Башкы бетТафсирAr-Room (30)

Тафсир Ar-Room (30) — الروم

Меккелик · 60 аят

Окуу · УгууPDF файл

الٓمٓ ﴿١﴾

Алиф. Лаам. Миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген

غُلِبَتِ ٱلرُّومُ ﴿٢﴾

Перстер Римди жеңди

فِىٓ أَدْنَى ٱلْأَرْضِ وَهُم مِّنۢ بَعْدِ غَلَبِهِمْ سَيَغْلِبُونَ ﴿٣﴾

Перстердин мамлекетине карай Шам жергесине жакын жерде. Римдиктер перстерден жеңилгенден кийин көп өтпөй кайра жеңишке жетишет

فِى بِضْعِ سِنِينَ ۗ لِلَّهِ ٱلْأَمْرُ مِن قَبْلُ وَمِنۢ بَعْدُ ۚ وَيَوْمَئِذٍۢ يَفْرَحُ ٱلْمُؤْمِنُونَ ﴿٤﴾

Үч жылдан кем эмес, он жылдан ашык эмес аралыкта. Рим жеңишке жеткенге чейин да, андан кийин да өкүм кылуу Аллахка гана таандык. Римдиктер перстерди жеңген күнү ыймандуулар сүйүнүшөт

بِنَصْرِ ٱللَّهِ ۚ يَنصُرُ مَن يَشَآءُ ۖ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ ﴿٥﴾

Аллахтын римдиктерге жардам бергенине сүйүнүшөт. Анткени алар Китеп ээлери. Аллах кимдин үстүнөн кимге кааласа жеңиш берет. Ал жеңилбеген Кудуреттүү, ыймандуу пенделерине Ырайымдуу

وَعْدَ ٱللَّهِ ۖ لَا يُخْلِفُ ٱللَّهُ وَعْدَهُۥ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٦﴾

Бул жардам Аллахтын берген убадасы болчу. Аллах убадасын аткарбай койбойт. Убаданын ишке ашуусу менен, Аллахтын жардамы тууралуу берген убадасына ыймандуулардын ишеними күчөйт. Бирок, адамдардын көбү каапырлыгы себептүү муну түшүнбөйт

يَعْلَمُونَ ظَـٰهِرًۭا مِّنَ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا وَهُمْ عَنِ ٱلْـَٔاخِرَةِ هُمْ غَـٰفِلُونَ ﴿٧﴾

Алар ыйманды жана шарият өкүмдөрүн билишпейт. Чындыгында алар тиричилик кылуу жана материалдык цивилизацияны куруу сыяктуу дүйнө жашоосунун сырткы көрүнүшүн гана билишет. Алар чыныгы жашоонун жайы болгон акыреттен مбаш таштышат жана ага көңүл да бурушпайт

أَوَلَمْ يَتَفَكَّرُوا۟ فِىٓ أَنفُسِهِم ۗ مَّا خَلَقَ ٱللَّهُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَآ إِلَّا بِٱلْحَقِّ وَأَجَلٍۢ مُّسَمًّۭى ۗ وَإِنَّ كَثِيرًۭا مِّنَ ٱلنَّاسِ بِلِقَآئِ رَبِّهِمْ لَكَـٰفِرُونَ ﴿٨﴾

Жалганчымушриктер Аллах алардыкантип жаратканын жана дене келбетин мыкты, ар тарабынан келишимдүү кылганын ойлонбойбу?Аллахасмандар менен Жерди жана алардын ортосундагынерселерди акыйкаттык менен بلغ Куран · Тафсир жаратты. Аларды жөндөн-жөн эле жаратып койгон жок. Ошондой эле асман-жердин бул дүйнөдө сакталып туруусуна бир мөөнөттү чектеп койду. Чынында, адамдардын көпчүлүгү кыямат күнү Раббисине жолугууга ишенишпеди. Ошондуктан, алар Раббиси ыраазы боло турган жакшылык иштерди кылуу аркылуу кайра тирилүүгө даярданбайт

أَوَلَمْ يَسِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَيَنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۚ كَانُوٓا۟ أَشَدَّ مِنْهُمْ قُوَّةًۭ وَأَثَارُوا۟ ٱلْأَرْضَ وَعَمَرُوهَآ أَكْثَرَ مِمَّا عَمَرُوهَا وَجَآءَتْهُمْ رُسُلُهُم بِٱلْبَيِّنَـٰتِ ۖ فَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيَظْلِمَهُمْ وَلَـٰكِن كَانُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ ﴿٩﴾

Алар жер жүзүн кезип, алардан мурунку акыйкатты жалганга чыгарган коомдордун акыбети кандай болгонун көрүшпөйбү? Ал коомдор алардан да күчтүү болушкан, жерлерди айдоо эгинзарларга айландырышып,курулуштарды салып жерди өзгөртүшкөн жана аны алардан да жакшы гүлдөтүшкөн. Кийин аларга пайгамбарлары Аллахтын жалгыздыгына ачык-айкын далилдер менен келишкенде аларды жалганга чыгарышты. Аллах аларды кыйратып жок кылууда аларга зулумдук кылган жок. Бирок алар каапырлык кылуу менен кыйрооготушболуп өздөрүнө зулумдук кылышты

ثُمَّ كَانَ عَـٰقِبَةَ ٱلَّذِينَ أَسَـٰٓـُٔوا۟ ٱلسُّوٓأَىٰٓ أَن كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ وَكَانُوا۟ بِهَا يَسْتَهْزِءُونَ ﴿١٠﴾

Кийин Аллахка ширк жана күнөөлөрдү кылып жаман иштерди жасагандардын акыбети эң жаман акыбет болду! Анткени алар Аллахтын аяттарын жалганга чыгарыштыжана алардымаскара кылып, шылдыңга алышты

ٱللَّهُ يَبْدَؤُا۟ ٱلْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ ثُمَّ إِلَيْهِ تُرْجَعُونَ ﴿١١﴾

Аллах жан-жаратылыштымурун болбогондой көрүнүштө абалкыирет жаратат. Кийин алардыкайрадан жаратат. Кийин силер кыямат күнү сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн Ага гана кайтасыңар

وَيَوْمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ يُبْلِسُ ٱلْمُجْرِمُونَ ﴿١٢﴾

Кыямат кайым болгон күнү күнөөкөрлөр Аллахтын ырайымынан үмүттөрүн үзүшөт. Алар Аллахка каапырлык кылышкандарына далил таба албагандыгы себептүү үмүттөрү үзүлөт

وَلَمْ يَكُن لَّهُم مِّن شُرَكَآئِهِمْ شُفَعَـٰٓؤُا۟ وَكَانُوا۟ بِشُرَكَآئِهِمْ كَـٰفِرِينَ ﴿١٣﴾

Алардын булдүйнөдө сыйынышкан кудайларынан эчкимиси алардыазаптан куткарууүчүн шапаат кылбайт.Анан алар кудайларына каапыр (каршы) болушат. Аларды муктаж болуп турган учурда жардамсыз таштап кетишти. Анткени алардын баарысы кыйроодо бирдей

وَيَوْمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ يَوْمَئِذٍۢ يَتَفَرَّقُونَ ﴿١٤﴾

Кыямат кайым башталган күнү адамдар сыйлык же жаза алууда дүйнөдөгү кылган иш-аракеттерине жараша бөлүнүшөт, алардын арасында бейиштеги даражаларга көтөрүлгөндөрү жана эң төмөн даражага түшкөндөрү болот. بلغ Куран · Тафсир

فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ فَهُمْ فِى رَوْضَةٍۢ يُحْبَرُونَ ﴿١٥﴾

Алэми Аллахка ыйман келтирип,Алыраазыболгон жакшылык иштерди кылгандар бейиште болушат.Алар андагы түгөнбөгөн түбөлүк жыргалчылыктар себептүүкубанычка батышат

وَأَمَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَكَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا وَلِقَآئِ ٱلْـَٔاخِرَةِ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ فِى ٱلْعَذَابِ مُحْضَرُونَ ﴿١٦﴾

Ал эми Аллахка каапырлык кылгандар, пайгамбарыбызга түшкөн аяттарыбыздыжалганга чыгаргандар жана кайра тирилүүнү,сурак берүүнүжалган дегендер — мына ошолор азапка алып келинет,алар анда калуучулар

فَسُبْحَـٰنَ ٱللَّهِ حِينَ تُمْسُونَ وَحِينَ تُصْبِحُونَ ﴿١٧﴾

Кеч киргенде шам менен куптан намазынын убагында Аллахтыаруулагыла жана таңга маал багымдат намазынын убагында Аллахты аруулагыла. ي

وَلَهُ ٱلْحَمْدُ فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَعَشِيًّۭا وَحِينَ تُظْهِرُونَ ﴿١٨﴾

Мактоолор жалгыз Аллахка гана таандык. Асмандагы периштелер Ага мактоо айтышат жана жердеги жан- жаратылыш да Ага мактоо айтышат. Кечке маал асыр намазынын убагында Аны аруулагыла. Ошондой эле бешим убагында Аны аруулагыла

يُخْرِجُ ٱلْحَىَّ مِنَ ٱلْمَيِّتِ وَيُخْرِجُ ٱلْمَيِّتَ مِنَ ٱلْحَىِّ وَيُحْىِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا ۚ وَكَذَٰلِكَ تُخْرَجُونَ ﴿١٩﴾

Ал бел суудан инсанды, жумурткадан жөжөнү чыгарган сыяктуу өлүктөн тирүүнү чыгарат жана инсандан бел сууну, тооктон жумуртканы чыгарган сыяктуу тирүүдөн өлүктү чыгарат. Ошондой эле жерди кургап калгандан кийин жамгыр жаадырып жана аныөндүрүп тирилтет. Жерди өндүрүп тирилткен сыяктуу силер дагысурак берүү үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн кабырларыңардан чыгарыласыңар

وَمِنْ ءَايَـٰتِهِۦٓ أَنْ خَلَقَكُم مِّن تُرَابٍۢ ثُمَّ إِذَآ أَنتُم بَشَرٌۭ تَنتَشِرُونَ ﴿٢٠﴾

Эй, адамдар! Аллах Тааланын түпкү атаңар Адамды топурактан жаратканы, андан соң силердин тукум улап көбөйгөнүңөр,жердин батыш-чыгышына таркооңор — Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын даңазалаган улуу аят-белгилерден

وَمِنْ ءَايَـٰتِهِۦٓ أَنْ خَلَقَ لَكُم مِّنْ أَنفُسِكُمْ أَزْوَٰجًۭا لِّتَسْكُنُوٓا۟ إِلَيْهَا وَجَعَلَ بَيْنَكُم مَّوَدَّةًۭ وَرَحْمَةً ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يَتَفَكَّرُونَ ﴿٢١﴾

لقوم يتفك رون Эй, эркектер! Ошондой эле силер бейпил-тынч болууңар үчүн өз ара окшоштук себептүү өзүңөрдөн жуптарды жаратуусу жана ортоңордо сүйүү менен мээримди пайда кылуусу — Анын жалгыздыгын жана кудуреттүүлүгүн билдирген аят-белгилерден. Чындыгында бул айтылгандарда акыл жүгүрткөн коом үчүн ачык-айкын далилдер бар.Анткени алар акылжүгүртүүдөн пайда алышат. بلغ Куран · Тафсир

وَمِنْ ءَايَـٰتِهِۦ خَلْقُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَٱخْتِلَـٰفُ أَلْسِنَتِكُمْ وَأَلْوَٰنِكُمْ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّلْعَـٰلِمِينَ ﴿٢٢﴾

Жана Аллах асмандар менен жерди жаратуусу, тилдердин жана түстөрдүн ар түрдүү болуусу – Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген улуу аят-белгилерден. Чындыгында бул айтылгандарда илим жана көрөгөчээлери үчүн далилдер бар

وَمِنْ ءَايَـٰتِهِۦ مَنَامُكُم بِٱلَّيْلِ وَٱلنَّهَارِ وَٱبْتِغَآؤُكُم مِّن فَضْلِهِۦٓ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يَسْمَعُونَ ﴿٢٣﴾

Жана силер түндөсү жана күндүзү иштен чарчаганыңардан эс алууңар үчүн укташыңар – Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген аят-белгилерден. Ошондой эле силер ар тарапка таркап Раббиңерден ырыскы издешиңер үчүн күндүздү кылуусу да Анын аят-белгилеринен. Чындыгында бул айтылгандарда ой жүгүртүп, кабыл алууменен уккан коом үчүн далилдер бар

وَمِنْ ءَايَـٰتِهِۦ يُرِيكُمُ ٱلْبَرْقَ خَوْفًۭا وَطَمَعًۭا وَيُنَزِّلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَيُحْىِۦ بِهِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَآ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يَعْقِلُونَ ﴿٢٤﴾

لٔايت لقوم يعقلون Жана силерге асмандан чагылгандыкөргөзүүсү, силер анын соккусунан коркуу менен бирге андан жамгырдыүмүт кылууңар,силерге асмандан жамгыр суусун түшүрүүсүжана жерди кургап калгандан кийин өсүмдүктөрдүөстүрүп аны тирилтүүсү – Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген улуу аят-белгилерден. Чындыгында бул нерселерде акыл жүгүрткөн коом үчүн ачык-айкын далилдер бар. Алар бул нерселерди өлүмдөн кийин сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн кайра тирилүүгө далил кылышат

وَمِنْ ءَايَـٰتِهِۦٓ أَن تَقُومَ ٱلسَّمَآءُ وَٱلْأَرْضُ بِأَمْرِهِۦ ۚ ثُمَّ إِذَا دَعَاكُمْ دَعْوَةًۭ مِّنَ ٱلْأَرْضِ إِذَآ أَنتُمْ تَخْرُجُونَ ﴿٢٥﴾

Жана Аллахтын буйругуменен асмандын кулабай,жердин урабай кармалып туруусу– Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген аят-белгилерден. Кийин сур кернейин периштеге тарттыруу менен Аллах силерге жерден бир жолу чакырык таштаганда силер кабырларыңардан сурак берүү үчүн, сыйлык же жаза алуу үчүн ل чыгасыңар

وَلَهُۥ مَن فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۖ كُلٌّۭ لَّهُۥ قَـٰنِتُونَ ﴿٢٦﴾

Асмандардагы жана жердеги бийлик кылуу, жаратуу жана тагдыр кылуу Ага гана таандык. Асмандар менен жердеги бүткүлнерселер Анын жараткандары.Алар Анын буйругуна моюн сунушат

وَهُوَ ٱلَّذِى يَبْدَؤُا۟ ٱلْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ وَهُوَ أَهْوَنُ عَلَيْهِ ۚ وَلَهُ ٱلْمَثَلُ ٱلْأَعْلَىٰ فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿٢٧﴾

Ал дүйнө-ааламды мурун болбогондой көрүнүштө абалкы жолу жараткан жана жок болгондон кийин аларды кайрадан жаратат. Кайрадан жаратуу абалкы жаратуудан жеңил. Экөөсү тең Ага жеңил. Анткени Ал бир нерсени кааласа, анда ага «бол» деп айтат, ал ошол замат болот. Бүткүл нерседеги улуулук жана толуктук сыпаттары менен сыпатталган эң жогорку сыпаттоолор Ага гана таандык. Ал жеңилбеген Кудуреттүү. Өз жаратуусунда жана башкаруусунда Даанышман. بلغ Куран · Тафсир

ضَرَبَ لَكُم مَّثَلًۭا مِّنْ أَنفُسِكُمْ ۖ هَل لَّكُم مِّن مَّا مَلَكَتْ أَيْمَـٰنُكُم مِّن شُرَكَآءَ فِى مَا رَزَقْنَـٰكُمْ فَأَنتُمْ فِيهِ سَوَآءٌۭ تَخَافُونَهُمْ كَخِيفَتِكُمْ أَنفُسَكُمْ ۚ كَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ ٱلْـَٔايَـٰتِ لِقَوْمٍۢ يَعْقِلُونَ ﴿٢٨﴾

Эй, мушриктер! Аллах силерге өзүңөрдөн мисал келтирди. Силердин кулдарыңардын арасында мал-мүлкүңөргө силер менен бирдей деңгээлде шерик болгондорубарбы?Силер алар менен мал-мүлкүңөрдүбөлүшүүдөн кудум араңардан кээ бириңер эркин киши менен мал-мүлктү бөлүшүүдөн корккон сыяктуу коркосуңар. Силер кулдарыңарга ушундай болуусун ыраазы болуп кабыл алат белеңер? Шек жок, силер буга ыраазы болбойсуңар. Андай болсо Аллах Өз жараткандарына жана кулдарына ээлик кылууда шериги жок болууга эң татыктуу! Биз ушул сыяктуу мисалдарды келтирүү менен акыл жүгүрткөн коом үчүн түрдүү-түрдүү далилдерди баяндайбыз. Анткени алар мындан пайда алышат

بَلِ ٱتَّبَعَ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓا۟ أَهْوَآءَهُم بِغَيْرِ عِلْمٍۢ ۖ فَمَن يَهْدِى مَنْ أَضَلَّ ٱللَّهُ ۖ وَمَا لَهُم مِّن نَّـٰصِرِينَ ﴿٢٩﴾

Алардын адашуусу далилдердин жетишсиздигинен, же аны түшүндүрбөй коюудан улам болгон жок. Напси каалоосун жана ата-бабаларын сокур ээрчигендиктен улам болду. Аллах адаштырган адамды туура жолго ким багттай алат?Эч ким. АлардыАллахтын азабынан куткара ала турган эч кандай жардамчыболбойт

فَأَقِمْ وَجْهَكَ لِلدِّينِ حَنِيفًۭا ۚ فِطْرَتَ ٱللَّهِ ٱلَّتِى فَطَرَ ٱلنَّاسَ عَلَيْهَا ۚ لَا تَبْدِيلَ لِخَلْقِ ٱللَّهِ ۚ ذَٰلِكَ ٱلدِّينُ ٱلْقَيِّمُ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٣٠﴾

Оо, пайгамбар! Сен жана сени менен бирге болгондор башка диндерден четтеп, Аллах сени багыттаган, адамдардын түпкү таза табиятына салган Ислам динине жүзүңөрдү бургула! Аллахтын жаратканын өзгөртүү мүмкүн эмес. Ал эч кандай бурмалануусу жок туура дин. Бирок адамдардын көпчүлүгү бул дин акыйкат дин экенин билишпейт

۞ مُنِيبِينَ إِلَيْهِ وَٱتَّقُوهُ وَأَقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَلَا تَكُونُوا۟ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ ﴿٣١﴾

Күнөөңөргө тообо кылып Ага кайткыла, Анын буйруктарын аткаруу, тыйгандарын таштоо менен Ага такыбалык кылгыла жана намазды толук түрдө аткаргыла! Аллах менен катар башкаларга сыйынып, түпкү таза табиятка каршычыккан мушриктерден болбогула!

مِنَ ٱلَّذِينَ فَرَّقُوا۟ دِينَهُمْ وَكَانُوا۟ شِيَعًۭا ۖ كُلُّ حِزْبٍۭ بِمَا لَدَيْهِمْ فَرِحُونَ ﴿٣٢﴾

Өздөрүнүн динин өзгөрткөн мушриктерден болбогула! Алар анын кээ бирине ыйман келтирип, кээ бирине каапырлык кылыштыжана топторго бөлүнүп кетишти. Ар бир топ өздөрү тутунган жалгандарыменен кубанып, биз гана акыйкаттабыз, а башкалар болсожалганда деп ойлошот. ر

وَإِذَا مَسَّ ٱلنَّاسَ ضُرٌّۭ دَعَوْا۟ رَبَّهُم مُّنِيبِينَ إِلَيْهِ ثُمَّ إِذَآ أَذَاقَهُم مِّنْهُ رَحْمَةً إِذَا فَرِيقٌۭ مِّنْهُم بِرَبِّهِمْ يُشْرِكُونَ ﴿٣٣﴾

Эгерде мушриктердин башына оору, жакырчылык, кургакчылык сыяктуу балээлер түшсө, алар андан кутулуу үчүн Раббисине гана кайтуу менен жалбарып дуба кылышат. Кийин Ал алардыандан куткарып ырайым кылган болсо, алардын бир тобу кайрадан Аллахка башкаларды теңеп, шерик кылып, ал нерселерден дуба кылып сурай башташат. بلغ Куран · Тафсир

لِيَكْفُرُوا۟ بِمَآ ءَاتَيْنَـٰهُمْ ۚ فَتَمَتَّعُوا۟ فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ ﴿٣٤﴾

Алар Аллахтын жакшылыктарына (анын ичинде кыйынчылыктан куткаруу жакшылыгыда бар) каапырлык кылып, бул жашоодогу кол астындагы нерселерди жыргап пайдалана беришсин. Алар жакында кыямат күнү ачык адашууда болгондорун өз көздөрү менен көрүшөт. أم أنزلنا عليهم سلطنا فهويتكلمبما كانوابه يشركون

أَمْ أَنزَلْنَا عَلَيْهِمْ سُلْطَـٰنًۭا فَهُوَ يَتَكَلَّمُ بِمَا كَانُوا۟ بِهِۦ يُشْرِكُونَ ﴿٣٥﴾

Аларга эч кандай далилдери жок туруп Аллахка ширк кылууга эмне түрткү берди? Алар Аллахка ширк кылууга далил кыла тургандай Биз аларга китептен эч кандай далил түшүргөн эмеспиз. Ошондой эле алардын колунда алар кылган ширктери тууралууайтылган жана алардын каапырлыгын туура деп тастыктаган эчкандай китеп жок

وَإِذَآ أَذَقْنَا ٱلنَّاسَ رَحْمَةًۭ فَرِحُوا۟ بِهَا ۖ وَإِن تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌۢ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ إِذَا هُمْ يَقْنَطُونَ ﴿٣٦﴾

Эгерде Биз адамдарга ден-соолук, байлык сыяктуу жакшылыктарыбыздан берген болсок, алар ага чиренип кубанычка батышат жана теберленишет. А эгер аларга өз колдору менен кылган күнөөлөрү себептүү аларга жакпагандай оору, жакырчылык келген болсо, алар дароо Аллахтын ырайымынан жана аларга жеткен жамандыктан кутулуудан үмүттөрүн үзүшөт

أَوَلَمْ يَرَوْا۟ أَنَّ ٱللَّهَ يَبْسُطُ ٱلرِّزْقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقْدِرُ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يُؤْمِنُونَ ﴿٣٧﴾

Алар көрүшкөн жокпу,Аллахпенделери шүгүр кылабыже танып кетеби деп сынаш үчүн алардан Өзүкаалаганына ырыскысын кенен кылды, ошондой эле алар сабыр кылабы же нааразы болобу деп сынаш үчүн алардан Өзү каалаганынын ырыскысын тар кылды? Чындыгында кээ бирлерге ырыскынын көп берилип, кээ бирлерге аз берилишинде ыймандуулар үчүн Аллахтын ырайымдуулугуна белгилер бар

فَـَٔاتِ ذَا ٱلْقُرْبَىٰ حَقَّهُۥ وَٱلْمِسْكِينَ وَٱبْنَ ٱلسَّبِيلِ ۚ ذَٰلِكَ خَيْرٌۭ لِّلَّذِينَ يُرِيدُونَ وَجْهَ ٱللَّهِ ۖ وَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُفْلِحُونَ ﴿٣٨﴾

Эй, мусулман! Тууганыңа, ага ылайыктуу жакшылык кыл жана аны менен катташкын. Муктаж адамды муктаждыгынан чыгар, өз жеринен алыста жүргөн мусапырга (жардам) бер. Ушундай жакшылыктарды кылуу – Аллахтын ыраазылыгын каалагандар үчүн жакшы. Алар ушундай жардам берип, адамдардын акысын өтөп өз милдеттерин аткарышат. Мына ошолор көздөгөн бейишине жетип, корккон тозогунан кутулуп, ийгиликке жеткендер

وَمَآ ءَاتَيْتُم مِّن رِّبًۭا لِّيَرْبُوَا۟ فِىٓ أَمْوَٰلِ ٱلنَّاسِ فَلَا يَرْبُوا۟ عِندَ ٱللَّهِ ۖ وَمَآ ءَاتَيْتُم مِّن زَكَوٰةٍۢ تُرِيدُونَ وَجْهَ ٱللَّهِ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُضْعِفُونَ ﴿٣٩﴾

Силер ашыгыменен кайтарып алуумаксатта кээбир адамдарга берген мал-мүлкүңөрдүн Аллахтын алдында сообу көбөйбөйт. Ал эми силер кадыр-баркка жана адамдардан сыйлыкка жетүүнү көздөбөстөн, Аллахтын гана Жүзүн каалап муктаж болгон адамдарга мал-мүлкүңөрдөн берсеңер, мына ошолорго Аллахтын алдында сооптор эселеп көбөйтүлүп берилет. بلغ Куран · Тафсир

ٱللَّهُ ٱلَّذِى خَلَقَكُمْ ثُمَّ رَزَقَكُمْ ثُمَّ يُمِيتُكُمْ ثُمَّ يُحْيِيكُمْ ۖ هَلْ مِن شُرَكَآئِكُم مَّن يَفْعَلُ مِن ذَٰلِكُم مِّن شَىْءٍۢ ۚ سُبْحَـٰنَهُۥ وَتَعَـٰلَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ ﴿٤٠﴾

وتعل عما يشركون ى Аллах жалгыз Өзү силерди жаратты, кийин силерге ырыскыңарды берди. Андан соң силерди өлтүрүп, кийин кайра тирилтет. Силер Аны менен катар сыйынып жаткан кудайларыңардан кимиси ушуларды кыла алат? Аллах мушриктердин айткан сөздөрүнөн жана ойлогон ойлорунан Аруужана Ыйык

ظَهَرَ ٱلْفَسَادُ فِى ٱلْبَرِّ وَٱلْبَحْرِ بِمَا كَسَبَتْ أَيْدِى ٱلنَّاسِ لِيُذِيقَهُم بَعْضَ ٱلَّذِى عَمِلُوا۟ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ ﴿٤١﴾

Адамдар колу менен жасаган күнөөлөрүнүн айынан, алардын жашоосунда жетишпестик, ар кандай жугуштуу, жаман оорулар, кургакта да, деңизде да түрдүү бузукулуктар пайда болду. Аллах Таала мындай нерселерди адамдардын кээ бир күнөөлөрүнө жараша аларды бул дүйнө жашоосунда жазалоо үчүн жана алар тообо кылабы деген үмүттө жасады

قُلْ سِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَٱنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلُ ۚ كَانَ أَكْثَرُهُم مُّشْرِكِينَ ﴿٤٢﴾

Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Жер жүзүн кезип, силерден мурунку жалганчы коомдордун акыбети кандай болгонун карап ага ой жүгүрткүлө.Алардын артыжамандык менен бүткөн.Алардын көпчүлүгүАллахменен катар башка нерселерге сыйынып ширк кылышкан. Ошондуктан алар Аллахка ширк кылышканысебептүү кыйрап жок болушкан

فَأَقِمْ وَجْهَكَ لِلدِّينِ ٱلْقَيِّمِ مِن قَبْلِ أَن يَأْتِىَ يَوْمٌۭ لَّا مَرَدَّ لَهُۥ مِنَ ٱللَّهِ ۖ يَوْمَئِذٍۢ يَصَّدَّعُونَ ﴿٤٣﴾

Оо, пайгамбар! Анын келүүсүн эч ким токтото албаган кыямат күнү келгенге чейин эч кандай бурмалануусу жок туура Ислам динине жүзүңдү бур! Ал күнү адамдар бөлүнүп калышат, бир тобу бейиште жыргалчылыкта болушат, экинчи тобу тозокто азапталышат

مَن كَفَرَ فَعَلَيْهِ كُفْرُهُۥ ۖ وَمَنْ عَمِلَ صَـٰلِحًۭا فَلِأَنفُسِهِمْ يَمْهَدُونَ ﴿٤٤﴾

Кимде-ким Аллахка каапырлык кылса, анда анын каапырлыгынын зыяны өзүнө кайтат, ал тозокто түбөлүк калат. Ал эми ким Аллахтын Жүзүн каалап жакшылык иштерди кылса, анда алар өздөрү үчүн бейишке кирүүнү жана андагы жыргалчылыктарды даярдаптыр, алар ал жакта түбөлүк калышат

لِيَجْزِىَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ مِن فَضْلِهِۦٓ ۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿٤٥﴾

Ал, Аллахка ыйман келтирип, Раббисин ыраазы кыла турган жакшы иштерди кылгандарды сыйлоо үчүн ушинтет. Чынында, Аллах Ага жана Анын элчилерине каапыр болгондорду сүйбөйт. Тескерисинче, аларды аябай катуу жек көрөт жана кыямат күнү катуу азаптайт. بلغ Куран · Тафсир

وَمِنْ ءَايَـٰتِهِۦٓ أَن يُرْسِلَ ٱلرِّيَاحَ مُبَشِّرَٰتٍۢ وَلِيُذِيقَكُم مِّن رَّحْمَتِهِۦ وَلِتَجْرِىَ ٱلْفُلْكُ بِأَمْرِهِۦ وَلِتَبْتَغُوا۟ مِن فَضْلِهِۦ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ ﴿٤٦﴾

ولعل كم تشكرون Эй, адамдар! Жамгырдан кийинки пайда болгон түшүмдүүлүк жана бакубатчылык аркылуу силерге Өз ырайымын сездириш үчүн жана Өз каалоосу менен деңизде кемелерди жүргүзүш үчүн жана ошондой эле деңизде соода- сатык кылып Анын жакшылыктарын сурашыңар үчүн пенделерге жамгырдын жаашын сүйүнчүлөгөн шамалдарды жиберүүсү– Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген улууаят-белгилерден

وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ رُسُلًا إِلَىٰ قَوْمِهِمْ فَجَآءُوهُم بِٱلْبَيِّنَـٰتِ فَٱنتَقَمْنَا مِنَ ٱلَّذِينَ أَجْرَمُوا۟ ۖ وَكَانَ حَقًّا عَلَيْنَا نَصْرُ ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿٤٧﴾

Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун да элчилерди өз коомдоруна жиберип, аларга чынчылдыктарын билдирген далилдерди алып келишкен. Ошондо алар элчилери алып келген нерселерди жалганга чыгарышты. Анан Биз күнөөлөрдү кылгандардан өч алдык жана аларды Өз азабыбыз менен кыйратып жок кылдык. Ал эми элчилерди жана аларга ыйман келтиргендерди кыйроодон сактак калдык. Ыймандууларды куткаруу жана аларга жардам берүүнү – Биз Өзүбүгө милдет кылганбыз

ٱللَّهُ ٱلَّذِى يُرْسِلُ ٱلرِّيَـٰحَ فَتُثِيرُ سَحَابًۭا فَيَبْسُطُهُۥ فِى ٱلسَّمَآءِ كَيْفَ يَشَآءُ وَيَجْعَلُهُۥ كِسَفًۭا فَتَرَى ٱلْوَدْقَ يَخْرُجُ مِنْ خِلَـٰلِهِۦ ۖ فَإِذَآ أَصَابَ بِهِۦ مَن يَشَآءُ مِنْ عِبَادِهِۦٓ إِذَا هُمْ يَسْتَبْشِرُونَ ﴿٤٨﴾

Аллах Таала шамал соктурат. Шамал булуттарды козгоп айдайт. Анан аларды асманда Өзү каалагандай, же аз, же көп кылып жаят жана бөлөк-бөлөк кылып таркатат. Анан сен, эй, карап турган адам, булут арасынан чыккан жамгырды көрөсүң. Ал Өзү каалаган пенделеринин үстүнө жамгыр жаадырганда, алар Аллахтын ырайымы менен жааган жамгырга сүйүнүшөт. Анткени, жамгырдан кийин жер бетине алардын өзүнө жана үй жаныбарларына керек болгон азык-тоюттар өнүп чыгат. وإن كانوامن قبل أن ينزل عليهم من قبله لمبلسين

وَإِن كَانُوا۟ مِن قَبْلِ أَن يُنَزَّلَ عَلَيْهِم مِّن قَبْلِهِۦ لَمُبْلِسِينَ ﴿٤٩﴾

Аллахаларга жамгыр жаадырганга чейин алар андан үмүтсүз болуп калышкан эле

فَٱنظُرْ إِلَىٰٓ ءَاثَـٰرِ رَحْمَتِ ٱللَّهِ كَيْفَ يُحْىِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَآ ۚ إِنَّ ذَٰلِكَ لَمُحْىِ ٱلْمَوْتَىٰ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌۭ ﴿٥٠﴾

Оо, пайгамбар! Аллах Өз пенделерине ырайым кылып түшүргөн жамгырдын белгилерин кара, Аллах жер бети кургап калгандан кийин түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүп аны кантип тирилткенин кара! Чындыгында ал кургак жерди тирилткен Аллах өлүктөрдү кайра тирилте алат. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Аны эч ким алсыз кыла ر албайт. ولئن أرسلنا ريحا فرأوه مصف الظلوا من بعده يكفرون

وَلَئِنْ أَرْسَلْنَا رِيحًۭا فَرَأَوْهُ مُصْفَرًّۭا لَّظَلُّوا۟ مِنۢ بَعْدِهِۦ يَكْفُرُونَ ﴿٥١﴾

Эгерде Биз алардын эгиндерине жана жашылча-жемиштерине зыян келтире тургандай шамал жиберип, ага чейин жапжашыл болуп турган эгиндери саргайып кеткендерин көрүшсө, анда аны көрүшкөндөн кийин Аллахтын аларга мурун берген көптөгөн жакшылыктарын танып кетишет. بلغ Куран · Тафсир

فَإِنَّكَ لَا تُسْمِعُ ٱلْمَوْتَىٰ وَلَا تُسْمِعُ ٱلصُّمَّ ٱلدُّعَآءَ إِذَا وَلَّوْا۟ مُدْبِرِينَ ﴿٥٢﴾

Сен өлүктөргө сөзүңдү угуза албаган сыяктуу дүлөйлөргө да сөзүңдү угуза албайсың. Алардын укпастыгы анык болуш үчүн алар сенден алыстап кетишти. Ошол сыяктуу эле сен аларга окшоп баш тарткандарды жана пайда албагандарды туура жолго сала албайсың

وَمَآ أَنتَ بِهَـٰدِ ٱلْعُمْىِ عَن ضَلَـٰلَتِهِمْ ۖ إِن تُسْمِعُ إِلَّا مَن يُؤْمِنُ بِـَٔايَـٰتِنَا فَهُم مُّسْلِمُونَ ﴿٥٣﴾

Ошондой эле сен түз жолдон адашкандарды акыйкат жолго түшүрө албайсың. Биздин аяттарыбызга ыйман келтирип, пайда алуу үчүн уккан адамга гана угуза аласың. Анткени ал сенин айткан сөзүңдөн пайда алат. Мына ошолор Биздин буйруктарыбызга ээрчип, баш ийгендер

۞ ٱللَّهُ ٱلَّذِى خَلَقَكُم مِّن ضَعْفٍۢ ثُمَّ جَعَلَ مِنۢ بَعْدِ ضَعْفٍۢ قُوَّةًۭ ثُمَّ جَعَلَ مِنۢ بَعْدِ قُوَّةٍۢ ضَعْفًۭا وَشَيْبَةًۭ ۚ يَخْلُقُ مَا يَشَآءُ ۖ وَهُوَ ٱلْعَلِيمُ ٱلْقَدِيرُ ﴿٥٤﴾

Эй, адамдар! Аллах силерди алсыз суудан жаратты. Андан соң балалык кездеги алсыздыктан кийин киши курактагы күч-кубаттуулукту берди. Андан соң киши курактагы күч-кубаттуулуктан кийин карылык кездеги алсыздыкты берди. Аллах алсыздыктан жана күч-кубаттуулуктан Өзү каалаганды жаратат. Ал бүткүл нерселерди Билүүчү, Ага эч бир нерсе жашыруун эмес. Ал Кудуреттүү, Аны эч ким алсыз кыла албайт

وَيَوْمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ يُقْسِمُ ٱلْمُجْرِمُونَ مَا لَبِثُوا۟ غَيْرَ سَاعَةٍۢ ۚ كَذَٰلِكَ كَانُوا۟ يُؤْفَكُونَ ﴿٥٥﴾

Кыямат күн болгондо күнөөкөрлөр кабырларында аз гана убакыт болдук деп касам ичишет. Алар дүйнөдө акыйкаттан адашып кетишкени сыяктууаларга кабырларында канча убакыт болгондорун билүүдө да адашышты

وَقَالَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْعِلْمَ وَٱلْإِيمَـٰنَ لَقَدْ لَبِثْتُمْ فِى كِتَـٰبِ ٱللَّهِ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْبَعْثِ ۖ فَهَـٰذَا يَوْمُ ٱلْبَعْثِ وَلَـٰكِنَّكُمْ كُنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ ﴿٥٦﴾

تعلمون Аллахилим берген пайгамбарлар жана периштелер минтип айтышат: «Силер АллахТаала илими менен жазган алгачкыжаралган күнүңөрдөн баштап, өзүңөр ишенбей четке каккан кайра тирилүү күнүңөргө чейин турдуңар. Бирок, силер кайра тирилүүнү билбей туруп, ага каапыр болгонсуңар"

فَيَوْمَئِذٍۢ لَّا يَنفَعُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ مَعْذِرَتُهُمْ وَلَا هُمْ يُسْتَعْتَبُونَ ﴿٥٧﴾

Ал күнү Аллах бүткүл адамдарды, жиндерди, жан-жаныбарларды сурак үчүн жана сыйлык же жаза бериш үчүн кайра тирилтет. Заалымдарга алар ойлоп тапкан шылтоолору пайда бербейт жана алардан Аллахты ыраазы кылыш үчүн тообо кылуу да, Ага кайтуу да талап кылынбайт. Анткени анын убактысы өтүп кеткен

وَلَقَدْ ضَرَبْنَا لِلنَّاسِ فِى هَـٰذَا ٱلْقُرْءَانِ مِن كُلِّ مَثَلٍۢ ۚ وَلَئِن جِئْتَهُم بِـَٔايَةٍۢ لَّيَقُولَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِنْ أَنتُمْ إِلَّا مُبْطِلُونَ ﴿٥٨﴾

Биз адамдарга камкордук кылып, аларга акыйкат жалгандан айырмаланып билинүүсү үчүн бул Куранда ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Оо, пайгамбар! Эгерде сен аларга чындылдыгыңды билдирген далил алып келсең, Аллахка каапырлык кылгандар:«Силер өзүңөр алып келген нерседе анык жалганчысыңар»–деп айтышат. بلغ Куран · Тафсир

كَذَٰلِكَ يَطْبَعُ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِ ٱلَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٥٩﴾

Сен алып келген аятка ыйман келтирбегендердин жүрөктөрүнө мөөр басылган сыяктуу Аллах сен аларга алып келгенди акыйкат деп билбеген бардык адамдардын жүрөктөрүнөق мөөр басат

فَٱصْبِرْ إِنَّ وَعْدَ ٱللَّهِ حَقٌّۭ ۖ وَلَا يَسْتَخِفَّنَّكَ ٱلَّذِينَ لَا يُوقِنُونَ ﴿٦٠﴾

Оо, пайгамбар! Элиңдин сени жалганга чыгарганына сабыр кыл! Чындыгында Аллах сени жеңишке, кубаттуулукка жеткирип, диниңди бекем орнотуу тууралуу убадасы шексиз ишке ашат. Андыктан кайра тирилүүгө ишенбегендер сени шаштырууга жана сабырсыздык кылууга түртпөсүн. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Ar-Room — الروم

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил