Башкы бетТафсирAn-Naazi'aat (79)

Тафсир An-Naazi'aat (79) — النازعات

Меккелик · 46 аят

Окуу · УгууPDF файл

وَٱلنَّـٰزِعَـٰتِ غَرْقًۭا ﴿١﴾

Аллахкаапырлардын жандарын катаалдык жана оройлук менен жулуп алуучупериштелер менен ант берди

وَٱلنَّـٰشِطَـٰتِ نَشْطًۭا ﴿٢﴾

Ыймандуулардын жандарын жеңилдик менен сууруп алуучупериштелер менен ант берди

وَٱلسَّـٰبِحَـٰتِ سَبْحًۭا ﴿٣﴾

Аллахтын буйругуменен асмандан жерге сүзүп жүрүүчүпериштелер менен ант берди

فَٱلسَّـٰبِقَـٰتِ سَبْقًۭا ﴿٤﴾

Аллахтын буйругун аткарууда бири-бири менен жарышуучупериштелер менен ант берди

فَٱلْمُدَبِّرَٰتِ أَمْرًۭا ﴿٥﴾

Пенделердин иштерине жоопкер периштелер сыяктууАллахтын тагдырына байланыштуубуйруктарын иш жүзүнө ашыруучу периштелер менен ант берди. Ал мунун баары менен аларды кайрадан тирилтип, суракка алуу жана сыйлык же жаза берүүүчүн ант берди

يَوْمَ تَرْجُفُ ٱلرَّاجِفَةُ ﴿٦﴾

Керней биринчи жолутартылган күнүжер титирейт

تَتْبَعُهَا ٱلرَّادِفَةُ ﴿٧﴾

Мунун артынан эле экинчи жолкусутартылат. قلوب يومئذ واجفة

قُلُوبٌۭ يَوْمَئِذٍۢ وَاجِفَةٌ ﴿٨﴾

Ал күнү каапырлардын жана пасык-бузукулардын жүрөгү коркунучта болот. أ بص رها خشعة

أَبْصَـٰرُهَا خَـٰشِعَةٌۭ ﴿٩﴾

Алардын көздөрүнөн кордуктун белгилери көрүнүп турат. بلغ Куран · Тафсир

يَقُولُونَ أَءِنَّا لَمَرْدُودُونَ فِى ٱلْحَافِرَةِ ﴿١٠﴾

Алар мындай деп айтышат эле:«Биз өлгөндөн кийин кайра жашоогокайтып келебизби? أءذا كنا عظما ن خرة

أَءِذَا كُنَّا عِظَـٰمًۭا نَّخِرَةًۭ ﴿١١﴾

Биз курулай чирик сөөк болгондон кийин ушуга кайтып келебизби?». قالوا تلك إذا كرة خاسرة

قَالُوا۟ تِلْكَ إِذًۭا كَرَّةٌ خَاسِرَةٌۭ ﴿١٢﴾

Алар: «Эгерде кайтып келсек, анда ал кайтуу адамды кайгыга салган жоготуу болот» – деп айтышат. فإ ن ما هى زجرة وحدة

فَإِنَّمَا هِىَ زَجْرَةٌۭ وَٰحِدَةٌۭ ﴿١٣﴾

Кайра тирилтүүиши оңой.Чындыгында алүйлөөгө жоопкер болгон периштерин бир гана кыйкырыгы

فَإِذَا هُم بِٱلسَّاهِرَةِ ﴿١٤﴾

Анан тирүүлөрдүн баарысыжер койнунда өлүк болгон абалдан кийин жер үстүндө болуп калышат

هَلْ أَتَىٰكَ حَدِيثُ مُوسَىٰٓ ﴿١٥﴾

Оо,пайгамбар!Сага Мусанын Раббиси менен жана душманыФараон менен болгон кабарыкелдиби?

إِذْ نَادَىٰهُ رَبُّهُۥ بِٱلْوَادِ ٱلْمُقَدَّسِ طُوًى ﴿١٦﴾

Бир кезде Раббиси ага ыйык Тува өрөөнүнөн чакырык салды

ٱذْهَبْ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ إِنَّهُۥ طَغَىٰ ﴿١٧﴾

Ал ага Өз сөзүндө мындай деди: «Фараонго баргын! Чындыгында ал зулумдукта жана текеберликте чектен чыгып кетти»

فَقُلْ هَل لَّكَ إِلَىٰٓ أَن تَزَكَّىٰ ﴿١٨﴾

Ага айт: «Эй, Фараон! Сен каапырлыктан жана күнөөлөрдөн тазаланбайсыңбы? وأهديك إلى ربك فتخش

وَأَهْدِيَكَ إِلَىٰ رَبِّكَ فَتَخْشَىٰ ﴿١٩﴾

Мен сени жараткан жана сага камкордук кылган Раббиңе карай жол көргөзөм, ошондо сен Андан коркосуң, Ал ыраазыболгон иштерди кыласыңжана Анын ачуусун келтирген иштерден алыстайсың». بلغ Куран · Тафсир

فَأَرَىٰهُ ٱلْـَٔايَةَ ٱلْكُبْرَىٰ ﴿٢٠﴾

Муса ага Раббиси тараптан келген элчи экенине далил болгон улуу аят-белгини көргөздү. Ал кол жана таян болчу. فكذ ب وعص

فَكَذَّبَ وَعَصَىٰ ﴿٢١﴾

ОшондоФараон бул белгини жалган деп, Муса буйруган нерсеге баш ийбей койду. ثم أدبر يسعى

ثُمَّ أَدْبَرَ يَسْعَىٰ ﴿٢٢﴾

Анан Муса пайгамбар алып келген динге ыйман келирүүдөн баш тартып күнөөгө жана чындыкты четке кагуу берилди. فحشر فناد

فَحَشَرَ فَنَادَىٰ ﴿٢٣﴾

Мусага үстөмдүк кылууүчүн коомун жана өзүнө ээрчигендерин чогултуп мындай деди

فَقَالَ أَنَا۠ رَبُّكُمُ ٱلْأَعْلَىٰ ﴿٢٤﴾

«Мен силердин улууРаббиңермин.Силер үчүн менден башкага баш ийүүжок»

فَأَخَذَهُ ٱللَّهُ نَكَالَ ٱلْـَٔاخِرَةِ وَٱلْأُولَىٰٓ ﴿٢٥﴾

Анан Аллах аны кармап, дүйнөдө деңизге чөктүрүп, ал эми акыретте эң катаал азапка киргизип жазалайт

إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَعِبْرَةًۭ لِّمَن يَخْشَىٰٓ ﴿٢٦﴾

Чындыгында Фараонду дүйнөдө жана акыретте жазалаганыбыз – Аллахтан корккондор үчүн сабак. Ошолор насааттардан пайда алышат

ءَأَنتُمْ أَشَدُّ خَلْقًا أَمِ ٱلسَّمَآءُ ۚ بَنَىٰهَا ﴿٢٧﴾

Эй, кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар! Аллах үчүн силерди жаратуу кыйынбы же куруп койгон асманды жаратуубу? رفع سمكها فسوىها

رَفَعَ سَمْكَهَا فَسَوَّىٰهَا ﴿٢٨﴾

Ал анын шыбын жогору карай бийик жана тегиз кылды. Анда эч кандай жылчык, жарака жана кемчилик жок. وأغطش ليلها وأخرج ضحىها

وَأَغْطَشَ لَيْلَهَا وَأَخْرَجَ ضُحَىٰهَا ﴿٢٩﴾

Аланын түнүн күн баткан кезде караңгыкылдыжана күн чыккан кезде жарык кылды. بلغ Куран · Тафсир

وَٱلْأَرْضَ بَعْدَ ذَٰلِكَ دَحَىٰهَآ ﴿٣٠﴾

Ал асмандыжараткандан кийин жерди жайык кылдыжана ага пайдалуу нерселерди жайгаштырды

أَخْرَجَ مِنْهَا مَآءَهَا وَمَرْعَىٰهَا ﴿٣١﴾

Аландан булак болуп аккан суулардычыгардыжана мал-жандыктар оттогон өсүмдүктөрдүөстүрдү

وَٱلْجِبَالَ أَرْسَىٰهَا ﴿٣٢﴾

Тоолордужерге бекем орнотту. متعا ل كم ولأنعمكم

مَتَـٰعًۭا لَّكُمْ وَلِأَنْعَـٰمِكُمْ ﴿٣٣﴾

Оо, адамдар! Бул пайдалардын баарысы силер үчүн жана силердин мал-жандыгыңар үчүн. Мунун баарын жараткан Зат алардыкайра жаңыдан жаратуудан алсыз эмес

فَإِذَا جَآءَتِ ٱلطَّآمَّةُ ٱلْكُبْرَىٰ ﴿٣٤﴾

Коркунучуменен бүт баарысын өзүнө камтып алган экинчи жолкусурнай үйлөө кези келгенде

يَوْمَ يَتَذَكَّرُ ٱلْإِنسَـٰنُ مَا سَعَىٰ ﴿٣٥﴾

Алкүнүинсан жакшылык болобу,жамандык болобукылган иш-аракеттерин эстеп келет

وَبُرِّزَتِ ٱلْجَحِيمُ لِمَن يَرَىٰ ﴿٣٦﴾

Тозок алып келинет жана алкөрө тургандарга ачык көрүнөт. فأما من طغى

فَأَمَّا مَن طَغَىٰ ﴿٣٧﴾

Кимде-ким адашууда чектен чыкса,

وَءَاثَرَ ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا ﴿٣٨﴾

өткөөлдүйнө жашоосун түбөлүктүүтигилжашоодон артык көрсө,

فَإِنَّ ٱلْجَحِيمَ هِىَ ٱلْمَأْوَىٰ ﴿٣٩﴾

анда анын баш калкалап, турукташкан жайытозок болот. بلغ Куран · Тафсир

وَأَمَّا مَنْ خَافَ مَقَامَ رَبِّهِۦ وَنَهَى ٱلنَّفْسَ عَنِ ٱلْهَوَىٰ ﴿٤٠﴾

فَإِنَّ ٱلْجَنَّةَ هِىَ ٱلْمَأْوَىٰ ﴿٤١﴾

Ал эми ким Раббисинин алдында туруудан коркуп, Аллах арам кылган нерселерди каалап жатса да, өзүн ага ээрчүдөн тыйган болсо, анда анын баш калкалап, турукташкан жайы бейиш болот

يَسْـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلسَّاعَةِ أَيَّانَ مُرْسَىٰهَا ﴿٤٢﴾

Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар сенден: «Кыямат качан болот?» – деп сурашат

فِيمَ أَنتَ مِن ذِكْرَىٰهَآ ﴿٤٣﴾

Сен аны аларга айткыдай ал тууралуу билбейсиң жана бул сенин ишиң да эмес. Чындыгында сенин ишиң – ага даярдык көрүү гана

إِلَىٰ رَبِّكَ مُنتَهَىٰهَآ ﴿٤٤﴾

Кыяматтыбилүү Раббиңе гана келип токтойт

إِنَّمَآ أَنتَ مُنذِرُ مَن يَخْشَىٰهَا ﴿٤٥﴾

Чындыгында сен кыяматтан корккондордуэскертүүчүсүң.Анткени ошолор сенин эскертмеңден пайда алышат

كَأَنَّهُمْ يَوْمَ يَرَوْنَهَا لَمْ يَلْبَثُوٓا۟ إِلَّا عَشِيَّةً أَوْ ضُحَىٰهَا ﴿٤٦﴾

Алар кыяматты ачык көрүшкөн күнү, алар дүйнө жашоосунда бир күн же түшкө чейин жашагандай эле болуп калат. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · An-Naazi'aat — النازعات

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил