لَآ أُقْسِمُ بِيَوْمِ ٱلْقِيَـٰمَةِ ﴿١﴾
Аллахкыямат күнүменен ант берди.Алкүнүадамдар ааламдардын Раббиси үчүн турушат
Башкы бет›Тафсир›Al-Qiyaama (75)
Меккелик · 40 аят
لَآ أُقْسِمُ بِيَوْمِ ٱلْقِيَـٰمَةِ ﴿١﴾
Аллахкыямат күнүменен ант берди.Алкүнүадамдар ааламдардын Раббиси үчүн турушат
وَلَآ أُقْسِمُ بِٱلنَّفْسِ ٱللَّوَّامَةِ ﴿٢﴾
Жана жакшылык иштерди кылууда кемчиликтерди кетирген жана күнөөлөрдү кылган адамдыжемелеген жакшы жан менен ант берди. Ал адамдарды суракка алуу, сыйлыгын же жазасын берүү максатта аларды кайра тирилтүү үчүн булэки нерсе менен ант берди
أَيَحْسَبُ ٱلْإِنسَـٰنُ أَلَّن نَّجْمَعَ عِظَامَهُۥ ﴿٣﴾
Инсан өлгөндөн кийин Биз аныкайра тирилтүүүчүн сөөктөрүн чогулта албайбыз деп ойлоп жатабы?
بَلَىٰ قَـٰدِرِينَ عَلَىٰٓ أَن نُّسَوِّىَ بَنَانَهُۥ ﴿٤﴾
Албетте! Биз аны чогултуу менен бирге анын манжаларынын учтарын мурдагыдай кемчиликсиз жаралган калыбына кайрадан келтире алабыз
بَلْ يُرِيدُ ٱلْإِنسَـٰنُ لِيَفْجُرَ أَمَامَهُۥ ﴿٥﴾
Бирок инсан кайра тирилүүнүчетке кагууменен бузукулугун токтотпостон улантуунукаалайт
يَسْـَٔلُ أَيَّانَ يَوْمُ ٱلْقِيَـٰمَةِ ﴿٦﴾
Ал кыямат күн болушу мүмкүн эмес дегендей: «Ал качан болот?» – деп сурайт
فَإِذَا بَرِقَ ٱلْبَصَرُ ﴿٧﴾
Качан алжалган деп айткан нерсени көргөн кезде көздөрүалаңдап,нес болуп калат
وَخَسَفَ ٱلْقَمَرُ ﴿٨﴾
Айдын нуру өчөт
وَجُمِعَ ٱلشَّمْسُ وَٱلْقَمَرُ ﴿٩﴾
Күн менен Ай биригет. بلغ Куран · Тафсир
يَقُولُ ٱلْإِنسَـٰنُ يَوْمَئِذٍ أَيْنَ ٱلْمَفَرُّ ﴿١٠﴾
Ошол күнү бузуку адам: «Кай жакка качам?» – деп айтат. كلا لا وزر
كَلَّا لَا وَزَرَ ﴿١١﴾
Ал күнү качып кутулуу жок, бузуку адам баш калкалоочу жер жок, ал коргонуучу жай жок
إِلَىٰ رَبِّكَ يَوْمَئِذٍ ٱلْمُسْتَقَرُّ ﴿١٢﴾
Оо, пайгамбар! Ал күнү сурак берүү, жаза же сыйлык алуу үчүн Раббиңе гана кайтуу бар
يُنَبَّؤُا۟ ٱلْإِنسَـٰنُ يَوْمَئِذٍۭ بِمَا قَدَّمَ وَأَخَّرَ ﴿١٣﴾
Ал күнү инсанга мурунку жана кийинки кылган иштери тууралуу кабар берилет
بَلِ ٱلْإِنسَـٰنُ عَلَىٰ نَفْسِهِۦ بَصِيرَةٌۭ ﴿١٤﴾
Бирок инсан өзүнө каршыкүбөгө өтөт. Анткени анын дене мүчөлөрү кылган күнөө иштери тууралуу ага каршы күбө болушат. ولو ألق معاذيره
وَلَوْ أَلْقَىٰ مَعَاذِيرَهُۥ ﴿١٥﴾
Эгерде ал жамандык иш кылбадым деп өз таламын талашып, ар кандай шылтоолорду айтса да, ага пайда келтирбейт
لَا تُحَرِّكْ بِهِۦ لِسَانَكَ لِتَعْجَلَ بِهِۦٓ ﴿١٦﴾
Оо,пайгамбар!Курандыэсиңден чыгып кетпесин деп шашылып тилиңди кыймылдата бербе! إن علينا جمعه وقرءانه
إِنَّ عَلَيْنَا جَمْعَهُۥ وَقُرْءَانَهُۥ ﴿١٧﴾
Чындыгында аныкөкүрөгүңө топтоожана кыраатын тилиңе жатык кылуу – Биздин милдетибиз
فَإِذَا قَرَأْنَـٰهُ فَٱتَّبِعْ قُرْءَانَهُۥ ﴿١٨﴾
Сага Биздин элчи Жебирейил(Курандан) окуганда,аныунчукпай ук. ثم إن علينا بيانه
ثُمَّ إِنَّ عَلَيْنَا بَيَانَهُۥ ﴿١٩﴾
Андан соң анысага чечмелеп берүү да – Биздин милдетибиз. بلغ Куран · Тафсир
كَلَّا بَلْ تُحِبُّونَ ٱلْعَاجِلَةَ ﴿٢٠﴾
Жок! Бул нерсе силердин кайра тирилүү мүмкүн эмес деп айтканыңардай эмес. Анткени силер билесиңер, силерди абалдатан жаратууга кудуреттүү Зат, силерди өлгөндөн кийин кайра тирилтүүгө алсыз эмес. Бирок силердин кайра тирилүүнү жалганга чыгарганыңардын себеби – тез өтүүчү дүйнө жашоосуна болгон сүйүүңөр
وَتَذَرُونَ ٱلْـَٔاخِرَةَ ﴿٢١﴾
Жана акырет жашоосун таштооңор. Анын жолу – Аллах буйруган ибадаттарды аткарып, Ал тыйган арам нерселерди таштаганыңар. وجوه يومئذ ناضرة
وُجُوهٌۭ يَوْمَئِذٍۢ نَّاضِرَةٌ ﴿٢٢﴾
Ал күнү ыймандуу жана бактылуу адамдардын жүздөрү нурдуу болуп, жаркырап турат. إلى ربها ناظرة
إِلَىٰ رَبِّهَا نَاظِرَةٌۭ ﴿٢٣﴾
Ырахаттанууменен Раббисине карап турат. ووجوه يومئ ذباسرة
وَوُجُوهٌۭ يَوْمَئِذٍۭ بَاسِرَةٌۭ ﴿٢٤﴾
Ал эми ал күнү каапыр жана бактысыз адамдардын жүздөрү үңүрөйүп турат. تظن أن يفعل بها فاقرة
تَظُنُّ أَن يُفْعَلَ بِهَا فَاقِرَةٌۭ ﴿٢٥﴾
Аларга чоң жаза жана кыйноочу азап түшөрүн билип турушат
كَلَّآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلتَّرَاقِىَ ﴿٢٦﴾
Бул жерде абал мушриктер өлгөндөн кийин азапталбайбыз деп элестеткендей эмес. Качан алардын биринин жаны көкүрөгүнүн жогору жагына жеткенде
وَقِيلَ مَنْ ۜ رَاقٍۢ ﴿٢٧﴾
Адамдар бири-бирине:«Ким буга дем салат,балким айыгып кетер»– айтышат
وَظَنَّ أَنَّهُ ٱلْفِرَاقُ ﴿٢٨﴾
Ошолкезде жан алакетке түшкөн адам өлүм аркылуудүйнө менен кошайтышып жатканын анык билет
وَٱلْتَفَّتِ ٱلسَّاقُ بِٱلسَّاقِ ﴿٢٩﴾
Дүйнөнүн бүтүшүндө жана акыреттин башталышында кыйынчылыктар биригет. بلغ Куран · Тафсир
إِلَىٰ رَبِّكَ يَوْمَئِذٍ ٱلْمَسَاقُ ﴿٣٠﴾
Ошол нерсе болгондо, өлгөн адам Раббисине жеткирилет. فلا صدق ولا صل
فَلَا صَدَّقَ وَلَا صَلَّىٰ ﴿٣١﴾
Каапыр адам Анын элчиси алып келгенге ишенген жок,Аллахүчүн намаз да окуган жок. ولكن كذب وتولى
وَلَـٰكِن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ ﴿٣٢﴾
Бирок алАнын элчиси алып келгенди жалганга чыгардыжана андан жүз бурду
ثُمَّ ذَهَبَ إِلَىٰٓ أَهْلِهِۦ يَتَمَطَّىٰٓ ﴿٣٣﴾
Андан соңбулкаапыр текеберликтен бой көтөрүп басып үй-бүлөсүнө барды. أولى لك فأولى
أَوْلَىٰ لَكَ فَأَوْلَىٰ ﴿٣٤﴾
Аллах каапырга азабыжакын калганын эскертти
ثُمَّ أَوْلَىٰ لَكَ فَأَوْلَىٰٓ ﴿٣٥﴾
Андан соң тастыктоо максатта сүйлөмдү дагы бир ирет кайталап, мындай деди: «Андан соң дагы сага өлүм болсун, өлүм болсун!»
أَيَحْسَبُ ٱلْإِنسَـٰنُ أَن يُتْرَكَ سُدًى ﴿٣٦﴾
Инсан Аллахага шарият милдеттерин жүктөбөстөн,жөн эле таштап коёт деп ойлоп жатабы? ألم يك نطفة من م نى يمن
أَلَمْ يَكُ نُطْفَةًۭ مِّن مَّنِىٍّۢ يُمْنَىٰ ﴿٣٧﴾
Ошол инсан бир кездерде жатынга куюлган бир тамчыбел суусу эмес беле? ثم كان علقةفخلق فسو
ثُمَّ كَانَ عَلَقَةًۭ فَخَلَقَ فَسَوَّىٰ ﴿٣٨﴾
Ошондон кийин ал бир бүртүк коюу кан болду, кийин Аллах аныжаратып, ага түз келбет берди
فَجَعَلَ مِنْهُ ٱلزَّوْجَيْنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلْأُنثَىٰٓ ﴿٣٩﴾
Ошентип аланын жынысын эркек жана аялкылып эки түрдө кылды. بلغ Куран · Тафсир
أَلَيْسَ ذَٰلِكَ بِقَـٰدِرٍ عَلَىٰٓ أَن يُحْـِۧىَ ٱلْمَوْتَىٰ ﴿٤٠﴾
Инсандыбел суудан, кийин коюу кандан жараткан Зат сурак алуу, сыйлык же жаза берүү үчүн өлүктөрдү жаңыдан тирилтүүгө кудуреттүү эмес бекен? Албетте, кудуреттүү! Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз