الٓمٓ ﴿١﴾
Алиф. Лам. Мим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген
Башкы бет›Тафсир›Al-Ankaboot (29)
Меккелик · 69 аят
الٓمٓ ﴿١﴾
Алиф. Лам. Мим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген
أَحَسِبَ ٱلنَّاسُ أَن يُتْرَكُوٓا۟ أَن يَقُولُوٓا۟ ءَامَنَّا وَهُمْ لَا يُفْتَنُونَ ﴿٢﴾
Адамдар «Аллахка ыйман келтирдик» деп айтып коюшса эле, алардын айткан сөзүнөн «алар чындап эле ыймандуубекен?»деп анын чындыгын аныктабастан туруп,алардысыноосуз таштап коёт деп ойлоп жатышабы? Бул иш алар ойлогондой эмес
وَلَقَدْ فَتَنَّا ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۖ فَلَيَعْلَمَنَّ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ صَدَقُوا۟ وَلَيَعْلَمَنَّ ٱلْكَـٰذِبِينَ ﴿٣﴾
Биз алардан мурункулардыда сынаганбыз.Аллахчындап ыйман келтиргендердин чындыгын жана жалган ыйман келтиргендин жалганын сөзсүз билет жана анысилерге билдирет
أَمْ حَسِبَ ٱلَّذِينَ يَعْمَلُونَ ٱلسَّيِّـَٔاتِ أَن يَسْبِقُونَا ۚ سَآءَ مَا يَحْكُمُونَ ﴿٤﴾
Ширк жана башка ушул сыяктуу күнөөлөрдү кылгандар Бизге жеткирбей жазабыздан кутулуп кетебиз деп ойлоп жатышабы? Алардын кылган чечими кандай жаман чечим! Алар Аллахты алсыз кыла алышпайт жана Анын жазасынан да кутулушпайт,эгер каапыр болуп өлүшкөн болсо
مَن كَانَ يَرْجُوا۟ لِقَآءَ ٱللَّهِ فَإِنَّ أَجَلَ ٱللَّهِ لَـَٔاتٍۢ ۚ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ ﴿٥﴾
Кимде-ким кыямат күнү Аллахтын сыйлыгына жетиш үчүн Ага жолугууну үмүт кылса, анда Аллах ал үчүн белгилеген мөөнөт жакында сөзсүз келет. Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу, алардын иш-аракеттерин Билүүчү. Алардын баарысыАга белгилүү. Жакында ал үчүн сыйлыгын же жазасын берет
وَمَن جَـٰهَدَ فَإِنَّمَا يُجَـٰهِدُ لِنَفْسِهِۦٓ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَغَنِىٌّ عَنِ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٦﴾
Ал эми ким ибадат кылууда, күнөөлөрдөн алыс болууда өз напсиси менен күрөшсө жана Аллах жолунда согушса, анда ал өзү үчүн гана күрөшкөн болот. Анткени анын пайдасы өзүнө кайтат. Аллах жаратылгандардын эч бирине муктаж эмес. Алардын кылган ибадаттары Ага эч нерсени кошпойт жана алардын күнөөлөрү Андан эч нерсени кемитпейт
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ لَنُكَفِّرَنَّ عَنْهُمْ سَيِّـَٔاتِهِمْ وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَحْسَنَ ٱلَّذِى كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿٧﴾
Ыйман келтирип, сыноолорубузга сабыр кылып жана жакшылык иштерди кылгандарга Биз алардын кылган жакшылык иштери себептүү күнөөлөрүн өчүрөбүз жана акыретте алардын бул дүйнөдө кылган жакшыиштерине соопторун эң жакшыкылып беребиз. بلغ Куран · Тафсир
وَوَصَّيْنَا ٱلْإِنسَـٰنَ بِوَٰلِدَيْهِ حُسْنًۭا ۖ وَإِن جَـٰهَدَاكَ لِتُشْرِكَ بِى مَا لَيْسَ لَكَ بِهِۦ عِلْمٌۭ فَلَا تُطِعْهُمَآ ۚ إِلَىَّ مَرْجِعُكُمْ فَأُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿٨﴾
فأنبئكم بما كنتمتعملون Биз инсанга ата-энесин урматтап, аларга жакшылык кылуусун буйрудук. Эй, инсан! Эгерде ата-энең Саад ибн Абу Ваккастын энесиндей болуп сени өзүң билбеген нерсени Мага шерик кыл деп кыйнаса, анда бул нерседе аларга моюн сунба! Аллахтын алдында күнөө болгон иште адамдарга моюн сунулбайт. Кыямат күнү Мага гана кайтасыңар.ОшондоМен силердин дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын берем жана алардын сыйлыгын же жазасын берем
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ لَنُدْخِلَنَّهُمْ فِى ٱلصَّـٰلِحِينَ ﴿٩﴾
Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарды кыямат күнү жакшы иш жасаган адамдарга кошобуз, алар менен бирге чогултабыз жана алардын сообундай сооптордуберебиз
وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَقُولُ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ فَإِذَآ أُوذِىَ فِى ٱللَّهِ جَعَلَ فِتْنَةَ ٱلنَّاسِ كَعَذَابِ ٱللَّهِ وَلَئِن جَآءَ نَصْرٌۭ مِّن رَّبِّكَ لَيَقُولُنَّ إِنَّا كُنَّا مَعَكُمْ ۚ أَوَلَيْسَ ٱللَّهُ بِأَعْلَمَ بِمَا فِى صُدُورِ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٠﴾
Адамдардын кээ бирлери «Аллахка ыйман келтирдик» – дешет. Эгер каапырлар аны ыйманы себептүү кыйнашчу болсо, алардын азаптаганын Аллахтын азаптаганындай кабыл алып, каапырларды туура көрүп ыймандан баш тартат. Оо, пайгамбар! Эгерде Раббиң тараптан сага жеңиш келсе алар: «Оо, ыймандуулар! Чындыгында биз ыйманда силер менен бирге болчубуз» – дешет. Аллах адамдардын көкүрөгүндөгүнү билбейт бекен?! Ага андагы каапырлыктын жана ыймандын бири да жашыруун эмес.Аллахалардын жүрөгүндөгүнерсени алардан да жакшы билген болсо,анда алар кантип жүрөктөрүндөгүнерсени Аллахка айтып жатышат?!
وَلَيَعْلَمَنَّ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَلَيَعْلَمَنَّ ٱلْمُنَـٰفِقِينَ ﴿١١﴾
Аллах чындап ыйман келтиргендерди жакшы билет жана сыртынан ыймандуу көрүнүп, ичинде каапырлыкты жашырган эки жүздүүлөрдү да жакшыбилет
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لِلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱتَّبِعُوا۟ سَبِيلَنَا وَلْنَحْمِلْ خَطَـٰيَـٰكُمْ وَمَا هُم بِحَـٰمِلِينَ مِنْ خَطَـٰيَـٰهُم مِّن شَىْءٍ ۖ إِنَّهُمْ لَكَـٰذِبُونَ ﴿١٢﴾
إن هم لكذبون Каапырлар жалгыз Аллахка ыйман келтиргендерге: «Биздин динибизди жана жолубузду ээрчигиле. Биз силердин күнөөңөрдү көтөрөбүз жана жазасын да өзүбүз тартабыз» – дешет. Алар силердин эч бир күнөөңөрдү көтөрбөйт. Чындыгында алар булайткан сөздөрүндө жалганчылар
وَلَيَحْمِلُنَّ أَثْقَالَهُمْ وَأَثْقَالًۭا مَّعَ أَثْقَالِهِمْ ۖ وَلَيُسْـَٔلُنَّ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ عَمَّا كَانُوا۟ يَفْتَرُونَ ﴿١٣﴾
Жалганга чакырган ал мушриктер өздөрү кылган күнөөлөрүн көтөрөт, алардын чакырыгына ээрчигендердин күнөөлөрүн да көтөрөт, бирок аларды ээрчигендердин күнөөлөрүнөн эч бир нерсе кемитилбейт. Ошондой эле кыямат күнүбулдүйнөдө ойлоп тапкан жалгандарыүчүн суралышат. بلغ Куран · Тафсир
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوْمِهِۦ فَلَبِثَ فِيهِمْ أَلْفَ سَنَةٍ إِلَّا خَمْسِينَ عَامًۭا فَأَخَذَهُمُ ٱلطُّوفَانُ وَهُمْ ظَـٰلِمُونَ ﴿١٤﴾
Биз Нухту өз элине пайгамбар кылып жибердик. Ал алардын арасында тогуз жүз элүү жыл туруп, аларды Аллахка гана сыйынууга чакырды. Алар аны жалганга чыгарышты жана каапырлыктарын уланта беришти. Алар Аллахка каапырлык кылышканы жана Анын пайгамбарларын жалганга чыгарышканы себептүү аларды топон суу алып, сууга чөгүп жок болушту
فَأَنجَيْنَـٰهُ وَأَصْحَـٰبَ ٱلسَّفِينَةِ وَجَعَلْنَـٰهَآ ءَايَةًۭ لِّلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٥﴾
Кийин Биз Нухту жана аныменен бирге болгон ыймандуулардычөктүрүп жок кылбастан кемеде куткардык жана кемени адамдар сабак алыш үчүн эскертме кылдык
وَإِبْرَٰهِيمَ إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ ٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ وَٱتَّقُوهُ ۖ ذَٰلِكُمْ خَيْرٌۭ لَّكُمْ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ ﴿١٦﴾
Оо, пайгамбар! Ибрахимдин окуясын эстечи, бир кезде ал элине айтты: «Жалгыз Аллахка сыйынгыла! Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштооменен Анын жазасынан корккула! Эгер билсеңер, силерге буйрулган ушулнерсе силер үчүн жакшы»
إِنَّمَا تَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَوْثَـٰنًۭا وَتَخْلُقُونَ إِفْكًا ۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ تَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ لَا يَمْلِكُونَ لَكُمْ رِزْقًۭا فَٱبْتَغُوا۟ عِندَ ٱللَّهِ ٱلرِّزْقَ وَٱعْبُدُوهُ وَٱشْكُرُوا۟ لَهُۥٓ ۖ إِلَيْهِ تُرْجَعُونَ ﴿١٧﴾
Эй, мушриктер! Чындыгында силер сыйынган айкелдер пайда да, зыян да бере алышпайт. Силер аларды сыйынууга татыктуу деп ойлоо менен жалганды ойлоп таап жатасыңар. Чындыгында силер Аллахтан башка сыйынып жаткан нерселер силерге ырыскы бере алышпайт. Ырыскыны Аллахтан сурагыла, Ал ырыскы Берүүчү. Ага гана сыйынгыла жана Ал силерге берген ырыскы үчүн Ага шүгүр кылгыла. Кыямат күнү сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн айкелдериңерге эмес, жалгыз Ага гана кайтасыңар
وَإِن تُكَذِّبُوا۟ فَقَدْ كَذَّبَ أُمَمٌۭ مِّن قَبْلِكُمْ ۖ وَمَا عَلَى ٱلرَّسُولِ إِلَّا ٱلْبَلَـٰغُ ٱلْمُبِينُ ﴿١٨﴾
Эй, мушриктер! Эгерде Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгыжана мактоо дубасыболсун) силерге алып келгенди жалганга чыгарсаңар, силерден алдыңкы коомдор да өзүлөрүнө келген пайгамбарларды жалганга чыгарышкан. Мисал катары Нух, Аад, Самуд коомдору сыяктуу. Пайгамбар ачык-айкын жеткирүүгө гана милдеттүү. Алсилерге Раббиси буйруган нерсени жеткирди
أَوَلَمْ يَرَوْا۟ كَيْفَ يُبْدِئُ ٱللَّهُ ٱلْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥٓ ۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٌۭ ﴿١٩﴾
Алжалганчылар Аллахжаратылгандардыалгачирет кандай жаратарын,кийин алжок болуп кеткенден кийин аны кайрадан жаратканын көрүшпөйбү? Чындыгында бул нерсе Аллах үчүн жеңил. Ал кудуреттүү, Аны эч ким алсыз кыла албайт. بلغ Куран · Тафсир
قُلْ سِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَٱنظُرُوا۟ كَيْفَ بَدَأَ ٱلْخَلْقَ ۚ ثُمَّ ٱللَّهُ يُنشِئُ ٱلنَّشْأَةَ ٱلْـَٔاخِرَةَ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌۭ ﴿٢٠﴾
Оо, пайгамбар! Кайра жаралууну жалганга чыгаргандарга айт: «Жер бетин кезгиле, Аллах жаратылгандарды баштапкыжолукантип жаратканына назар салгыла.Кийин Аллахадамдар өлгөндөн кийин алардысурак бериш үчүн экинчи жашоого кайрадан тирилтет. Чындыгында Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү. Аны эч бир нерсе алсыз кыла албайт. Ал адамдарды алгачкы ирет жаратууда алсыз болбогону сыяктуу аларды кайрадан тирилтүүгө да алсыз эмес»
يُعَذِّبُ مَن يَشَآءُ وَيَرْحَمُ مَن يَشَآءُ ۖ وَإِلَيْهِ تُقْلَبُونَ ﴿٢١﴾
Ал жараткандарынан Өзү каалаганын адилеттиги менен азаптайт, Өзү каалаганына айкөлдүгү менен ырайым кылат. Ал силерди кыямат күнү кабырларыңардан кайра тирилткенде силер сурак бериш үчүн жалгыз Ага гана кайтасыңар
وَمَآ أَنتُم بِمُعْجِزِينَ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَا فِى ٱلسَّمَآءِ ۖ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِن وَلِىٍّۢ وَلَا نَصِيرٍۢ ﴿٢٢﴾
Силер Раббиңерден кутула албайсыңар, жер бетинде жана асманда Анын жазасынан качып кете албайсыңар. Силер үчүн ишиңерди жөнгө сала тургандай Аллахтан башка колдоочужок жана силерди Анын азабынан куткара тургандай Андан башка жардамчыда жок
وَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ وَلِقَآئِهِۦٓ أُو۟لَـٰٓئِكَ يَئِسُوا۟ مِن رَّحْمَتِى وَأُو۟لَـٰٓئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ ﴿٢٣﴾
Аллахтын аят-белгилерине жана кыяматта Аны менен жолугууга каапырлык кылган адамдар – мына ошолор Менин ырайымымдан үмүт үзгөндөр. Алар каапырлыктары себептүү эч качан бейишке киришпейт. Мына ошолордуакыретте күтүп турган кыйноочуазап бар
فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوْمِهِۦٓ إِلَّآ أَن قَالُوا۟ ٱقْتُلُوهُ أَوْ حَرِّقُوهُ فَأَنجَىٰهُ ٱللَّهُ مِنَ ٱلنَّارِ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يُؤْمِنُونَ ﴿٢٤﴾
Ибрахим элин жалгыз Аллахка гана сыйынууга жана Андан башка сыйынган кудайларды таштоону буйругандан кийин алардын ага берген жообу ушул болду: «Кудайларыңарды колдоп аны өлтүргүлө же аны отко ыргыткыла!». Бирок Аллаханыоттон сактады.Чындыгында откоыргытылгандан кийин анын аман калуусунда ыйман келтирген коом үчүн үлгү-сабактар бар.Анткени ошолор гана үлгү-сабактардан пайда алышат
وَقَالَ إِنَّمَا ٱتَّخَذْتُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ أَوْثَـٰنًۭا مَّوَدَّةَ بَيْنِكُمْ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا ۖ ثُمَّ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ يَكْفُرُ بَعْضُكُم بِبَعْضٍۢ وَيَلْعَنُ بَعْضُكُم بَعْضًۭا وَمَأْوَىٰكُمُ ٱلنَّارُ وَمَا لَكُم مِّن نَّـٰصِرِينَ ﴿٢٥﴾
Ибрахим элине айтты: «Силер дүйнө жашоосунда айкел-буттарга сыйынууда бири-бириңерди жакшы көргөнүңөр үчүн жана тааныганыңар үчүн алардыкудай кылып сыйынып жатасыңар.Кийин кыямат күнүортоңордогуалсүйүү жок болот, азапты көргөндө бири-бириңерден баш тартасыңар, бири-бириңерге каргыш айтасыңар. Силердин баш калкалар жайыңар тозок болот. Силердин Аллахтан башка сыйынган айкелдериңерден жана алардан башкаларынан да силерди Аллахтын азабынан сактаган эчбир жардамчыболбойт». بلغ Куран · Тафсир
۞ فَـَٔامَنَ لَهُۥ لُوطٌۭ ۘ وَقَالَ إِنِّى مُهَاجِرٌ إِلَىٰ رَبِّىٓ ۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿٢٦﴾
Ага Лут ыйман келтирди. Жана Ибрахим айтты: «Чындыгында мен Раббиме, берекелүү Шам жергесине көчөмүн. Чындыгында Ал Кудуреттүү, Ага көчкөн адам жеңилбейт жана кордолбойт. Ал Өз башкаруусунда жана тагдыр кылуусунда Даанышман»
وَوَهَبْنَا لَهُۥٓ إِسْحَـٰقَ وَيَعْقُوبَ وَجَعَلْنَا فِى ذُرِّيَّتِهِ ٱلنُّبُوَّةَ وَٱلْكِتَـٰبَ وَءَاتَيْنَـٰهُ أَجْرَهُۥ فِى ٱلدُّنْيَا ۖ وَإِنَّهُۥ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ لَمِنَ ٱلصَّـٰلِحِينَ ﴿٢٧﴾
Жана Биз Ибрахимге Исхак менен анын уулу Яькубду берип, анын белек кылып урпактарына пайгамбарлык жана Аллахтараптан түшкөн китептерди бердик.Ошондой эле ага булдүйнөдө акыйкатка сабыр кылганынын сыйлыгы катары таза урпак жана ага эң жакшы алкыш-мактоолор айтылуучу кылдык. Чындыгында ал акыретте жакшы- такыбалуулардын сыйлыгындай сыйлык алат. Бул дүйнөдө ага берилген нерселер акыретте ал үчүн даярдалган улуу сыйлыкты кемитпейт
وَلُوطًا إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِۦٓ إِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ ٱلْفَـٰحِشَةَ مَا سَبَقَكُم بِهَا مِنْ أَحَدٍۢ مِّنَ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٢٨﴾
Оо, пайгамбар! Лутту эстечи, бир кезде ал элине айтты: «Силер өзүңөрдөн мурун ааламдардан эч ким кылбаган жаман күнөөнү кылып жатасыңар. Адамдын табиятыжийиркенген бул күнөөнү эң биринчи силер баштадыңар
أَئِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ ٱلرِّجَالَ وَتَقْطَعُونَ ٱلسَّبِيلَ وَتَأْتُونَ فِى نَادِيكُمُ ٱلْمُنكَرَ ۖ فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوْمِهِۦٓ إِلَّآ أَن قَالُوا۟ ٱئْتِنَا بِعَذَابِ ٱللَّهِ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّـٰدِقِينَ ﴿٢٩﴾
Силер кумарыңардыкандырыш үчүн эркектердин артынан кошулуп жатасыңарбы?! Жолоочулардын жолун тосуп жатасыңарбы?! Алар силердин кылган бузукулугуңардан коркуп өтпөй калышты го. Ошондой эле чогулган жериңерде жылаңачтануу жана жаныңардан өткөндөргө сөзүңөр жана ишиңер менен зыян берип күнөө иштерди кылып жатасыңарбы?!». Ал элин күнөөлөрдү кылуудан тыйгандан кийин алардын ага айткан сөзү ушул болду:«Эгерде айтып жатканыңчын болсо,анда бизди коркутуп жаткан Аллахтын азабын алып келчи»
قَالَ رَبِّ ٱنصُرْنِى عَلَى ٱلْقَوْمِ ٱلْمُفْسِدِينَ ﴿٣٠﴾
Луттун эли ага көшөрүүчүлүк кылып, аны шылдыңдай азапты алып келчи дегенден кийин ал Раббисине дуба кылып: «Оо, Раббим! Жер бетинде каапырлыкты жана жийиркеничтүү күнөөлөрдү жайып бузукулук кылган коомго каршы мага жардам бер!» – деди
وَلَمَّا جَآءَتْ رُسُلُنَآ إِبْرَٰهِيمَ بِٱلْبُشْرَىٰ قَالُوٓا۟ إِنَّا مُهْلِكُوٓا۟ أَهْلِ هَـٰذِهِ ٱلْقَرْيَةِ ۖ إِنَّ أَهْلَهَا كَانُوا۟ ظَـٰلِمِينَ ﴿٣١﴾
Качан Биз жиберген периштелер Ибрахимге Исхак жана анын уулу Яькуб тууралуу сүйүнчүлөп келишкенде алар ага айтышты: «Чындыгында биз Луттун шаары Садумду жок кылабыз. Чындыгында анын эли бузукулук кылып заалым болушту». بلغ Куран · Тафсир
قَالَ إِنَّ فِيهَا لُوطًۭا ۚ قَالُوا۟ نَحْنُ أَعْلَمُ بِمَن فِيهَا ۖ لَنُنَجِّيَنَّهُۥ وَأَهْلَهُۥٓ إِلَّا ٱمْرَأَتَهُۥ كَانَتْ مِنَ ٱلْغَـٰبِرِينَ ﴿٣٢﴾
Ибрахим (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгыболсун) периштелерге: «Силер жок кылабыз деген шаарда Лут бар го. Ал заалымдардан эмес» – деди. Периштелер айтышты: «Биз ал жакта кимдер бар экенин жакшы билебиз. Биз аныжана үй-бүлөсүн шаар элине түшкөн кыйроодон куткарабыз.Бирок анын аялын куткарбайбыз.Алошолжерде калган кыйроочулардан болот,аныалар менен кошожок кылабыз»
وَلَمَّآ أَن جَآءَتْ رُسُلُنَا لُوطًۭا سِىٓءَ بِهِمْ وَضَاقَ بِهِمْ ذَرْعًۭا وَقَالُوا۟ لَا تَخَفْ وَلَا تَحْزَنْ ۖ إِنَّا مُنَجُّوكَ وَأَهْلَكَ إِلَّا ٱمْرَأَتَكَ كَانَتْ مِنَ ٱلْغَـٰبِرِينَ ﴿٣٣﴾
Биз Луттун коомун жок кылуу үчүн жиберген периштелер ага келишкенде ал алар үчүн элинин бузукулугунан коркуп жаман абалга түштү,алардын келгенине кыжалат болду.Анткени алпериштелер эркектердин келбетинде келишкен эле. Коому болсоаялдардан эмес, эркектерден жыныстык кумарларын кандырышчу. Периштелер ага айтышты: «Коркпо! Элиң сага эч кандай зыян бере албайт. Биз аларды кыйратып жок кылабыз дегенибиз үчүн кайгырба! Биз сени жана үй-бүлөңдү куткарабыз. Аялың гана кыйрагандар менен кошо калат. Биз аны алар менен бирге жок кылабыз
إِنَّا مُنزِلُونَ عَلَىٰٓ أَهْلِ هَـٰذِهِ ٱلْقَرْيَةِ رِجْزًۭا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ بِمَا كَانُوا۟ يَفْسُقُونَ ﴿٣٤﴾
Биз бузукулуктарды кылган бул калаанын элине асмандан бышкан чопо таштарды жаадырып азап түшүрөбүз. Аларга берилген бул жаза Аллахка баш ийбестик кылышканы үчүн болду. Анткени алар аялдарга эмес, эркектерге кошулуп жийиркеничтүүбузукулук кылышты
وَلَقَد تَّرَكْنَا مِنْهَآ ءَايَةًۢ بَيِّنَةًۭ لِّقَوْمٍۢ يَعْقِلُونَ ﴿٣٥﴾
Биз ал жок кылган калаадан акыл жүгүрткөн адамдар үчүн аят-белгилерди калтырдык. Анткени ошолор аят- белгилерден сабак алышат
وَإِلَىٰ مَدْيَنَ أَخَاهُمْ شُعَيْبًۭا فَقَالَ يَـٰقَوْمِ ٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ وَٱرْجُوا۟ ٱلْيَوْمَ ٱلْـَٔاخِرَ وَلَا تَعْثَوْا۟ فِى ٱلْأَرْضِ مُفْسِدِينَ ﴿٣٦﴾
Жана Биз Мадиянга алардын тектеш тууганы Шуайбды пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: «Оо, элим! Аллахка гана сыйынгыла.Кылган ибадатыңар менен акырет күндөгүАнын сыйлыгын гана үмүт кылгыла.Жана жер бетинде күнөөлөрдү кылуу жана жаюу менен бузукулук кылбагыла»
فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَتْهُمُ ٱلرَّجْفَةُ فَأَصْبَحُوا۟ فِى دَارِهِمْ جَـٰثِمِينَ ﴿٣٧﴾
Эли аны жалганга чыгарды. Ошондо аларга жер титирөө келип тийип, өз турак-жайларында жүзү менен жер сүзгөн абалда кыймылсыз сулап жатып калышты
وَعَادًۭا وَثَمُودَا۟ وَقَد تَّبَيَّنَ لَكُم مِّن مَّسَـٰكِنِهِمْ ۖ وَزَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيْطَـٰنُ أَعْمَـٰلَهُمْ فَصَدَّهُمْ عَنِ ٱلسَّبِيلِ وَكَانُوا۟ مُسْتَبْصِرِينَ ﴿٣٨﴾
Ошондой эле Салихтин коому "Аадды" жана Худдун коому "Самудду" да кыйратып жок кылдык. Эй, Мекке эли! Силерге алардын кыйраганын билдирген белгилер Хадрамаут тараптагыАль-Хижр менен Аль-Шихрдеги بلغ Куран · Тафсир турак-жайларынан көрүнүп турат го. Алардын бош калган турак-жайларыалардын кыйрап жок болгонуна далил. Шайтан алардын каапырлыктарын жана күнөөлөрүн аларга кооз көргөзүп, аларды туура жолдон адаштырды. Аларга пайгамбарлары үйрөткөндүктөн, алар акыйкат менен жалганды, туура жол менен адашууну айырмалай билген адамдар болгон. Бирок, туура жолду эрчибей, напсинин бузулган каалоосуна ээрчип кетишти
وَقَـٰرُونَ وَفِرْعَوْنَ وَهَـٰمَـٰنَ ۖ وَلَقَدْ جَآءَهُم مُّوسَىٰ بِٱلْبَيِّنَـٰتِ فَٱسْتَكْبَرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ وَمَا كَانُوا۟ سَـٰبِقِينَ ﴿٣٩﴾
Жана Биз Мусанын элине зомбулук көргөзгөн Карунду турак-жайы менен кошо жерге жуткуруп жок кылдык. Ошондой эле Фараон менен анын вазири Хаманды деңизге чөктүрүп жок кылдык. Муса аларга анын чынчылдыгын билдирген аят-белгилерди алып келген. Бирок алар Байыркы Египет жеринде ага ыйман келтирүүдөн текеберленишти.Алар Биздин азабыбыздан качып кутулушкан жок
فَكُلًّا أَخَذْنَا بِذَنۢبِهِۦ ۖ فَمِنْهُم مَّنْ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِ حَاصِبًۭا وَمِنْهُم مَّنْ أَخَذَتْهُ ٱلصَّيْحَةُ وَمِنْهُم مَّنْ خَسَفْنَا بِهِ ٱلْأَرْضَ وَمِنْهُم مَّنْ أَغْرَقْنَا ۚ وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيَظْلِمَهُمْ وَلَـٰكِن كَانُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ ﴿٤٠﴾
Жогоруда айтылгандардын баарысын кыйратуучу азабыбыз менен алдык. Луттун коомуна чокморлошуп бышкан чопо таштарды жаадырдык, Салих менен Шуайбдын коомдорун катуу кыйкырык алды, Карунду турак-жайы менен кошо жерге жуткурдук, ал эми Нухтун, Фараондун жана Хамандын коомдорун сууга чөктүрдүк. Аллах аларды күнөөсүз эле кыйратып жок кылган жок. Бирок алар күнөөлөрдү кылуу менен өздөрүнө зулум кылышты. Ошон үчүн азапка татыктуу болушту
مَثَلُ ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُوا۟ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَوْلِيَآءَ كَمَثَلِ ٱلْعَنكَبُوتِ ٱتَّخَذَتْ بَيْتًۭا ۖ وَإِنَّ أَوْهَنَ ٱلْبُيُوتِ لَبَيْتُ ٱلْعَنكَبُوتِ ۖ لَوْ كَانُوا۟ يَعْلَمُونَ ﴿٤١﴾
كانوا يعلمون Аллахтан башка айкел-буттарды пайда келтирет же шапаат кылат деп кудай кылып сыйынган мушриктердин мисалы– зыяндан коргонуш үчүн өзүнө үй жасаган жөргөмүш сымал. Чындыгында эң начар үй жөргөмүштүн үйү. Ал аны душмандан коргой албайт. Ошол сыяктуу эле алардын айкелдери пайда да, зыян да келтире алышпайт жана шапаат да кылышпайт. Эгерде мушриктер муну билишкенде Аллахтан башка айкел-буттарды кудай кылып сыйынышпайт эле
إِنَّ ٱللَّهَ يَعْلَمُ مَا يَدْعُونَ مِن دُونِهِۦ مِن شَىْءٍۢ ۚ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿٤٢﴾
Албетте Аллах алардын башкаларга сыйынып жаткандарын билет. Мунун эч бири Ага жашыруун эмес. Ал жеңилбеген Кудуреттүү. Өз жаратуусунда, тагдыр кылуусунда жана башкаруусунда Даанышман
وَتِلْكَ ٱلْأَمْثَـٰلُ نَضْرِبُهَا لِلنَّاسِ ۖ وَمَا يَعْقِلُهَآ إِلَّا ٱلْعَـٰلِمُونَ ﴿٤٣﴾
Биз, адамдарды ойготуу, аларга акыйкатты көргөзүп, ага багыттоо үчүн ушундай мисалдарды келтиребиз. Аны Аллахтын шариятын жана шарият сырларын билген илимдүүадамдар гана талаптагыдай түшүнөт. بلغ Куран · Тафсир
خَلَقَ ٱللَّهُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ بِٱلْحَقِّ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةًۭ لِّلْمُؤْمِنِينَ ﴿٤٤﴾
Аллах таала асмандар менен Жерди акыйкат менен жаратты. Аны жалгандан же жөн эле жараткан жок. Чындыгында бул жаратууда ыймандуулар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдер бар. Анткени ошолор Аллахтын жараткандарыаркылууЖаратуучунун бар экенин далилкылышат.Алэми каапырлар ааламдагы жана өздөрүндөгү аят-белгилерди көргөндө Жаратуучунун улуктугуна жана кудуреттүүлүгүнө көңүл бурушпайт
ٱتْلُ مَآ أُوحِىَ إِلَيْكَ مِنَ ٱلْكِتَـٰبِ وَأَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ ۖ إِنَّ ٱلصَّلَوٰةَ تَنْهَىٰ عَنِ ٱلْفَحْشَآءِ وَٱلْمُنكَرِ ۗ وَلَذِكْرُ ٱللَّهِ أَكْبَرُ ۗ وَٱللَّهُ يَعْلَمُ مَا تَصْنَعُونَ ﴿٤٥﴾
يعلم ما تص نعون Оо, пайгамбар! Аллах сага вахий кылган Куранды адамдарга окуп бер жана намазды толук түрдө аткар. Чындыгында толук сыпатта аткарылган намаз адамды күнөөлөрдү, жамандыктарды кылуудан тыят. Анткени ал жүрөктө күнөө кылуудан тоскон нурду пайда кылат жана жакшылык иштерге багыттайт. Аллахты зикир кылуу бүткүл нерседен да улук жана бийик. Аллах силердин эмне кылып жатканыңардыбилет. Силердин иштериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал силерге иштериңердин сыйлыгын же жазасын берет, жакшы болсо жакшысын, жаман болсо жаманын берет
۞ وَلَا تُجَـٰدِلُوٓا۟ أَهْلَ ٱلْكِتَـٰبِ إِلَّا بِٱلَّتِى هِىَ أَحْسَنُ إِلَّا ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ مِنْهُمْ ۖ وَقُولُوٓا۟ ءَامَنَّا بِٱلَّذِىٓ أُنزِلَ إِلَيْنَا وَأُنزِلَ إِلَيْكُمْ وَإِلَـٰهُنَا وَإِلَـٰهُكُمْ وَٰحِدٌۭ وَنَحْنُ لَهُۥ مُسْلِمُونَ ﴿٤٦﴾
إليكم وإلهنا وإلهكم وحد ونحن له مسلمون Эй, ыймандуулар! Жөөттөр жана христиандар менен эң жакшы ыкмада жана үлгү болорлук жолдо гана талкууга түшүп, талашып-тартышкыла. Ал анык далилдерди келтирүү жана насаат айтуунун негизинде үгүт кылуу жолу. Бирок алардан ким баш ийбестик жана текеберлик менен зулумдук кылса жана силерге согуш жарыяласа, анда алар Исламды кабыл алып же кор болуп өз колу менен салык төлөмөйүнчө аларга каршы согушкула. Жөөттөр менен христиандарга айткыла: «Аллах бизге түшүргөн Куранга ыйман келтирдик жана силерге түшкөн Тоорат менен Инжилге да ыйман келтирдик.Биздин кудай менен силердин кудайыңар бир кудай.Сыйынууда,жаратууда жана толуктукта Анын шериги жок. Биз жалгыз Ага гана моюн сунуп, баш ийебиз
وَكَذَٰلِكَ أَنزَلْنَآ إِلَيْكَ ٱلْكِتَـٰبَ ۚ فَٱلَّذِينَ ءَاتَيْنَـٰهُمُ ٱلْكِتَـٰبَ يُؤْمِنُونَ بِهِۦ ۖ وَمِنْ هَـٰٓؤُلَآءِ مَن يُؤْمِنُ بِهِۦ ۚ وَمَا يَجْحَدُ بِـَٔايَـٰتِنَآ إِلَّا ٱلْكَـٰفِرُونَ ﴿٤٧﴾
Биз сенден мурун Китептерди түшүргөнүбүз сыяктуу сага да Куранды түшүрдүк. Алардан Абдуллах ибн Салам сыяктуу Тооратты окуган кээ бирлери өз китептеринен Курандын сыпаттарын табышканы үчүн ага ыйман келтиришти. Мушриктердин арасында да ага ыйман келтиргендер бар. Биздин аяттарыбызга каапырлыкты жана акыйкаттыкөрүп туруп четке каккандыадат кылган каапырлар гана каапырлык кылышат
وَمَا كُنتَ تَتْلُوا۟ مِن قَبْلِهِۦ مِن كِتَـٰبٍۢ وَلَا تَخُطُّهُۥ بِيَمِينِكَ ۖ إِذًۭا لَّٱرْتَابَ ٱلْمُبْطِلُونَ ﴿٤٨﴾
Оо, пайгамбар! Сен Куранга чейин эч бир китеп окуган эмессиң жана оң колуң менен эч нерсе жазган эмессиң. Анткени сен окуганды да, жазганды да билбеген кат-сабаты жоюлбаган адамсың. Эгерде сен окуганды жана жазганды билгениңде, анда адамдардын арасындагы наадандар сенин пайгамбарлыгың тууралуу шектенишип, сени мурункуКитептерден жазып алдыдеп айтып чыгышмак. بلغ Куран · Тафсир
بَلْ هُوَ ءَايَـٰتٌۢ بَيِّنَـٰتٌۭ فِى صُدُورِ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْعِلْمَ ۚ وَمَا يَجْحَدُ بِـَٔايَـٰتِنَآ إِلَّا ٱلظَّـٰلِمُونَ ﴿٤٩﴾
Тескерисинче сага түшкөн Куран ыймандуулардын арасында илим берилгендердин көкүрөгүндөгү ачык-айкын аяттар. Биздин аяттарыбыздыАллахка каапырлык жана ширк кылып өздөрүнө зулумдук кылгандар гана четке кагышат
وَقَالُوا۟ لَوْلَآ أُنزِلَ عَلَيْهِ ءَايَـٰتٌۭ مِّن رَّبِّهِۦ ۖ قُلْ إِنَّمَا ٱلْـَٔايَـٰتُ عِندَ ٱللَّهِ وَإِنَّمَآ أَنَا۠ نَذِيرٌۭ مُّبِينٌ ﴿٥٠﴾
Мушриктер: «Эмнеге Мухаммадга Раббиси тараптан мурунку пайгамбарларга түшкөндөй аят-белгилер түшкөн жок?» – дешет. Оо, пайгамбар! Ал сурагандарга айт: «Чындыгында аят-белгилер Аллахтын гана колунда. Ал аны качан кааласа түшүрөт. Аны түшүрүү менин ыктыярымда эмес. Мен болгону силерге Аллахтын жазасын ачык эскертүүчүмүн»
أَوَلَمْ يَكْفِهِمْ أَنَّآ أَنزَلْنَا عَلَيْكَ ٱلْكِتَـٰبَ يُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَرَحْمَةًۭ وَذِكْرَىٰ لِقَوْمٍۢ يُؤْمِنُونَ ﴿٥١﴾
Оо, пайгамбар! Ал аят-белгилерди сурагандарга Биз сага түшүргөн, аларга окулуп жаткан Куран жетиштүү эмес бекен?Чындыгында аларга түшүрүлгөн Куранда ыйман келтирген коом үчүн ырайымдуулук жана насааттар бар. Мына ошолор андагы келгендерден пайда алышат. Аларга түшүрүлгөн нерсе ага чейинки пайгамбарларга түшүрүлгөндөй нерсени сурагандарына караганда жакшыраак
قُلْ كَفَىٰ بِٱللَّهِ بَيْنِى وَبَيْنَكُمْ شَهِيدًۭا ۖ يَعْلَمُ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۗ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ بِٱلْبَـٰطِلِ وَكَفَرُوا۟ بِٱللَّهِ أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْخَـٰسِرُونَ ﴿٥٢﴾
Оо, пайгамбар! Айт: «Мен силерге алып келген нерседе чынчыл экениме жана силердин аны жалганга чыгарууңарга Аллах Өзү күбө болууга жетиштүү. Ал асмандар менен Жердегини билет жана ал экөөсүндөгү эч бир нерсе Ага жашыруун эмес. Ал эми Аллахтан башка сыйынылган бүткүл жалган нерселерге ишенгендер жана сыйынууга Өзү гана татыктуу болгон Аллахка каапырлык кылгандар – мына ошолор кыйроого учурагандар. Анткени алар ыймандыкаапырлыкка алмаштырышты». م
وَيَسْتَعْجِلُونَكَ بِٱلْعَذَابِ ۚ وَلَوْلَآ أَجَلٌۭ مُّسَمًّۭى لَّجَآءَهُمُ ٱلْعَذَابُ وَلَيَأْتِيَنَّهُم بَغْتَةًۭ وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ ﴿٥٣﴾
Оо, пайгамбар! Сен мушриктерге эскерткен азапты алар сенден шаштырып жатышат. Эгерде аларга кечикпеген, алдыга да жылбаган Аллах белгилеген убакыт болбогондо, анда алар талап кылган азап аларга келмек. Азап өз кезинде алар күтпөгөн абалда,капыстан келет
يَسْتَعْجِلُونَكَ بِٱلْعَذَابِ وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمُحِيطَةٌۢ بِٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿٥٤﴾
Сен аларга убада кылган азаптысенден шаштырып жатышат. Чындыгында Аллах каапырларга убада кылган тозок алардыороп-чулгап алат.Алар анын азабынан качып кете алышпайт. بلغ Куран · Тафсир
يَوْمَ يَغْشَىٰهُمُ ٱلْعَذَابُ مِن فَوْقِهِمْ وَمِن تَحْتِ أَرْجُلِهِمْ وَيَقُولُ ذُوقُوا۟ مَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿٥٥﴾
Ал күнү азап аларды үстүлөрүнөн жана буттарынын астына төшөлүп ороп-чулгап алат. Аллах аларды айыптап: «Силер кылган ширк менен күнөөлөрдүн жазасын таткыла»–деп айтат
يَـٰعِبَادِىَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِنَّ أَرْضِى وَٰسِعَةٌۭ فَإِيَّـٰىَ فَٱعْبُدُونِ ﴿٥٦﴾
Оо, Мага ыйман келтирген пенделерим! Мага ибадат кылуу мүмкүн болбой калган жерден көчкүлө. Чындыгында Менин жерим кенен. Мага гана сыйынгыла жана Мага эч кимди шерик кылбагыла!
كُلُّ نَفْسٍۢ ذَآئِقَةُ ٱلْمَوْتِ ۖ ثُمَّ إِلَيْنَا تُرْجَعُونَ ﴿٥٧﴾
Силерди өлүмдөн болгон коркунучкөчүүдөн тосуп койбосун.Ар бир жан өлүм даамын татат.Кийин кыямат күнү сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн Бизге гана кайтасыңар
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ لَنُبَوِّئَنَّهُم مِّنَ ٱلْجَنَّةِ غُرَفًۭا تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ خَـٰلِدِينَ فِيهَا ۚ نِعْمَ أَجْرُ ٱلْعَـٰمِلِينَ ﴿٥٨﴾
Аллахка ыйман келтирип жана Ага жакындаткан жакшылык иштерди кылгандарды Бейиштеги эң бийик орундарга жайгаштырабыз. Алардын астынан дарыялар агып турат. Алар ал жакта түбөлүк калышат жана эч качан жок болушпайт.Аллахка ибадат кылгандардын булсыйлыгыкандай сонун сыйлык!
ٱلَّذِينَ صَبَرُوا۟ وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ ﴿٥٩﴾
Аллахка ибадат кылгандардын сыйлыгыкандай жакшы!Алар Ага моюн сунууга жана Ага күнөө кылуудан тыйылууга сабыр кылышып, бардык иштеринде жалгыз Раббисине гана таянышат
وَكَأَيِّن مِّن دَآبَّةٍۢ لَّا تَحْمِلُ رِزْقَهَا ٱللَّهُ يَرْزُقُهَا وَإِيَّاكُمْ ۚ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ ﴿٦٠﴾
Бүткүл жан-жаныбарлар көптүгүнө карабастан өз азыктарын жыйнап, камдай алышпайт. Аллах аларга да, силерге да ырыскы берет. Андыктан ачкалыктан коркуп көчүүнү таштооңорго кечиримдүү себеп жок. Ал силердин сөздөрүңөрдү Угуучу, ниеттериңерди жана иш-аракеттериңерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алар үчүн силерге сыйлыгын же жазасын берет
وَلَئِن سَأَلْتَهُم مَّنْ خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَسَخَّرَ ٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُ ۖ فَأَنَّىٰ يُؤْفَكُونَ ﴿٦١﴾
Оо, пайгамбар! Эгерде сен ал мушриктерден: «Асмандарды ким жараткан? Жерди ким жараткан? Өз ара алмашып турган Күн менен Айды ким моюн сундурган?» – деп сурасаң, алар: «Аларды Аллах жараткан» – деп гана айтышат. Анда эмнеге Аллахка гана ыйман келтирүүдөн жүз буруп, аларга пайда да, зыян да келтире албаган Андан башка кудайларга сыйынып жатышат? بلغ Куран · Тафсир
ٱللَّهُ يَبْسُطُ ٱلرِّزْقَ لِمَن يَشَآءُ مِنْ عِبَادِهِۦ وَيَقْدِرُ لَهُۥٓ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌۭ ﴿٦٢﴾
Аллах пенделеринен Өзү каалаганына ырыскыны кенен кылат, Өзү каалаганына тар кылат. Бул нерселер Анын даанышмандыгыменен гана болот. Чындыгында Аллах бардык нерсени Билүүчү. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес. Пенделерин башкарууда аларга эмне пайдалуу экени Ага жашыруун эмес
وَلَئِن سَأَلْتَهُم مَّن نَّزَّلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَأَحْيَا بِهِ ٱلْأَرْضَ مِنۢ بَعْدِ مَوْتِهَا لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُ ۚ قُلِ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ ﴿٦٣﴾
لا يعقلون Оо, пайгамбар! Эгерде сен мушриктерден: «Ким асмандан сууну түшүрүп, аны менен кургап калган жерди гүлдөтүп өстүрдү?» – деп сурасаң, алар: «Асмандан жамгырды түшүрүп, аны менен жерди гүлдөтүп өстүргөн Аллах» – деп гана айтышат. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силерге далилди ачыктап көргөзгөн Аллахка мактоо болсун! Бирок акыр-аягы алардын көпчүлүгү акыл жүгүртүшкөн жок. Эгер алар акыл жүгүртүшкөндө, анда аларга пайда да,зыян да келтире албаган айкелдерди Аллахка шерик кылышмак эмес»
وَمَا هَـٰذِهِ ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَآ إِلَّا لَهْوٌۭ وَلَعِبٌۭ ۚ وَإِنَّ ٱلدَّارَ ٱلْـَٔاخِرَةَ لَهِىَ ٱلْحَيَوَانُ ۚ لَوْ كَانُوا۟ يَعْلَمُونَ ﴿٦٤﴾
Бул дүйнө жашоосу андагы кумарлар жана ырахат тартуулаган нерселер – ага байланган жүрөктөр үчүн көңүл ачуудан жана оюн-зооктон башка эч нерсе эмес. Ал тез эле өтүп кетет. Ал эми акырет жайы – ал түбөлүк калуучу чыныгыжашоо.Эгер алар билишкенде,анда убактылуунутүбөлүктүүдөн артык көрүшмөк эмес
فَإِذَا رَكِبُوا۟ فِى ٱلْفُلْكِ دَعَوُا۟ ٱللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ فَلَمَّا نَجَّىٰهُمْ إِلَى ٱلْبَرِّ إِذَا هُمْ يُشْرِكُونَ ﴿٦٥﴾
Эгерде мушриктер деңизде кемелерге отурушса, бизди чөгүп кетүүдөн сакта деп чын ыкластан Аллахка гана жалбарып сыйынышат. Ал эми Аллах аларды чөктүрбөй куткарса, кайрадан кудайларына сыйынып ширк кыла башташат
لِيَكْفُرُوا۟ بِمَآ ءَاتَيْنَـٰهُمْ وَلِيَتَمَتَّعُوا۟ ۖ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ ﴿٦٦﴾
Биз аларга берген жакшылыктарды танып, аларга берилген дүйнө жашоосунун кооздуктары менен жыргалга батууларыүчүн алар мушрик болуп кетишти.Жакында алар өлгөндө алардын акыбети жаман экенин билишет
أَوَلَمْ يَرَوْا۟ أَنَّا جَعَلْنَا حَرَمًا ءَامِنًۭا وَيُتَخَطَّفُ ٱلنَّاسُ مِنْ حَوْلِهِمْ ۚ أَفَبِٱلْبَـٰطِلِ يُؤْمِنُونَ وَبِنِعْمَةِ ٱللَّهِ يَكْفُرُونَ ﴿٦٧﴾
Аллахтын жакшылыктарын жокко чыгаргандар (Аллах аларды сууга чөгүүдөн куткарганын) көрүшпөйбү? Дагы башка бир жакшылык, Биз алар үчүн Меккени ыйык кылдык, алар ал жерде каны төгүлүүдөн жана мал-мүлктөрү талап-тонолуудан коопсуз, ошол эле учурда алардан башкаларга туш тараптан кол салынып өлтүрүлүүдө, өздөрү, аялдары, бала-чакаларытуткундалууда жана мал-мүлктөрү тонолууда. Ушунун баарын көрүп туруп алар ойлошкон жалган кудайларына ыйман келтиришеби жана Аллахтын аларга берген жакшылыктарына шүгүр кылышпай танып кетишеби?! بلغ Куран · Тафсир
وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِٱلْحَقِّ لَمَّا جَآءَهُۥٓ ۚ أَلَيْسَ فِى جَهَنَّمَ مَثْوًۭى لِّلْكَـٰفِرِينَ ﴿٦٨﴾
Аллахка шерик кошуп же Анын элчиси алып келген акыйкатты жалганга чыгарып Ага карата жалганды ойлоп тапкан адамдан да өткөн заалым адам жок. Тозок каапырлар жана аларга окшогон адамдар үчүн турак-жай экендигинде шек жок
وَٱلَّذِينَ جَـٰهَدُوا۟ فِينَا لَنَهْدِيَنَّهُمْ سُبُلَنَا ۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَمَعَ ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿٦٩﴾
Биздин ыраазылыктарды каалап, жаман напсилери, шайтан, Аллахтын душмандары менен күрөшүп, Биздин жолго аракеттенип, умтулган адамдарды туура жолго түшүүгө ийгилик беребиз. Чындыгында Аллах Өз жардамы, колдоосу жана туура жолгосалуусу менен жакшылык кылуучулар менен бирге. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз