يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تُقَدِّمُوا۟ بَيْنَ يَدَىِ ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ ۖ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌۭ ﴿١﴾
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын ээрчигендер! Сөз же иш-аракет менен Аллах жана Анын элчисинен озбогула жана Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула. Чындыгында Аллах силердин сөздөрүңөрдү Угуучу, иш-аракеттериңерди Билүүчү. Ал алардын эч бирин өткөрүп жибербейт. Жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَرْفَعُوٓا۟ أَصْوَٰتَكُمْ فَوْقَ صَوْتِ ٱلنَّبِىِّ وَلَا تَجْهَرُوا۟ لَهُۥ بِٱلْقَوْلِ كَجَهْرِ بَعْضِكُمْ لِبَعْضٍ أَن تَحْبَطَ أَعْمَـٰلُكُمْ وَأَنتُمْ لَا تَشْعُرُونَ ﴿٢﴾
أعملكم وأنتملا تشعرون Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын ээрчигендер! Анын элчиси менен болгон мамиледе адепти кармангыла.Ага кайрылганда үнүңөрдүанын үнүнөн бийик көтөрбөгүлө жана бири-бириңерди чакыргандай аны атынан атап чакырбагыла. Бул себептүү иш-аракетиңердин сообу силер билбеген абалда күйүп кетпеш үчүн аны сылыктык менен пайгамбар же элчи деп чакыргыла
إِنَّ ٱلَّذِينَ يَغُضُّونَ أَصْوَٰتَهُمْ عِندَ رَسُولِ ٱللَّهِ أُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ ٱمْتَحَنَ ٱللَّهُ قُلُوبَهُمْ لِلتَّقْوَىٰ ۚ لَهُم مَّغْفِرَةٌۭ وَأَجْرٌ عَظِيمٌ ﴿٣﴾
Чындыгында Аллах Анын элчисинин алдында үнүн жай чыгаргандардын жүрөгүндөгү такыбалыкты жана ыкластуулукту сынады. Мына ошолордун күнөөлөрүнө жазасыз кечирим жана кыяматта Аллах аларды бейишке киргизген улуусооптор бар
إِنَّ ٱلَّذِينَ يُنَادُونَكَ مِن وَرَآءِ ٱلْحُجُرَٰتِ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ ﴿٤﴾
Оо, пайгамбар! Сага аялдарыңдын бөлмөлөрүнүн сыртынан сени чакырып кыйкырган арабдардын көпчүлүгү акыл жүгүртүшпөйт
وَلَوْ أَنَّهُمْ صَبَرُوا۟ حَتَّىٰ تَخْرُجَ إِلَيْهِمْ لَكَانَ خَيْرًۭا لَّهُمْ ۚ وَٱللَّهُ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿٥﴾
Оо, пайгамбар! Аялдарыңдын бөлмөлөрүнүн сыртынан сени чакырып жаткандар сен чыкканга чейин чакырбастан сабыр кылып турушканда жана сага үндөрүн жай чыгарып кайрылганда,булнерсе алар үчүн сырттан чакырып турганга караганда жакшыраак болмок. Анткени бул нерседе урматтап сыйлоо жана таазим кылуу бар. Аллах тообо кылган пенделеринин жана башкалардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, алардын наадандыгын да Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِن جَآءَكُمْ فَاسِقٌۢ بِنَبَإٍۢ فَتَبَيَّنُوٓا۟ أَن تُصِيبُوا۟ قَوْمًۢا بِجَهَـٰلَةٍۢ فَتُصْبِحُوا۟ عَلَىٰ مَا فَعَلْتُمْ نَـٰدِمِينَ ﴿٦﴾
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эгерде силерге бир бузуку адам кайсы бир адамдар тууралуу кабар алып келсе, ал кабардын тууралыгын тактагыла жана ага ишенгенге шашылбагыла. Эгерде тактабастан туруп анын кабарына ишенсеңер, анда иштин чоо жайын билбестен адамдарды күнөө ишке кириптер кылуу коркунучу бар. Кийин силер анын кабары жалган экенин билип калсаңар, бул кылганыңарга өкүнүп каласыңар. بلغ Куран · Тафсир
وَٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّ فِيكُمْ رَسُولَ ٱللَّهِ ۚ لَوْ يُطِيعُكُمْ فِى كَثِيرٍۢ مِّنَ ٱلْأَمْرِ لَعَنِتُّمْ وَلَـٰكِنَّ ٱللَّهَ حَبَّبَ إِلَيْكُمُ ٱلْإِيمَـٰنَ وَزَيَّنَهُۥ فِى قُلُوبِكُمْ وَكَرَّهَ إِلَيْكُمُ ٱلْكُفْرَ وَٱلْفُسُوقَ وَٱلْعِصْيَانَ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلرَّٰشِدُونَ ﴿٧﴾
Оо, ыймандуулар! Билгиле, араңарда вахий түшүп турган Аллахтын элчиси бар. Жалган айтуудан сак болгула. Болбосо ага силердин жалганыңар тууралуу кабар берген вахий түшпөсүн. Ал силерге эмне пайдалуу экенин жакшы билет. Эгерде ал силердин сунуштарыңардын көпчүлүгүнө макул боло берсе, анда ал силерге ыраа көрбөгөндөй кыйынчылыктарга түшүп каласыңар. Бирок Аллах Өз жакшылыгы менен силерге ыйманды сүйүктүү кылды жана аны жүрөгүңөрдө кооз кылды, анан силер ыйман келтирдиңер. Жана силерге каапырлыкты, Ага баш ийбестикти жана Ага күнөө кылууну жаман көргөздү. Мына ушул сыпаттарга ээ болгон адамдар туура жолго түшкөндөр
فَضْلًۭا مِّنَ ٱللَّهِ وَنِعْمَةًۭ ۚ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌۭ ﴿٨﴾
Жүрөгүңөргө жакшылыктын кооз көрүнүшү, жамандыктын жек көрүнүшү, чындыгында бул Аллахтын силерге кылган айкөлдүгү жана жакшылыгы. Аллах шүгүр кылган пенделерин Билүүчү, Ал аларга ийгилик берет. Ал бардык нерсени өзүнө ылайык орунга койгон Даанышман
وَإِن طَآئِفَتَانِ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ ٱقْتَتَلُوا۟ فَأَصْلِحُوا۟ بَيْنَهُمَا ۖ فَإِنۢ بَغَتْ إِحْدَىٰهُمَا عَلَى ٱلْأُخْرَىٰ فَقَـٰتِلُوا۟ ٱلَّتِى تَبْغِى حَتَّىٰ تَفِىٓءَ إِلَىٰٓ أَمْرِ ٱللَّهِ ۚ فَإِن فَآءَتْ فَأَصْلِحُوا۟ بَيْنَهُمَا بِٱلْعَدْلِ وَأَقْسِطُوٓا۟ ۖ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلْمُقْسِطِينَ ﴿٩﴾
ء ه Оо, ыймандуулар! Эгерде момундардан эки тайпа өз ара согушуп кетсе, анда алардын ортосундагы талаш- тартышты Аллахтын шарияты менен чечүүгө чакырып аларды жараштыргыла. Эгер алардын бири келишүүдөн баш тартып чектен чыкса,анда чектен ашкан тарап Аллахтын өкүмүнө кайтканга чейин аныменен согушкула.А эгер Аллахтын өкүмүнө кайтса, анда алардыбири- бири менен адилеттик жана калыстык менен жараштыргыла жана алардын ортосунда өкүм кылууда адилеттүү болгула. Чындыгында Аллах адилеттүү өкүм кылгандардыжакшы көрөт
إِنَّمَا ٱلْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌۭ فَأَصْلِحُوا۟ بَيْنَ أَخَوَيْكُمْ ۚ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ ﴿١٠﴾
Чындыгында ыймандуулар – Исламда бир туугандар. Оо, ыймандуулар! Исламдагы бир туугандык силерден урушуп кеткен эки мусулман бир тууганыңарды жараштырууну талап кылат. Силер Аллахтын ырайымын үмүт кылууменен Анын буйруктарын аткарып,тыйгандарын таштап Андан корккула
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا يَسْخَرْ قَوْمٌۭ مِّن قَوْمٍ عَسَىٰٓ أَن يَكُونُوا۟ خَيْرًۭا مِّنْهُمْ وَلَا نِسَآءٌۭ مِّن نِّسَآءٍ عَسَىٰٓ أَن يَكُنَّ خَيْرًۭا مِّنْهُنَّ ۖ وَلَا تَلْمِزُوٓا۟ أَنفُسَكُمْ وَلَا تَنَابَزُوا۟ بِٱلْأَلْقَـٰبِ ۖ بِئْسَ ٱلِٱسْمُ ٱلْفُسُوقُ بَعْدَ ٱلْإِيمَـٰنِ ۚ وَمَن لَّمْ يَتُبْ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلظَّـٰلِمُونَ ﴿١١﴾
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Араңардан бир адамдар башка адамдарды шылдыңдабасын. Балким шылдыңга кабылгандар Аллахтын алдында жакшыраактыр. Эң негизгиси – Аллахтын алдындагы нерсе. Ошондой эле аялдар да башка аялдарды шылдыңдабасын. Балким шылдыңга кабылгандар Аллахтын алдында жакшыраактыр. Мусулман бир туугандарыңарды айыптабагыла, анткени алар силер менен бирдей деңгээлде.Пайгамбар келгенге чейин кээ бир ансарлардын абалысыяктуубири-бириңерди жаман аттар بلغ Куран · Тафсир менен атабагыла.Араңардан ким ушундай кылса,анда ал бузуку.Ыйман келтиргенден кийин бузукулук сыпатта болуу кандай жаман! Ким бул күнөөлөргө тообо кылбаса, анда алар күнөө кылуу менен өздөрүн кыйроого учуратып өзүнө өзүзыян келтиргендер
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱجْتَنِبُوا۟ كَثِيرًۭا مِّنَ ٱلظَّنِّ إِنَّ بَعْضَ ٱلظَّنِّ إِثْمٌۭ ۖ وَلَا تَجَسَّسُوا۟ وَلَا يَغْتَب بَّعْضُكُم بَعْضًا ۚ أَيُحِبُّ أَحَدُكُمْ أَن يَأْكُلَ لَحْمَ أَخِيهِ مَيْتًۭا فَكَرِهْتُمُوهُ ۚ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ تَوَّابٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿١٢﴾
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эч кандай себептерге жана далилдерге негизделбеген көпчүлүк айыптоолордон алыс болгула.Чындыгында кээ бир күмөн ойлор күнөө.Мисалы,сыртынан жакшы көрүнгөн адам тууралуу жаман ойлоо сыяктуу. Ошондой эле ыймандуулардын артынан түшүп айып- кемчиликтерин издебегиле жана араңардан эч ким мусулман бир тууганы тууралуу ага жакпагандай сөздөрдү айтпасын. Чындыгында анын ага жакпагандай сөз айтканыөлүмтүктүн этин жеген сыяктуу. Өлгөн мусулман бир тууганынын этин жеш кимиңерге жакмак эле? Ушул сыяктуу эле ал тууралуу ушак айтууну жаман көргүлө. Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделеринин тооболорун Кабыл кылуучу, аларга Ырайымдуу
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَـٰكُم مِّن ذَكَرٍۢ وَأُنثَىٰ وَجَعَلْنَـٰكُمْ شُعُوبًۭا وَقَبَآئِلَ لِتَعَارَفُوٓا۟ ۚ إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِندَ ٱللَّهِ أَتْقَىٰكُمْ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌۭ ﴿١٣﴾
Оо, адамдар! Чындыгында Биз силерди Адам атаңар болгон бир эркектен жана Хава энеңер болгон бир аялдан жараттык.Ата-тегиңерди айтып бири-бириңерге мактанбагыла.Андан соң Биз силерди мактанышыңар үчүн эмес, өз ара таанышууңар үчүн көптөгөн элдер жана чачырандыуруулар кылдык.Себеби артыкчылык такыбалык менен гана болот. Ошондуктан Ал: «Аллахтын алдында эң урматтууңар – эң такыбаңар» – деп айтты. Чындыгында Аллах силердин абалдарыңарды Билүүчү, силердеги артыкчылыктар менен кемчиликтер тууралуу Кабардар. Алардын эчбири Ага жашыруун эмес
۞ قَالَتِ ٱلْأَعْرَابُ ءَامَنَّا ۖ قُل لَّمْ تُؤْمِنُوا۟ وَلَـٰكِن قُولُوٓا۟ أَسْلَمْنَا وَلَمَّا يَدْخُلِ ٱلْإِيمَـٰنُ فِى قُلُوبِكُمْ ۖ وَإِن تُطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ لَا يَلِتْكُم مِّنْ أَعْمَـٰلِكُمْ شَيْـًٔا ۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌ ﴿١٤﴾
Кээ бир чөлдүк арабдар пайгамбарга келип: «Биз Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирдик» – деп айтышты. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силер ыйман келтирген жоксуңар». Андан көрө: «Биз моюн сундук жана баш ийдик» – дегиле. Анткени силердин жүрөгүңөргө ыйман али кире элек жана ал бара-бара кирет. Оо, арабдар! Эгерде силер ыйман келтирүүдө жана жакшылык иштерди кылууда Аллахка жана Анын элчисине моюн сунсаңар, анда Аллах силердин кылган иш-аракеттериңердин соопторун кемитпейт. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерин Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу
إِنَّمَا ٱلْمُؤْمِنُونَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ ثُمَّ لَمْ يَرْتَابُوا۟ وَجَـٰهَدُوا۟ بِأَمْوَٰلِهِمْ وَأَنفُسِهِمْ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلصَّـٰدِقُونَ ﴿١٥﴾
Чыныгы ыймандуулар – Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирип, андан соң ыймандарына эч кандай шек- күмөн аралашпагандар, мал-мүлкүн жана жанын аябастан Аллах жолунда согушкандар. Мына ушундай сыпаттагы адамдар өз ыймандарында чынчыл адамдар. بلغ Куран · Тафсир
قُلْ أَتُعَلِّمُونَ ٱللَّهَ بِدِينِكُمْ وَٱللَّهُ يَعْلَمُ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۚ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌۭ ﴿١٦﴾
Оо, пайгамбар! Ошол арабдарга айт: «Силер Аллахка диниңерди билдирип жана сездирип коёюн дедиңерби? Аллах асмандардагы нерселерди билет жана жердеги нерселерди билет. Аллах бүткүл нерселерди билет. Алардын эчбири Ага жашыруун эмес.Алсилердин диниңерди билдирүүңөргө муктажэмес»
يَمُنُّونَ عَلَيْكَ أَنْ أَسْلَمُوا۟ ۖ قُل لَّا تَمُنُّوا۟ عَلَىَّ إِسْلَـٰمَكُم ۖ بَلِ ٱللَّهُ يَمُنُّ عَلَيْكُمْ أَنْ هَدَىٰكُمْ لِلْإِيمَـٰنِ إِن كُنتُمْ صَـٰدِقِينَ ﴿١٧﴾
Оо, пайгамбар! Ал арабдар сага Исламга киргендерин милдет кылышат. Аларга айт: «Аллахтын динине киргениңерди милдет кылбагыла! Анын пайдасы өзүңөргө гана кайтат. Тескерисинче, Аллах силерге ыйманга келүүңөргө ийгилик берип ырайымдуулук кылды, эгер силер Исламга кирдик деп айткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор»
إِنَّ ٱللَّهَ يَعْلَمُ غَيْبَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ وَٱللَّهُ بَصِيرٌۢ بِمَا تَعْمَلُونَ ﴿١٨﴾
Чындыгында Аллах асмандардагы жана жердеги кайыпты билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Аллах силердин кылып жатканыңардыКөрүүчү. Силердин иш-аракеттериңердин эчбири Ага жашыруун эмес. Жакында Алалардын жакшысынын сыйлыгын жана жаманынын жазасын берет. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран