إِنَّا فَتَحْنَا لَكَ فَتْحًۭا مُّبِينًۭا ﴿١﴾
Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз сага Худайбия тынчтык келишими аркылуу анык жеңиш бердик
Башкы бет›Тафсир›Al-Fath (48)
Мединалык · 29 аят
إِنَّا فَتَحْنَا لَكَ فَتْحًۭا مُّبِينًۭا ﴿١﴾
Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз сага Худайбия тынчтык келишими аркылуу анык жеңиш бердик
لِّيَغْفِرَ لَكَ ٱللَّهُ مَا تَقَدَّمَ مِن ذَنۢبِكَ وَمَا تَأَخَّرَ وَيُتِمَّ نِعْمَتَهُۥ عَلَيْكَ وَيَهْدِيَكَ صِرَٰطًۭا مُّسْتَقِيمًۭا ﴿٢﴾
Аллах сенин бул жеңишке чейинки жана андан кийинки күнөөлөрүңдү кечирип, диниңди колдоо менен сага Өз жакшылыгын толук берип, эч кандай бурмалануусу жок туура жол болгон Ислам жолуна салыш үчүн
وَيَنصُرَكَ ٱللَّهُ نَصْرًا عَزِيزًا ﴿٣﴾
Ошондой эле Аллахсени душмандарыңдын үстүнөн эчким токтотоалбагандай уулужеңишке жеткириш үчүн
هُوَ ٱلَّذِىٓ أَنزَلَ ٱلسَّكِينَةَ فِى قُلُوبِ ٱلْمُؤْمِنِينَ لِيَزْدَادُوٓا۟ إِيمَـٰنًۭا مَّعَ إِيمَـٰنِهِمْ ۗ وَلِلَّهِ جُنُودُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًۭا ﴿٤﴾
Аллах момундардын ыйманына ыйман кошулуусу үчүн алардын жүрөктөрүнө бекемдикти жана бейпилдикти түшүрдү. Асмандар менен жердин аскери жалгыз Аллахка таандык. Ал аны менен Өзү каалаган пенделерин колдойт. Чындыгында Аллах пенделерине эмне пайдалуу экенин Билүүчү, жеңиш жана жардам берүүдө Даанышман
لِّيُدْخِلَ ٱلْمُؤْمِنِينَ وَٱلْمُؤْمِنَـٰتِ جَنَّـٰتٍۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ خَـٰلِدِينَ فِيهَا وَيُكَفِّرَ عَنْهُمْ سَيِّـَٔاتِهِمْ ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عِندَ ٱللَّهِ فَوْزًا عَظِيمًۭا ﴿٥﴾
Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирген эркектер менен аялдарды хан сарайларынын жана бак- дарактарынын алдынан дарыялар агып турган бейишке киргизиш үчүн жана алардыжазалабастан күнөөлөрүн кечириш үчүн. Көздөгөн бейишке жетүү жана күнөөлөр себептүү коркунучка салган жазадан кутулуу сыяктуу бул айтылган нерселер Аллахтын алдында эчбир нерсе тең келбегендей улуужеңиш
وَيُعَذِّبَ ٱلْمُنَـٰفِقِينَ وَٱلْمُنَـٰفِقَـٰتِ وَٱلْمُشْرِكِينَ وَٱلْمُشْرِكَـٰتِ ٱلظَّآنِّينَ بِٱللَّهِ ظَنَّ ٱلسَّوْءِ ۚ عَلَيْهِمْ دَآئِرَةُ ٱلسَّوْءِ ۖ وَغَضِبَ ٱللَّهُ عَلَيْهِمْ وَلَعَنَهُمْ وَأَعَدَّ لَهُمْ جَهَنَّمَ ۖ وَسَآءَتْ مَصِيرًۭا ﴿٦﴾
Жана Аллах эки жүздүү эркектер менен аялдарды, Ага ширк кылган эркектер менен аялдарды жана Ал Өзүнүн динин колдобойт, Өзүнүн сөзүн бийик кылбайт деп Ал тууралуу жаман ойлогондорду азапташ үчүн. Алардын башына азап балээси келди. Аллах аларга каапырлыктары жана жаман ойлогондору себептүү каарданды, аларды Өз ырайымынан алыстаттыжана аларга акыретте түбөлүк кала турган тозокту даярдап койду. Алардын Ага кайтып баруучужайыболгон тозок кандай жаман жай! بلغ Куран · Тафсир
وَلِلَّهِ جُنُودُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا ﴿٧﴾
Асмандар менен жердин аскерлери Аллахка гана таандык. Ал аны менен Өзү каалаган пенделерине жардам берет. Чындыгында Аллах эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, жаратуусунда, тагдыр кылуусунда жана башкаруусунда Даанышман
إِنَّآ أَرْسَلْنَـٰكَ شَـٰهِدًۭا وَمُبَشِّرًۭا وَنَذِيرًۭا ﴿٨﴾
Оо, пайгамбар! Биз сени кыямат күнү үммөтүңө күбө болуучу, ыймандууларга алар үчүн даярдалган дүйнөдөгү жеңишти, бийлик жүргүзүүнү жана алар үчүн даярдалган акыреттеги жыргалчылыкты сүйүнчүлөөчү жана каапырларга алар үчүн даярдалган дүйнөдөгү кордукту, ыймандуулардын кол алдында жеңилүүнү жана алар үчүн даярдалып,алардыкүткөн акыреттеги кыйноочуазап менен коркутуучукылып жибердик
لِّتُؤْمِنُوا۟ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَتُعَزِّرُوهُ وَتُوَقِّرُوهُ وَتُسَبِّحُوهُ بُكْرَةًۭ وَأَصِيلًا ﴿٩﴾
Силерди Аллахка ыйман келтирет, Анын элчисине ыйман келтирет, аны улуктайт жана урматтайт, ошондой эле Аллахтыкүндүн башталышында жана акырында аруулайт деген үмүттө
إِنَّ ٱلَّذِينَ يُبَايِعُونَكَ إِنَّمَا يُبَايِعُونَ ٱللَّهَ يَدُ ٱللَّهِ فَوْقَ أَيْدِيهِمْ ۚ فَمَن نَّكَثَ فَإِنَّمَا يَنكُثُ عَلَىٰ نَفْسِهِۦ ۖ وَمَنْ أَوْفَىٰ بِمَا عَـٰهَدَ عَلَيْهُ ٱللَّهَ فَسَيُؤْتِيهِ أَجْرًا عَظِيمًۭا ﴿١٠﴾
О, пайгамбар! Меккелик мушриктер менен согушууга “Ризван”антын берип антташкандар, чынында Аллах менен антташты. Анткени, Ал Өзү аларды мушриктер менен согушууга буйруган жана аларга сыйлыгын Өзү берет. Антташуу учурунда Аллахтын колу алардын колунун үстүндө болду. Аллах алардыбилип турат, алардын эч бир иши Ага жашыруун эмес.Ким антын бузса жана Аллахка берген "Анын динин колдойм" деген убадасын аткарбаса,анда антын бузуп, убадасын аткарбаганынын зыяны өзүнө гана тиет. Анысы Аллахка эч зыян тийгизбейт. Ал эми ким Аллахка берген "Анын динин колдойм" деген убадасын аткарса, анда Ал ага улуу сыйды- бейишти берет
سَيَقُولُ لَكَ ٱلْمُخَلَّفُونَ مِنَ ٱلْأَعْرَابِ شَغَلَتْنَآ أَمْوَٰلُنَا وَأَهْلُونَا فَٱسْتَغْفِرْ لَنَا ۚ يَقُولُونَ بِأَلْسِنَتِهِم مَّا لَيْسَ فِى قُلُوبِهِمْ ۚ قُلْ فَمَن يَمْلِكُ لَكُم مِّنَ ٱللَّهِ شَيْـًٔا إِنْ أَرَادَ بِكُمْ ضَرًّا أَوْ أَرَادَ بِكُمْ نَفْعًۢا ۚ بَلْ كَانَ ٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًۢا ﴿١١﴾
ه Оо, пайгамбар! Сени менен бирге Меккеге сапарга чыкпаган, Аллах калтырып койгон арабдарды жемелегең болсоң,алар сага:«Бизди сени менен бирге чыгуудан мал-мүлк жана бала-чака тиричиликтери алек кылып койду. Биздин күнөөлөрүбүз үчүн Аллахтан кечирим сур໬ – деп айтышат.Алар пайгамбардан алар үчүн кечирим сура деп жүрөгүндөгү болбогон нерсени тилдери менен айтышат. Анткени алар күнөөлөрүнө тообо кылышкан жок. Аларга айт: «Эгерде Аллах силерге жакшылык же жамандык кааласа, анда Аллах тараптан силерге эч ким эч нерсеге ээлик кыла албайт». Тескерисинче, Аллах силердин кылган иш-аракеттериңерден кабардар. Иш- аракеттериңерди канчалык жашырсаңар да алардын эчбири Ага жашыруун эмес. بلغ Куран · Тафсир
بَلْ ظَنَنتُمْ أَن لَّن يَنقَلِبَ ٱلرَّسُولُ وَٱلْمُؤْمِنُونَ إِلَىٰٓ أَهْلِيهِمْ أَبَدًۭا وَزُيِّنَ ذَٰلِكَ فِى قُلُوبِكُمْ وَظَنَنتُمْ ظَنَّ ٱلسَّوْءِ وَكُنتُمْ قَوْمًۢا بُورًۭا ﴿١٢﴾
قوما بورا Силердин "мал-мүлк жана бала-чака тирилиги менен алек болуп калдык" деген шылтооңор силердин пайгамбар менен барбай койгуңардын негизги себеби эмес. Тескерисинче, силер пайгамбар жана сахабалардын баары кырылып, Мединага үй-бүлөлөрүнө кайтып келбейт деп ойлогонсуңар. Шайтан бул ишти силердин жүрөгүңөргө кооз кылып көрсөттү жана Раббиси пайгамбарына жардам бербейт деп Ал тууралуу жаман ойлодуңар. Аллах тууралуу жаман ойлогонуңар жана Анын элчиси менен бирге барбаганыңар үчүн силер кыйроогоучураган коом болдуңар
وَمَن لَّمْ يُؤْمِنۢ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ فَإِنَّآ أَعْتَدْنَا لِلْكَـٰفِرِينَ سَعِيرًۭا ﴿١٣﴾
Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирбесе, ал каапыр болот. Биз кыямат күнү Аллахка каапырлык кылгандар азаптала турган алоолонгон оттудаярдап койдук
وَلِلَّهِ مُلْكُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ يَغْفِرُ لِمَن يَشَآءُ وَيُعَذِّبُ مَن يَشَآءُ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورًۭا رَّحِيمًۭا ﴿١٤﴾
Асмандар менен жердин бийлиги жалгыз Аллахка таандык. Ал Өзү каалаган пендесинин күнөөлөрүн кечирип, аны Өз жакшылыгы менен бейишке киргизет жана Өз адилеттиги менен Өзү каалаган пендесин азаптайт. Аллах тообокылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү,аларга Ырайымдуу
سَيَقُولُ ٱلْمُخَلَّفُونَ إِذَا ٱنطَلَقْتُمْ إِلَىٰ مَغَانِمَ لِتَأْخُذُوهَا ذَرُونَا نَتَّبِعْكُمْ ۖ يُرِيدُونَ أَن يُبَدِّلُوا۟ كَلَـٰمَ ٱللَّهِ ۚ قُل لَّن تَتَّبِعُونَا كَذَٰلِكُمْ قَالَ ٱللَّهُ مِن قَبْلُ ۖ فَسَيَقُولُونَ بَلْ تَحْسُدُونَنَا ۚ بَلْ كَانُوا۟ لَا يَفْقَهُونَ إِلَّا قَلِيلًۭا ﴿١٥﴾
Оо, ыймандуулар! Силер Худайбия келишиминен кийин Аллах убада кылган Хайбардагы олжону алууңар үчүн жөнөгөнүңөрдө Аллах артта калтырган адамдар: «Биз деле силер менен барып, алчубузду алалы» – дешет. Ал артта калгандар булсуранычтарыменен Аллахтын Худайбия келишиминен кийин Хайбар олжосун ыймандууларга гана берем деген убадасын өзгөртүүнү каалап жатышабы. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Ал олжолорго биз менен барбайсыңар. Анткени Аллах Хайбар олжосун Худайбияга катышкандарга гана берем деп убада кылган». Алар айтышат: «Биз менен барбайсыңар деп жатканыңар Аллахтан келген буйрук эмес. Мунун себеби силердин бизге болгон көрө албастыгыңардан». Бул иш артта калгандар ойлогондой эмес. Тескерисинче, алардын Аллахтын буйруктарын жана тыюуларын тайкытүшүнгөндүктөрүнөн.Ошондуктан алар Ага баш ийбестик кылышты
قُل لِّلْمُخَلَّفِينَ مِنَ ٱلْأَعْرَابِ سَتُدْعَوْنَ إِلَىٰ قَوْمٍ أُو۟لِى بَأْسٍۢ شَدِيدٍۢ تُقَـٰتِلُونَهُمْ أَوْ يُسْلِمُونَ ۖ فَإِن تُطِيعُوا۟ يُؤْتِكُمُ ٱللَّهُ أَجْرًا حَسَنًۭا ۖ وَإِن تَتَوَلَّوْا۟ كَمَا تَوَلَّيْتُم مِّن قَبْلُ يُعَذِّبْكُمْ عَذَابًا أَلِيمًۭا ﴿١٦﴾
Оо, пайгамбар! Сени менен бирге Меккеге барбаган арабдардысынап мындай деп айт: «Жакында силер согушта күч-кубаттуулукка ээ болгон элдер менен согушууга чакырыласыңар. Алар менен Аллах жолунда согушасыңар же болбосо алар Исламды согушсуз кабыл алышат. Эгерде силер Аллахтын согуш тууралуу чакырыгына моюн сунсаңар, Ал силерге бейиш болгон улуу сыйлыктыберет. А эгер пайгамбар менен бирге Меккеге барбай койгонуңар сыяктуу Ага моюн сунуудан баш тартсаңар, анда кыйноочу азап менен азаптайт». بلغ Куран · Тафсир
لَّيْسَ عَلَى ٱلْأَعْمَىٰ حَرَجٌۭ وَلَا عَلَى ٱلْأَعْرَجِ حَرَجٌۭ وَلَا عَلَى ٱلْمَرِيضِ حَرَجٌۭ ۗ وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ يُدْخِلْهُ جَنَّـٰتٍۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ ۖ وَمَن يَتَوَلَّ يُعَذِّبْهُ عَذَابًا أَلِيمًۭا ﴿١٧﴾
Көзү сокур же чолок же оорулуу сыяктуу үзүрү барлар Аллах жолунда согушууга барбай калса күнөөкөр болушпайт. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, анда аны хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турган бейиштерге киргизет. Ал эми ким ал экөөсүнө моюн сунуудан баш тартса, анда Аллах аны кыйноочу азап менен азаптайт
۞ لَّقَدْ رَضِىَ ٱللَّهُ عَنِ ٱلْمُؤْمِنِينَ إِذْ يُبَايِعُونَكَ تَحْتَ ٱلشَّجَرَةِ فَعَلِمَ مَا فِى قُلُوبِهِمْ فَأَنزَلَ ٱلسَّكِينَةَ عَلَيْهِمْ وَأَثَـٰبَهُمْ فَتْحًۭا قَرِيبًۭا ﴿١٨﴾
فتحا قريبا Аллах Худайбиядагы дарактын астында Ризван антын берип антташкан ыймандуулардан ыраазы болду. Ал алардын жүрөгүндөгү ыйманды, ыкластуулукту жана чынчылдыкты билип, алардын жүрөктөрүнө бейпилдик орнотту жана анын сыйлыгы катары аларга Хайбарды багынтуу болгон жакынкы жеңишти берди
وَمَغَانِمَ كَثِيرَةًۭ يَأْخُذُونَهَا ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًۭا ﴿١٩﴾
Жана аларга Хайбардын жашоочуларынан алына турган көптөгөн олжолорду берди. Аллах эч кимге жеңилбес Кудуреттүү, Өз жаратуусунда, тагдыр кылуусунда жана башкаруусунда Даанышман
وَعَدَكُمُ ٱللَّهُ مَغَانِمَ كَثِيرَةًۭ تَأْخُذُونَهَا فَعَجَّلَ لَكُمْ هَـٰذِهِۦ وَكَفَّ أَيْدِىَ ٱلنَّاسِ عَنكُمْ وَلِتَكُونَ ءَايَةًۭ لِّلْمُؤْمِنِينَ وَيَهْدِيَكُمْ صِرَٰطًۭا مُّسْتَقِيمًۭا ﴿٢٠﴾
ويهديكم صرطا م ستقيما Оо, ыймандуулар! Аллах силерге келечекте Ислам жеңиштеринде ала турган көптөгөн олжолорду убада кылды. Ошентип Алсилерге Хайбар олжолорун тездетти жана бултездетилген олжолор Аллахтын силерге болгон жардамы менен коргоосунун белгиси болсун үчүн жана Аллахсилерди эчкандай бурмалануусужок туура жолгосалуусуүчүн Ал силердин артыңардагы үй-бүлөңөрдү жөөттөрдүн кол салуусунан коргоду
وَأُخْرَىٰ لَمْ تَقْدِرُوا۟ عَلَيْهَا قَدْ أَحَاطَ ٱللَّهُ بِهَا ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرًۭا ﴿٢١﴾
Ошондой эле Аллах силерге азыркы учурда кудуретиңер жетпеген башка дагы олжолорду убада кылды. Бир гана Аллах ага кудуреттүү. Ал Анын илиминде жана башкаруусунда. Аллах бүткүл нерсеге кудуреттүү. Аны эч бир нерсе алсырата албайт. ي
وَلَوْ قَـٰتَلَكُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَوَلَّوُا۟ ٱلْأَدْبَـٰرَ ثُمَّ لَا يَجِدُونَ وَلِيًّۭا وَلَا نَصِيرًۭا ﴿٢٢﴾
Оо, ыймандуулар! Эгерде Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар силер менен согушкан болсо, анда алар көз алдыңарда жеңилген абалда качып жөнөшмөк. Андан соң алардын ишин колгоалган эч бир колдоочу табышмак эмес жана аларга согушууга жардам берген эч бир жардамчытабышмак эмес. بلغ Куран · Тафсир
سُنَّةَ ٱللَّهِ ٱلَّتِى قَدْ خَلَتْ مِن قَبْلُ ۖ وَلَن تَجِدَ لِسُنَّةِ ٱللَّهِ تَبْدِيلًۭا ﴿٢٣﴾
Ыймандуулардын жеңишке жетүүсү жана каапырлардын жеңилүүсү бүткүл заманда жана бардык жерде ишке ашары анык. Бул нерсе жалганчылардан мурун өткөн коомдордон бери келе жаткан Аллахтын жолу. Оо, пайгамбар!Сен Аллахтын жолун өзгөртө турган эчбир нерсе таппайсың
وَهُوَ ٱلَّذِى كَفَّ أَيْدِيَهُمْ عَنكُمْ وَأَيْدِيَكُمْ عَنْهُم بِبَطْنِ مَكَّةَ مِنۢ بَعْدِ أَنْ أَظْفَرَكُمْ عَلَيْهِمْ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرًا ﴿٢٤﴾
بص يرا Мушриктерден сексендей адам Худайбияда силерге зыян берүүнү каалап келишкенде Ал алардын колун силерден тыйып койду жана силердин колуңарды да алардан тыйды. Ошондуктан аларды өлтүрбөдүңөр жана аларга зыян келтирбедиңер. Атүгүл аларды туткундап алганга кудуретиңер жетип турса да аларды бош коё бердиңер.Аллахсилердин кылып жатканыңардыКөрүүчү.Ага силердин эчбир ишиңер жашыруун эмес
هُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَصَدُّوكُمْ عَنِ ٱلْمَسْجِدِ ٱلْحَرَامِ وَٱلْهَدْىَ مَعْكُوفًا أَن يَبْلُغَ مَحِلَّهُۥ ۚ وَلَوْلَا رِجَالٌۭ مُّؤْمِنُونَ وَنِسَآءٌۭ مُّؤْمِنَـٰتٌۭ لَّمْ تَعْلَمُوهُمْ أَن تَطَـُٔوهُمْ فَتُصِيبَكُم مِّنْهُم مَّعَرَّةٌۢ بِغَيْرِ عِلْمٍۢ ۖ لِّيُدْخِلَ ٱللَّهُ فِى رَحْمَتِهِۦ مَن يَشَآءُ ۚ لَوْ تَزَيَّلُوا۟ لَعَذَّبْنَا ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِنْهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا ﴿٢٥﴾
Алар Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар жана силерди Аль-Харам мечитинен жана курмандык чалуудан тоскондор. Ошол себептен алар Аль-Харамдагыкурмандык чалынуучу жайына жетпей калып кетишти. Эгерде ал жакта силер тааныбаган Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирген эркектер менен аялдар бар болбогондо жана аларды каапырларга кошуп өлтүрүп алуу жана билбестен өлтүргөнүңөр үчүн күнөө алып, кун төлөө болбогондо, анда Аллах Меккедеги ыймандуулар сыяктуу адамдарды Өз ырайымына алуу үчүн силерге Меккени алууга сөзсүз уруксат бермек.Эгерде Меккедеги каапырлар менен ыймандуулар айырмаланып турганда, анда Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандардыкатуу азаптамакпыз
إِذْ جَعَلَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ فِى قُلُوبِهِمُ ٱلْحَمِيَّةَ حَمِيَّةَ ٱلْجَـٰهِلِيَّةِ فَأَنزَلَ ٱللَّهُ سَكِينَتَهُۥ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ وَعَلَى ٱلْمُؤْمِنِينَ وَأَلْزَمَهُمْ كَلِمَةَ ٱلتَّقْوَىٰ وَكَانُوٓا۟ أَحَقَّ بِهَا وَأَهْلَهَا ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمًۭا ﴿٢٦﴾
ى ه Ошондо Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар жүрөктөрүндө акыйкатты таанууга эмес, өз каалоолоруна байланышкан караңгылык доордогу текеберликти пайда кылышты жана Аллахтын элчиси аларды жеңиптир деген айып сөздөн коркуп, аны Худайбия жылында аларга кирүүдөн тыйышты. Аллах болсо Өз элчисине жана ыймандууларга Өз алдынан бейпилдикти түшүрдү жана алардын кыжырдануусу мушриктерге өздөрүндөй кылып жооп берүүгө жеткирген жок. Аллах ыймандууларга «Лаа илааха иллаллах (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок)» акыйкат сөзүн жана анын шарттарын аткарууну милдет кылды, алар аныаткарышты. Качан Аллах ыймандуулардын жүрөгүндөгү жакшылыкты билгенде алар башкаларга караганда бул сөзгө көбүрөөк акылуу жана татыктуу болушту. Аллах бардык нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. بلغ Куран · Тафсир
لَّقَدْ صَدَقَ ٱللَّهُ رَسُولَهُ ٱلرُّءْيَا بِٱلْحَقِّ ۖ لَتَدْخُلُنَّ ٱلْمَسْجِدَ ٱلْحَرَامَ إِن شَآءَ ٱللَّهُ ءَامِنِينَ مُحَلِّقِينَ رُءُوسَكُمْ وَمُقَصِّرِينَ لَا تَخَافُونَ ۖ فَعَلِمَ مَا لَمْ تَعْلَمُوا۟ فَجَعَلَ مِن دُونِ ذَٰلِكَ فَتْحًۭا قَرِيبًا ﴿٢٧﴾
Аллах Өз элчиси түшүндө көргөн нерсени чындыкка айлантты. Ал тууралуу сахабаларына айтып берген. Ал түшүндө сахабаларыменен бирге Аллахтын ыйык Үйүнө душмандардан зыян тартпастан кирип жатышкан экен. Диний жөрөлгөлөрдүн бүтүшүн жар салыш максатта алардын кээ бирлеринин чачтары кырылган, кээ бирлериники кыскартылган экен. Оо, ыймандуулар! Аллах силердин пайдаңарга тийиштүү силер билбеген нерсени билди. Ал ошол жылы Меккеге кирүү тууралуу түштү чындыкка айлантуудан тышкары жакында болуучу жеңишти кылды. Ал Аллахтын Худайбия келишимин иш жүзөгө ашыруусу жана андан соң Худайбияга келген ыймандуулардын коластында Хайбардын багынып берүүсү
هُوَ ٱلَّذِىٓ أَرْسَلَ رَسُولَهُۥ بِٱلْهُدَىٰ وَدِينِ ٱلْحَقِّ لِيُظْهِرَهُۥ عَلَى ٱلدِّينِ كُلِّهِۦ ۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدًۭا ﴿٢٨﴾
Ислам дини бардык диндерден үстөм болуш үчүн Аллах Өз элчиси Мухаммадды ачык-айкын баяндоо жана акыйкат Ислам дини менен жиберди. Аллах Өзү буга күбө болду жана Аллахтын күбөлүгү жетиштүү
مُّحَمَّدٌۭ رَّسُولُ ٱللَّهِ ۚ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥٓ أَشِدَّآءُ عَلَى ٱلْكُفَّارِ رُحَمَآءُ بَيْنَهُمْ ۖ تَرَىٰهُمْ رُكَّعًۭا سُجَّدًۭا يَبْتَغُونَ فَضْلًۭا مِّنَ ٱللَّهِ وَرِضْوَٰنًۭا ۖ سِيمَاهُمْ فِى وُجُوهِهِم مِّنْ أَثَرِ ٱلسُّجُودِ ۚ ذَٰلِكَ مَثَلُهُمْ فِى ٱلتَّوْرَىٰةِ ۚ وَمَثَلُهُمْ فِى ٱلْإِنجِيلِ كَزَرْعٍ أَخْرَجَ شَطْـَٔهُۥ فَـَٔازَرَهُۥ فَٱسْتَغْلَظَ فَٱسْتَوَىٰ عَلَىٰ سُوقِهِۦ يُعْجِبُ ٱلزُّرَّاعَ لِيَغِيظَ بِهِمُ ٱلْكُفَّارَ ۗ وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ مِنْهُم مَّغْفِرَةًۭ وَأَجْرًا عَظِيمًۢا ﴿٢٩﴾
ى ى ى Мухаммад – Аллахтын элчиси. Аны менен бирге болгон сахабалар согушчан каапырларга катаал, бири-бирине мээримдүү, жумшак жана жан тартуучу. Оо, назар салуучу! Сен аларды Аллах таалага рүкү-сажда кылган абалда Андан көптөгөн кечиримди, улуу соопторду жана алардан ыраазы болуусун сурап жатышкандарын көрөсүң. Тууралыктан, сын-сыпаттуулуктан жана жүздөрүндөгү намаздын нурунан пайда болгон алардын маңдайындагы сажданын издери –алардын белгиси. Бул алардын Мусага түшкөн Тоорат китебинде келген сыпаттары. Ал эми Исага түшкөн Инжилдеги мисалы – алар бири-бирине жардам берүүдө жана толуктукта эгинзар сыяктуу. Ал кичине болуп чыгып, кийин катат, анан жооноюп сабагы түздөлөт. Дыйкандар анын бекемдигине жана толуктугуна суктанышат. Аллах бул мисалды каапырлар алардын күч-кубатын, бекемдигин жана толуктугун көрүп кыжырлары келиш үчүн айтты. Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылган сахабалар Аллах аларды жазалабастан күнөөлөрүн кечирүүнү жана Өз алдындагы бейиш болгон улуу сыйлыкты убада кылды. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз