الٓر ۚ تِلْكَ ءَايَـٰتُ ٱلْكِتَـٰبِ وَقُرْءَانٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿١﴾
Алим, лаам, ро. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башталышында айтылган. Аллахтын алдынан түшкөндүгүн билдирген бийик даражалуу бул аяттар – жалгыз Аллахка сыйынууну жана шарияттарды ачыктап түшүндүргөн Куран аяттары
رُّبَمَا يَوَدُّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَوْ كَانُوا۟ مُسْلِمِينَ ﴿٢﴾
Кыямат күнү каапырларга баары ачык болгондо жана бул дүйнөдөгү алардын каапырлыгы жокко чыкканы билингенде алар мусулман болуунуэңсешет
ذَرْهُمْ يَأْكُلُوا۟ وَيَتَمَتَّعُوا۟ وَيُلْهِهِمُ ٱلْأَمَلُ ۖ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ ﴿٣﴾
Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларды тим кой! Алар малдарга окшоп жеп-ичип, бул убактылуу дүйнөнүн ырахаттарын пайдаланып жана дүйнөгө берилүү алардыыйман менен жакшылык иштерди кылуудан алаксыта берсин. Алар кыямат күнүАллахтын алдына келишкенде кандай жоготууга учурагандарын билишет
وَمَآ أَهْلَكْنَا مِن قَرْيَةٍ إِلَّا وَلَهَا كِتَابٌۭ مَّعْلُومٌۭ ﴿٤﴾
Зулумдук кылган шаарлардын кайсынысына кыйроону түшүрбөйлүк, Аллахтын илиминде анын белгиленген мөөнөтү болгон, ал алдыга да артка да жылдырылган эмес. ما تسبق من أمة أجلها وما يستٔخرون
مَّا تَسْبِقُ مِنْ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسْتَـْٔخِرُونَ ﴿٥﴾
Кайсы гана коом болбосун, анын кыйроо мөөнөтү келмейинче кыйроого учурабайт, кыйроо мөөнөтү келген болсо, анда ал кечиктирилбейт
وَقَالُوا۟ يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِى نُزِّلَ عَلَيْهِ ٱلذِّكْرُ إِنَّكَ لَمَجْنُونٌۭ ﴿٦﴾
Меккелик каапырлар пайгамбарга айтышты: «Эй, эскертме түшкөн адам! Чындыгында сен бул айткан сөзүң менен анык жиндисиң.Сен өзүндүжиндилердей алып жүрөсүң»
لَّوْ مَا تَأْتِينَا بِٱلْمَلَـٰٓئِكَةِ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّـٰدِقِينَ ﴿٧﴾
Сен чын эле жиберилген пайгамбар жана бизге азап келээринде чынчыл болсоң, сага күбөлүккө өткөн периштелерди алып келбейсиңби? بلغ Куран · Тафсир
مَا نُنَزِّلُ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةَ إِلَّا بِٱلْحَقِّ وَمَا كَانُوٓا۟ إِذًۭا مُّنظَرِينَ ﴿٨﴾
Алардын периштелерди алып келдеген сөздөрүнө Аллахжооп кылды:«Силерди азап менен жок кылууга убакыт келгенде Биз даанышмандык талап кылган абалда гана периштелерди түшүрөбүз. Биз периштелерди жибергенде алар ыйман келтиришпесе, аларга мөөнөт берилбейт. Тескерисинче, жазаныэрте алышат»
إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا ٱلذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُۥ لَحَـٰفِظُونَ ﴿٩﴾
Чындыгында бул Куранды Биз Мухаммаддын жүрөгүнө адамдарга эскертүү болуш үчүн түшүрдүк жана Куранды бурмалануудан, өзгөртүүдөн, ашырып же кемитүүдөн Өзүбүз сактайбыз
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ فِى شِيَعِ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿١٠﴾
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун каапырлык кылган абалкы жамааттарга пайгамбарларды жибергенибизде алардыжалганга чыгарышты. Коомуңдун сени жалганга чыгаруусу пайгамбарлардын арасынан сага биринчи жолу болуп жаткан жок. وما يأتيهم من رسول إلا كانوا به يستهزءون
وَمَا يَأْتِيهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ ﴿١١﴾
Абалкыкаапыр жамааттарга пайгамбар келсе, алар аныжалганга чыгарыштыжана анымазактап күлүштү
كَذَٰلِكَ نَسْلُكُهُۥ فِى قُلُوبِ ٱلْمُجْرِمِينَ ﴿١٢﴾
Биз ошол коомдордун жүрөктөрүнө жалганга чыгарууну салып койгон сыяктуу Мекке мушриктеринин жүрөктөрүнө да жүз буруунужана көк беттикти салып коёбуз
لَا يُؤْمِنُونَ بِهِۦ ۖ وَقَدْ خَلَتْ سُنَّةُ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿١٣﴾
Алар Мухаммадга түшүрүлгөн бул Куранга ыйман келтиришпейт. Буга чейин пайгамбарлар алып келгенди жалганга чыгарышкан адамдардын жок кылынганы тууралуу Аллахтын өкүмү болуп өттү. Эми сени жалганга чыгаргандар сабак алышсын
وَلَوْ فَتَحْنَا عَلَيْهِم بَابًۭا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ فَظَلُّوا۟ فِيهِ يَعْرُجُونَ ﴿١٤﴾
Ошол жалганга чыгаргандар менен көк беттик кылгандарга ачык-айкын далилдердин негизинде акыйкат көрүнүп турса дагыжана аларга асмандан эшик ачылып, көтөрүлүп баратышса дагы
لَقَالُوٓا۟ إِنَّمَا سُكِّرَتْ أَبْصَـٰرُنَا بَلْ نَحْنُ قَوْمٌۭ مَّسْحُورُونَ ﴿١٥﴾
Алар эч ишенишпейт жана сөзсүз айтышат: «Чындыгында көздөрүбүз башкаларды көрүүдөн тосулуп калды. Биз көрүп турган нерсе сыйкырдын гана таасири.Биз сыйкырланып калдык». بلغ Куран · Тафсир
وَلَقَدْ جَعَلْنَا فِى ٱلسَّمَآءِ بُرُوجًۭا وَزَيَّنَّـٰهَا لِلنَّـٰظِرِينَ ﴿١٦﴾
Биз асманда чоң жылдыздарды жараттык. Адамдар сапарга чыгышканда алар аркылуу кургактык менен деңиздеги караңгылыктардан жол табышат. Аларды Аллахтын кудуретине далил кылуулары үчүн ага көз чаптырып караган адамдар үчүн кооздоп койдук. وحفظنها من كل شيطن رجيم
وَحَفِظْنَـٰهَا مِن كُلِّ شَيْطَـٰنٍۢ رَّجِيمٍ ﴿١٧﴾
Ошондой эле асмандыАллахтын ырайымынан куулган бардык жин-шайтандардан коргоп койдук
إِلَّا مَنِ ٱسْتَرَقَ ٱلسَّمْعَ فَأَتْبَعَهُۥ شِهَابٌۭ مُّبِينٌۭ ﴿١٨﴾
Ал эми бийиктеги периштелер тобунун сөздөрүн жашырынып уккандардыболсо бир нурдуу жылдыз кууп жетип күйгүзөт
وَٱلْأَرْضَ مَدَدْنَـٰهَا وَأَلْقَيْنَا فِيهَا رَوَٰسِىَ وَأَنۢبَتْنَا فِيهَا مِن كُلِّ شَىْءٍۢ مَّوْزُونٍۢ ﴿١٩﴾
Адамдар жер бетинде жайгашуулары үчүн аны жайык кылдык. Ал адамдарды чайпабаш үчүн бекем тоолорду орноттук. Ошондой эле түрлүү өсүмдүктөрдү өстүрдүк. Булар даанышмандыктын талабына ылайык чектелип белгиленген. وجعلنا لكم فيها معيش ومن لستمله برزقين
وَجَعَلْنَا لَكُمْ فِيهَا مَعَـٰيِشَ وَمَن لَّسْتُمْ لَهُۥ بِرَٰزِقِينَ ﴿٢٠﴾
Эй,адамдар!Биз силер үчүн жер бетинде жашаган учуруңарда күн көрүүңөр үчүн тамак-аш жана суусундуктарды жараттык. Ошондой эле силерден башка силердин ырыскыңарсыз күн көрүшкөн адамдар менен жаныбарлар үчүн да жараттык
وَإِن مِّن شَىْءٍ إِلَّا عِندَنَا خَزَآئِنُهُۥ وَمَا نُنَزِّلُهُۥٓ إِلَّا بِقَدَرٍۢ مَّعْلُومٍۢ ﴿٢١﴾
Адамдар жана жаныбарлар пайдаланышкан кандай гана нерсе болбосун, Биз аны жаратууга жана ал аркылуу адамдарга пайда бергенге кудуреттүүбүз. Биз ошолордон кандай гана нерселерди жаратпайлы, алар Биздин даанышмандыгыбыздын талабына ылайык чектелип белгиленген өлчөмдө болот
وَأَرْسَلْنَا ٱلرِّيَـٰحَ لَوَٰقِحَ فَأَنزَلْنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَأَسْقَيْنَـٰكُمُوهُ وَمَآ أَنتُمْ لَهُۥ بِخَـٰزِنِينَ ﴿٢٢﴾
Биз булуттарды чаңдаштыруучу шамалдарды жибердик. Чаңдашкан булуттардан жамгыр жаадырдык. Жамгырдын суусу менен силерди сугардык. Эй, адамдар! Жер бетиндеги бул сууларды булак жана кудуктарга силер топтобойсуңар. Акыйкатта аларды Аллах Өзү гана топтойт
وَإِنَّا لَنَحْنُ نُحْىِۦ وَنُمِيتُ وَنَحْنُ ٱلْوَٰرِثُونَ ﴿٢٣﴾
Чындыгында Биз Өзүбүз гана жоктон жаратып жана өлгөнгөн кийин кайра жан жан салуу менен өлүктөрдү тирилтебиз. Ошондой эле тирүүлөрдүн ажалдарыкелгенде алардыөлтүрөбүз. Биз жер бетин жана андагыларды بلغ Куран · Тафсир мурас кылып Өзүбүз гана калабыз
وَلَقَدْ عَلِمْنَا ٱلْمُسْتَقْدِمِينَ مِنكُمْ وَلَقَدْ عَلِمْنَا ٱلْمُسْتَـْٔخِرِينَ ﴿٢٤﴾
Биз силерден алдын жана кийин ким төрөлгөнүн жана ким өлгөнүн билгенбиз. Булардын бири да Бизге жашыруун эмес
وَإِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَحْشُرُهُمْ ۚ إِنَّهُۥ حَكِيمٌ عَلِيمٌۭ ﴿٢٥﴾
Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиң алардын жакшылык кылгандарына сыйлык, жамандык кылгандарына жазасын бериш үчүн баарысын кыямат күнү чогултат. Чындыгында Ал башкаруусунда Даанышман жана Ал бардык нерсени Билүүчү
وَلَقَدْ خَلَقْنَا ٱلْإِنسَـٰنَ مِن صَلْصَـٰلٍۢ مِّنْ حَمَإٍۢ مَّسْنُونٍۢ ﴿٢٦﴾
Биз Адамдычертсе үн чыккан кургак ылайдан жараттык. Ал жаратылган бул ылай көп убакыт турганыүчүн жыты өзгөрүп, кара түстө болчу
وَٱلْجَآنَّ خَلَقْنَـٰهُ مِن قَبْلُ مِن نَّارِ ٱلسَّمُومِ ﴿٢٧﴾
Алэми Адамдан мурун жиндердин түпкүатасын жалындаган күчтүүоттон жараттык
وَإِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلَـٰٓئِكَةِ إِنِّى خَـٰلِقٌۢ بَشَرًۭا مِّن صَلْصَـٰلٍۢ مِّنْ حَمَإٍۢ مَّسْنُونٍۢ ﴿٢٨﴾
Оо, пайгамбар! Раббиңдин периштелерге жана алар менен чогу болгон Иблиске айтканын эсте: «Мен жакында кургак ылайдан адамдыжаратам. Анычерткенде үн чыккан, жытыөзгөргөн кара түстө болот». فإذا سويته ونفخت فيه من روحى فقعواله سجدين
فَإِذَا سَوَّيْتُهُۥ وَنَفَخْتُ فِيهِ مِن رُّوحِى فَقَعُوا۟ لَهُۥ سَـٰجِدِينَ ﴿٢٩﴾
Аныкелбетине келтирип, дене-түзүлүшүн толуктагандан кийин Менин буйругума баш ийип жана ага саламдашып сажда кылгыла
فَسَجَدَ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ كُلُّهُمْ أَجْمَعُونَ ﴿٣٠﴾
Периштелер моюн сунушту.Раббиси аларга буйрук кылгандай баарысыага сажда кылышты
إِلَّآ إِبْلِيسَ أَبَىٰٓ أَن يَكُونَ مَعَ ٱلسَّـٰجِدِينَ ﴿٣١﴾
Бирок Иблис периштелер менен бирге Адамга сажда кылуудан баш тартты. Ал периштелер менен болсо дагы алардан эмес эле. بلغ Куран · Тафсир
قَالَ يَـٰٓإِبْلِيسُ مَا لَكَ أَلَّا تَكُونَ مَعَ ٱلسَّـٰجِدِينَ ﴿٣٢﴾
Иблис Адамга сажда кылуудан баш тарткандан кийин Аллах андан: «Менин буйругума баш ийип сажда кылышкан периштелер менен бирге сажда кылуудан сени эмне тосту?»– деп сурады. قال لم أكن لأسجدلبشر خلقته من صلصل من حمإ مسنون
قَالَ لَمْ أَكُن لِّأَسْجُدَ لِبَشَرٍ خَلَقْتَهُۥ مِن صَلْصَـٰلٍۢ مِّنْ حَمَإٍۢ مَّسْنُونٍۢ ﴿٣٣﴾
Иблис текеберленип айтты: «Менин адамга сажда кылганым туура эмес. Сен аны кургаган ылайдан жараттың. Ал өзгөргөн кара түстөгү ылай»
قَالَ فَٱخْرُجْ مِنْهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٌۭ ﴿٣٤﴾
Аллах Иблиске айтты: «Бейиштен чык! Чындыгында сен куулгандардансың
وَإِنَّ عَلَيْكَ ٱللَّعْنَةَ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلدِّينِ ﴿٣٥﴾
Сен кыяматка чейин Менин каргышыма калдың жана ырайымымдан куулдуң»
قَالَ رَبِّ فَأَنظِرْنِىٓ إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ ﴿٣٦﴾
Иблис айтты: «Оо, Раббим! Анда мага жаратылгандар кайра тирилүүчү күнгө чейин мени өлтүрбөй мөөнөт бер»
قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ ٱلْمُنظَرِينَ ﴿٣٧﴾
Аллахага айтты: «Албетте сен ажалыкечиктирилип мөөнөт берилгендерден болдуң
إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْوَقْتِ ٱلْمَعْلُومِ ﴿٣٨﴾
Сурнай тартылып бардык жаратылгандар өлгөн убакытка чейин»
قَالَ رَبِّ بِمَآ أَغْوَيْتَنِى لَأُزَيِّنَنَّ لَهُمْ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَأُغْوِيَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ ﴿٣٩﴾
Иблис айтты: «Оо, Раббим! Сен мени адаштырганың себептүү мен дагы аларга жер бетинде күнөөлөрдү кооз кылып көргөзөм жана алардын баарысын туура жолдон сөзсүз адаштырам
إِلَّا عِبَادَكَ مِنْهُمُ ٱلْمُخْلَصِينَ ﴿٤٠﴾
Бир гана Өзүңө сыйынууүчүн тандап алган пенделериңден башкасын». قال هذا صرط على مستقيم
قَالَ هَـٰذَا صِرَٰطٌ عَلَىَّ مُسْتَقِيمٌ ﴿٤١﴾
Аллах айтты: «Бул – Мага жеткирүүчү түз жол. بلغ Куран · Тафсир
إِنَّ عِبَادِى لَيْسَ لَكَ عَلَيْهِمْ سُلْطَـٰنٌ إِلَّا مَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلْغَاوِينَ ﴿٤٢﴾
Чындыгында Менин ыкластуу пенделеримди азгырууга кудуретиң жетпейт жана аларды башкара да албайсың. Бирок сени ээрчип адашкандардыгана башкара аласың». وإ ن جهن م لموعدهم أجمعين
وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمَوْعِدُهُمْ أَجْمَعِينَ ﴿٤٣﴾
Чындыгында тозок Иблис жана аныээрчиген бардык адашкандарга убада кылынган жай. لها سبعةأبوب لكل باب منهم جزءمقسوم
لَهَا سَبْعَةُ أَبْوَٰبٍۢ لِّكُلِّ بَابٍۢ مِّنْهُمْ جُزْءٌۭ مَّقْسُومٌ ﴿٤٤﴾
Алар кире турган тозоктун жети эшиги бар.Анын ар бир эшигинен Иблисти ээрчигендерден кире турган белгилүү өлчөм бар
إِنَّ ٱلْمُتَّقِينَ فِى جَنَّـٰتٍۢ وَعُيُونٍ ﴿٤٥﴾
Чындыгында Раббисинин буйруктарына моюн сунуп, тыйгандарынан алыстап Андан корккондор үчүн бейиш бактарыжана булактар бар
ٱدْخُلُوهَا بِسَلَـٰمٍ ءَامِنِينَ ﴿٤٦﴾
Алар кирип баратканда аларга айтылат: «Балээ-коркунучтардан кутулуп саламаттыкта бейишке киргиле!» ونزعنا ما فى صدورهم من غل إخونا عل سرر متقبلين
وَنَزَعْنَا مَا فِى صُدُورِهِم مِّنْ غِلٍّ إِخْوَٰنًا عَلَىٰ سُرُرٍۢ مُّتَقَـٰبِلِينَ ﴿٤٧﴾
Биз алардын көкүрөктөрүнөн жек көрүүнүжана душмандыктыалып салдык.Алар бири-бирин жакшыкөргөн бир туугандар.Алар бет маңдай бири-бирин карап сөрүлөрдө отурушат. لا يمسهم فيها نصب وما هم منها بمخرجين
لَا يَمَسُّهُمْ فِيهَا نَصَبٌۭ وَمَا هُم مِّنْهَا بِمُخْرَجِينَ ﴿٤٨﴾
Алар бейиште чарчашпайт жана алжактан чыгышпайт.Алар бейиште түбөлүк калышат
۞ نَبِّئْ عِبَادِىٓ أَنِّىٓ أَنَا ٱلْغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ ﴿٤٩﴾
Оо, пайгамбар! Пенделериме билдир: «Чындыгында алардын тообокылгандарын Мен гана кечирем жана ырайым кылам»
وَأَنَّ عَذَابِى هُوَ ٱلْعَذَابُ ٱلْأَلِيمُ ﴿٥٠﴾
Жана Менин азабым – жан ооруткан азап экенин аларга жеткир. Алар Менин кечиримиме жетип, азабымдан кутулуш үчүн Мага тообо кылышсын. بلغ Куран · Тафсир ونبئهم عن ضيف إبرهيم
وَنَبِّئْهُمْ عَن ضَيْفِ إِبْرَٰهِيمَ ﴿٥١﴾
Ошондой эле Ибрахимге конок болуп келишкен периштелердин кабарын аларга жеткир. Алар ага балалуу болорун сүйүнчүлөп жана Луттун коомун жок кылууүчүн келишкен. إذ دخلواعليه فقالواسلما قال إنا منكم وجلون
إِذْ دَخَلُوا۟ عَلَيْهِ فَقَالُوا۟ سَلَـٰمًۭا قَالَ إِنَّا مِنكُمْ وَجِلُونَ ﴿٥٢﴾
Алар анын алдына «Салам!» деп айтып киришти. Ал алардын саламына андан да жакшыраак алик алды. Аларга жесин деп отко какталып бышкан торпоктун этин тартты. Аларды адамдардан деп ойлогон. Качан алардын тамактан жебегендерин көргөндө: «Биз силерден кооптонуп жатабыз»– деди. قالوالا توجل إنا نبشرك بغلم عليم
قَالُوا۟ لَا تَوْجَلْ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَـٰمٍ عَلِيمٍۢ ﴿٥٣﴾
Элчи периштелер ага:«Эчкоркпо!Биз сени кубандырган кабар алып келдик.Жакында сен илимдүүэркек балалуу болосуң» – дешти
قَالَ أَبَشَّرْتُمُونِى عَلَىٰٓ أَن مَّسَّنِىَ ٱلْكِبَرُ فَبِمَ تُبَشِّرُونَ ﴿٥٤﴾
Ибрахим балалуу болосуң деген кабарга таң кала аларга: «Мен карыган куракка келип картайып калсам кайдагы баланы сүйүнчүлөп жатасыңар? Кайсы негизге таянып сүйүнчүлөп жатасыңар?» – деди
قَالُوا۟ بَشَّرْنَـٰكَ بِٱلْحَقِّ فَلَا تَكُن مِّنَ ٱلْقَـٰنِطِينَ ﴿٥٥﴾
Элчи периштелер Ибрахимге: «Биз сага эч кандай шек-күмөнү жок чындыкты сүйүнчүлөдүк. Биз сага сүйүнчүлөгөн нерседен үмүтсүз калгандардан болбо»
قَالَ وَمَن يَقْنَطُ مِن رَّحْمَةِ رَبِّهِۦٓ إِلَّا ٱلضَّآلُّونَ ﴿٥٦﴾
Ибрахим айтты:«Раббисинин ырайымынан туура жолдон адашкандар гана үмүт үзүшөт»
قَالَ فَمَا خَطْبُكُمْ أَيُّهَا ٱلْمُرْسَلُونَ ﴿٥٧﴾
Ибрахим: «Оо, Аллах тараптан келген элчилер! Эмне иш менен келдиңер?» – деп сурады
قَالُوٓا۟ إِنَّآ أُرْسِلْنَآ إِلَىٰ قَوْمٍۢ مُّجْرِمِينَ ﴿٥٨﴾
Элчи периштелер айтышты: «Аллах бизди чоң бузукулук жана жамандык кылган Луттун коомун жок кылыш үчүн жиберди
إِلَّآ ءَالَ لُوطٍ إِنَّا لَمُنَجُّوهُمْ أَجْمَعِينَ ﴿٥٩﴾
Бир гана Луттун үй-бүлөсү менен аны ээрчигендер аман калышат. Алар кыйроого учурашпайт. Биз алардын баарысын алнерседен куткарабыз. بلغ Куран · Тафсир
إِلَّا ٱمْرَأَتَهُۥ قَدَّرْنَآ ۙ إِنَّهَا لَمِنَ ٱلْغَـٰبِرِينَ ﴿٦٠﴾
Бирок анын аялынан башкасын.Биз аныкыйроогодуушар болгондор менен калат деп өкүм кылдык
فَلَمَّا جَآءَ ءَالَ لُوطٍ ٱلْمُرْسَلُونَ ﴿٦١﴾
Элчи периштелер Луттун үй-бүлөсүнө эркектердин келбетинде келишти. قال إنكم قوم م نكرون
قَالَ إِنَّكُمْ قَوْمٌۭ مُّنكَرُونَ ﴿٦٢﴾
Лут пайгамбар аларга:«Силер чоочун экенсиңер»–деп айтты. قالوابل جئنك بما كانوافيه يمترون
قَالُوا۟ بَلْ جِئْنَـٰكَ بِمَا كَانُوا۟ فِيهِ يَمْتَرُونَ ﴿٦٣﴾
Элчи периштелер Лутка айтышты: «Эй, Лут! Коркпо! Биз элиң күмөн санаган кыйратуучу азапты алып келдик
وَأَتَيْنَـٰكَ بِٱلْحَقِّ وَإِنَّا لَصَـٰدِقُونَ ﴿٦٤﴾
Биз сага эч кандай тамашасыжок чындык менен келдик. Биз сага айткан сөзүбүздө чынчылбыз
فَأَسْرِ بِأَهْلِكَ بِقِطْعٍۢ مِّنَ ٱلَّيْلِ وَٱتَّبِعْ أَدْبَـٰرَهُمْ وَلَا يَلْتَفِتْ مِنكُمْ أَحَدٌۭ وَٱمْضُوا۟ حَيْثُ تُؤْمَرُونَ ﴿٦٥﴾
Түндүн бир бөлүгү өткөндөн кийин үй-бүлөң менен жолго чык. Алардын артында жүр. Алардын башына түшкөн нерсени көрүш үчүн араңардан эчким артын карабасын.Аллахсилерди буйруган жактыкөздөй жөнөгүлө
وَقَضَيْنَآ إِلَيْهِ ذَٰلِكَ ٱلْأَمْرَ أَنَّ دَابِرَ هَـٰٓؤُلَآءِ مَقْطُوعٌۭ مُّصْبِحِينَ ﴿٦٦﴾
Биз тагдыр кылган ал буйрукту Лутка аян аркылуу билдирдик. Ал буйрук – таң атканда ал коомдун бирин да калтырбай кыйратып жок кылууэле
وَجَآءَ أَهْلُ ٱلْمَدِينَةِ يَسْتَبْشِرُونَ ﴿٦٧﴾
Садумдун эли бузукулук кылуунукаалашып сүйүнгөн бойдон Луттун конокторуна жетип келишти
قَالَ إِنَّ هَـٰٓؤُلَآءِ ضَيْفِى فَلَا تَفْضَحُونِ ﴿٦٨﴾
Лут аларга айтты: «Бул адамдар менин конокторум. Булардан каалап жаткан нерсеңер менен мени шерменде кылбагыла!
وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَلَا تُخْزُونِ ﴿٦٩﴾
Бул бузукулукту таштап Аллахтан корккула! Бул жийиркеничтүү жоругуңар менен мени кордукка салбагыла». بلغ Куран · Тафсир
قَالُوٓا۟ أَوَلَمْ نَنْهَكَ عَنِ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٧٠﴾
Ага коому айтты: «Биз сени адамдардыконоктобо деп тыйган элек го?»
قَالَ هَـٰٓؤُلَآءِ بَنَاتِىٓ إِن كُنتُمْ فَـٰعِلِينَ ﴿٧١﴾
Конокторунун алдында кечирим сурап Лут аларга айтты: «Бул кыздар силердин аялдарыңардан. Эгерде шакыбат каалооңорду ишке ашыргыңар келсе, анда аларга үйлөнгүлө!» لعمرك إن هم لفى سكرتهم يعمهون
لَعَمْرُكَ إِنَّهُمْ لَفِى سَكْرَتِهِمْ يَعْمَهُونَ ﴿٧٢﴾
Оо, пайгамбар! Жашооңо ант болсун! Чындыгында Луттун коому ашып ташкан шакыбаттарында темселеп жүрүшөт
فَأَخَذَتْهُمُ ٱلصَّيْحَةُ مُشْرِقِينَ ﴿٧٣﴾
Күн чыгар маалда алардыөлтүрүүчү ачуу кыйкырык алды. فجعلنا عليها سافلها وأمطرنا عليهم حجارةمن سجيل
فَجَعَلْنَا عَـٰلِيَهَا سَافِلَهَا وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهِمْ حِجَارَةًۭ مِّن سِجِّيلٍ ﴿٧٤﴾
Анан Биз алардын шаарын астын-үстүн кылып салдык.Алардын үстүнө катып калган чопоташтардыжаадырдык. إن فىذلك لٔايت للمتوسمين
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّلْمُتَوَسِّمِينَ ﴿٧٥﴾
Чындыгында Луттун коомуна түшкөн кыйроо тууралуу бул айтылган нерселерде ой жүгүрткөндөр үчүн белгилер бар. وإن ها لبسبيل مقيم
وَإِنَّهَا لَبِسَبِيلٍۢ مُّقِيمٍ ﴿٧٦﴾
Чындыгында Луттун шаарыжолдун боюнда жайгашкан. Ал жерден өткөн жолоочулар аныкөрүшөт. إن فى ذلك لٔايةللمؤمنين
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةًۭ لِّلْمُؤْمِنِينَ ﴿٧٧﴾
Албетте булболгон окуяда андан сабак ала турган ыймандуулар үчүн белгилер бар
وَإِن كَانَ أَصْحَـٰبُ ٱلْأَيْكَةِ لَظَـٰلِمِينَ ﴿٧٨﴾
Чырмалып өскөн дарактуу шаардын жашоочуларыШуайбдын коому залымдар болушкан. Анткени алар Аллахка каапырлык кылыштыжана алардын пайгамбарыШуайбдыжалганга чыгарышты. بلغ Куран · Тафсир
فَٱنتَقَمْنَا مِنْهُمْ وَإِنَّهُمَا لَبِإِمَامٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿٧٩﴾
Биз аларды азапка салып өч алдык. Чындыгында Луттун коомунун шаары жана Шуайбдын элинин жашаган жерлери алжерден өткөндөрдүн кеңжолунун боюнда
وَلَقَدْ كَذَّبَ أَصْحَـٰبُ ٱلْحِجْرِ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿٨٠﴾
Хижаз менен Шамдын ортосунда жайгашкан Хижрдин жашоочулары Самуд да өздөрүнүн пайгамбары Салихти жалганга чыгаруу менен бардык пайгамбарлардыжалганга чыгарышты. وءاتينهم ءايتنا فكانواعنها معرضين
وَءَاتَيْنَـٰهُمْ ءَايَـٰتِنَا فَكَانُوا۟ عَنْهَا مُعْرِضِينَ ﴿٨١﴾
Ал Раббиси тараптан алып келген нерселерде чынчыл экендигине аларга далилдерди жана белгилерди бердик. Ошолордун бири төө эле.Алар булбелгилерден сабак алышпадыжана көңүлбурушпады
وَكَانُوا۟ يَنْحِتُونَ مِنَ ٱلْجِبَالِ بُيُوتًا ءَامِنِينَ ﴿٨٢﴾
Алар үй кылыш үчүн тоолордуоюшуп, ал жерде корккон нерселеринен коопсуздукта жашашчу
فَأَخَذَتْهُمُ ٱلصَّيْحَةُ مُصْبِحِينَ ﴿٨٣﴾
Таңга маал аларды ач айкырып азабы алды
فَمَآ أَغْنَىٰ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَكْسِبُونَ ﴿٨٤﴾
Алардын иштеп тапкан байлыктарыжана турак-жайларыалардыАллахтын азабынан коргой алган жок
وَمَا خَلَقْنَا ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَآ إِلَّا بِٱلْحَقِّ ۗ وَإِنَّ ٱلسَّاعَةَ لَـَٔاتِيَةٌۭ ۖ فَٱصْفَحِ ٱلصَّفْحَ ٱلْجَمِيلَ ﴿٨٥﴾
Биз асмандар менен Жерди жана ал экөөсүнүн ортосундагынерселерди себепсиз жөн эле жараткан жокпуз. Биз алардын баарысын акыйкат менен гана жараттык. Албетте кыямат сааты сөзсүз келүүчү. Эй, пайгамбар! Сени жалганга чыгаргандардан жүз бур жана алардыжакшылык менен кечир
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ ٱلْخَلَّـٰقُ ٱلْعَلِيمُ ﴿٨٦﴾
Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң – Ал бүткүл нерселерди Жаратуучу жана аларды Билүүчү
وَلَقَدْ ءَاتَيْنَـٰكَ سَبْعًۭا مِّنَ ٱلْمَثَانِى وَٱلْقُرْءَانَ ٱلْعَظِيمَ ﴿٨٧﴾
Биз сага жети аяттан турган фатиханы бердик. Ал – улуу Куран. بلغ Куран · Тафсир
لَا تَمُدَّنَّ عَيْنَيْكَ إِلَىٰ مَا مَتَّعْنَا بِهِۦٓ أَزْوَٰجًۭا مِّنْهُمْ وَلَا تَحْزَنْ عَلَيْهِمْ وَٱخْفِضْ جَنَاحَكَ لِلْمُؤْمِنِينَ ﴿٨٨﴾
Биз кээ бир каапырларга берген убактылуу жыргалчылыктарга кызыгып караба! Алардын жалганга чыгаргандарына кайгырба жана ыймандууларга кичипейил бол!
وَقُلْ إِنِّىٓ أَنَا ٱلنَّذِيرُ ٱلْمُبِينُ ﴿٨٩﴾
Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында мен азапты анык эскертүүчүмүн
كَمَآ أَنزَلْنَا عَلَى ٱلْمُقْتَسِمِينَ ﴿٩٠﴾
Мен силерди Аллахтын китептерин бөлүктөргө бөлгөндөрдүн башына Аллах түшүргөн нерсе силерге да жетишинен эскертемин. Алар кээ бирине ыйман келтирип, кээ бирине каапыр болушкан
ٱلَّذِينَ جَعَلُوا۟ ٱلْقُرْءَانَ عِضِينَ ﴿٩١﴾
Алар Курандыбөлүк-бөлүк кылышып: «Бул сыйкыр же төлгөө же ыр саптары»– деп айтышты. فوربك لنسٔلن هم أجمعين
فَوَرَبِّكَ لَنَسْـَٔلَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ ﴿٩٢﴾
Оо, пайгамбар! Раббиңе ант, Биз аны бөлүктөргө бөлгөндөрдүн баарысын кыямат күнү сөзсүз суракка алабыз. عما كانوا يعملون
عَمَّا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿٩٣﴾
Биз алардын бул дүйнөдө кылышкан каапырлыктары жана күнөөлөрү тууралуу сөзсүз сурайбыз
فَٱصْدَعْ بِمَا تُؤْمَرُ وَأَعْرِضْ عَنِ ٱلْمُشْرِكِينَ ﴿٩٤﴾
Оо, пайгамбар! Аллах сени даават кылууга буйруган нерсени жарыя кыл жана мушриктердин айткандарына жана кылгандарына көңүл бурба!
إِنَّا كَفَيْنَـٰكَ ٱلْمُسْتَهْزِءِينَ ﴿٩٥﴾
Жана алардан коркпо! Курайштын сени шылдыңдаган каапыр башчыларынын айлакерлигине Биз Өзүбүз жетиштүүбүз
ٱلَّذِينَ يَجْعَلُونَ مَعَ ٱللَّهِ إِلَـٰهًا ءَاخَرَ ۚ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ ﴿٩٦﴾
Алар Аллахменен катар башка нерселерди кудай кылып алышкандар.Жакында алар кылган ширктеринин жаман натыйжасын билишет. بلغ Куран · Тафсир ولقد نعلمأنك يضيق صدرك بما يقولون
وَلَقَدْ نَعْلَمُ أَنَّكَ يَضِيقُ صَدْرُكَ بِمَا يَقُولُونَ ﴿٩٧﴾
Оо, пайгамбар! Биз алардын сени шылдыңдап жана жалганга чыгарып жаткандары себептүү көкүрөгүң кысылып жатканын билебиз
فَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ وَكُن مِّنَ ٱلسَّـٰجِدِينَ ﴿٩٨﴾
Аллахка ылайык келбеген нерселерден Аныаруулап жана кемчиликсиз сыпаттар менен Ага мактоолорду айтып, Ага гана бет ал. Аллахка ибадат кылгандардан жана Ал үчүн намаз окугандардан бол. Бул нерседе сенин көкүрөгүңдүн кысылганына шыпаа бар
وَٱعْبُدْ رَبَّكَ حَتَّىٰ يَأْتِيَكَ ٱلْيَقِينُ ﴿٩٩﴾
Ошондой эле Раббиңе дайым ибадат кыл жана ошогобекем болуп сага өлүм келгенге чейинки тирүүлүгүңдө аны үзбөй улант. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран