Башкы бетТафсирNooh (71)

Тафсир Nooh (71) — نوح

Меккелик · 28 аят

Окуу · УгууPDF файл

إِنَّآ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوْمِهِۦٓ أَنْ أَنذِرْ قَوْمَكَ مِن قَبْلِ أَن يَأْتِيَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ ﴿١﴾

Биз Нухту коомун чакырыш үчүн, аларга Аллахка ширк кылгандары себептүү кыйноочу азап келерден мурун эскерткин деп жибердик. قال يقوم إنى لكم نذيرمبين

قَالَ يَـٰقَوْمِ إِنِّى لَكُمْ نَذِيرٌۭ مُّبِينٌ ﴿٢﴾

Нух коомуна айтты: «Оо, элим! Эгерде Аллахка тообо кылбасаңар, мен силерди күткөн азапты анык эскертүүчүмүн

أَنِ ٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ وَٱتَّقُوهُ وَأَطِيعُونِ ﴿٣﴾

Менин силерге болгон эскертмемдин талабы мындайча: «Аллахка гана сыйынгыла, Ага эч нерсени шерик кылбагыла, Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен буйруган нерселерде мага баш ийгиле

يَغْفِرْ لَكُم مِّن ذُنُوبِكُمْ وَيُؤَخِّرْكُمْ إِلَىٰٓ أَجَلٍۢ مُّسَمًّى ۚ إِنَّ أَجَلَ ٱللَّهِ إِذَا جَآءَ لَا يُؤَخَّرُ ۖ لَوْ كُنتُمْ تَعْلَمُونَ ﴿٤﴾

Эгер силер мунуаткарсаңар,Аллахсилердин пенделердин укуктарына байланышпаган күнөөлөрүңөрдүкечирет, силердин үммөтүңөрдүн жашоодогу мөөнөтүн Аллахтын илиминде белгиленген убакытка чейин узартат. Силер ушул абалдан тайбасаңар, жер бетин гүлдөтөсүңөр. Чындыгында өлүм келген кезде ал кечиктирилбейт. Эгерде силер билгениңерде, анда Аллахка ыйман келтирүүгө жана силер кылган ширктен жана адашуудан тообо кылмаксыңар». قال رب إنى دعوت قومى ليلا ونهارا

قَالَ رَبِّ إِنِّى دَعَوْتُ قَوْمِى لَيْلًۭا وَنَهَارًۭا ﴿٥﴾

Нух айтты: «Оо, Раббим! Мен элимди күнү-түнү тынбастан Сага ибадат кылууга жана Сага гана сыйынууга чакырдым

فَلَمْ يَزِدْهُمْ دُعَآءِىٓ إِلَّا فِرَارًۭا ﴿٦﴾

Бирок менин дааватым алардын качуусун жана мен чакырган нерседен алыстоосун гана күчөттү

وَإِنِّى كُلَّمَا دَعَوْتُهُمْ لِتَغْفِرَ لَهُمْ جَعَلُوٓا۟ أَصَـٰبِعَهُمْ فِىٓ ءَاذَانِهِمْ وَٱسْتَغْشَوْا۟ ثِيَابَهُمْ وَأَصَرُّوا۟ وَٱسْتَكْبَرُوا۟ ٱسْتِكْبَارًۭا ﴿٧﴾

Мен аларды Сага гана ибадат кылуу, Сага жана Сенин элчиңе моюн сунуу сыяктуу алардын күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болгон нерселерге чакырган сайын, алар менин чакырыгымды укпаш үчүн манжаларын кулактарына тыгып,мени көрбөш үчүн беттерин кийимдери менен жаап,ширк кылуунууланта беришти жана мен аларды чакырган нерсени кабыл алып, ага баш ийүүдөн текеберленишти. بلغ Куран · Тафсир ثم إنى دعوتهم جهارا

ثُمَّ إِنِّى دَعَوْتُهُمْ جِهَارًۭا ﴿٨﴾

Оо,Раббим!Кийин мен алардыачык түрдө чакырдым

ثُمَّ إِنِّىٓ أَعْلَنتُ لَهُمْ وَأَسْرَرْتُ لَهُمْ إِسْرَارًۭا ﴿٩﴾

Кийин мен аларга дааватым түрдүүыкмада болсун деп үнүмдүбийик чыгарып да,жай чыгарып да даават кылдым жана жашыруун сыр кылып да айттым

فَقُلْتُ ٱسْتَغْفِرُوا۟ رَبَّكُمْ إِنَّهُۥ كَانَ غَفَّارًۭا ﴿١٠﴾

Аларга айттым: «Оо, элим! Раббиңерге тообо кылып, Андан кечирим сурагыла. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү

يُرْسِلِ ٱلسَّمَآءَ عَلَيْكُم مِّدْرَارًۭا ﴿١١﴾

Эгерде силер муну аткарсаңар, Аллах силер муктаж болгон сайын нөшөрлөгөн жамгыр жаадырат жана силерде кургакчылык болбойт. ويمددكم بأمول وبنين ويجعل ل كم جنت ويجعل ل كم أنهرا

وَيُمْدِدْكُم بِأَمْوَٰلٍۢ وَبَنِينَ وَيَجْعَل لَّكُمْ جَنَّـٰتٍۢ وَيَجْعَل لَّكُمْ أَنْهَـٰرًۭا ﴿١٢﴾

Жана силерге көп мал-мүлк жана бала-чака берет, силер мөмө-жемишинен жеген бакчалардыкылат жана силер ичүү үчүн жана жерлериңерди, малдарыңарды сугаруу үчүн дарыяларды кылат. ما لكم لا ترجون لله وقارا

مَّا لَكُمْ لَا تَرْجُونَ لِلَّهِ وَقَارًۭا ﴿١٣﴾

Оо, элим! Эмне үчүн силер эч нерсеге карабай Аллахка баш ийбестик кылып, Анын улуулугунан коркпой жатасыңар? وقد خلقكم أطوارا

وَقَدْ خَلَقَكُمْ أَطْوَارًا ﴿١٤﴾

Алсилерди белсуудан,кийин уюган кандан,кийин үзүм эттен этап-этабыменен жаратты

أَلَمْ تَرَوْا۟ كَيْفَ خَلَقَ ٱللَّهُ سَبْعَ سَمَـٰوَٰتٍۢ طِبَاقًۭا ﴿١٥﴾

Аллахжети асманды,асман үстүнө асман кылып кантип жаратканын көрбөй жатасыңарбы?

وَجَعَلَ ٱلْقَمَرَ فِيهِنَّ نُورًۭا وَجَعَلَ ٱلشَّمْسَ سِرَاجًۭا ﴿١٦﴾

Дүйнө асманына Айдыжайгаштырды, андан жердин жашоочуларына нур чачырайт. Ал эми Күндү жарык кылды. بلغ Куран · Тафсир

وَٱللَّهُ أَنۢبَتَكُم مِّنَ ٱلْأَرْضِ نَبَاتًۭا ﴿١٧﴾

Аллах түпкү атаңар Адамды топурактан жаратуу менен силерди жерден жаратты. Кийин силер ал өстүрүп чыгарган нерселер менен азыктанасыңар. ثم يعيدكم فيها ويخرجكم إخراجا

ثُمَّ يُعِيدُكُمْ فِيهَا وَيُخْرِجُكُمْ إِخْرَاجًۭا ﴿١٨﴾

Андан соңсилерди өлүмдөн кийин кайра ага кайтарат.Кийин андан кайра тирилтип чыгарат

وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُمُ ٱلْأَرْضَ بِسَاطًۭا ﴿١٩﴾

Аллах силер үчүн жерди жашоого ылайыктуу тегиз кылды. لتسلكوامنها سبلا فجاجا

لِّتَسْلُكُوا۟ مِنْهَا سُبُلًۭا فِجَاجًۭا ﴿٢٠﴾

Балким силер адал ырыскы издеш үчүн андагы кенен жолдордо жүрөсүңөр

قَالَ نُوحٌۭ رَّبِّ إِنَّهُمْ عَصَوْنِى وَٱتَّبَعُوا۟ مَن لَّمْ يَزِدْهُ مَالُهُۥ وَوَلَدُهُۥٓ إِلَّا خَسَارًۭا ﴿٢١﴾

Нух айтты: «Оо, Раббим! Чындыгында коомум жалгыз Сага сыйынуу жана Өзүңө гана ибадат кылуу сыяктуу мен аларды буйруган нерселерге баш ийбестик кылышты жана арасыңдагы төмөн адамдар Сен байлык жана бала- чака берген башчыларын ээрчип кетишти. Алар болсо Сенин берген жакшылыктарың менен алардын адашууларын кайра күчөттү. ومكروا مكرا كبارا

وَمَكَرُوا۟ مَكْرًۭا كُبَّارًۭا ﴿٢٢﴾

Алардын чоңдору төмөн адамдарды Нухка каршы тукуруп,د чоң айла-амал кылышты. وقالوالا تذرن ءالهتكم ولا تذرن و اولا سواعا ولا يغوث ويعوق ونسرا

وَقَالُوا۟ لَا تَذَرُنَّ ءَالِهَتَكُمْ وَلَا تَذَرُنَّ وَدًّۭا وَلَا سُوَاعًۭا وَلَا يَغُوثَ وَيَعُوقَ وَنَسْرًۭا ﴿٢٣﴾

Аларды ээрчигендерге айтышты: «Кудайларыңарга сыйынганды таштабагыла жана силердин айкелдериңер Вадды, Сувааны, Ягусту, Яукту жана Насрды таштабагыла»

وَقَدْ أَضَلُّوا۟ كَثِيرًۭا ۖ وَلَا تَزِدِ ٱلظَّـٰلِمِينَ إِلَّا ضَلَـٰلًۭا ﴿٢٤﴾

Алар бул айкелдери менен көптөгөн адамдардыадаштырды. Оо, Раббим! Каапырлыктан жана күнөөлөрдөн баш тартпай өздөрүнө зулумдук кылгандардын акыйкаттан адашуусун көбөйт

مِّمَّا خَطِيٓـَٔـٰتِهِمْ أُغْرِقُوا۟ فَأُدْخِلُوا۟ نَارًۭا فَلَمْ يَجِدُوا۟ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ أَنصَارًۭا ﴿٢٥﴾

Алар кылган күнөөлөрү себептүү дүйнөдө топон сууга чөктүрүлдү. Анан өлүмдөн кийин түз тозоккокиргизилип, алардычөгүүдөн жана тозоктон куткарганга Аллахтан башка эч бир жардамчытабышпады. بلغ Куран · Тафсир

وَقَالَ نُوحٌۭ رَّبِّ لَا تَذَرْ عَلَى ٱلْأَرْضِ مِنَ ٱلْكَـٰفِرِينَ دَيَّارًا ﴿٢٦﴾

Качан АллахНухка буга чейин ыйман келтиргендерден башка эчким ыйман келтирбейт деп кабар бергенде,ал айтты: «Оо, Раббим!Жер бетинде айланган же кыбыр эткен бир да каапырдыкалтырба

إِنَّكَ إِن تَذَرْهُمْ يُضِلُّوا۟ عِبَادَكَ وَلَا يَلِدُوٓا۟ إِلَّا فَاجِرًۭا كَفَّارًۭا ﴿٢٧﴾

Раббибиз! Эгерде Сен аларды таштап, аларга мөөнөт берсең, ыймандуу пенделериңди адаштырышат жана Сага моюн сунбаган, жакшылыктарыңа шүгүр кылбай, каапырлыкты катуу карманган бузуку адамдарды төрөшөт

رَّبِّ ٱغْفِرْ لِى وَلِوَٰلِدَىَّ وَلِمَن دَخَلَ بَيْتِىَ مُؤْمِنًۭا وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَٱلْمُؤْمِنَـٰتِ وَلَا تَزِدِ ٱلظَّـٰلِمِينَ إِلَّا تَبَارًۢا ﴿٢٨﴾

Раббим!Менин күнөөлөрүмдүкечир,ата-энемдин күнөөлөрүн кечир,менин үйүмө ыймандууболуп киргендерди кечир жана ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардыкечир». Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Nooh — نوح

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил