قُلْ أُوحِىَ إِلَىَّ أَنَّهُ ٱسْتَمَعَ نَفَرٌۭ مِّنَ ٱلْجِنِّ فَقَالُوٓا۟ إِنَّا سَمِعْنَا قُرْءَانًا عَجَبًۭا ﴿١﴾
Оо, пайгамбар! Үммөтүңө айт: «Аллах мага вахий кылды, жиндердин бир жамааты менин Куран окуганымды Нахла өрөөнүндө угушту. Качан алар өз коомуна кайтып келишкенде, аларга айтышты: «Чындыгында биз айкындык жана чечендик менен окулуп жаткан суктанарлык сөздүуктук
يَهْدِىٓ إِلَى ٱلرُّشْدِ فَـَٔامَنَّا بِهِۦ ۖ وَلَن نُّشْرِكَ بِرَبِّنَآ أَحَدًۭا ﴿٢﴾
Биз уккан бул сөз ишенимде, сөздө жана иш-аракетте тууралыкка багыттайт экен. Ошондуктан биз ага ыйман келтирдик жана аныкимдир-бирөөгө түшүргөн Раббибизге ширк кылбайбыз
وَأَنَّهُۥ تَعَـٰلَىٰ جَدُّ رَبِّنَا مَا ٱتَّخَذَ صَـٰحِبَةًۭ وَلَا وَلَدًۭا ﴿٣﴾
Ошондой эле мушриктер айткандай АлӨзүнө эчкандай аялда,перзент да алган эмес.Раббибиздин улуулугужана касиеттүүлүгү бийик болду
وَأَنَّهُۥ كَانَ يَقُولُ سَفِيهُنَا عَلَى ٱللَّهِ شَطَطًۭا ﴿٤﴾
Ал эми Иблис болсо, Аллахтын аялы бар, баласы бар деп Ага каршы бурмаланган жалаа сөздү айтып жүрүптүр
وَأَنَّا ظَنَنَّآ أَن لَّن تَقُولَ ٱلْإِنسُ وَٱلْجِنُّ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًۭا ﴿٥﴾
Биз адамзат менен жиндерден болгон мушриктердин Анын аялы жана баласы бар деген ойлорунда жалган айтышпайт деп ойлогонбуз.Ошондуктан биз алардыээрчип,айткан сөздөрүнө ишенгенбиз
وَأَنَّهُۥ كَانَ رِجَالٌۭ مِّنَ ٱلْإِنسِ يَعُوذُونَ بِرِجَالٍۢ مِّنَ ٱلْجِنِّ فَزَادُوهُمْ رَهَقًۭا ﴿٦﴾
Караңгылык доордо адамзаттан болгон кээ бир эркектер коркунучтуу жерге жайланышканда айрым эркек жиндерден коргоо сурашып, арасынан кээ бири: «Мен бул өрөөндүн кожоюнунан анын коомунун акылсыздарынын зыянынан коргоосураймын»–деп айтчы.Ошентип адамзаттан болгон эркектердин жиндерден болгон эркектерден болгон коркунучу жана сестенүүсү күч алчы
وَأَنَّهُمْ ظَنُّوا۟ كَمَا ظَنَنتُمْ أَن لَّن يَبْعَثَ ٱللَّهُ أَحَدًۭا ﴿٧﴾
Эй, жиндер! Адамзат да силер ойлогондой, Аллах эч кимди өлгөндөн кийин сурак алуу үчүн жана сыйлык-жазасын берүүүчүн кайра тирилтпейт деп ойлогон. بلغ Куран · Тафсир
وَأَنَّا لَمَسْنَا ٱلسَّمَآءَ فَوَجَدْنَـٰهَا مُلِئَتْ حَرَسًۭا شَدِيدًۭا وَشُهُبًۭا ﴿٨﴾
Биз асман кабарларын издедик, бирок асман биз мурунтан кылып жүргөн сөз тыңшоодон аныкоргогон күчтүү күзөтчү периштелерге толгонун жана ал асманга жакындагандардын баарына каршы атылган жалындуу отторго толгонун көрдүк
وَأَنَّا كُنَّا نَقْعُدُ مِنْهَا مَقَـٰعِدَ لِلسَّمْعِ ۖ فَمَن يَسْتَمِعِ ٱلْـَٔانَ يَجِدْ لَهُۥ شِهَابًۭا رَّصَدًۭا ﴿٩﴾
Биз мурун асмандагы атайын орундарга олтуруп, андан периштелердин өз ара сүйлөшкөн сөздөрүн укчубуз. Кийин аныжер бетиндеги көзүачыктарга айтып берет элек.Эми абалөзгөрдү.Арабыздан ким азыр сөз тыңшаган болсо, ал үчүн даярдалган жалындуу отту көрөт. Эгер ал жакындачу болсо, анда аны көздөй учуп, күйгүзүп жок кылат
وَأَنَّا لَا نَدْرِىٓ أَشَرٌّ أُرِيدَ بِمَن فِى ٱلْأَرْضِ أَمْ أَرَادَ بِهِمْ رَبُّهُمْ رَشَدًۭا ﴿١٠﴾
Биз булкатаалкүзөтчүлүктүн себебин билбей жатабыз,мунуменен жер бетиндегилерге жамандык келгени жатабы же Аллахаларга жакшылык каалап жатабы. Бизге болсоасман кабарларытоктотулду
وَأَنَّا مِنَّا ٱلصَّـٰلِحُونَ وَمِنَّا دُونَ ذَٰلِكَ ۖ كُنَّا طَرَآئِقَ قِدَدًۭا ﴿١١﴾
Жиндер жамааты! Биздин арабызда такыба жакшылар бар жана арабызда каапырлар менен бузукулар да бар. Биздин топторубуз ар башка жана каалоолорубуз ар түрдүү эле
وَأَنَّا ظَنَنَّآ أَن لَّن نُّعْجِزَ ٱللَّهَ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَن نُّعْجِزَهُۥ هَرَبًۭا ﴿١٢﴾
Жана Аллах биз үчүн бир нерсе кааласа, биз Андан кутула албастыгыбызды жана Ал бизди толук курчап турганы себептүүАндан качып кете албастыгыбыздыанык түшүндүк
وَأَنَّا لَمَّا سَمِعْنَا ٱلْهُدَىٰٓ ءَامَنَّا بِهِۦ ۖ فَمَن يُؤْمِنۢ بِرَبِّهِۦ فَلَا يَخَافُ بَخْسًۭا وَلَا رَهَقًۭا ﴿١٣﴾
Качан биз тууралыкка жол көргөзгөн Куранды укканда, ага ыйман келтирдик. Кимде-ким Раббисине ыйман келтирсе,анда алжакшылык иштеринин азаюусунан же мурункукүнөөлөрүнө күнөө кошулуусунан коркпойт
وَأَنَّا مِنَّا ٱلْمُسْلِمُونَ وَمِنَّا ٱلْقَـٰسِطُونَ ۖ فَمَنْ أَسْلَمَ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ تَحَرَّوْا۟ رَشَدًۭا ﴿١٤﴾
Биздин арабызда Аллахка сыйынып баш ийген мусулмандары бар жана туура жолдон адашкандары да бар. Кимде-ким Аллахка сыйынып жана жакшылык иштерди кылып моюн сунган болсо,мына ошолор туура жолдужана тууралыкты көздөгөндөр
وَأَمَّا ٱلْقَـٰسِطُونَ فَكَانُوا۟ لِجَهَنَّمَ حَطَبًۭا ﴿١٥﴾
Ал эми ортолук жана туура жолдон адашкандар, адамзаттагы өздөрүнө окшогондор менен тозокко отун болуп күйгөндөр. بلغ Куран · Тафсир
وَأَلَّوِ ٱسْتَقَـٰمُوا۟ عَلَى ٱلطَّرِيقَةِ لَأَسْقَيْنَـٰهُم مَّآءً غَدَقًۭا ﴿١٦﴾
Ал аны жиндердин бир жамааты укту деп вахий кылган сыяктуу ага мындай деп да вахий кылды, эгерде жиндер менен адамзат Ислам жолуна түшүп, андагы нерселерди иш жүзүндө аткарышса, анда Аллах аларды мол суу менен камсыздайт жана аларга түрлүү жакшылыктардытартуулайт
لِّنَفْتِنَهُمْ فِيهِ ۚ وَمَن يُعْرِضْ عَن ذِكْرِ رَبِّهِۦ يَسْلُكْهُ عَذَابًۭا صَعَدًۭا ﴿١٧﴾
Биз муну алар Аллахтын жакшылыгына шүгүр кылышат бекен же аны танып кетишет бекен деп сынаш үчүн кылдык. Ким Курандан жана андагыосуяттардан жүз бурса, Раббиси аныкөтөрө албаган катуу азапка киргизет
وَأَنَّ ٱلْمَسَـٰجِدَ لِلَّهِ فَلَا تَدْعُوا۟ مَعَ ٱللَّهِ أَحَدًۭا ﴿١٨﴾
Мечиттер башкага таандык эмес, Аллахка гана таандык. Андыктан ал жакта Аллах менен катар башкаларга дуба кылбагыла. Болбосочиркөөлөрдөгү жана синагогалардагыжөөттөр менен христиандардай болуп каласыңар
وَأَنَّهُۥ لَمَّا قَامَ عَبْدُ ٱللَّهِ يَدْعُوهُ كَادُوا۟ يَكُونُونَ عَلَيْهِ لِبَدًۭا ﴿١٩﴾
Качан Аллахтын пендеси Мухаммад Нахла өрөөнүндө Раббисине сыйынып жаткан кезде, жиндер анын Куран окуп жатканын угушканда катуутыгылыштан улам биринин үстүнө бири чыгайын деп калды
قُلْ إِنَّمَآ أَدْعُوا۟ رَبِّى وَلَآ أُشْرِكُ بِهِۦٓ أَحَدًۭا ﴿٢٠﴾
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Чындыгында мен Раббиме гана дуба кылам жана ким болбосун, сыйынууда Ага эчкимди шерик кылбайм». ر
قُلْ إِنِّى لَآ أَمْلِكُ لَكُمْ ضَرًّۭا وَلَا رَشَدًۭا ﴿٢١﴾
Аларга айт: «Аллах силерге тагдыр кылган зыянды кайтарууга кудуретим жетпейт жана Аллах силерге тыйып койгон пайданыкелтирүүгө да кудуретим жетпейт»
قُلْ إِنِّى لَن يُجِيرَنِى مِنَ ٱللَّهِ أَحَدٌۭ وَلَنْ أَجِدَ مِن دُونِهِۦ مُلْتَحَدًا ﴿٢٢﴾
Аларга айт: «Эгер мен Ага баш ийбестик кылсам, анда мени Андан эч ким куткара албайт жана мен Андан башка баш калкалоочу жай таппайм»
إِلَّا بَلَـٰغًۭا مِّنَ ٱللَّهِ وَرِسَـٰلَـٰتِهِۦ ۚ وَمَن يَعْصِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَإِنَّ لَهُۥ نَارَ جَهَنَّمَ خَـٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدًا ﴿٢٣﴾
Бирок менин колумдан келген нерсе – Аллахтын силерге жеткир деген буйругун жана мен аркылуу силерге жиберилген жолдомосун жеткирүү. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине баш ийбестик кылса, анда анын тагдыры түбөлүк тозокко кирүү болот, ал андан эч качан чыкпайт». بلغ Куран · Тафсир
حَتَّىٰٓ إِذَا رَأَوْا۟ مَا يُوعَدُونَ فَسَيَعْلَمُونَ مَنْ أَضْعَفُ نَاصِرًۭا وَأَقَلُّ عَدَدًۭا ﴿٢٤﴾
Каапырлар аларга дүйнөдө убада кылынган азапты каямат күнү көргөнгө чейин каапырлыктарын уланта беришет. Ошол кезде алар кимдин колдоочусу алсыз экенин жана кимдин жардамчыларыаз экенин билишет
قُلْ إِنْ أَدْرِىٓ أَقَرِيبٌۭ مَّا تُوعَدُونَ أَمْ يَجْعَلُ لَهُۥ رَبِّىٓ أَمَدًا ﴿٢٥﴾
Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү жокко чыгарган мушриктерге айт: «Силерге убада кылынган азап жакын калганын же анын Аллахгана билген мөөнөтү барбы, мен билбеймин»
عَـٰلِمُ ٱلْغَيْبِ فَلَا يُظْهِرُ عَلَىٰ غَيْبِهِۦٓ أَحَدًا ﴿٢٦﴾
Ал бүт кайыпты Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал кайыпты эч кимге билдирбейт. Тескерисинче, аныжеке Өзү гана билген абалда калат
إِلَّا مَنِ ٱرْتَضَىٰ مِن رَّسُولٍۢ فَإِنَّهُۥ يَسْلُكُ مِنۢ بَيْنِ يَدَيْهِ وَمِنْ خَلْفِهِۦ رَصَدًۭا ﴿٢٧﴾
Бирок, Ал Өзү ыраазы болгон пайгамбарларга гана каалаганын билдирет. Ошондой эле Ал пайгамбардын алды- артынан сакчыпериштелерди жиберет, алар аныбашка эч кимге билдирбей коргойт. ليعلمأن قد أبلغوارسلت ربهم وأحاط بما لديهم وأحص كل شىءعددا
لِّيَعْلَمَ أَن قَدْ أَبْلَغُوا۟ رِسَـٰلَـٰتِ رَبِّهِمْ وَأَحَاطَ بِمَا لَدَيْهِمْ وَأَحْصَىٰ كُلَّ شَىْءٍ عَدَدًۢا ﴿٢٨﴾
Пайгамбар төмөнкүлөрдү билиш үчүн: андан мурунку пайгамбарлар Раббисинин аларга жеткир деп буйруган жолдомолорун жеткиришти. Анткени Аллах ал аркылуу аларды камкордукка алды жана Аллах периштелер менен пайгамбарлардын алдындагынерсени Өз илими менен камтып алды. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран