Башкы бетТафсирAl-Mursalaat (77)

Тафсир Al-Mursalaat (77) — المرسلات

Меккелик · 50 аят

Окуу · УгууPDF файл

وَٱلْمُرْسَلَـٰتِ عُرْفًۭا ﴿١﴾

Аллахаттын жалындай үлгүлтүксүз шамалменен ант берди

فَٱلْعَـٰصِفَـٰتِ عَصْفًۭا ﴿٢﴾

Катуусоккон шамалменен ант берди

وَٱلنَّـٰشِرَٰتِ نَشْرًۭا ﴿٣﴾

Жамгырдытараткан шамалменен ант берди

فَٱلْفَـٰرِقَـٰتِ فَرْقًۭا ﴿٤﴾

Акыйкат менен жалгандыажыратууүчүн түшкөн периштелерге менен ант берди

فَٱلْمُلْقِيَـٰتِ ذِكْرًا ﴿٥﴾

Вахий менен түшкөн периштелер менен ант берди. عذرا أو نذرا

عُذْرًا أَوْ نُذْرًا ﴿٦﴾

Алар Аллахтын алдында адамдар актанбаш үчүн жана аларга Аллахтын азабын эскертүү максатта вахий менен түшүшөт. إنما توعدون لوقع

إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَوَٰقِعٌۭ ﴿٧﴾

Чындыгында силерге убада кылынган кайра тирилүү, сурак алуу жана жаза-сыйлык берүү сөзсүз түрдө болот

فَإِذَا ٱلنُّجُومُ طُمِسَتْ ﴿٨﴾

Жылдыздардын нуру өчүп, жарыгы кеткенде

وَإِذَا ٱلسَّمَآءُ فُرِجَتْ ﴿٩﴾

Периштелер түшүүүчүн асман ачылганда

وَإِذَا ٱلْجِبَالُ نُسِفَتْ ﴿١٠﴾

Тоолор өз ордуларынан жулунуп,чаңдай болгончомайданалып бытыраганда. بلغ Куран · Тафсир

وَإِذَا ٱلرُّسُلُ أُقِّتَتْ ﴿١١﴾

Пайгамбарлар белгилүүбир убакытка чогултулганда. لأى يوم أجلت

لِأَىِّ يَوْمٍ أُجِّلَتْ ﴿١٢﴾

Өз үммөттөрүнө күбө болушүчүн кечиктирилген улуукүн үчүн

لِيَوْمِ ٱلْفَصْلِ ﴿١٣﴾

Пенделердин ортосун ажыратуучу күн үчүн. Ошондо чынчылдар жана жалганчылар, бактылуулар жана бактысыздар ачык билинет

وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا يَوْمُ ٱلْفَصْلِ ﴿١٤﴾

Оо, пайгамбар! Сен ажыратуу күнү эмне экенин кайдан билмек? ويل يومئذ للمكذبين

وَيْلٌۭ يَوْمَئِذٍۢ لِّلْمُكَذِّبِينَ ﴿١٥﴾

Ал күндө пайгамбарлар Аллах тараптан алып келген нерсени жалганга чыгаргандар үчүн кыйроо, азап жана жоготуу болсун!

أَلَمْ نُهْلِكِ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿١٦﴾

Биз Аллахка каапырлык кылган, пайгамбарларын жалганга чыгарган мурунку коомдорду жок кылбадык беле?

ثُمَّ نُتْبِعُهُمُ ٱلْـَٔاخِرِينَ ﴿١٧﴾

Алардын артынан кийинки муундардыкошуп,тигилерди жок кылгандай жок кылабыз

كَذَٰلِكَ نَفْعَلُ بِٱلْمُجْرِمِينَ ﴿١٨﴾

Тигил коомдорду жок кылган сыяктуу Мухаммад алып келгенди жалганга чыгарган күнөөкөрлөрдү да жок кылабыз. ويل يومئذ للمكذبين

وَيْلٌۭ يَوْمَئِذٍۢ لِّلْمُكَذِّبِينَ ﴿١٩﴾

Ал күнү Аллахтын күнөөкөрлөрдү жазалайм деген убадасын жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!

أَلَمْ نَخْلُقكُّم مِّن مَّآءٍۢ مَّهِينٍۢ ﴿٢٠﴾

Оо, адамдар! Биз силерди жийиркеничтүү болор-болбос бел суудан жаратпадык беле? بلغ Куран · Тафсир فجعلنهفى قرار مكين

فَجَعَلْنَـٰهُ فِى قَرَارٍۢ مَّكِينٍ ﴿٢١﴾

Анан Биз ал жийиркеничтүү бел сууну коопсуз жай болгон аялдын жатынына жайгаштырдык. إلى قدر م علوم

إِلَىٰ قَدَرٍۢ مَّعْلُومٍۢ ﴿٢٢﴾

Белгилүү мөөнөткө чейин – ал кош бойлуулук мөөнөтү

فَقَدَرْنَا فَنِعْمَ ٱلْقَـٰدِرُونَ ﴿٢٣﴾

Жана Биз жаңы төрөлгөн баланын сыпатын, өлчөмүн, өң-түсүн жана башка нерселерин белгилеп койгонбуз. Ушунун баарын кылган Биздин кудуреттүүлүгүбүз кандай сонун! ويل يومئذ للمكذبين

وَيْلٌۭ يَوْمَئِذٍۢ لِّلْمُكَذِّبِينَ ﴿٢٤﴾

Ал күнү Аллахтын кудуреттүүлүгүн жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!

أَلَمْ نَجْعَلِ ٱلْأَرْضَ كِفَاتًا ﴿٢٥﴾

Биз жерди адамдардын баарысын өзүнө сыйдыруучукылбадыкпы?

أَحْيَآءًۭ وَأَمْوَٰتًۭا ﴿٢٦﴾

Ал тирүүлөрдү үстүндө жашатуу жана гүлдөтүү менен, ал эми өлүктөрдү ага көмдүрүү менен сыйдырат

وَجَعَلْنَا فِيهَا رَوَٰسِىَ شَـٰمِخَـٰتٍۢ وَأَسْقَيْنَـٰكُم مَّآءًۭ فُرَاتًۭا ﴿٢٧﴾

Жана аны силкинүүдөн сактаган бекем, бийик тоолорду жаратты. Оо, адамдар! Биз силерге таза суу бердик. Ушулардыжараткан Зат силерди кайра жаратууга алсыз эмес. ويل يومئذ للمكذبين

وَيْلٌۭ يَوْمَئِذٍۢ لِّلْمُكَذِّبِينَ ﴿٢٨﴾

Ал күнү Аллахтын кылган жакшылыктарын жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!

ٱنطَلِقُوٓا۟ إِلَىٰ مَا كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ ﴿٢٩﴾

Пайгамбарлары алып келгенди жалганга чыгаргандарга айтылат: «Эй, жалганчылар! Силер жалган деп эсептеген азапты көздөй жөнөгүлө!

ٱنطَلِقُوٓا۟ إِلَىٰ ظِلٍّۢ ذِى ثَلَـٰثِ شُعَبٍۢ ﴿٣٠﴾

Үчбөлүккө бөлүнгөн тозок түтүнүнүн көлөкөсүнө жөнөгүлө». بلغ Куран · Тафсир

لَّا ظَلِيلٍۢ وَلَا يُغْنِى مِنَ ٱللَّهَبِ ﴿٣١﴾

Анда көлөкөнүн салкындыгыжок жана ал тозоктун жалыныменен ысыктыгынын силерге өтүүсүн токтотоалбайт

إِنَّهَا تَرْمِى بِشَرَرٍۢ كَٱلْقَصْرِ ﴿٣٢﴾

Чындыгында тозок сепилдей болгон чоңдуктагыучкундардычачып турат. كأنه جملت صفر

كَأَنَّهُۥ جِمَـٰلَتٌۭ صُفْرٌۭ ﴿٣٣﴾

Андан чачыраган учкундар каралыгында жана чоңдугунда кара тору төөлөргө окшойт. ويل يومئذ للمكذبين

وَيْلٌۭ يَوْمَئِذٍۢ لِّلْمُكَذِّبِينَ ﴿٣٤﴾

Ал күнү Аллахтын кудуреттүүлүгүн жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун! هذا يوملا ينطقون

هَـٰذَا يَوْمُ لَا يَنطِقُونَ ﴿٣٥﴾

Бул күнү алар эч нерсе тууралуу сүйлөй алышпайт. ولا يؤذن لهم فيعتذرون

وَلَا يُؤْذَنُ لَهُمْ فَيَعْتَذِرُونَ ﴿٣٦﴾

Аларга каапырлыктарыжана күнөөлөрү үчүн Раббисинен кечирим суроого уруксат берилбейт. Бирок алар Андан кечирим сурашат. ويل يومئذ للمكذبين

وَيْلٌۭ يَوْمَئِذٍۢ لِّلْمُكَذِّبِينَ ﴿٣٧﴾

Ал күнү Аллахтын кылган жакшылыктарын жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!

هَـٰذَا يَوْمُ ٱلْفَصْلِ ۖ جَمَعْنَـٰكُمْ وَٱلْأَوَّلِينَ ﴿٣٨﴾

Бул күн – макулуктарды ажыратуучу күн. Биз силерди жана мурунку коомдорду бир жерге чогулттук. فإن كان لكم كيد فكيدون

فَإِن كَانَ لَكُمْ كَيْدٌۭ فَكِيدُونِ ﴿٣٩﴾

Эгерде силерде Аллахтын азабынан кутулуу үчүн колдоно турган айла-амалыңар болсо, аны Мага каршы колдонгулачы! ويل يومئذ للمكذبين

وَيْلٌۭ يَوْمَئِذٍۢ لِّلْمُكَذِّبِينَ ﴿٤٠﴾

Ал күнү Аллахтын кудуреттүүлүгүн жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун! بلغ Куран · Тафсир

إِنَّ ٱلْمُتَّقِينَ فِى ظِلَـٰلٍۢ وَعُيُونٍۢ ﴿٤١﴾

Ал эми Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор бейиштин жапжашыл дарактарынын көлөкөсүндө, аккан таза суу булактарында. وفوكه مما يشتهون

وَفَوَٰكِهَ مِمَّا يَشْتَهُونَ ﴿٤٢﴾

Жана жегиси келген мөмө-жемиштерде болушат

كُلُوا۟ وَٱشْرَبُوا۟ هَنِيٓـًٔۢا بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿٤٣﴾

Аларга айтылат: «Дүйнөдө жакшылык иштерди кылганыңар себептүү таза нерселерден жегиле жана зыянсыз жагымдуу суусундуктардан ичкиле»

إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿٤٤﴾

Биз силерге берген мындай сыйлыктыжакшылык иштерди кылгандарга да беребиз. ويل يومئذ للمكذبين

وَيْلٌۭ يَوْمَئِذٍۢ لِّلْمُكَذِّبِينَ ﴿٤٥﴾

Ал күнү Аллах такыбалар үчүн даярдап койгон нерселерди жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун! كلوا وتمتعوا قليلا إنكم م جرمون

كُلُوا۟ وَتَمَتَّعُوا۟ قَلِيلًا إِنَّكُم مُّجْرِمُونَ ﴿٤٦﴾

Жалганчыларга айтылат: «Жегиле жана дүйнөдө аз гана убакыт жашоо жыргалчылыктарын пайдаланып калгыла. Силер Аллахка каапырлык кылганыңар жана Анын элчилерин жалганга чыгарганыңар себептүүкүнөөкөрсүңөр». ويل يومئذ للمكذبين

وَيْلٌۭ يَوْمَئِذٍۢ لِّلْمُكَذِّبِينَ ﴿٤٧﴾

Сурак күндөгү жазаларын жалганга чыгаргандарга ал күнү кыйроо, азап жана жоготуу болсун!

وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱرْكَعُوا۟ لَا يَرْكَعُونَ ﴿٤٨﴾

Ал жалганчыларга «Аллах үчүн намаз окугула» деп айтылса, Ал үчүн намаз окушпайт. ويل يومئذ للمكذبين

وَيْلٌۭ يَوْمَئِذٍۢ لِّلْمُكَذِّبِينَ ﴿٤٩﴾

Пайгамбарлар Аллах тараптан алып келгенди жалган деген жалганчыларга ал күнү кыйроо, азап жана жоготуу болсун! بلغ Куран · Тафсир فبأى حديث بعده يؤمنون

فَبِأَىِّ حَدِيثٍۭ بَعْدَهُۥ يُؤْمِنُونَ ﴿٥٠﴾

Эгер алар Раббиси тараптан түшкөн булКуранга ишенишпесе,анда мындан башка кайсысөзгө ишенишет? Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-Mursalaat — المرسلات

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил