طسٓمٓ ﴿١﴾
Та-сиим-миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген
Башкы бет›Тафсир›Ash-Shu'araa (26)
Меккелик · 227 аят
طسٓمٓ ﴿١﴾
Та-сиим-миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген
تِلْكَ ءَايَـٰتُ ٱلْكِتَـٰبِ ٱلْمُبِينِ ﴿٢﴾
Булар акыйкаттыжалгандан ачыктап көрсөткөн Куран аяттары. لعلك بخع نفسك ألا يكونوامؤمنين
لَعَلَّكَ بَـٰخِعٌۭ نَّفْسَكَ أَلَّا يَكُونُوا۟ مُؤْمِنِينَ ﴿٣﴾
Оо, пайгамбар! Алар туура жолготүшсүн деп жанталашып, кайгырып жүрүп өзүңдү өлтүрүп албасаң болду
إِن نَّشَأْ نُنَزِّلْ عَلَيْهِم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ ءَايَةًۭ فَظَلَّتْ أَعْنَـٰقُهُمْ لَهَا خَـٰضِعِينَ ﴿٤﴾
Эгерде Биз аларга асмандан аят-белгини түшүрүүнү кааласак, аларга түшүрмөкпүз. Ошондо алар ага шылкыйып моюн сунуп калмак.Бирок Биз алар кайыпка ыйман келтирет бекен деп сынашүчүн мунукаалаган жокпуз
وَمَا يَأْتِيهِم مِّن ذِكْرٍۢ مِّنَ ٱلرَّحْمَـٰنِ مُحْدَثٍ إِلَّا كَانُوا۟ عَنْهُ مُعْرِضِينَ ﴿٥﴾
Алмушриктерге Ырайымдуу(Аллах) тараптан Анын жалгыздыгын жана пайгамбарынын чынчылдыгын билдирген кандай гана жаңыэскертме келбесин, алар ага кулак салуудан жана ага ишенүүдөн баш тартышты
فَقَدْ كَذَّبُوا۟ فَسَيَأْتِيهِمْ أَنۢبَـٰٓؤُا۟ مَا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ ﴿٦﴾
Алар болсо пайгамбары алып келген нерсени жалганга чыгарышты. Эми жакында аларга шылдыңдаган нерселеринин анык кабарларыкелет жана аларга азап түшөт
أَوَلَمْ يَرَوْا۟ إِلَى ٱلْأَرْضِ كَمْ أَنۢبَتْنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوْجٍۢ كَرِيمٍ ﴿٧﴾
Ал көшөргөндөр каапырлыктан кайтышпайт бекен, алар жерди карашпайбы?! Биз анда ар түрдүү кооз жана пайдасыкөп өсүмдүктөрдү өстүрүп койдук
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةًۭ ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ ﴿٨﴾
Чындыгында жер бетинде түркүн-түрлүү өсүмдүктөрдү өстүрүүдө – аны өстүргөн Аллах өлүктөрдү кайра тирилтүүгө кудуреттүүэкендигине ачык-айкын белгилер бар.Бирок алардын көпчүлүгүыйман келтиришкен жок
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ ﴿٩﴾
Оо, пайгамбар! Чындыгында сенин Раббиң эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, пенделерине Ырайымдуу. بلغ Куран · Тафсир
وَإِذْ نَادَىٰ رَبُّكَ مُوسَىٰٓ أَنِ ٱئْتِ ٱلْقَوْمَ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿١٠﴾
Оо, пайгамбар! Эстегин, бир кезде Раббиң Мусага буйруду: «Аллахка каапырлык кылган жана Мусанын элин кул кылган залым коомгобар
قَوْمَ فِرْعَوْنَ ۚ أَلَا يَتَّقُونَ ﴿١١﴾
Алар Фараондун коому.Аларга сыпайылык жана жумшактык менен буйру:«Аллахтын буйруктарын аткарып,анын тыйгандарын таштап Андан корккула!»
قَالَ رَبِّ إِنِّىٓ أَخَافُ أَن يُكَذِّبُونِ ﴿١٢﴾
Муса айтты: «Чындыгында мен Сен тууралуу аларга жеткирген нерседе мени жалганга чыгарууларынан коркомун. ويضيق صدرى ولا ينطلق لسانى فأرسل إلىهرون
وَيَضِيقُ صَدْرِى وَلَا يَنطَلِقُ لِسَانِى فَأَرْسِلْ إِلَىٰ هَـٰرُونَ ﴿١٣﴾
Анан алардын мени жалганга чыгаруусунан көкүрөгүм сыгылып, тилим сөзгө келбей калуусу мүмкүн. Ошон үчүн Сен Жебрейилди бир тууганым Харунга жибер, ал мага жардамчыболсун. ولهم على ذنب فأخاف أن يقتلون
وَلَهُمْ عَلَىَّ ذَنۢبٌۭ فَأَخَافُ أَن يَقْتُلُونِ ﴿١٤﴾
Бир копттуөлтүрүп койгонум үчүн алардын алдында күнөөм бар.Ошолсебептен алар мени өлтүрүп коюуларынан коркомун»
قَالَ كَلَّا ۖ فَٱذْهَبَا بِـَٔايَـٰتِنَآ ۖ إِنَّا مَعَكُم مُّسْتَمِعُونَ ﴿١٥﴾
Аллах Мусага айтты: «Жок! Алар сени өлтүрө алышпайт. Бир тууганың Харун менен бирге силердин чынчылдыгыңарга далил болгон аят-белгилерибизди алып жөнөгүлө! Чындыгында Биз жардам берип жана колдоп силер менен бирге болобуз, силердин аларга айтканыңарды жана алардын силерге айткандарын угуп турабыз. Биз эчбир нерсени өткөрүп жибербейбиз
فَأْتِيَا فِرْعَوْنَ فَقُولَآ إِنَّا رَسُولُ رَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٦﴾
Фараонгобаргыла да минтип айткыла: «Чындыгында биз сага бүткүл жандуу-жансыз ааламдын Раббисининен элчи болуп жиберилдик
أَنْ أَرْسِلْ مَعَنَا بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ﴿١٧﴾
Сен Исраилурпактарын биз менен коё бер». بلغ Куран · Тафсир قال ألم نربك فينا وليدا ولبثت فينا من عمركسنين
قَالَ أَلَمْ نُرَبِّكَ فِينَا وَلِيدًۭا وَلَبِثْتَ فِينَا مِنْ عُمُرِكَ سِنِينَ ﴿١٨﴾
Фараон Мусага айтты: «Биз сени кичинеңден өз алдыбызда тарбияладык, өмүрүңдөн жылдар биз менен чогу жашадың,эми сенин пайгамбармын деген сөзүңө эмне түрткүберди?
وَفَعَلْتَ فَعْلَتَكَ ٱلَّتِى فَعَلْتَ وَأَنتَ مِنَ ٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿١٩﴾
Сен өз элиңден болгон адамга болушам деп бир копттуөлтүрүп оор иш кылгансың.Сага кылган жакшылыгымды танган адамдардансың»
قَالَ فَعَلْتُهَآ إِذًۭا وَأَنَا۠ مِنَ ٱلضَّآلِّينَ ﴿٢٠﴾
Муса моюнга алып Фараонго айтты: «Мен ал адамды билбестиктен өлтүрүп алганым мага вахий келгенге чейин болгон
فَفَرَرْتُ مِنكُمْ لَمَّا خِفْتُكُمْ فَوَهَبَ لِى رَبِّى حُكْمًۭا وَجَعَلَنِى مِنَ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿٢١﴾
Мен аныөлтүрүп алгандан кийин силер алүчүн мени өлтүрөсүңөр деп Мадиянга качтым.Анан Аллахмага илим берди жана адамдарга жиберген пайгамбарларынан кылды
وَتِلْكَ نِعْمَةٌۭ تَمُنُّهَا عَلَىَّ أَنْ عَبَّدتَّ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ﴿٢٢﴾
Мени Исраил урпактары менен кошо кул кылбастан өз тарбияңа алганың – чындап эле мага кылган жакшылыгың. Бирок булнерсе мен сени ыйманга чакыруудан тоспойт»
قَالَ فِرْعَوْنُ وَمَا رَبُّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٢٣﴾
Фараон Мусага айтты:«Сен элчисимин деп ойлоп жаткан ааламдардын Раббиси деген эмне?»
قَالَ رَبُّ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَآ ۖ إِن كُنتُم مُّوقِنِينَ ﴿٢٤﴾
Муса Фараонго жооп кылып: «Ааламдардын Раббиси – ал асмандар менен жердин Раббиси жана алардын ортосундагы нерселердин Раббиси, эгер силер Аны ошолордун Раббиси деп ишенсеңер, анда жалгыз Ага гана сыйынгыла!» – деп айтты. قال لمن حوله ألا تستمعون
قَالَ لِمَنْ حَوْلَهُۥٓ أَلَا تَسْتَمِعُونَ ﴿٢٥﴾
Фараон өзүнүн айланасындагы эл башчыларына айтты: «Мусанын берген жообун уктуңарбы? Бул анык эле жалган сөз!»
قَالَ رَبُّكُمْ وَرَبُّ ءَابَآئِكُمُ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿٢٦﴾
Муса аларга айтты: «Аллах силердин Раббиңер жана мурунку ата-бабаларыңардын Раббиси». بلغ Куран · Тафсир
قَالَ إِنَّ رَسُولَكُمُ ٱلَّذِىٓ أُرْسِلَ إِلَيْكُمْ لَمَجْنُونٌۭ ﴿٢٧﴾
Фараон айтты:«Чындыгында силерге элчи болуп жиберилдим деп ойлоп жаткан адам анык эле жинди,алкантип жооп беришти билбейт жана өзүнүн акылыжетпеген нерсени айтып жатат»
قَالَ رَبُّ ٱلْمَشْرِقِ وَٱلْمَغْرِبِ وَمَا بَيْنَهُمَآ ۖ إِن كُنتُمْ تَعْقِلُونَ ﴿٢٨﴾
Муса айтты: «Мен силерди чакырып жаткан Аллах – Ал чыгыштын Раббиси, батыштын Раббиси жана алардын ортосундагылардын Раббиси,эгер силер акылыңардыиштеткен болсоңор»
قَالَ لَئِنِ ٱتَّخَذْتَ إِلَـٰهًا غَيْرِى لَأَجْعَلَنَّكَ مِنَ ٱلْمَسْجُونِينَ ﴿٢٩﴾
Фараон Мусага каршы жооп таппай калганда мындай деди: «Эгерде сен менден башка кудайга сыйына турган болсоң, мен сени сөзсүз абактагыадамдарга кошом». قال أولو جئتك بشىء م بين
قَالَ أَوَلَوْ جِئْتُكَ بِشَىْءٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿٣٠﴾
Муса (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы болсун) Фараонго айтты: «Эгер мен сага Аллах тараптан алып келген нерседе чынчылдыгымдыдалилдеген нерсени алып келсем да мени абактагыларга кошосуңбу?»
قَالَ فَأْتِ بِهِۦٓ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّـٰدِقِينَ ﴿٣١﴾
Ал айтты: «Кана, сен айтып жаткан, чынчылдыгыңа далил болгон нерсени алып келчи, эгер айтып жаткан сөздөрүңдө чынчыл болсоң». فألق عصاه فإذا هى ثعبان م بين
فَأَلْقَىٰ عَصَاهُ فَإِذَا هِىَ ثُعْبَانٌۭ مُّبِينٌۭ ﴿٣٢﴾
ОшондоМуса таягын жерге таштады. Ал күтүлбөгөн жерден көз көрүнө чоң жыланга айланды
وَنَزَعَ يَدَهُۥ فَإِذَا هِىَ بَيْضَآءُ لِلنَّـٰظِرِينَ ﴿٣٣﴾
Жана ал эч кандай агыжок колун чөнтөгүнө салып кайра чыгарганда ал ала оорусунун агындай эмес нурдуу аппак болуп чыкты.Аныкарап тургандар да көрүштү. قال للملإ حوله إن هذا لسحرعليم
قَالَ لِلْمَلَإِ حَوْلَهُۥٓ إِنَّ هَـٰذَا لَسَـٰحِرٌ عَلِيمٌۭ ﴿٣٤﴾
Фараон айланасындагыэл башчыларга айтты: «Чындыгында бул адам сыйкырчылыктыабдан билген сыйкырчы. يريد أن يخرجكم من أرضكم بسحره فماذا تأمرون
يُرِيدُ أَن يُخْرِجَكُم مِّنْ أَرْضِكُم بِسِحْرِهِۦ فَمَاذَا تَأْمُرُونَ ﴿٣٥﴾
Ал сыйкыры менен силерди өз жериңерден чыгарууну каалап жатат. Кана, оюңарды айткылачы, буга кандай чара көрөлү?». بلغ Куран · Тафсир
قَالُوٓا۟ أَرْجِهْ وَأَخَاهُ وَٱبْعَثْ فِى ٱلْمَدَآئِنِ حَـٰشِرِينَ ﴿٣٦﴾
Алар ага айтышты: «Аны менен бир тууганына убакыт бер, аларды жазалаганга шашылбай тур жана сыйкырчылардычогултуп келгенге Мисирдин шаарларына чабармандардыжибер. يأتوك بكل سحار عليم
يَأْتُوكَ بِكُلِّ سَحَّارٍ عَلِيمٍۢ ﴿٣٧﴾
Алар (чабармандар) сага сыйкырчылыктымыктыбилген сыйкырчылардыалып келишсин»
فَجُمِعَ ٱلسَّحَرَةُ لِمِيقَـٰتِ يَوْمٍۢ مَّعْلُومٍۢ ﴿٣٨﴾
Кийин убадалашкан жайда, белгиленген убакта Фараон Муса менен күч сынаштыруу үчүн сыйкырчыларды чогултту. وقيل للناس هل أنتم م جتمعون
وَقِيلَ لِلنَّاسِ هَلْ أَنتُم مُّجْتَمِعُونَ ﴿٣٩﴾
Адамдарга айтылды: «Кимиси жеңүүчү болорун көрүш үчүн чогулдуңарбы, Мусабы же сыйкырчыларбы?
لَعَلَّنَا نَتَّبِعُ ٱلسَّحَرَةَ إِن كَانُوا۟ هُمُ ٱلْغَـٰلِبِينَ ﴿٤٠﴾
Үмүтүбүз биз сыйкырчылардын динин ээрчисек,эгер алар Мусаныжеңишкен болсо»
فَلَمَّا جَآءَ ٱلسَّحَرَةُ قَالُوا۟ لِفِرْعَوْنَ أَئِنَّ لَنَا لَأَجْرًا إِن كُنَّا نَحْنُ ٱلْغَـٰلِبِينَ ﴿٤١﴾
Качан сыйкырчылар Мусаны жеңебиз деп келишкенде Фараонго кайрылып: «Эгерде биз Мусаны жеңсек, бизге матералдык же моралдык сыйлык болобу?»–дешти
قَالَ نَعَمْ وَإِنَّكُمْ إِذًۭا لَّمِنَ ٱلْمُقَرَّبِينَ ﴿٤٢﴾
Фараон аларга айтты: «Ооба, сыйлыгыңар бар. Эгерде силер аны жеңе турган болсоңор, анда менин алдымда жакын адамдардан болосуңар,силерге жогоркубийлик орундарын берем»
قَالَ لَهُم مُّوسَىٰٓ أَلْقُوا۟ مَآ أَنتُم مُّلْقُونَ ﴿٤٣﴾
Муса Аллахтын жардамына ишенип жана андагы нерсе сыйкыр эместигин баяндап аларга мындай деди: «Таштайбыз деген жиптериңерди жана таяктарыңардыташтагыла»
فَأَلْقَوْا۟ حِبَالَهُمْ وَعِصِيَّهُمْ وَقَالُوا۟ بِعِزَّةِ فِرْعَوْنَ إِنَّا لَنَحْنُ ٱلْغَـٰلِبُونَ ﴿٤٤﴾
Алар жиптерин жана таяктарын ташташты.Таштап жатканда:«Фараондун күч-кудурети менен биз гана жеңебиз, Муса болсо жеңилет» – дешти. بلغ Куран · Тафсир فألق موس عصاهفإذا هى تلقف ما يأفكون
فَأَلْقَىٰ مُوسَىٰ عَصَاهُ فَإِذَا هِىَ تَلْقَفُ مَا يَأْفِكُونَ ﴿٤٥﴾
Муса дагы таягын таштады, ал ошол замат чоң жыланга айланды да капыстан эле алардын сыйкырлык менен адамдардыалдаган нерселерин жутуп баштады
فَأُلْقِىَ ٱلسَّحَرَةُ سَـٰجِدِينَ ﴿٤٦﴾
Качан сыйкырчылар Мусанын таягыалардын сыйкырлык менен таштаган нерселерин жутуп жатканын көргөндө саждага жыгылышты
قَالُوٓا۟ ءَامَنَّا بِرَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٤٧﴾
Алар мындай дешти:«Биз бүткүлааламдардын Раббисине ыйман келтирдик. رب موس وهرون
رَبِّ مُوسَىٰ وَهَـٰرُونَ ﴿٤٨﴾
Муса менен Харундун Раббисине ыйман келтирдик»
قَالَ ءَامَنتُمْ لَهُۥ قَبْلَ أَنْ ءَاذَنَ لَكُمْ ۖ إِنَّهُۥ لَكَبِيرُكُمُ ٱلَّذِى عَلَّمَكُمُ ٱلسِّحْرَ فَلَسَوْفَ تَعْلَمُونَ ۚ لَأُقَطِّعَنَّ أَيْدِيَكُمْ وَأَرْجُلَكُم مِّنْ خِلَـٰفٍۢ وَلَأُصَلِّبَنَّكُمْ أَجْمَعِينَ ﴿٤٩﴾
وأ رجلكم من خلف ولأصلبنكم أ جمعين Фараон алсыйкырчылардын ыйман келтиришкенин четке кагып мындай деди:«Менин уруксатымсыз эле Мусага ыйман келтирдиңерби? Чынында Муса силерге сыйкырчылыкты үйрөткөн башчыңар турбайбы. Көрсө силер баарыңар мисирликтерди өз жеринен чыгарайын деп келишкен турбайсыңарбы. Силерге кандай жаза береримди жакында билесиңер. Мен эми ар бириңердин оң буту менен сол колун же сол буту менен оң колун кайчылаш кесемин жана баарыңардыкурма дарагынын сөңгөктөрүнө асамын. Бириңерди да калтырбайм»
قَالُوا۟ لَا ضَيْرَ ۖ إِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا مُنقَلِبُونَ ﴿٥٠﴾
Сыйкырчылар Фараонго айтышты: «Сенин бул дүйнөдө бизди кесем, дарга асам деп коркутуп жаткан нерселериңдин эч зыяны жок. Сенин азабың убактылуу. Биз болсо Раббибизге кайтабыз жана Ал бизди Өзүнүн түбөлүк ырайымына алат
إِنَّا نَطْمَعُ أَن يَغْفِرَ لَنَا رَبُّنَا خَطَـٰيَـٰنَآ أَن كُنَّآ أَوَّلَ ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿٥١﴾
Биз Мусага биринчилерден болуп ыйман келтирип жана ага ишенгенибиз себептүү Аллах биздин мурунку кылган күнөөлөрүбүздүөчүрөт деп үмүт кылабыз»
۞ وَأَوْحَيْنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنْ أَسْرِ بِعِبَادِىٓ إِنَّكُم مُّتَّبَعُونَ ﴿٥٢﴾
Жана Биз Мусага буйруп: «Исраил урпактарын алып түндө жолго чык. Фараон жана аны менен бирге болгондор силерди кайтарыш үчүн артыңардан түшөт»–деп вахий кылдык. بلغ Куран · Тафсир
فَأَرْسَلَ فِرْعَوْنُ فِى ٱلْمَدَآئِنِ حَـٰشِرِينَ ﴿٥٣﴾
Фараон Исраил урпактарыМисирден чыгып кетишкенин билгенде алардыартка кайтарыш үчүн аскер жыйнасын деп бир топ жоокерин шаарларга жиберди
إِنَّ هَـٰٓؤُلَآءِ لَشِرْذِمَةٌۭ قَلِيلُونَ ﴿٥٤﴾
Фараон Исраилурпактарын теңине албай мындай деди:«Алар болгонубир аз топ эле
وَإِنَّهُمْ لَنَا لَغَآئِظُونَ ﴿٥٥﴾
Булар биздин ачуубуздукүчөйткөн нерсени кылып жатышат. وإنا لجميع حذرون
وَإِنَّا لَجَمِيعٌ حَـٰذِرُونَ ﴿٥٦﴾
Эми биз аларга даярданып сак бололу». فأخرجنهم من جنت وعيون
فَأَخْرَجْنَـٰهُم مِّن جَنَّـٰتٍۢ وَعُيُونٍۢ ﴿٥٧﴾
Биз Фараон менен анын коомун Мисир жергесинен чыгардык. Ал жерде түшүмдүү бакчалар жана суу аккан булактар бар. وكنوز ومقام كريم
وَكُنُوزٍۢ وَمَقَامٍۢ كَرِيمٍۢ ﴿٥٨﴾
Байлык казыналарыжана кооз турак-жайлар бар
كَذَٰلِكَ وَأَوْرَثْنَـٰهَا بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ﴿٥٩﴾
Биз Фараон менен анын коомун мына ушундай жыргалчылыктардан чыгарганыбыз сыяктуу Биз алардан кийин Шам жергесинде мына ошондой эле жакшылыктардыИсраил урпактарына да бердик. فأتبعوهم م شرقين
فَأَتْبَعُوهُم مُّشْرِقِينَ ﴿٦٠﴾
Фараон менен анын коомуИсраилурпактарын күн чыккан маалда кууп жетишти
فَلَمَّا تَرَٰٓءَا ٱلْجَمْعَانِ قَالَ أَصْحَـٰبُ مُوسَىٰٓ إِنَّا لَمُدْرَكُونَ ﴿٦١﴾
Качан Фараондун коомуменен Мусанын коомубири-бирине жолукканда,алар бири-бирин көрүшкөндө Мусанын шериктери айтты: «Чындыгында Фараон менен анын коому бизди кууп жетерине аз калды. Биз аларга туруштук бере албайбыз». بلغ Куран · Тафсир
قَالَ كَلَّآ ۖ إِنَّ مَعِىَ رَبِّى سَيَهْدِينِ ﴿٦٢﴾
Муса элине айтты: «Абал силер элестеткендей эмес! Чындыгында Раббим мени менен бирге, Ал колдойт жана жардам берет. Ал мага жол кутулуунун жолун көргөзөт»
فَأَوْحَيْنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنِ ٱضْرِب بِّعَصَاكَ ٱلْبَحْرَ ۖ فَٱنفَلَقَ فَكَانَ كُلُّ فِرْقٍۢ كَٱلطَّوْدِ ٱلْعَظِيمِ ﴿٦٣﴾
Биз Мусага вахий кылып: «Таягың менен деңизди чап!» – деп буйрудук. Ал аны чапканда деңиз экиге бөлүнүп, ал Исраил урпактарынын урууларынын санына барабар он эки жолго айланды. Деңиздин ар бир ачылган бөлүгү бекемдиги менен чоңдугунда улуу тоо сыяктуу болуп, алардан эч кандай суу акпай калды
وَأَزْلَفْنَا ثَمَّ ٱلْـَٔاخَرِينَ ﴿٦٤﴾
Биз Фараон менен анын коомун жакын алып келдик, анан алар жолдон өтсө болот экен деген ойдо деңизге киришти. وأنجينا موس ومن معه أجمعين
وَأَنجَيْنَا مُوسَىٰ وَمَن مَّعَهُۥٓ أَجْمَعِينَ ﴿٦٥﴾
Биз Муса жана аныменен бирге болгон Исраил урпактарын куткардык. Алардан бир да адам өлгөн жок
ثُمَّ أَغْرَقْنَا ٱلْـَٔاخَرِينَ ﴿٦٦﴾
Андан соңФараон менен анын коомун деңизге чөктүрүп жок кылдык
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةًۭ ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ ﴿٦٧﴾
Чындыгында Мусага деңиздин экиге бөлүнүшүндө, анын куткарылышында жана Фараон менен коомунун кыйроосунда Мусанын чынчылэкенин билдирген аят-белгилер бар.Бирок Фараон менен болгондордун көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ ﴿٦٨﴾
Оо, пайгамбар! Чындыгында сенин Раббиң душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, алардын тообо кылгандарына Ырайымдуу
وَٱتْلُ عَلَيْهِمْ نَبَأَ إِبْرَٰهِيمَ ﴿٦٩﴾
Оо,пайгамбар!Аларга Ибрахимдин окуясын окуп бер. إذ قال لأبيه وقومه ما تعبدون
إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوْمِهِۦ مَا تَعْبُدُونَ ﴿٧٠﴾
Бир кезде ал атасыАзарга жана элине: «Аллахтан башка эмнеге сыйынып жатасыңар?» – деди. بلغ Куран · Тафсир قالوانعبد أصناما فنظل لها عكفين
قَالُوا۟ نَعْبُدُ أَصْنَامًۭا فَنَظَلُّ لَهَا عَـٰكِفِينَ ﴿٧١﴾
Эли айтты: «Биз айкелдер-буттарга сыйынып жатабыз. Аларга сыйынганыбызды токтотпойбуз жана аларды таштабайбыз». قال هل يسمعونكم إذ تدعون
قَالَ هَلْ يَسْمَعُونَكُمْ إِذْ تَدْعُونَ ﴿٧٢﴾
Ибрахим аларга айтты: «Ал айкелдер-буттарга дуба кылсаңар дубаңардыугушабы? أو ينفعونكم أو يضرون
أَوْ يَنفَعُونَكُمْ أَوْ يَضُرُّونَ ﴿٧٣﴾
Же силер аларга моюн сунсаңар пайда келтире алышабы? Же силер аларга баш ийбестик кылсаңар зыян тийгизе алышабы?»
قَالُوا۟ بَلْ وَجَدْنَآ ءَابَآءَنَا كَذَٰلِكَ يَفْعَلُونَ ﴿٧٤﴾
Алар айтышты: «Аларга дуба кылсак бизди угушпайт, аларга моюн сунсак бизге пайда келтире алышпайт, аларга баш ийбестик кылсак бизге зыян тийгизе алышпайт. Бирок биз ата-бабаларыбыздын ушундай кылышкандарын көргөнбүз. Ошондуктан биз аларды ээрчийбиз». قال أفرءيتم ما كنتم تعبدون
قَالَ أَفَرَءَيْتُم مَّا كُنتُمْ تَعْبُدُونَ ﴿٧٥﴾
Ибрахим айтты: «Силер ойлонуп көрдүңөр беле, Аллахтан башка эмне деген айкел-буттарга сыйынып жатканыңарды?
أَنتُمْ وَءَابَآؤُكُمُ ٱلْأَقْدَمُونَ ﴿٧٦﴾
Жана силердин илгерки ата-бабаларыңардын эмнелерге сыйынышкандарын?و
فَإِنَّهُمْ عَدُوٌّۭ لِّىٓ إِلَّا رَبَّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٧٧﴾
Чындыгында алардын баарысы – менин душмандарым. Анткени бүткүл ааламдардын Раббиси Аллахтан башкалары жалган
ٱلَّذِى خَلَقَنِى فَهُوَ يَهْدِينِ ﴿٧٨﴾
Ал мени жараттыжана Ал мени дүйнө жана акырет жакшылыктарына багыттайт
وَٱلَّذِى هُوَ يُطْعِمُنِى وَيَسْقِينِ ﴿٧٩﴾
Ал жалгыз Өзү мени тамактандырат, эгер ачка болсом жана Ал мага ичирет, эгер чаңкаган болсом. بلغ Куран · Тафсир وإ ذا مرضت فهو يشفين
وَإِذَا مَرِضْتُ فَهُوَ يَشْفِينِ ﴿٨٠﴾
Эгер ооруп калсам,Алжалгыз Өзүмени оорумдан айыктырат.Менин Андан башка айыктыруучум жок
وَٱلَّذِى يُمِيتُنِى ثُمَّ يُحْيِينِ ﴿٨١﴾
Ажалым жеткен кезде Ал жалгыз Өзү мени өлтүрөт. Жана Ал мени өлгөндөн кийин кайра тирилтет
وَٱلَّذِىٓ أَطْمَعُ أَن يَغْفِرَ لِى خَطِيٓـَٔتِى يَوْمَ ٱلدِّينِ ﴿٨٢﴾
Жана мен сурак күнүжалгыз Андан гана күнөөлөрүмдүкечирүүсүн үмүт кылам
رَبِّ هَبْ لِى حُكْمًۭا وَأَلْحِقْنِى بِٱلصَّـٰلِحِينَ ﴿٨٣﴾
Ибрахим Раббисине дуба кылып: «Оо, Раббим! Мага динде туура түшүнүк бер жана мени пайгамбарлардан болгон такыбалуулардын катарына кош, алар менен бирге бейишке киргиз»– деди
وَٱجْعَل لِّى لِسَانَ صِدْقٍۢ فِى ٱلْـَٔاخِرِينَ ﴿٨٤﴾
Мени кийинки муундар алкыш-мактооменен эскере тургандай кыл
وَٱجْعَلْنِى مِن وَرَثَةِ جَنَّةِ ٱلنَّعِيمِ ﴿٨٥﴾
Жана мени ыймандуупенделерин ырахаттанган бейиштеги орундардын мурасчыларынан кылжана анда жашат
وَٱغْفِرْ لِأَبِىٓ إِنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلضَّآلِّينَ ﴿٨٦﴾
Атамды кечире көр! Чындыгында ал ширк кылганы себептүү акыйкат жолдон адашкандардан болду. Ибрахимге атасы тозок ээлеринен экендигинин кабары билингенге чейин ал ага дуба кылды. Качан ага бул нерсе анык болгондоал андан баш тарттыжана ага дуба кылбай калды. ولا تخزنى يوم يبعثون
وَلَا تُخْزِنِى يَوْمَ يُبْعَثُونَ ﴿٨٧﴾
Адамдардысурак үчүн кайра тирилткен күнүмени азап менен шерменде кылба. يوملا ينفع مال ولا بنون
يَوْمَ لَا يَنفَعُ مَالٌۭ وَلَا بَنُونَ ﴿٨٨﴾
Ал күндө адамга дүйнөдө чогулткан байлыгыда, аныколдогон бала-чакасыда пайда бербейт. بلغ Куран · Тафсир
إِلَّا مَنْ أَتَى ٱللَّهَ بِقَلْبٍۢ سَلِيمٍۢ ﴿٨٩﴾
Бирок Аллахка эч кандай ширк, эки жүздүүлүк, эл көрсүндүк жана өзүнө-өзү суктануу сыяктуу нерселер болбогон таза жүрөк менен келген адамга гана пайда берет. Ал Аллах жолунда сарптаган байлыгы менен ага дуба кылган бала-чакасынын пайдасын көрөт
وَأُزْلِفَتِ ٱلْجَنَّةُ لِلْمُتَّقِينَ ﴿٩٠﴾
БейишРаббисинин буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштаган такыба адамдарга жакын келтирилди
وَبُرِّزَتِ ٱلْجَحِيمُ لِلْغَاوِينَ ﴿٩١﴾
Алэми тозок сурак майданында акыйкат динден адашкандарга көргөзүлдү. وقيل لهم أين ما كنتمتعبدون
وَقِيلَ لَهُمْ أَيْنَ مَا كُنتُمْ تَعْبُدُونَ ﴿٩٢﴾
Аларга айыптоомаксатта айтылды: «Силер сыйынып жүргөн айкел-буттарыңар кайда калды?
مِن دُونِ ٱللَّهِ هَلْ يَنصُرُونَكُمْ أَوْ يَنتَصِرُونَ ﴿٩٣﴾
Аллахтыташтап аларга сыйынган элеңер?Алар силерди Аллахтын азабынан куткарып жардам бере алат бекен же өздөрүнө болсода жардам бере алат бекен?
فَكُبْكِبُوا۟ فِيهَا هُمْ وَٱلْغَاوُۥنَ ﴿٩٤﴾
Анан алар жана алардыадаштыргандар тозоккобиринин үстүнө бири ыргытылат. وجنود إ بليس أجمعون
وَجُنُودُ إِبْلِيسَ أَجْمَعُونَ ﴿٩٥﴾
Ошондой эле жин-шайтандардан болгон Иблистин жардамчыларынын бири да калбай бүт баарысыыргытылат. قالوا وهم فيها يختصمون
قَالُوا۟ وَهُمْ فِيهَا يَخْتَصِمُونَ ﴿٩٦﴾
Аллахтан башкага сыйынып, аларды Ага шерик кылган жана Аны таштап өздөрү сыйынгандар менен талашып- тартышкан мушриктер айтышты:
تَٱللَّهِ إِن كُنَّا لَفِى ضَلَـٰلٍۢ مُّبِينٍ ﴿٩٧﴾
«Аллахка ант болсун!Көрсө биз акыйкаттан анык адашууда болгон экенбиз
إِذْ نُسَوِّيكُم بِرَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٩٨﴾
Биз силерди бүт жаратылгандардын Раббисине теңеп, Ага сыйынгандай силерге сыйыныппыз. بلغ Куран · Тафсир
وَمَآ أَضَلَّنَآ إِلَّا ٱلْمُجْرِمُونَ ﴿٩٩﴾
Бизди акыйкат жолдон күнөөкөрлөр гана адаштырды.Алар бизди Аллахтан башкага сыйынууга үгүттөшкөн. فما لنا من شفعين
فَمَا لَنَا مِن شَـٰفِعِينَ ﴿١٠٠﴾
Эми Аллахтын алдында бизди азаптан куткарууга ортомчуболотурган эчбир шапаатчыжок. ولا صديق حميم
وَلَا صَدِيقٍ حَمِيمٍۢ ﴿١٠١﴾
Жана бизди коргой турган жана бизге шапаат кыла турган сүйүктүү дос да жок
فَلَوْ أَنَّ لَنَا كَرَّةًۭ فَنَكُونَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿١٠٢﴾
Эгерде бизге дүйнө жашоосуна кайтууга мүмкүнчүлүк берилгенде биз Аллахка ыйман келтиргендерден болмокпуз»
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةًۭ ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ ﴿١٠٣﴾
Чындыгында Ибрахимдин окуясы жана жалганчылардын акыбети тууралуу бул айтылгандарда адамдар үчүн үлгү- насааттар бар.Бирок алардын көпчүлүгүыйман келтиришкен жок
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ ﴿١٠٤﴾
Оо, пайгамбар! Чындыгында сенин Раббиң душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, алардын тообо кылгандарына Ырайымдуу
كَذَّبَتْ قَوْمُ نُوحٍ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿١٠٥﴾
Нухтун коому да аныжалганга чыгаруу менен бүткүл пайгамбарлардыда жалганга чыгарышты. إذ قال لهم أخوهم نوح ألا تتقون
إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ نُوحٌ أَلَا تَتَّقُونَ ﴿١٠٦﴾
Бир кезде аларга тектеш тууганы Салих минтип айтты: «Аллахтан коркуп, Андан башка сыйынган нерсеңерди таштап, Ага такыба болбойсуңарбы?!". إنى لكم رسول أمين
إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌۭ ﴿١٠٧﴾
Чындыгында мен Аллахтан силерге жиберилген элчимин жана Аллах мага вахий кылганга эч нерсени кошпогон жана кемитпеген аманаткөймүн. بلغ Куран · Тафсир
فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ ﴿١٠٨﴾
Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула!
وَمَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِىَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٠٩﴾
Мен силерге Раббим тараптан жеткирген нерсем үчүн силерден сыйлык сурабайм.Мага сыйлыктыбашкалар эмес, ааламдардын Раббиси гана берет
فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ ﴿١١٠﴾
Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула!
۞ قَالُوٓا۟ أَنُؤْمِنُ لَكَ وَٱتَّبَعَكَ ٱلْأَرْذَلُونَ ﴿١١١﴾
Ага эли айтты: «Эй, Нух! Биз сага ыйман келтирип жана сен алып келген нерсени ээрчип, аны аткарат бекенбиз, а сени ээрчигендер болсотөмөнкү катмардагыадамдар, алардын арасында башчылар да, кадырлуулар да жок?!». قال وما علمى بما كانوايعملون
قَالَ وَمَا عِلْمِى بِمَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿١١٢﴾
Нух аларга айтты: «Мен ал ыймандуулар эмне иш менен алектенгени тууралуу кабарым жок. Мен алардын кылган иштерин санап тургандай көзөмөлдөөчүболгон эмес элем
إِنْ حِسَابُهُمْ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّى ۖ لَوْ تَشْعُرُونَ ﴿١١٣﴾
Алардын эсеп-кысабын алуу Аллахтын мойнунда. Алардын ички жана сырткыдүйнөсүн мен эмес, АллахӨзү билет, эгер айткан сөзүңөрдүөзүңөр түшүнгөн болсоңор
وَمَآ أَنَا۠ بِطَارِدِ ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿١١٤﴾
Мен силерди ыйман келтирсин деген ойдо талабыңарды кабыл алып ыймандууларды отурган жайымдан кууп жибербейм. إ ن أناإ ل انذير م بين
إِنْ أَنَا۠ إِلَّا نَذِيرٌۭ مُّبِينٌۭ ﴿١١٥﴾
Мен болгонуачык эскерткен эскертүүчүмүн.Силерге Аллахтын азабын эскертем»
قَالُوا۟ لَئِن لَّمْ تَنتَهِ يَـٰنُوحُ لَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلْمَرْجُومِينَ ﴿١١٦﴾
Эли ага айтты: «Эгерде бизди үгүттөп жаткан нерсеңди токтотпосоң, анда сен сөзсүз сөгүшкө калып, ташбараңга алынып өлөсүң». بلغ Куран · Тафсир قال رب إن قومى كذبون
قَالَ رَبِّ إِنَّ قَوْمِى كَذَّبُونِ ﴿١١٧﴾
Нух Раббисине дуба кылып айтты: «Оо, Раббим! Элим мени жалганга чыгарды жана Сен тараптан алып келген нерседе мага ишенишпеди
فَٱفْتَحْ بَيْنِى وَبَيْنَهُمْ فَتْحًۭا وَنَجِّنِى وَمَن مَّعِىَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿١١٨﴾
Алар жалгандан баш тартышпаганыүчүн биздин ортобузда алардыжок кыла тургандай өкүм чыгар.Ошондой эле мени жана мени менен бирге болгон ыймандуулардыэлимдеги каапырлардыжок кылган нерседен куткар»
فَأَنجَيْنَـٰهُ وَمَن مَّعَهُۥ فِى ٱلْفُلْكِ ٱلْمَشْحُونِ ﴿١١٩﴾
Анан Биз анын дубасына жооп бердик жана адамдар менен айбанаттарга толгон кемеде аны менен бирге ыймандууларды куткардык
ثُمَّ أَغْرَقْنَا بَعْدُ ٱلْبَاقِينَ ﴿١٢٠﴾
Андан соңалардын артында калган Нухтун коомун чөктүрдүк
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةًۭ ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ ﴿١٢١﴾
Чындыгында бул айтылган Нухтун коому менен болгон окуяда, Нух жана аныменен бирге болгон ыймандуулардын куткарылышында жана коомундагы каапырлардын кыйроосунда адамдар үчүн үлгү-насааттар бар. Бирок алардын көпчүлүгүыйман келтиришкен жок
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ ﴿١٢٢﴾
Оо, пайгамбар! Чындыгында сенин Раббиң душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, алардын тообо кылгандарына Ырайымдуу
كَذَّبَتْ عَادٌ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿١٢٣﴾
Аад коому да алардын пайгамбары Худду жалганга чыгаруу менен бүткүл пайгамбарларды жалганга чыгарышты. إذ قال لهم أخوهم هودألا تتقون
إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ هُودٌ أَلَا تَتَّقُونَ ﴿١٢٤﴾
Эстегин, бир кезде аларга тектеш тууганы Худ минтип айтты: «Аллахтан коркуп, Андан башка сыйынган нерсеңерди таштап, Ага такыба болбойсуңарбы?!". إنى لكم رسول أمين
إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌۭ ﴿١٢٥﴾
Чындыгында мен Аллахтан силерге жиберилген элчимин жана Аллах мага буйруганды ашырбастан жана кемитпестен жеткирген аманаткөймүн. بلغ Куран · Тафсир
فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ ﴿١٢٦﴾
Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула!
وَمَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِىَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٢٧﴾
Мен силерге Раббим тараптан жеткирген нерсем үчүн силерден сыйлык сурабайм.Мага сыйлыктыбашкалар эмес, ааламдардын Раббиси гана берет. أتبنون بكل ريع ءاية تعبثون
أَتَبْنُونَ بِكُلِّ رِيعٍ ءَايَةًۭ تَعْبَثُونَ ﴿١٢٨﴾
Силер эмне, дүйнөңөргө жана акыретиңерге пайда алып келбеген имараттардыоюн, белги катарыбийик дөбөлүү жерлерге кура бересиңерби?! وتتخذون مصانع لعل كم تخلدون
وَتَتَّخِذُونَ مَصَانِعَ لَعَلَّكُمْ تَخْلُدُونَ ﴿١٢٩﴾
Ошондой эле бул дүйнөдө түбөлүк калчудай, андан кетпечүдөй болуп сепилдерди жана сарайларды салып жатасыңар?! وإذا بطشتم بطشتمجبارين
وَإِذَا بَطَشْتُم بَطَشْتُمْ جَبَّارِينَ ﴿١٣٠﴾
Эгер силер өлтүрүү же уруп-сабоо менен кол салсаңар, анда эч ырайым кылбастан канкордук менен кол саласыңар
فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ ﴿١٣١﴾
Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула!
وَٱتَّقُوا۟ ٱلَّذِىٓ أَمَدَّكُم بِمَا تَعْلَمُونَ ﴿١٣٢﴾
Силердин өзүңөргө белгилүүжакшылыктардыберген Аллахтын каарынан корккула! أمد كم بأ نعم وبنين
أَمَدَّكُم بِأَنْعَـٰمٍۢ وَبَنِينَ ﴿١٣٣﴾
Ал силерге үй жаныбарларын жана бала-чакалардыберди. وجنت وعيون
وَجَنَّـٰتٍۢ وَعُيُونٍ ﴿١٣٤﴾
Ал силерге бакчаларды жана аккан булактарды берди. بلغ Куран · Тафсир
إِنِّىٓ أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍۢ ﴿١٣٥﴾
Оо,элим!Чындыгында мен силер үчүн улуукыямат күнүндөгүазаптан коркомун
قَالُوا۟ سَوَآءٌ عَلَيْنَآ أَوَعَظْتَ أَمْ لَمْ تَكُن مِّنَ ٱلْوَٰعِظِينَ ﴿١٣٦﴾
Эли ага айтты: «Сенин бизге эскерткениң менен эскертпегениң бирдей. Биз сага ыйман келтирбейбиз жана эч качан тутунган жолубуздан кайтпайбыз
إِنْ هَـٰذَآ إِلَّا خُلُقُ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿١٣٧﴾
Ал эми бул абалкылардын дини, үрп-адаттарыжана адептеринен башка эч нерсе эмес. وما نحن بمعذبين
وَمَا نَحْنُ بِمُعَذَّبِينَ ﴿١٣٨﴾
Жана биз азапталбайбыз»
فَكَذَّبُوهُ فَأَهْلَكْنَـٰهُمْ ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةًۭ ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ ﴿١٣٩﴾
Алар Худ пайгамбарды жалганга чыгарганын токтотушпады. Анан Биз аларды жалганга чыгарышканы себептүү катуу шамал менен жок кылдык. Чындыгында бул кыйратып жок кылуубузда адамдар үчүн үлгү-насааттар бар. Бирок алардын көпчүлүгүн ыйман келтиришкен жок
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ ﴿١٤٠﴾
Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, пенделеринен тообо кылгандарына Ырайымдуу
كَذَّبَتْ ثَمُودُ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿١٤١﴾
Самуд эли да Салих пайгамбардыжалганга чыгаруу менен бүткүл пайгамбарлардыда жалганга чыгарышты. إذ قال لهم أخوهم صلح ألا تتقون
إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ صَـٰلِحٌ أَلَا تَتَّقُونَ ﴿١٤٢﴾
Бир кезде алардын тектеш тууганы Салих айтты: «Аллахтан башка сыйынганыңарды таштап Андан коркпойсуңарбы?! إنى لكم رسول أمين
إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌۭ ﴿١٤٣﴾
Чындыгында мен Аллахтан силерге жиберилген элчимин жана Алтараптан жеткирген нерседе аманаткөймүн,ага эчбир нерсени кошпойм жана кемитпейм. بلغ Куран · Тафсир
فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ ﴿١٤٤﴾
Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула!
وَمَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِىَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٤٥﴾
Мен силерге Раббим тараптан жеткирген нерсем үчүн силерден сыйлык сурабайм.Мага сыйлыктыбашкалар эмес, ааламдардын Раббиси гана берет
أَتُتْرَكُونَ فِى مَا هَـٰهُنَآ ءَامِنِينَ ﴿١٤٦﴾
Силер жакшылык жыргалчылыктарда эчкандай коркунучсуз аман-эсен калабыз деп каалап жатасыңарбы? فى جنت وعيون
فِى جَنَّـٰتٍۢ وَعُيُونٍۢ ﴿١٤٧﴾
Бакчаларда жана аккан булактарда. وزروع ونخل طلعها هضيم
وَزُرُوعٍۢ وَنَخْلٍۢ طَلْعُهَا هَضِيمٌۭ ﴿١٤٨﴾
Эгинзарларда жана мөмөлөрүэзилип бышкан курмалар арасында
وَتَنْحِتُونَ مِنَ ٱلْجِبَالِ بُيُوتًۭا فَـٰرِهِينَ ﴿١٤٩﴾
Ошондой эле өзүңөр жашаш үчүн тоолордуоюп үйлөрдүжасап жатасыңар.Силер тоонуойгон жактан чеберсиңер
فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ ﴿١٥٠﴾
Эми Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула!
وَلَا تُطِيعُوٓا۟ أَمْرَ ٱلْمُسْرِفِينَ ﴿١٥١﴾
Күнөөлөрдүкылып өздөрүнө зыян кылган адамдардын буйругуна башийбегиле!
ٱلَّذِينَ يُفْسِدُونَ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَا يُصْلِحُونَ ﴿١٥٢﴾
Алар жер бетинде күнөөлөрдү жайылтып бузукулук кылышкандар жана Аллахка моюн сунуу менен өздөрүн оңдобогон адамдар
قَالُوٓا۟ إِنَّمَآ أَنتَ مِنَ ٱلْمُسَحَّرِينَ ﴿١٥٣﴾
Ага эли айтты:«Чындыгында сен көп сыйкырлана берип,акырысыйкыр анын акылын жоготкон адамдардансың! بلغ Куран · Тафсир
مَآ أَنتَ إِلَّا بَشَرٌۭ مِّثْلُنَا فَأْتِ بِـَٔايَةٍ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّـٰدِقِينَ ﴿١٥٤﴾
Сен бизге окшогон эле адамсың! Бизге пайгамбар болгудай сенин бизден эч кандай артыкчылыгың жок. Эгер пайгамбармын деп айтып жаткан сөзүңдө чынчыл болсоң,анда пайгамбар экениңди далилдеген керемет белги алып келчи?». قال هذه ناقةلها شرب ولكم شرب يوم معلوم
قَالَ هَـٰذِهِۦ نَاقَةٌۭ لَّهَا شِرْبٌۭ وَلَكُمْ شِرْبُ يَوْمٍۢ مَّعْلُومٍۢ ﴿١٥٥﴾
Аллах Салихке керемет белги кылып, таштан төөнү чыгарып берди. Ошондо Салих аларга айтты: «Мына бул төө, карагыла жана кармап көргүлө. Суу ичүүдө анын өз кезеги бар, силердин да белгилүү кезегиңер бар. Силердин кезек күнүңөрдө ал суу ичпейт. Анын кезек күнү келгенде силер да суу албайсыңар
وَلَا تَمَسُّوهَا بِسُوٓءٍۢ فَيَأْخُذَكُمْ عَذَابُ يَوْمٍ عَظِيمٍۢ ﴿١٥٦﴾
Эми аны союп же уруп ага зыян келтирбегиле, антсеңер, силерге Аллах тараптан азап келет, ал силердин башыңарга балээтүшкөн улуукүндө силерди ошолкүнөөңөр үчүн кыйратып жок кылат». فعقروها فأصبحوا ندمين
فَعَقَرُوهَا فَأَصْبَحُوا۟ نَـٰدِمِينَ ﴿١٥٧﴾
Бирок алар анысоёбуз деп өз ара макулдашып, алардын эң бактысызыанысоюп салды. Качан алар азаптын сөзсүз түшөрүн билишкенде бул кылгандарына өкүнүп калышты. Бирок азаптыкөргөн кезде өкүнүч эч пайда бербейт
فَأَخَذَهُمُ ٱلْعَذَابُ ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةًۭ ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ ﴿١٥٨﴾
Ошондо аларга убада кылынган жер титирөө жана ач кыйкырык сыяктуу азап аларды алды. Чындыгында бул айтылган Салихтин окуясында адамдар үчүн үлгү-сабактар бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ ﴿١٥٩﴾
Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, пенделеринен тообо кылгандарына Ырайымдуу
كَذَّبَتْ قَوْمُ لُوطٍ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿١٦٠﴾
Луттун (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) эли да аны жалганга чыгаруу менен бүткүл пайгамбарларды жалганга чыгарышты. إذ قال لهم أخوهم لوط ألا تتقون
إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ لُوطٌ أَلَا تَتَّقُونَ ﴿١٦١﴾
Бир кезде алардын тектеш тууганыЛут минтип айтты: «Аллахтан коркуп, Ага шерик кылган нерсеңерди таштап, Ага такыба болбойсуңарбы?!". بلغ Куран · Тафсир إنى لكم رسول أمين
إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌۭ ﴿١٦٢﴾
Чындыгында мен Аллахтан силерге жиберилген элчимин жана Андан силерге жеткирген нерседе аманаткөймүн, ага эч нерсени кошпойм жана кемитпейм
فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ ﴿١٦٣﴾
Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула!
وَمَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِىَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٦٤﴾
Мен силерге Раббим тараптан жеткирген нерсем үчүн силерден сыйлык сурабайм.Мага сыйлыктыбашкалар эмес, ааламдардын Раббиси гана берет
أَتَأْتُونَ ٱلذُّكْرَانَ مِنَ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٦٥﴾
Силер адамдардын арасынан эркектерге артынан кошулуп жатасыңарбы?!
وَتَذَرُونَ مَا خَلَقَ لَكُمْ رَبُّكُم مِّنْ أَزْوَٰجِكُم ۚ بَلْ أَنتُمْ قَوْمٌ عَادُونَ ﴿١٦٦﴾
Аллахсилердин кумарыңардыкандырыш үчүн жаратып койгон аялдарыңардыташтайсыңарбы?!Бирок силер бул бузукулук күнөөнүкылууменен Аллахтын чектеринен чыктыңар»
قَالُوا۟ لَئِن لَّمْ تَنتَهِ يَـٰلُوطُ لَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلْمُخْرَجِينَ ﴿١٦٧﴾
Эли Лутка айтты: «Эй, Лут! Эгерде бизди бул иштен тыйганыңды токтотпосоң, анда сени жана сени менен бирге болгондорду шаарыбыздан кетиребиз»
قَالَ إِنِّى لِعَمَلِكُم مِّنَ ٱلْقَالِينَ ﴿١٦٨﴾
Лут аларга айтты:«Чындыгында мен силердин булкылып жаткан ишиңерден жийиркенем,жек көрөм. رب نجنى وأهلى مما يعملون
رَبِّ نَجِّنِى وَأَهْلِى مِمَّا يَعْمَلُونَ ﴿١٦٩﴾
Ал Раббисине кайрылып: «Оо, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү булардын кылып жаткан күнөөсү себептүү баштарына түшө турган азаптан сакта»– деп дуба кылды». فنج ينه وأهله أجمعين
فَنَجَّيْنَـٰهُ وَأَهْلَهُۥٓ أَجْمَعِينَ ﴿١٧٠﴾
ОшондоБиз анын дубасына жооп бердик, кийин аныжана үй-бүлөсүн толугу менен куткардык. بلغ Куран · Тафсир
إِلَّا عَجُوزًۭا فِى ٱلْغَـٰبِرِينَ ﴿١٧١﴾
Бирок аялын гана куткарбадык.Анткени алкаапыр болчу.Алкыйрап кеткендерден болду
ثُمَّ دَمَّرْنَا ٱلْـَٔاخَرِينَ ﴿١٧٢﴾
Андан соң Лут менен үй-бүлөсү Садум шаарынан чыккандан кийин Биз анын артында калган элин тыптыйпыл кылып жок кылдык
وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهِم مَّطَرًۭا ۖ فَسَآءَ مَطَرُ ٱلْمُنذَرِينَ ﴿١٧٣﴾
Биз аларга асмандан таштарды жамгырдай жаадырдык. Аларга жааган жамгыр кандай жаман! Лут аларга Аллахтын азабын эскертсе да,алар ага карабастан кылган күнөөлөрүн уланта беришти
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةًۭ ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ ﴿١٧٤﴾
Чындыгында бузукулук кылышканы себептүү Луттун коомуна түшкөн азап тууралуу айтылган нерседе адамдар үчүн үлгү-сабактар бар.Бирок алардын көпчүлүгүыйман келтиришкен жок
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ ﴿١٧٥﴾
Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң Өз душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, тообо кылган пенделерине Ырайымдуу
كَذَّبَ أَصْحَـٰبُ لْـَٔيْكَةِ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿١٧٦﴾
Мадиянга жакын жайгашкан жыш бак-дарактуу шаардын жашоочулары да пайгамбары Шуайбга ишенбей, жалпы пайгамбарларды жалганга чыгарышты. إذ قال لهم شعيب ألا تتقون
إِذْ قَالَ لَهُمْ شُعَيْبٌ أَلَا تَتَّقُونَ ﴿١٧٧﴾
Бир кезде аларга пайгамбарыШуайбайтты: «Аллахка ширк кылганыңардыташтап Андан коркпойсуңарбы?! إنى لكم رسول أمين
إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌۭ ﴿١٧٨﴾
Чындыгында мен Аллахтан силерге жиберилген элчимин жана Андан силерге жеткирген нерседе аманаткөймүн, Алмага жеткир деп буйруган нерсеге эчнерсени кошпойм жана кемитпейм
فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ ﴿١٧٩﴾
Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула! بلغ Куран · Тафсир
وَمَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِىَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٨٠﴾
Мен силерге Раббим тараптан жеткирген нерсем үчүн силерден сыйлык сурабайм.Мага сыйлыктыбашкалар эмес, ааламдардын Раббиси гана берет
۞ أَوْفُوا۟ ٱلْكَيْلَ وَلَا تَكُونُوا۟ مِنَ ٱلْمُخْسِرِينَ ﴿١٨١﴾
Соода-сатыкта адамдарга толук өлчөп-ченеп бергиле.Өлчөм-ченемди кемитип жеп калуучулардан болбогула!
وَزِنُوا۟ بِٱلْقِسْطَاسِ ٱلْمُسْتَقِيمِ ﴿١٨٢﴾
Башкаларга тартып бергенде туура тараза менен тарткыла!
وَلَا تَبْخَسُوا۟ ٱلنَّاسَ أَشْيَآءَهُمْ وَلَا تَعْثَوْا۟ فِى ٱلْأَرْضِ مُفْسِدِينَ ﴿١٨٣﴾
Адамдардын акыларын кемитпегиле жана жер бетинде күнөөлөрдү кылып бузукулуктужайбагыла!
وَٱتَّقُوا۟ ٱلَّذِى خَلَقَكُمْ وَٱلْجِبِلَّةَ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿١٨٤﴾
Силерди жана мурункумуундардыжараткан Аллахтын силерге жазасытүшүүдөн корккула
قَالُوٓا۟ إِنَّمَآ أَنتَ مِنَ ٱلْمُسَحَّرِينَ ﴿١٨٥﴾
Шуайбдын эли ага айтты: «Чындыгында сен көп жолу сыйкырланып, акыры ал сыйкыр сенин акылыңа үстөмдүк кылып, аны кетирди
وَمَآ أَنتَ إِلَّا بَشَرٌۭ مِّثْلُنَا وَإِن نَّظُنُّكَ لَمِنَ ٱلْكَـٰذِبِينَ ﴿١٨٦﴾
Сен бизге окшогон эле адамсың.Бизден эчкандай артыкчылыгың деле жок.Анан кантип пайгамбар болмок элең? Биз сенин пайгамбармын деп айтып жаткан сөзүңдө анык эле жалганчысыңдеген ойдобуз
فَأَسْقِطْ عَلَيْنَا كِسَفًۭا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّـٰدِقِينَ ﴿١٨٧﴾
Эгерде айткан сөзүңдө чынчылболсоң,анда биздин үстүбүзгө асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи
قَالَ رَبِّىٓ أَعْلَمُ بِمَا تَعْمَلُونَ ﴿١٨٨﴾
Шуайб аларга айтты: «Раббим силер кылып жаткан ширкти жана күнөөлөрдү эң жакшы билет. Силердин кылган ишиңердин эчбири Ага жашыруун эмес». بلغ Куран · Тафсир
فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمْ عَذَابُ يَوْمِ ٱلظُّلَّةِ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ ﴿١٨٩﴾
Алар жалганга чыгарышканын токтоткон жок. Анан аларга аптаптуу күндүн артынан булут көлөкөлөгөн азап келди. Ошондо алардын үстүнөн от жаап, аларды күйгүзүп салды. Чындыгында алар кыйраган күн – чоң коркунучка толгон күн болду
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةًۭ ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ ﴿١٩٠﴾
Чындыгында бул айтылган Шуайбдын элинин кыйроосунда адамдар үчүн үлгү-сабактар бар. Бирок алардын көпчүлүгүыйман келтиришкен жок
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ ﴿١٩١﴾
Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң Өз душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, пенделеринен тообо кылгандарына Ырайымдуу
وَإِنَّهُۥ لَتَنزِيلُ رَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٩٢﴾
Чындыгында Мухаммадга (ага Аллахтын саламы, тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) түшкөн бул Куран – макулуктардын Раббиси тарабынан түштү
نَزَلَ بِهِ ٱلرُّوحُ ٱلْأَمِينُ ﴿١٩٣﴾
Аны аманаткөй Жебреил алып келди
عَلَىٰ قَلْبِكَ لِتَكُونَ مِنَ ٱلْمُنذِرِينَ ﴿١٩٤﴾
Оо, пайгамбар! Ал аны сен адамдарды эскерткен жана аларды Аллахтын азабынан коркуткан пайгамбарлардан болушуңүчүн сенин жүрөгүңө алып келди. بلسان عربى م بين
بِلِسَانٍ عَرَبِىٍّۢ مُّبِينٍۢ ﴿١٩٥﴾
Ал аны ачык-айкын түшүнүктүү болгон араб тилинде алып келди
وَإِنَّهُۥ لَفِى زُبُرِ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿١٩٦﴾
Чындыгында бул Куран асмандан түшкөн абалкылардын китептеринде эскерилип, ал тууралуу куш кабарлар айтылган
أَوَلَمْ يَكُن لَّهُمْ ءَايَةً أَن يَعْلَمَهُۥ عُلَمَـٰٓؤُا۟ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ﴿١٩٧﴾
Сага түшкөн нерсенин акыйкат экенин Абдуллах ибн Салам сыяктуу Исраил урпактарынын аалымдарынын билүүсү – ал жалганчылар үчүн сенин чынчылдыгыңа далил боло албайбы? بلغ Куран · Тафсир
وَلَوْ نَزَّلْنَـٰهُ عَلَىٰ بَعْضِ ٱلْأَعْجَمِينَ ﴿١٩٨﴾
Эгерде Биз бул Куранды араб тилинде сүйлөбөгөн араб эмес элдерге түшүргөн болсок فقرأه عليهم ما كانوابه مؤمنين
فَقَرَأَهُۥ عَلَيْهِم مَّا كَانُوا۟ بِهِۦ مُؤْمِنِينَ ﴿١٩٩﴾
жана аларга аны окуп берсе, алар ыйман келтиришмек эмес. Себеби алар: «Биз муну түшүнгөн жокпуз» – дешмек. Андыктан алар Аллахка шүгүр кылышсын,анткени аныалардын тилинде түшүрдү
كَذَٰلِكَ سَلَكْنَـٰهُ فِى قُلُوبِ ٱلْمُجْرِمِينَ ﴿٢٠٠﴾
Ошондой эле Биз күнөөкөрлөрдүн жүрөктөрүнө (Куранга болгон) жалган менен каапырлыктыкиргиздик
لَا يُؤْمِنُونَ بِهِۦ حَتَّىٰ يَرَوُا۟ ٱلْعَذَابَ ٱلْأَلِيمَ ﴿٢٠١﴾
Алар кыйноочуазаптыкөрүшмөйүнчө каапырлыктан кайтышпайт жана ыйман келтиришпейт. فيأتيهم بغتة وهم لا يشعرون
فَيَأْتِيَهُم بَغْتَةًۭ وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ ﴿٢٠٢﴾
Ал азап аларга капыстан келет. Ал аларга күтүүсүз келгенге чейин алар анын келерин билишпейт. فيقولواهل نحن منظرون
فَيَقُولُوا۟ هَلْ نَحْنُ مُنظَرُونَ ﴿٢٠٣﴾
Аларга азап күтүүсүз келгенде катуу өкүнүчтөн мындай дешет: «Бизге мөөнөт берилер бекен, биз Аллахка тообо кылалы?». أ فبعذابنا يستعجلون
أَفَبِعَذَابِنَا يَسْتَعْجِلُونَ ﴿٢٠٤﴾
Ал каапырлар Биздин азабыбыздышаштырып: «Сен биздин үстүбүзгө асмандын бир бөлүгүн түшүрмөйүнчө биз сага ыйман келтирбейбиз» – деп жатышабы?! أفرءيت إن م تعنهم سنين
أَفَرَءَيْتَ إِن مَّتَّعْنَـٰهُمْ سِنِينَ ﴿٢٠٥﴾
Оо, пайгамбар! Айтчы Мага, эгерде Биз сен алып келген нерседен баш тарткан каапырларга узак убакыт бою жакшылыктардыберип жыргаткан болсок,
ثُمَّ جَآءَهُم مَّا كَانُوا۟ يُوعَدُونَ ﴿٢٠٦﴾
андан соңалар ошолжакшылыктарга жеткен замандан кийин аларга убада кылынган азап келген болсо, بلغ Куран · Тафсир
مَآ أَغْنَىٰ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يُمَتَّعُونَ ﴿٢٠٧﴾
Алардын бул дүйнөдөгү жакшылыктары аларга кандай пайда алып келмек?! Ал жакшылыктар кетти жана эч кандай пайда да келтирген жок
وَمَآ أَهْلَكْنَا مِن قَرْيَةٍ إِلَّا لَهَا مُنذِرُونَ ﴿٢٠٨﴾
Биз кайсыэлди кыйратып жок кылган болсок, демек аларга пайгамбарлар жиберилип жана китептер түшүрүлүп актанууга себеп калбай калгандан кийин гана болгон. ذكر وما كنا ظلمين
ذِكْرَىٰ وَمَا كُنَّا ظَـٰلِمِينَ ﴿٢٠٩﴾
Аларга сабак жана эскертүү болсун үчүн. Аларга пайгамбарлар жиберилип жана китептер түшүрүлүп актанууга себеп калбай калгандан кийин Биз алардыазаптооменен залымдардан болгон жокпуз
وَمَا تَنَزَّلَتْ بِهِ ٱلشَّيَـٰطِينُ ﴿٢١٠﴾
БулКурандыпайгамбардын жүрөгүнө шайтандар алып келген жок. وما ينبغى لهم وما يستطيعون
وَمَا يَنۢبَغِى لَهُمْ وَمَا يَسْتَطِيعُونَ ﴿٢١١﴾
Анын жүрөгүнө алардын алып келүүсүтуура эмес.Буга алардын күч-кудурети да жетпейт
إِنَّهُمْ عَنِ ٱلسَّمْعِ لَمَعْزُولُونَ ﴿٢١٢﴾
Алардын буга кудурети жетпейт. Анткени алар асмандагыанын турган жайынан тосулуп, толук бөгөттөлгөн. Анан кантип ага жетип,аныалып түшүшмөк эле?!
فَلَا تَدْعُ مَعَ ٱللَّهِ إِلَـٰهًا ءَاخَرَ فَتَكُونَ مِنَ ٱلْمُعَذَّبِينَ ﴿٢١٣﴾
Аллахка шерик кылып Аны менен катар башка кудайга сыйынба! Болбосо, мунун себебинен азапталуучулардан болуп каласың
وَأَنذِرْ عَشِيرَتَكَ ٱلْأَقْرَبِينَ ﴿٢١٤﴾
Оо, пайгамбар! Элиңдин арасынан эң жакындарыңардан баштап эскерт! Эгерде алар ширк кыла беришсе, аларга Аллахтын азабы келет
وَٱخْفِضْ جَنَاحَكَ لِمَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿٢١٥﴾
Жана сени ээрчиген ыймандууларга мээримдүүлүк, жумшактык кылып иш жүзүндө жана сөз түрүндө жылуу- жумшак мамиле кыл! بلغ Куран · Тафсир
فَإِنْ عَصَوْكَ فَقُلْ إِنِّى بَرِىٓءٌۭ مِّمَّا تَعْمَلُونَ ﴿٢١٦﴾
Эгер алар сага баш ийбестик кылып, сенин аларга айткан Аллахты жалгыздоо жана Ага моюн сунуу сыяктуу буйруктарыңа жооп беришпесе, анда аларга: «Чындыгында мен силер кылып жаткан ширкке жана күнөөлөргө катышым жок» – деп айткын
وَتَوَكَّلْ عَلَى ٱلْعَزِيزِ ٱلرَّحِيمِ ﴿٢١٧﴾
Ар бир ишиңде Өз душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, алардын Ага кайткандарына Ырайымдуу Аллахка гана тобокел кыл
ٱلَّذِى يَرَىٰكَ حِينَ تَقُومُ ﴿٢١٨﴾
Ал сенин намазга турганыңдыкөрүп турат
وَتَقَلُّبَكَ فِى ٱلسَّـٰجِدِينَ ﴿٢١٩﴾
Жана Ал намаз окугандардын арасында сенин бир абалдан экинчи абалга өткөнүңдү да көрүп турат. Ага сенин жана башкалардын кылган нерселеринин эчбири жашыруун эмес
إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ ﴿٢٢٠﴾
Чындыгында Алсен окуган Курандыжана зикирди Угуучу,сенин ниетиңди Билүүчү
هَلْ أُنَبِّئُكُمْ عَلَىٰ مَن تَنَزَّلُ ٱلشَّيَـٰطِينُ ﴿٢٢١﴾
Силер булКурандыалып түшкөн деп ойлоп жаткан шайтандар кандай адамдарга түшөрүтууралуусилерге кабар берейинби? تنزل عل كل أفاك أثيم
تَنَزَّلُ عَلَىٰ كُلِّ أَفَّاكٍ أَثِيمٍۢ ﴿٢٢٢﴾
Ал шайтандар көп күнөө кылган жалганчы, көзү ачыктарга окшогондорготүшөт
يُلْقُونَ ٱلسَّمْعَ وَأَكْثَرُهُمْ كَـٰذِبُونَ ﴿٢٢٣﴾
Шайтандар бийиктеги периштелер тобунан уурданып сөз тыңшап, кийин аны достору болгон көзү ачыктарга айтышат. Көзү ачыктар дээрлик жалганчылар. Алар бир сөздү чын айтышса да аны менен кошо жүз жалганды айтышат. بلغ Куран · Тафсир
وَٱلشُّعَرَآءُ يَتَّبِعُهُمُ ٱلْغَاوُۥنَ ﴿٢٢٤﴾
Ал эми силер Мухаммадды (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) ошолордон деп ойлоп жаткан акындардыболсо, акыйкат жолдон адашкандар ээрчишет. Алар анын айтып жаткандарын ыр деп ойлоп жатышат. ألم ترأن هم فى كل واد يهيمون
أَلَمْ تَرَ أَنَّهُمْ فِى كُلِّ وَادٍۢ يَهِيمُونَ ﴿٢٢٥﴾
Оо, пайгамбар! Сен алардын ар кайсы өрөөндө темселеп, бирде мактоо угуп, бирде айып угуп же башка нерселерге кабылып жүрүшкөнүалардын адашкандарынын көрүнүштөрүнөн экенин көргөн жоксуңбу?! وأنهم يقولون ما لا يفعلون
وَأَنَّهُمْ يَقُولُونَ مَا لَا يَفْعَلُونَ ﴿٢٢٦﴾
Алар жалган сүйлөшөт. Биз мунукылдык дешет, бирок аныкылышкан эмес
إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ وَذَكَرُوا۟ ٱللَّهَ كَثِيرًۭا وَٱنتَصَرُوا۟ مِنۢ بَعْدِ مَا ظُلِمُوا۟ ۗ وَسَيَعْلَمُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓا۟ أَىَّ مُنقَلَبٍۢ يَنقَلِبُونَ ﴿٢٢٧﴾
منقلب ينقلبون Бирок Хассан ибн Сабитке окшоп ыйман келтирген, жакшылык иштерди кылган, Аллахты көп эскерген жана Аллахтын душмандарынан зулум көргөндөн кийин алардан өчалган акындар андай эмес.Алэми Аллахка ширк кылып зулумдук кылгандар жана Анын пенделерине зордук-зомбулук көрсөткөндөр жакында кайсы жайга барарын билишет.Анан алар улуужайга жана кылдат сурак берүүгө кайтып келишет. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз