ٱقْتَرَبَتِ ٱلسَّاعَةُ وَٱنشَقَّ ٱلْقَمَرُ ﴿١﴾
Кыяматтын келиши жакындап калды. Жана пайгамбардын заманында Ай экиге бөлүндү. Айдын бөлүнүшү анын көрүнүктүү аят-белгилеринен болду.ر وإن يروا ءاية يعرضوا ويقولوا س حر م ستم
Башкы бет›Тафсир›Al-Qamar (54)
Меккелик · 55 аят
ٱقْتَرَبَتِ ٱلسَّاعَةُ وَٱنشَقَّ ٱلْقَمَرُ ﴿١﴾
Кыяматтын келиши жакындап калды. Жана пайгамбардын заманында Ай экиге бөлүндү. Айдын бөлүнүшү анын көрүнүктүү аят-белгилеринен болду.ر وإن يروا ءاية يعرضوا ويقولوا س حر م ستم
وَإِن يَرَوْا۟ ءَايَةًۭ يُعْرِضُوا۟ وَيَقُولُوا۟ سِحْرٌۭ مُّسْتَمِرٌّۭ ﴿٢﴾
Мушриктер анын чынчылдыгынын далилдерин көрүшсө да, аны кабыл алуудан баш тартышты жана айтышты: «Биз андан көргөн далилдер чындыккаر далкелбеген сыйкыр»
وَكَذَّبُوا۟ وَٱتَّبَعُوٓا۟ أَهْوَآءَهُمْ ۚ وَكُلُّ أَمْرٍۢ مُّسْتَقِرٌّۭ ﴿٣﴾
Ошондой эле аларга келген акыйкатты жалганга чыгарышты жана жалганга чыгарууда өз каалоолорун ээрчишти. Кыямат күнү кандай гана жакшыже жаман иш болбосун, ал өзүнө татыктуусун табат
وَلَقَدْ جَآءَهُم مِّنَ ٱلْأَنۢبَآءِ مَا فِيهِ مُزْدَجَرٌ ﴿٤﴾
Аларды каапырлыктан жана зулумдуктан кайтарууга жетиштүү болгон, Аллах каапырлыктары жана зулумдуктары себептүүжок кылган коомдордун кабарларыкелген эле
حِكْمَةٌۢ بَـٰلِغَةٌۭ ۖ فَمَا تُغْنِ ٱلنُّذُرُ ﴿٥﴾
Аларга каршы далил болсун үчүн келген нерсе – кемчиликсиз даанышмандык. Ал эми Аллахка жана акырет күнгө ыйман келтирбегендерге эскертмелер пайда келтирбейт
فَتَوَلَّ عَنْهُمْ ۘ يَوْمَ يَدْعُ ٱلدَّاعِ إِلَىٰ شَىْءٍۢ نُّكُرٍ ﴿٦﴾
Оо, пайгамбар! Эгерде алар туура жолго түшпөсө, анда сурнай тартууга милдеттүү периште ага чейин эч бир макулук билбеген коркунучтуу ишке чакырган күндү күткөн абалда алардыташта жана алардан жүзүңдү бур
خُشَّعًا أَبْصَـٰرُهُمْ يَخْرُجُونَ مِنَ ٱلْأَجْدَاثِ كَأَنَّهُمْ جَرَادٌۭ مُّنتَشِرٌۭ ﴿٧﴾
Алар кабырдан басынган көз караш менен чыгышат, алардын сурак жайына жөнөп бараткан абалы каптаган чегирткелер сыяктуу
مُّهْطِعِينَ إِلَى ٱلدَّاعِ ۖ يَقُولُ ٱلْكَـٰفِرُونَ هَـٰذَا يَوْمٌ عَسِرٌۭ ﴿٨﴾
Ошол жайды көздөй чакыруучуга шашылган каапырлар: «Бул өтө оор күн» – дешет. Анткени анда кыйынчылыктар жана коркунучтар бар. بلغ Куран · Тафсир
۞ كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍۢ فَكَذَّبُوا۟ عَبْدَنَا وَقَالُوا۟ مَجْنُونٌۭ وَٱزْدُجِرَ ﴿٩﴾
Оо, пайгамбар! Ал жалганчылардан мурун сенин дааватыңды Нухтун коому жалганга чыгарган. Биз аларга кулубуз Нухту жибергенде аны жалганга чыгарышты. Аны жинди деп айтышты. Эгерде дааватын таштабаса, аны ар кандай сөгүш сөздөр, мазактоо жана коркутуу менен жемелешти
فَدَعَا رَبَّهُۥٓ أَنِّى مَغْلُوبٌۭ فَٱنتَصِرْ ﴿١٠﴾
Ошондо Нух Раббисине жалбарып: «Чындыгында элим мага үстөмдүк кылып, мага жооп бербеди. Эми Өзүң аларга жазаңды берип, өч ал» – деди
فَفَتَحْنَآ أَبْوَٰبَ ٱلسَّمَآءِ بِمَآءٍۢ مُّنْهَمِرٍۢ ﴿١١﴾
Анан Биз тынымсыз төккөн сууменен асман эшиктерин ачтык
وَفَجَّرْنَا ٱلْأَرْضَ عُيُونًۭا فَٱلْتَقَى ٱلْمَآءُ عَلَىٰٓ أَمْرٍۢ قَدْ قُدِرَ ﴿١٢﴾
Жана Биз жерди жарып, ал суу атылып чыккан булактарга айланды. Анан абалкы тагдырда жазылган Аллахтын буйругунун негизинде асмандан түшкөн сууменен жерден чыккан суукошулуп,Аллахсактап калгандардан башка бүт баарысын сууга чөктүрдү. وحملنهعل ذات ألوح ودسر
وَحَمَلْنَـٰهُ عَلَىٰ ذَاتِ أَلْوَٰحٍۢ وَدُسُرٍۢ ﴿١٣﴾
Биз Нухту тактай жана мыктары бар кемеге түшүрүп, аны жана аны менен бирге болгондорду сууга чөгүүдөн сактап калдык
تَجْرِى بِأَعْيُنِنَا جَزَآءًۭ لِّمَن كَانَ كُفِرَ ﴿١٤﴾
Ал кеме Биздин көз алдыбызда жана камкордугубузда, Нухту жалганга чыгарган жана Аллах тараптан алып келген нерсеге каапырлык кылган коомуна каршы аны колдоо максатта бири-бирине урунган суу толкундарында сүзүп бара жатты
وَلَقَد تَّرَكْنَـٰهَآ ءَايَةًۭ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍۢ ﴿١٥﴾
Биз аларга берген булжазанысабак жана осуят кылып калтырдык.Эми андан сабак ала тургандар бар бекен? فكيف كان عذابى ونذر
فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِى وَنُذُرِ ﴿١٦﴾
Жалганчылар үчүн азабым кандай болдужана алардыжок кылам деген эскертүүм кандай болду?
وَلَقَدْ يَسَّرْنَا ٱلْقُرْءَانَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍۢ ﴿١٧﴾
Биз Курандыэскерүү жана сабак алуу үчүн жеңил кылдык. Эми андагыосуяттардан сабак ала тургандар бар бекен? بلغ Куран · Тафсир كذبت عاد فكيف كان عذابى ونذر
كَذَّبَتْ عَادٌۭ فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِى وَنُذُرِ ﴿١٨﴾
Аад коому Худ пайгамбарды жалганга чыгарды. Ойлонгула, эй, Мекке калкы! Менин азабым алар үчүн кандай болду?Менин башкаларга азап тууралууэскертмем кандай болду?
إِنَّآ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ رِيحًۭا صَرْصَرًۭا فِى يَوْمِ نَحْسٍۢ مُّسْتَمِرٍّۢ ﴿١٩﴾
Биз аларга жаман жана каргашалуу күндө алар тозоккобарганга чейин токтобогон ызгаардуу шамал жибердик
تَنزِعُ ٱلنَّاسَ كَأَنَّهُمْ أَعْجَازُ نَخْلٍۢ مُّنقَعِرٍۢ ﴿٢٠﴾
Ал адамдарды жерден жулуп алып, аларды тамыры менен жулунган курмалар сыяктуу башы менен жерге ыргытты. فكيف كان عذابى ونذر
فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِى وَنُذُرِ ﴿٢١﴾
Ойлонгула, эй, Мекке калкы! Менин азабым алар үчүн кандай болду?Менин башкаларга азап тууралуу эскертмем кандай болду?
وَلَقَدْ يَسَّرْنَا ٱلْقُرْءَانَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍۢ ﴿٢٢﴾
Биз Курандыэскерүү жана сабак алуу үчүн жеңил кылдык. Эми андагыосуяттардан сабак ала тургандар бар бекен?
كَذَّبَتْ ثَمُودُ بِٱلنُّذُرِ ﴿٢٣﴾
Самуд дагыСалихпайгамбардын эскертмесин жалганга чыгарды
فَقَالُوٓا۟ أَبَشَرًۭا مِّنَّا وَٰحِدًۭا نَّتَّبِعُهُۥٓ إِنَّآ إِذًۭا لَّفِى ضَلَـٰلٍۢ وَسُعُرٍ ﴿٢٤﴾
Алар жактырбагандай айтышты: «Биз өзүбүздөн эле болгон бир адамды ээрчимек белек? Эгерде биз бул абалда аныээрчисек, анда тууралыктан алыстап, четтеп кетебиз жана кыйынчылыкка кабылабыз
أَءُلْقِىَ ٱلذِّكْرُ عَلَيْهِ مِنۢ بَيْنِنَا بَلْ هُوَ كَذَّابٌ أَشِرٌۭ ﴿٢٥﴾
Вахий жалгыз ага эле түштүбү жана ал баарыбыздан өзгөчөбү? Жок! Ал жеткен жалганчы, текебер»
سَيَعْلَمُونَ غَدًۭا مَّنِ ٱلْكَذَّابُ ٱلْأَشِرُ ﴿٢٦﴾
Алар кыямат күнүким жеткен жалганчы,текебер экенин,алменен тигилердин кимиси жакшыэкенин билишет. بلغ Куран · Тафсир
إِنَّا مُرْسِلُوا۟ ٱلنَّاقَةِ فِتْنَةًۭ لَّهُمْ فَٱرْتَقِبْهُمْ وَٱصْطَبِرْ ﴿٢٧﴾
Биз таштан төөнү чыгардык жана аны аларга сыноо үчүн жибердик. Оо, Салих! Эми сен алар аны эмне кыларын жана аларга эмне болорун көз салып күт жана алардын зыяндарына сабыр кыл!
وَنَبِّئْهُمْ أَنَّ ٱلْمَآءَ قِسْمَةٌۢ بَيْنَهُمْ ۖ كُلُّ شِرْبٍۢ مُّحْتَضَرٌۭ ﴿٢٨﴾
Аларга кабар бер, кудуктун суусуалар менен төөнүн ортосунда бөлүндү, бир күн алар үчүн, бир күн төө үчүн. Ар бири өз үлүшүүчүн өзүнүн күнүндө келет. فنادوا صاحبهم فتعاط فعقر
فَنَادَوْا۟ صَاحِبَهُمْ فَتَعَاطَىٰ فَعَقَرَ ﴿٢٩﴾
Анан алар төөнү өлтүрүүгө шеригин чакырышты. Ал элинин буйругун аткарыш үчүн кылычты алды да, төөнү өлтүрүп салды. فكيف كان عذابى ونذر
فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِى وَنُذُرِ ﴿٣٠﴾
Ойлонгула, эй, Мекке калкы! Менин азабым алар үчүн кандай болду?Менин башкаларга азап тууралуу эскертмем кандай болду?
إِنَّآ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ صَيْحَةًۭ وَٰحِدَةًۭ فَكَانُوا۟ كَهَشِيمِ ٱلْمُحْتَظِرِ ﴿٣١﴾
Биз аларды бир кыйкырып жиберип жок кылдык. Алар коргончу кой короосун тоскон как чырпыктай болуп калышты
وَلَقَدْ يَسَّرْنَا ٱلْقُرْءَانَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍۢ ﴿٣٢﴾
Биз Курандыэстөө жана сабак алууүчүн жеңилкылдык.Эми андагыүлгү-насааттардан сабак алуучулар барбы?
كَذَّبَتْ قَوْمُ لُوطٍۭ بِٱلنُّذُرِ ﴿٣٣﴾
Луттун коомупайгамбарыЛут эскерткен нерсени жалганга чыгарышты
إِنَّآ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ حَاصِبًا إِلَّآ ءَالَ لُوطٍۢ ۖ نَّجَّيْنَـٰهُم بِسَحَرٍۢ ﴿٣٤﴾
Биз аларга таш жаадырган шамал жибердик. Луттун үй-бүлөсү гана азапка дуушар болгон жок. Биз аларды андан куткардык.Алалар менен бирге азап түшкөнгө чейин түндүн акырында жолгочыгышты
نِّعْمَةًۭ مِّنْ عِندِنَا ۚ كَذَٰلِكَ نَجْزِى مَن شَكَرَ ﴿٣٥﴾
Биз аларды Өз жакшылыгыбыз менен азаптан куткардык. Биз Лутка бергендей сыйлыкты Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылгандарга да беребиз. بلغ Куран · Тафсир
وَلَقَدْ أَنذَرَهُم بَطْشَتَنَا فَتَمَارَوْا۟ بِٱلنُّذُرِ ﴿٣٦﴾
Лут алардыБиздин азабыбыз менен коркутту, бирок алар анын эскертүүсү тууралуу талашып тартыштыжана аны четке кагышты
وَلَقَدْ رَٰوَدُوهُ عَن ضَيْفِهِۦ فَطَمَسْنَآ أَعْيُنَهُمْ فَذُوقُوا۟ عَذَابِى وَنُذُرِ ﴿٣٧﴾
Луттун коомуандан бузукулук максатта периштелерден болгон конокторун алар менен жалгыз калтыруусун талап кылышты. Ошондо Биз алардын көздөрүн бууп койдук, алар көрбөй калышты. Жана Биз аларга: «Менин азабымды жана силерге айткан эскертмемдин акыбетинر тарткыла»– деп айттык. ولقد صبحهم بكرةعذاب مستق
وَلَقَدْ صَبَّحَهُم بُكْرَةً عَذَابٌۭ مُّسْتَقِرٌّۭ ﴿٣٨﴾
Эртең менен аларга акыретке барышканга чейин токтобогон азап келди жана акырет азабыда келет. فذوقوا عذابى ونذر
فَذُوقُوا۟ عَذَابِى وَنُذُرِ ﴿٣٩﴾
Аларга айтылат:«Мен силерге түшүргөн азаптыжана Луттун силерге берген эскертмесинин акыбетин тарткыла»
وَلَقَدْ يَسَّرْنَا ٱلْقُرْءَانَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍۢ ﴿٤٠﴾
Биз Курандыэскерүү жана сабак алуу үчүн жеңил кылдык. Эми андагыосуяттардан сабак ала тургандар бар бекен?
وَلَقَدْ جَآءَ ءَالَ فِرْعَوْنَ ٱلنُّذُرُ ﴿٤١﴾
Фараондун үй-бүлөсүнө эскертүүбүз Муса менен Харундун тили аркылуукелди. كذبوا بٔايتنا كلها فأخذنهم أخذ عزيز م قتدر
كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا كُلِّهَا فَأَخَذْنَـٰهُمْ أَخْذَ عَزِيزٍۢ مُّقْتَدِرٍ ﴿٤٢﴾
Алар Биз тараптан келген далилдерди жалганга чыгарышты. Анан Биз аларды жалгандары себептүү эч ким үстөм кыла албаган Жеңилгис,эчким алсырата албаган Кудуреттүүнүн жазасыменен жазаладык
أَكُفَّارُكُمْ خَيْرٌۭ مِّنْ أُو۟لَـٰٓئِكُمْ أَمْ لَكُم بَرَآءَةٌۭ فِى ٱلزُّبُرِ ﴿٤٣﴾
Оо, Мекке калкы! Силердин каапырларыңар жогоруда айтылган Нухтун коому, Аад, Самуд, Луттун коому жана Фараондун коомундагы каапырлардан жакшыраакпы? Же силерде асман китептеринде келген Аллахтын азабынан кутулуу барбы? أم يقولون نحن جميع منتصر
أَمْ يَقُولُونَ نَحْنُ جَمِيعٌۭ مُّنتَصِرٌۭ ﴿٤٤﴾
Же болбосо Мекке калкынан болгон каапырлар: «Биз жамандык каалагандардын жана биздин жамаатты бөлүп жарууну каалагандардын баарысын жеңебиз» – деп айтышабы? بلغ Куран · Тафсир
سَيُهْزَمُ ٱلْجَمْعُ وَيُوَلُّونَ ٱلدُّبُرَ ﴿٤٥﴾
Ал каапырлардын жамааты жакында жеңилет жана ыймандуулардын алдында артка карай качышат. Бул Бадр күнү болгон
بَلِ ٱلسَّاعَةُ مَوْعِدُهُمْ وَٱلسَّاعَةُ أَدْهَىٰ وَأَمَرُّ ﴿٤٦﴾
Алар жалганга чыгарган кыямат – алар азапталуучу убадаланган убакыт. Кыямат – алар Бадр күнү тарткан дүйнө азабынан да оор жана катаал
إِنَّ ٱلْمُجْرِمِينَ فِى ضَلَـٰلٍۢ وَسُعُرٍۢ ﴿٤٧﴾
Чындыгында каапырлык жана күнөөлөрдү кылган күнөөкөрлөр акыйкаттан адашууда, азапта жана кыйынчылыкта
يَوْمَ يُسْحَبُونَ فِى ٱلنَّارِ عَلَىٰ وُجُوهِهِمْ ذُوقُوا۟ مَسَّ سَقَرَ ﴿٤٨﴾
Алар жүздөрү менен тозоккосүйрөлгөн күнү аларга жеме катары: «Тозок азабын таткыла» – деп айтылат. إنا كل شىء خلقنه بقدر
إِنَّا كُلَّ شَىْءٍ خَلَقْنَـٰهُ بِقَدَرٍۢ ﴿٤٩﴾
Чындыгында Биз ааламдагы бүткүл нерсени Өзүбүздүн мурунку тагдырдын негизинде, илимибизге жана каалообузга ылайык жана ошондой эле Сакталган Тактада жазганыбыздай жараттык
وَمَآ أَمْرُنَآ إِلَّا وَٰحِدَةٌۭ كَلَمْحٍۭ بِٱلْبَصَرِ ﴿٥٠﴾
Эгерде Биз бир нерсени кааласак «бол!» деген сөздү гана айтып буйрук беребиз, ошондоал каалаган нерсебиз көз ирмегенчелик тез ишке ашат
وَلَقَدْ أَهْلَكْنَآ أَشْيَاعَكُمْ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍۢ ﴿٥١﴾
Биз каапырлыкта силерге окшогон мурунку коомдорду жок кылганбыз. Эми андан сабак алып, каапырлыкты таштаган бирөө жарым барбы?
وَكُلُّ شَىْءٍۢ فَعَلُوهُ فِى ٱلزُّبُرِ ﴿٥٢﴾
Пенделердин кылган бүткүл иш-аракеттери сактоочу периштелердин китептеринде жазылган. Алар анын бирин дагы калтырбайт. وكل صغير وكبير مستطر
وَكُلُّ صَغِيرٍۢ وَكَبِيرٍۢ مُّسْتَطَرٌ ﴿٥٣﴾
Майда жана чоң иш-аракеттер менен сөздөрдүн бүт баарысыСакталган Тактадагыиш-аракеттер баракчаларында жазылган.Жакында алар анын сыйлыгын же жазасын алышат. بلغ Куран · Тафсир
إِنَّ ٱلْمُتَّقِينَ فِى جَنَّـٰتٍۢ وَنَهَرٍۢ ﴿٥٤﴾
Чындыгында Раббисинин буйруктарын аткарган жана тыйгандарын таштаган такыба адамдар бейиштерде жана аккан дарыялардын боюнда жыргалчылыкка батышат. فى مقعد صدق عند مليك مقتدر
فِى مَقْعَدِ صِدْقٍ عِندَ مَلِيكٍۢ مُّقْتَدِرٍۭ ﴿٥٥﴾
Алар бүткүл нерсеге ээлик кылган Падышанын жана эч бир нерсеге алсыз болбогон Кудуреттүүнүн алдында курулай сөз же күнөө болбогон акыйкат отурумда болушат.Эми сен алар Андан алышкан түбөлүктүүжыргалчылык жөнүндө сурабай эле кой. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз