Башкы бетТафсирAdh-Dhaariyat (51)

Тафсир Adh-Dhaariyat (51) — الذاريات

Меккелик · 60 аят

Окуу · УгууPDF файл

وَٱلذَّٰرِيَـٰتِ ذَرْوًۭا ﴿١﴾

Аллах топуракты сапырган шамал менен ант берди

فَٱلْحَـٰمِلَـٰتِ وِقْرًۭا ﴿٢﴾

Молсуунукөтөрүп жүргөн булуттар менен ант берди

فَٱلْجَـٰرِيَـٰتِ يُسْرًۭا ﴿٣﴾

Деңизде кыйынчылыксыз сүзүп жүргөн кемелер менен ант берди

فَٱلْمُقَسِّمَـٰتِ أَمْرًا ﴿٤﴾

Пенделердин иштерине байланыштууАллахтын буйругун бөлүштүргөн периштелер менен ант берди. إنما توعدون لصادق

إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَصَادِقٌۭ ﴿٥﴾

Чындыгында Раббиңердин сурак, жаза жана сыйлык тууралуу силерге берген убадасышек-күмөнсүз акыйкат

وَإِنَّ ٱلدِّينَ لَوَٰقِعٌۭ ﴿٦﴾

Кыямат күнү пенделердин сурагы сөзсүз болот

وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلْحُبُكِ ﴿٧﴾

Аллахжолдорубар кооз жаратылган асман менен ант берди. إنكم لفى قول م ختلف

إِنَّكُمْ لَفِى قَوْلٍۢ مُّخْتَلِفٍۢ ﴿٨﴾

Эй, Мекке калкы!Силердин айткан сөзүңөр бири-бирине каршыкелет, кээде «Куран сыйкыр»дейсиңер, кээде аны «поэзия» дейсиңер, кээде «Мухаммад сыйкырчы» дейсиңер, кээде аны акын дейсиңер. يؤفك عنهمن أفك

يُؤْفَكُ عَنْهُ مَنْ أُفِكَ ﴿٩﴾

Куранга жана пайгамбарга ыйман келтирүүдөн бурулган адам Аллахтын илиминде да андан бурулган.Анткени Ал анын ыйман келтирбесин билген.Ошондуктан ага туура жолготүшүүгө ийгилик берген жок. بلغ Куран · Тафсир

قُتِلَ ٱلْخَرَّٰصُونَ ﴿١٠﴾

Куран жана пайгамбар тууралууар кандай сөздөрдүайткан жалганчыларга каргыш болсун!

ٱلَّذِينَ هُمْ فِى غَمْرَةٍۢ سَاهُونَ ﴿١١﴾

Алар акырет жайытууралуу бейкапар наадандыкта, ага көңүл да бурушпайт

يَسْـَٔلُونَ أَيَّانَ يَوْمُ ٱلدِّينِ ﴿١٢﴾

Алар: «Жаза жана сыйлык күн качан?» – деп сурашат. Бирок ал үчүн эч кандай аракет деле кылышпайт

يَوْمَ هُمْ عَلَى ٱلنَّارِ يُفْتَنُونَ ﴿١٣﴾

Аллахалардын суроосуна жооп кылып айтты:«Алар тозоктоазапталган күн»

ذُوقُوا۟ فِتْنَتَكُمْ هَـٰذَا ٱلَّذِى كُنتُم بِهِۦ تَسْتَعْجِلُونَ ﴿١٤﴾

Аларга: «Азабыңарды тарткыла! Силерге эскертилген кезде аны эртелет деп шылдыңдап сураганыңар – мына ушул» – деп айтылат

إِنَّ ٱلْمُتَّقِينَ فِى جَنَّـٰتٍۢ وَعُيُونٍ ﴿١٥﴾

Алэми Раббисинин буйруктарын аткарып,тыйгандарын таштап Андан корккондор кыямат күнүбакчаларда жана агып туруучу булактарда болушат

ءَاخِذِينَ مَآ ءَاتَىٰهُمْ رَبُّهُمْ ۚ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ قَبْلَ ذَٰلِكَ مُحْسِنِينَ ﴿١٦﴾

Алар Раббиси берген улуу сыйлыкты алышат. Анткени алар бул улуу сыйлыкка чейин дүйнөдө жакшылыктарды кылгандар эле

كَانُوا۟ قَلِيلًۭا مِّنَ ٱلَّيْلِ مَا يَهْجَعُونَ ﴿١٧﴾

Алар түндөсү намаз окуп, аз гана убакыт укташат эле

وَبِٱلْأَسْحَارِ هُمْ يَسْتَغْفِرُونَ ﴿١٨﴾

Алэми таң заарларда күнөөлөрүүчүн Аллахтан кечиримق сурашат эле

وَفِىٓ أَمْوَٰلِهِمْ حَقٌّۭ لِّلسَّآئِلِ وَٱلْمَحْرُومِ ﴿١٩﴾

Алар сурап келген адамга жана кандайдыр бир себептертен улам ырыскысынан куру калса да сурай албаган адамдарга мал-мүлкүнөн ыктыярдуутүрдө алардын акысын берчи. بلغ Куран · Тафсир

وَفِى ٱلْأَرْضِ ءَايَـٰتٌۭ لِّلْمُوقِنِينَ ﴿٢٠﴾

Жерде жана Аллах ага жайгаштырган тоолордо, деңиздерде, дарыяларда, бак-дарактарда, өсүмдүктөрдө жана жаныбарларда Аллахкелбет Берүүчү,Жаратуучудеп терең ишенгендер үчүн Анын кудуреттүүлүгүнө белгилер бар

وَفِىٓ أَنفُسِكُمْ ۚ أَفَلَا تُبْصِرُونَ ﴿٢١﴾

Оо,адамдар!Өзүңөрдө да Аллахтын кудуреттүүлүгүнө белгилер бар.Сабак алышүчүн назар салбайсыңарбы?

وَفِى ٱلسَّمَآءِ رِزْقُكُمْ وَمَا تُوعَدُونَ ﴿٢٢﴾

Асманда силердин дүйнөгө жана динге байланыштуу ырыскыңар бар жана силерге убада кылынган жакшылыктар же жамандыктар бар. ق

فَوَرَبِّ ٱلسَّمَآءِ وَٱلْأَرْضِ إِنَّهُۥ لَحَقٌّۭ مِّثْلَ مَآ أَنَّكُمْ تَنطِقُونَ ﴿٢٣﴾

Асман менен жердин Раббисине ант! Чындыгында кайра тирилүү силердин сүйлөп жатканыңардай эле шек- күмөнсүз акыйкат

هَلْ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ضَيْفِ إِبْرَٰهِيمَ ٱلْمُكْرَمِينَ ﴿٢٤﴾

О, пайгамбар!Сага Ибрахимге сыйлууконок болуп келген периштелер тууралуукабар берилдиби?

إِذْ دَخَلُوا۟ عَلَيْهِ فَقَالُوا۟ سَلَـٰمًۭا ۖ قَالَ سَلَـٰمٌۭ قَوْمٌۭ مُّنكَرُونَ ﴿٢٥﴾

Качан алар анын үстүнө киршкенде: «Салам» – дешти. Ибрахим аларга: «Салам» – алик алып, ичинен: «Булар бейтааныш адамдар го» – деди

فَرَاغَ إِلَىٰٓ أَهْلِهِۦ فَجَآءَ بِعِجْلٍۢ سَمِينٍۢ ﴿٢٦﴾

Ал үй-бүлөсүнө жашыруун барып, ал жактан толук семиз музоону алып келди. Ал аларды адамзат деп ойлогон. فقربه إليهم قال ألا تأكلون

فَقَرَّبَهُۥٓ إِلَيْهِمْ قَالَ أَلَا تَأْكُلُونَ ﴿٢٧﴾

Анан музоону аларга жакындатып, жумшактык менен кайрылып: «Алдыңарга коюлган тамактаң жебейсиңерби?» – деди

فَأَوْجَسَ مِنْهُمْ خِيفَةًۭ ۖ قَالُوا۟ لَا تَخَفْ ۖ وَبَشَّرُوهُ بِغُلَـٰمٍ عَلِيمٍۢ ﴿٢٨﴾

Алардын жебегенин көргөндө ичинен коркуп кетти. Алар аны сезип, анын көңүлүн тынчтантып: «Коркпо! Биз Аллахтын алдынан келген элчилербиз» – дешти. Жана ага көптөгөн илимге ээ болгон перзенттүү балалуу болорун сүйүнчүлөштү. Ал сүйүнчүлөнгөн бала Исхак болчу. بلغ Куран · Тафсир

فَأَقْبَلَتِ ٱمْرَأَتُهُۥ فِى صَرَّةٍۢ فَصَكَّتْ وَجْهَهَا وَقَالَتْ عَجُوزٌ عَقِيمٌۭ ﴿٢٩﴾

Качан анын аялысүйүнчүнү укканда кубанганынан кыйкырып келип, өзүн жүзүнө чапкылап, таң калган абалда: «Кемпир дагы төрөйбү?» – деди. Ал буга чейин төрөгөн эмес эле

قَالُوا۟ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِ ۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلْحَكِيمُ ٱلْعَلِيمُ ﴿٣٠﴾

Ага периштелер айтышты: «Биз сага айткан кабарды Раббиң Өзү айтты. Ал эмнени айтса, аны эч ким кайтара албайт. Чындыгында Ал жаратуусунда жана тагдыр кылуусунда Даанышман, пенделерине эмне пайдалуу экенин Билүүчү»

۞ قَالَ فَمَا خَطْبُكُمْ أَيُّهَا ٱلْمُرْسَلُونَ ﴿٣١﴾

Ибрахим алайхи салам периштелерге:силерге эмне болду?эмнени максат кылып жатасыңар - деди

قَالُوٓا۟ إِنَّآ أُرْسِلْنَآ إِلَىٰ قَوْمٍۢ مُّجْرِمِينَ ﴿٣٢﴾

Периштелер ага жооп кылып айтышты:бизди Аллахыплас күнөөлөрдүаткарган күнөөкөр коомгожиберди. لنرسل عليهم حجارةمن طين

لِنُرْسِلَ عَلَيْهِمْ حِجَارَةًۭ مِّن طِينٍۢ ﴿٣٣﴾

Алардын үстүнө катуу чопо-таштарды жаадырыш үчүн م سومة عند ربك للمسرفين

مُّسَوَّمَةً عِندَ رَبِّكَ لِلْمُسْرِفِينَ ﴿٣٤﴾

Оо, Ибрахим ал сенин Раббыңдын алдында Аллахтын чегинен ашып, каапырлык жана күнөө иштерге чуңкуп киргендерге белгиленип коюлган

فَأَخْرَجْنَا مَن كَانَ فِيهَا مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿٣٥﴾

Лут коому(жашаган) айылдагыыймандуулардыкүнөөкөрлөргө жеткен азап жетпеши үчүн чыгардык

فَمَا وَجَدْنَا فِيهَا غَيْرَ بَيْتٍۢ مِّنَ ٱلْمُسْلِمِينَ ﴿٣٦﴾

Алардын айлында бир үйдөн башка мусулмандардытаппадык.Алар Лут алайхи саламдын үй-бүлөсүэле

وَتَرَكْنَا فِيهَآ ءَايَةًۭ لِّلَّذِينَ يَخَافُونَ ٱلْعَذَابَ ٱلْأَلِيمَ ﴿٣٧﴾

Луттун коому (жашаган) айылга түшкөн жан чыдагыс азаптан коркуп, үлгү алып, андан кутулуу үчүн ал жолго барбай тургандарга далил болотурган белгилерди калтырдык. بلغ Куран · Тафсир

وَفِى مُوسَىٰٓ إِذْ أَرْسَلْنَـٰهُ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ بِسُلْطَـٰنٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿٣٨﴾

МусаныФараонгоачык далилдер менен жибергенибизде да жан чыдагыс азаптан корккондор үчүн белгилер бар. فتولى بركنه وقال سحرأو مجنون

فَتَوَلَّىٰ بِرُكْنِهِۦ وَقَالَ سَـٰحِرٌ أَوْ مَجْنُونٌۭ ﴿٣٩﴾

Фараон кубатына жана аскерлерине ишенип, акыйкаттан жүз бурду да Муса алайхи салам жөнүндө мындай деди: ал адамдарды сыйкырлаган сыйкырчы жана тушүнүксүз сөздөрдү сүйлөгөн жинди

فَأَخَذْنَـٰهُ وَجُنُودَهُۥ فَنَبَذْنَـٰهُمْ فِى ٱلْيَمِّ وَهُوَ مُلِيمٌۭ ﴿٤٠﴾

Аны, аскерлерин баарын азаптап деңизге таштадык. Алар чөгүп өлүштү. Фараон (элчини) жалганга чыгарып, Кудайлыкты даава кылып айыпталуучу иш кылды

وَفِى عَادٍ إِذْ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمُ ٱلرِّيحَ ٱلْعَقِيمَ ﴿٤١﴾

Худ коому Аадка түшкөн жан чыдагыс азаптан корккондор үчүн үлгү (сабак) бар. Биз аларга жамгыр көтөрбөгөн, дарак чаңдаштырбаган берекесиз шамал жибергенбиз

مَا تَذَرُ مِن شَىْءٍ أَتَتْ عَلَيْهِ إِلَّا جَعَلَتْهُ كَٱلرَّمِيمِ ﴿٤٢﴾

Эч бир жанды да малды да андан башкасын да калтырбай, баарын талкалап, чирип майдаланган (сөөк) сыяктуу кылып койду. وفى ثمودإذ قيل لهم تمتعواحت حين

وَفِى ثَمُودَ إِذْ قِيلَ لَهُمْ تَمَتَّعُوا۟ حَتَّىٰ حِينٍۢ ﴿٤٣﴾

Салих алайхи саламдын коому Самудка (бул дүйнө) жашооңорду ажалыңар келгенче пайдаланып калгыла деп айтылганда түшкөн жан чыдагыс азаптан корккондор үчүн үлгү(сабак) бар

فَعَتَوْا۟ عَنْ أَمْرِ رَبِّهِمْ فَأَخَذَتْهُمُ ٱلصَّـٰعِقَةُ وَهُمْ يَنظُرُونَ ﴿٤٤﴾

Раббыларынын ыйман келтирип, баш ийгиле деген буйругуна текеберденип каршы чыгышты. Ошондо аларды ач айкырык азабыкармады. Алар анын түшөөрүн күтүп турушкан эле. Анткени, (ал азап) аларга үч күн мурда убада кылынган эле

فَمَا ٱسْتَطَـٰعُوا۟ مِن قِيَامٍۢ وَمَا كَانُوا۟ مُنتَصِرِينَ ﴿٤٥﴾

Өздөрүнө түшкөн азаптыкетире алышпады. Андан коргонотурган күчтөрү деле жок эле

وَقَوْمَ نُوحٍۢ مِّن قَبْلُ ۖ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ قَوْمًۭا فَـٰسِقِينَ ﴿٤٦﴾

Чынында алардан (Аад, Самуд жана Фараондон) мурда Нух коомун да чөктүрүп жок кылганбыз. Алар Аллахка баш ийбей, жазага татыктуу болушкан. بلغ Куран · Тафсир

وَٱلسَّمَآءَ بَنَيْنَـٰهَا بِأَيْي۟دٍۢ وَإِنَّا لَمُوسِعُونَ ﴿٤٧﴾

Биз асмандымыктылап, бекемдеп курдук жана анын айланасын кеңейте беребиз

وَٱلْأَرْضَ فَرَشْنَـٰهَا فَنِعْمَ ٱلْمَـٰهِدُونَ ﴿٤٨﴾

Жерди анын бетинде жашагандарга төшөк сымал тегиз кылып даярдадык. Биз кандай жакшы даярдоочубуз, себеби аныаларга тегиз кылып даярдадык. ومن كل شىء خلقنا زوجين لعل كم تذكرون

وَمِن كُلِّ شَىْءٍ خَلَقْنَا زَوْجَيْنِ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ ﴿٤٩﴾

Аллахтын жалгыздыгын жана кудуретин эскерүүңөр үчүн эркек-ургаачы, асман-жер, кургактык-деңиз сыяктуу ар бир нерсени жубуменен жараттык

فَفِرُّوٓا۟ إِلَى ٱللَّهِ ۖ إِنِّى لَكُم مِّنْهُ نَذِيرٌۭ مُّبِينٌۭ ﴿٥٠﴾

Аллахка күнөөкөр болбой, Ага баш ийип, Анын жазасынан сообуна качкыла (шашылгыла). Оо, адамдар! Мен силерге Анын жазасынан ачык эскертүүчүмүн

وَلَا تَجْعَلُوا۟ مَعَ ٱللَّهِ إِلَـٰهًا ءَاخَرَ ۖ إِنِّى لَكُم مِّنْهُ نَذِيرٌۭ مُّبِينٌۭ ﴿٥١﴾

Аллах менен бирге (өзүңөргө) андан башка сыйынган кудай кылып албагыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эстетүүчүмүн!

كَذَٰلِكَ مَآ أَتَى ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا قَالُوا۟ سَاحِرٌ أَوْ مَجْنُونٌ ﴿٥٢﴾

Меккеликтер (пайгамбарды) жалганга чыгарган сыяктуу мурдакы коомдор деле жалганга чыгарышкан. Аллах тарбынан кандай элчи келсе да, «ал жалганчы»же «жинди»- деп айтышкан

أَتَوَاصَوْا۟ بِهِۦ ۚ بَلْ هُمْ قَوْمٌۭ طَاغُونَ ﴿٥٣﴾

Мурдакы жана кийинки каапырлар элчилерди жалганга чыгарууга бири-бирине осуят кылышты беле?! Жок, алардын баары(каапырлыкта) чектеринен ашкан элдер

فَتَوَلَّ عَنْهُمْ فَمَآ أَنتَ بِمَلُومٍۢ ﴿٥٤﴾

Оо, элчи! Ал жалганга чыгаргандардан жүз бургун. Ага сен айыптуу эмессиң. Чынында сен аларга жиберилген нерсени жеткирдиң

وَذَكِّرْ فَإِنَّ ٱلذِّكْرَىٰ تَنفَعُ ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿٥٥﴾

Алардан жүз бурууң аларга насаат кылып, эскертүүдөн тосуп койбосун. Аларга насаат айтып, эскерткин! Анткени, эскертүү Аллахка ыйман келтиргендерге пайда берет. بلغ Куран · Тафсир

وَمَا خَلَقْتُ ٱلْجِنَّ وَٱلْإِنسَ إِلَّا لِيَعْبُدُونِ ﴿٥٦﴾

Жин менен инсанды жалгыз Мага гана ибадат кылуулары үчүн жараттым. Мага шерик кошуулары үчүн жаратпадым

مَآ أُرِيدُ مِنْهُم مِّن رِّزْقٍۢ وَمَآ أُرِيدُ أَن يُطْعِمُونِ ﴿٥٧﴾

Алардан ырыскыда Мени тамактандырууларын да каалабаймын

إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلرَّزَّاقُ ذُو ٱلْقُوَّةِ ٱلْمَتِينُ ﴿٥٨﴾

Чынында, Аллах пенделерине ырыскы берүүчү, жаралгандын баары Анын ырыскысына муктаж. Ал эч ким жана эч нерсе үстөм болоалбаган бекем кубат ээси.Жин жана инсандардын баарыАнын кубатына баш ийишет. فإن للذين ظلمواذنوبا مثل ذنوب أصحبهم فلا يستعجلون

فَإِنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ ذَنُوبًۭا مِّثْلَ ذَنُوبِ أَصْحَـٰبِهِمْ فَلَا يَسْتَعْجِلُونِ ﴿٥٩﴾

Оо, элчи, сени жалганчыга чыгарып, өз жандарына зулумдук кылгандарга өздөрүнөн мурдакы шериктеринин үлүшүндөй азаптан болгон үлүштөрү бар. Анын белгиленген убактысы бар. Убактысы келмейинче аны Менден эртелетүүнү талап кылышпасын!

فَوَيْلٌۭ لِّلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِن يَوْمِهِمُ ٱلَّذِى يُوعَدُونَ ﴿٦٠﴾

Аллахка каапыр болуп, элчилерин жалганга чыгарган адамдарга аларга азап түшүүсү убада кылынган Кыямат Күндө өлүм, зыянга учуроо болсун! Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Adh-Dhaariyat — الذاريات

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил