يَـٰٓأَيُّهَا ٱلْمُزَّمِّلُ ﴿١﴾
Оо, кийимине оронуп алган (пайгамбар)!
Башкы бет›Тафсир›Al-Muzzammil (73)
Меккелик · 20 аят
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلْمُزَّمِّلُ ﴿١﴾
Оо, кийимине оронуп алган (пайгамбар)!
قُمِ ٱلَّيْلَ إِلَّا قَلِيلًۭا ﴿٢﴾
Түндүн бир аз бөлүгүндө намаз оку
نِّصْفَهُۥٓ أَوِ ٱنقُصْ مِنْهُ قَلِيلًا ﴿٣﴾
Кааласаң, анын жарымын же үчтөн бирине жеткенчелик жарымынан азыраагын намаз оку
أَوْ زِدْ عَلَيْهِ وَرَتِّلِ ٱلْقُرْءَانَ تَرْتِيلًا ﴿٤﴾
Же үчтөн экисине жеткенчилик кош жана Куранды окусаң ачык оку жана аны кыраат кылганда шашылба. إنا سنلقى عليك قولا ثقيلا
إِنَّا سَنُلْقِى عَلَيْكَ قَوْلًۭا ثَقِيلًا ﴿٥﴾
Оо, пайгамбар! Биз сага салмактуу сөз болгон Куранды түшүрөбүз. Анткени анда парздар, жаза өкүмдөрү, өкүм-буйруктар, адептер жана башка нерселер бар
إِنَّ نَاشِئَةَ ٱلَّيْلِ هِىَ أَشَدُّ وَطْـًۭٔا وَأَقْوَمُ قِيلًا ﴿٦﴾
Чындыгында түнкү сааттар кыраат кылууда жүрөккө эң ылайыктуу жана сөздөрү эң туура
إِنَّ لَكَ فِى ٱلنَّهَارِ سَبْحًۭا طَوِيلًۭا ﴿٧﴾
Сен күндүзү жумуштарыңды кылып, Куран окуудан алаксыйсың. Андыктан түндөсү намаз оку
وَٱذْكُرِ ٱسْمَ رَبِّكَ وَتَبَتَّلْ إِلَيْهِ تَبْتِيلًۭا ﴿٨﴾
Аллахты түрдүү зикирлер менен эскер жана чын ыкластан сыйынып өзүңдү Ага арна. بلغ Куран · Тафсир
رَّبُّ ٱلْمَشْرِقِ وَٱلْمَغْرِبِ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ فَٱتَّخِذْهُ وَكِيلًۭا ﴿٩﴾
Ал Чыгыш менен Батыштын Раббиси. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Андыктан Аны бардык иштериңде таянган Колдоочу кылып ал
وَٱصْبِرْ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَٱهْجُرْهُمْ هَجْرًۭا جَمِيلًۭا ﴿١٠﴾
Жана жалганчылардын шылдың жана сөгүш сөздөрүнө сабыр кыл жана аларды эч кандай зыян келтирбестен ташта
وَذَرْنِى وَٱلْمُكَذِّبِينَ أُو۟لِى ٱلنَّعْمَةِ وَمَهِّلْهُمْ قَلِيلًا ﴿١١﴾
Бул дүйнөнүн жыргалчылыгынан ырахат алган жалганчылардын абалына көңүл бурба, аларды Мага ташта жана алардын мөөнөтү келгенге чейин бир аз күт
إِنَّ لَدَيْنَآ أَنكَالًۭا وَجَحِيمًۭا ﴿١٢﴾
Чындыгында акыретте Биздин алдыбызда оор кишендер жана алоолонгон от бар. وطعاما ذا غص ة وعذابا أليما
وَطَعَامًۭا ذَا غُصَّةٍۢ وَعَذَابًا أَلِيمًۭا ﴿١٣﴾
Жана өтө ачуулугунан кекиртекке кептелген тамак-аш менен мурункудан да ашыкча кыйноочу азап бар
يَوْمَ تَرْجُفُ ٱلْأَرْضُ وَٱلْجِبَالُ وَكَانَتِ ٱلْجِبَالُ كَثِيبًۭا مَّهِيلًا ﴿١٤﴾
Ал азап жер жана тоолор титиреген күнү жалганчыларга болот. Тоолор катуу коркунучтан улам бырыксыган жана агылган кумдай болуп калат
إِنَّآ أَرْسَلْنَآ إِلَيْكُمْ رَسُولًۭا شَـٰهِدًا عَلَيْكُمْ كَمَآ أَرْسَلْنَآ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ رَسُولًۭا ﴿١٥﴾
Биз Фараонго Мусаны пайгамбар кылып жиберген сыяктуу кыямат күнү силердин иш-аракеттериңерге күбө болуучу пайгамбарды жибердик
فَعَصَىٰ فِرْعَوْنُ ٱلرَّسُولَ فَأَخَذْنَـٰهُ أَخْذًۭا وَبِيلًۭا ﴿١٦﴾
Фараон Раббиси тараптан ага жиберилген пайгамбарга баш ийбестик кылды, анан Биз аны дүйнөдө сууга чөктүрүп катуу жазаладык жана акыретте тозок азабы менен жазалайбыз. Ошондуктан силер дагы пайгамбарыңарга баш ийбестик кылбагыла, болбосо анын башына түшкөн нерсе силерге да түшөт. بلغ Куран · Тафсир
فَكَيْفَ تَتَّقُونَ إِن كَفَرْتُمْ يَوْمًۭا يَجْعَلُ ٱلْوِلْدَٰنَ شِيبًا ﴿١٧﴾
Эгер силер Аллахка каапырлык кылып, Анын элчисин жалганга чыгарган болсоңор, анда катуу коркунучтан жана узактыгынан жаш балдардын да чачы агарган узак катаал күндө өзүңөрдү кантип коргойсуңар?
ٱلسَّمَآءُ مُنفَطِرٌۢ بِهِۦ ۚ كَانَ وَعْدُهُۥ مَفْعُولًا ﴿١٨﴾
Асман коркунучтан бөлүнүп жарылат. Аллахтын убадасы сөзсүз аткарылды
إِنَّ هَـٰذِهِۦ تَذْكِرَةٌۭ ۖ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ سَبِيلًا ﴿١٩﴾
Чындыгында кыямат күндөгү коркунуч жана катаалдык тууралуу баяндаманы камтыган бул насыйкат – ыймандуулар пайда алуучу эскертме. Кимде-ким Раббисине алып бара турган жолду кааласа, ошол жолго түшсүн
۞ إِنَّ رَبَّكَ يَعْلَمُ أَنَّكَ تَقُومُ أَدْنَىٰ مِن ثُلُثَىِ ٱلَّيْلِ وَنِصْفَهُۥ وَثُلُثَهُۥ وَطَآئِفَةٌۭ مِّنَ ٱلَّذِينَ مَعَكَ ۚ وَٱللَّهُ يُقَدِّرُ ٱلَّيْلَ وَٱلنَّهَارَ ۚ عَلِمَ أَن لَّن تُحْصُوهُ فَتَابَ عَلَيْكُمْ ۖ فَٱقْرَءُوا۟ مَا تَيَسَّرَ مِنَ ٱلْقُرْءَانِ ۚ عَلِمَ أَن سَيَكُونُ مِنكُم مَّرْضَىٰ ۙ وَءَاخَرُونَ يَضْرِبُونَ فِى ٱلْأَرْضِ يَبْتَغُونَ مِن فَضْلِ ٱللَّهِ ۙ وَءَاخَرُونَ يُقَـٰتِلُونَ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ ۖ فَٱقْرَءُوا۟ مَا تَيَسَّرَ مِنْهُ ۚ وَأَقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُوا۟ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَقْرِضُوا۟ ٱللَّهَ قَرْضًا حَسَنًۭا ۚ وَمَا تُقَدِّمُوا۟ لِأَنفُسِكُم مِّنْ خَيْرٍۢ تَجِدُوهُ عِندَ ٱللَّهِ هُوَ خَيْرًۭا وَأَعْظَمَ أَجْرًۭا ۚ وَٱسْتَغْفِرُوا۟ ٱللَّهَ ۖ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۢ ﴿٢٠﴾
ر ى Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң кээде сенин түндүн үчтөн экисинен азыраагын, кээде жарымын, кээде үчтөн бир бөлүгүн намаз окуганыңды билет жана ыймандуулардын тобу да сени менен бирге туруп намаз окушат. Аллах күн менен түндүн өлчөмүн белгилейт жана алардын сааттарын эсептейт. Ал силерди анын сааттарын тактык менен эсебин чыгара албай, ал себептүү силер көздөгөнүңөргө жетиш үчүн анын көпчүлүк бөлүгүн намаз окуп, кыйналып калууңар мүмкүн экенин билди. Ошол себептен Ал силердин тообоңорду кабыл кылды. Андыктан алыңар келишинче түндөсү намаз окугула. Оо, ыймандуулар! Аллах силердин араңарда оорудан чарчаган оорулуулар болушун, кээ бирөөлөр Аллахтын ырыскысын издеп жер кезип жүргөнүн, башкалары болсо Аллахтын сөзү бийик болсун деп Анын ыраазылыгы үчүн каапырлар менен согушуп жатканын билет. Мына ошолорго түнкү намазды окуш кыйын. Андыктан алыңардын келишинче түндөсү намаз окугула, парз намазды талаптагыдай толук аткаргыла, мал- мүлкүңөрдөн зекет бергиле жана Аллах жолуна мал-мүлкүңөрдөн сарптагыла. Өзүңөр үчүн кандай жакшылык кылбагыла, аны эң жакшы жана эң сооптуу абалда табасыңар. Жана Аллахтан кечирим сурагыла. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделеринеКечиримдүү, аларга Ырайымдуу. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз