыгында мен силерге ачык-айкын далилди алып келем. وإنى عذت بربى وربكم أن ترجمون

وَإِنِّى عُذْتُ بِرَبِّى وَرَبِّكُمْ أَن تَرْجُمُونِ ﴿٢٠﴾

Силер мени ташбараңга алып өлтүрүп коюуңардан менин жана силердин Раббиңерден коргоосураймын

وَإِن لَّمْ تُؤْمِنُوا۟ لِى فَٱعْتَزِلُونِ ﴿٢١﴾

Эгер силер мен алып келген нерсеге ишенбесеңер, анда мени тынч койгула жана мага зыян берип жакын жолобогула»

فَدَعَا رَبَّهُۥٓ أَنَّ هَـٰٓؤُلَآءِ قَوْمٌۭ مُّجْرِمُونَ ﴿٢٢﴾

Анан Муса Раббисине: «Фараон жана анын жан жөкөрлөрү – тезинен жаза алууга татыктуу күнөөкөр коом» – деп дуба кылды. فأسر بعبادى ليلا إنكم م تبعون

فَأَسْرِ بِعِبَادِى لَيْلًا إِنَّكُم مُّتَّبَعُونَ ﴿٢٣﴾

Ошондо Аллах Мусага өз элиң менен түн жамынып жолго чык деп буйруду жана Фараон менен анын коому силердин артыңардан түшөт деп кабар берди

وَٱتْرُكِ ٱلْبَحْرَ رَهْوًا ۖ إِنَّهُمْ جُندٌۭ مُّغْرَقُونَ ﴿٢٤﴾

Ага Исраилдин урпактары менен бирге деңизден өткөндө аны өз калыбында тынч таштап кетүүнү буйруду. Чындыгында Фараон жана анын аскери деңизге чөктүрүлүп жок болушат. كم تركوامن جنت وعيون

كَمْ تَرَكُوا۟ مِن جَنَّـٰتٍۢ وَعُيُونٍۢ ﴿٢٥﴾

Фараон менен анын коомуартында канчалаган бактардыжана аккан булактардыкалтырып кетишти. وزروع ومقام كريم

وَزُرُوعٍۢ وَمَقَامٍۢ كَرِيمٍۢ ﴿٢٦﴾

Канчалаган эгинзарлардыжана кооз отурум жайлардыкалтырып кетишти. بلغ Куран · Тафсир ونعمةكانوا فيها فكهين

وَنَعْمَةٍۢ كَانُوا۟ فِيهَا فَـٰكِهِينَ ﴿٢٧﴾

Канчалаган жыргалчылыкка толгон жашоонуташтап кетишти

كَذَٰلِكَ ۖ وَأَوْرَثْنَـٰهَا قَوْمًا ءَاخَرِينَ ﴿٢٨﴾

Силерге сыпаттап айтылган мына ушул нерселер алардын башына түштү. Биз алардын бакчаларын, булактарын, эгинзарларын жана орундуктарын башка коом болгон Исраилдин урпактарына мурас кылдык

فَمَا بَكَتْ عَلَيْهِمُ ٱلسَّمَآءُ وَٱلْأَرْضُ وَمَا كَانُوا۟ مُنظَرِينَ ﴿٢٩﴾

Фараон менен коомусууга чөккөндө алар үчүн асман да,жер да ыйлаган жок жана аларга тообокылууга мөөнөт да берилген жок

وَلَقَدْ نَجَّيْنَا بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ مِنَ ٱلْعَذَابِ ٱلْمُهِينِ ﴿٣٠﴾

Биз Исраилдин урпактарын кордоочуазаптан куткардык.Анткени Фараон менен коомуалардын бала-чакаларын өлтүрүп, аялдарын тирүү калтырышчу

مِن فِرْعَوْنَ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَالِيًۭا مِّنَ ٱلْمُسْرِفِينَ ﴿٣١﴾

Биз алардыФараондун азабынан сактадык. Чындыгында ал Аллахтын буйруктарыменен дининин чегинен чыгып текеберлик кылгандардан болчу

وَلَقَدِ ٱخْتَرْنَـٰهُمْ عَلَىٰ عِلْمٍ عَلَى ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٣٢﴾

Биз Өзүбүз билип Исраил урпактарын ал замандагы ааламдардан пайгамбарларынын көптүгү себептүү тандап алганбыз

وَءَاتَيْنَـٰهُم مِّنَ ٱلْـَٔايَـٰتِ مَا فِيهِ بَلَـٰٓؤٌۭا۟ مُّبِينٌ ﴿٣٣﴾

Биз аларга Мусаны колдоо максатта берген манна шириндиги, бөдөнө жана башка ушулар сыяктуу ачык жакшылыктардыкамтыган далилдерди бердик

إِنَّ هَـٰٓؤُلَآءِ لَيَقُولُونَ ﴿٣٤﴾

Чындыгында ал жалганчымушриктер кайра тирилүүнү четке кагып мындай деп айтышат:

إِنْ هِىَ إِلَّا مَوْتَتُنَا ٱلْأُولَىٰ وَمَا نَحْنُ بِمُنشَرِينَ ﴿٣٥﴾

«Биз үчүн бир гана өлүм бар, андан кийин эч кандай жашоожок. Бул өлүмдөн кийин биз кайра тирилбейбиз. بلغ Куран · Тафсир

فَأْتُوا۟ بِـَٔابَآئِنَآ إِن كُنتُمْ صَـٰدِقِينَ ﴿٣٦﴾

Эй, Мухаммад! Сен жана сени ээрчигендер Аллах өлүктөрдү сурак жана жаза-сыйлык үчүн кайра тирилтет деген сөзүңөрдө чынчылболсоңор,анда өлгөн ата-бабаларыбыздытирилтип алып келгилечи?!»

أَهُمْ خَيْرٌ أَمْ قَوْمُ تُبَّعٍۢ وَٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۚ أَهْلَكْنَـٰهُمْ ۖ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ مُجْرِمِينَ ﴿٣٧﴾

Оо,пайгамбар!Күч-кубаттуулук жактан сени жалганга чыгарган мушриктер артыкпыже алардан мурункуАад жана Самуд сыяктуу Тубба коому артыкпы?Биз алардын баарысын жок кылдык. Чындыгында алар күнөөкөрлөр эле

وَمَا خَلَقْنَا ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا لَـٰعِبِينَ ﴿٣٨﴾

Биз асмандар менен жерди жана алардын ортосундагынерселерди ойноп жараткан жокпуз

مَا خَلَقْنَـٰهُمَآ إِلَّا بِٱلْحَقِّ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٣٩﴾

Биз асмандар менен жерди улуудаанышмандык үчүн жараттык.Бирок көпчүлүк мушриктер мунубилишпейт

إِنَّ يَوْمَ ٱلْفَصْلِ مِيقَـٰتُهُمْ أَجْمَعِينَ ﴿٤٠﴾

Аллах пенделеринин ортосунда өкүм кыла турган кыямат күн – Аллах бүт макулуктарды чогултуу үчүн белгилеген убакыт. يوم لا يغنى مولى عن مولى شئا ولا هم ينصرون

يَوْمَ لَا يُغْنِى مَوْلًى عَن مَّوْلًۭى شَيْـًۭٔا وَلَا هُمْ يُنصَرُونَ ﴿٤١﴾

Ал күндө жакын жакынына, дос досуна пайда келтире албайт жана алар өздөрүн Аллахтын азабынан коргой алышпайт. Анткени ал күндө бийлик Аллахка гана таандык болот. Эч ким ага ээ экендигин айтып чыга албайт

إِلَّا مَن رَّحِمَ ٱللَّهُ ۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ ﴿٤٢﴾

Аллах ырайым кылган адамдар гана кылган жакшылык иштеринен пайда алышат. Чындыгында Аллах эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, тообокылган пенделерине Ырайымдуу

إِنَّ شَجَرَتَ ٱلزَّقُّومِ ﴿٤٣﴾

Аллахтозоктун түбүндө өстүргөн Заккум дарагы

طَعَامُ ٱلْأَثِيمِ ﴿٤٤﴾

Чоңкүнөө кылгандын тамак-ашы.Алкаапыр анын жийиркеничтүүмөмөсүнөн жейт. بلغ Куран · Тафсир

كَٱلْمُهْلِ يَغْلِى فِى ٱلْبُطُونِ ﴿٤٥﴾

Ал мөмө капкара майдай, ал катуу ысыгандыктан алардын курсагында кайнайт

كَغَلْىِ ٱلْحَمِيمِ ﴿٤٦﴾

Өтө ысык суунун кайнаганысыяктуу

خُذُوهُ فَٱعْتِلُوهُ إِلَىٰ سَوَآءِ ٱلْجَحِيمِ ﴿٤٧﴾

Тозоктун сакчыларына айтылат: «Аныкармагыла да, канкордук менен тозоктун ортосуна сүйрөп баргыла

ثُمَّ صُبُّوا۟ فَوْقَ رَأْسِهِۦ مِنْ عَذَابِ ٱلْحَمِيمِ ﴿٤٨﴾

Анан булазапталгандын төбөсүнө кайнак суукуйгула.Алазаптан кутулбайт»

ذُقْ إِنَّكَ أَنتَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْكَرِيمُ ﴿٤٩﴾

Ага шылдың иретинде айтылат: «Бул кыйноочу азапты тарт! Сен өз элиңде эч кандай зыян тартпаган кадырлуу эмес белең». إن هذا ما كنتم به تمترون

إِنَّ هَـٰذَا مَا كُنتُم بِهِۦ تَمْتَرُونَ ﴿٥٠﴾

Чындыгында силер кыямат күнү боло турган бул азаптан шектенгенсиңер. Эми силер аныкөргөнүңөрдөн кийин шек-күмөнүңөр жоголду

إِنَّ ٱلْمُتَّقِينَ فِى مَقَامٍ أَمِينٍۢ ﴿٥١﴾

Алэми Раббисинин буйруктарын аткарып,тыйгандарын таштаган такыба адамдар эчкандай жамандык жетпеген бейпил жайларда болушат. فى جنت وعيون

فِى جَنَّـٰتٍۢ وَعُيُونٍۢ ﴿٥٢﴾

Бакчаларда жана аккан булактарда. يلبسون من سندس وإستبرق متقبلين

يَلْبَسُونَ مِن سُندُسٍۢ وَإِسْتَبْرَقٍۢ مُّتَقَـٰبِلِينَ ﴿٥٣﴾

Алар бейиште жука жана калың жибек кийимдерди кийип, бири экинчисинин артын көрбөгүдөй бет-маңдай олтурушат. بلغ Куран · Тафсир كذلك وزوجنهم بحور عين

كَذَٰلِكَ وَزَوَّجْنَـٰهُم بِحُورٍ عِينٍۢ ﴿٥٤﴾

Биз аларды бул айтылгандар менен сыйлаганыбыз сыяктуу аларды бейиште көзүнүн карасы капкара, агы аппак болгон бакыраң көз чырайлуу аялдарга үйлөндүрөбүз. يدعون فيها بكل فكهةءامنين

يَدْعُونَ فِيهَا بِكُلِّ فَـٰكِهَةٍ ءَامِنِينَ ﴿٥٥﴾

Алар ал жайда кызматчыларын чакырып, өздөрү каалаган түгөнгүс жана зыянсыз мөмө-жемиштерди алдырышат

لَا يَذُوقُونَ فِيهَا ٱلْمَوْتَ إِلَّا ٱلْمَوْتَةَ ٱلْأُولَىٰ ۖ وَوَقَىٰهُمْ عَذَابَ ٱلْجَحِيمِ ﴿٥٦﴾

Ал жакта түбөлүк калышат. Алар дүйнө жашоосундагы биринчи өлүмдөн башка өлүмдү татышпайт. Аллах аларды тозок азабынан коргойт

فَضْلًۭا مِّن رَّبِّكَ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلْفَوْزُ ٱلْعَظِيمُ ﴿٥٧﴾

Бул Раббиңден болгон айкөлдүк жана жакшылык! Аларды бейишке киргизүү жана тозоктон коргоо сыяктуу бул айтылган нерселер – эч бир жеңиш тең келбеген улуу жеңиш. فإنما يسرنه بلسانك لعلهم يتذكرون

فَإِنَّمَا يَسَّرْنَـٰهُ بِلِسَانِكَ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ ﴿٥٨﴾

Оо, пайгамбар!Чындыгында Биз бул Курандыалар эскерме алышар бекен деп сен сүйлөгөн арабтилинде түшүрүп жеңил кылдык

فَٱرْتَقِبْ إِنَّهُم مُّرْتَقِبُونَ ﴿٥٩﴾

Эми сен жеңишиңди жана алардын кыйроосун күт.Алар дагысенин кыйрооңдукүтүп жатышат. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Ad-Dukhaan — الدخان

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил