Башкы бетТафсирAn-Najm (53)

Тафсир An-Najm (53) — النجم

Меккелик · 62 аят

Окуу · УгууPDF файл

وَٱلنَّجْمِ إِذَا هَوَىٰ ﴿١﴾

Аллахкулаган жылдыз менен ант берди. ما ضل صاحبكم وما غو

مَا ضَلَّ صَاحِبُكُمْ وَمَا غَوَىٰ ﴿٢﴾

Аллахтын элчиси Мухаммад акыйкат жолдон тайган эмес жана адашкан да эмес,алтуура жолдо

وَمَا يَنطِقُ عَنِ ٱلْهَوَىٰٓ ﴿٣﴾

Жана ал бул Куранды өз каалоосуна ээрчип сүйлөбөйт. إن هو إ ل اوحى يوحى

إِنْ هُوَ إِلَّا وَحْىٌۭ يُوحَىٰ ﴿٤﴾

Бул Куран – Аллах ага Жебреил периште аркылуу түшүргөн вахий гана

عَلَّمَهُۥ شَدِيدُ ٱلْقُوَىٰ ﴿٥﴾

Аны ага абдан кубаттуу Жебреил периште үйрөткөн

ذُو مِرَّةٍۢ فَٱسْتَوَىٰ ﴿٦﴾

Жебреил сулуу келбет ээси, ал пайгамбарга Аллах аныжараткан келбетте пайда болуп тике турду

وَهُوَ بِٱلْأُفُقِ ٱلْأَعْلَىٰ ﴿٧﴾

Жана Жебреиласмандын бийик мейкиндигинде. ثم دنا فتدلى

ثُمَّ دَنَا فَتَدَلَّىٰ ﴿٨﴾

Андан соң Жебреил пайгамбарга жакындады, кийин дагы жакындады. فكان قاب قوسين أو أدنى

فَكَانَ قَابَ قَوْسَيْنِ أَوْ أَدْنَىٰ ﴿٩﴾

Анын ага жакындыгыэки жаанын өлчөмүндөй же андан да жакын болду

فَأَوْحَىٰٓ إِلَىٰ عَبْدِهِۦ مَآ أَوْحَىٰ ﴿١٠﴾

Анан ЖебреилАллахтын кулуМухаммадга вахий кылды. بلغ Куран · Тафсир

مَا كَذَبَ ٱلْفُؤَادُ مَا رَأَىٰٓ ﴿١١﴾

Мухаммаддын жүрөгүкөзүменен көргөн нерсени жалганга чыгарган жок. أفتمرونه عل ما ير

أَفَتُمَـٰرُونَهُۥ عَلَىٰ مَا يَرَىٰ ﴿١٢﴾

Эй, мушриктер! Ал асманга көтөрүлгөн түнү Аллах ага көргөзгөн нерселер тууралуу талашып тартышасыңарбы? ولقد رءاه نزلةأخر

وَلَقَدْ رَءَاهُ نَزْلَةً أُخْرَىٰ ﴿١٣﴾

Мухаммад асманга көтөрүлгөн түнү Жебрейилди дагыбир жолу өз келбетинде көрдү

عِندَ سِدْرَةِ ٱلْمُنتَهَىٰ ﴿١٤﴾

Жетинчи асмандагыэбегейсиз чоң дарак Сидра аль-Мунтаханын алдында

عِندَهَا جَنَّةُ ٱلْمَأْوَىٰٓ ﴿١٥﴾

Анын алдында Маъва бейиши бар

إِذْ يَغْشَى ٱلسِّدْرَةَ مَا يَغْشَىٰ ﴿١٦﴾

Капыстан Аллахтын буйругуменен Сидраныбир улуунерсе ороп алды.Анын акыйкатын Аллахгана билет

مَا زَاغَ ٱلْبَصَرُ وَمَا طَغَىٰ ﴿١٧﴾

Мухаммаддын көздөрүоңгө да,солгода бурулган жок жана албелгиленген чектен да ашкан жок

لَقَدْ رَأَىٰ مِنْ ءَايَـٰتِ رَبِّهِ ٱلْكُبْرَىٰٓ ﴿١٨﴾

Мухаммад асманга көтөрүлгөн түнү Раббисинин кудуреттүлүгүн билдирген улуу аят-белгилерди көрдү, бейиш менен тозокту көрдү жана алардан башкасын да көрдү

أَفَرَءَيْتُمُ ٱللَّـٰتَ وَٱلْعُزَّىٰ ﴿١٩﴾

Эй,мушриктер!Силер Аллахтан башка сыйынган Лат менен Узза айкелдерин көрбөдүңөрбү?

وَمَنَوٰةَ ٱلثَّالِثَةَ ٱلْأُخْرَىٰٓ ﴿٢٠﴾

Жана силердин айкелдериңердин үчүнчүсү Манатты дагы. Айткылачы мага, алар силерге пайда же зыян келтире алдыбы? بلغ Куран · Тафсир

أَلَكُمُ ٱلذَّكَرُ وَلَهُ ٱلْأُنثَىٰ ﴿٢١﴾

Эй, мушриктер! Силерге өзүңөр жакшыкөргөн уул балдар, ал эми жаман көргөн кыз балдар Аллахка таандыкпы?

تِلْكَ إِذًۭا قِسْمَةٌۭ ضِيزَىٰٓ ﴿٢٢﴾

Өз каалооңоргокарап мындай бөлгөнүңөр адилетсиз бөлүү

إِنْ هِىَ إِلَّآ أَسْمَآءٌۭ سَمَّيْتُمُوهَآ أَنتُمْ وَءَابَآؤُكُم مَّآ أَنزَلَ ٱللَّهُ بِهَا مِن سُلْطَـٰنٍ ۚ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَمَا تَهْوَى ٱلْأَنفُسُ ۖ وَلَقَدْ جَآءَهُم مِّن رَّبِّهِمُ ٱلْهُدَىٰٓ ﴿٢٣﴾

Бул айкелдер жөн гана маанисиз аталыштар. Алар кудайлык сыпаттарга ээ эмес. Аларды өзүңөр жана ата- бабаларыңар эле атап алгансыңар. Аллах буга эч кандай далил түшүргөн эмес. Мушриктер өз ишенимдеринде божомолго гана ээрчишет жана шайтан алардын жүрөктөрүндө кооз кылып көргөзгөн нерселерди каалашат. Аларга пайгамбардын тилинде Раббиси тараптан акыйкат келди.Бирок алар алжолготүшүшкөн жок. أم للإنسن ما تمن

أَمْ لِلْإِنسَـٰنِ مَا تَمَنَّىٰ ﴿٢٤﴾

Же инсан үчүн Аллахтын алдында алкаалагандай айкелдердин шапаатыбар бекен?

فَلِلَّهِ ٱلْـَٔاخِرَةُ وَٱلْأُولَىٰ ﴿٢٥﴾

Жок! Анын каалаганыболбойт. Акырет жана дүйнө жалгыз Аллахка таандык. Алардан Өзү каалаган нерсесин берет, каалабаган нерсесин бербейт

۞ وَكَم مِّن مَّلَكٍۢ فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ لَا تُغْنِى شَفَـٰعَتُهُمْ شَيْـًٔا إِلَّا مِنۢ بَعْدِ أَن يَأْذَنَ ٱللَّهُ لِمَن يَشَآءُ وَيَرْضَىٰٓ ﴿٢٦﴾

Асмандарда канчалаган периштелер бар, алардын шапааты эч пайда келтирбейт. Эгерде алар кимдир бирөөгө шапаат кылууну каалашса, анда Аллах Өзү каалагандарга шапаат кылууга уруксат берип жана шапаат кылынгандарга ыраазыболгондон кийин гана шапаат кыла алышат. Аллах шерик кылынгандарга эч качан шапаат кылууга уруксат бербейт жана Аллахтан башка ага сыйынгандардан эч качан ыраазыболбойт

إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ لَيُسَمُّونَ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةَ تَسْمِيَةَ ٱلْأُنثَىٰ ﴿٢٧﴾

Акыреттеги тирилүүгө ыйман келтирбегендер периштелерди Аллахтын кыздарыдеген ишенимден улам аларды аялдардын аттарыменен аташат.Аллахалардын айткан сөздөрүнөн жогорутурат

وَمَا لَهُم بِهِۦ مِنْ عِلْمٍ ۖ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ ۖ وَإِنَّ ٱلظَّنَّ لَا يُغْنِى مِنَ ٱلْحَقِّ شَيْـًۭٔا ﴿٢٨﴾

Периштелерди аялдардын аттары менен атоодо алардын таянар илими жок. Алар бул нерседе божомол жана күмөнгө гана ээрчишет.Чындыгында күмөн акыйкаттын ордун баскыдай эчкандай пайда келтире албайт. بلغ Куран · Тафсир

فَأَعْرِضْ عَن مَّن تَوَلَّىٰ عَن ذِكْرِنَا وَلَمْ يُرِدْ إِلَّا ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا ﴿٢٩﴾

Оо, пайгамбар! Аллахтыэстөөдөн баш тарткан, ага маани бербеген жана дүйнө жашоосун гана каалаган адамдан жүз бур. Ал акырети үчүн аракет кылбайт. Себеби ал ага ишенбейт

ذَٰلِكَ مَبْلَغُهُم مِّنَ ٱلْعِلْمِ ۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعْلَمُ بِمَنِ ٱهْتَدَىٰ ﴿٣٠﴾

Мушриктердин периштелерди аялдардын аттарыменен атап айткан булсөздөрү— алар жеткен илимдин чеги. Анткени алар сабатсыз, алар терең ишенимге жетишкен эмес. Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң акыйкат жолдон четтегендерди жакшы билет жана Анын жолуна түшкөндөрдү да жакшы билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес

وَلِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ لِيَجْزِىَ ٱلَّذِينَ أَسَـٰٓـُٔوا۟ بِمَا عَمِلُوا۟ وَيَجْزِىَ ٱلَّذِينَ أَحْسَنُوا۟ بِٱلْحُسْنَى ﴿٣١﴾

Ээлик кылууда, жаратууда жана башкарууда асмандардагыжана жердеги нерселер жалгыз Аллахка таандык. Ошон үчүн Ал дүйнөдө жамандык иштерди кылгандардыазап менен татыктуу жазасын берет жана жакшылык кылган ыймандууларга бейишти сыйлык кылат

ٱلَّذِينَ يَجْتَنِبُونَ كَبَـٰٓئِرَ ٱلْإِثْمِ وَٱلْفَوَٰحِشَ إِلَّا ٱللَّمَمَ ۚ إِنَّ رَبَّكَ وَٰسِعُ ٱلْمَغْفِرَةِ ۚ هُوَ أَعْلَمُ بِكُمْ إِذْ أَنشَأَكُم مِّنَ ٱلْأَرْضِ وَإِذْ أَنتُمْ أَجِنَّةٌۭ فِى بُطُونِ أُمَّهَـٰتِكُمْ ۖ فَلَا تُزَكُّوٓا۟ أَنفُسَكُمْ ۖ هُوَ أَعْلَمُ بِمَنِ ٱتَّقَىٰٓ ﴿٣٢﴾

Чоң күнөөлөрдөн жана бузуку иштерден сактангандардын кичине күнөөлөрү, чоң күнөөдөн сактанып, көп ибадат кылганы себептүү кечирилет. О, пайгамбар! Чынында, Раббиңдин кечиримдүүлүгү чексиз. Ал пенделери тобо кылса, күнөөлөрүн кечирет. Ал силерди атаңар Адамды топурактан жараткандан (баштап) энеңердин ичинде улам өөрчүгөн түйүлдүк кездеги абалыңардыжана (кийинки) жасаган иштериңерди жакшыбилет. Ага ч нерсе жашыруун эмес. Андыктан, өзүңөрдү такыбамын деп мактабагыла. Аллах Тала анын буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылган такыбаларды жакшы билет

أَفَرَءَيْتَ ٱلَّذِى تَوَلَّىٰ ﴿٣٣﴾

Исламга жакындагандан кийин жүз бурган адамдын жийиркеничтүүабалын көрбөдүңбү?

وَأَعْطَىٰ قَلِيلًۭا وَأَكْدَىٰٓ ﴿٣٤﴾

Ал болбогон мал-мүлк берди, кийин токтотту. Анткени сараңдык анын табияты. Бирок ал ага карабастан өзүн мактайт

أَعِندَهُۥ عِلْمُ ٱلْغَيْبِ فَهُوَ يَرَىٰٓ ﴿٣٥﴾

Алкөрүп же сүйлөп бергидей анда кайып илими барбы? بلغ Куран · Тафсир أم لم ينبأ بما فى صحف موس

أَمْ لَمْ يُنَبَّأْ بِمَا فِى صُحُفِ مُوسَىٰ ﴿٣٦﴾

Же ал Аллахка жалаа жабуучубу? Же бул жалакорго Аллах Мусага түшүргөн байыркы баракчалар тууралуу кабар берилген жок беле?

وَإِبْرَٰهِيمَ ٱلَّذِى وَفَّىٰٓ ﴿٣٧﴾

Жана Ибрахимдин баракчаларычы, ал Раббиси тапшырган нерселердин баарын аткарып, аныаягына чыгарды. ألا تزر وازرة وزر أخر

أَلَّا تَزِرُ وَازِرَةٌۭ وِزْرَ أُخْرَىٰ ﴿٣٨﴾

Эчбир инсан башканын күнөөсүн көтөрбөйт. وأن ليس للإنسن إلا ما سعى

وَأَن لَّيْسَ لِلْإِنسَـٰنِ إِلَّا مَا سَعَىٰ ﴿٣٩﴾

Жана инсан өзүкылган иш-аракетинин сыйлыгын гана алат. وأن سعيهسوف ير

وَأَنَّ سَعْيَهُۥ سَوْفَ يُرَىٰ ﴿٤٠﴾

Ал кыямат күнү иш-аракеттерин өз көзү менен көрөт

ثُمَّ يُجْزَىٰهُ ٱلْجَزَآءَ ٱلْأَوْفَىٰ ﴿٤١﴾

Кийин анын иштеринин сыйлыгын кемитпестен толук берет

وَأَنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ ٱلْمُنتَهَىٰ ﴿٤٢﴾

Оо,пайгамбар!Пенделер өлүмдөн кийин Раббиңе кайтышат. وأنه هوأض حك وأبكى

وَأَنَّهُۥ هُوَ أَضْحَكَ وَأَبْكَىٰ ﴿٤٣﴾

Ал Өзүкаалаганын кубандырып күлдүрөт жана Өзүкаалаганын кайгыга салып ыйлатат. وأنه هو أمات وأحيا

وَأَنَّهُۥ هُوَ أَمَاتَ وَأَحْيَا ﴿٤٤﴾

Ал дүйнөдө тирүүлөрдү өлтүрөт жана өлүктөрдү кайра тирилтет

وَأَنَّهُۥ خَلَقَ ٱلزَّوْجَيْنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلْأُنثَىٰ ﴿٤٥﴾

Ал эркек жана ургаачы кылып жуптарды жаратты. بلغ Куран · Тафсир من نطفة إذا تمن

مِن نُّطْفَةٍ إِذَا تُمْنَىٰ ﴿٤٦﴾

Жатынга жайгашкан бел суудан

وَأَنَّ عَلَيْهِ ٱلنَّشْأَةَ ٱلْأُخْرَىٰ ﴿٤٧﴾

Алардыөлгөндөн кийин кайра жаратууАнын милдети. وأنه هو أغن وأقن

وَأَنَّهُۥ هُوَ أَغْنَىٰ وَأَقْنَىٰ ﴿٤٨﴾

АлӨзүкаалаганын мал-мүлккө ээкылып байыттыжана адамдар ээлик кылган мал-мүлктөн берди

وَأَنَّهُۥ هُوَ رَبُّ ٱلشِّعْرَىٰ ﴿٤٩﴾

Алкээбир мушриктер Аллахменен катар сыйынган Сириус жылдызынын да Раббиси

وَأَنَّهُۥٓ أَهْلَكَ عَادًا ٱلْأُولَىٰ ﴿٥٠﴾

Ал Худдун коому болгон байыркыАаддыкаапырлыктан кайтпагандыгыүчүн жок кылды

وَثَمُودَا۟ فَمَآ أَبْقَىٰ ﴿٥١﴾

Жана Салихтин коому Самудду да жок кылды. Алардан эч ким калган жок

وَقَوْمَ نُوحٍۢ مِّن قَبْلُ ۖ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ هُمْ أَظْلَمَ وَأَطْغَىٰ ﴿٥٢﴾

Ал Аад менен Самудга чейин Нухтун коомун жок кылган. Чындыгында Нухтун коому Аад менен Самуддан өткөн залым жана чектен чыккандардан эле. Анткени Нух алардын арасында 950 жыл жашап, аларды жалгыз Аллахка сыйынууга чакырган.Бирок алар ага жооп беришкен эмес

وَٱلْمُؤْتَفِكَةَ أَهْوَىٰ ﴿٥٣﴾

АлЛут коомунун шаарын асманга көтөрүп,кийин аныоодарып туруп жерге таштаган. فغش ىها ما غش

فَغَشَّىٰهَا مَا غَشَّىٰ ﴿٥٤﴾

Ал асманга көтөрүлүп, кайра жерге түшкөндө анын үстүн жаап калдыжана таштар жаады

فَبِأَىِّ ءَالَآءِ رَبِّكَ تَتَمَارَىٰ ﴿٥٥﴾

Эй,инсан!Раббиңдин кудуреттүүлүгүн көргөзгөн кайсыаят-белгилери тууралууталашып тартышып,алардан сабак албай жатасың? بلغ Куран · Тафсир

هَـٰذَا نَذِيرٌۭ مِّنَ ٱلنُّذُرِ ٱلْأُولَىٰٓ ﴿٥٦﴾

Силерге жиберилген бул элчи абалкыэлчилердин эле бири

أَزِفَتِ ٱلْـَٔازِفَةُ ﴿٥٧﴾

Жакындоочукыямат жакындап калды

لَيْسَ لَهَا مِن دُونِ ٱللَّهِ كَاشِفَةٌ ﴿٥٨﴾

АныАллахтан башка эч ким кайтара албайт жана эч ким биле албайт

أَفَمِنْ هَـٰذَا ٱلْحَدِيثِ تَعْجَبُونَ ﴿٥٩﴾

Силерге окулуп жаткан булКуран Аллахтан экенине таңкалып жатасыңарбы? وتضحكون ولا تبكون

وَتَضْحَكُونَ وَلَا تَبْكُونَ ﴿٦٠﴾

Силер андагыосуяттардыукканда ыйлагандын ордуна анын үстүнөн күлүп шылдыңдап жатасыңарбы? وأ نتم سمدون

وَأَنتُمْ سَـٰمِدُونَ ﴿٦١﴾

Силер ага жеңил карап, көңүл бурбай жатасыңарбы?

فَٱسْجُدُوا۟ لِلَّهِ وَٱعْبُدُوا۟ ۩ ﴿٦٢﴾

Аллахка гана сажда кылгыла жана Ага чын ыкластан ибадат кылгыла! Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · An-Najm — النجم

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил