Башкы бетТафсирAl-Muddaththir (74)

Тафсир Al-Muddaththir (74) — المدثر

Меккелик · 56 аят

Окуу · УгууPDF файл

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلْمُدَّثِّرُ ﴿١﴾

Оо,кийимине оронуп алган (пайгамбар)! قم فأ نذر

قُمْ فَأَنذِرْ ﴿٢﴾

Тургун жана Аллахтын азабын эскерт! وربك فكبر

وَرَبَّكَ فَكَبِّرْ ﴿٣﴾

Раббиңди улукта! وثيابك فطهر

وَثِيَابَكَ فَطَهِّرْ ﴿٤﴾

Кийимиңди тазала!

وَٱلرُّجْزَ فَٱهْجُرْ ﴿٥﴾

Айкелдерге сыйынуудан алыс бол! ولا تمنن تستكثر

وَلَا تَمْنُن تَسْتَكْثِرُ ﴿٦﴾

Жакшылык иштерди көп кылдым деп Раббиңе милдет кылба!

وَلِرَبِّكَ فَٱصْبِرْ ﴿٧﴾

Аллахүчүн тарткан зыяндарга сабыр кыл!

فَإِذَا نُقِرَ فِى ٱلنَّاقُورِ ﴿٨﴾

Качан керней экинчи жолутартылганда. فذلك يومئذ يومعسير

فَذَٰلِكَ يَوْمَئِذٍۢ يَوْمٌ عَسِيرٌ ﴿٩﴾

Мына ошол күн – катаал күн

عَلَى ٱلْكَـٰفِرِينَ غَيْرُ يَسِيرٍۢ ﴿١٠﴾

Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандарга оңой болбойт. بلغ Куран · Тафсир ذرنىومن خلقت وحيدا

ذَرْنِى وَمَنْ خَلَقْتُ وَحِيدًۭا ﴿١١﴾

Оо, пайгамбар! Мен энесинин курсагында байлыксыз же баласыз жалгыз кылып жараткан (Валид ибн аль- Мугийраны) Мага ташта. وجعلت له مالا ممدودا

وَجَعَلْتُ لَهُۥ مَالًۭا مَّمْدُودًۭا ﴿١٢﴾

Мен ага көп мал-мүлк бердим. وبنين شهودا

وَبَنِينَ شُهُودًۭا ﴿١٣﴾

Жана аныменен бирге жүрүп, чогулуштарга бирге катышкан жана байлыгынын көптүгү себептүү сапарда да андан бөлүнбөгөн уулдарды бердим. ومهدت له تمهيدا

وَمَهَّدتُّ لَهُۥ تَمْهِيدًۭا ﴿١٤﴾

Жана ага жашоону, ырыскыныжана бала-чаканыкенен кылдым. ثم يطمع أن أزيد

ثُمَّ يَطْمَعُ أَنْ أَزِيدَ ﴿١٥﴾

Кийин ал Мага кылган каапырлыгына карабастан,Мен ага ошонун баарын бергенден кийин дагыкөбөйтсө экен деп каалап жатат

كَلَّآ ۖ إِنَّهُۥ كَانَ لِـَٔايَـٰتِنَا عَنِيدًۭا ﴿١٦﴾

Абал ал элестеткендей эмес. Чындыгында ал пайгамбарыбызга түшүргөн аяттарыбызды четке какты жана аларды жалганга чыгарды. سأ رهقه صعودا

سَأُرْهِقُهُۥ صَعُودًا ﴿١٧﴾

Жакында Мен ага көтөрө албаган азаптын машакатын тарттырам. إ نه فكر وقد ر

إِنَّهُۥ فَكَّرَ وَقَدَّرَ ﴿١٨﴾

Мен ушундай жакшылыктардыберген бул каапыр Курандыжалганга чыгаруу тууралуу айтканын ойлонду жана аны ичинен болжоду. فقتل كيف قدر

فَقُتِلَ كَيْفَ قَدَّرَ ﴿١٩﴾

Каргышка калгыр, азапка калгыр! Кантип болжоду?! بلغ Куран · Тафсир ثم قتل كيف قدر

ثُمَّ قُتِلَ كَيْفَ قَدَّرَ ﴿٢٠﴾

Дагы каргышка калгыр, азапка калгыр! Кантип болжоду?! ثم نظر

ثُمَّ نَظَرَ ﴿٢١﴾

Андан соңалайтканына назар салып ойлонуп көрдү. ثم عبس وبسر

ثُمَّ عَبَسَ وَبَسَرَ ﴿٢٢﴾

Кийин ал Курандыжамандаганга эч нерсе таппай калганда жүзүн тырыштырып, кабагын чытыды

ثُمَّ أَدْبَرَ وَٱسْتَكْبَرَ ﴿٢٣﴾

Андан соң ыймандан жүз бурду жана пайгамбардыээрчүүдөн текеберленди

فَقَالَ إِنْ هَـٰذَآ إِلَّا سِحْرٌۭ يُؤْثَرُ ﴿٢٤﴾

Анан ал мындай деди: «Мухаммад алып келген нерсе Аллахтын сөзү эмес. Тескерисинче, ал башкалар ага айтып берген сыйкыр

إِنْ هَـٰذَآ إِلَّا قَوْلُ ٱلْبَشَرِ ﴿٢٥﴾

Бул Аллахтын сөзү эмес, бул адамдын сөзү». سأص ليه سقر

سَأُصْلِيهِ سَقَرَ ﴿٢٦﴾

Мен аныжакында тозоктун катмарларын бири Сакарга киргизем,аланын ысыктыгынан азап чегет

وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا سَقَرُ ﴿٢٧﴾

Оо,Мухаммад!Сен Сакар эмне экенин кайдан билмек элең? لا تبقى ولا تذر

لَا تُبْقِى وَلَا تَذَرُ ﴿٢٨﴾

Ал андагы азапталгандын эч нерсесин калтырбайт. Ага сөзсүз келет, аны таштап койбойт. Кийин ал баштапкы абалына кайтканда, ага кайрадан келет. Мына ушинтип айлана берет. لو احة للبشر

لَوَّاحَةٌۭ لِّلْبَشَرِ ﴿٢٩﴾

Терини катуукүйгүзөт жана өзгөртөт. بلغ Куран · Тафсир عليها تسعة عشر

عَلَيْهَا تِسْعَةَ عَشَرَ ﴿٣٠﴾

Анын үстүндө он тогуз күзөтчүпериштелер бар

وَمَا جَعَلْنَآ أَصْحَـٰبَ ٱلنَّارِ إِلَّا مَلَـٰٓئِكَةًۭ ۙ وَمَا جَعَلْنَا عِدَّتَهُمْ إِلَّا فِتْنَةًۭ لِّلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لِيَسْتَيْقِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَـٰبَ وَيَزْدَادَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِيمَـٰنًۭا ۙ وَلَا يَرْتَابَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَـٰبَ وَٱلْمُؤْمِنُونَ ۙ وَلِيَقُولَ ٱلَّذِينَ فِى قُلُوبِهِم مَّرَضٌۭ وَٱلْكَـٰفِرُونَ مَاذَآ أَرَادَ ٱللَّهُ بِهَـٰذَا مَثَلًۭا ۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ مَن يَشَآءُ وَيَهْدِى مَن يَشَآءُ ۚ وَمَا يَعْلَمُ جُنُودَ رَبِّكَ إِلَّا هُوَ ۚ وَمَا هِىَ إِلَّا ذِكْرَىٰ لِلْبَشَرِ ﴿٣١﴾

ى Биз тозок сакчыларын периштелерден гана кылдык. Адамзаттын аларга күчү жетпейт. Биз, алардын санын Аллахка каапыр болгондорду сыноо үчүн ушундай кылдык. Биз, алар айтар сөзүн айтып, азаптары эселеп көбөйүүсү үчүн, Тоорот берилген жөөттөр менен Инжил берилген христиандар, алардын китептеринде айтылгандытастыктаган Куран түшкөн кезде айкын билүүлөрү үчүн, Китеп ээлеринин (кабарыыймандуулардын ишенимине) далкелгенде ыймандуулардын ыйманын күчөтүүүчүн,жөөттөр да,христиандар да,ыймандуулар да шектенбөөсү үчүн, ыйманга кирүүдө эки анжы болгондор жана каапырлар: «Аллах бул таң калыштуу сан менен эмнени каалап жатат?» – деп айтуулары үчүн ушундай кылдык. Бул санды жокко чыгаргандарды адаштыруу жана ага ишенгендерди туура жолго салган сыяктуу, Аллах каалаганын адаштырып, каалаганын туура жолго салат. Раббиңдин аскерлери көп болгондуктан,алардын санын Өзүнөн башка эчким билбейт.Тозок адамзатка эскертүү гана, ал аркылуу адамдар Аллах тааланын улуктугун билишет

كَلَّا وَٱلْقَمَرِ ﴿٣٢﴾

Кээ бир мушриктер ойлогондой, анышериктери тозоктон чыгарууга тозок сакчыларына жетиштүү деп айткандай эмес.АллахАй менен ант берди

وَٱلَّيْلِ إِذْ أَدْبَرَ ﴿٣٣﴾

Жана кайтып бараткан түнгө ант берди

وَٱلصُّبْحِ إِذَآ أَسْفَرَ ﴿٣٤﴾

Жана жарык чачкан таңга ант берди

إِنَّهَا لَإِحْدَى ٱلْكُبَرِ ﴿٣٥﴾

Чындыгында тозок оту чоң балээлердин бири. نذيرا للبشر

نَذِيرًۭا لِّلْبَشَرِ ﴿٣٦﴾

Адамдар үчүн эскертүүжана коркутуу. بلغ Куран · Тафсир

لِمَن شَآءَ مِنكُمْ أَن يَتَقَدَّمَ أَوْ يَتَأَخَّرَ ﴿٣٧﴾

Оо, адамдар! Силердин араңардагы Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылууга умтулууну же каапырлыктан жана күнөөлөрдөн кетенчиктөөнүкаалагандар үчүн. كل نفسبما كسبت رهينة

كُلُّ نَفْسٍۭ بِمَا كَسَبَتْ رَهِينَةٌ ﴿٣٨﴾

Ар бир жан кылган иштери себептүү кармалып турат. Же кылган иштери аны жок кылат, же аны кыйроодон куткарып, сактап калат

إِلَّآ أَصْحَـٰبَ ٱلْيَمِينِ ﴿٣٩﴾

Ыймандуулар гана күнөөлөрү үчүн кармалышпайт. Тескерисинче, алар жакшылык иштери себептүү күнөөлөрү кечирилет

فِى جَنَّـٰتٍۢ يَتَسَآءَلُونَ ﴿٤٠﴾

Алар кыямат күнүбейиштерде бири-биринен сурашат

عَنِ ٱلْمُجْرِمِينَ ﴿٤١﴾

Күнөө иштерди кылып өздөрүн кыйроогоучураткан каапырлар тууралуу. ما سلككم فى سقر

مَا سَلَكَكُمْ فِى سَقَرَ ﴿٤٢﴾

Алардан: «Силерди тозокко эмне киргизди?» – деп сурашат

قَالُوا۟ لَمْ نَكُ مِنَ ٱلْمُصَلِّينَ ﴿٤٣﴾

Каапырлар мындай деп жооп беришет:«Биз дүйнө жашоосунда парз намаздыокугандардан эмес элек

وَلَمْ نَكُ نُطْعِمُ ٱلْمِسْكِينَ ﴿٤٤﴾

Жана Аллахбизге берген нерселерден бей-бечаралардытамактандырган эмеспиз

وَكُنَّا نَخُوضُ مَعَ ٱلْخَآئِضِينَ ﴿٤٥﴾

Биз жалганчылар кайда жүрсө,ошолор менен чогужүрдүк жана адашкандар менен сүйлөшчүбүз

وَكُنَّا نُكَذِّبُ بِيَوْمِ ٱلدِّينِ ﴿٤٦﴾

Жана сурак күндүжалган деп айтчубуз. بلغ Куран · Тафсир

حَتَّىٰٓ أَتَىٰنَا ٱلْيَقِينُ ﴿٤٧﴾

Бизге өлүм келгенге чейин аны жалганга чыгаруудан баш тартпадык жана ал бизге тообо кылууга тоскоолдук кылды»

فَمَا تَنفَعُهُمْ شَفَـٰعَةُ ٱلشَّـٰفِعِينَ ﴿٤٨﴾

Кыяматта аларга периштелерден, пайгамбарлардан жана такыба адамдардан болгон шапаат кылуучулардын ортомчулугу пайдасын тийгизбейт. Анткени, шапааттын кабыл болуу шарттарынын бири – шапаат кылына турган адамга ыраазы болуу

فَمَا لَهُمْ عَنِ ٱلتَّذْكِرَةِ مُعْرِضِينَ ﴿٤٩﴾

Бул мушриктердин Курандан жүз буруусуна эмне себеп болду? كأن هم حمر مستنفرة

كَأَنَّهُمْ حُمُرٌۭ مُّسْتَنفِرَةٌۭ ﴿٥٠﴾

Алар жүз бурууда жана андан качууда катуу үркүп качкан жапайыэшектер сыяктуу. فرت من قسورة

فَرَّتْ مِن قَسْوَرَةٍۭ ﴿٥١﴾

Арстандан коркуп качкан сыяктуу

بَلْ يُرِيدُ كُلُّ ٱمْرِئٍۢ مِّنْهُمْ أَن يُؤْتَىٰ صُحُفًۭا مُّنَشَّرَةًۭ ﴿٥٢﴾

Тескерисинче, ал мушриктер ар биринин башында ачык китеп болушун жана ал «Мухаммад – Аллах тараптан келген элчи» деп кабар берүүсүн каалашат. Мунун себеби далилдердин аздыгынан же жоктугунан эмес, чындыгында ал баш ийбестиктен жана текеберликтен

كَلَّا ۖ بَل لَّا يَخَافُونَ ٱلْـَٔاخِرَةَ ﴿٥٣﴾

Абал андай эмес! Мунун себеби алар адашуудан баш тартпаганында. Алар акырет азабына ишенбестен, каапырлыкта калышты

كَلَّآ إِنَّهُۥ تَذْكِرَةٌۭ ﴿٥٤﴾

Чындыгында бул Куран – насыйкат жана эскертме эмеспи!

فَمَن شَآءَ ذَكَرَهُۥ ﴿٥٥﴾

Ким Куранды окуп, насаат алгысы келсе, аны окусун жана насаат алсын. بلغ Куран · Тафсир

وَمَا يَذْكُرُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ ۚ هُوَ أَهْلُ ٱلتَّقْوَىٰ وَأَهْلُ ٱلْمَغْفِرَةِ ﴿٥٦﴾

Бирок Аллах насаат алуусун каалагандар гана насаат алышат. Аллах таала Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштооготатыктуужана тообокылган пенделеринин күнөөлөрүн кечирүүгө да татыктуу. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-Muddaththir — المدثر

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил