Башкы бетТафсирQaaf (50)

Тафсир Qaaf (50) — ق

Меккелик · 45 аят

Окуу · УгууPDF файл

قٓ ۚ وَٱلْقُرْءَانِ ٱلْمَجِيدِ ﴿١﴾

Каф. Ушуга окшогон сөздүн түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында айтылган. Аллах маанилерди, көптөгөн жакшылыктар менен берекени камтыган ыйык Куран менен ант берди.Силер кыямат күндөгүсурак,сыйлык жана жаза үчүн сөзсүз тирилтилесиңер

بَلْ عَجِبُوٓا۟ أَن جَآءَهُم مُّنذِرٌۭ مِّنْهُمْ فَقَالَ ٱلْكَـٰفِرُونَ هَـٰذَا شَىْءٌ عَجِيبٌ ﴿٢﴾

Алардын баш тартуусунун себеби,алар сени калп айтат деп күтүшкөн эмес,анткени алар сенин чынчылдыгыңды билишет, тескерисинче, аларга периштелерден эмес, өздөрүнөн болгон пайгамбар келгенине таң калышты. Алар таң калып айтышты:«Бизге адамзаттан пайгамбардын келиши таң калыштуу!

أَءِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًۭا ۖ ذَٰلِكَ رَجْعٌۢ بَعِيدٌۭ ﴿٣﴾

Биз өлүп, топуракка айлангандан кийин кайра тирилебизби? Ошол кайра тирилүү жана денебиз чиригенден кийин ага жашоонун кайра кайтуусу мүмкүн эмес нерсе, андай болбойт»

قَدْ عَلِمْنَا مَا تَنقُصُ ٱلْأَرْضُ مِنْهُمْ ۖ وَعِندَنَا كِتَـٰبٌ حَفِيظٌۢ ﴿٤﴾

Биз алар өлүп жок болгондон кийин алардын денелерин жер жегенин билебиз.Алардын эчбири Бизге жашыруун эмес.Биздин алдыбызда Аллахалардын жашоосундагыжана өлгөндөн кийинки тагдыр кылган бүткүл нерселерди сактоочу Китеп бар

بَلْ كَذَّبُوا۟ بِٱلْحَقِّ لَمَّا جَآءَهُمْ فَهُمْ فِىٓ أَمْرٍۢ مَّرِيجٍ ﴿٥﴾

Бирок ал мушриктер пайгамбар алып келген Куранды жалганга чыгарышты. Алар оңтойсуз абалда турушат. Ал тууралуу эч нерсени далилдей алышпады

أَفَلَمْ يَنظُرُوٓا۟ إِلَى ٱلسَّمَآءِ فَوْقَهُمْ كَيْفَ بَنَيْنَـٰهَا وَزَيَّنَّـٰهَا وَمَا لَهَا مِن فُرُوجٍۢ ﴿٦﴾

Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар үстүндөгү асман тууралуу ой жүгүртүшпөйбү, Биз аны кантип жараттык, кантип курдук жана жылдыздарды жайгаштырып кантип кооздодук? Аны кемчилдүү кылган эч кандай жаракалары жок. Ушундай асманды жараткан Аллах өлүктөрдү кайра тирилтүүгө кудуреттүү

وَٱلْأَرْضَ مَدَدْنَـٰهَا وَأَلْقَيْنَا فِيهَا رَوَٰسِىَ وَأَنۢبَتْنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوْجٍۭ بَهِيجٍۢ ﴿٧﴾

Биз жерди жашоого ыңгайлаштырып кең кылдык, ал термелбеш үчүн бекем тоолорду орноттук жана көзгө жагымдуу түрдүү-түрдүү өсүмдүктөрдү жана бак-дарактарды өстүрдүк. بلغ Куран · Тафсир تبصرةوذكر لكل عبد منيب

تَبْصِرَةًۭ وَذِكْرَىٰ لِكُلِّ عَبْدٍۢ مُّنِيبٍۢ ﴿٨﴾

Биз булардын баарысын Раббисине моюн сунуп кайткан пенделерге түшүнүк жана эскертүүболсун деп жараттык

وَنَزَّلْنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ مُّبَـٰرَكًۭا فَأَنۢبَتْنَا بِهِۦ جَنَّـٰتٍۢ وَحَبَّ ٱلْحَصِيدِ ﴿٩﴾

Биз асмандан көптөгөн пайдалары жана жакшылыктары бар суу түшүрдүк, ошол суу менен бактарды өстүрдүк жана силер түшүмүн жыйнаган арпанын данын жана башка нерселерди өстүрдүк

وَٱلنَّخْلَ بَاسِقَـٰتٍۢ لَّهَا طَلْعٌۭ نَّضِيدٌۭ ﴿١٠﴾

Жана сабактарыбири-биринин үстүнө төшөлгөн бийик курма дарактарын өстүрдүк

رِّزْقًۭا لِّلْعِبَادِ ۖ وَأَحْيَيْنَا بِهِۦ بَلْدَةًۭ مَّيْتًۭا ۚ كَذَٰلِكَ ٱلْخُرُوجُ ﴿١١﴾

Биз бул өстүргөн нерселерди пенделер жей турган ырыскы болуш үчүн өстүрдүк. Жана аны менен өсүмдүк өспөгөн жерди тирилттик. Биз бул жамгыр менен өсүмдүк өспөгөн жерди тирилткен сыяктуу өлүктөрдү да тирилтебиз,алар тирилип чыгышат

كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍۢ وَأَصْحَـٰبُ ٱلرَّسِّ وَثَمُودُ ﴿١٢﴾

Оо, пайгамбар! Сени жалганга чыгаргандардан мурунку коомдор да өз пайгамбарларын жалганга чыгарышкан. Нухтун коому,кудук ээлери жана Самуд коомужалганга чыгарышты. وعاد وفرعون وإخون لوط

وَعَادٌۭ وَفِرْعَوْنُ وَإِخْوَٰنُ لُوطٍۢ ﴿١٣﴾

Аад коому, Фараон жана Луттун коому жалганга чыгарышты.ل

وَأَصْحَـٰبُ ٱلْأَيْكَةِ وَقَوْمُ تُبَّعٍۢ ۚ كُلٌّۭ كَذَّبَ ٱلرُّسُلَ فَحَقَّ وَعِيدِ ﴿١٤﴾

Айка жана Йемендеги Туббъа коому пайгамбары Шуаъйбды жалганга чыгарды, бул коомдордун баары аларга Аллах жиберген пайгамбарлардыжалганга чыгарыштыжана аларга Аллах убада кылган азапка кабылышты

أَفَعَيِينَا بِٱلْخَلْقِ ٱلْأَوَّلِ ۚ بَلْ هُمْ فِى لَبْسٍۢ مِّنْ خَلْقٍۢ جَدِيدٍۢ ﴿١٥﴾

Биз кайра тирилтүүдө алсыздык кылчудай силерди биринчи жаратканда алсыздык кылыптырбызбы? Бирок алардын биринчи жаралуудан кийин кайра жаралуутууралуубаштарыкатып жатат

وَلَقَدْ خَلَقْنَا ٱلْإِنسَـٰنَ وَنَعْلَمُ مَا تُوَسْوِسُ بِهِۦ نَفْسُهُۥ ۖ وَنَحْنُ أَقْرَبُ إِلَيْهِ مِنْ حَبْلِ ٱلْوَرِيدِ ﴿١٦﴾

Биз инсанды жараттык жана ал дилинде сүйлөгөн сөздөрдү жана ой толгоолорду билебиз. Биз ага жүрөк менен байланышкан моюндагыкүрөө тамырынан да жакынбыз. بلغ Куран · Тафсир

إِذْ يَتَلَقَّى ٱلْمُتَلَقِّيَانِ عَنِ ٱلْيَمِينِ وَعَنِ ٱلشِّمَالِ قَعِيدٌۭ ﴿١٧﴾

Анын иш-аракеттерин кабыл алуучу эки периште бар, алардын бири оң тарабында, экинчиси сол тарабында олтурат. ما يلفظ من قول إلا لديه رقيب عتيد

مَّا يَلْفِظُ مِن قَوْلٍ إِلَّا لَدَيْهِ رَقِيبٌ عَتِيدٌۭ ﴿١٨﴾

Ал кандай гана сөз айтпасын, анын сүйлөгөндөрүн күзөтүп туруучудаяр периште бар

وَجَآءَتْ سَكْرَةُ ٱلْمَوْتِ بِٱلْحَقِّ ۖ ذَٰلِكَ مَا كُنتَ مِنْهُ تَحِيدُ ﴿١٩﴾

Качып кутулуу мүмкүн болбогон өлүм кыйынчылыгыакыйкат менен келди. Оо, бейкапар инсан! Бул сен алыстап качып жүргөн нерсе

وَنُفِخَ فِى ٱلصُّورِ ۚ ذَٰلِكَ يَوْمُ ٱلْوَعِيدِ ﴿٢٠﴾

Керней тартууга жоопкер периште кернейди экинчи жолу тартты. Мына ушул кыямат күн. Каапырлар менен күнөөкөрлөргө азап убада кылынган күн

وَجَآءَتْ كُلُّ نَفْسٍۢ مَّعَهَا سَآئِقٌۭ وَشَهِيدٌۭ ﴿٢١﴾

Ар бир жандыбир периште коштоп алып келет.Алпериште анын кылган иш-аракеттерине күбө болот

لَّقَدْ كُنتَ فِى غَفْلَةٍۢ مِّنْ هَـٰذَا فَكَشَفْنَا عَنكَ غِطَآءَكَ فَبَصَرُكَ ٱلْيَوْمَ حَدِيدٌۭ ﴿٢٢﴾

Ал алып келинген инсанга айтылат: «Сен дүйнөдө кумарларга жана жыргалчылыктарга азгырылганың себептүү бул күндөн бейкапар болчусуң. Эми Биз сен тарткан азап менен кыйынчылыктар себептүү сенин бейкапарлыгыңды кетирип койдук.Бүгүн болсосен капырыңа албай жүргөн нерселерди көрө турганчалык көзүңкурч. وقال قرينه هذا ما لدى عتيد

وَقَالَ قَرِينُهُۥ هَـٰذَا مَا لَدَىَّ عَتِيدٌ ﴿٢٣﴾

Периштелерден болгон ага жоопкер жандоочусу айтты: «Мына менде анын кылган иштери алымча-кошумчасы жок даяр турат». ألقيا فى جهنمكل كف ار عنيد

أَلْقِيَا فِى جَهَنَّمَ كُلَّ كَفَّارٍ عَنِيدٍۢ ﴿٢٤﴾

Аллах ал эки периштеге, коштоочу менен күбөгө өтүүчүгө айтты: «Акыйкатты четке кагып, ага баш ийбегендердин баарысын тозокко ыргыткыла. م ناع للخير معتد مريب

مَّنَّاعٍۢ لِّلْخَيْرِ مُعْتَدٍۢ مُّرِيبٍ ﴿٢٥﴾

Ал Аллахтын ага жүктөгөн милдеттеринен көп баш тарткан, Аллахтын чектеринен чыккан жана ага айтылган убада же азап тууралуу шектенген. بلغ Куран · Тафсир

ٱلَّذِى جَعَلَ مَعَ ٱللَّهِ إِلَـٰهًا ءَاخَرَ فَأَلْقِيَاهُ فِى ٱلْعَذَابِ ٱلشَّدِيدِ ﴿٢٦﴾

Ал Аллахка сыйынууда Аныменен катар башка нерселерди кудай тутуп алган. Аныкатуу азапка таштагыла»

۞ قَالَ قَرِينُهُۥ رَبَّنَا مَآ أَطْغَيْتُهُۥ وَلَـٰكِن كَانَ فِى ضَلَـٰلٍۭ بَعِيدٍۢ ﴿٢٧﴾

Анын шайтандардан болгон жандоочусуандан баш тартып айтты:«Раббибиз!Мен аныадаштырган жокмун.Бирок ал өзү акыйкаттан алыстап адашууга түштү»

قَالَ لَا تَخْتَصِمُوا۟ لَدَىَّ وَقَدْ قَدَّمْتُ إِلَيْكُم بِٱلْوَعِيدِ ﴿٢٨﴾

Аллах айтты: «Менин алдымда талашпагыла! Мындан эч пайда чыкпайт. Мен силерге дүйнөдө пайгамбарларым алып келген нерсе аркылуу Мага каапырлык жана баш ийбестик кылган адамга катаал азап убада кылынганын алдын ала эскерткем

مَا يُبَدَّلُ ٱلْقَوْلُ لَدَىَّ وَمَآ أَنَا۠ بِظَلَّـٰمٍۢ لِّلْعَبِيدِ ﴿٢٩﴾

Менин алдымда сөз өзгөрбөйт жана убадам бузулбайт. Мен пенделеримдин жакшылыктарын кемитип, күнөөлөрүн көбөйтүп аларга зыян келтирбеймин. Тескерисинче, Мен алардын кылган иштерине жараша сыйлыгын же жазасын беремин»

يَوْمَ نَقُولُ لِجَهَنَّمَ هَلِ ٱمْتَلَأْتِ وَتَقُولُ هَلْ مِن مَّزِيدٍۢ ﴿٣٠﴾

Биз ошол күнү тозоктон: «Сага ыртыгылган каапырлар менен күнөөлөргө толдуңбу?» – деп сурайбыз. Ошондо ал Раббисине:«Дагыбарбы?»–деп Раббиси үчүн ачууланып кошумча талап кылып сурайт

وَأُزْلِفَتِ ٱلْجَنَّةُ لِلْمُتَّقِينَ غَيْرَ بَعِيدٍ ﴿٣١﴾

Раббисинин буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштап Андан корккондорго бейиш жакындатылды. Алар андагы жыргалчылыктарды анчалык алыс эмес жерден көрүштү. هذا ما توعدون لكل أواب حفيظ

هَـٰذَا مَا تُوعَدُونَ لِكُلِّ أَوَّابٍ حَفِيظٍۢ ﴿٣٢﴾

Аларга айтылат: «Мына ушул Раббисине дайым тообокылып кайткан, Анын ага жүктөгөн милдеттерин аткарган ар бир адамга берилет деп Аллахтын силерге берген убадасы

مَّنْ خَشِىَ ٱلرَّحْمَـٰنَ بِٱلْغَيْبِ وَجَآءَ بِقَلْبٍۢ مُّنِيبٍ ﴿٣٣﴾

Кимде-ким Аллах гана көрө тургандай жашыруун абалда Андан корксо жана Ага бет алуу менен дайым Ага кайтып,таза жүрөк менен жолукса, بلغ Куран · Тафсир

ٱدْخُلُوهَا بِسَلَـٰمٍۢ ۖ ذَٰلِكَ يَوْمُ ٱلْخُلُودِ ﴿٣٤﴾

Ошолоргоайтылат: «Силер жаман көргөн нерседен саламатта бейишке киргиле! Бул эч качан бүтпөгөн түбөлүктүү күн»

لَهُم مَّا يَشَآءُونَ فِيهَا وَلَدَيْنَا مَزِيدٌۭ ﴿٣٥﴾

Алар үчүн алжакта эчкачан түгүнбөгөн,алар каалагандай жыргалчылыктар бар.Ошондой эле Биздин алдыбызда эч бир көз көрбөгөн, эч бир кулак укпаган, адам баласынын жүрөгү туйбаган жыргалчылыктар бар. Мына ошолордун бири – Аллах тааланы көрүү

وَكَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُم مِّن قَرْنٍ هُمْ أَشَدُّ مِنْهُم بَطْشًۭا فَنَقَّبُوا۟ فِى ٱلْبِلَـٰدِ هَلْ مِن مَّحِيصٍ ﴿٣٦﴾

Мекке элинен чыккан жалганчы мушриктерден мурун аларга караганда алд канча кубаттуу болгон канчалаган коомдорду кыйратып жок кылганбыз. Алар шаарларында ары-бери качып, азаптан сактоочу жай издеди, бирок таба албады

إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَذِكْرَىٰ لِمَن كَانَ لَهُۥ قَلْبٌ أَوْ أَلْقَى ٱلسَّمْعَ وَهُوَ شَهِيدٌۭ ﴿٣٧﴾

Чындыгында мурунку коомдордун кыйроосу тууралуу айтылган бул нерседе акыл жүгүртүүчү жүрөгү бар же бейкапар болбостон,жүрөгүменен туюп кулак салган адамдар үчүн эскертүүлөр жана сабакбар бар

وَلَقَدْ خَلَقْنَا ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا فِى سِتَّةِ أَيَّامٍۢ وَمَا مَسَّنَا مِن لُّغُوبٍۢ ﴿٣٨﴾

Биз асмандарды, жерди жана алардын ортосундагы нерселерди көз ирмемде жаратып коюуга кудуреттүү болгонубузга карабай алтыкүндө жараттык жана жөөттөр айтышкандай Биз алсыраган жокпуз

فَٱصْبِرْ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ قَبْلَ طُلُوعِ ٱلشَّمْسِ وَقَبْلَ ٱلْغُرُوبِ ﴿٣٩﴾

Оо, пайгамбар! Жөөттөрдүн жана башкалардын айткандарына сабыр кыл. Раббиңе мактоолорду айтып Ал үчүн күн чыкканга чейин багымдат намазын окужана күн батканга чейин асыр намазын оку

وَمِنَ ٱلَّيْلِ فَسَبِّحْهُ وَأَدْبَـٰرَ ٱلسُّجُودِ ﴿٤٠﴾

Түндүн бир бөлүгүндө Алүчүн намаз окужана намаздардан кийин Аныаруула

وَٱسْتَمِعْ يَوْمَ يُنَادِ ٱلْمُنَادِ مِن مَّكَانٍۢ قَرِيبٍۢ ﴿٤١﴾

Оо, пайгамбар! Уккун, ал күнү сурнай тартууга жоопкер периште жакын жерде сурнайды экинчи жолу тартып жар салат. بلغ Куран · Тафсир

يَوْمَ يَسْمَعُونَ ٱلصَّيْحَةَ بِٱلْحَقِّ ۚ ذَٰلِكَ يَوْمُ ٱلْخُرُوجِ ﴿٤٢﴾

Ал күнү бардык макулуктар шек-күмөнсүз акыйкат менен кайра тирилүүнүн кыйкырык үнүн угушат. Аныугушкан күн –өлүктөр сурак,жаза жана сыйлык үчүн кабырларынан чыккан күн

إِنَّا نَحْنُ نُحْىِۦ وَنُمِيتُ وَإِلَيْنَا ٱلْمَصِيرُ ﴿٤٣﴾

Чындыгында Биз тирилтебиз жана өлтүрөбүз. Бизден башка тирилтүүчү жана өлтүрүүчү жок. Кыямат күнү пенделер сурак, жаза жана сыйлык үчүн Бизге гана кайтып келишет

يَوْمَ تَشَقَّقُ ٱلْأَرْضُ عَنْهُمْ سِرَاعًۭا ۚ ذَٰلِكَ حَشْرٌ عَلَيْنَا يَسِيرٌۭ ﴿٤٤﴾

Ал күнү жер ачылып, алар андан шашылган абалда чыгышат. Бул чогултуу Биз үчүн оңой

نَّحْنُ أَعْلَمُ بِمَا يَقُولُونَ ۖ وَمَآ أَنتَ عَلَيْهِم بِجَبَّارٍۢ ۖ فَذَكِّرْ بِٱلْقُرْءَانِ مَن يَخَافُ وَعِيدِ ﴿٤٥﴾

Биз ал жалганчылардын эмне деп жатышкандарын жакшы билебиз. Оо, пайгамбар! Сен аларды ыйманга мажбурлай тургандай алардын үстүнөн башкаруучу эмессиң. Сен болгону Аллахтын буйругун гана жеткирүүчүсүң. Андыктан сен Менин азабын тууралууубадаларымдан корккон каапырлардыжана күнөөкөрлөрдү Куран менен эскерт. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Qaaf — ق

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил