الٓمٓ ﴿١﴾
Алиф. Лаам. Миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген
Башкы бет›Тафсир›As-Sajda (32)
Меккелик · 30 аят
الٓمٓ ﴿١﴾
Алиф. Лаам. Миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген
تَنزِيلُ ٱلْكِتَـٰبِ لَا رَيْبَ فِيهِ مِن رَّبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٢﴾
Мухаммад алып келген булКуран ааламдардын Раббиси тараптан түшкөн.Мында эчкандай шек жок
أَمْ يَقُولُونَ ٱفْتَرَىٰهُ ۚ بَلْ هُوَ ٱلْحَقُّ مِن رَّبِّكَ لِتُنذِرَ قَوْمًۭا مَّآ أَتَىٰهُم مِّن نَّذِيرٍۢ مِّن قَبْلِكَ لَعَلَّهُمْ يَهْتَدُونَ ﴿٣﴾
Ал каапырлар: «Чындыгында Мухаммад муну Раббисинин атынан өзү ойлоп тапкан» – дешет. Бул иш алар айткандай эмес. Тескерисинче бул Раббиң тараптан түшкөн эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат. Эй, пайгамбар! Сенден мурун аларга Аллахтын азабынан коркуткан пайгамбар келбеген коомду эскерткин. Балким алар акыйкатка түшүп, аны ээрчишет жана аны аткарышат
ٱللَّهُ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا فِى سِتَّةِ أَيَّامٍۢ ثُمَّ ٱسْتَوَىٰ عَلَى ٱلْعَرْشِ ۖ مَا لَكُم مِّن دُونِهِۦ مِن وَلِىٍّۢ وَلَا شَفِيعٍ ۚ أَفَلَا تَتَذَكَّرُونَ ﴿٤﴾
Аллах Өзү асмандар менен жерди жаратты жана ал экөөсүнүн арасындагыларды алты күндө жаратты. Ал аны бир көз ирмемден да аз убакытта жаратып коюуга кудуреттүү. Кийин Ал Өзүнүн улуулугуна ылайык деңгээлде Аршка бийиктеди жана көтөрүлдү. Эй, адамдар! Силер үчүн Раббиңердин алдында ишиңерди колго алган колдоочу да, ортомчу болгон шапаат кылуучу да жок. Ойлонбойсуңарбы, башкаларга сыйынбай силерди жараткан Аллахка сыйынбайсыңарбы?!
يُدَبِّرُ ٱلْأَمْرَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ إِلَى ٱلْأَرْضِ ثُمَّ يَعْرُجُ إِلَيْهِ فِى يَوْمٍۢ كَانَ مِقْدَارُهُۥٓ أَلْفَ سَنَةٍۢ مِّمَّا تَعُدُّونَ ﴿٥﴾
Аллах асмандар менен жердеги бүткүл жандуу-жансыздардын иштерин Өзү башкарып турат. Эй, адамдар! Кийин силердин эсебиңерде миң жылга тете болгон бир күндө алиштер Ага карай көтөрүлөт
ذَٰلِكَ عَـٰلِمُ ٱلْغَيْبِ وَٱلشَّهَـٰدَةِ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ ﴿٦﴾
Мына ошонун баарын башкарып туруучу – Ал кайыпты да, ашкерени да Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал Кудуреттүү, ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, Ал өз душмандарынан өч алам десе, эч ким тосо албайт. Ал Өзүнүн ыймандуупенделерине Ырайымдуу
ٱلَّذِىٓ أَحْسَنَ كُلَّ شَىْءٍ خَلَقَهُۥ ۖ وَبَدَأَ خَلْقَ ٱلْإِنسَـٰنِ مِن طِينٍۢ ﴿٧﴾
Ал бүткүл нерселерди эң сонун көрүнүштө жараткан жана Адамдымурда болбогондой калыпта ылайдан жаратып баштаган. بلغ Куран · Тафсир
ثُمَّ جَعَلَ نَسْلَهُۥ مِن سُلَـٰلَةٍۢ مِّن مَّآءٍۢ مَّهِينٍۢ ﴿٨﴾
Кийин аныулай урпактарын андан бөлүнүп чыккан белсуудан жаратты
ثُمَّ سَوَّىٰهُ وَنَفَخَ فِيهِ مِن رُّوحِهِۦ ۖ وَجَعَلَ لَكُمُ ٱلسَّمْعَ وَٱلْأَبْصَـٰرَ وَٱلْأَفْـِٔدَةَ ۚ قَلِيلًۭا مَّا تَشْكُرُونَ ﴿٩﴾
Кийин инсандытолук көркөм келбетте жараттыжана жан салууга жоопкер болгон периштеге буйруу менен ага Өз рухунан үйлөп жан салды. Эй, адамдар! Ал силерге угуш үчүн кулактарды, көрүш үчүн көздөрдү, акыл жүгүртүш үчүн жүрөктөрдү берди. Аллахтын силерге берген бул жакшылыктарына аз шүгүр кылып жатасыңар
وَقَالُوٓا۟ أَءِذَا ضَلَلْنَا فِى ٱلْأَرْضِ أَءِنَّا لَفِى خَلْقٍۢ جَدِيدٍۭ ۚ بَلْ هُم بِلِقَآءِ رَبِّهِمْ كَـٰفِرُونَ ﴿١٠﴾
Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган мушриктер айтышат: «Биз өлүп, жерге көмүлүп, денелерибиз топуракка айланып кетсе, анан кантип кайрадан тирилмек элек?!». Буга акылдары жетпейт. Тескерисинче алар акыйкатта кайра тирилүүгө ыйман келтирбей каапырлык кылышкандар
۞ قُلْ يَتَوَفَّىٰكُم مَّلَكُ ٱلْمَوْتِ ٱلَّذِى وُكِّلَ بِكُمْ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُمْ تُرْجَعُونَ ﴿١١﴾
Эй, пайгамбар! Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган мушриктерге айт: «Аллах силердин жаныңарды алууга дайындаган өлүм периштеси жаныңарды алат. Андан соң кыямат күнү сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн бизге гана кайтып келесиңер»
وَلَوْ تَرَىٰٓ إِذِ ٱلْمُجْرِمُونَ نَاكِسُوا۟ رُءُوسِهِمْ عِندَ رَبِّهِمْ رَبَّنَآ أَبْصَرْنَا وَسَمِعْنَا فَٱرْجِعْنَا نَعْمَلْ صَـٰلِحًا إِنَّا مُوقِنُونَ ﴿١٢﴾
Жакында кыямат күнү күнөөкөрлөргө баары ачык болгондо, алар кайра тирилүүгө каапырлык кылышканы себептүү кордуктан баштарын жерге салып кордолгон абалда турушканда айтышат: «Раббибиз! Биз жалганга чыгарган кайра тирилүүнү өз көзүбүз менен көрдүк, Сен тараптан пайгамбарлар алып келген нерселердин чындык экенин өз кулагыбыз менен уктук. Эми бизди дүйнө жашоосуна кайтар, биз Сени ыраазы кылган жакшылык иштерди кылалы.Биз кайра тирилүүгө жана пайгамбарлар алып келген нерселердин чындык экенине эми ишендик». Эгер сен күнөөкөрлөрдүн мына ошондой абалда болгондорун көрсөң, абалдарыкандай гана оор болгондугун көрөсүң
وَلَوْ شِئْنَا لَـَٔاتَيْنَا كُلَّ نَفْسٍ هُدَىٰهَا وَلَـٰكِنْ حَقَّ ٱلْقَوْلُ مِنِّى لَأَمْلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنَ ٱلْجِنَّةِ وَٱلنَّاسِ أَجْمَعِينَ ﴿١٣﴾
Эгер Биз ар бир жанга тууралыкты, ийгиликти берүүнү кааласак, анда Биз аны ошого алып бармакпыз. Бирок даанышмандыктан жана адилеттиктен Менин: «Кыямат күнү тозокту каапыр адамдар жана каапыр жиндер менен сөзсүз толтурамын. Анткени алар ыйман жана тууралык жолду таштап, каапырлык жана адашуу жолун тандашты»деген сөзүм сөзсүз ишке ашат
فَذُوقُوا۟ بِمَا نَسِيتُمْ لِقَآءَ يَوْمِكُمْ هَـٰذَآ إِنَّا نَسِينَـٰكُمْ ۖ وَذُوقُوا۟ عَذَابَ ٱلْخُلْدِ بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿١٤﴾
Кыямат күнү айыптоо максатта аларга мындай деп айтылат: «Кыямат күнүндө сурак бериш үчүн Аллах менен жолугушууну дүйнө жашоосунда унутканыңар себептүү азапты тарткыла! Чындыгында Биз силерди кыйналганыңарга карабастан азапка таштайбыз. Дүйнөдө күнөөлөрдү, каапырлыктыкылганыңар себептүү эч بلغ Куран · Тафсир качан бүтпөгөн түбөлүк азаптытарткыла»
إِنَّمَا يُؤْمِنُ بِـَٔايَـٰتِنَا ٱلَّذِينَ إِذَا ذُكِّرُوا۟ بِهَا خَرُّوا۟ سُجَّدًۭا وَسَبَّحُوا۟ بِحَمْدِ رَبِّهِمْ وَهُمْ لَا يَسْتَكْبِرُونَ ۩ ﴿١٥﴾
Чындыгында Биз пайгамбарларыбызга түшүргөн аяттарыбызга, алар насаат кылынганда Аллахты мактоо менен аруулап сажда кылгандар, Аллахка сыйынуудан жана кандай абалда болсо да сажда кылуудан текеберлик кылбагандар ыйман келтиришет
تَتَجَافَىٰ جُنُوبُهُمْ عَنِ ٱلْمَضَاجِعِ يَدْعُونَ رَبَّهُمْ خَوْفًۭا وَطَمَعًۭا وَمِمَّا رَزَقْنَـٰهُمْ يُنفِقُونَ ﴿١٦﴾
Алар уйкусунан ойгонуп капталдап жаткан жеринен төшөктөн турушат жана Аллахка бет алышып,намаздарында жана башка ибадаттарында Анын азабынан коркуу менен, Анын ырайымын үмүт кылуу менен дуба кылышат. Ошондой эле алар Биз берген мал-мүлктөрдү Аллахжолунда сарпташат
فَلَا تَعْلَمُ نَفْسٌۭ مَّآ أُخْفِىَ لَهُم مِّن قُرَّةِ أَعْيُنٍۢ جَزَآءًۢ بِمَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿١٧﴾
Алардын дүйнөдө кылган жакшылык иштеринин сыйлыгыкатарыАллах алар үчүн көздөрдү кубанткан кандай гана нерселерди даярдап койгондугун эч бир жан билбейт. Ал сыйлык аябагандай бийик-чоң, Анын акыйкатын бир гана Аллах билет
أَفَمَن كَانَ مُؤْمِنًۭا كَمَن كَانَ فَاسِقًۭا ۚ لَّا يَسْتَوُۥنَ ﴿١٨﴾
Аллахка ыйман келтирип,Анын буйруктарын аткарган жана тыйгандарын таштаган адам Ага моюн сунуудан баш тарткан адамдай эмес.Булэки тарап сыйлык же жаза алууда Аллахтын алдында бирдей эмес
أَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ فَلَهُمْ جَنَّـٰتُ ٱلْمَأْوَىٰ نُزُلًۢا بِمَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿١٩﴾
Алэми Аллахка ыйман келтирип,жакшылык иштерди кылгандарга даярдалган алардын сыйлыгыбейиштер болот. Алар ал жайда Аллахтын берешендиги менен туруктуу жашашат. Бул алардын дүйнөдө кылган жакшылык иштеринин сыйлыгы
وَأَمَّا ٱلَّذِينَ فَسَقُوا۟ فَمَأْوَىٰهُمُ ٱلنَّارُ ۖ كُلَّمَآ أَرَادُوٓا۟ أَن يَخْرُجُوا۟ مِنْهَآ أُعِيدُوا۟ فِيهَا وَقِيلَ لَهُمْ ذُوقُوا۟ عَذَابَ ٱلنَّارِ ٱلَّذِى كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ ﴿٢٠﴾
كنتم به تكذبون Ал эми каапырлык жана күнөөлөрдү кылуу менен Аллахка баш ийбегендер үчүн кыямат күнү даярдалган жайлары тозок болот. Алар ал жакта түбөлүк калышат. Алар ал жерден чыгууга аракет кылышса, кайра ага кайтарылат жана айыптоо катары аларга айтылат: «Дүйнөдө пайгамбарларыңар силерди эскерткен кезде аны жалганга чыгарган тозок азабын тарткыла»
وَلَنُذِيقَنَّهُم مِّنَ ٱلْعَذَابِ ٱلْأَدْنَىٰ دُونَ ٱلْعَذَابِ ٱلْأَكْبَرِ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ ﴿٢١﴾
Биз Аллахка баш ийбеген ал жалганчыларды эгер алар тообо кылышпаса, акыретте даярдалган чоң азапка чейин бул дүйнөдө кыйынчылыктардыжана балээлерди тарттырабыз. Балким алар Раббисине баш ийип кайтышар. بلغ Куран · Тафсир
وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّن ذُكِّرَ بِـَٔايَـٰتِ رَبِّهِۦ ثُمَّ أَعْرَضَ عَنْهَآ ۚ إِنَّا مِنَ ٱلْمُجْرِمِينَ مُنتَقِمُونَ ﴿٢٢﴾
Аллахтын аяттары эскертүү катары айтылганда андан сабак албастан, көңүл бурбастан жүз бурган адамдан өткөн залым эч ким жок. Чындыгында Биз Аллахтын аяттарынан жүз буруп каапырлык жана күнөөлөрдү кылган кылмышкерлерден сөзсүз өч алабыз
وَلَقَدْ ءَاتَيْنَا مُوسَى ٱلْكِتَـٰبَ فَلَا تَكُن فِى مِرْيَةٍۢ مِّن لِّقَآئِهِۦ ۖ وَجَعَلْنَـٰهُ هُدًۭى لِّبَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ﴿٢٣﴾
Биз Мусага Тооратты бердик. Эй, пайгамбар! Сен Исра жана Мираж түнүндө Муса менен жолукканыңа шектенбегин. Биз Мусага түшкөн китепти Исраил урпактарын адашуудан туура жолгобагыттоочу кылдык
وَجَعَلْنَا مِنْهُمْ أَئِمَّةًۭ يَهْدُونَ بِأَمْرِنَا لَمَّا صَبَرُوا۟ ۖ وَكَانُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا يُوقِنُونَ ﴿٢٤﴾
Биз, Исраил урпактарынан адамдар аларды акыйкат жолунда ээрчий турган, өздөрү да акыйкат жолго баштай турган башчыларды кылдык. Анткени, алар Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып, ыйманга чакыруудагы кыйынчылыктарга сабыр кылышкан. Алар пайгамбарларына түшкөн Аллахтын аяттары чындык экенине толук ишенишкен
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَفْصِلُ بَيْنَهُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ فِيمَا كَانُوا۟ فِيهِ يَخْتَلِفُونَ ﴿٢٥﴾
Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиң алардын бул дүйнөдө талашып тартышкан маселелерин кыямат күнү калыстык менен чечип берет.Кимиси чынчыл,кимиси жалганчыэкенин ачык билдирет жана ар бирине татыктуу сыйлыгын же жазасын берет
أَوَلَمْ يَهْدِ لَهُمْ كَمْ أَهْلَكْنَا مِن قَبْلِهِم مِّنَ ٱلْقُرُونِ يَمْشُونَ فِى مَسَـٰكِنِهِمْ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍ ۖ أَفَلَا يَسْمَعُونَ ﴿٢٦﴾
Эмне алар Биз мурунку коомдорду жок кылганыбыздыкөрүшпөй сокур болуп калыштыбы?! Мына ошолордун жок кылынганга чейинки жашашкан турак-жайларында басып жүрүшөт го!Алардын абалдарын көрүп сабак алышкан жок. Чындыгында ал коомдор каапырлыктары жана күнөөлөрү себептүү жок кылынуусунда үлгү-сабактар бар. Бул аларга пайгамбарлары Аллах тараптан алып келген нерсе чындык экендигине далил болот. Ал жалганчылар Аллахтын аяттарын кабыл алуу жана үлгү алуу менен угушпайбы?!
أَوَلَمْ يَرَوْا۟ أَنَّا نَسُوقُ ٱلْمَآءَ إِلَى ٱلْأَرْضِ ٱلْجُرُزِ فَنُخْرِجُ بِهِۦ زَرْعًۭا تَأْكُلُ مِنْهُ أَنْعَـٰمُهُمْ وَأَنفُسُهُمْ ۖ أَفَلَا يُبْصِرُونَ ﴿٢٧﴾
Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар көрүшпөйбү, Биз эч кандай өсүмдүк өспөгөн кургак жерге жамгырдын суусун жаадырып, ал суу менен алардын төөлөрү, уйлары, койлору жана алар өздөрү да жеген эгиндерди чыгардык го?! Алар муну көрүшпөйбү, кургак жерди өндүргөн Аллах өлүктөрдү кайра тирилтүүгө кудуреттүү экенин аңдап билишпейби?!
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَـٰذَا ٱلْفَتْحُ إِن كُنتُمْ صَـٰدِقِينَ ﴿٢٨﴾
Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар азапты шаштырып мындай дешет: «Кыямат күнү биз менен силердин ортобуздубөлөт,анан биз тозоккотүшүп,силерди бейишке киргизет деп силер ойлоп жаткан өкүм качан болот?». بلغ Куран · Тафсир
قُلْ يَوْمَ ٱلْفَتْحِ لَا يَنفَعُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِيمَـٰنُهُمْ وَلَا هُمْ يُنظَرُونَ ﴿٢٩﴾
Эй, пайгамбар! Аларга айт: «Бул убада кыямат күнү болот. Чындыгында ал пенделердин ортосун бөлгөн күн. Ал кезде дүйнөдө Аллахка каапырлык кылгандар кыямат күнүн өз көзү менен көргөндөн кийин чындыкты тастыктагандары аларга пайда бербейт жана алар Раббисине тообо кылып кайтуулары үчүн мөөнөт да берилбейт»
فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ وَٱنتَظِرْ إِنَّهُم مُّنتَظِرُونَ ﴿٣٠﴾
Эй, пайгамбар! Алар адашууга батып кеткен соң сен алардан жүзүңдү бур жана алардын башына түшө турган нерсени күт! Алар да убада кылынган азаптыкүтүшсүн. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз