Башкы бетТафсирAl-Ma'aarij (70)

Тафсир Al-Ma'aarij (70) — المعارج

Меккелик · 44 аят

Окуу · УгууPDF файл

سَأَلَ سَآئِلٌۢ بِعَذَابٍۢ وَاقِعٍۢ ﴿١﴾

Мушриктерден бир суроочу адам, эгер бул азап боло турган болсо, мага жана элиме азап болсунчу деп сурады. Бул анын шылдыңы болчу. Ал кыямат күнү болот. للكفرين ليس له دافع

لِّلْكَـٰفِرِينَ لَيْسَ لَهُۥ دَافِعٌۭ ﴿٢﴾

Аллахка каапырлык кылгандарга. Ал азапты эч ким кайтара албайт

مِّنَ ٱللَّهِ ذِى ٱلْمَعَارِجِ ﴿٣﴾

Ал бийиктик, даражалар, артыкчылыктар жана жакшылыктар Ээси Аллах тараптан

تَعْرُجُ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ إِلَيْهِ فِى يَوْمٍۢ كَانَ مِقْدَارُهُۥ خَمْسِينَ أَلْفَ سَنَةٍۢ ﴿٤﴾

Кыямат күнү периштелер Ага көтөрүлөт жана Жебреил да ошол даражаларда болот. Ал узактыгы элүү миң жылга барабар узак күн

فَٱصْبِرْ صَبْرًۭا جَمِيلًا ﴿٥﴾

Оо, пайгамбар! Эч кандай коркунуч жана арыз-муң болбогон сабырдуулук менен сабыр кыл. إن هم يرونه بعيدا

إِنَّهُمْ يَرَوْنَهُۥ بَعِيدًۭا ﴿٦﴾

Алар бул азаптыболушу мүмкүн эместей алыс деп эсептешет. ونرىه قريبا

وَنَرَىٰهُ قَرِيبًۭا ﴿٧﴾

Биз болсоанын анык болоруна жакын калганын көрүп турабыз

يَوْمَ تَكُونُ ٱلسَّمَآءُ كَٱلْمُهْلِ ﴿٨﴾

Ал күндө асман эритилген жез, алтын же башка сыяктууболот

وَتَكُونُ ٱلْجِبَالُ كَٱلْعِهْنِ ﴿٩﴾

Тоолор болсожүндөй үлпүлдөк болуп калат. بلغ Куран · Тафсир ولا يسٔل حميمحميما

وَلَا يَسْـَٔلُ حَمِيمٌ حَمِيمًۭا ﴿١٠﴾

Жакын жакынынын акыбалын сурабайт.Анткени ар бири өзүменен гана алек болуп калат

يُبَصَّرُونَهُمْ ۚ يَوَدُّ ٱلْمُجْرِمُ لَوْ يَفْتَدِى مِنْ عَذَابِ يَوْمِئِذٍۭ بِبَنِيهِ ﴿١١﴾

Ар бир адам өз жакынын көрөт,алага жашыруун болбойт.Ага карабастан алжердеги коркунучтан улам эчким эч кимди сурабайт. Тозоккотатыктуу адам өзүнүн ордуна балдарын берүүнү каалайт. وصحبته وأخيه

وَصَـٰحِبَتِهِۦ وَأَخِيهِ ﴿١٢﴾

Аялын жана ага-инилерин садага чапкысыкелет

وَفَصِيلَتِهِ ٱلَّتِى تُـْٔوِيهِ ﴿١٣﴾

Кыйынчылыктарда аныменен бирге турган жакын туугандарын өзүнүн атынан садага чапкысыкелет

وَمَن فِى ٱلْأَرْضِ جَمِيعًۭا ثُمَّ يُنجِيهِ ﴿١٤﴾

Жер бетиндеги бүткүл адамзат жана жиндерди садага чапкысы келет. Анан ошол садагасын берип, өзүн тозок азабынан куткарууну каалайт

كَلَّآ ۖ إِنَّهَا لَظَىٰ ﴿١٥﴾

Абалалкүнөөкөр эңсегендей эмес!Алакыреттин алоолонуп жалындаган тозогу. نزاعة للش و

نَزَّاعَةًۭ لِّلشَّوَىٰ ﴿١٦﴾

Анын катууысыктыгынан жана жалынынан баш териси шылынып түшөт. تدعوا من أدبر وتولى

تَدْعُوا۟ مَنْ أَدْبَرَ وَتَوَلَّىٰ ﴿١٧﴾

Ал акыйкаттан баш тарткандарды, андан алыстаткандарды, ага ыйман келтирбегендерди жана аны иш жүзүндө аткарбагандарды чакырат

وَجَمَعَ فَأَوْعَىٰٓ ﴿١٨﴾

Жана байлык жыйнап, андан Аллах жолуна сарптоогосараңдык кылгандардычакырат

۞ إِنَّ ٱلْإِنسَـٰنَ خُلِقَ هَلُوعًا ﴿١٩﴾

Чындыгында инсан өтө ачкөз болуп жаратылган. بلغ Куран · Тафсир

إِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ جَزُوعًۭا ﴿٢٠﴾

Эгер алоорудан же кедейликтен зыян тартса,аз сабыр кылат

وَإِذَا مَسَّهُ ٱلْخَيْرُ مَنُوعًا ﴿٢١﴾

Эгер ал түшүмдүүлүк же байлык сыяктуу ага жаккан нерсеге жетсе, аны Аллах жолуна сарптагысы келбей катуулук кылат

إِلَّا ٱلْمُصَلِّينَ ﴿٢٢﴾

Намаз окугандар гана андай эмес.Алар мындай айыптуусыпаттардан таза

ٱلَّذِينَ هُمْ عَلَىٰ صَلَاتِهِمْ دَآئِمُونَ ﴿٢٣﴾

Алар намаздарын такай окушат,андан алаксышпайтق жана аныбелгиленген убактысында аткарышат

وَٱلَّذِينَ فِىٓ أَمْوَٰلِهِمْ حَقٌّۭ مَّعْلُومٌۭ ﴿٢٤﴾

Алардын мал-мүлкүндө парз болгон белгилүү өлчөмдөгү үлүш бар

لِّلسَّآئِلِ وَٱلْمَحْرُومِ ﴿٢٥﴾

Алар аныкандай себеп болбосун, ырыскыдан куру калып сурагандарга жана сурабагандарга беришет

وَٱلَّذِينَ يُصَدِّقُونَ بِيَوْمِ ٱلدِّينِ ﴿٢٦﴾

Алар кыямат күнүн чындык деп тастыкташат. Ал күнү Аллах ар бир адамга өзүнө татыктуу сыйлыкты же жазаны берет

وَٱلَّذِينَ هُم مِّنْ عَذَابِ رَبِّهِم مُّشْفِقُونَ ﴿٢٧﴾

Алар кылган жакшылык иштерине карабастан,Раббисинин азабынан коркушат. إن عذاب ربهم غيرمأمون

إِنَّ عَذَابَ رَبِّهِمْ غَيْرُ مَأْمُونٍۢ ﴿٢٨﴾

Чындыгында Раббиңдин азабы коркунучтуу, андан эч бир акылдуу коопсуз боло албайт

وَٱلَّذِينَ هُمْ لِفُرُوجِهِمْ حَـٰفِظُونَ ﴿٢٩﴾

Алар жыныс мүчөлөрүн жабуу жана бузукулуктан алыс кылуу менен сакташат. بلغ Куран · Тафсир

إِلَّا عَلَىٰٓ أَزْوَٰجِهِمْ أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَـٰنُهُمْ فَإِنَّهُمْ غَيْرُ مَلُومِينَ ﴿٣٠﴾

Аялдарынан же кол астындагы күңдөрүнөн гана сакташпайт. Алар менен жыныстык мамиле же башка нерселерди кылып ырахат алууда айыптууэмес

فَمَنِ ٱبْتَغَىٰ وَرَآءَ ذَٰلِكَ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْعَادُونَ ﴿٣١﴾

Ким жогоруда айтылгандай аялдарыменен күндөрүнөн башкадан ырахат алуунукааласа,мына ошолор Аллахтын чектеринен чыккандар

وَٱلَّذِينَ هُمْ لِأَمَـٰنَـٰتِهِمْ وَعَهْدِهِمْ رَٰعُونَ ﴿٣٢﴾

Алар өздөрүнө аманат кылынган мал-мүлктүжана сырларды,ошондой эле адамдар менен түзгөн келишимдерди бекем сактагандар.Алар аманаттарына кыянаттык кылыштпайт жана келишимдерин бузушпайт

وَٱلَّذِينَ هُم بِشَهَـٰدَٰتِهِمْ قَآئِمُونَ ﴿٣٣﴾

Алар берген күбөлүктөрүн талаптагыдай аткаргандар. Күбө болууга туугандык да, душмандык да таасир берген эмес

وَٱلَّذِينَ هُمْ عَلَىٰ صَلَاتِهِمْ يُحَافِظُونَ ﴿٣٤﴾

Алар намаздарын өз убагында окуп, даарат жана бейпилдик менен сактагандар. Аларды андан эч нерсе алаксытпайт

أُو۟لَـٰٓئِكَ فِى جَنَّـٰتٍۢ مُّكْرَمُونَ ﴿٣٥﴾

Мына ушундай сыпаттардагы адамдар – бейиштерде түбөлүк жыргалчылыкка туш болуп жана Аллахтын асыл Жүзүн көрүп сыйга бөлөнгөндөр

فَمَالِ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ قِبَلَكَ مُهْطِعِينَ ﴿٣٦﴾

Оо, пайгамбар! Сени жалганга чыгарууга далбастаган коомуңдагы мушриктерди сенин айланаңа чогулууга эмне түрткү берди?

عَنِ ٱلْيَمِينِ وَعَنِ ٱلشِّمَالِ عِزِينَ ﴿٣٧﴾

Алар сени оңтарабыңдан,солтарабыңдан топ-топ болуп тегеректеп алышкан

أَيَطْمَعُ كُلُّ ٱمْرِئٍۢ مِّنْهُمْ أَن يُدْخَلَ جَنَّةَ نَعِيمٍۢ ﴿٣٨﴾

Алар каапырлыкта болуп туруп, Аллахтан ар бирин түбөлүктүү жыргалчылыкта ырахаттанган жыргалчылык бейишине киргизүүнү үмүт кылышабы? بلغ Куран · Тафсир

كَلَّآ ۖ إِنَّا خَلَقْنَـٰهُم مِّمَّا يَعْلَمُونَ ﴿٣٩﴾

Абал алар элестеткендей эмес. Биз аларды өздөрү билген нерседен жараттык. Аларды жийиркеничтүү суудан жаратканбыз. Алар өздөрүнө пайда да, зыян да келтире албагандай алсыз эле. Эми кандайча текеберленип жатышат?

فَلَآ أُقْسِمُ بِرَبِّ ٱلْمَشَـٰرِقِ وَٱلْمَغَـٰرِبِ إِنَّا لَقَـٰدِرُونَ ﴿٤٠﴾

Чыгыштын, батыштын, Күндүн, Айдын жана башка планеталардын Раббиси болгон Аллах Өзү менен касам ичип: Биз Кудуреттүүбүз

عَلَىٰٓ أَن نُّبَدِّلَ خَيْرًۭا مِّنْهُمْ وَمَا نَحْنُ بِمَسْبُوقِينَ ﴿٤١﴾

аларды Аллахка моюн сунгандар менен алмаштырып коюуга жана аларды жок кылууга. Биз буга алсыз эмеспиз жана качан Биз алардыжок кылууну жана башкаларга алмаштырууну кааласак, эч ким Бизге үстөм кыла албайт

فَذَرْهُمْ يَخُوضُوا۟ وَيَلْعَبُوا۟ حَتَّىٰ يُلَـٰقُوا۟ يَوْمَهُمُ ٱلَّذِى يُوعَدُونَ ﴿٤٢﴾

Оо, пайгамбар! Аларды ошол жалганга жана адашууга баткан абалдарында таштап кой. Алар Куранда убада кылынган кыямат күнүнө жолукканга чейин дүйнө жашоолорунда ойноп жүрө беришсин

يَوْمَ يَخْرُجُونَ مِنَ ٱلْأَجْدَاثِ سِرَاعًۭا كَأَنَّهُمْ إِلَىٰ نُصُبٍۢ يُوفِضُونَ ﴿٤٣﴾

Ошолкүнүалар желекке карай жарышкан сыяктуукабырларынан шашылып чыгышат

خَـٰشِعَةً أَبْصَـٰرُهُمْ تَرْهَقُهُمْ ذِلَّةٌۭ ۚ ذَٰلِكَ ٱلْيَوْمُ ٱلَّذِى كَانُوا۟ يُوعَدُونَ ﴿٤٤﴾

Көздөрү жер карап, алардыкордук басат. Бул аларга дүйнөдө убада кылынган күн. Алар ага көңүл бурушкан эмес. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-Ma'aarij — المعارج

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил