Башкы бетТафсирAl-Ahzaab (33)

Тафсир Al-Ahzaab (33) — الأحزاب

Мединалык · 73 аят

Окуу · УгууPDF файл

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ ٱتَّقِ ٱللَّهَ وَلَا تُطِعِ ٱلْكَـٰفِرِينَ وَٱلْمُنَـٰفِقِينَ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًۭا ﴿١﴾

Оо, пайгамбар! Сен жана сени менен бирге болгондор Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап такыбалыкка бекем болгула жана жалгыз Андан корккула! Жана каапырлар менен эки жүздүүлөргө алардын напсилери каалаган нерседе баш ийбегиле! Чындыгында Аллах каапырлар менен эки жүздүүлөрдүн айла- амалдарын Билүүчү, Өзүнүн жаратуусунда жана башкаруусунда Даанышман

وَٱتَّبِعْ مَا يُوحَىٰٓ إِلَيْكَ مِن رَّبِّكَ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًۭا ﴿٢﴾

Раббиң сага түшүргөн вахийди ээрчи! Чындыгында Аллах силердин кылган иш-аракеттериңерден Кабардар. Ал алардын эч бирин өткөрүп жибербейт. Жакында Ал силерге кылган иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет

وَتَوَكَّلْ عَلَى ٱللَّهِ ۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلًۭا ﴿٣﴾

Жана бардык иштериңде жалгыз Аллахка гана тобокел кыл! Пенделеринен Ага тобокел кылгандарга Аллах Өзү жетиштүү коргоочу

مَّا جَعَلَ ٱللَّهُ لِرَجُلٍۢ مِّن قَلْبَيْنِ فِى جَوْفِهِۦ ۚ وَمَا جَعَلَ أَزْوَٰجَكُمُ ٱلَّـٰٓـِٔى تُظَـٰهِرُونَ مِنْهُنَّ أُمَّهَـٰتِكُمْ ۚ وَمَا جَعَلَ أَدْعِيَآءَكُمْ أَبْنَآءَكُمْ ۚ ذَٰلِكُمْ قَوْلُكُم بِأَفْوَٰهِكُمْ ۖ وَٱللَّهُ يَقُولُ ٱلْحَقَّ وَهُوَ يَهْدِى ٱلسَّبِيلَ ﴿٤﴾

Аллах Таала бир адамдын көкүрөгүнө эки жүрөктү батырган эмес. Ошондой эле, тыйылчу иштерде аялдарды энелердин ордуна койгон эмес. Бакма балдарды да бел суунан жаралган өз балдарындай кылган эмес. Зихар кылуу (энеси же эже-карындаштарысыяктуу аялын өзүнө арам кылуусу) жана бакма баланыөз баласындай тегине өткөрүп алуу — Ислам дини жокко чыгарган, эски караңгы доордун үрп-адаттарынан. Мына ошол зихар кылуу жана бакма баланы өзүнүн баласындай ата-тегине таандык кылып алуу — бул, эч кандай чындыгы жок курулай сөздөр. Аялы эч качан энесиндей болбойт, бакма баласы да өз баласы болуп калбайт. Аллах Таала пенделери аткарсын үчүн акыйкаттыайтат жана туура жолгобагыттайт

ٱدْعُوهُمْ لِـَٔابَآئِهِمْ هُوَ أَقْسَطُ عِندَ ٱللَّهِ ۚ فَإِن لَّمْ تَعْلَمُوٓا۟ ءَابَآءَهُمْ فَإِخْوَٰنُكُمْ فِى ٱلدِّينِ وَمَوَٰلِيكُمْ ۚ وَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌۭ فِيمَآ أَخْطَأْتُم بِهِۦ وَلَـٰكِن مَّا تَعَمَّدَتْ قُلُوبُكُمْ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورًۭا رَّحِيمًا ﴿٥﴾

Силер балам деп ойлогон бакма балдарыңарды өз аталарынын аттары менен чакыргыла. Аларды өз аталарына таандык кылууАллахтын алдында адилеттик.Эгер алардын өз аталарын билбесеңер,анда алар силердин диндеш бир туугандарыңар жана мүмкүн кулчулуктан аларды куткарган кишилериңер. Аларды «оо, ага же ини» же «оо, абамдын баласы» деп чакыргыла. Эгер билбестен өгөй атасынын аты менен чакырып алсаңар күнөөкөр болбойсуңар. Бирок муну билип туруп айтсаңар күнөө аласыңар. Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, алардыкатачылык себептүү жазалабаган Ырайымдуу. بلغ Куран · Тафсир

ٱلنَّبِىُّ أَوْلَىٰ بِٱلْمُؤْمِنِينَ مِنْ أَنفُسِهِمْ ۖ وَأَزْوَٰجُهُۥٓ أُمَّهَـٰتُهُمْ ۗ وَأُو۟لُوا۟ ٱلْأَرْحَامِ بَعْضُهُمْ أَوْلَىٰ بِبَعْضٍۢ فِى كِتَـٰبِ ٱللَّهِ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ وَٱلْمُهَـٰجِرِينَ إِلَّآ أَن تَفْعَلُوٓا۟ إِلَىٰٓ أَوْلِيَآئِكُم مَّعْرُوفًۭا ۚ كَانَ ذَٰلِكَ فِى ٱلْكِتَـٰبِ مَسْطُورًۭا ﴿٦﴾

Мухаммад пайгамбар момундарды кайсы нерсеге чакырбасын, алардын көңүлү башкага тартып турса да пайгамбар алар үчүн өз жандарынан да артык болуш керек. Ал эми анын аялдары жалпы мусулмандардын энелери.Андыктан пайгамбар өлгөндөн кийин мусулмандар үчүн анын аялдарына үйлөнүүарам.Аллахтын өкүмү боюнча ыймандуулар менен Аллах жолунда көчкөндөргө караганда туугандык катышы барлар бири-биринен мурас алууда акысы жогору. Алар Исламдын баштапкы учурунда бири-биринен мурас алышчу. Бирок кийин көп өтпөй алардын бири-биринен мурас алуу өкүмү жокко чыгарылган. Эй, ыймандуулар! Бирок силерге мураскер болбогон жакын досторуңарга мурас осуят кылсаңар же жакшылык кылсаңар уруксат. Мына ушул өкүм “Сакталынган (тагдыр) Тактада” жазылган. Андыктан аны аткаруу милдет

وَإِذْ أَخَذْنَا مِنَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ مِيثَـٰقَهُمْ وَمِنكَ وَمِن نُّوحٍۢ وَإِبْرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ وَعِيسَى ٱبْنِ مَرْيَمَ ۖ وَأَخَذْنَا مِنْهُم مِّيثَـٰقًا غَلِيظًۭا ﴿٧﴾

Оо, пайгамбар! Эстечи, бир убакта Биз пайгамбарлардан Аллахка эч нерсени шерик кылбастан жалгыз Ага сыйынуу тууралуу жана аларга түшкөн вахийди жеткирүү тууралуу бекем убада алганбыз. Ошондой эле жеке сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан жана Мариямдын уулу Исадан да Аллахтын жолдомосун жеткирүү милдеттемесин аткарууга анык убада алганбыз

لِّيَسْـَٔلَ ٱلصَّـٰدِقِينَ عَن صِدْقِهِمْ ۚ وَأَعَدَّ لِلْكَـٰفِرِينَ عَذَابًا أَلِيمًۭا ﴿٨﴾

Аллах каапырларды айыптоо максатта чынчыл элчилерден алардын чынчылдыгы тууралуу сураш үчүн пайгамбарлардан ушул анык убаданыалды. Аллах Өзүнө жана пайгамбарларына каапырлык кылгандарга кыямат күнү тозок оту болгон кыйноочу азапты даярдап койду

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱذْكُرُوا۟ نِعْمَةَ ٱللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ جَآءَتْكُمْ جُنُودٌۭ فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ رِيحًۭا وَجُنُودًۭا لَّمْ تَرَوْهَا ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرًا ﴿٩﴾

بما تعملون بصيرا Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана шариятын аткаргандар! Аллахтын силерге берген жакшылыгын эстегиле, бир кезде каапырлардын аскери силерге каршы согушуш үчүн топ-топ болуп Мединага келишти. Аларды эки жүздүүлөр менен жөөттөр колдошту. Ошондо Биз аларга пайгамбарды жеңишке жеткирген батыштан соккон шамалды жибердик. Ошондой эле аларга көрүнбөгөн периштелер аскерин жибердик. Ошондо каапырлар эч нерсе кыла алышпай качып жөнөштү. Чындыгында Аллах силердин кылып жатканыңардыбилет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында ал үчүн силерге сыйлыгын же жазасын берет

إِذْ جَآءُوكُم مِّن فَوْقِكُمْ وَمِنْ أَسْفَلَ مِنكُمْ وَإِذْ زَاغَتِ ٱلْأَبْصَـٰرُ وَبَلَغَتِ ٱلْقُلُوبُ ٱلْحَنَاجِرَ وَتَظُنُّونَ بِٱللَّهِ ٱلظُّنُونَا۠ ﴿١٠﴾

Ошондо каапырлар өрөөндүн өйдө тарабынан, батыш менен чыгышындагы ылдый тарабынан келишти. Ошол кезде катуу коркунучтан улам көздөр душман тараптыгана тиктеп калды, жүрөктөр алкымга кептелип калды. Силер Аллахтууралууар кандай ойлой баштадыңар,бирде жеңишти ойлосоңор,бирде андан үмүт жок деп ойлоп жаттыңар. بلغ Куран · Тафсир

هُنَالِكَ ٱبْتُلِىَ ٱلْمُؤْمِنُونَ وَزُلْزِلُوا۟ زِلْزَالًۭا شَدِيدًۭا ﴿١١﴾

Ыймандуулар мына ошол Хандак согушунда жаалданган душман бастырып келгенде сыналды. Аябагандай коркунуч аларды катуу сестентти. Мына ушул сыноодо ким ыймандуу, ким эки жүздүү экени ачык билинди

وَإِذْ يَقُولُ ٱلْمُنَـٰفِقُونَ وَٱلَّذِينَ فِى قُلُوبِهِم مَّرَضٌۭ مَّا وَعَدَنَا ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥٓ إِلَّا غُرُورًۭا ﴿١٢﴾

Ошол күнү эки жүздүүлөр жана жүрөгүндө шек-күмөнү бар ыйманы алсыздар: «Аллах менен Анын элчисинин бизди жеңишке жетесиңер, жер бетинде бийлик кыласыңар деген убадасыэч кандай негизи жок жалган экен» – дешти

وَإِذْ قَالَت طَّآئِفَةٌۭ مِّنْهُمْ يَـٰٓأَهْلَ يَثْرِبَ لَا مُقَامَ لَكُمْ فَٱرْجِعُوا۟ ۚ وَيَسْتَـْٔذِنُ فَرِيقٌۭ مِّنْهُمُ ٱلنَّبِىَّ يَقُولُونَ إِنَّ بُيُوتَنَا عَوْرَةٌۭ وَمَا هِىَ بِعَوْرَةٍ ۖ إِن يُرِيدُونَ إِلَّا فِرَارًۭا ﴿١٣﴾

Оо, пайгамбар! Эстечи, ошол кезде эки жүздүүлөрдүн бир тобу Мединанын элине: «Эй, Ясрибдин эли! (Ясриб Мединанын Исламга чейинки аталышы) Хандакка жакын жердеги Сала тоосунун этегинде турбай эле койгула! Андан көрө үйүңөргө кайткыла!» – дешти. Ал эми алардын башка бир тобу «үйлөрүбүз душманга ачык калды» деген шылтооменен пайгамбардан үйлөрүнө кетүүгө уруксат сурашты.Бирок алар ойлогондой ачык калган эмес. Акыйкатта алар булжалган шылтооменен душмандан качуунукаалашкан

وَلَوْ دُخِلَتْ عَلَيْهِم مِّنْ أَقْطَارِهَا ثُمَّ سُئِلُوا۟ ٱلْفِتْنَةَ لَـَٔاتَوْهَا وَمَا تَلَبَّثُوا۟ بِهَآ إِلَّا يَسِيرًۭا ﴿١٤﴾

Эгерде душман Мединанын бүт тарабынан аларды бастырып кирип, алардан Аллахка каапырлык жана ширк кылууга кайткыла деп талап кылса, анда алар душмандын талабын аткарышмак. Алардын бир аз бөлүгү гана каапырлыкка кайтышпайт болчу

وَلَقَدْ كَانُوا۟ عَـٰهَدُوا۟ ٱللَّهَ مِن قَبْلُ لَا يُوَلُّونَ ٱلْأَدْبَـٰرَ ۚ وَكَانَ عَهْدُ ٱللَّهِ مَسْـُٔولًۭا ﴿١٥﴾

Тиги эки жүздүүлөр "Ухуд" согушу болгон күндө согуштан качкандан кийин Аллахка ант берип: «Эгер Аллах бизди дагы башка согушка туш кылса, биз, албетте душман менен согушабыз, алардан коркуп качпайбыз» - дешти эле. Бирок алар анттарын бузду. Чынында, пенде Аллахка берген убадасы тууралуу суралуучу, жакында ал тууралуу сурак берет

قُل لَّن يَنفَعَكُمُ ٱلْفِرَارُ إِن فَرَرْتُم مِّنَ ٱلْمَوْتِ أَوِ ٱلْقَتْلِ وَإِذًۭا لَّا تُمَتَّعُونَ إِلَّا قَلِيلًۭا ﴿١٦﴾

Оо, пайгамбар!Аларга айт: «Өлүмдөн же өлтүрүлүүдөн коркуп согуштан качсаңар да силерге качканыңар эчпайда бербейт. Анткени ажал тагдырда жазылган. А эгер ажалыңардын мөөнөтү келе элек болсо, өзү бул жашоодо аз гана убакыт пайдаланып жашайсыңар». بلغ Куран · Тафсир ي

قُلْ مَن ذَا ٱلَّذِى يَعْصِمُكُم مِّنَ ٱللَّهِ إِنْ أَرَادَ بِكُمْ سُوٓءًا أَوْ أَرَادَ بِكُمْ رَحْمَةًۭ ۚ وَلَا يَجِدُونَ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ وَلِيًّۭا وَلَا نَصِيرًۭا ﴿١٧﴾

ولا نص يرا Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силерди Аллахтан ким коргой алат, эгер Ал силер жаман көргөн өлүмдү же өлтүрүлүүнү силерге каалаган болсо, же силер каалаган амандыкты жана жакшылыкты силерге каалаган болсо, ким тосоалат. Силерди мындан эч ким коргой албайт». Ал эки жүздүүлөр алардын ишин жөнгө салган Аллахтан башка дос таба алышпайт жана алардыАллахтын азабынан коргогон колдоочу да таба алышпайт»

۞ قَدْ يَعْلَمُ ٱللَّهُ ٱلْمُعَوِّقِينَ مِنكُمْ وَٱلْقَآئِلِينَ لِإِخْوَٰنِهِمْ هَلُمَّ إِلَيْنَا ۖ وَلَا يَأْتُونَ ٱلْبَأْسَ إِلَّا قَلِيلًا ﴿١٨﴾

Силердин араңардагы, Аллахтын элчиси менен бирге душманга каршы согушуудан башкаларды тыйып жаткандарды жана туугандарына: «Бизге кошулгула! Ага кошулуп согушпагыла, жаныңар кыйылат! Чынында, биз силердинжаныңар кыйылат деп коркуп жатабыз» деп азгыргандарды Аллах жакшы билет. Ал саткындар согушка келбейт жана катышпайт, катышса да, сейрек, Аллахты жана Анын элчисин колдоо үчүн эмес, өздөрү намыска калбоо үчүн келишет

أَشِحَّةً عَلَيْكُمْ ۖ فَإِذَا جَآءَ ٱلْخَوْفُ رَأَيْتَهُمْ يَنظُرُونَ إِلَيْكَ تَدُورُ أَعْيُنُهُمْ كَٱلَّذِى يُغْشَىٰ عَلَيْهِ مِنَ ٱلْمَوْتِ ۖ فَإِذَا ذَهَبَ ٱلْخَوْفُ سَلَقُوكُم بِأَلْسِنَةٍ حِدَادٍ أَشِحَّةً عَلَى ٱلْخَيْرِ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ لَمْ يُؤْمِنُوا۟ فَأَحْبَطَ ٱللَّهُ أَعْمَـٰلَهُمْ ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرًۭا ﴿١٩﴾

ه يسيرا Оо, ыймандуулар жамааты! Алар силерден мал-мүлкүн аяган сараңдар, алар силерге жардам беришпейт. Алар жанына сараңдык кылгандар, силер менен бирге согушпайт. Алар сүйүүсүн аягандар, силерди жакшыкөрүшпөйт. Оо,пайгамбар!Душман менен болгон беттеште коркунучбасканда,алардын көздөрүкоркоктуктан өлүм алдында жан алакетке түшкөн адамдын көздөрүндөй болуп алаңдап сени жалдырап тиктегендерин көрөсүң. Ал эми алардан коркунучкетип,тынчтанып калганда заар тилдери менен ар нерсени айтып зыян беришет.Алар олжого ач көз, аны далбастап издешет. Мына ушундай сыпаттагы адамдар чындап ыйман келтиришкен эмес. Ошол себептен Аллахалардын иш-аракеттеринин соопторун жок кылды.Алжок кылууАллахүчүн өтө жеңил

يَحْسَبُونَ ٱلْأَحْزَابَ لَمْ يَذْهَبُوا۟ ۖ وَإِن يَأْتِ ٱلْأَحْزَابُ يَوَدُّوا۟ لَوْ أَنَّهُم بَادُونَ فِى ٱلْأَعْرَابِ يَسْـَٔلُونَ عَنْ أَنۢبَآئِكُمْ ۖ وَلَوْ كَانُوا۟ فِيكُم مَّا قَـٰتَلُوٓا۟ إِلَّا قَلِيلًۭا ﴿٢٠﴾

Алкоркоктор Аллахтын элчиси менен мусулмандарга каршысогушууга келген жоон топтор мусулмандардыкырып жок кылмайын кетишпейт деп ойлошот. Эгер тагдыр болуп, ал жоон топтор дагыбир жолу келишсе, анда ал эки жүздүүлөр силерден: «Душманыңар менен согушкандан кийин силерге эмне болду?» – деп кабар алып арабдар менен Мединадан чыгып кетүүнү каалашмак. Оо, ыймандуулар! Алар силердин араңарда болушса да алардын аз гана бөлүгү силер менен бирге согушмак. Андыктан аларга маани бербегиле, алар үчүн көңүлүңөрдү чөктүрбөгүлө

لَّقَدْ كَانَ لَكُمْ فِى رَسُولِ ٱللَّهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌۭ لِّمَن كَانَ يَرْجُوا۟ ٱللَّهَ وَٱلْيَوْمَ ٱلْـَٔاخِرَ وَذَكَرَ ٱللَّهَ كَثِيرًۭا ﴿٢١﴾

Аллахтын элчиси айткан сөздөрдө, аткарган иштерде силер үчүн эң жакшыүлгүлөр бар. Ал улуу башыменен өзү келип согушка катышып атса,ушундан кийин кантип андан өз жаныңардыаяп жатасыңар?Акырет күнүн каалап, بلغ Куран · Тафсир ал үчүн аракет кылган жана Аллахты көптөн-көп зикир кылган адам гана Аллахтын элчисин үлгү тутат. Ал эми акырет күнүн каалабаган жана Аллахтын көп зикир кылбаган адам Аллахтын элчисин үлгүтутпайт

وَلَمَّا رَءَا ٱلْمُؤْمِنُونَ ٱلْأَحْزَابَ قَالُوا۟ هَـٰذَا مَا وَعَدَنَا ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥ وَصَدَقَ ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥ ۚ وَمَا زَادَهُمْ إِلَّآ إِيمَـٰنًۭا وَتَسْلِيمًۭا ﴿٢٢﴾

وتسليما Качан ыймандуулар аларга каршы согушууга бириккен жоон топторду көргөндө айтышты: «Бул Аллахтын жана Анын элчисинин бизге кыйынчылыктар, сыноолор жана жеңиш тууралуу айткан убадасы. Аллах жана Анын элчиси бул нерседе чындыкты айтыптыр. Ошол эми ишке ашып жатат». Алардын жоон топторду көрүүсү Аллахка болгон ыймандарын жана моюн сунууларын гана күчөттү

مِّنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌۭ صَدَقُوا۟ مَا عَـٰهَدُوا۟ ٱللَّهَ عَلَيْهِ ۖ فَمِنْهُم مَّن قَضَىٰ نَحْبَهُۥ وَمِنْهُم مَّن يَنتَظِرُ ۖ وَمَا بَدَّلُوا۟ تَبْدِيلًۭا ﴿٢٣﴾

Ыймандуулардын арасында ушундай эркектер бар, алар Аллахка чынчыл, анткени алар Аллах жолунда согушууда туруктуулукту, сабырдуулукту көрсөтүп Ага берген убадаларын аткарышты. Алардын арасында өлгөндөрү же Аллах жолунда өлтүрүлгөндөрү бар. Ошондой эле алардын арасында Аллах жолунда шейит болууну күткөндөрү да бар. Алыймандуулар Аллахка берген убадаларын эки жүздүүлөр сыяктууөзгөртүшкөн жок

لِّيَجْزِىَ ٱللَّهُ ٱلصَّـٰدِقِينَ بِصِدْقِهِمْ وَيُعَذِّبَ ٱلْمُنَـٰفِقِينَ إِن شَآءَ أَوْ يَتُوبَ عَلَيْهِمْ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ غَفُورًۭا رَّحِيمًۭا ﴿٢٤﴾

Аллах чынчылдарды өз чынчылдыктары жана Ага берген убадаларын аткаргандыктары себептүү аларды сыйлаш үчүн жана убадаларын бузган эки жүздүүлөрдү азапташ үчүн ушундай кылды. Эгер Ал кааласа аларды каапырлыктарына тообо кылышканына чейин өлтүрөт же аларга тообо кылууга ийгилик берип, тооболорун кабыл кылат. Чындыгында Аллах күнөөлөрүнө тообо кылгандарга Кечиримдүү, Ырайымдуу

وَرَدَّ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِغَيْظِهِمْ لَمْ يَنَالُوا۟ خَيْرًۭا ۚ وَكَفَى ٱللَّهُ ٱلْمُؤْمِنِينَ ٱلْقِتَالَ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ قَوِيًّا عَزِيزًۭا ﴿٢٥﴾

Аллах Курайшты, Гатафанды жана алар менен бирге болгондорду өкүнүчтөрү, кайгылары менен артка кайтарды. Анткени алар үмүт кылгандай болбой калды,алардын мусулмандардыкырып жок кылабыз деген каалоолоруишке ашпай калды. Аллах ыймандуулар менен бирге согушууда Өзү жетиштүү. Анткени ал шамалды жиберди жана периштелерди түшүрдү. Аллах Күчтүү, Кудуреттүү, Аны эч ким жеңе албайт

وَأَنزَلَ ٱلَّذِينَ ظَـٰهَرُوهُم مِّنْ أَهْلِ ٱلْكِتَـٰبِ مِن صَيَاصِيهِمْ وَقَذَفَ فِى قُلُوبِهِمُ ٱلرُّعْبَ فَرِيقًۭا تَقْتُلُونَ وَتَأْسِرُونَ فَرِيقًۭا ﴿٢٦﴾

فر يقا Жана Аллах аларга жардам беришкен жөөттөрдү душмандарынан коргонгон чептеринен чыгарды. Алардын жандарына коркунуч салды. Эй, ыймандуулар! Силер алардын бир тобун өлтүрдүңөр, бир тобун туткунга алдыңар

وَأَوْرَثَكُمْ أَرْضَهُمْ وَدِيَـٰرَهُمْ وَأَمْوَٰلَهُمْ وَأَرْضًۭا لَّمْ تَطَـُٔوهَا ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرًۭا ﴿٢٧﴾

Алар жок кылынгандан кийин Аллахалардын эгин жана курма тигилген бак-талааларыменен жерлерин силерге ээлик кылып берди, алардын үй-жайларын жана башка мал-мүлктөрүн да силерге берди. Ошондой эле силерди Хайбар жерине ээлик кылдырды. Алдын силер бул жерге келген эмессиңер, эми келесиңер. Мына ушул بلغ Куран · Тафсир ыймандуулар үчүн берилген убада жана сүйүнүч кабар. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү, Аны эч ким алсыз кыла албайт

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ قُل لِّأَزْوَٰجِكَ إِن كُنتُنَّ تُرِدْنَ ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا وَزِينَتَهَا فَتَعَالَيْنَ أُمَتِّعْكُنَّ وَأُسَرِّحْكُنَّ سَرَاحًۭا جَمِيلًۭا ﴿٢٨﴾

Оо, пайгамбар! Аялдарың сенин шартың болбой турса да сенден ашыкча каржы талап кылган кезде аларга айт: «Эгер силер дүйнө жашоосун жана андагы кооздуктарды кааласаңар, келгиле анда мен силерге талак алган аялдарга берилген нерсени берейин да,эчкандай зыян бербестен,урушпастан силер менен ажырашайын

وَإِن كُنتُنَّ تُرِدْنَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَٱلدَّارَ ٱلْـَٔاخِرَةَ فَإِنَّ ٱللَّهَ أَعَدَّ لِلْمُحْسِنَـٰتِ مِنكُنَّ أَجْرًا عَظِيمًۭا ﴿٢٩﴾

А эгер силер Аллахтын ыраазылыгын,Анын элчисинин ыраазылыгын кааласаңар жана акырет жайындагыбейишти кааласаңар, анда ушул акыбалыңарга сабыр кылгыла. Чындыгында Аллах силердин араңардан талаптагыдай сабырдуулук жана жакшымамиле кылгандарга улуу сыйлыктардыдаярдап койду»

يَـٰنِسَآءَ ٱلنَّبِىِّ مَن يَأْتِ مِنكُنَّ بِفَـٰحِشَةٍۢ مُّبَيِّنَةٍۢ يُضَـٰعَفْ لَهَا ٱلْعَذَابُ ضِعْفَيْنِ ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرًۭا ﴿٣٠﴾

Эй, пайгамбардын аялдары! Силерден кимиңер ачык түрдө күнөө иш кылса, анда ага ээлеген орду, кадыр- барктуулугу жана пайгамбардын тарабын коргош максатта кыямат күнү эки эсе көп азап берилет. Антип эселеп берүү Аллах үчүн жеңил

۞ وَمَن يَقْنُتْ مِنكُنَّ لِلَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَتَعْمَلْ صَـٰلِحًۭا نُّؤْتِهَآ أَجْرَهَا مَرَّتَيْنِ وَأَعْتَدْنَا لَهَا رِزْقًۭا كَرِيمًۭا ﴿٣١﴾

Силердин араңардан ким Аллахка жана Анын элчисине дайым моюн сунуп, Аллахтыыраазыкылган жакшылык иштерди кылса, ага башка аялдарга берилген сооптон эки эсе жогору кылып беребиз жана ага акыретте бейиш болгон улуу сыйлыктыдаярдап коёбуз

يَـٰنِسَآءَ ٱلنَّبِىِّ لَسْتُنَّ كَأَحَدٍۢ مِّنَ ٱلنِّسَآءِ ۚ إِنِ ٱتَّقَيْتُنَّ فَلَا تَخْضَعْنَ بِٱلْقَوْلِ فَيَطْمَعَ ٱلَّذِى فِى قَلْبِهِۦ مَرَضٌۭ وَقُلْنَ قَوْلًۭا مَّعْرُوفًۭا ﴿٣٢﴾

م عروفا Оо,Мухаммад пайгамбардын аялдары!Силер артыкчылык жана кадыр-барк жактан башка аялдардай эмессиңер. Тескерисинче силер Аллахтын буйруктарына баш ийип, тыйгандарын таштасаңар, анда артыкчылык жана кадыр- барк жактан эч бир аял жете албай турган даражада болосуңар. Андыктан бөтөн эркектерге сөздү жумшартып, үндүназик кылып сүйлөбөгүлө.Мунун себебинен жүрөгүндө эки жүздүүлүк оорусубар жана арамдыэңсеген адам кызыгып калуусумүмкүн.Зарылдык чекте шектенүүгө түртпөгөндөй тамашалабастан олуттуусүйлөгүлө

وَقَرْنَ فِى بُيُوتِكُنَّ وَلَا تَبَرَّجْنَ تَبَرُّجَ ٱلْجَـٰهِلِيَّةِ ٱلْأُولَىٰ ۖ وَأَقِمْنَ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتِينَ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَطِعْنَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓ ۚ إِنَّمَا يُرِيدُ ٱللَّهُ لِيُذْهِبَ عَنكُمُ ٱلرِّجْسَ أَهْلَ ٱلْبَيْتِ وَيُطَهِّرَكُمْ تَطْهِيرًۭا ﴿٣٣﴾

Үйүңөрдө болгула! Зарылдык болбосо сыртка чыкпагыла! Исламга чейинки аялдардардын кылганындай сулуулуктарыңарды көргөзбөгүлө! Алар муну эркектерди өзүнө тартыш үчүн ачык көргөзүп жүрүшкөн. Намазды талаптагыдай абалда аткаргыла! Мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле! Аллах жана Анын элчисине моюн сунгула! Эй, пайгамбардын аялдарыжана анын үй-бүлө мүчөлөрү! Чындыгында Аллах силерден зыяндыжана жамандыкты بلغ Куран · Тафсир кетирүүнү гана каалайт жана ошондой эле силерди асыл сыпаттарга ээ кылуу менен жана терс сыпаттардан толук арылтып, артынан бир дагыыпластыкалтырбастан силердин жан дүйнөңөрдү тазалоону каалайт

وَٱذْكُرْنَ مَا يُتْلَىٰ فِى بُيُوتِكُنَّ مِنْ ءَايَـٰتِ ٱللَّهِ وَٱلْحِكْمَةِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ لَطِيفًا خَبِيرًا ﴿٣٤﴾

Үйүңөрдө окулган Аллахтын элчисине түшкөн Анын аяттарын жана Анын элчисинин таза сүннөтүн эскерип (кадырын билип) иш жүзүндө аткаргыла. Чындыгында Аллах силерге Мээримдүү, Ал силерди пайгамбардын үйлөрүндө жашатуу менен чоң жакшылык кылды. Аллах силерден Кабардар, Ал силерди пайгамбардын аялдары жана үммөттөгүжалпымусулмандардын энелери кылып тандады

إِنَّ ٱلْمُسْلِمِينَ وَٱلْمُسْلِمَـٰتِ وَٱلْمُؤْمِنِينَ وَٱلْمُؤْمِنَـٰتِ وَٱلْقَـٰنِتِينَ وَٱلْقَـٰنِتَـٰتِ وَٱلصَّـٰدِقِينَ وَٱلصَّـٰدِقَـٰتِ وَٱلصَّـٰبِرِينَ وَٱلصَّـٰبِرَٰتِ وَٱلْخَـٰشِعِينَ وَٱلْخَـٰشِعَـٰتِ وَٱلْمُتَصَدِّقِينَ وَٱلْمُتَصَدِّقَـٰتِ وَٱلصَّـٰٓئِمِينَ وَٱلصَّـٰٓئِمَـٰتِ وَٱلْحَـٰفِظِينَ فُرُوجَهُمْ وَٱلْحَـٰفِظَـٰتِ وَٱلذَّٰكِرِينَ ٱللَّهَ كَثِيرًۭا وَٱلذَّٰكِرَٰتِ أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُم مَّغْفِرَةًۭ وَأَجْرًا عَظِيمًۭا ﴿٣٥﴾

ه ه Чынында, Аллахка баш ийүү менен өздөрүн төмөн туткан эркектер жана аялдар, Аллахка чындап ишенген эркектер жана аялдар, Аллахка моюн сунган эркектер жана аялдар, ыйманында, сөзүндө чынчыл эркектер жана аялдар, ибадатка, күнөөгө барбоого, сыноолорго сабыр кылган эркектер жана аялдар, милдеттүү жана ыктыярдуу түрдө өз мал-мүлктөрүнөн садага берген эркектер жана аялдар, Аллах үчүн парз жана напил орозо туткан эркектер жана аялдар, өздөрүнө адал эмес адамдардын алдында авретин көрсөтпөй жапкан, зынадан жана ага чакыра турган себептерден жыныс мүчөсүн сактаган эркектер жана аялдар, Аллахты ачык, жашыруун абалда жүрөгүжана тили менен эстеген эркектер жана аялдар – Аллахалардын күнөөлөрүн кечирүүгө даяр жана аларга Кыямат күнү берилчү чоң сыйды - бейишти даярдап койгон

وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍۢ وَلَا مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥٓ أَمْرًا أَن يَكُونَ لَهُمُ ٱلْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ ۗ وَمَن يَعْصِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَـٰلًۭا مُّبِينًۭا ﴿٣٦﴾

ورسوله فقد ضل ضللا مبينا Эгерде Аллах жана Анын элчиси кайсы нерсеге өкүм кылса, анда ыймандуу эркекке да, ыймандуу аялга да аны кабыл албоого,четке кагууга эч кандай тандоо берилбейт. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине баш ийбестик кылса, анда ал туура жолдон ачык адашты

وَإِذْ تَقُولُ لِلَّذِىٓ أَنْعَمَ ٱللَّهُ عَلَيْهِ وَأَنْعَمْتَ عَلَيْهِ أَمْسِكْ عَلَيْكَ زَوْجَكَ وَٱتَّقِ ٱللَّهَ وَتُخْفِى فِى نَفْسِكَ مَا ٱللَّهُ مُبْدِيهِ وَتَخْشَى ٱلنَّاسَ وَٱللَّهُ أَحَقُّ أَن تَخْشَىٰهُ ۖ فَلَمَّا قَضَىٰ زَيْدٌۭ مِّنْهَا وَطَرًۭا زَوَّجْنَـٰكَهَا لِكَىْ لَا يَكُونَ عَلَى ٱلْمُؤْمِنِينَ حَرَجٌۭ فِىٓ أَزْوَٰجِ أَدْعِيَآئِهِمْ إِذَا قَضَوْا۟ مِنْهُنَّ وَطَرًۭا ۚ وَكَانَ أَمْرُ ٱللَّهِ مَفْعُولًۭا ﴿٣٧﴾

ى Оо, пайгамбар! Аллах аны Исламга киргизип жакшылык кылган жана сен аны азат кылып жакшылык кылган адамга (тагыраак айтканда Зейд ибн Хариса сага аялы Зайнаб бинт Жахшка талак берүү тууралуу кеңешейин деп келгенде) сен ага: «Аялыңдыкетирбе, ага талак бербе! Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Андан корк» – деп айттың. Оо, пайгамбар! Бирок сен адамдардан коркуп, Аллахтын ага үйлөнүүң жөнүндө сага кылган вахийин жашырып койдуң. Жакында Аллах Зейддин ага талак бергенин жана сенин ага үйлөнөрүңдү ачыкка чыгарат. Бул иште коркууңа Аллах гана татыктуу го. Качан Зейддин ага көңүлү чаппай, жактырбай ага талак бергенде Биз силерди үйлөндүрдүк. Мусулмандардын бакма балдарыаялдарына талак берсе жана алардын идда (күтүү) мөөнөтү бүтсө, анда аларга үйлөнүү күнөө эмес. Аллахтын буйругу сөзсүз ишке ашат, аны эч нерсе токтото بلغ Куран · Тафсир албайт жана тоскоол боло албайт

مَّا كَانَ عَلَى ٱلنَّبِىِّ مِنْ حَرَجٍۢ فِيمَا فَرَضَ ٱللَّهُ لَهُۥ ۖ سُنَّةَ ٱللَّهِ فِى ٱلَّذِينَ خَلَوْا۟ مِن قَبْلُ ۚ وَكَانَ أَمْرُ ٱللَّهِ قَدَرًۭا مَّقْدُورًا ﴿٣٨﴾

Пайгамбардын өз бакма баласынын аялына үйлөнүүсү сыяктуу Аллах уруксат берген нерселерде ал үчүн эч кандай күнөө же кыжалаттык болбойт. Ал бул нерседе өзүнөн мурунку пайгамбарлардын жолун жолдойт. Ал муну пайгамбарлардан биринчи болуп кылып жаткан жок. Аллахтын бул үйлөнүүнү ишке ашыруусунда жана асыранды баланы өз ата-тегине таандык кылууну жокко чыгаруусунда пайгамбарга ой айтуу же тандоо берилбейт. Аллахтын тагдыр кылган бул өкүмү сөзсүз ишке ашат, ал кайтарылбайт

ٱلَّذِينَ يُبَلِّغُونَ رِسَـٰلَـٰتِ ٱللَّهِ وَيَخْشَوْنَهُۥ وَلَا يَخْشَوْنَ أَحَدًا إِلَّا ٱللَّهَ ۗ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ حَسِيبًۭا ﴿٣٩﴾

Аллахтын түшүргөн жолдомолорун өз элине жеткирген пайгамбарлар Аллахтан башка эч кимден коркушпайт жана Аллах аларга уруксат берген иштерди ишке ашырууда башкалардын (айыптоо, каршы чыгуу менен) айткан сөздөрүнө көңүл бурушпайт. Аллах пенделеринин иш-аракеттерин эсептөөгө Өзү жетиштүү. Алар үчүн пенделеринен сурак алат жана жакшылык иштерине сыйлыгын алэми,жамандык иштерине жазасын берет

مَّا كَانَ مُحَمَّدٌ أَبَآ أَحَدٍۢ مِّن رِّجَالِكُمْ وَلَـٰكِن رَّسُولَ ٱللَّهِ وَخَاتَمَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمًۭا ﴿٤٠﴾

Мухаммад силердин араңардагыэч бир эркектин атасыэмес. Зейд аялына талак бергенден кийин ага үйлөнүү арам болгудай ал анын атасы да эмес. Бирок ал Аллахтын адамзатка жиберген элчиси, пайгамбарлардын акыркысы, андан кийин эч бир пайгамбар болбойт. Чындыгында Аллах бүткүл нерсени Билүүчү. Пенделеринин иштеринин эчбири Ага жашыруун эмес

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱذْكُرُوا۟ ٱللَّهَ ذِكْرًۭا كَثِيرًۭا ﴿٤١﴾

Эй, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтыжүрөгүңөр, тилиңер жана дене-мүчөлөрүңөр менен көп-көптөн зикир кылгыла! وسبحوه بكرة وأصيلا

وَسَبِّحُوهُ بُكْرَةًۭ وَأَصِيلًا ﴿٤٢﴾

Артыкчылыкка ээ болгон тасбих менен келмени айтып күндүн башталышында жана акырында Аныаруулагыла!

هُوَ ٱلَّذِى يُصَلِّى عَلَيْكُمْ وَمَلَـٰٓئِكَتُهُۥ لِيُخْرِجَكُم مِّنَ ٱلظُّلُمَـٰتِ إِلَى ٱلنُّورِ ۚ وَكَانَ بِٱلْمُؤْمِنِينَ رَحِيمًۭا ﴿٤٣﴾

Алсилерге ырайым кылат,мактооайтат жана Анын периштелери силерди каапырлыктын караңгылыгынан ыйман нуруна чыгарсын деп дуба кылышат. Ал ыймандууларга Ырайымдуу. Эгер алар Ага моюн сунушса, аларды азаптабайт. Андыктан Анын буйругуна баш ийгиле, тыйгандарын таштагыла

تَحِيَّتُهُمْ يَوْمَ يَلْقَوْنَهُۥ سَلَـٰمٌۭ ۚ وَأَعَدَّ لَهُمْ أَجْرًۭا كَرِيمًۭا ﴿٤٤﴾

Ыймандуулар Раббисине жолуккан күндөгү алардын учурашуулары «Салам!» сөзү болот жана бардык жамандыктардан саламатта болушат. Алар Аллахка моюн сунуп, Ага баш ийбестик кылышпаганы үчүн Ал аларга улуусыйлык бейишти даярдады. بلغ Куран · Тафсир

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ إِنَّآ أَرْسَلْنَـٰكَ شَـٰهِدًۭا وَمُبَشِّرًۭا وَنَذِيرًۭا ﴿٤٥﴾

Оо, пайгамбар! Биз сени адамдарга сага түшкөн нерсени жеткирүүгө күбө болуучу, алардын арасындагы ыймандуулар үчүн Аллах даярдаган бейишти сүйүнчүлөөчү жана каапырларга даярдалган азаптан коркутуучу кылып жибердик

وَدَاعِيًا إِلَى ٱللَّهِ بِإِذْنِهِۦ وَسِرَاجًۭا مُّنِيرًۭا ﴿٤٦﴾

Жана сени Аллахка гана сыйынууга, Анын буйругуна баш ийүүгө чакыруу үчүн жибердик. Ошондой эле сени туура жолготүшүүнүкаалаган ар бир адам үчүн жаркыраган чырак кылып жибердик

وَبَشِّرِ ٱلْمُؤْمِنِينَ بِأَنَّ لَهُم مِّنَ ٱللَّهِ فَضْلًۭا كَبِيرًۭا ﴿٤٧﴾

Жана Аллахтын шариятын аткарып Ага ыйман келтиргендерге,алар үчүн Аллахтараптан булдүйнөдөгүжеңишти жана акыретте бейишке киргизген ийгиликти өзүнө камтыган улуу артыкчылык болору тууралуу сүйүнчү кабарды жеткир

وَلَا تُطِعِ ٱلْكَـٰفِرِينَ وَٱلْمُنَـٰفِقِينَ وَدَعْ أَذَىٰهُمْ وَتَوَكَّلْ عَلَى ٱللَّهِ ۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلًۭا ﴿٤٨﴾

Аллахтын дининен жүз бурууга чакырган каапырлар менен эки жүздүүлөргө моюн сунба жана алардан баш тарт! Балким бул аларды сен алып келген нерсеге ыйман келтирүүгө түрткү берет. Бүткүл иштериңде, душмандарыңдын үстүнөн жеңишке жетүүдө да Аллахка гана таян! Аллах жетиштүү Коргоочу, пенделери дүйнөдөгү жана акыреттеги бардык иштеринде Ага таянышат

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا نَكَحْتُمُ ٱلْمُؤْمِنَـٰتِ ثُمَّ طَلَّقْتُمُوهُنَّ مِن قَبْلِ أَن تَمَسُّوهُنَّ فَمَا لَكُمْ عَلَيْهِنَّ مِنْ عِدَّةٍۢ تَعْتَدُّونَهَا ۖ فَمَتِّعُوهُنَّ وَسَرِّحُوهُنَّ سَرَاحًۭا جَمِيلًۭا ﴿٤٩﴾

فمتعوهن وسرحوهن سراحاجميلا О, Аллахка ыйман келтирип, Аны шариятын аткаргандар! Эгерде ыймандуу аялдарды никеге алгандан кийин жыныстык мамиле кылбай туруп талагын берсеңер, анда алар мейли айыз мөөнөтү болсун, мейли ай мөөнөтү болсун иддага отурбайт. Анткени, жыныстык мамиле болбогон үчүн алардын боюнда жок. Талактын айынан чөккөн көңүлүн көтөрүп, жоомарттыгыңарга жараша мал-мүлкүңөрдөн бергиле жана аларга зыян тийгизбестен төркүнүнө коё бергиле

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ إِنَّآ أَحْلَلْنَا لَكَ أَزْوَٰجَكَ ٱلَّـٰتِىٓ ءَاتَيْتَ أُجُورَهُنَّ وَمَا مَلَكَتْ يَمِينُكَ مِمَّآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَيْكَ وَبَنَاتِ عَمِّكَ وَبَنَاتِ عَمَّـٰتِكَ وَبَنَاتِ خَالِكَ وَبَنَاتِ خَـٰلَـٰتِكَ ٱلَّـٰتِى هَاجَرْنَ مَعَكَ وَٱمْرَأَةًۭ مُّؤْمِنَةً إِن وَهَبَتْ نَفْسَهَا لِلنَّبِىِّ إِنْ أَرَادَ ٱلنَّبِىُّ أَن يَسْتَنكِحَهَا خَالِصَةًۭ لَّكَ مِن دُونِ ٱلْمُؤْمِنِينَ ۗ قَدْ عَلِمْنَا مَا فَرَضْنَا عَلَيْهِمْ فِىٓ أَزْوَٰجِهِمْ وَمَا مَلَكَتْ أَيْمَـٰنُهُمْ لِكَيْلَا يَكُونَ عَلَيْكَ حَرَجٌۭ ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورًۭا رَّحِيمًۭا ﴿٥٠﴾

Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз сен махр (калың) төлөп алган аялдарыңды сага адал кылдык, Аллах сага олжо кылып берген кол астыңдагы туткун күңдөрдү да адал кылдык, ошондой эле сени менен Мединадан Меккеге көчкөн атаңменен бир тууган кишилердин кыздарына үйлөнүүнү,атаңдын эже-карындаштарынын кыздарына بلغ Куран · Тафсир үйлөнүүнү, тайкеңдин кыздарына үйлөнүүнү, таежелериңдин кыздарына үйлөнүүнү сага адал кылдык. Ошондой эле махр (калың) сурабастан өзүн сага сунуштаган ыймандуу аялдарды сага адал кылдык, эгер сен аларга үйлөнүүнү каалаган болсоң. Өзүн белек кылуу никеси пайгамбарга гана тиешелүү, үммөттөн андан башка эч кимге уруксат эмес. Биз ыймандууларга алардын аялдарына тийиштүү парз кылган нерселерди билебиз, аларга төрттөн ашык аял алууга уруксат жок. Жана Биз алардын күндөрүнө тийиштүү шарият өкүмдөрүн да билебиз, алар өздөрүнүн күңдөрүнөн каалагандай ырахаттанууга укуктуу, алардын саны да чектелүү эмес. Жогоруда айтылгандарды сага да адал кылдык жана жалпы мусулмандарга уруксат берилбеген өзгөчөлүктөрдү сага гана уруксат бергенибиздин себеби сени сыгылбасын, кыйналбасын дедик. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу

۞ تُرْجِى مَن تَشَآءُ مِنْهُنَّ وَتُـْٔوِىٓ إِلَيْكَ مَن تَشَآءُ ۖ وَمَنِ ٱبْتَغَيْتَ مِمَّنْ عَزَلْتَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْكَ ۚ ذَٰلِكَ أَدْنَىٰٓ أَن تَقَرَّ أَعْيُنُهُنَّ وَلَا يَحْزَنَّ وَيَرْضَيْنَ بِمَآ ءَاتَيْتَهُنَّ كُلُّهُنَّ ۚ وَٱللَّهُ يَعْلَمُ مَا فِى قُلُوبِكُمْ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَلِيمًۭا ﴿٥١﴾

Оо, пайгамбар! Сен аялдарыңдан кимисин кааласаң, аныкында түнөбөстөн анын күнүн кечиктире аласың жана алардан кимисин кааласаң, аныкында түнөп аны менен бирге боло аласың. Жана күнүн кечиктирген аялдарыңдын кимисинен бирге болууну талап кылсаң, бул нерседе сага күнөө болбойт. Сага берилген бул тандоо жана кенендик аялдарыңдын көздөрү кубануусуна жана алардын баарына берген нерсеңе ыраазы болуусуна жакыныраак. Анткени алар сени жоопкерчиликти таштабайт, акыларга сараңдык кылбайт деп билишет. Эй, эркектер! Аллах силердин жүрөгүңөрдөгү аялдарыңардын кээ бирлерине көңүлүңөр тартып турганын билет. Чындыгында Аллах пенделеринин иш-аракеттерин Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал Токтоо, балким алар тообокылат деген үмүттө алардыжазалоогошашылбайт

لَّا يَحِلُّ لَكَ ٱلنِّسَآءُ مِنۢ بَعْدُ وَلَآ أَن تَبَدَّلَ بِهِنَّ مِنْ أَزْوَٰجٍۢ وَلَوْ أَعْجَبَكَ حُسْنُهُنَّ إِلَّا مَا مَلَكَتْ يَمِينُكَ ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ رَّقِيبًۭا ﴿٥٢﴾

عل كل شىء رقيبا ى Оо, пайгамбар! Сага сенин коргооңдогу аялдарыңдан башка аялдарга үйлөнүүгө уруксат жок жана аларга талак берүүгө же башка аялдарды сулуулугуна кызыгып аларды алыш үчүн кээ бирлерине талак берүүгө да уруксат жок. Бирок санын чектебестен кол астыңа күң аялдардыалсаң болот. Чындыгында Аллах бардык нерсени байкап турат. Бул өкүм ыймандуулардын энелеринин артыкчылыктарын билдирет. Анткени аларга талак берүү жана үйлөнүү тыйылган

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَدْخُلُوا۟ بُيُوتَ ٱلنَّبِىِّ إِلَّآ أَن يُؤْذَنَ لَكُمْ إِلَىٰ طَعَامٍ غَيْرَ نَـٰظِرِينَ إِنَىٰهُ وَلَـٰكِنْ إِذَا دُعِيتُمْ فَٱدْخُلُوا۟ فَإِذَا طَعِمْتُمْ فَٱنتَشِرُوا۟ وَلَا مُسْتَـْٔنِسِينَ لِحَدِيثٍ ۚ إِنَّ ذَٰلِكُمْ كَانَ يُؤْذِى ٱلنَّبِىَّ فَيَسْتَحْىِۦ مِنكُمْ ۖ وَٱللَّهُ لَا يَسْتَحْىِۦ مِنَ ٱلْحَقِّ ۚ وَإِذَا سَأَلْتُمُوهُنَّ مَتَـٰعًۭا فَسْـَٔلُوهُنَّ مِن وَرَآءِ حِجَابٍۢ ۚ ذَٰلِكُمْ أَطْهَرُ لِقُلُوبِكُمْ وَقُلُوبِهِنَّ ۚ وَمَا كَانَ لَكُمْ أَن تُؤْذُوا۟ رَسُولَ ٱللَّهِ وَلَآ أَن تَنكِحُوٓا۟ أَزْوَٰجَهُۥ مِنۢ بَعْدِهِۦٓ أَبَدًا ۚ إِنَّ ذَٰلِكُمْ كَانَ عِندَ ٱللَّهِ عَظِيمًا ﴿٥٣﴾

إ Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Силерди тамакка чакырып, кирүүгө уруксат берилмейинче пайгамбардын үйүнө кирбегиле! Тамактын бышканын күтүп көпкө олтура бербегиле! Бирок тамакка чакырылсаңар, анда киргиле. Жеп бүткөндөн кийин шыр тарап кеткиле. Андан кийин бири-бириңер менен сүйлөшүп сөзгө алаксып олтура бербегиле. Чындыгында бул олтурганыңар пайгамбардыкыжалат кылат. Ал силерди кеткиле деп айткандан уялат. Аллах болсо акыйкатка буйругандан уялбайт. Ал силерге пайгамбарга зыян бербешүчүн олтурбастан кетүүңөрдүбуйруйт.Эгерде силер пайгамбардын аялдарынан идиш-аяк сыяктууж.б. بلغ Куран · Тафсир керек болгон нерселерди сурасаңар, аны парданын артынан сурагыла. Аллахтын элчисинин урматы үчүн жана алардыкоргооүчүн алар силерди көрө тургандай абалда бетме-бет сурабагыла!Шайтан силердин жана алардын жүрөктөрүнө кирип азгырбоосу үчүн жана күнөөнү кооз кылбашы үчүн ушундай кылып парда артынан сураганыңар силердин жүрөгүңөр үчүн да, алардын жүрөктөрү үчүн да тазараак. Эй, ыймандуулар! Силер үчүн Аллахтын элчисин кыжалат кылып сүйлөшүп олтурганга болбойт,ошондой эле алдүйнөдөн өткөндөн кийин анын аялдарына үйлөнгөнгө да болбойт. Алар ыймандуулардын энелери. Эч кимге өз энесине үйлөнүүгө уруксат эмес. Чындыгында антип кыжалат кылганыңар, ошондой эле ал өткөндөн кийин аялдарына үйлөнгөнүңөр арам жана Аллахтын алдында чоң күнөө

إِن تُبْدُوا۟ شَيْـًٔا أَوْ تُخْفُوهُ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمًۭا ﴿٥٤﴾

Эгер силер кээ бир иш-аракеттериңерди билдирсеңер да, же аны ичиңерде жашырсаңар да, алардын эч бири Аллахка жашыруун эмес. Чындыгында Аллах бүткүл нерсени Билүүчү. Силердин кылган иштериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал силердин иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет, жакшылык болсо сыйлыгы, жамандык болсо жазасы болот

لَّا جُنَاحَ عَلَيْهِنَّ فِىٓ ءَابَآئِهِنَّ وَلَآ أَبْنَآئِهِنَّ وَلَآ إِخْوَٰنِهِنَّ وَلَآ أَبْنَآءِ إِخْوَٰنِهِنَّ وَلَآ أَبْنَآءِ أَخَوَٰتِهِنَّ وَلَا نِسَآئِهِنَّ وَلَا مَا مَلَكَتْ أَيْمَـٰنُهُنَّ ۗ وَٱتَّقِينَ ٱللَّهَ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ شَهِيدًا ﴿٥٥﴾

ى Пайгамбардын аялдарын өз аталары, балдары, ага-инилери, ага-инилеринин балдары, бир тууган жана эмчектеш эже-сиңдилеринин балдарыкөрүшсө же алар менен тосмосуз сүйлөшсө аларга күнөө болбойт.Ошондой эле алар ыймандуу аялдар менен жана кол астындагы күңдөр менен тосмосуз сүйлөшсө күнөө болбойт. Эй, ыймандуу аялдар! Аллах силерге буйруган жана тыйган нерселерде Андан корккула. Ал силердин эмне кылганыңардыкөрүп турат

إِنَّ ٱللَّهَ وَمَلَـٰٓئِكَتَهُۥ يُصَلُّونَ عَلَى ٱلنَّبِىِّ ۚ يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ صَلُّوا۟ عَلَيْهِ وَسَلِّمُوا۟ تَسْلِيمًا ﴿٥٦﴾

Чындыгында Аллах периштелердин алдында Мухаммад пайгамбарды мактайт, периштелер болсо ага дуба кылышып, салам-салават айтышат. Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Пайгамбарга салам-салават айткыла!

إِنَّ ٱلَّذِينَ يُؤْذُونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ لَعَنَهُمُ ٱللَّهُ فِى ٱلدُّنْيَا وَٱلْـَٔاخِرَةِ وَأَعَدَّ لَهُمْ عَذَابًۭا مُّهِينًۭا ﴿٥٧﴾

Чындыгында Аллахка жана Анын элчисине сөзү, иш-аракети менен зыян бергендерди Аллах дүйнөдө жана акыретте Өз ырайым чөлкөмүнөн кууп алыстатты. Жана алар пайгамбарга зыян бергендигинин жазасы катары аларга кордоочу азапты даярдады

وَٱلَّذِينَ يُؤْذُونَ ٱلْمُؤْمِنِينَ وَٱلْمُؤْمِنَـٰتِ بِغَيْرِ مَا ٱكْتَسَبُوا۟ فَقَدِ ٱحْتَمَلُوا۟ بُهْتَـٰنًۭا وَإِثْمًۭا مُّبِينًۭا ﴿٥٨﴾

Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарга зыян бергенге татыктуу күнөөсү болбосо да аларга сөзү же иш- аракети менен зыян бергендер жалган жалаага жана ачык күнөөгө дуушар болушту. بلغ Куран · Тафсир

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ قُل لِّأَزْوَٰجِكَ وَبَنَاتِكَ وَنِسَآءِ ٱلْمُؤْمِنِينَ يُدْنِينَ عَلَيْهِنَّ مِن جَلَـٰبِيبِهِنَّ ۚ ذَٰلِكَ أَدْنَىٰٓ أَن يُعْرَفْنَ فَلَا يُؤْذَيْنَ ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورًۭا رَّحِيمًۭا ﴿٥٩﴾

Оо, пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана ыймандуулардын аялдарына айткын: «Чоочун эркектердин алдында авраттарыкөрүнбөш үчүн үстүндө кийип жүргөн оромолдорун ылдый түшүрүшсүн. Бул алар эркин аялдар экен деп билинүүсүнө жакыныраак. Андыктан күндөргө зыян бергендей аларга эч ким зыян берип тийишпейт. Чындыгында Аллах тообокылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу»

۞ لَّئِن لَّمْ يَنتَهِ ٱلْمُنَـٰفِقُونَ وَٱلَّذِينَ فِى قُلُوبِهِم مَّرَضٌۭ وَٱلْمُرْجِفُونَ فِى ٱلْمَدِينَةِ لَنُغْرِيَنَّكَ بِهِمْ ثُمَّ لَا يُجَاوِرُونَكَ فِيهَآ إِلَّا قَلِيلًۭا ﴿٦٠﴾

إ ل اقليلا Эгерде ичине каапырлыкты жашырып, сыртынан Исламды көргөзүп эки жүздүүлүк кылган эки жүздүүлөр, напси каалооруна берилген жүрөгүндө бузукулук бар адамдар жана мусулмандардыбөлүп-жарышүчүн Мединага жалган кабарларды ташып келгендер токтобосо, эй, пайгамбар, Биз сага аларды жазалоону, аларга бийлик кылууну буйруйбуз.Кийин алар Мединада сени менен аз гана мөөнөт жашап калышат,анткени алар кыйрап жок болушат же Жер бетинде бузукулук кылышкан себептүүкуулушат

مَّلْعُونِينَ ۖ أَيْنَمَا ثُقِفُوٓا۟ أُخِذُوا۟ وَقُتِّلُوا۟ تَقْتِيلًۭا ﴿٦١﴾

Алар Аллахтын ырайымынан куулган абалда кай жерде туш келсе, ошол жерден колготүшөт жана аёсуз өлтүрүлөт. Анткени алар эки жүздүүлүк кылышты,Жер бетинде бузукулуктужайышты

سُنَّةَ ٱللَّهِ فِى ٱلَّذِينَ خَلَوْا۟ مِن قَبْلُ ۖ وَلَن تَجِدَ لِسُنَّةِ ٱللَّهِ تَبْدِيلًۭا ﴿٦٢﴾

Эки жүздүүлөр өздөрүнүн эки жүздүүлүктөрүн ачыкка чыгарган кезде бул аларга карата аткарылган Аллахтын өкүм жолу.Аллахтын өкүм жолутуруктуу,сен ага эчкандай өзгөрмө таба албайсың

يَسْـَٔلُكَ ٱلنَّاسُ عَنِ ٱلسَّاعَةِ ۖ قُلْ إِنَّمَا عِلْمُهَا عِندَ ٱللَّهِ ۚ وَمَا يُدْرِيكَ لَعَلَّ ٱلسَّاعَةَ تَكُونُ قَرِيبًا ﴿٦٣﴾

Оо, пайгамбар! Мушриктер жана ошондой эле жөөттөр четке кагуу менен жана жалганга чыгаруу үчүн сенден: «Анын убактысы качан?» – деп кыямат тууралуу сурашат. Аларга: «Кыямат тууралуу Аллах гана билет. Мен ал тууралуу эч нерсе билбеймин» – деп айткын. Оо, пайгамбар! Сен кандай билмек элең, балким кыяматка аз калгандыр?

إِنَّ ٱللَّهَ لَعَنَ ٱلْكَـٰفِرِينَ وَأَعَدَّ لَهُمْ سَعِيرًا ﴿٦٤﴾

Чындыгында Аллах каапырларды Өз ырайымынан алыстатты жана кыямат күнү аларды күткөн жалындаган тозокту даярдады. ي

خَـٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدًۭا ۖ لَّا يَجِدُونَ وَلِيًّۭا وَلَا نَصِيرًۭا ﴿٦٥﴾

Алар үчүн даярдалган ошолтозок азабында алар түбөлүк калышат.Алар алжайда пайда келтирген дос да,аларды азаптан куткарган колдоочу да таба алышпайт. بلغ Куран · Тафсир

يَوْمَ تُقَلَّبُ وُجُوهُهُمْ فِى ٱلنَّارِ يَقُولُونَ يَـٰلَيْتَنَآ أَطَعْنَا ٱللَّهَ وَأَطَعْنَا ٱلرَّسُولَا۠ ﴿٦٦﴾

Алардын жүздөрү тозок отунда ары-бери оодарылып (азапталган) кыямат күнү алар катуу өкүнүчтөн, катуу күйүттөн мындай деп айтышат: «Аттиң, биз дүйнө жашоосунда Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Ага моюн сунганыбызда жана пайгамбар Раббиси тараптан алып келген нерседе ага моюн сунганыбызда!»

وَقَالُوا۟ رَبَّنَآ إِنَّآ أَطَعْنَا سَادَتَنَا وَكُبَرَآءَنَا فَأَضَلُّونَا ٱلسَّبِيلَا۠ ﴿٦٧﴾

Алар арзыбаган жалган далилди айтып мындай дешет: «Раббибиз! Чындыгында биз өзүбүздүн башчыларыбызга, элибиздеги улуу адамдарга баш ийгенбиз, мына ошолор бизди туура жолдон адаштырышты

رَبَّنَآ ءَاتِهِمْ ضِعْفَيْنِ مِنَ ٱلْعَذَابِ وَٱلْعَنْهُمْ لَعْنًۭا كَبِيرًۭا ﴿٦٨﴾

Раббибиз! Бизди туура жолдон адаштырган ал башчыларга жана улууларга бизге берген азаптан эки эсе көп азап бер.Анткени алар бизди адаштырды.Ошондой эле алардыӨз ырайымыңдан өтө алыстат»

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَكُونُوا۟ كَٱلَّذِينَ ءَاذَوْا۟ مُوسَىٰ فَبَرَّأَهُ ٱللَّهُ مِمَّا قَالُوا۟ ۚ وَكَانَ عِندَ ٱللَّهِ وَجِيهًۭا ﴿٦٩﴾

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Пайгамбарыңарга зыян бербегиле! Болбосо силер Мусага зыян бергендердей болуп каласыңар,алар анын денесин айтып айыпташкан,Аллаханыалардын айткан сөздөрүнөн аруулаган. Ошондон кийин ал алардын айткан сөзүнөн таза экендиги анык болгон. Муса Аллахтын алдында барктуу, анын суранычыкайтарылбайт, анын аракети ийгиликсиз калбайт

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَقُولُوا۟ قَوْلًۭا سَدِيدًۭا ﴿٧٠﴾

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар!Аллахтын буйруктарын аткарып, Анын тыйгандарын таштап Андан корккула жана туура чындык сөздөрдү сүйлөгүлө!

يُصْلِحْ لَكُمْ أَعْمَـٰلَكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ ۗ وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَقَدْ فَازَ فَوْزًا عَظِيمًا ﴿٧١﴾

Эгерде силер Аллахтан корксоңор жана туура сөз сүйлөсөңөр, Ал силердин иш-аракеттериңерди оңдойт, аларды кабыл кылат, күнөөлөрүңөрдү өчүрөт, алар үчүн жазалабайт. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, анда ал теңдешсиз улуу жеңишке жетиптир. Ал жеңиш Аллахтын ыраазылыгы жана бейишке кирүү

إِنَّا عَرَضْنَا ٱلْأَمَانَةَ عَلَى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَٱلْجِبَالِ فَأَبَيْنَ أَن يَحْمِلْنَهَا وَأَشْفَقْنَ مِنْهَا وَحَمَلَهَا ٱلْإِنسَـٰنُ ۖ إِنَّهُۥ كَانَ ظَلُومًۭا جَهُولًۭا ﴿٧٢﴾

ظلوما جهولا Чындыгында Биз шарият милдеттерин асмандарга, Жерге жана тоолорго сунуштаганыбызда алар аны моюнга алуудан баш тартышты жана анын акыбетинен коркушту. Бирок аны инсан мойнуна алды. Чындыгында ал мойнуна алган нерсенин акыбетин билбеген өзүнө зыян берүүчүпенде. بلغ Куран · Тафсир

لِّيُعَذِّبَ ٱللَّهُ ٱلْمُنَـٰفِقِينَ وَٱلْمُنَـٰفِقَـٰتِ وَٱلْمُشْرِكِينَ وَٱلْمُشْرِكَـٰتِ وَيَتُوبَ ٱللَّهُ عَلَى ٱلْمُؤْمِنِينَ وَٱلْمُؤْمِنَـٰتِ ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورًۭا رَّحِيمًۢا ﴿٧٣﴾

غفورا ر حيما Аллах эки жүздүү эркектер менен эки жүздүү аялдарды, мушрик эркектер менен мушрик аялдарды эки жүздүүлүктөрү жана ширк кылышкандыктары себептүү аларды азапташ үчүн, ошондой эле мойнуна алган аманат милдеттерин эң жакшы деңгээлде аткарышкан ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын тооболорун кабыл кылыш үчүн Аллахтын тагдыры менен аны инсан мойнуна алды. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү,аларга Ырайымдуу. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-Ahzaab — الأحزاب

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил