Башкы бетТафсирAl-Insaan (76)

Тафсир Al-Insaan (76) — الإنسان

Мединалык · 31 аят

Окуу · УгууPDF файл

هَلْ أَتَىٰ عَلَى ٱلْإِنسَـٰنِ حِينٌۭ مِّنَ ٱلدَّهْرِ لَمْ يَكُن شَيْـًۭٔا مَّذْكُورًا ﴿١﴾

Инсандын үстүнөн узак замандар өткөн, ал кезде анын атыда, затыда жок болчу

إِنَّا خَلَقْنَا ٱلْإِنسَـٰنَ مِن نُّطْفَةٍ أَمْشَاجٍۢ نَّبْتَلِيهِ فَجَعَلْنَـٰهُ سَمِيعًۢا بَصِيرًا ﴿٢﴾

Чындыгында Биз инсанды аял менен эркектин суусунун аралашмасынан турган бел суудан жараттык. Биз ага милдеттерди жүктөп сынайбыз. Биз ага милдет кылып жүктөгөн шариятты аткаруусу үчүн аны уга турган жана көрө турган кылдык

إِنَّا هَدَيْنَـٰهُ ٱلسَّبِيلَ إِمَّا شَاكِرًۭا وَإِمَّا كَفُورًا ﴿٣﴾

Биз ага элчилерибиздин тилдеринде туура жолду баяндап бердик. Муну менен ага адашуу жолу анык болду. Ал ошондон кийин туура жолго түшүп, Аллахка шүгүр кылган ыймандуу пенде болот, же болбосо андан адашып, Аллахтын аяттарын четке каккан каапыр пенде болот

إِنَّآ أَعْتَدْنَا لِلْكَـٰفِرِينَ سَلَـٰسِلَا۟ وَأَغْلَـٰلًۭا وَسَعِيرًا ﴿٤﴾

Чындыгында Биз Аллахка жана Анын элчилерине каапыр болгондор үчүн алардытозокко сүйрөгөн чынжырларды, салынуучукишендерди жана алоолонгон оттудаярдап койдук

إِنَّ ٱلْأَبْرَارَ يَشْرَبُونَ مِن كَأْسٍۢ كَانَ مِزَاجُهَا كَافُورًا ﴿٥﴾

Чындыгында Аллахка моюн сунган ыймандуулар кыямат күнүжыпар жыттуукамфора менен аралашкан шарапка толтурулган чөйчөктөрдөн ичишет

عَيْنًۭا يَشْرَبُ بِهَا عِبَادُ ٱللَّهِ يُفَجِّرُونَهَا تَفْجِيرًۭا ﴿٦﴾

Моюн сунгандарга даярдалган бул суусундук ¬– сузуп алуусу жеңил болгон түгөнгүс мол булактан болот. Аны менен Аллахтын пенделери суусунун кандырышат.Алар аныкаалаган жагына агыза алышат

يُوفُونَ بِٱلنَّذْرِ وَيَخَافُونَ يَوْمًۭا كَانَ شَرُّهُۥ مُسْتَطِيرًۭا ﴿٧﴾

Аны ичкен пенделердин сыпаттары, алар өздөрүнө милдет кылган ибадаттарды аткарышат жана жамандыгы жайылган кыямат күндөн коркушат

وَيُطْعِمُونَ ٱلطَّعَامَ عَلَىٰ حُبِّهِۦ مِسْكِينًۭا وَيَتِيمًۭا وَأَسِيرًا ﴿٨﴾

Алар өздөрү тамак-ашка муктаж болуп жана табити тартып, каалап турушса дагы, аны муктаж кедей- кембагалдарга, жетимдерге жана туткундарга беришет. بلغ Куран · Тафсир

إِنَّمَا نُطْعِمُكُمْ لِوَجْهِ ٱللَّهِ لَا نُرِيدُ مِنكُمْ جَزَآءًۭ وَلَا شُكُورًا ﴿٩﴾

АлардыАллахтын Жүзү үчүн гана тамактандырып жатышканын ичтерине сыр кылып жашырышат. Аларга берген тамак-аштары үчүн сыйлык да, мактоо да күтүшпөйт. إنا نخاف من ر بنا يوما عبوسا قمطريرا

إِنَّا نَخَافُ مِن رَّبِّنَا يَوْمًا عَبُوسًۭا قَمْطَرِيرًۭا ﴿١٠﴾

Чындыгында биз коркунучтан улам бактысыздардын үрөйүн учурган күндөгүРаббибизден коркобуз

فَوَقَىٰهُمُ ٱللَّهُ شَرَّ ذَٰلِكَ ٱلْيَوْمِ وَلَقَّىٰهُمْ نَضْرَةًۭ وَسُرُورًۭا ﴿١١﴾

Аллах алардыӨз жакшылыгыменен ошол улуу күндүн жамандыгынан коргойт жана алардын жүзүнө сулуулук жана нур берет, сый-урматка бөлөйт жана жүрөктөрүнө кубаныч тартуулайт. وجزىهم بما صبرواجنة وحريرا

وَجَزَىٰهُم بِمَا صَبَرُوا۟ جَنَّةًۭ وَحَرِيرًۭا ﴿١٢﴾

Алар ибадаттарга, Аллахтын тагдырына жана күнөөлөргө сабыр кылышканы себептүү аларга жыргалчылыкка батырган бейишти жана алар кие турган жибекти тартуукылды

مُّتَّكِـِٔينَ فِيهَا عَلَى ٱلْأَرَآئِكِ ۖ لَا يَرَوْنَ فِيهَا شَمْسًۭا وَلَا زَمْهَرِيرًۭا ﴿١٣﴾

Алар ал жакта кооз сөрүлөргө сүйөнүп олтурушат. Алар ошол бейиште шооласы зыяндуу Күндү да, ызгаардуу суукту да көрүшпөйт.Тескерисинче,алар ысык да,суук да болбогон түбөлүк көлөкөлөрдө болушат. ودانيةعليهم ظللها وذللت قطوفها تذليلا

وَدَانِيَةً عَلَيْهِمْ ظِلَـٰلُهَا وَذُلِّلَتْ قُطُوفُهَا تَذْلِيلًۭا ﴿١٤﴾

Анын көлөкөлөрү ага жакын болот, анын мөмө-жемиштери үзүүнү каалагандарга ийилип турат. Ал аны кыйналбастан оңой эле үзүп алат.Аныжаткан,олтурган жана турган адам да үзө алат. ويطاف عليهم بٔانية من فض ة وأكواب كانت قواريرا

وَيُطَافُ عَلَيْهِم بِـَٔانِيَةٍۢ مِّن فِضَّةٍۢ وَأَكْوَابٍۢ كَانَتْ قَوَارِيرَا۠ ﴿١٥﴾

Алар суусундук каалашканда кызматчылар аларды күмүш идиштер жана тунук чөйчөктөр менен айланып турушат. قواريرامن فض ة قدروها تقديرا

قَوَارِيرَا۟ مِن فِضَّةٍۢ قَدَّرُوهَا تَقْدِيرًۭا ﴿١٦﴾

Ал өңүнүн тунуктугунда айнек сыяктуу, бирок ал күмүштөн. Ал алардын каалоосуна жараша ченемделген, андан ашып да,кемип да кетпейт. ويسقون فيها كأسا كان مزاجها زنجبيلا

وَيُسْقَوْنَ فِيهَا كَأْسًۭا كَانَ مِزَاجُهَا زَنجَبِيلًا ﴿١٧﴾

Алсый-урматка бөлөнгөндөргө чөйчөктөрдө имбир кошулган шарап берилет. بلغ Куран · Тафсир عينا فيها تسم سلسبيلا

عَيْنًۭا فِيهَا تُسَمَّىٰ سَلْسَبِيلًۭا ﴿١٨﴾

Алар бейиштеги Салсабилаттуубулактан ичишет

۞ وَيَطُوفُ عَلَيْهِمْ وِلْدَٰنٌۭ مُّخَلَّدُونَ إِذَا رَأَيْتَهُمْ حَسِبْتَهُمْ لُؤْلُؤًۭا مَّنثُورًۭا ﴿١٩﴾

Аларды түбөлүк жаштыкта болуучу улан-жигиттер айланып турушат. Эгер аларды көрсөң, жүздөрүнүн жаркыраганынан, өңдөрүнүн сулуулугунан, көптүгүнөн жана таркап жүргөндүгүнөн чачылган берметтерби деп ойлойсуң. وإذا رأيت ثم رأيت نعيما وملكا كبيرا

وَإِذَا رَأَيْتَ ثَمَّ رَأَيْتَ نَعِيمًۭا وَمُلْكًۭا كَبِيرًا ﴿٢٠﴾

Эгер ошол бейиштеги нерселерге көз салсаң, анда сүрөттөөгө мүмкүн болбогондой жыргалчылыкты жана тендешсиз улуу мүлктү көрөсүң

عَـٰلِيَهُمْ ثِيَابُ سُندُسٍ خُضْرٌۭ وَإِسْتَبْرَقٌۭ ۖ وَحُلُّوٓا۟ أَسَاوِرَ مِن فِضَّةٍۢ وَسَقَىٰهُمْ رَبُّهُمْ شَرَابًۭا طَهُورًا ﴿٢١﴾

Алардын үстүндө тулку бойлорун жапкан жука жибектен жана калың парчадан болгон саркеч жашыл кийимдер болот. Алар ал жакта күмүш билериктерди тагынышат жана Аллах аларга бүткүл булганычтан таза суусундук берет

إِنَّ هَـٰذَا كَانَ لَكُمْ جَزَآءًۭ وَكَانَ سَعْيُكُم مَّشْكُورًا ﴿٢٢﴾

Аларга сый-урмат катары айтылат: «Силерге берилген бул жыргалчылык – силердин кылган жакшылык иштериңердин сыйлыгыболду.Силердин иш-аракеттериңер Аллахтын алдында кабылкылынды»

إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا عَلَيْكَ ٱلْقُرْءَانَ تَنزِيلًۭا ﴿٢٣﴾

Оо, пайгамбар! Биз сага Куранды чогу бир эле түшүрбөстөн, бөлүп-бөлүп түшүрдүк

فَٱصْبِرْ لِحُكْمِ رَبِّكَ وَلَا تُطِعْ مِنْهُمْ ءَاثِمًا أَوْ كَفُورًۭا ﴿٢٤﴾

Андыктан сен тагдырга же шариятка байланыштуу Раббиңдин өкүм кылган нерселерге сабыр кыл жана сени күнөөгө чакырган күнөөкөргө,каапырлыкка чакырган каапырга моюн сунбагын!

وَٱذْكُرِ ٱسْمَ رَبِّكَ بُكْرَةًۭ وَأَصِيلًۭا ﴿٢٥﴾

Жана Раббиңди күндүн башталышында багымдат намазын жана күндүн акырында бешим менен асыр намаздарын окууменен эстегин

وَمِنَ ٱلَّيْلِ فَٱسْجُدْ لَهُۥ وَسَبِّحْهُ لَيْلًۭا طَوِيلًا ﴿٢٦﴾

Ошондой эле Аныкүүгүмдөгүшам жана куптан намаздарын окууменен эстегин жана алэкөөсүнөн кийин тахажуд намазын окугун. بلغ Куран · Тафсир

إِنَّ هَـٰٓؤُلَآءِ يُحِبُّونَ ٱلْعَاجِلَةَ وَيَذَرُونَ وَرَآءَهُمْ يَوْمًۭا ثَقِيلًۭا ﴿٢٧﴾

Чындыгында ал мушриктер дүйнө жашоосун жакшы көрүп, ага жанталашышат жана кыйынчылыктар, сыноолор менен коштолгон оор кыямат күнүн артка таштап коюшат

نَّحْنُ خَلَقْنَـٰهُمْ وَشَدَدْنَآ أَسْرَهُمْ ۖ وَإِذَا شِئْنَا بَدَّلْنَآ أَمْثَـٰلَهُمْ تَبْدِيلًا ﴿٢٨﴾

Биз аларды жараттык жана алардын дене мүчөлөрүнө жана муундарына күч берип, тулку бойлорун кубаттуу кылдык. Эгер Биз аларды жок кылууну жана өздөрүнө окшогондорго алмаштырууну кааласак, анда аларды жок кылып, алмаштырып коймокпуз

إِنَّ هَـٰذِهِۦ تَذْكِرَةٌۭ ۖ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ سَبِيلًۭا ﴿٢٩﴾

Акыйкатта бул сүрөө – насыйкат жана эскертме. Ким Раббисинин ыраазылыгына жеткире турган жолго түшүүнү кааласа, анда муну кармансын

وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًۭا ﴿٣٠﴾

Аллах силерден ушуну каалаганда гана силер Анын ыраазылыгына жеткирген жолго түшүүнү каалайсыңар. Анткени бүткүл иштер Ага кайтат. Чындыгында Аллах пенделерине кайсы нерселер пайдалуу, кайсылары пайдасыз экенин Билүүчү жана Өз жаратуусунда, тагдырында жана шариятында Даанышман

يُدْخِلُ مَن يَشَآءُ فِى رَحْمَتِهِۦ ۚ وَٱلظَّـٰلِمِينَ أَعَدَّ لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًۢا ﴿٣١﴾

Ал каалаган пенделерин Өз ырайымына алып, аларга ыйманга жана жакшылык иштерге карай ийгилик берет. Ал эми каапырлык жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зулумдук кылгандарга акыретте кыйноочу тозок азабын даярдап койгон. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-Insaan — الإنسان

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил