Башкы бетТафсирAl-Furqaan (25)

Тафсир Al-Furqaan (25) — الفرقان

Меккелик · 77 аят

Окуу · УгууPDF файл

تَبَارَكَ ٱلَّذِى نَزَّلَ ٱلْفُرْقَانَ عَلَىٰ عَبْدِهِۦ لِيَكُونَ لِلْعَـٰلَمِينَ نَذِيرًا ﴿١﴾

Адамзат менен жиндерди Аллахтын азабынан коркутуп аларга пайгамбар болсун деп Өзүнүн пендеси жана элчиси Мухаммадга (ага Аллахтын саламаттыгы-тынчтыгы болсун) акыйкат менен жалганды ажыраткан Куранды түшүргөн Аллахулук жана жакшылыгыкөп Зат

ٱلَّذِى لَهُۥ مُلْكُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَلَمْ يَتَّخِذْ وَلَدًۭا وَلَمْ يَكُن لَّهُۥ شَرِيكٌۭ فِى ٱلْمُلْكِ وَخَلَقَ كُلَّ شَىْءٍۢ فَقَدَّرَهُۥ تَقْدِيرًۭا ﴿٢﴾

تقديرا Асмандардын мүлкү жана жердин мүлкү жалгыз Ага таандык. Анын баласы жок жана мүлкүндө Анын шериги жок. Ал бүткүл нерсени жаратып, алардын жаралуусун Өз илими жана даанышмандыгы талап кылгандай ар бирин өзүнө ылайык деңгээлде өлчөпر белгилеп койгон

وَٱتَّخَذُوا۟ مِن دُونِهِۦٓ ءَالِهَةًۭ لَّا يَخْلُقُونَ شَيْـًۭٔا وَهُمْ يُخْلَقُونَ وَلَا يَمْلِكُونَ لِأَنفُسِهِمْ ضَرًّۭا وَلَا نَفْعًۭا وَلَا يَمْلِكُونَ مَوْتًۭا وَلَا حَيَوٰةًۭ وَلَا نُشُورًۭا ﴿٣﴾

ولا حيوة ولا نشورا Мушриктер Аллахтан башка кудайларды тутуп алышты, алар болсо кичине да, чоң да нерсени жарата алышпайт, алар өздөрү жаратылгандар. Аллах аларды жоктон жаратты. Алар өздөрүн зыяндан коргой алышпайт, өздөрүнө пайда да келтире алышпайт, өлүктү тирилте, тирүүнү өлтүрө алышпайт жана өлүктөрдү кабырларынан кайра тирилте алышпайт

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِنْ هَـٰذَآ إِلَّآ إِفْكٌ ٱفْتَرَىٰهُ وَأَعَانَهُۥ عَلَيْهِ قَوْمٌ ءَاخَرُونَ ۖ فَقَدْ جَآءُو ظُلْمًۭا وَزُورًۭا ﴿٤﴾

Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар: «Бул Куран анык жалган! Мухаммад аны өзү ойлоп таап, кийин аны жалган жолдо Аллахка тийиштүү кылып койду. Аны ойлоп табууга башка адамдар да жардам беришкен»,– дешти. Ал каапырлар жалган сөздү ойлоп табышты. Куран – бул Аллахтын сөзү. Мындай сөздү адамзат да, жиндер да алып келе алышпайт

وَقَالُوٓا۟ أَسَـٰطِيرُ ٱلْأَوَّلِينَ ٱكْتَتَبَهَا فَهِىَ تُمْلَىٰ عَلَيْهِ بُكْرَةًۭ وَأَصِيلًۭا ﴿٥﴾

Куранды жалганга чыгарган ошол адамдар айтышты: «Куран – байыркылардын сөздөрү жана алардын жазган жалгандарынан. Мухаммад аны көчүрүп алган. Ал ага эртели-кеч окулуп турат»

قُلْ أَنزَلَهُ ٱلَّذِى يَعْلَمُ ٱلسِّرَّ فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ غَفُورًۭا رَّحِيمًۭا ﴿٦﴾

Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларга айт: «Куранды асмандардагы жана жердеги бүткүл нерсени билген Аллах түшүрдү. Силер ойлогондой ал ойлоп табылган эмес. Андан кийин аларды тообо кылууга чакырып: «Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу» – деп айтты». بلغ Куран · Тафсир

وَقَالُوا۟ مَالِ هَـٰذَا ٱلرَّسُولِ يَأْكُلُ ٱلطَّعَامَ وَيَمْشِى فِى ٱلْأَسْوَاقِ ۙ لَوْلَآ أُنزِلَ إِلَيْهِ مَلَكٌۭ فَيَكُونَ مَعَهُۥ نَذِيرًا ﴿٧﴾

Пайгамбарды жалганга чыгарган мушриктер айтты: «Өзүн Аллах тараптан келген пайгамбармын деп ойлоп жаткан буга эмне болду? Ал башка адамдар сыяктуу эле тамак-аш жейт, тиричилик кылыш үчүн базарларда жүрөт. Аллах аны менен кошо жүргөн, анын чынчылдыгын тастыктап, ага жардам берип жандаган периште жиберсе болбойт беле?

أَوْ يُلْقَىٰٓ إِلَيْهِ كَنزٌ أَوْ تَكُونُ لَهُۥ جَنَّةٌۭ يَأْكُلُ مِنْهَا ۚ وَقَالَ ٱلظَّـٰلِمُونَ إِن تَتَّبِعُونَ إِلَّا رَجُلًۭا مَّسْحُورًا ﴿٨﴾

Же ага асмандан казына түшпөйт беле же мөмөлөрүнөн жеген анын бакчасы болбойт беле? Ошондо ал базарларда ырыскы издеп жүрбөйт эле». Залымдар айтышты: «Эй, ыймандуулар! Силер пайгамбарды ээрчиген жоксуңар!Силер сыйкырланып акылын жоготкон адамдыгана ээрчип жүрөсүңөр»

ٱنظُرْ كَيْفَ ضَرَبُوا۟ لَكَ ٱلْأَمْثَـٰلَ فَضَلُّوا۟ فَلَا يَسْتَطِيعُونَ سَبِيلًۭا ﴿٩﴾

Оо, пайгамбар! Карачы, алар сен тууралуу таң кала тургандай жалган сыпаттарды айтып жатышканын. Сыйкырчы дешти, сыйкырланган дешти, жинди дешти. Ошол себептен алар акыйкаттан адашты. Эми алар туура жолготүшө алышпайт жана сенин чынчылдыгыңдыжана аманаткөйлүгүңдү жаманаттыкылууга да жол таба алышпайт

تَبَارَكَ ٱلَّذِىٓ إِن شَآءَ جَعَلَ لَكَ خَيْرًۭا مِّن ذَٰلِكَ جَنَّـٰتٍۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ وَيَجْعَل لَّكَ قُصُورًۢا ﴿١٠﴾

Аллах улуу берекеттүү Зат. Ал кааласа бул дүйнөдө сага алардын сунуштаган нерселеринен да жакшыраак болгон бакчаларды кылат. Андагы хансарайлардын жана бак-дарактардын алдыларынан дарыялар агып турат. Сен алардын мөмөлөрүнөн жейсиң.Ошентип эгер кааласа сен жыргап жашай турган хансарайлардыжаратат

بَلْ كَذَّبُوا۟ بِٱلسَّاعَةِ ۖ وَأَعْتَدْنَا لِمَن كَذَّبَ بِٱلسَّاعَةِ سَعِيرًا ﴿١١﴾

Алардан акыйкаттыжана далилдерди издегендей сөздөр чыккан жок!Тескерисинче,алар кыямат күнүн жалганга чыгарышты. Биз кыямат күндү жалганга чыгаргандарга алоолонуп күйүп турган тозокту даярдап койдук. إذا رأتهم من مكانبعيد سمعوالها تغيظا وزفيرا

إِذَا رَأَتْهُم مِّن مَّكَانٍۭ بَعِيدٍۢ سَمِعُوا۟ لَهَا تَغَيُّظًۭا وَزَفِيرًۭا ﴿١٢﴾

Качан тозок аныкөздөй алыстан айдалып кела жаткан каапырлардыкөргөндө,алар анын буркулдап кайнаганын жана аларга катуу каарданган коркунучтуу үнүн угушат

وَإِذَآ أُلْقُوا۟ مِنْهَا مَكَانًۭا ضَيِّقًۭا مُّقَرَّنِينَ دَعَوْا۟ هُنَالِكَ ثُبُورًۭا ﴿١٣﴾

Качан ал каапырлар колдору моюндарына чынжыр менен кишенделген абалда тозоктогу тар жерге ыргытылганда,андан кутулушүчүн өздөрүнө өлүм тилеп калышат. بلغ Куран · Тафсир

لَّا تَدْعُوا۟ ٱلْيَوْمَ ثُبُورًۭا وَٰحِدًۭا وَٱدْعُوا۟ ثُبُورًۭا كَثِيرًۭا ﴿١٤﴾

Эй, каапырлар! Бүгүн өлүмдү бир эле жолу эмес, көп жолу чакыргыла! Бирок сураганыңарга эч качан жооп берилбейт. Силер кыйноочу азапта түбөлүк каласыңар

قُلْ أَذَٰلِكَ خَيْرٌ أَمْ جَنَّةُ ٱلْخُلْدِ ٱلَّتِى وُعِدَ ٱلْمُتَّقُونَ ۚ كَانَتْ لَهُمْ جَزَآءًۭ وَمَصِيرًۭا ﴿١٥﴾

Оо, пайгамбар! Аларга: «Силерге сыпатталып айтылган ушул азап жакшыбы же жыргалчылыгы токтобой дайым уланган түбөлүк бейиш жакшыбы?» – деп айт. Аллах аны ыймандуу пенделеринин ичинен такыбаларына сыйлык жана кыямат күнүалардын кайтып барар жайыболот деп убада кылган

لَّهُمْ فِيهَا مَا يَشَآءُونَ خَـٰلِدِينَ ۚ كَانَ عَلَىٰ رَبِّكَ وَعْدًۭا مَّسْـُٔولًۭا ﴿١٦﴾

Алар үчүн бул бейиште каалаган жыргалчылыктар болот. Бул Аллахтын убадасы. Андан такыба пенделери бул тууралуу сурашат. Аллахтын убадасы ишке ашат. Ал убадасын бузбайт

وَيَوْمَ يَحْشُرُهُمْ وَمَا يَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ فَيَقُولُ ءَأَنتُمْ أَضْلَلْتُمْ عِبَادِى هَـٰٓؤُلَآءِ أَمْ هُمْ ضَلُّوا۟ ٱلسَّبِيلَ ﴿١٧﴾

Ал күндө Аллах жалганчы мушриктерди жана Аны менен катар сыйынылган кудайларын жыйнайт жана сыйынуучуларын айыбын билгизүү максатта ал кудайларына айтат: «Силер пенделеримди өзүңөргө сыйынгыла деп адаштырдыңарбыже алар өздөрү эле адаштыбы?»

قَالُوا۟ سُبْحَـٰنَكَ مَا كَانَ يَنۢبَغِى لَنَآ أَن نَّتَّخِذَ مِن دُونِكَ مِنْ أَوْلِيَآءَ وَلَـٰكِن مَّتَّعْتَهُمْ وَءَابَآءَهُمْ حَتَّىٰ نَسُوا۟ ٱلذِّكْرَ وَكَانُوا۟ قَوْمًۢا بُورًۭا ﴿١٨﴾

وكانوا قوما بورا Кудайлары айтышат: «Оо, Раббибиз! Сен Өзүңө шерик тутуудан аруусун. Сенден башкаларды башкаруучу-коргоочу тутканыбыз бизге ылайык эмес. Кантип эле Сенин пенделериңди бизге сыйынгыла деп айтмак элек?! Бирок ал мушриктерди жана алардан мурунку ата-бабаларын акырындык менен жазалоо үчүн Сен аларга дүйнө жыргалчылыктарын бергенде алар Сени эстөөнү унутуп коюшту. Кийин Сени менен катар башкаларга сыйыныштыжана алар бактысыздыктарысебептүү кыйраган коом болушту»

فَقَدْ كَذَّبُوكُم بِمَا تَقُولُونَ فَمَا تَسْتَطِيعُونَ صَرْفًۭا وَلَا نَصْرًۭا ۚ وَمَن يَظْلِم مِّنكُمْ نُذِقْهُ عَذَابًۭا كَبِيرًۭا ﴿١٩﴾

Эй, мушриктер! Силер Аллах менен катар сыйынган кудайларыңар силердин айткан сөздөрүңөрдү жалганга чыгарышты.Эми силер өзүңөрдүазаптан коргой албайсыңар жана алсыздыгыңар үчүн өзүңөргө жардам да бере албайсыңар. Оо, ыймандуулар! Силерден ким Аллахка ширк кылып өзүнө зулумдук келтирсе, Биз айтып өткөн адамдарды азаптагандай ага да катуу азапты таттырабыз

وَمَآ أَرْسَلْنَا قَبْلَكَ مِنَ ٱلْمُرْسَلِينَ إِلَّآ إِنَّهُمْ لَيَأْكُلُونَ ٱلطَّعَامَ وَيَمْشُونَ فِى ٱلْأَسْوَاقِ ۗ وَجَعَلْنَا بَعْضَكُمْ لِبَعْضٍۢ فِتْنَةً أَتَصْبِرُونَ ۗ وَكَانَ رَبُّكَ بَصِيرًۭا ﴿٢٠﴾

Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун да адамзаттан гана болгон пайгамбарларды жибергенбиз. Алар да тамак жешкен, базарларда жүрүшкөн. Бул нерседе пайгамбарлардан биринчиси эмессиң. Оо, адамдар! Биз силерди بلغ Куран · Тафсир байлыкта, кедейликте, саламаттыкта жана ооруда болгон айырмачылыктар себептүү бири-бириңерге сыноокылып койдук. Силер сыноолорго сабыр кыласыңарбы? Ошондо Аллах силерге сабырдуулугуңар үчүн соопторду берет. Сенинو Раббиң сабыр кылгандыжана сабыр кылбаганды, моюн сунгандыжана моюн сунбагандыКөрүүчү

۞ وَقَالَ ٱلَّذِينَ لَا يَرْجُونَ لِقَآءَنَا لَوْلَآ أُنزِلَ عَلَيْنَا ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ أَوْ نَرَىٰ رَبَّنَا ۗ لَقَدِ ٱسْتَكْبَرُوا۟ فِىٓ أَنفُسِهِمْ وَعَتَوْ عُتُوًّۭا كَبِيرًۭا ﴿٢١﴾

كبيرا Бизге жолугууну үмүт кылбаган жана азабыбыздан коркпогон каапырлар: «Аллах бизге периштелерди түшүрүп, алар бизге Мухаммаддын чынчылдыгын айтышса же биз Раббибизди өз көзүбүз менен көрүп, Ал бизге ал тууралуу кабар берсе болбойт беле?» — деп айтышты. Алардын жан дүйнөсүндө текеберлик күч алып, ал акыры аларды ыймандан тостужана алар булсөздөрүменен каапырлыктын жана аша чабуучулуктун чегинен чыгып кетишти

يَوْمَ يَرَوْنَ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةَ لَا بُشْرَىٰ يَوْمَئِذٍۢ لِّلْمُجْرِمِينَ وَيَقُولُونَ حِجْرًۭا مَّحْجُورًۭا ﴿٢٢﴾

Каапырлар өлгөндө, кабырда, кайра тирилгенде, суракка жөнөшкөндө жана тозокко киришкенде периштелерди өз көздөрү менен көрүшкөн күнү, ал жайларда алар үчүн ыймандууларга болгондой сүйүнүч кабар болбойт. Периштелер аларга: «Аллахтын сүйүнүч кабарысилер үчүн таптакыр арам» – дешет

وَقَدِمْنَآ إِلَىٰ مَا عَمِلُوا۟ مِنْ عَمَلٍۢ فَجَعَلْنَـٰهُ هَبَآءًۭ مَّنثُورًا ﴿٢٣﴾

Биз каапырлардын бул дүйнөдө кылышкан жакшылык иштерине бет алып келдик жана алардыкаапырлыктары себептүү жок кылып, пайдасыз кылганыбыз кудум терезеден кирген күндүн шооласына чагылышып көрүнгөн сапырылган чаңдай кылып салдык. ر

أَصْحَـٰبُ ٱلْجَنَّةِ يَوْمَئِذٍ خَيْرٌۭ مُّسْتَقَرًّۭا وَأَحْسَنُ مَقِيلًۭا ﴿٢٤﴾

Ошол күнү бейишке кирген ыймандуулар ал каапырлардан эң жакшы орундарда жана дүйнөдө түшкү эс алуу убагындагыдай эң рахаттуу жайларда болушат. Бул нерсе алардын Аллахка болгон ыйманы жана жакшылык иштери үчүн болду

وَيَوْمَ تَشَقَّقُ ٱلسَّمَآءُ بِٱلْغَمَـٰمِ وَنُزِّلَ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ تَنزِيلًا ﴿٢٥﴾

Оо,пайгамбар!Асман жарылып сейрек агыш булуттар каптаган жана көп сандагыпериштелер сурак майданына түшкөн күндү эстегин

ٱلْمُلْكُ يَوْمَئِذٍ ٱلْحَقُّ لِلرَّحْمَـٰنِ ۚ وَكَانَ يَوْمًا عَلَى ٱلْكَـٰفِرِينَ عَسِيرًۭا ﴿٢٦﴾

Кыямат күнүндөгү өзгөрбөс чыныгы бийлик чексиз Ырайымдууга гана таандык. Ал күн каапырлар үчүн оор, ыймандуулар үчүн жеңилболот. بلغ Куран · Тафсир

وَيَوْمَ يَعَضُّ ٱلظَّالِمُ عَلَىٰ يَدَيْهِ يَقُولُ يَـٰلَيْتَنِى ٱتَّخَذْتُ مَعَ ٱلرَّسُولِ سَبِيلًۭا ﴿٢٧﴾

Оо, пайгамбар! Эстегин, ал күнү залым адам пайгамбарды ээрчибегени үчүн катуу өкүнүчтөн эки колун тиштеп: «Аттиң ай! Пайгамбар Раббиси тараптан алып келгенге ээрчип, аны менен бирге кутулуу жолуна түшсөм болмок го!» – деп айтат. يويلت ليتنى لم أت خذ فلانا خليلا

يَـٰوَيْلَتَىٰ لَيْتَنِى لَمْ أَتَّخِذْ فُلَانًا خَلِيلًۭا ﴿٢٨﴾

Катуукайгыргандан өзүнө каршыжамандык тилеп мындай деп айтат:«Шорум куругур ай!Баланча каапырдыдос тутпай койсом кана?!

لَّقَدْ أَضَلَّنِى عَنِ ٱلذِّكْرِ بَعْدَ إِذْ جَآءَنِى ۗ وَكَانَ ٱلشَّيْطَـٰنُ لِلْإِنسَـٰنِ خَذُولًۭا ﴿٢٩﴾

Бул каапыр досум пайгамбар аркылуу жеткен Курандан мени адаштырды». Чындыгында шайтан адамдыдайым жардамсыз таштайт.Эгер анын башына кыйынчылыктар түшсө,андан баш тартып кетет

وَقَالَ ٱلرَّسُولُ يَـٰرَبِّ إِنَّ قَوْمِى ٱتَّخَذُوا۟ هَـٰذَا ٱلْقُرْءَانَ مَهْجُورًۭا ﴿٣٠﴾

Ошол күнү пайгамбар өз элинин абалын айтып: «Оо, Раббим! Чындыгында Сен мени жиберген элим бул Куранды таштап, андан баш тартышты» – деп арызданды. و

وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَا لِكُلِّ نَبِىٍّ عَدُوًّۭا مِّنَ ٱلْمُجْرِمِينَ ۗ وَكَفَىٰ بِرَبِّكَ هَادِيًۭا وَنَصِيرًۭا ﴿٣١﴾

Оо, пайгамбар! Сен өз элиң тараптан зыяндарга жана сенин жолуңдан тосууга туш болгонуң сыяктуу Биз сенден мурунку ар бир пайгамбарга да өз элиндеги күнөөкөрлөрдөн душмандарды кылып койдук. Туура жолго салууга Раббиң Өзү жетиштүү жана Ал душманыңа каршы сага жардам берүүгө да Өзү жетиштүү!

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَوْلَا نُزِّلَ عَلَيْهِ ٱلْقُرْءَانُ جُمْلَةًۭ وَٰحِدَةًۭ ۚ كَذَٰلِكَ لِنُثَبِّتَ بِهِۦ فُؤَادَكَ ۖ وَرَتَّلْنَـٰهُ تَرْتِيلًۭا ﴿٣٢﴾

Аллахка каапырлык кылгандар: «Бул Куран пайгамбарга бөлүк-бөлүк болуп түшпөй, чогу бир эле түшсө болбойт беле?» – деп айтышат. Оо, пайгамбар! Биз Куранды биринин артынан бирин түшүрүү менен сенин жүрөгүңдү кубатташ үчүн бөлүк-бөлүк кылып түшүрдүк. Ошондой эле аны жеңил түшүнүп, жеңил жатташ үчүн биринин артынан экинчисин түшүрдүк

وَلَا يَأْتُونَكَ بِمَثَلٍ إِلَّا جِئْنَـٰكَ بِٱلْحَقِّ وَأَحْسَنَ تَفْسِيرًا ﴿٣٣﴾

Оо, пайгамбар! Мушриктер сага кандай гана мисалдарды алып келишпесин, Биз сага андан да негиздүү акыйкат жоопту жана эң түшүнүктүүсүн алып келебиз. بلغ Куран · Тафсир ر

ٱلَّذِينَ يُحْشَرُونَ عَلَىٰ وُجُوهِهِمْ إِلَىٰ جَهَنَّمَ أُو۟لَـٰٓئِكَ شَرٌّۭ مَّكَانًۭا وَأَضَلُّ سَبِيلًۭا ﴿٣٤﴾

Кыямат күнү жүздөрү менен тозокко сүйрөлүп келингендер – мына ошолор эң жаман орундагылар, анткени алардын орду тозокто. Жана алар акыйкаттан алыс жолдогулар, анткени алардын жолу каапырлык менен адашуунун жолу

وَلَقَدْ ءَاتَيْنَا مُوسَى ٱلْكِتَـٰبَ وَجَعَلْنَا مَعَهُۥٓ أَخَاهُ هَـٰرُونَ وَزِيرًۭا ﴿٣٥﴾

Биз Мусага Тоораттыбердик жана ага жардамчыболуш үчүн бир тууганыХарунду аныменен бирге элчи кылдык

فَقُلْنَا ٱذْهَبَآ إِلَى ٱلْقَوْمِ ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا فَدَمَّرْنَـٰهُمْ تَدْمِيرًۭا ﴿٣٦﴾

Анан ал экөөсүнө: «Биздин аят-белгилерибизди жалганга чыгарган Фараонго жана анын коомуна баргыла» – деп айттык. Алар буйругубузга баш ийишип, аларга барышты. Аларды жалгыз Аллахка сыйынууга чакырышканда аларды жалганга чыгарышты, ошондо Биз аларды тыптыйпыл кылып кыйраттык

وَقَوْمَ نُوحٍۢ لَّمَّا كَذَّبُوا۟ ٱلرُّسُلَ أَغْرَقْنَـٰهُمْ وَجَعَلْنَـٰهُمْ لِلنَّاسِ ءَايَةًۭ ۖ وَأَعْتَدْنَا لِلظَّـٰلِمِينَ عَذَابًا أَلِيمًۭا ﴿٣٧﴾

Качан Нухтун эли аны жалганга чыгаруу менен пайгамбарларды жалганга чыгарганда Биз аларды деңизге чөктүрүп жок кылдык. Алардын кыйроосун Биз залымдарды кырып жок кылууга кудуреттүү экенибизге далил кылдык. Жана Биз кыяматта залымдарга кыйноочу азаптыдаярдап койдук

وَعَادًۭا وَثَمُودَا۟ وَأَصْحَـٰبَ ٱلرَّسِّ وَقُرُونًۢا بَيْنَ ذَٰلِكَ كَثِيرًۭا ﴿٣٨﴾

Биз Худдун коому Аадды, Салихтин коому Самудду жана кудук ээлерин жок кылдык. Жана ушул үчөөсүнүн ортолорундагыкөптөгөн коомдорду жок кылдык.ل ل

وَكُلًّۭا ضَرَبْنَا لَهُ ٱلْأَمْثَـٰلَ ۖ وَكُلًّۭا تَبَّرْنَا تَتْبِيرًۭا ﴿٣٩﴾

Бул кыйроого учурагандардын баарына алардан мурунку коомдордун кантип кыйрагандарын жана анын себептерин сабак алышсын деп айтып бергенбиз.Биз баарысын каапырлыктарыжана баш ийбестиктери себептүү кырып жок кылдык

وَلَقَدْ أَتَوْا۟ عَلَى ٱلْقَرْيَةِ ٱلَّتِىٓ أُمْطِرَتْ مَطَرَ ٱلسَّوْءِ ۚ أَفَلَمْ يَكُونُوا۟ يَرَوْنَهَا ۚ بَلْ كَانُوا۟ لَا يَرْجُونَ نُشُورًۭا ﴿٤٠﴾

Сенин элиңден болгон жалганчылар Шамга баратканда бузукулук кылгандарыүчүн жаза катарыташжааган Луттун коомунун шаарына келишкен эле го! Алар бул шаарды эмне болгонун көрбөй жатышабы, сабак алышпайбы? Же көздөрү бул нерселерге сокур болуп калдыбы? Жок! Бирок алар сурак берерден алдыңкы кайра тирилүүнү күтүшкөн жок. بلغ Куран · Тафсир

وَإِذَا رَأَوْكَ إِن يَتَّخِذُونَكَ إِلَّا هُزُوًا أَهَـٰذَا ٱلَّذِى بَعَثَ ٱللَّهُ رَسُولًا ﴿٤١﴾

Оо, пайгамбар! Сени шылдыңдашкан жалганчылар сага жолугуп калышса сени маскара кылып шылдыңдашып мындай деп айтышат:«Аллахбизге пайгамбар кылып жиберген адам ушулбу?

إِن كَادَ لَيُضِلُّنَا عَنْ ءَالِهَتِنَا لَوْلَآ أَن صَبَرْنَا عَلَيْهَا ۚ وَسَوْفَ يَعْلَمُونَ حِينَ يَرَوْنَ ٱلْعَذَابَ مَنْ أَضَلُّ سَبِيلًا ﴿٤٢﴾

Ал бизди аз жерден кудайларыбызга сыйынуудан буруп жибере жаздады. Эгер биз аларга сыйынууда сабыр кылбаганда, ал бизди өзүнүн далилдери менен буруп жибермек. Жакында алар кабырдагы жана кыяматтагы азаптыөз көздөрүменен көрүшкөн кезде алардын кимиси туура жолдон көбүрөөк адашканын билишет,албекен же тигилер бекен?Жакында кимиси анык адашканын билишет

أَرَءَيْتَ مَنِ ٱتَّخَذَ إِلَـٰهَهُۥ هَوَىٰهُ أَفَأَنتَ تَكُونُ عَلَيْهِ وَكِيلًا ﴿٤٣﴾

Оо, пайгамбар! Өзүнүн каалоосун кудай кылып, ага моюн сунган адамды көрбөйсүңбү?! Эми сен аны ыйманга келтирген жана аныкаапырлыктан сактаган көзөмөлдөөчүболосуңбу?

أَمْ تَحْسَبُ أَنَّ أَكْثَرَهُمْ يَسْمَعُونَ أَوْ يَعْقِلُونَ ۚ إِنْ هُمْ إِلَّا كَٱلْأَنْعَـٰمِ ۖ بَلْ هُمْ أَضَلُّ سَبِيلًا ﴿٤٤﴾

Оо, пайгамбар! Же сен Аллахка сыйынууга жана Ага моюн сунууга чакырып жаткандардын көбү сени кабыл алып угушат же далилдерге акыл жүгүртүшөт деп ойлоп жатасыңбы? Алар угууда, акыл жүгүртүүдө жана түшүнүүдө айбандарга эле окшош. Жок! Алар (жүргөн жолунда) айбандардан да катуу адашкан

أَلَمْ تَرَ إِلَىٰ رَبِّكَ كَيْفَ مَدَّ ٱلظِّلَّ وَلَوْ شَآءَ لَجَعَلَهُۥ سَاكِنًۭا ثُمَّ جَعَلْنَا ٱلشَّمْسَ عَلَيْهِ دَلِيلًۭا ﴿٤٥﴾

Оо,пайгамбар!Сен Аллахтын жер бетинде көлөкөнү(таң аткандан күн чыкканга чейинки аралыкта) жайып койгон учурдагы жаратуучулук белгилерин көрбөйсүңбү? Эгер Ал аны жылбай турган болушун кааласа, анда сөзсүз ошондой кылып коймок.Кийин Биз күндүанын узарып кыскарышына белги кылдык. ثم قبضنهإلينا قبضا يسيرا

ثُمَّ قَبَضْنَـٰهُ إِلَيْنَا قَبْضًۭا يَسِيرًۭا ﴿٤٦﴾

Кийин Биз көлөкөнүкүндүн көтөрүлгөнүнө жараша акырындык менен аз-аздан кыскартып жыйнайбыз

وَهُوَ ٱلَّذِى جَعَلَ لَكُمُ ٱلَّيْلَ لِبَاسًۭا وَٱلنَّوْمَ سُبَاتًۭا وَجَعَلَ ٱلنَّهَارَ نُشُورًۭا ﴿٤٧﴾

Аллах силер үчүн түндү силерди жана башка нерселерди жапкан кийим сыяктуу кылды жана силер үчүн уйкуну жумуштарыңардан эс алуу кылды. Ошондой эле Ал силер үчүн күндүздү жумуштарыңарга бара турган убак кылды

وَهُوَ ٱلَّذِىٓ أَرْسَلَ ٱلرِّيَـٰحَ بُشْرًۢا بَيْنَ يَدَىْ رَحْمَتِهِۦ ۚ وَأَنزَلْنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ طَهُورًۭا ﴿٤٨﴾

Жана Ал пенделерине карата ырайым болгон жамгырдын жаашын сүйүнчүлөгөн шамалдардыжиберди. Жана Биз асмандан пенделер тазалыкка колдонотурган таза жамгыр суусун түшүрдүк. بلغ Куран · Тафсир

لِّنُحْـِۧىَ بِهِۦ بَلْدَةًۭ مَّيْتًۭا وَنُسْقِيَهُۥ مِمَّا خَلَقْنَآ أَنْعَـٰمًۭا وَأَنَاسِىَّ كَثِيرًۭا ﴿٤٩﴾

Себеби Биз ал түшкөн суу менен чөп чыкпаган кургак жерден түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүп, ал жерди жашылдантып тирилтебиз. Ошондой эле ал суу менен Өзүбүз жараткан көптөгөн адамдардыжана айбанаттарды сугарабыз

وَلَقَدْ صَرَّفْنَـٰهُ بَيْنَهُمْ لِيَذَّكَّرُوا۟ فَأَبَىٰٓ أَكْثَرُ ٱلنَّاسِ إِلَّا كُفُورًۭا ﴿٥٠﴾

Биз алар сабак алсын деген максатта Куранда далилдерди түр-түрүменен келтирип баяндадык.Бирок көпчүлүк адамдар акыйкатка каапырлык кылып, аныжактырбай баш тартышты. ولو شئنا لبعثنا فى كل قرية نذيرا

وَلَوْ شِئْنَا لَبَعَثْنَا فِى كُلِّ قَرْيَةٍۢ نَّذِيرًۭا ﴿٥١﴾

Эгер Биз каалаганда ар бир шаарга Аллахтын жазасын эскерткен жана андан коркуткан пайгамбар жибермекпиз. Бирок Биз муну каалаган жокпуз. Чындыгында Биз Мухаммадды гана бүткүл адамзатка пайгамбар кылып жибердик

فَلَا تُطِعِ ٱلْكَـٰفِرِينَ وَجَـٰهِدْهُم بِهِۦ جِهَادًۭا كَبِيرًۭا ﴿٥٢﴾

Андыктан каапырлардын алдамчылык менен сага койгон талаптарына жана айткан сунуштарына моюн сунба.Сен алардан көргөн зыяндарга сабыр кылып, аларды динге чакыруудагы кыйынчылыктарга чыдоо менен сага түшкөн бул Куран аркылуу алар менен катуу күрөш

۞ وَهُوَ ٱلَّذِى مَرَجَ ٱلْبَحْرَيْنِ هَـٰذَا عَذْبٌۭ فُرَاتٌۭ وَهَـٰذَا مِلْحٌ أُجَاجٌۭ وَجَعَلَ بَيْنَهُمَا بَرْزَخًۭا وَحِجْرًۭا مَّحْجُورًۭا ﴿٥٣﴾

Аллах таала эки деңиздин суусун кошуп койду, алардын тузсузуна туздуусун кошту. Жана ортолоруна аларды аралаштырбай,бирин-бири бузбай,бөлүп турган тосмокылып койду

وَهُوَ ٱلَّذِى خَلَقَ مِنَ ٱلْمَآءِ بَشَرًۭا فَجَعَلَهُۥ نَسَبًۭا وَصِهْرًۭا ۗ وَكَانَ رَبُّكَ قَدِيرًۭا ﴿٥٤﴾

Ал эркек менен аялдын бел суусунан адамды жаратты жана Ал адамды жараткан Зат ага тууган-урукту жана куда- сөөктү кылды. Оо, пайгамбар! Сенин Раббиң кудуреттүү, Аны эч бир нерсе алсыз кыла албайт. Анын кудуреттүүлүгүнөн –инсандыэркек менен аялдын белсуусунан жаратуусу

وَيَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَنفَعُهُمْ وَلَا يَضُرُّهُمْ ۗ وَكَانَ ٱلْكَافِرُ عَلَىٰ رَبِّهِۦ ظَهِيرًۭا ﴿٥٥﴾

Каапырлар Аллахтан башка кудайларга сыйынышат. Аларга моюн сунушса пайда бере албайт, баш ийбестик кылышса зыян бере албайт. Чындыгында каапыр адам Аллах тааланын каарын келтирген иштерде шайтанды ээрчүүчү. بلغ Куран · Тафсир

وَمَآ أَرْسَلْنَـٰكَ إِلَّا مُبَشِّرًۭا وَنَذِيرًۭا ﴿٥٦﴾

Оо, пайгамбар! Биз сени ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылып Аллахка моюн сунгандарга сүйүнүч кабарды жеткирүүчү жана каапырлык кылып, Ага баш ийбестик кылгандарга эскертүүчү кылып жибердик

قُلْ مَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ إِلَّا مَن شَآءَ أَن يَتَّخِذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ سَبِيلًۭا ﴿٥٧﴾

Оо,пайгамбар!Айткын:«Мен кабар жеткиргеним үчүн силерден акысурабаймын.Бирок араңардан ким Аллахтын ыраазылыгына карай садака берүү жолун тандаса, анда ошондой кылсын»

وَتَوَكَّلْ عَلَى ٱلْحَىِّ ٱلَّذِى لَا يَمُوتُ وَسَبِّحْ بِحَمْدِهِۦ ۚ وَكَفَىٰ بِهِۦ بِذُنُوبِ عِبَادِهِۦ خَبِيرًا ﴿٥٨﴾

Оо, пайгамбар! Бардык иштериңде эч качан өлбөгөн, түбөлүк Тирүү калуучу Аллахка таян жана Ага мактоолорду айтып аруула. Ал Өзү пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү кабардар. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында аларга анын сыйлыгын же жазасын берет

ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا فِى سِتَّةِ أَيَّامٍۢ ثُمَّ ٱسْتَوَىٰ عَلَى ٱلْعَرْشِ ۚ ٱلرَّحْمَـٰنُ فَسْـَٔلْ بِهِۦ خَبِيرًۭا ﴿٥٩﴾

Ал асмандарды жаратты, жерди жаратты жана алардын ортосундагы нерселерди алты күндө жаратты. Андан соң Өзүнүн улуулугуна жараша Аршка бийиктеди жана көтөрүлдү. Ал – Ырайымдуу! Оо, пайгамбар! Сен ал тууралуу Кабардардан сура! Ал Аллах бүткүл нерсени билет. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес

وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱسْجُدُوا۟ لِلرَّحْمَـٰنِ قَالُوا۟ وَمَا ٱلرَّحْمَـٰنُ أَنَسْجُدُ لِمَا تَأْمُرُنَا وَزَادَهُمْ نُفُورًۭا ۩ ﴿٦٠﴾

Эгерде каапырларга: «Ырайымдууга сажда кылгыла» – деп айтылса, алар: «Биз Ырайымдууга сажда кылбайбыз. Ал Ырайымдуу деген эмне? Биз аны билбейбиз, аны моюнга да албайбыз. Биз Аны тааныбасак деле сен сажда кыл десең эле сажда кыла бермек белек?» – деп айтышат. Анын Аллахка сажда кылгыла деген буйругу аларды Аллахка ыйман келтирүүдөн алыстоолорун күчөтөт

تَبَارَكَ ٱلَّذِى جَعَلَ فِى ٱلسَّمَآءِ بُرُوجًۭا وَجَعَلَ فِيهَا سِرَٰجًۭا وَقَمَرًۭا مُّنِيرًۭا ﴿٦١﴾

Асманда планеталар менен топ жылдыздардын жайгашкан орундарын жараткан, асманда нур чачкан Күндү жараткан жана күн нурун чагылтып жер бетине жарык чачкан Айдыжараткан Зат улуужана берекеттүү

وَهُوَ ٱلَّذِى جَعَلَ ٱلَّيْلَ وَٱلنَّهَارَ خِلْفَةًۭ لِّمَنْ أَرَادَ أَن يَذَّكَّرَ أَوْ أَرَادَ شُكُورًۭا ﴿٦٢﴾

Аллах Анын аят-белгилеринен үлгү-насаат алып туура жолго түшүүнү же Анын жакшылыктарына шүгүр кылууну каалагандар үчүн күн менен түндүбиринин артынан бири келип алмаша турган кылып койду. بلغ Куран · Тафсир

وَعِبَادُ ٱلرَّحْمَـٰنِ ٱلَّذِينَ يَمْشُونَ عَلَى ٱلْأَرْضِ هَوْنًۭا وَإِذَا خَاطَبَهُمُ ٱلْجَـٰهِلُونَ قَالُوا۟ سَلَـٰمًۭا ﴿٦٣﴾

Ал эми Ырайымдуунун ыймандуу пенделери – алар жер бетинде салабаттуулук, кичипейилдик менен басып жүрүшөт. Эгерде аларды наадандар сөзгө тартса, аларга теңелишпейт. Тескерисинче, аларга наадандык кылбастан жакшыныгана сүйлөшөт

وَٱلَّذِينَ يَبِيتُونَ لِرَبِّهِمْ سُجَّدًۭا وَقِيَـٰمًۭا ﴿٦٤﴾

Алар түн ичинде Раббисине маңдайыменен сажда кылгандар жана Аллахүчүн тике туруп намаз окушкандар

وَٱلَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا ٱصْرِفْ عَنَّا عَذَابَ جَهَنَّمَ ۖ إِنَّ عَذَابَهَا كَانَ غَرَامًا ﴿٦٥﴾

Алар Раббисине дуба кылып айтышат: «Оо, Раббибиз! Бизден тозок азабын алыстат! Чындыгында тозок азабы каапыр болуп өлгөндөрдүөзүнөн куткарбайт. ر

إِنَّهَا سَآءَتْ مُسْتَقَرًّۭا وَمُقَامًۭا ﴿٦٦﴾

Чындыгында ал жакта тургандар үчүн ал эң жаман орун жана ал жакта жашагандар үчүн эң жаман жай

وَٱلَّذِينَ إِذَآ أَنفَقُوا۟ لَمْ يُسْرِفُوا۟ وَلَمْ يَقْتُرُوا۟ وَكَانَ بَيْنَ ذَٰلِكَ قَوَامًۭا ﴿٦٧﴾

Алар мал-мүлктөрүн сарпташканда ысырапчылык чекке жеткиришпейт жана өздөрү же башкалар сыяктуу аларга камсыздоосу милдеттүү болгон адамдарга сарп кылууда да сараңдык кылышпайт. Алардын сарптоосу ысырапчылык менен сараңдыктын ортосунда адилеттүүчекте болот

وَٱلَّذِينَ لَا يَدْعُونَ مَعَ ٱللَّهِ إِلَـٰهًا ءَاخَرَ وَلَا يَقْتُلُونَ ٱلنَّفْسَ ٱلَّتِى حَرَّمَ ٱللَّهُ إِلَّا بِٱلْحَقِّ وَلَا يَزْنُونَ ۚ وَمَن يَفْعَلْ ذَٰلِكَ يَلْقَ أَثَامًۭا ﴿٦٨﴾

يلق أ ثاما Алар Аллах менен катар башка кудайларга дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүнү арам кылган жандыөлтүрүшпөйт, ал эми, Аллах адам өлтүрүүчүнү, динден баш тартканды жана үй-бүлөлүү зынакорду өлтүрүүгө уруксат берген (топтогу кишилерге жазаларын берүүдө өзү билемдик эмес, шарияттын талаптарынын чегинде аткарышат). Ошондой эле алар зына кылышпайт. Кимде-ким ушул чоң күнөөлөрдү кылса, анда ал кылган күнөөсү үчүн кыямат күнү жазага туш болот

يُضَـٰعَفْ لَهُ ٱلْعَذَابُ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ وَيَخْلُدْ فِيهِۦ مُهَانًا ﴿٦٩﴾

Ага (жогорудагы күнөөлөрдүн баарын же ширк күнөөсүн кылган кишиге) кыямат күнү азаптар кайра-кайра кайталанып берилет жана ал кордолгон абалда түбөлүк азапта калат

إِلَّا مَن تَابَ وَءَامَنَ وَعَمِلَ عَمَلًۭا صَـٰلِحًۭا فَأُو۟لَـٰٓئِكَ يُبَدِّلُ ٱللَّهُ سَيِّـَٔاتِهِمْ حَسَنَـٰتٍۢ ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورًۭا رَّحِيمًۭا ﴿٧٠﴾

Бирок ким Аллахка тообокылса,ыйман келтирсе жана анын тообосучын экенин билдирген жакшылык иштерди кылса, анда Аллах ошолордун кылган жамандыктарын жакшылыктарга алмаштырат. Чындыгында Аллах тообо بلغ Куран · Тафсир кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу

وَمَن تَابَ وَعَمِلَ صَـٰلِحًۭا فَإِنَّهُۥ يَتُوبُ إِلَى ٱللَّهِ مَتَابًۭا ﴿٧١﴾

Жана ким Аллахка тообокылса жана ибадаттардыаткарып, күнөөлөрдү таштап тообосунун чын экенин далилдесе, анда анын тообосу кабыл кылынат

وَٱلَّذِينَ لَا يَشْهَدُونَ ٱلزُّورَ وَإِذَا مَرُّوا۟ بِٱللَّغْوِ مَرُّوا۟ كِرَامًۭا ﴿٧٢﴾

Алар күнөө кылынган жерлер жана арам көңүл ачуу жайлары сыяктуу жалгандарга катышпайт. Эгер маңызсыз жаман сөздөргө жана иштерге кезم болуп калышса,анда аларга аралашпастан өз кадырын сактап өтүп кетишет

وَٱلَّذِينَ إِذَا ذُكِّرُوا۟ بِـَٔايَـٰتِ رَبِّهِمْ لَمْ يَخِرُّوا۟ عَلَيْهَا صُمًّۭا وَعُمْيَانًۭا ﴿٧٣﴾

Аларга Аллахтын угууга жана көрүүгө мүмкүн болгон аят-белгилери эскертилсе, алар угулган аяттарга кулактарын жабышпайт жана көрүлгөн аят-белгилерди көрмөксөн болушпайт

وَٱلَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا هَبْ لَنَا مِنْ أَزْوَٰجِنَا وَذُرِّيَّـٰتِنَا قُرَّةَ أَعْيُنٍۢ وَٱجْعَلْنَا لِلْمُتَّقِينَ إِمَامًا ﴿٧٤﴾

Алар Раббисине кылган дубаларында айтышат: «Оо, Раббибиз! Бизге такыбалыгы жана акыйкатка бекемдиги менен көзүбүздү кубанткан жубайлардыжана бала-чакалардыбер жана бизди акыйкатта үлгү туткан такыбаларга башчы кыл»

أُو۟لَـٰٓئِكَ يُجْزَوْنَ ٱلْغُرْفَةَ بِمَا صَبَرُوا۟ وَيُلَقَّوْنَ فِيهَا تَحِيَّةًۭ وَسَلَـٰمًا ﴿٧٥﴾

Мына ушул сыпаттагы адамдар Аллахка баш ийүүдө сабырдуулук кылышкандары үчүн бейиштин эң жогорусу болгон Фирдаустагыбийик орундар менен сыйланышат.Алардыалжайда периштелер саламдашып тосуп алышат жана алар бардык балээлерден аман болушат.ر

خَـٰلِدِينَ فِيهَا ۚ حَسُنَتْ مُسْتَقَرًّۭا وَمُقَامًۭا ﴿٧٦﴾

Алар алжакта түбөлүк болушат.Алар турукташкан жай жана алар жайланышкан жер кандай сонун!

قُلْ مَا يَعْبَؤُا۟ بِكُمْ رَبِّى لَوْلَا دُعَآؤُكُمْ ۖ فَقَدْ كَذَّبْتُمْ فَسَوْفَ يَكُونُ لِزَامًۢا ﴿٧٧﴾

Оо, пайгамбар! Каапырлыктан кайтпаган каапырларга айт: «Раббим силердин баш ийүүңөрдөн Ага кайткан пайдага көңүл бурбайт, эгер Анын сыйынып жана сурап дуба кылган пенделери болбогондо Ал силерге көңүл бурмак эмес. Силер Раббиси тараптан пайгамбардын алып келгенин жалганга чыгардыңар. Эми жакында жалгандын жазасысилер менен бирге болот». Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-Furqaan — الفرقان

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил