Башкы бетТафсирAl-Jaathiya (45)

Тафсир Al-Jaathiya (45) — الجاثية

Меккелик · 37 аят

Окуу · УгууPDF файл

حمٓ ﴿١﴾

Бул тууралуу Бакара сүрөсүнүн башталышында сөз болгон

تَنزِيلُ ٱلْكِتَـٰبِ مِنَ ٱللَّهِ ٱلْعَزِيزِ ٱلْحَكِيمِ ﴿٢﴾

Куран эчкимге жеңилбеген Кудуреттүү,пенделеринин кызыкчылыктарын БилүүчүАллахтараптан түштү

إِنَّ فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّلْمُؤْمِنِينَ ﴿٣﴾

Чындыгында асмандар менен жерде ыймандуулар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген далилдер бар.Анткени ошолор аят-белгилерден сабак алышат

وَفِى خَلْقِكُمْ وَمَا يَبُثُّ مِن دَآبَّةٍ ءَايَـٰتٌۭ لِّقَوْمٍۢ يُوقِنُونَ ﴿٤﴾

Оо, адамдар! Силердин бел суудан, кийин бир үзүм эттен, кийин коюу кандан жаралууңарда жана Аллах жер бетиндеги жан-жаныбарларды таркатып жаратуусунда Аллах Жаратуучу экенине ишенген адамдар үчүн Анын жалгыздыгына далилдер бар

وَٱخْتِلَـٰفِ ٱلَّيْلِ وَٱلنَّهَارِ وَمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مِن رِّزْقٍۢ فَأَحْيَا بِهِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا وَتَصْرِيفِ ٱلرِّيَـٰحِ ءَايَـٰتٌۭ لِّقَوْمٍۢ يَعْقِلُونَ ﴿٥﴾

ءايت لقوم يعقلون Күн менен түндүн алмашуусунда, Аллах асмандан жамгыр жаадырып эч кандай өсүмдүк өспөгөн өлүк жерди өндүрүп тирилтүүсүндө жана силердин пайдаңар үчүн бирде бул тараптан, бирде тигил тараптан соккон шамалдардыжүргүзүүсүндө акылжүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар.Алар булардыАллахтын жалгыздыгына, кайра тирилтүүгө жана бардык нерсеге кудуреттүү экендигине далил кылышат

تِلْكَ ءَايَـٰتُ ٱللَّهِ نَتْلُوهَا عَلَيْكَ بِٱلْحَقِّ ۖ فَبِأَىِّ حَدِيثٍۭ بَعْدَ ٱللَّهِ وَءَايَـٰتِهِۦ يُؤْمِنُونَ ﴿٦﴾

Оо, пайгамбар! Биз сага бул аяттар менен далилдерди акыйкат менен окуп беребиз. Эгерде алар пендебизге түшүргөн Аллахтын сөзүнө жана далилдерине ишенишпесе, анда мындан кийин кайсы сөзгө ишенишет, кайсы далилдерди чындык деп билишет?! ويل لكل أفاك أثيم

وَيْلٌۭ لِّكُلِّ أَفَّاكٍ أَثِيمٍۢ ﴿٧﴾

Күнөөлөрүкөп ар бир жалганчыга Аллахтараптан кыйроожана азап болсун! بلغ Куран · Тафсир

يَسْمَعُ ءَايَـٰتِ ٱللَّهِ تُتْلَىٰ عَلَيْهِ ثُمَّ يُصِرُّ مُسْتَكْبِرًۭا كَأَن لَّمْ يَسْمَعْهَا ۖ فَبَشِّرْهُ بِعَذَابٍ أَلِيمٍۢ ﴿٨﴾

Бул каапыр Курандагы ага окулган Аллахтын аяттарын уккандан кийин да акыйкатты ээрчүүдөн өзүнчө бой көтөрүп каапырлыгын жана күнөөлөрүн уланта берсе, анда ал ага окулган аяттарды укпаган сыяктуу эле. Оо, пайгамбар!Ага акыретте зыян алып келген жан кыйноочуазап күтүп турганын кабарла!

وَإِذَا عَلِمَ مِنْ ءَايَـٰتِنَا شَيْـًٔا ٱتَّخَذَهَا هُزُوًا ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ لَهُمْ عَذَابٌۭ مُّهِينٌۭ ﴿٩﴾

Эгерде ага Курандан бир нерсе жетсе, ал аны шылдыңдап баштайт. Куранды шылдыңга алган сыпаттагы ал адамдарга кыямат күнү кордоочу азап бар

مِّن وَرَآئِهِمْ جَهَنَّمُ ۖ وَلَا يُغْنِى عَنْهُم مَّا كَسَبُوا۟ شَيْـًۭٔا وَلَا مَا ٱتَّخَذُوا۟ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَوْلِيَآءَ ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ ﴿١٠﴾

Аларды акыретте алдынан тозок оту күтүп турат. Аларга тапкан байлыктары Аллахтын алдында эч пайда келтирбейт жана алардын кудай тутуп сыйынган Андан башка айкел кудайлары аларды эч нерседен коргой алышпайт.Алар үчүн кыяматта чоң азап бар

هَـٰذَا هُدًۭى ۖ وَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِـَٔايَـٰتِ رَبِّهِمْ لَهُمْ عَذَابٌۭ مِّن رِّجْزٍ أَلِيمٌ ﴿١١﴾

Биз элчибиз Мухаммадга түшүргөн бул Китеп акыйкат жолго багыттоочу. Ал эми алардын Раббисинин Өз элчисине түшүргөн аяттарына каапырлык кылгандарга катуу кыйноочу азап бар

۞ ٱللَّهُ ٱلَّذِى سَخَّرَ لَكُمُ ٱلْبَحْرَ لِتَجْرِىَ ٱلْفُلْكُ فِيهِ بِأَمْرِهِۦ وَلِتَبْتَغُوا۟ مِن فَضْلِهِۦ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ ﴿١٢﴾

Оо, адамдар! Аллах жалгыз Өз буйругу менен кемелер жүрүш үчүн жана силер ар түрдүү адал эмгектер аркылуу Анын жакшылыктарын сурашыңар үчүн силерге деңизди моюн сундурду.Балким силер Аллахтын силерге кылган жакшылыктарына шүгүр кыларсыңар

وَسَخَّرَ لَكُم مَّا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ جَمِيعًۭا مِّنْهُ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يَتَفَكَّرُونَ ﴿١٣﴾

Аллах Таала Өзүнүн артыкчыыгы жана жакшылык кылуусу менен силерге асмандагы күн, ай, жылдыздарды жана жердеги дарыя, бак-дарак, тоолорду жана башка нээмттарын моюн сундурду. Чынында, бул нерселерди моюн сундурууда, Аллахтын аят-белгилерине ой жүгүртүп ибарат алгандар үчүн Анын кудуреттүүлүгүнө жана жалгыздыгына далилдер бар

قُل لِّلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ يَغْفِرُوا۟ لِلَّذِينَ لَا يَرْجُونَ أَيَّامَ ٱللَّهِ لِيَجْزِىَ قَوْمًۢا بِمَا كَانُوا۟ يَكْسِبُونَ ﴿١٤﴾

Оо, пайгамбар! Аллахка ыйман келтирип, Анын элчисин чынчыл деп билгендерге айт: «Аллахтын жакшылыктарына же жамандыктарына көңүл бурбаган каапырлардын силерге келтирген зыяндарын кечиргиле. Чындыгында Аллах сабыр кылган бардык ыймандууларга жана чектен ашкан каапырларга дүйнөдө кылган иштерине жараша сыйлыгын же жазасын берет». بلغ Куран · Тафсир

مَنْ عَمِلَ صَـٰلِحًۭا فَلِنَفْسِهِۦ ۖ وَمَنْ أَسَآءَ فَعَلَيْهَا ۖ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُمْ تُرْجَعُونَ ﴿١٥﴾

Кимде-ким жакшылык иш кылса,анда анын кылган жакшылык ишинин артыөзүнө пайда.Аллаханын кылган иш- аракетине муктаж эмес. Ал эми ким жамандык иш кылса, анда анын кылган жамандык ишинин арты өзү зыян. Анын кылган жамандыгы Аллахка эч зыян келтирбейт. Кийин акыретте Биз силерге өзүңөр татыктуу болгон сыйлык же жазаныбериш үчүн Бизге гана кайтасыңар

وَلَقَدْ ءَاتَيْنَا بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ٱلْكِتَـٰبَ وَٱلْحُكْمَ وَٱلنُّبُوَّةَ وَرَزَقْنَـٰهُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَـٰتِ وَفَضَّلْنَـٰهُمْ عَلَى ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٦﴾

Биз Исраил урпактарына Тооратты, адамдардын ортосунда аны менен адилеттүү өкүм кылууну бердик, Ибрахимдин урпактары көпчүлүк пайгамбарларды алардан чыгардык, аларга түрлүү-түрлүү адал нерселерди ырыскыкылдык жана алардыөз заманында ааламда артык кылдык

وَءَاتَيْنَـٰهُم بَيِّنَـٰتٍۢ مِّنَ ٱلْأَمْرِ ۖ فَمَا ٱخْتَلَفُوٓا۟ إِلَّا مِنۢ بَعْدِ مَا جَآءَهُمُ ٱلْعِلْمُ بَغْيًۢا بَيْنَهُمْ ۚ إِنَّ رَبَّكَ يَقْضِى بَيْنَهُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ فِيمَا كَانُوا۟ فِيهِ يَخْتَلِفُونَ ﴿١٧﴾

Жана Биз аларга акыйкатты жалгандан айырмалаган далилдерди бердик. Аларга пайгамбарыбыз Мухаммаддын жиберилиши менен далилдер келгенден кийин гана талашып-тартышышты жана аларды мындай кайым айтышууга бийликке жана кадыр-баркка жанталашуудан улам бири-бирине болгон зулумдук гана түрткү берди. Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң кыяматта алардын дүйнөдө талашып-тартышкан нерселерине өкүм чыгарып, алардын кимиси акыйкатта,кимиси жалганда болгонун ачыктайт

ثُمَّ جَعَلْنَـٰكَ عَلَىٰ شَرِيعَةٍۢ مِّنَ ٱلْأَمْرِ فَٱتَّبِعْهَا وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَآءَ ٱلَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ ﴿١٨﴾

Кийин Биз сенден мурунку пайгамбарларыбызга буйруган Өз буйругубуз менен сени ыйманга жана жакшылык иштерге чакырган жолдо кылдык. Эми сен ушул шариятты ээрчи. Акыйкатты билбегендердин каалоолорун ээрчибе.Анткени алардын каалоолоруакыйкаттан адаштырат

إِنَّهُمْ لَن يُغْنُوا۟ عَنكَ مِنَ ٱللَّهِ شَيْـًۭٔا ۚ وَإِنَّ ٱلظَّـٰلِمِينَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَآءُ بَعْضٍۢ ۖ وَٱللَّهُ وَلِىُّ ٱلْمُتَّقِينَ ﴿١٩﴾

Эгерде сен алардын каалоолорун ээрчисең,анда акыйкаттыбилбегендер Аллахтын азабын сенден тосоалышпайт. Чындыгында бардык диндеги залымдар ыймандууларга каршыбири-бирин колдоп жардам беришет.Аллахболсо Анын буйруктарын аткарып,тыйгандарын таштаган такыбалардыколдойт

هَـٰذَا بَصَـٰٓئِرُ لِلنَّاسِ وَهُدًۭى وَرَحْمَةٌۭ لِّقَوْمٍۢ يُوقِنُونَ ﴿٢٠﴾

Биз пайгамбарыбызга түшүргөн бул Куран адамдарга акыйкатты жалгандан айырмалап көргөзгөн айкындоочу, акыйкатка багыттоочу жана ишенген адамдар үчүн ырайымдуулук. Анткени мына ошолор Раббисин ыраазыкылуу үчүн ал аркылуу туура жолго түшүшөт. بلغ Куран · Тафсир

أَمْ حَسِبَ ٱلَّذِينَ ٱجْتَرَحُوا۟ ٱلسَّيِّـَٔاتِ أَن نَّجْعَلَهُمْ كَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ سَوَآءًۭ مَّحْيَاهُمْ وَمَمَاتُهُمْ ۚ سَآءَ مَا يَحْكُمُونَ ﴿٢١﴾

يحكمون Дене-мүчөлөрү менен каапырлык жана күнөөлөрдү кылгандар сыйлык же жаза алууда Биз алардыАллахка ыйман келтирип,жакшылык иштерди кылгандар сыяктуукылып,алардыдүйнө менен акыретте бирдей кылат деп ойлоп жатышабы? Алардын бул өкүмү кандай жаман!

وَخَلَقَ ٱللَّهُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ بِٱلْحَقِّ وَلِتُجْزَىٰ كُلُّ نَفْسٍۭ بِمَا كَسَبَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ ﴿٢٢﴾

Аллах асмандар менен жерди улуу даанышмандык үчүн жана ар бир жан өзү кылган жакшылык же жамандык иштин сыйлык-жазасын алыш үчүн жаратты. Аларды жөндөн-жөн эле жараткан эмес. Аллах алардын жакшылыктарын кемитип же күнөөлөрүн көбөйтүп зулумдук кылбайт

أَفَرَءَيْتَ مَنِ ٱتَّخَذَ إِلَـٰهَهُۥ هَوَىٰهُ وَأَضَلَّهُ ٱللَّهُ عَلَىٰ عِلْمٍۢ وَخَتَمَ عَلَىٰ سَمْعِهِۦ وَقَلْبِهِۦ وَجَعَلَ عَلَىٰ بَصَرِهِۦ غِشَـٰوَةًۭ فَمَن يَهْدِيهِ مِنۢ بَعْدِ ٱللَّهِ ۚ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ ﴿٢٣﴾

Оо, пайгамбар! Өз напси каалоосун ээрчип, ага каршы чыкпастан аны кудай тутуп алган адамды карабайсыңбы. Аллах аны Өзү билип адаштырып койду. Анткени ал адашууга татыктуу. Анын жүрөгүн мөөрлөп койду, ал пайда ала тургандай деңгээлде укпайт жана анын көзүн акыйкатты көрүүдөн тосуп койду. Аллах аны адаштырып койгондон кийин ким аныакыйкатка баштай алат?!Силер напси каалоонуээрчүүнүн зыяндуулугун жана Аллахтын шариятын ээрчүүнүн пайдалуулугун ойлонбойсуңарбы?!

وَقَالُوا۟ مَا هِىَ إِلَّا حَيَاتُنَا ٱلدُّنْيَا نَمُوتُ وَنَحْيَا وَمَا يُهْلِكُنَآ إِلَّا ٱلدَّهْرُ ۚ وَمَا لَهُم بِذَٰلِكَ مِنْ عِلْمٍ ۖ إِنْ هُمْ إِلَّا يَظُنُّونَ ﴿٢٤﴾

Кайра тирилүүнү четке каккан каапырлар айтышты: «Бул дүйнөдөгү гана жашообуз бар, андан кийин эч кандай жашоо жок. Муундар өтөт, алар кайра кайтып келишпейт. Муундар жаңырат жана аларды түн менен күндүн алмашуусу гана өлтүрөт». Аларда кайра тирилүүнү жокко чыгаруу тууралуу илим жок. Алар божомол ойлорго гана таянышат. Чындыгында божомол ойлор акыйкатка эч кандай пайда келтирбейт

وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ ءَايَـٰتُنَا بَيِّنَـٰتٍۢ مَّا كَانَ حُجَّتَهُمْ إِلَّآ أَن قَالُوا۟ ٱئْتُوا۟ بِـَٔابَآئِنَآ إِن كُنتُمْ صَـٰدِقِينَ ﴿٢٥﴾

Кайра тирилүүнү жокко чыгарган мушриктерге ачык-айкын аяттарыбыз окулганда алардын пайгамбарга жана сахабаларга айткан бул сөздөрүнөн башка келтирер эч кандай далилдери жок: «Биз өлгөндөн кийин кайра тирилебиз деген сөзүңөр чын болсо,анда биздин ата-бабаларыбыздытирилткилечи?!»

قُلِ ٱللَّهُ يُحْيِيكُمْ ثُمَّ يُمِيتُكُمْ ثُمَّ يَجْمَعُكُمْ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْقِيَـٰمَةِ لَا رَيْبَ فِيهِ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٢٦﴾

Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Аллах силерди жаратып тирилтет, кийин өлтүрөт. Өлгөнүңөрдөн кийин кыяматта сурак жана жаза-сыйлык үчүн силерди чогултат.Алкүн шек-күмөнсүз келет».Бирок көпчүлүк адамдар билишпейт. Ошондуктан алүчүн жакшылык иштерди кылып даярдык көрүшпөйт. بلغ Куран · Тафсир

وَلِلَّهِ مُلْكُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ وَيَوْمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ يَوْمَئِذٍۢ يَخْسَرُ ٱلْمُبْطِلُونَ ﴿٢٧﴾

Асмандар менен жердин мүлкү жалгыз Аллахка таандык. Ал экөөсүндө Андан башка эч ким сыйынууга татыктуу эмес. Аллах өлүктөрдү сурак жана жаза-сыйлык үчүн кайра тирилткен кыямат күнү болгондо Аллахтан башкага сыйынган жана акыйкаттыжок кылып, жалгандыорнотууга аракет кылгандар жоготууга учурашат

وَتَرَىٰ كُلَّ أُمَّةٍۢ جَاثِيَةًۭ ۚ كُلُّ أُمَّةٍۢ تُدْعَىٰٓ إِلَىٰ كِتَـٰبِهَا ٱلْيَوْمَ تُجْزَوْنَ مَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿٢٨﴾

Оо, пайгамбар! Ал күнү бардык үммөттөр бизге эмне кылынат деп күткөн абалда тизилеп тургандарын көрөсүң. Бардык үммөттөр сакчыпериштелер жазып койгон амалкитебине чакырылат.Эй,адамдар!Силер бүгүн дүйнөдө кылган жакшылык-жамандык иштериңердин сыйлыгын же жазасын аласыңар

هَـٰذَا كِتَـٰبُنَا يَنطِقُ عَلَيْكُم بِٱلْحَقِّ ۚ إِنَّا كُنَّا نَسْتَنسِخُ مَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿٢٩﴾

Биздин периштелер иш-аракеттериңерди жазып койгон бул китебибиз акыйкат менен силерге күбөгө өтөт, эми аныокугула. Чындыгында Биз сакчыпериштелерди дүйнөдө кылган иштериңерди жазгыла деп буйруганбыз

فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ فَيُدْخِلُهُمْ رَبُّهُمْ فِى رَحْمَتِهِۦ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلْفَوْزُ ٱلْمُبِينُ ﴿٣٠﴾

Ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандардыРаббиси Өз ырайымыменен бейишке киргизет. Аллах аларга берген бул сыйлык – эч бир жеңиш тең келбеген анык жеңиш

وَأَمَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ أَفَلَمْ تَكُنْ ءَايَـٰتِى تُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ فَٱسْتَكْبَرْتُمْ وَكُنتُمْ قَوْمًۭا مُّجْرِمِينَ ﴿٣١﴾

Ал эми Аллахка каапырлык кылгандарга жемелеп айтылат: «Силерге Менин аяттарым окулганда, аларга ыйман келтирүүдөн текеберлик кылбадыңар беле? Силер каапырлык жана күнөөлөрдү кылган күнөөкөр коом ق ن болчусуңар»

وَإِذَا قِيلَ إِنَّ وَعْدَ ٱللَّهِ حَقٌّۭ وَٱلسَّاعَةُ لَا رَيْبَ فِيهَا قُلْتُم مَّا نَدْرِى مَا ٱلسَّاعَةُ إِن نَّظُنُّ إِلَّا ظَنًّۭا وَمَا نَحْنُ بِمُسْتَيْقِنِينَ ﴿٣٢﴾

Эгерде силерге: «Чындыгында Аллахтын пенделерине аларды кайра тирилтип, сыйлык-жазаларын берем деген убадасы жана кыяматтын болушу шек-күмөнсүз акыйкат. Эми силер ал үчүн аракет кылгыла» – деп айтылса, силер мындай дедиңер: «Биз бул кыямат дегенди билбейбиз. Биз анын келери тууралуу ара ойдобуз, анын келерине такыр ишенбейбиз». وبدا لهم سئات ما عملواوحاق بهم ما كانوابه يستهزءون

وَبَدَا لَهُمْ سَيِّـَٔاتُ مَا عَمِلُوا۟ وَحَاقَ بِهِم مَّا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ ﴿٣٣﴾

Алардын дүйнөдө кылган каапырлык жана күнөөлөр сыяктуу жамандык иштери ачыкка чыкты жана аларга эскертилген кезде шылдыңдашкан азап баштарына келди. بلغ Куран · Тафсир

وَقِيلَ ٱلْيَوْمَ نَنسَىٰكُمْ كَمَا نَسِيتُمْ لِقَآءَ يَوْمِكُمْ هَـٰذَا وَمَأْوَىٰكُمُ ٱلنَّارُ وَمَا لَكُم مِّن نَّـٰصِرِينَ ﴿٣٤﴾

Аллах аларга айтты: «Силер бул күнгө кезигериңерди унутканыңар жана ага ыйман келтирип, жакшылык иштерди камдабаганыңар сыяктуу Биз бүгүн силерди тозокко таштайбыз. Силердин баш калкалар жайыңар тозок. Силерди Аллахтын азабынан коргой турган эчбир жардамчыболбойт

ذَٰلِكُم بِأَنَّكُمُ ٱتَّخَذْتُمْ ءَايَـٰتِ ٱللَّهِ هُزُوًۭا وَغَرَّتْكُمُ ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَا ۚ فَٱلْيَوْمَ لَا يُخْرَجُونَ مِنْهَا وَلَا هُمْ يُسْتَعْتَبُونَ ﴿٣٥﴾

Силер азапталып жаткан бул азаптын себеби, силер Аллахтын аяттарын шылдыңдап азил-тамаша туткансыңар жана силерди жашоожыргалчылыктарыалдап койду. Эми бүгүн Аллахтын аяттарын шылдыңдаган ал каапырлар тозоктон чыгышпайт. Алар ал жакта түбөлүк калышат жана Раббисин ыраазыкыла тургандай жакшылык иштерди кылуу үчүн дүйнө жашоосуна да кайтышпайт

فَلِلَّهِ ٱلْحَمْدُ رَبِّ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَرَبِّ ٱلْأَرْضِ رَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٣٦﴾

Асмандардын менен жердин жана бүткүлмакулуктардын Раббиси болгон Аллахка гана мактоолор болсун!

وَلَهُ ٱلْكِبْرِيَآءُ فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۖ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿٣٧﴾

Асмандардагыулуулук жана кудуреттүүлүк Ага гана таандык. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, Өз жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-Jaathiya — الجاثية

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил