Башкы бетТафсирMuhammad (47)

Тафсир Muhammad (47) — محمد

Мединалык · 38 аят

Окуу · УгууPDF файл

ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَصَدُّوا۟ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ أَضَلَّ أَعْمَـٰلَهُمْ ﴿١﴾

Аллахкаапырлык кылгандардын жана адамдардыАнын дининен бургандардын иш-аракеттерин жоккочыгарды

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ وَءَامَنُوا۟ بِمَا نُزِّلَ عَلَىٰ مُحَمَّدٍۢ وَهُوَ ٱلْحَقُّ مِن رَّبِّهِمْ ۙ كَفَّرَ عَنْهُمْ سَيِّـَٔاتِهِمْ وَأَصْلَحَ بَالَهُمْ ﴿٢﴾

بالهم Аллахка ыйман келтирип,жакшылык иштерди жасаган жана АллахӨзүнүн элчиси Мухаммадга түшүргөн нерсени Раббиси тараптан келген акыйкат деп ишенген адамдардын күнөөлөрүн өчүрөт, аларды жазалабайт жана алардын дүйнөлүк жана акыреттик иштерин оңдойт

ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ ٱتَّبَعُوا۟ ٱلْبَـٰطِلَ وَأَنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱتَّبَعُوا۟ ٱلْحَقَّ مِن رَّبِّهِمْ ۚ كَذَٰلِكَ يَضْرِبُ ٱللَّهُ لِلنَّاسِ أَمْثَـٰلَهُمْ ﴿٣﴾

أمثلهم Эки топко карата эскерилген бул жаза менен сыйлыктын себеби – Аллахка каапырлык кылгандар жалганды ээрчишти, ал эми Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиргендер Раббиси тараптан келген акыйкатты ээрчишти. Ошондуктан алардын сыйлыгыменен жазасыаракеттерине жараша айырмаланды. Ошондой эле Аллах ыймандуулар менен каапырлардан болгон эки топтун өкүмүн баяндады.Аллахадамдарга өздөрүнүн мисалдарын келтирет,ар ким өзүнө окшогон менен бирге болот

فَإِذَا لَقِيتُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ فَضَرْبَ ٱلرِّقَابِ حَتَّىٰٓ إِذَآ أَثْخَنتُمُوهُمْ فَشُدُّوا۟ ٱلْوَثَاقَ فَإِمَّا مَنًّۢا بَعْدُ وَإِمَّا فِدَآءً حَتَّىٰ تَضَعَ ٱلْحَرْبُ أَوْزَارَهَا ۚ ذَٰلِكَ وَلَوْ يَشَآءُ ٱللَّهُ لَٱنتَصَرَ مِنْهُمْ وَلَـٰكِن لِّيَبْلُوَا۟ بَعْضَكُم بِبَعْضٍۢ ۗ وَٱلَّذِينَ قُتِلُوا۟ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَن يُضِلَّ أَعْمَـٰلَهُمْ ﴿٤﴾

ه يضل أعملهم Оо, ыймандуулар! Согушчан каапырлар менен беттешсеңер, алардын моюндарын кылычыңар менен кыя чапкыла. Алардан өлгөндөр көбөйүп, алардын күч-кубатын жок кылганга чейин согушту уланткыла. Алардын көпчүлүгүн өлтүргөндөн кийин туткундардын кишендерин бекем байлагыла. Эгерде аларды туткунга түшүрсөңөр, анда пайдасына жараша тандооңор бар, ордуна эч нерсе албай азат кылгыла же акчалай же башка түрдө кун төлөткүлө. Каапырлар Исламды кабыл алуусу же келишим түзүүсү менен согуш аяктаганга чейин алар менен согушууну токтотпогула. Ыймандуулардын каапырлар менен сыналуусу, абалдардын алмашуусу, бири- биринин үстүнөн жеңишке жетүү сыяктуу бул айтылган нерселер – Аллахтын даанышмандыгы. Эгерде Аллах каапырларды согушсуз эле жеңүүнү каалаганда, Ал аларды жеңмек. Бирок Ал аларды бири-бири аркылуу сынаш үчүн согушту өкүм кылды. Ал ыймандуулардан кимиси согушарын, кимиси согушпасын сынайт, ошондой эле каапырды ыймандуу адам аркылуу сынайт. Эгерде ыймандуу өлтүрүлсө, ал бейишке кирет. Эгер ал ыймандуунун колунан өлсө, ал тозокко кирет. Аллах жолунда өлтүрүлгөн адамдардын иш-аракеттерин Аллах эч качан жок кылбайт. بلغ Куран · Тафсир سيهديهم ويص لح بالهم

سَيَهْدِيهِمْ وَيُصْلِحُ بَالَهُمْ ﴿٥﴾

Аларга дүйнө жашоосунда акыйкат жолдуээрчүүгө ийгилик берет жана иштерин оңдойт

وَيُدْخِلُهُمُ ٱلْجَنَّةَ عَرَّفَهَا لَهُمْ ﴿٦﴾

Жана аларды кыямат күнү бейишке киргизет. Аларга дүйнөдө анын сыпаттарын баяндап берген, алар аны билишкен жана акыретте аларга ал жактагыорундарын билдирет

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِن تَنصُرُوا۟ ٱللَّهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ ﴿٧﴾

Оо, ыйман келтиргендер жана шариятты аткаргандар! Эгерде Аллахка Анын пайгамбарын жана динин колдоп жана каапырлар менен согушуп жардам берсеңер, Ал силерди алардын үстүнөн жеңишке жеткирүү менен колдойт жана алар менен согушта беттешкенде кадамдарыңардыбекем кылат

وَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ فَتَعْسًۭا لَّهُمْ وَأَضَلَّ أَعْمَـٰلَهُمْ ﴿٨﴾

Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандарга кыйроо жана жоготуу болот жана Аллах алардын иш- аракеттеринин сообун жоккочыгарат

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ كَرِهُوا۟ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ فَأَحْبَطَ أَعْمَـٰلَهُمْ ﴿٩﴾

Алар Аллахтын Өз элчисине түшүргөн жана Ага сыйынууну камтыган Куранды жаман көрүшкөнү себептүү аларга ушундай жаза берилди, Аллахалардын иш-аракеттерин жок чыгарды. Ошондуктан алар дүйнөдө жана акыретте кыйроого учурашты

۞ أَفَلَمْ يَسِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَيَنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۚ دَمَّرَ ٱللَّهُ عَلَيْهِمْ ۖ وَلِلْكَـٰفِرِينَ أَمْثَـٰلُهَا ﴿١٠﴾

Ал жалганчылар жер бетин кезип,алардан мурункужалганга чыгаргандардын акыбети кандай болгонун ойлонуп көрүшпөйбү? Акыбети кейиштүү болгон. Аллах алардын турак-жайларын талкалап, алардын өздөрүн, бала- чакаларын жана байлыктарын кыйратып жок кылган.Каапырлар үчүн бүткүлучурда жана бардык жерде ушундай жазалардын мисалдары бар

ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ مَوْلَى ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَأَنَّ ٱلْكَـٰفِرِينَ لَا مَوْلَىٰ لَهُمْ ﴿١١﴾

Бул айтылган сыйлык жана жаза эки топтогулар үчүн. Анткени Аллах ыйман келтиргендердин Колдоочусу. Ал эми каапырларга эч кандай колдоочу болбойт

إِنَّ ٱللَّهَ يُدْخِلُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ جَنَّـٰتٍۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ ۖ وَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ يَتَمَتَّعُونَ وَيَأْكُلُونَ كَمَا تَأْكُلُ ٱلْأَنْعَـٰمُ وَٱلنَّارُ مَثْوًۭى لَّهُمْ ﴿١٢﴾

Чындыгында Аллах Өзүнө жана Анын элчисине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарды хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдыларынан дарыялар агып турган бейиштерге киргизет.Алэми بلغ Куран · Тафсир Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар өз каалоолоруна ээрчип дүйнөдө жыргалчылыкка батышат. Алар айбандар жеген сыяктуу жешет. Алар курсактары менен жыныс мүчөлөрүнөн башка эч нерсени ойлонушпайт.Кыямат күнүтозок алардын кире турган турак-жайыболот

وَكَأَيِّن مِّن قَرْيَةٍ هِىَ أَشَدُّ قُوَّةًۭ مِّن قَرْيَتِكَ ٱلَّتِىٓ أَخْرَجَتْكَ أَهْلَكْنَـٰهُمْ فَلَا نَاصِرَ لَهُمْ ﴿١٣﴾

Сени элиң кууп чыккан Меккеден да күч-кубаттуу, байлыгы да, бала-чакасы да көп болгон мурунку коомдордун канчалаган шаарларын, алар пайгамбарларын жалганга чыгарышканда кыйратып жок кылдык. Аларга Аллахтын азабы келгенде аларды куткарган эч бир колдоочу болбоду. Эгерде Биз Мекке элин кыйратууну кааласак, эч ким Бизди алсырата албайт

أَفَمَن كَانَ عَلَىٰ بَيِّنَةٍۢ مِّن رَّبِّهِۦ كَمَن زُيِّنَ لَهُۥ سُوٓءُ عَمَلِهِۦ وَٱتَّبَعُوٓا۟ أَهْوَآءَهُم ﴿١٤﴾

Раббиси тараптан ачык-айкын далилге ээ болуп, Ага илимдин негизинде сыйынган адам, шайтан ага жаман иштерин кооз кылып көргөзгөн жана айкелдерге сыйынуу, күнөөлөрдү кылуу, пайгамбарларды жалганга чыгаруу сыяктууалардын напсилери каалаган нерселерди ээрчиген адам сыяктууболуп калмак беле?

مَّثَلُ ٱلْجَنَّةِ ٱلَّتِى وُعِدَ ٱلْمُتَّقُونَ ۖ فِيهَآ أَنْهَـٰرٌۭ مِّن مَّآءٍ غَيْرِ ءَاسِنٍۢ وَأَنْهَـٰرٌۭ مِّن لَّبَنٍۢ لَّمْ يَتَغَيَّرْ طَعْمُهُۥ وَأَنْهَـٰرٌۭ مِّنْ خَمْرٍۢ لَّذَّةٍۢ لِّلشَّـٰرِبِينَ وَأَنْهَـٰرٌۭ مِّنْ عَسَلٍۢ مُّصَفًّۭى ۖ وَلَهُمْ فِيهَا مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ وَمَغْفِرَةٌۭ مِّن رَّبِّهِمْ ۖ كَمَنْ هُوَ خَـٰلِدٌۭ فِى ٱلنَّارِ وَسُقُوا۟ مَآءً حَمِيمًۭا فَقَطَّعَ أَمْعَآءَهُمْ ﴿١٥﴾

Аллахтын буйруктарын аткарып,тыйгандарын таштаган такыбалар кирет деп убада кылынган бейиштин сыпаты– ал жакта туруп калса да жыты жана даамын бузулбаган суу дарыялары бар, даамы өзгөрбөгөн сүт дарыялары бар, ичкендерге жагымдуу шарап дарыялары бар, кошулмалардан тазаланган бал дарыялары бар, ошондой эле алар каалагандай ар түрдүүмөмө-жемиштер бар.Булардан сырткарыалар үчүн Аллахтараптан күнөөлөрүнө кечирим бар, аларды ал үчүн жазалабайт. Эми ушундай сыйлыкка ээ болгон адам менен тозокто кала турган адам тең болобу? Ал тозоктон эч качан чыкпайт, ага кайнак суу ичирилет, анын ысыктыгынан курсагындагы ичегилери үзүлүп кетет

وَمِنْهُم مَّن يَسْتَمِعُ إِلَيْكَ حَتَّىٰٓ إِذَا خَرَجُوا۟ مِنْ عِندِكَ قَالُوا۟ لِلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْعِلْمَ مَاذَا قَالَ ءَانِفًا ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ طَبَعَ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ وَٱتَّبَعُوٓا۟ أَهْوَآءَهُمْ ﴿١٦﴾

ى Оо, пайгамбар! Эки жүздүүлөрдүн арасында сенин сөзүңдөн жүз буруп, кабыл албай уккандары бар. Качан алар сенин алдыңдан чыгышканда жүз буруп, билмексен болуп: «Ал жаңыэле сүйлөгөн сөзүндө эмне деп айтты?» – деп Аллах илим бергендерден сурашат. Аллах ошолордун жүрөктөрүнө мөөр басты. Ошондуктан аларга эч кандай жакшылык жетпейт жана алар өз каалоолорун ээрчүүсүалардыакыйкатка көр кылып койду

وَٱلَّذِينَ ٱهْتَدَوْا۟ زَادَهُمْ هُدًۭى وَءَاتَىٰهُمْ تَقْوَىٰهُمْ ﴿١٧﴾

Ал эми акыйкат жолго түшүп, пайгамбар алып келген нерсеге ээрчигендерди Раббиси алардын туура жолго түшүүсүн жана жакшылыкка карай ийгилигин дагыкөбөйтөт жана алардытозоктон сактаган иштерди аткарууну көңүлдөрүнө салып коёт. بلغ Куран · Тафсир

فَهَلْ يَنظُرُونَ إِلَّا ٱلسَّاعَةَ أَن تَأْتِيَهُم بَغْتَةًۭ ۖ فَقَدْ جَآءَ أَشْرَاطُهَا ۚ فَأَنَّىٰ لَهُمْ إِذَا جَآءَتْهُمْ ذِكْرَىٰهُمْ ﴿١٨﴾

Каапырлар алдын ала билбестен туруп кыяматтын капыстан келишин гана күтүп жатышабы? Анын белгилери келип калды. Алардын бири пайгамбардын келиши жана Айдын бөлүнүүсү болду. Эгерде аларга кыямат келсе, алар кантип эскеришмек эле?

فَٱعْلَمْ أَنَّهُۥ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا ٱللَّهُ وَٱسْتَغْفِرْ لِذَنۢبِكَ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَٱلْمُؤْمِنَـٰتِ ۗ وَٱللَّهُ يَعْلَمُ مُتَقَلَّبَكُمْ وَمَثْوَىٰكُمْ ﴿١٩﴾

Оо, пайгамбар! Билгиниң, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Аллахтан өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн кечирим сура жана ыймандуу эркектер менен аялдардын күнөөлөрү үчүн кечирим сура. Аллах силердин күндүздү иш-аракеттериңерди билет жана түнкү жайларыңардыбилет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес

وَيَقُولُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَوْلَا نُزِّلَتْ سُورَةٌۭ ۖ فَإِذَآ أُنزِلَتْ سُورَةٌۭ مُّحْكَمَةٌۭ وَذُكِرَ فِيهَا ٱلْقِتَالُ ۙ رَأَيْتَ ٱلَّذِينَ فِى قُلُوبِهِم مَّرَضٌۭ يَنظُرُونَ إِلَيْكَ نَظَرَ ٱلْمَغْشِىِّ عَلَيْهِ مِنَ ٱلْمَوْتِ ۖ فَأَوْلَىٰ لَهُمْ ﴿٢٠﴾

Ыйман келтиргендер Аллах Өз элчисине согушууну камтыган сүрөөнү түшүрсө экен деп үмүт кылып: «Аллах согушуу тууралуу айткан сүрөө түшүрсө болот эле!» – деп айтышат. Оо, пайгамбар! Качан Аллах согушуу тууралуу сөздү камтыган, баяндоосу жана өкүмдөрү анык сүрөөнү түшүргөндө жүрөктөрүндө шек-күмөнү бар эки жүздүүлөр катуу коркунучтан улам өздөрүн жоготуп сени тиктеп туруп калышканын көрөсүң. Аллах аларга согушуудан кетекчиктеп,андан коркушканыүчүн аларга жакын калган азаптыэскертти

طَاعَةٌۭ وَقَوْلٌۭ مَّعْرُوفٌۭ ۚ فَإِذَا عَزَمَ ٱلْأَمْرُ فَلَوْ صَدَقُوا۟ ٱللَّهَ لَكَانَ خَيْرًۭا لَّهُمْ ﴿٢١﴾

Ошондой эле Аллахтын буйругуна баш ийүүсү жана жамандыкты камтыбаган жакшы сөздөрдү сүйлөөсү алар үчүн жакшыраак. Согуш парз кылынып, иш олуттуу болгон кезде алар Аллахка ыйман келтирүүдө жана Ага моюн сунууда чынчыл болушса, анда бул алар үчүн эки жүздүүлүктөн жана Аллахтын буйруктарына баш ийбестик кылуудан жакшыраак болмок

فَهَلْ عَسَيْتُمْ إِن تَوَلَّيْتُمْ أَن تُفْسِدُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ وَتُقَطِّعُوٓا۟ أَرْحَامَكُمْ ﴿٢٢﴾

Абалыңарга карай турган болсок, силер Аллахка ыйман келтирүүдөн жана Ага баш ийүүдөн баш тартсаңар, анда караңгы доордогу абалыңар сыяктуу жер бетинде каапырлык жана күнөөлөрдү кылып, туугандык мамилелерди үзүп жиберишиңер мүмкүн

أُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ لَعَنَهُمُ ٱللَّهُ فَأَصَمَّهُمْ وَأَعْمَىٰٓ أَبْصَـٰرَهُمْ ﴿٢٣﴾

Жер бетинде бузукулукту жайган жана туугандык мамилени үзгөн сыяктуу сыпаттагы адамдарды Аллах Өз ырайымынан алыстатты, кулактарын акыйкатты кабыл алып угуудан дүлөй кылды жана көздөрүн үлгү алып кароодон сокур кылды. بلغ Куран · Тафсир

أَفَلَا يَتَدَبَّرُونَ ٱلْقُرْءَانَ أَمْ عَلَىٰ قُلُوبٍ أَقْفَالُهَآ ﴿٢٤﴾

Мына ошол жүз бургандар Куран жөнүндө ойлонушпайбы жана андагы айтылгандарга ой жүгүртүшпөйбү? Эгерде ал тууралуу ой жүгүртүшкөндө, ал аларды жакшылыкка багыттамак жана бардык жамандыктардан алыстатмак. Же алардын жүрөктөрүндө насааттыжеткирбеген,эскертмеден пайда бербеген бекем жабуучукулпулар барбы?

إِنَّ ٱلَّذِينَ ٱرْتَدُّوا۟ عَلَىٰٓ أَدْبَـٰرِهِم مِّنۢ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ ٱلْهُدَى ۙ ٱلشَّيْطَـٰنُ سَوَّلَ لَهُمْ وَأَمْلَىٰ لَهُمْ ﴿٢٥﴾

Аларга далилкелип,пайгамбардын чынчылдыгыанык болгондон кийин ыймандан баш тартып,каапырлык менен эки жүздүүлүккө кайткандарга шайтан алардын каапырлыгыменен эки жүздүүлүгүн кооз кылып көргөзүп койду, аны аларга жеңил кылды жана аларды куру кыялдар менен үмүттөндүрүп койду

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا۟ لِلَّذِينَ كَرِهُوا۟ مَا نَزَّلَ ٱللَّهُ سَنُطِيعُكُمْ فِى بَعْضِ ٱلْأَمْرِ ۖ وَٱللَّهُ يَعْلَمُ إِسْرَارَهُمْ ﴿٢٦﴾

Буладашуунун себеби,алар пайгамбарга түшкөн аян-кабардыжаман көргөн мушриктерге жашыруун сыр кылып: «Биз согушуудан баш тартуу сыяктуу кээ бир иштерде силер менен биргебиз» – дешти. Аллах алардын жаап- жашырган сырларын билет. Ага эч нерсе жашыруун эмес. Ал ал сырлардан Өзү каалаганын пайгамбарына билдирет

فَكَيْفَ إِذَا تَوَفَّتْهُمُ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ يَضْرِبُونَ وُجُوهَهُمْ وَأَدْبَـٰرَهُمْ ﴿٢٧﴾

Жан алууга милдеттүү болгон периштелер алардын жандарын алып, алардыжүздөрүнө жана аркаларына темир союлменен уруп жаткандагыалардын азабыжана оор абалыкандай болот деп ойлойсуң?

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمُ ٱتَّبَعُوا۟ مَآ أَسْخَطَ ٱللَّهَ وَكَرِهُوا۟ رِضْوَٰنَهُۥ فَأَحْبَطَ أَعْمَـٰلَهُمْ ﴿٢٨﴾

Бул азаптын себеби, алар Аллахтын ачуусун келтирген каапырлык, эки жүздүүлүк, Аллахка жана Анын элчисине каршы чыгуу сыяктуу бардык нерселерди ээрчишти жана алар Аллахка ыйман келтирүү, Анын элчисин ээрчүү сыяктуу Раббисинин ыраазылыгына жеткирип, Ага жакындаткан нерселерди жаман көрүштү. Мына ошондуктан Аллах алардын иштерин жокко чыгарды

أَمْ حَسِبَ ٱلَّذِينَ فِى قُلُوبِهِم مَّرَضٌ أَن لَّن يُخْرِجَ ٱللَّهُ أَضْغَـٰنَهُمْ ﴿٢٩﴾

Жүрөктөрүндө шек-күмөнүбар эки жүздүүлөр,Аллахалардын жек көрүүлөрүн ачыкка чыгарбайт деп ойлоштубу? Ыйман келтирүүдө чынчылды жалганчыдан айырмалаш үчүн, ыймандууну ачыктап, эки жүздүүнүн жүзүн ачыш үчүн Ал аларды сыноолор аркылуу сөзсүз ачыкка чыгарат

وَلَوْ نَشَآءُ لَأَرَيْنَـٰكَهُمْ فَلَعَرَفْتَهُم بِسِيمَـٰهُمْ ۚ وَلَتَعْرِفَنَّهُمْ فِى لَحْنِ ٱلْقَوْلِ ۚ وَٱللَّهُ يَعْلَمُ أَعْمَـٰلَكُمْ ﴿٣٠﴾

Оо, пайгамбар! Эгерде Биз эки жүздүүлөрдү сага билдирүүнү кааласак, анда билдирип коймокпуз. Анан сен аларды белгилеринен билип алмаксың. Жакында сен аларды сүйлөгөн сөздөрүнөн билип баштайсың. Аллах силердин иш-аракеттериңерди билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал алардын сыйлыгын же жазасын берет. بلغ Куран · Тафсир

وَلَنَبْلُوَنَّكُمْ حَتَّىٰ نَعْلَمَ ٱلْمُجَـٰهِدِينَ مِنكُمْ وَٱلصَّـٰبِرِينَ وَنَبْلُوَا۟ أَخْبَارَكُمْ ﴿٣١﴾

Оо, ыймандуулар! Биз силердин араңарда Аллах жолунда чындап согушкандарды жана душмандар менен согушууда сабырдуулук кылгандарды билиш үчүн согуш, душмандар менен салгылашуу жана өлтүрүү аркылуу сөзсүз сынайбыз. Ошондой эле силерден ким чынчыл, ким жалганчыэкенин билиш үчүн да сынайбыз

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَصَدُّوا۟ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَشَآقُّوا۟ ٱلرَّسُولَ مِنۢ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ ٱلْهُدَىٰ لَن يَضُرُّوا۟ ٱللَّهَ شَيْـًۭٔا وَسَيُحْبِطُ أَعْمَـٰلَهُمْ ﴿٣٢﴾

وسيح بط أعملهم Аллахка жана Анын элчисине каапыр болуп, өзүн жана башкалардыАллахтын дининен тыйгандар, пайгамбардын пайгамбар экенин билгенден кийин ага каршычыгып,душман болгондор Аллахка эчкандай зыян келтире албайт. Чынында, алар өздөрүнө гана зыян келтирет. Жакында Аллах алардын иш-аракеттерин жоккочыгарат

۞ يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ أَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُوا۟ ٱلرَّسُولَ وَلَا تُبْطِلُوٓا۟ أَعْمَـٰلَكُمْ ﴿٣٣﴾

О,Аллахка ыйман келтирип,Анын шариятын аткаргандар!Аллахтын жана Анын элчисинин буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып моюн сунгула. Иш-аракеттериңерди каапыр болуу менен жана элге көрсөтүү үчүн жасап жокко чыгарып албагыла

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَصَدُّوا۟ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ ثُمَّ مَاتُوا۟ وَهُمْ كُفَّارٌۭ فَلَن يَغْفِرَ ٱللَّهُ لَهُمْ ﴿٣٤﴾

Аллахка каапырлык кылгандар, өздөрүн жана адамдарды Аллахтын дининен буруп, андан соң тообо кылбастан каапырлыкта өлгөндөрдүн күнөөлөрүн Аллахэчкачан кечирбейт

فَلَا تَهِنُوا۟ وَتَدْعُوٓا۟ إِلَى ٱلسَّلْمِ وَأَنتُمُ ٱلْأَعْلَوْنَ وَٱللَّهُ مَعَكُمْ وَلَن يَتِرَكُمْ أَعْمَـٰلَكُمْ ﴿٣٥﴾

Оо, ыймандуулар! Душман менен беттешүүдө алсырабагыла! Алар силерди тынчтык келишимине чакырганга чейин силер аларды чакырбагыла. Силер алардын үстүнөн үстөмсүңөр, жеңүүчүсүңөр. Аллах Өз жардамы жана колдоосу менен силер менен бирге. Ал силердин иштериңердин соопторунан эч нерсени кемитпейт. Тескерисинче,айкөлдүгүжана берешендиги менен көбөйтүп берет

إِنَّمَا ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَا لَعِبٌۭ وَلَهْوٌۭ ۚ وَإِن تُؤْمِنُوا۟ وَتَتَّقُوا۟ يُؤْتِكُمْ أُجُورَكُمْ وَلَا يَسْـَٔلْكُمْ أَمْوَٰلَكُمْ ﴿٣٦﴾

Чындыгында дүйнө жашоосуоюн жана көңүлачуу.Андыктан акылыбар адам акырет ишин таштап дүйнө менен алектенбейт. Эгерде силер Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирсеңер жана Аллахтын буйруктарын аткарып, Анын тыйгандарын таштасаңар, анда Ал иш-аракеттериңердин сообун кемитпестен толук берет. Ал силердин мал-мүлкүңөрдүн баарын талап кылбайт. Чындыгында Ал силерден зекетке милдеттүүсүн гана талап кылат. إن يسٔلكموها فيحفكم تبخلوا ويخرج أضغنكم

إِن يَسْـَٔلْكُمُوهَا فَيُحْفِكُمْ تَبْخَلُوا۟ وَيُخْرِجْ أَضْغَـٰنَكُمْ ﴿٣٧﴾

Эгерде Ал силердин бардык мал-мүлкүңөрдү талап кылса жана аны талап кылууда айтканынан кайтпаса, анда силер сараңдык кылып баштайсыңар.Анан Аллахсилердин жүрөгүңөрдөгүАнын жолунда мал-мүлк сарптоого بلغ Куран · Тафсир болгон жек көрүүңөрдүчыгарып коёт.Ошондуктан Алсилерге ырайым кылып аныталап кылган жок

هَـٰٓأَنتُمْ هَـٰٓؤُلَآءِ تُدْعَوْنَ لِتُنفِقُوا۟ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ فَمِنكُم مَّن يَبْخَلُ ۖ وَمَن يَبْخَلْ فَإِنَّمَا يَبْخَلُ عَن نَّفْسِهِۦ ۚ وَٱللَّهُ ٱلْغَنِىُّ وَأَنتُمُ ٱلْفُقَرَآءُ ۚ وَإِن تَتَوَلَّوْا۟ يَسْتَبْدِلْ قَوْمًا غَيْرَكُمْ ثُمَّ لَا يَكُونُوٓا۟ أَمْثَـٰلَكُم ﴿٣٨﴾

Мына силер мал-мүлкүңөрдүн бир бөлүгүн Аллахжолуна сарптоогочакырылдыңар,силерден анын баарын сарпта деп талап кылынган жок. Араңарда кээ бирлер сараңдыктан улам талап кылынган өлчөмдү бербейт. Кимде-ким мал-мүлкүнүн бир бөлүгүн Аллах жолуна сарптоого сараңдык кылса, анда ал аныгында сооптон куру калып өзүнө гана сараңдык кылды. Аллах Беймуктаж, Ал силердин сарптаганыңарга муктаж эмес. Силер Ага мужтажсыңар. Эгерде силер Исламдан каапырлыкка кайтсаңар, Ал силерди кыйратып, ордуңарга башка коомду алып келет. Кийин алар силердей болушпайт.Тескерисинче,алар Ага моюн сунушат. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Muhammad — محمد

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил