الٓمٓ ﴿١﴾
Алиф. Лаам. Миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген
Башкы бет›Тафсир›Luqman (31)
Меккелик · 34 аят
الٓمٓ ﴿١﴾
Алиф. Лаам. Миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген
تِلْكَ ءَايَـٰتُ ٱلْكِتَـٰبِ ٱلْحَكِيمِ ﴿٢﴾
Оо,пайгамбар!Сага түшкөн булаяттар –даанышмандык менен сүйлөгөн китеп аяттары. هدى ورحمة للمح سنين
هُدًۭى وَرَحْمَةًۭ لِّلْمُحْسِنِينَ ﴿٣﴾
Ал Раббисинин жана Анын пенделеринин алдындагы милдеттерди аткарып жакшы иш-аракеттерди кылгандар үчүн туура жол жана ырайым
ٱلَّذِينَ يُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُؤْتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَهُم بِٱلْـَٔاخِرَةِ هُمْ يُوقِنُونَ ﴿٤﴾
Алар намазды толук түрдө аткарышат, мал-мүлктөрүнөн зекет беришет жана акыреттеги кайра тирилүү, сурак берүү, сооп же жаза алуу сыяктуу нерселерге анык ишенишет
أُو۟لَـٰٓئِكَ عَلَىٰ هُدًۭى مِّن رَّبِّهِمْ ۖ وَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُفْلِحُونَ ﴿٥﴾
Мына ушул сыпаттарга ээ адамдар Раббиси тараптан болгон туура жолдо жана ошолор көздөгөндөрүнө жетип жана корккондорунан алыстап жеңишке жеткендер
وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَشْتَرِى لَهْوَ ٱلْحَدِيثِ لِيُضِلَّ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ بِغَيْرِ عِلْمٍۢ وَيَتَّخِذَهَا هُزُوًا ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ لَهُمْ عَذَابٌۭ مُّهِينٌۭ ﴿٦﴾
Адамдардын арасында Надр ибн аль-Хариске окшогондор сабатсыздыктан улам Аллахтын дининен адамдарды алаксытыш үчүн маанисиз-бекерчи сөздөрдүтандашат жана Аллахтын аяттарын шылдыңдап күлүшөт.Мына ушул сыпаттарга ээ адамдарга акыретте кордоочу азап бар
وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِ ءَايَـٰتُنَا وَلَّىٰ مُسْتَكْبِرًۭا كَأَن لَّمْ يَسْمَعْهَا كَأَنَّ فِىٓ أُذُنَيْهِ وَقْرًۭا ۖ فَبَشِّرْهُ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ ﴿٧﴾
Эгерде ага Биздин аяттарыбыз окулса, аны укпагандай, кулагында дүлөйлүгү бардай аны укпастан текеберленип бурулуп кетет. Оо, пайгамбар! Ага аныкүткөн кыйноочу азаптын кабарын берип кой
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ لَهُمْ جَنَّـٰتُ ٱلنَّعِيمِ ﴿٨﴾
Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга жыргалчылык бейиштери бар. Алар ал жакта Аллахалар үчүн даярдап койгон жыргалчылыкта болушат. بلغ Куран · Тафсир ق
خَـٰلِدِينَ فِيهَا ۖ وَعْدَ ٱللَّهِ حَقًّۭا ۚ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿٩﴾
Алар анда түбөлүк калышат. Аллах муну аларга Өзү убада кылды, мында эч кандай шек жок. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү. Ал Өз жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман
خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ بِغَيْرِ عَمَدٍۢ تَرَوْنَهَا ۖ وَأَلْقَىٰ فِى ٱلْأَرْضِ رَوَٰسِىَ أَن تَمِيدَ بِكُمْ وَبَثَّ فِيهَا مِن كُلِّ دَآبَّةٍۢ ۚ وَأَنزَلْنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَأَنۢبَتْنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوْجٍۢ كَرِيمٍ ﴿١٠﴾
Аллах таала асмандарды түркүксүз көтөрүлгөн абалда жаратты жана силерди чайпалтпасын деп Жер бетине бекем тоолорду орнотту. Ошондой эле Жер жүзүнө түрдүү жан-жаныбарларды таратты. Жана Биз асмандан жамгыр суусун түшүрүп, Жер бетинде ар кандай түрдөгү кооз көрүнүштөгү өсүмдүктөрдү өстүрдүк. Аларды адамдар жана жаныбарлар пайдаланат
هَـٰذَا خَلْقُ ٱللَّهِ فَأَرُونِى مَاذَا خَلَقَ ٱلَّذِينَ مِن دُونِهِۦ ۚ بَلِ ٱلظَّـٰلِمُونَ فِى ضَلَـٰلٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿١١﴾
Бул айтылгандар Аллахтын жараткандары. Эй, мушриктер! Кана мага көрсөткүлөчү, силер Аллахтан башка сыйынганыңар эмнелерди жаратты?! Тескерисинче заалымдар акыйкаттан анык адашууда. Анткени алар эч нерсени жарата албаган,өздөрүжаратылган нерселерди Раббисине шерик кылып жатышат
وَلَقَدْ ءَاتَيْنَا لُقْمَـٰنَ ٱلْحِكْمَةَ أَنِ ٱشْكُرْ لِلَّهِ ۚ وَمَن يَشْكُرْ فَإِنَّمَا يَشْكُرُ لِنَفْسِهِۦ ۖ وَمَن كَفَرَ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَنِىٌّ حَمِيدٌۭ ﴿١٢﴾
Биз Лукманга диндеги туура түшүнүктү жана иштердин тууралыгын билүүнү бердик жана ага айттык: «Эй, Лукман! Раббиң сени Өзүнө моюн сунууга ийгилик берип кылган жакшылыгына шүгүр кыл! Кимде-ким Раббисине шүгүр кылса, чындыгында анын кылган шүгүрү өзүнө гана кайтат. Аллах анын шүгүрүнө муктаж эмес. Ал эми ким Аллахтын берген жакшылыгын четке кагып,Ага каапырлык кылса,чындыгында анын каапырлыгынын зыянын өзү тартат. Ал Аллахка эч кандай зыян бербейт. Ал жаратылгандардын эч бирине муктаж эмес жана бүткүл абалда мактоого татыктуу»
وَإِذْ قَالَ لُقْمَـٰنُ لِٱبْنِهِۦ وَهُوَ يَعِظُهُۥ يَـٰبُنَىَّ لَا تُشْرِكْ بِٱللَّهِ ۖ إِنَّ ٱلشِّرْكَ لَظُلْمٌ عَظِيمٌۭ ﴿١٣﴾
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Лукман баласын жакшылыкка үндөп, жамандыктан эскертип мындай деди: «Оо, балам! Аллах менен катар башкага сыйынба! Чындыгында Аллах менен катар башка кудайларга сыйынуу – адамдын чоң зулумдугу. Анткени ал түбөлүк тозокко алып бара турган чоң күнөөнү кылды»
وَوَصَّيْنَا ٱلْإِنسَـٰنَ بِوَٰلِدَيْهِ حَمَلَتْهُ أُمُّهُۥ وَهْنًا عَلَىٰ وَهْنٍۢ وَفِصَـٰلُهُۥ فِى عَامَيْنِ أَنِ ٱشْكُرْ لِى وَلِوَٰلِدَيْكَ إِلَىَّ ٱلْمَصِيرُ ﴿١٤﴾
Биз инсанга Аллахтын алдында күнөө болбогон иште ата-энесине баш ийүүнү, аларга жакшылык кылууну осуят кылдык. Энеси аныөз курсагында кыйынчылык артынан кыйынчылык тартып көтөрдү жана аныэмчектен чыгаруу эки жыл. Биз ага айттык: «Аллах сага кылган жакшылыктар үчүн Ага шүгүр кыл жана сага тарбия берген, камкордук кылган ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар, ошондо Мен ар бириңерге татыктуу сыйлыгын же жазасын берем». بلغ Куран · Тафсир
وَإِن جَـٰهَدَاكَ عَلَىٰٓ أَن تُشْرِكَ بِى مَا لَيْسَ لَكَ بِهِۦ عِلْمٌۭ فَلَا تُطِعْهُمَا ۖ وَصَاحِبْهُمَا فِى ٱلدُّنْيَا مَعْرُوفًۭا ۖ وَٱتَّبِعْ سَبِيلَ مَنْ أَنَابَ إِلَىَّ ۚ ثُمَّ إِلَىَّ مَرْجِعُكُمْ فَأُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿١٥﴾
Эгерде ата-энең күчкө салып сени Аллахка ширк кылдырууга болушунча аракет кылып мажбурлашса да, сен бул нерседе аларга баш ийбе! Анткени Жаратуучунун алдында күнөө болгон иште инсанга, пендеге баш ийүү жок. А, бирок дүйнөдө ал экөөсүн урматтап сыйла, мамилеңди бекемде жана жакшылык кыл! Мени жалгыз деп билген жана баш ийүү менен Мага кайткан адамдардын жолун ээрчи! Кийин кыямат күнү баарыңар Мага гана кайтасыңар. ОшондоМен силерге бул дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын билдирем жана анын сыйлыгын же жазасын берем
يَـٰبُنَىَّ إِنَّهَآ إِن تَكُ مِثْقَالَ حَبَّةٍۢ مِّنْ خَرْدَلٍۢ فَتَكُن فِى صَخْرَةٍ أَوْ فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ أَوْ فِى ٱلْأَرْضِ يَأْتِ بِهَا ٱللَّهُ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَطِيفٌ خَبِيرٌۭ ﴿١٦﴾
Оо, балам! Чындыгында жакшылык же жамандык иш сары кычынын данынын салмагындай кичине болуп, эч ким көрбөгөн аска таштын ичинде болсода, же болбосоасмандардын же Жердин кайсыжеринде болбосун, Аллах аны кыямат күнү сөзсүз алып келет жана пендеге анын сыйлыгын же жазасын берет. Чындыгында Аллах Баамчыл, Ага бүткүл нерселер ийне-жибине чейин белгилүү. Ал Кабардар, бүткүл нерселердин акыйкатын жана ордун билет
يَـٰبُنَىَّ أَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ وَأْمُرْ بِٱلْمَعْرُوفِ وَٱنْهَ عَنِ ٱلْمُنكَرِ وَٱصْبِرْ عَلَىٰ مَآ أَصَابَكَ ۖ إِنَّ ذَٰلِكَ مِنْ عَزْمِ ٱلْأُمُورِ ﴿١٧﴾
Оо, балам! Намазды толук түрдө аткар, жакшылыкка чакыр, жамандыктан кайтар жана бул нерседе сага жеткен кыйынчылыктарга сабыр кыл. Чындыгында сага буйрулган бул нерселерди Аллах сенин аткарууңду буйурду жана сага бул нерседе эч кандай тандоо бербеди
وَلَا تُصَعِّرْ خَدَّكَ لِلنَّاسِ وَلَا تَمْشِ فِى ٱلْأَرْضِ مَرَحًا ۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ كُلَّ مُخْتَالٍۢ فَخُورٍۢ ﴿١٨﴾
Жана текеберленип адамдардан жүзүңдү бурба! Ошондой эле жер үстүндө менменсинип керсейип баспа! Чындыгында берилген жакшылыктар менен адамдарга текеберленип, ал үчүн Аллахка шүгүр кылбай мактанып менменсинген адамдардын эч бирин Аллах жакшыкөрбөйт
وَٱقْصِدْ فِى مَشْيِكَ وَٱغْضُضْ مِن صَوْتِكَ ۚ إِنَّ أَنكَرَ ٱلْأَصْوَٰتِ لَصَوْتُ ٱلْحَمِيرِ ﴿١٩﴾
Шашылбастан, өтө жай да эмес салабаттуулукту көрсөтүп бир калыпта бас жана зыян бере турганчалык үнүңдү катуу чыгарба! Чындыгында үндөрдүн эң жаманы – эшектин айкырганы. Анткени анын үнү катуу чыгат
أَلَمْ تَرَوْا۟ أَنَّ ٱللَّهَ سَخَّرَ لَكُم مَّا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ وَأَسْبَغَ عَلَيْكُمْ نِعَمَهُۥ ظَـٰهِرَةًۭ وَبَاطِنَةًۭ ۗ وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يُجَـٰدِلُ فِى ٱللَّهِ بِغَيْرِ عِلْمٍۢ وَلَا هُدًۭى وَلَا كِتَـٰبٍۢ مُّنِيرٍۢ ﴿٢٠﴾
Эй, адамдар! Көрбөй жатасыңарбы, Аллах силерге Күн, Ай, жылдыздар сыяктуу асмандардагы нерселерди пайдаланууну жеңил кылып койду. Ошондой эле силерге жан-жаныбарлар, бак-дарактар, өсүмдүктөр сыяктуу Жердеги нерселерди пайдаланууну да жеңил кылды. Жана силерге көзгө көрүнгөн сулуу келбет, келишимдүү турпат жана көзгө көрүнбөгөн акыл, илим сыяктуу Өз жакшылыктарын толук кылып берди. Мына ушундай жакшылыктарга карабастан,кээ бир адамдар эчкандай илими жок туруп,Аллахтан келген вахийге же тунук بلغ Куран · Тафсир акылга же Аллах тараптан түшкөн ачык китепке таянбастан, Аллахтын жалгыз Зат экендигин кайтарып, талашып- тартышат
وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱتَّبِعُوا۟ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ قَالُوا۟ بَلْ نَتَّبِعُ مَا وَجَدْنَا عَلَيْهِ ءَابَآءَنَآ ۚ أَوَلَوْ كَانَ ٱلشَّيْطَـٰنُ يَدْعُوهُمْ إِلَىٰ عَذَابِ ٱلسَّعِيرِ ﴿٢١﴾
Эгер ошол Аллахтын жалгыздыгы тууралуу талашып-тартышкандарга: «Аллах Өз элчисине түшүргөн жолго ээрчигиле!» – деп айтылса, алар: «Биз аны ээрчибейбиз, тескерисинче биз бут-кудайларыбызга сыйынган ата- бабаларыбызды ээрчийбиз» – дешет. Шайтан аларды бут-кудайларга сыйындырып адаштыруу менен кыямат күнүндөгүтозок азабына чакырып жатса дагыалар ата-бабаларын ээрчишеби?!
۞ وَمَن يُسْلِمْ وَجْهَهُۥٓ إِلَى ٱللَّهِ وَهُوَ مُحْسِنٌۭ فَقَدِ ٱسْتَمْسَكَ بِٱلْعُرْوَةِ ٱلْوُثْقَىٰ ۗ وَإِلَى ٱللَّهِ عَـٰقِبَةُ ٱلْأُمُورِ ﴿٢٢﴾
Кимде-ким Аллахка чын ыкластан сыйынып, жакшылык иштерди аткарып Ага бет алса, анда ал кутулууну каалаган адам үзүлүп кетет деп коркпой турган бекем нерсени кармаптыр. Иштердин жүрүшү, акыбети жалгыз Аллахка гана кайтат. Ал баарына өзүнө жараша сыйлыгын же жазасын берет
وَمَن كَفَرَ فَلَا يَحْزُنكَ كُفْرُهُۥٓ ۚ إِلَيْنَا مَرْجِعُهُمْ فَنُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُوٓا۟ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ ﴿٢٣﴾
Оо, пайгамбар! Аллахка каапырлык кылгандардын каапырлыгысени капалантпасын. Алар кыямат күнү Бизге гана кайтып келишет.ОшондоБиз алардын дүйнөдө кылган жамандыктарынын кабарын угузуп,ага жазасын беребиз. Чындыгында Аллах көкүрөктөрдөгү нерселерди Билүүчү, алардын эч бири Ага жашыруун эмес. نمتعهم قليلا ثم نضطرهم إلىعذاب غليظ
نُمَتِّعُهُمْ قَلِيلًۭا ثُمَّ نَضْطَرُّهُمْ إِلَىٰ عَذَابٍ غَلِيظٍۢ ﴿٢٤﴾
Биз аларга дүйнө жыргалчылыктарын берип болор-болбос убакыт жыргатабыз. Кийин кыямат күнү аларды тозок азабы болгон катуу азапка салабыз
وَلَئِن سَأَلْتَهُم مَّنْ خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُ ۚ قُلِ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٢٥﴾
Оо, пайгамбар! Эгер сен мушриктерден: «Асмандарды ким жаратты, жерди ким жаратты?» – деп сурасаң: «Аларды Аллах жаратты» – дешет. Аларга айткын: «Силерге далилди ачык көргөзгөн Аллахка мактоолор болсун». Бирок алардын көпчүлүгү наадандыктары себептүү мактоого ким татыктуу экендигин билишпейт
لِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلْغَنِىُّ ٱلْحَمِيدُ ﴿٢٦﴾
Асмандардагы жана жердеги нерселердин жаралуусу, ээлиги жана башкаруусу жалгыз Аллахка гана таандык. Чындыгында Аллах жаратылгандардын эч бирине муктаж эмес, Ал бул дүйнөдө жана акыретте мактоого татыктуу. بلغ Куран · Тафсир
وَلَوْ أَنَّمَا فِى ٱلْأَرْضِ مِن شَجَرَةٍ أَقْلَـٰمٌۭ وَٱلْبَحْرُ يَمُدُّهُۥ مِنۢ بَعْدِهِۦ سَبْعَةُ أَبْحُرٍۢ مَّا نَفِدَتْ كَلِمَـٰتُ ٱللَّهِ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌۭ ﴿٢٧﴾
حكيم Эгерде жер бетиндеги дарактар кесилип, калемсап болуп учталса жана деңиз ага сыя болуп, ага дагы жети деңиз кошумча берилсе да Аллахтын сөздөрүнүн акыры жок болгону себептүү алар эч качан түгөнбөйт. Чындыгында Аллах Кудуреттүү, Аны эч ким жеңе албайт. Ал Өз жаратуусунда жана башкаруусунда Даанышман
مَّا خَلْقُكُمْ وَلَا بَعْثُكُمْ إِلَّا كَنَفْسٍۢ وَٰحِدَةٍ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌۢ بَصِيرٌ ﴿٢٨﴾
Эй, адамдар! Силердин жаралууңар жана кыямат күнү сурак берүү, сыйлык же жаза алуу үчүн кайра тирилүүңөр бир жанды жараткан сыяктуу, аны кайра тирилтүү оңой. Чындыгында Аллах Угуучу, бир үндү угууда ага башка үндөр тоскоолдук жаратпайт. Ал Көрүүчү, бир нерсени көрүүдө ага башка нерселер жолтоо болбойт. Ошол сыяктуу эле бирمжандыжаратууда жеلаныкайра тирилтүүдө Аныбашка жандыжаратуу же кайра тирилтүү алаксытпайт
أَلَمْ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يُولِجُ ٱلَّيْلَ فِى ٱلنَّهَارِ وَيُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِى ٱلَّيْلِ وَسَخَّرَ ٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ كُلٌّۭ يَجْرِىٓ إِلَىٰٓ أَجَلٍۢ مُّسَمًّۭى وَأَنَّ ٱللَّهَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌۭ ﴿٢٩﴾
Көрбөдүңбү, Аллах күн узак болуш үчүн түндү кыскартты жана түн узак болуш үчүн күндү кыскартты. Ошондой эле Күн менен Айдын жүрүшүн белгилеп койду. Ал экөөсү өз орбитасында белгилүү мөөнөттө айланышат. Чындыгында Аллах силердин кылганыңардан кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында ал үчүн силерге сыйлыгын же жазасын берет
ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلْحَقُّ وَأَنَّ مَا يَدْعُونَ مِن دُونِهِ ٱلْبَـٰطِلُ وَأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلْعَلِىُّ ٱلْكَبِيرُ ﴿٣٠﴾
Мына ушул башкаруу жана өлчөө Аллахтын жалгыз акыйкат экенине күбө болот. Ал Өз Затында, сыпаттарында жана иш-аракеттеринде акыйкат. Ал эми мушриктер сыйынган Андан башка нерселер эч кандай негизи жок жалган. Аллах гана бүткүл жаратылыштан Өз Заты, үстөмдүгү жана урматы менен Бийик. Андан бийик эч нерсе жок, Ал бардык нерседен Улук
أَلَمْ تَرَ أَنَّ ٱلْفُلْكَ تَجْرِى فِى ٱلْبَحْرِ بِنِعْمَتِ ٱللَّهِ لِيُرِيَكُم مِّنْ ءَايَـٰتِهِۦٓ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّكُلِّ صَبَّارٍۢ شَكُورٍۢ ﴿٣١﴾
Кемелер деңизде Анын мээримдүүлүгү жана жеңилдетүүсү менен сүзүп жүргөнүн көрбөдүңбү?! Эй, адамдар! Ал муну силерге Өзүнүн кудуреттүүлүгүн жана мээримин билдирген керемет-белгилерин көргөзүш үчүн кылды. Чындыгында бул нерседе кыйынчылыкта сабыр кылуучулар жана жакшылыкта шүгүр кылуучулар үчүн Анын кудуреттүүлүгүн билдирген далилдер бар
وَإِذَا غَشِيَهُم مَّوْجٌۭ كَٱلظُّلَلِ دَعَوُا۟ ٱللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ فَلَمَّا نَجَّىٰهُمْ إِلَى ٱلْبَرِّ فَمِنْهُم مُّقْتَصِدٌۭ ۚ وَمَا يَجْحَدُ بِـَٔايَـٰتِنَآ إِلَّا كُلُّ خَتَّارٍۢ كَفُورٍۢ ﴿٣٢﴾
كل ختار كفور Качан алардыбүт тараптан тоолордой жана булуттардай толкундар ороп калганда гана алар жалгыз Аллахка чын ыкластан дуба кылып жана сыйынып жалбарышат. Качан Аллах алардын дубасына жооп берип, аларды чөгүүдөн сактап, кургактыкка чыгарса, алардын кээ бирлери ортолукту карманып, аларга милдет болгондой толук түрдө шүгүр кылышпайт,алэми кээ бирлери Аллахтын жакшылыгын четке кагышат.Биздин керемет-белгилерибизди بلغ Куран · Тафсир бардык кыянатчылар (мисалы,эгер Аллахбизди куткарса,анда сөзсүз шүгүр келтирүүчүлөрдөн болобуз деп убада кылгандар), Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кылбай алардычетке каккандар гана жоккочыгарышат
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُوا۟ رَبَّكُمْ وَٱخْشَوْا۟ يَوْمًۭا لَّا يَجْزِى وَالِدٌ عَن وَلَدِهِۦ وَلَا مَوْلُودٌ هُوَ جَازٍ عَن وَالِدِهِۦ شَيْـًٔا ۚ إِنَّ وَعْدَ ٱللَّهِ حَقٌّۭ ۖ فَلَا تَغُرَّنَّكُمُ ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَا وَلَا يَغُرَّنَّكُم بِٱللَّهِ ٱلْغَرُورُ ﴿٣٣﴾
Эй, адамдар! Раббиңердин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан корккула! Жана атасы баласына, баласы атасына эч пайда келтире албаган күндүн азабынан корккула! Чындыгында Аллахтын кыямат күнүндөгү сыйлык же жаза тууралуу берген убадасыанык жана сөзсүз болот. Андыктан силерди дүйнө жашоосунун ырахаттары жана жыргалчылыктары азгырып койбосун жана шайтан силерди Аллахтын токтоолугу жана азапты кечиктирүүсүменен алдап койбосун
إِنَّ ٱللَّهَ عِندَهُۥ عِلْمُ ٱلسَّاعَةِ وَيُنَزِّلُ ٱلْغَيْثَ وَيَعْلَمُ مَا فِى ٱلْأَرْحَامِ ۖ وَمَا تَدْرِى نَفْسٌۭ مَّاذَا تَكْسِبُ غَدًۭا ۖ وَمَا تَدْرِى نَفْسٌۢ بِأَىِّ أَرْضٍۢ تَمُوتُ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌۢ ﴿٣٤﴾
Чындыгында кыяматтын качан болорун жалгыз Аллах гана билет. Ал качан кааласа жамгыр жаадырат. Жана жатындагы түйүлдүк бала же кыз экенин, бактылуу же бактысыз экенин Өзү билет. Эч бир жан эртең кандай жакшылык же жамандык кыларын билбейт.Эчбир жан кайсыжерде өлөрүн да билбейт.Мунун баарын Аллахгана билет. Чындыгында Аллах бүткүл нерсени Билүүчү, Кабардар. Булардын эч бири Ага жашыруун эмес. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз