أَتَىٰٓ أَمْرُ ٱللَّهِ فَلَا تَسْتَعْجِلُوهُ ۚ سُبْحَـٰنَهُۥ وَتَعَـٰلَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ ﴿١﴾
Эй, каапырлар! Аллах өкүм кылган силердин азабыңар да жакындап калды. Андыктан силер аны убактысынан мурун шаштырбагыла! Аллах мушриктердин Ага кылган шериктеринен Аруу жана Бийик
يُنَزِّلُ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةَ بِٱلرُّوحِ مِنْ أَمْرِهِۦ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنْ عِبَادِهِۦٓ أَنْ أَنذِرُوٓا۟ أَنَّهُۥ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱتَّقُونِ ﴿٢﴾
Аллах Өз элчилеринин кимисине кааласа, анда Өзүнүн өкүм-буйруктары менен: «Эй, элчилер! Адамдарды Аллахка ширк кылуудан коркуткула! Менден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Оо, адамдар! Андыктан менин буйруктарымды аткарып, тыйгандарымдан алыстап Менден корккула!» – деген кабар менен периштелерди түшүрөт
خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ بِٱلْحَقِّ ۚ تَعَـٰلَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ ﴿٣﴾
Аллах асмандар менен жерди мурда болбогондой көрүнүштө акыйкат менен жаратты. Алардыжөн эле жаратып койгон жок. АлардыӨзүнүн улуктугуна далил кылыш үчүн жаратты. Ал алардын кошкон шериктеринен аруу
خَلَقَ ٱلْإِنسَـٰنَ مِن نُّطْفَةٍۢ فَإِذَا هُوَ خَصِيمٌۭ مُّبِينٌۭ ﴿٤﴾
Ал инсанды алсыз бел суудан жаратты. Анын дене-түзүлүшү улам өөрчүп өстү. Кийин эле ал акыйкатты жок кылыш үчүн жалганга таянып,ачык эле талашып тартышкан адам болуп чыга келди
وَٱلْأَنْعَـٰمَ خَلَقَهَا ۗ لَكُمْ فِيهَا دِفْءٌۭ وَمَنَـٰفِعُ وَمِنْهَا تَأْكُلُونَ ﴿٥﴾
Оо, адамдар! Ошондой эле Ал силердин пайдаңар үчүн төө, уй, кой сыяктуу үй жаныбарларын жаратты. Ал эми бул пайдалардан – алардын жүндөрү жылуулук үчүн пайдаланылат. Ошондой эле алардын сүтүндө, терисинде жана алардыминүүдө башка дагыпайдалар бар жана алардан жейсиңер. ولكم فيها جمال حين تريحون وحين تسرحون
وَلَكُمْ فِيهَا جَمَالٌ حِينَ تُرِيحُونَ وَحِينَ تَسْرَحُونَ ﴿٦﴾
Ошондой эле алар кечинде жайыттан кайтып келишкенде жана таң эрте жайытка чыгышканда да силер үчүн кооздуктар бар
وَتَحْمِلُ أَثْقَالَكُمْ إِلَىٰ بَلَدٍۢ لَّمْ تَكُونُوا۟ بَـٰلِغِيهِ إِلَّا بِشِقِّ ٱلْأَنفُسِ ۚ إِنَّ رَبَّكُمْ لَرَءُوفٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿٧﴾
Бул үй жаныбарлары силер жолго чыкканда оор жүктөрүңөрдү адамдар үчүн кыйынчылык менен гана жетүү мүмкүн болгон шаарларга ташып барышат. Эй, адамдар! Чындыгында Раббиңер силерге өтө Мээримдүү, Ырайымдуу. Анткени Ал силерге бул үй жаныбарларын баш ийдирди. بلغ Куран · Тафсир
وَٱلْخَيْلَ وَٱلْبِغَالَ وَٱلْحَمِيرَ لِتَرْكَبُوهَا وَزِينَةًۭ ۚ وَيَخْلُقُ مَا لَا تَعْلَمُونَ ﴿٨﴾
Аллах силер миниш үчүн, жүгүңөрдү артыш үчүн жана адамдарга жагынганга кооздук болуш үчүн силерге жылкыларды, качырларды жана эшектерди жаратты. Ал Өзү жаратууну каалаган силер билбеген нерселерди жаратат
وَعَلَى ٱللَّهِ قَصْدُ ٱلسَّبِيلِ وَمِنْهَا جَآئِرٌۭ ۚ وَلَوْ شَآءَ لَهَدَىٰكُمْ أَجْمَعِينَ ﴿٩﴾
Өзүнүн ыраазылыгына жеткирген туура жолду ачыктап баяндоону Аллах Өз милдетине алган. Ал жол – Ислам дини. Жолдордун арасында акыйкаттан тайган шайтандын жолдору да бар. Исламдын жолунан башка бардык жолдор бурмаланган жолдор. Эгер Аллах баарыңар ыйманга келишиңерди каалаганда, анда Ал баарыңарга ага жетүүгө ийгилик бермек
هُوَ ٱلَّذِىٓ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ ۖ لَّكُم مِّنْهُ شَرَابٌۭ وَمِنْهُ شَجَرٌۭ فِيهِ تُسِيمُونَ ﴿١٠﴾
Ал силерге булуттардан суу түшүрдү. Ал суудан силер ичесиңер жана мал-жандыктарыңар да ичишет. Ошондой эле малыңар жайылган жайыттар да ошолсууменен көгөрүп жашылданат
يُنۢبِتُ لَكُم بِهِ ٱلزَّرْعَ وَٱلزَّيْتُونَ وَٱلنَّخِيلَ وَٱلْأَعْنَـٰبَ وَمِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةًۭ لِّقَوْمٍۢ يَتَفَكَّرُونَ ﴿١١﴾
Аллах ал суу аркылуу силер жеп жаткан өсүмдүктөрдү өстүрөт жана аны менен силерге зайтунду, курмаларды, жүзүмдөрдү жана мөмө-жемиштердин бардык түрлөрүн өстүрөт. Албетте бул сууда жана андан чыккан нерселерде Аллахтын жараткандары тууралуу ой жүгүрткөн адамдар үчүн Анын кудуреттүүлүгүн билдирген далилдер бар.Алар ошолордуАллахтын кудуреттүүлүгүнө далилкылышат
وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلَّيْلَ وَٱلنَّهَارَ وَٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ ۖ وَٱلنُّجُومُ مُسَخَّرَٰتٌۢ بِأَمْرِهِۦٓ ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يَعْقِلُونَ ﴿١٢﴾
Ал силерге эс алышыңар үчүн түндү жана тиричилик кылышыңар үчүн күндүздү баш ийдирди. Жана жарык чачкан Күндү, нурун чачкан Айдыжана Анын тагдыр буйругу менен силерге карап жылган жылдыздардыбаш ийдирди. Силер алардын жардамы менен кургактык жана деңиз караңгылыктарында жол табасыңар жана убакыттарды билесиңер. Чындыгында бул баш ийдирүүдө – акылдарын иштеткен адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдер бар.Мына ошолор гана мындан эмне максат кылынганын аңдап билишет
وَمَا ذَرَأَ لَكُمْ فِى ٱلْأَرْضِ مُخْتَلِفًا أَلْوَٰنُهُۥٓ ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةًۭ لِّقَوْمٍۢ يَذَّكَّرُونَ ﴿١٣﴾
Аллах жер бетинде жараткан ар түрдүү кен байлыктарды, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана жашылча- жемиштерди силерге баш ийдирип койду. Чындыгында бул айтылган жаратууда жана моюн сундурууда насаат алган адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык далилдер бар. Алар Аллах кудуреттүү жана жакшылык кылуучуэкенин аңдап билишет. بلغ Куран · Тафсир ي
وَهُوَ ٱلَّذِى سَخَّرَ ٱلْبَحْرَ لِتَأْكُلُوا۟ مِنْهُ لَحْمًۭا طَرِيًّۭا وَتَسْتَخْرِجُوا۟ مِنْهُ حِلْيَةًۭ تَلْبَسُونَهَا وَتَرَى ٱلْفُلْكَ مَوَاخِرَ فِيهِ وَلِتَبْتَغُوا۟ مِن فَضْلِهِۦ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ ﴿١٤﴾
من فضله ولعلكم تشكرون Ал Аллах силерге деңизди баш ийдирип, анын үстүндө сүзүп жүрүүгө жана андагы нерселерди пайдаланууга мүмкүнчүлүк берди. Анткени силер андан жумшак эттүү балыктарды уулап жейсиңер, бермет сыяктуу асыл таштарды өзүңөр жана аялдарыңар тагыныш үчүн деңизден аласыңар. Ошондой эле кемелер деңиз толкундарынан сүзүп өткөндөрүн көрөсүңөр. Силер ал кемелерге соода-сатыктан түшкөн пайда сыяктуу Аллахтын жакшылыктарына жетиш үчүн отурасыңар. Силер муну Аллах берген жакшылыктарга шүгүр кылууну каалап,Анын Өзүнө гана ибадат кыласыңар
وَأَلْقَىٰ فِى ٱلْأَرْضِ رَوَٰسِىَ أَن تَمِيدَ بِكُمْ وَأَنْهَـٰرًۭا وَسُبُلًۭا لَّعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ ﴿١٥﴾
Жер бетинде силерди чайпабаш үчүн жана кыймылдатпаш үчүн аны бекем кармаган тоолорду орнотту. Жана силер өзүңөр ичип, малдарыңарды жана эгинзарыңарды сугарыш үчүн жер бетинде дарыяларды агызды. Ошондой эле силер жүрүш үчүн жолдордукылды.Алар менен көздөгөн жериңерге адашпастан жетесиңер
وَعَلَـٰمَـٰتٍۢ ۚ وَبِٱلنَّجْمِ هُمْ يَهْتَدُونَ ﴿١٦﴾
Ал силер үчүн жер бетинде ачык белгилерди кылды. Силер аларга карап күндүзү жол жүрөсүңөр. Жана Ал силер түндөсү жол табууңар үчүн асманда жылдыздарды кылды
أَفَمَن يَخْلُقُ كَمَن لَّا يَخْلُقُ ۗ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ ﴿١٧﴾
Мына ушул жана башка нерселерди жараткан менен эч нерсени жарата албаганыбирдейби?! Бардык нерселерди жараткан Аллахтын улуктугуң эстебейсиңерби? Жалгыз Ага гана сыйынгыла жана эч бир нерсени жарата албагандардыАга шерик кылбагыла
وَإِن تَعُدُّوا۟ نِعْمَةَ ٱللَّهِ لَا تُحْصُوهَآ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَغَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿١٨﴾
Оо,адамдар!Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарын эсептей турган болсоңор,анын көптүгүнөн жана ар түрдүүлүгүнөн анын эсебине жете албайсыңар. Чындыгында Аллах өтө Кечиримдүү, анткени Ал силерди шүгүр кылууну унутканыңар үчүн жазалаган жок. Ал Ырайымдуу, анткени Ал силердин кылган күнөөлөрүңөр же шүгүр кылуудагыкемчиликтериңер үчүн жакшылыктарын бербей койгон жок
وَٱللَّهُ يَعْلَمُ مَا تُسِرُّونَ وَمَا تُعْلِنُونَ ﴿١٩﴾
Эй, пенделер! Аллах силердин жашырган иштериңерди билет жана ачык кылган иштериңерди да билет. Ага эч нерсе жашыруун эмес.Алсилерге кылган ишиңердин сыйлыгын же жазасын берет. بلغ Куран · Тафсир
وَٱلَّذِينَ يَدْعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ لَا يَخْلُقُونَ شَيْـًۭٔا وَهُمْ يُخْلَقُونَ ﴿٢٠﴾
Ал эми мушриктердин Аллахтан башка сыйынган кудайлары аз нерсени да жарата алышпайт. Алардын Аллахтан башка сыйынган кудайчаларын жасаган да өздөрү. Анан кантип Аллахты таштап өз колдору менен жасаган нерселерине сыйынып жатышат?!
أَمْوَٰتٌ غَيْرُ أَحْيَآءٍۢ ۖ وَمَا يَشْعُرُونَ أَيَّانَ يُبْعَثُونَ ﴿٢١﴾
Өз колдору менен жасашып алып өздөрү аларга сыйынышат. Алар эч нерсени билбеген жансыз заттар. Алар кыямат күнү сыйынуучуларыменен тозоккобирге ыргытылууларыүчүн качан тирилишерин да билишпейт
إِلَـٰهُكُمْ إِلَـٰهٌۭ وَٰحِدٌۭ ۚ فَٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ قُلُوبُهُم مُّنكِرَةٌۭ وَهُم مُّسْتَكْبِرُونَ ﴿٢٢﴾
Силердин чыныгы кудайыңар эч бир шериги жок болгон жалгыз кудай – ал Аллах. Ал эми акыретте сурак үчүн кайра тирилүүгө ишенбегендердин жүрөктөрүндө коркунучболбогонуүчүн алар Аллахтын жалгыздыгынын четке кагышат. Алар суракка да, жазага да ишенишпейт. Алар акыйкатты кабыл алышпаган жана ага моюн сунбаган текеберлер
لَا جَرَمَ أَنَّ ٱللَّهَ يَعْلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعْلِنُونَ ۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلْمُسْتَكْبِرِينَ ﴿٢٣﴾
Эч шексиз Аллах алардын жашырган иштерин билет жана ачык кылган иштерин да билет. Ал үчүн аларга сыйлык же жазасын берет. Чындыгында Аллахка моюн сунуп, Ага сыйынуудан текеберленгендерди жакшы көрбөйт. Тескерисинче, алардыушунчалык жек көрөт
وَإِذَا قِيلَ لَهُم مَّاذَآ أَنزَلَ رَبُّكُمْ ۙ قَالُوٓا۟ أَسَـٰطِيرُ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿٢٤﴾
Аллахтын жалгыздыгын четке кагып, кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандарга: «Аллах Мухаммадга эмнени түшүрдү?» – деп айтылса, алар: «Ага эч нерсе түшкөн жок. Чындыгында ал өз оюнан эле мурункулардын окуяларын жана уламыштарын алып келди» – дешет
لِيَحْمِلُوٓا۟ أَوْزَارَهُمْ كَامِلَةًۭ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۙ وَمِنْ أَوْزَارِ ٱلَّذِينَ يُضِلُّونَهُم بِغَيْرِ عِلْمٍ ۗ أَلَا سَآءَ مَا يَزِرُونَ ﴿٢٥﴾
Алардын натыйжасы–өздөрүнүн күнөөлөрүн толук көтөрүүжана наадандыктан,сокур ээрчүүдөн улам Исламдан адаштыргандардын да күнөөлөрүн көтөрүү болду. Өз күнөөлөрүн жана аларды ээрчигендердин да күнөөлөрүн көтөрүү кандай жаман!
قَدْ مَكَرَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ فَأَتَى ٱللَّهُ بُنْيَـٰنَهُم مِّنَ ٱلْقَوَاعِدِ فَخَرَّ عَلَيْهِمُ ٱلسَّقْفُ مِن فَوْقِهِمْ وَأَتَىٰهُمُ ٱلْعَذَابُ مِنْ حَيْثُ لَا يَشْعُرُونَ ﴿٢٦﴾
لا يشعرون Алардан мурунку каапырлар да пайгамбарларына айла-амалдарды кылышкан. Кийин Аллах алардын турак- жайларын орду түбү менен бузуп таштады, алардын чатырлары үстүлөрүнө кулады. Алар күтпөгөн тараптан аларга азап келди.Алар турак-жайларыкоргойт деп ойлошкон,бирок алар менен кошокыйрап жок болду. بلغ Куран · Тафсир
ثُمَّ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ يُخْزِيهِمْ وَيَقُولُ أَيْنَ شُرَكَآءِىَ ٱلَّذِينَ كُنتُمْ تُشَـٰٓقُّونَ فِيهِمْ ۚ قَالَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْعِلْمَ إِنَّ ٱلْخِزْىَ ٱلْيَوْمَ وَٱلسُّوٓءَ عَلَى ٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿٢٧﴾
Андан кийин Аллах аларды азаптап кордойт. Аларга айтылат: «Сыйынууда Мага шерик кылган, алар үчүн пайгамбарларым жана ыймандуулар менен душмандашкан Мага шерик кылгандарыңар кайда?!». Ошондо чыныгыаалымдар айтышат: «Чындыгында кыямат күнү кордук жана азап каапырлардын башына түшөт»
ٱلَّذِينَ تَتَوَفَّىٰهُمُ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ ظَالِمِىٓ أَنفُسِهِمْ ۖ فَأَلْقَوُا۟ ٱلسَّلَمَ مَا كُنَّا نَعْمَلُ مِن سُوٓءٍۭ ۚ بَلَىٰٓ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌۢ بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿٢٨﴾
Аллахка каапырлык кылышып өздөрүнө зулумдук кылгандардын жандарын өлүм периштеси жана анын жардамчыпериштелери алып жатканда алар баштарына түшкөн өлүмгө моюн сунушуп,бирок каапырлыктарын жана күнөөлөрүн четке кагышты. Алар четке какканыбыз пайда берет деп ойлошту. Ошондо аларга: «Силер жалган айттыңар! Силер буга чейин күнөөлөрдү кылган каапыр элеңер. Чындыгында Аллах силердин бул дүйнөдө эмне кылганыңарды билет. Ага мунун эч бири жашыруун эмес. Ал жакында силерди ал үчүн жазалайт» – деп айтылат
فَٱدْخُلُوٓا۟ أَبْوَٰبَ جَهَنَّمَ خَـٰلِدِينَ فِيهَا ۖ فَلَبِئْسَ مَثْوَى ٱلْمُتَكَبِّرِينَ ﴿٢٩﴾
Аларга айтылат: «Кылган иш-аракеттериңерге жараша тозоктун эшиктеринен киргиле! Ал жайда түбөлүк каласыңар. Аллахка ыйман келтирип, жалгыз Ага сыйынуудан текеберленгендердин жайыкандай жаман!»
۞ وَقِيلَ لِلَّذِينَ ٱتَّقَوْا۟ مَاذَآ أَنزَلَ رَبُّكُمْ ۚ قَالُوا۟ خَيْرًۭا ۗ لِّلَّذِينَ أَحْسَنُوا۟ فِى هَـٰذِهِ ٱلدُّنْيَا حَسَنَةٌۭ ۚ وَلَدَارُ ٱلْـَٔاخِرَةِ خَيْرٌۭ ۚ وَلَنِعْمَ دَارُ ٱلْمُتَّقِينَ ﴿٣٠﴾
Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккон адамдардан: «Силердин пайгамбарыңарга Раббиңер эмне түшүрдү?» – деп суралганда, алар: «Аллах ага улуу жакшылыкты түшүрдү» – дешет. Аллахка талаптагыдай ибадат кылышып жана бул дүйнө жашоосунда адамдар менен жакшы мамиледе болгондор үчүн жеңиш жана мол ырыскыж.б. жакшысыйлыктар бар. Ал эми Аллахтын алар үчүн акыретте даярдап койгон сыйлыгы – аларга бул дүйнөдө бергенинен да жакшыраак. Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарынан алыстаган такыбалардын жайыболгон акырет жайыкандай сонун!
جَنَّـٰتُ عَدْنٍۢ يَدْخُلُونَهَا تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ ۖ لَهُمْ فِيهَا مَا يَشَآءُونَ ۚ كَذَٰلِكَ يَجْزِى ٱللَّهُ ٱلْمُتَّقِينَ ﴿٣١﴾
Булалар кирип турукташып жашашкан бейиштер!Андагыкан сарайлардын жана бак-дарактардын алдыларынан дарыялар агып турат.Алар үчүн булбейиштерде көңүлдөр самаган тамак-аштар,суусундуктар ж.б.нерселер бар. Мухаммаддын үммөтүндөгү такыбаларга берилген мындай сыйлык – мурунку үммөттөрдүн такыбаларына да берилет
ٱلَّذِينَ تَتَوَفَّىٰهُمُ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ طَيِّبِينَ ۙ يَقُولُونَ سَلَـٰمٌ عَلَيْكُمُ ٱدْخُلُوا۟ ٱلْجَنَّةَ بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿٣٢﴾
Жүрөктөрү каапырлыктан таза болгон абалдагыадамдардын жандарын өлүм периштеси жана анын жардамчы периштелери алып жатышканда аларга кайрылып: «Силерге тынчтык болсун! Бардык балээлерден кутулдуңар. Бул дүйнөдө туура ишенимди тутунуп жана жакшыиштерди кылганыңар үчүн бейишке киргиле!»–деп айтышат. بلغ Куран · Тафсир
هَلْ يَنظُرُونَ إِلَّآ أَن تَأْتِيَهُمُ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ أَوْ يَأْتِىَ أَمْرُ رَبِّكَ ۚ كَذَٰلِكَ فَعَلَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۚ وَمَا ظَلَمَهُمُ ٱللَّهُ وَلَـٰكِن كَانُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ ﴿٣٣﴾
Ал мушриктер менен жалганчылар аларга өлүм периштеси жана анын жардамчыпериштелери жандарын алыш үчүн жана жүздөрүменен жондоруна урууүчүн келишин,же болбосоалар бул дүйнөдө азап менен жок кылынсын деген Аллахтын буйругукелишин күтүп жатышабы?Меккелик мушриктер кылып жатышкан мына ушундай ишти алардан мурунку мушриктер да кылышкан. Ошол себептен Аллах аларды кыйратып жок кылды. Аларды жок кылганда Ал аларга зулумдук кылган жок. Бирок алар Аллахка кылган каапырлыктары себептүү өздөрүн кыйроого учуратып зулумдук кылышты. فأصابهم سئات ما عملواوحاق بهم ما كانوابه يستهزءون
فَأَصَابَهُمْ سَيِّـَٔاتُ مَا عَمِلُوا۟ وَحَاقَ بِهِم مَّا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ ﴿٣٤﴾
Алардын кылган иштеринин жазасы өз баштарына түштү жана аларга эскертилгенде алар шылдыңдап күлүшкөн азап алардыкурчап алды
وَقَالَ ٱلَّذِينَ أَشْرَكُوا۟ لَوْ شَآءَ ٱللَّهُ مَا عَبَدْنَا مِن دُونِهِۦ مِن شَىْءٍۢ نَّحْنُ وَلَآ ءَابَآؤُنَا وَلَا حَرَّمْنَا مِن دُونِهِۦ مِن شَىْءٍۢ ۚ كَذَٰلِكَ فَعَلَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۚ فَهَلْ عَلَى ٱلرُّسُلِ إِلَّا ٱلْبَلَـٰغُ ٱلْمُبِينُ ﴿٣٥﴾
Аллах менен катар башкаларга сыйынып ширк кылгандар айтышты: «Эгерде Аллах бизди Өзүнө гана сыйынуубузду жана Ага ширк кылбашыбызды каалаганда, анда биз жана бизден мурунку ата-бабаларыбыз да Андан башка эч кимге сыйынмак эмес. Эгерде Ал биз бир нерсени арам кылышыбызды каалабаганда, анда биз аныарам кылмак эмеспиз». Мына ушундай эле жалган дооматтардымурунку каапырлар да айтышкан. Элчилерге жеткир деп буйрулган нерселерди ачык-айкын жеткирүү милдети гана жүктөлгөн. Алар аны жеткиришти. Эми каапырлар тагдырдышылтоолоп доомат кыла алышпайт. Анткени Аллах аларга каалоо, тандоо берди жана аларга пайгамбарларды жиберди
وَلَقَدْ بَعَثْنَا فِى كُلِّ أُمَّةٍۢ رَّسُولًا أَنِ ٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ وَٱجْتَنِبُوا۟ ٱلطَّـٰغُوتَ ۖ فَمِنْهُم مَّنْ هَدَى ٱللَّهُ وَمِنْهُم مَّنْ حَقَّتْ عَلَيْهِ ٱلضَّلَـٰلَةُ ۚ فَسِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَٱنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ ٱلْمُكَذِّبِينَ ﴿٣٦﴾
Биз мурунку ар бир коомго пайгамбар жибергенбиз. Ал өз коомун жалгыз Аллахка сыйынууга жана Андан башка айкелдер менен шайтандарга сыйынууну таштоону буйруган. Алардын арасында Аллах ийгилик берип Ага ыйман келтиргендери жана пайгамбары алып келгенди ээрчигендери бар. Жана алардын арасында Аллахка каапырлык кылгандары жана пайгамбарынан баш тарткандары бар. Аллах аларга ийгилик бербеди. Андыктан аларга адашуу милдет болду. Эми жалганчылардын башына азап жана кыйроо түшкөндөн кийин алардын акыбети кандай болгонун өз көзүңөр менен көрүшүчүн жер бетин кыдыргыла!
إِن تَحْرِصْ عَلَىٰ هُدَىٰهُمْ فَإِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهْدِى مَن يُضِلُّ ۖ وَمَا لَهُم مِّن نَّـٰصِرِينَ ﴿٣٧﴾
Оо, пайгамбар! Сен аларга колундан келишинче даават кылып, алардын туура жолго келишин кааласаң да жана анын себептерин кылсаң да Аллах Өзү адаштыргандарды туура жолго түшүүгө ийгилик бербейт жана аларды азаптан коргогон Аллахтан башка эчбир жардамчыболбойт. بلغ Куран · Тафсир ق
وَأَقْسَمُوا۟ بِٱللَّهِ جَهْدَ أَيْمَـٰنِهِمْ ۙ لَا يَبْعَثُ ٱللَّهُ مَن يَمُوتُ ۚ بَلَىٰ وَعْدًا عَلَيْهِ حَقًّۭا وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٣٨﴾
Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар ага эч кандай далили жок эле аны жокко чыгарып: «Аллах өлгөндөрдү кайра тирилтпейт» – деп баса белгилеп, аша чаап касам ичишти. Жок! Аллах бардык өлгөндөрдү кайра тирилтет. Анын убадасы чындык. Бирок адамдардын көпчүлүгү Аллах өлүктөрдү тирилтерин билишпейт. Алар кайра тирилүүнү четке кагышат
لِيُبَيِّنَ لَهُمُ ٱلَّذِى يَخْتَلِفُونَ فِيهِ وَلِيَعْلَمَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ أَنَّهُمْ كَانُوا۟ كَـٰذِبِينَ ﴿٣٩﴾
Аллахты жалгыздоо, кайра тирилүү жана пайгамбарлык тууралуу алар талашып тартышкан нерселеринин чындыгын көргөзүш үчүн жана каапырлар Аллахтын шериктери бар деп айткан сөздөрүндө жана кайра тирилүүнү жокко чыгарууда жалганчы экендиктерин билиш үчүн Аллах кыямат күнү алардын баарысын кайра тирилтет
إِنَّمَا قَوْلُنَا لِشَىْءٍ إِذَآ أَرَدْنَـٰهُ أَن نَّقُولَ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ ﴿٤٠﴾
Эгерде биз өлүктөрдү тирилтүүнү кааласак, анда аны кылуудан Бизди эч ким токтото албайт. Эгер биз аны кааласак, анда ага «Бол!» деп гана айтабыз, ал ошол замат сөзсүз ишке ашат
وَٱلَّذِينَ هَاجَرُوا۟ فِى ٱللَّهِ مِنۢ بَعْدِ مَا ظُلِمُوا۟ لَنُبَوِّئَنَّهُمْ فِى ٱلدُّنْيَا حَسَنَةًۭ ۖ وَلَأَجْرُ ٱلْـَٔاخِرَةِ أَكْبَرُ ۚ لَوْ كَانُوا۟ يَعْلَمُونَ ﴿٤١﴾
Каапырлар кысымга алып жана азапка салгандан кийин алар Аллахтын ыраазылыгын көздөшүп өз үй-жайларын, үй-бүлөлөрүн жана мал-мүлктөрүн таштап каапыр өлкөдөн Ислам өлкөсүнө көчкөндөрдү Биз бул дүйнөдө аларды барктай турган жайга жайгаштырабыз. Албетте акырет сыйлыгы андан да чоңураак. Анткени бейиш да ошолоргокирет. Эгерде көчпөгөндөр көчкөндөрдүн сообун билишкенде, анда алар да калбай көчүшмөк
ٱلَّذِينَ صَبَرُوا۟ وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ ﴿٤٢﴾
Аллах жолунда көчкөндөр – мына ошолор өз эли көрсөткөн зыяндарга жана өз үй-бүлөсүн, мекенин таштоого сабыр кылышкандар.Алар Аллахка моюн сунууга сабыр кылышкандар жана бардык иштеринде жалгыз Раббисине гана таянгандар. Ошол себептен Аллах аларга ушундай улуу сыйлыкты берди
وَمَآ أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ إِلَّا رِجَالًۭا نُّوحِىٓ إِلَيْهِمْ ۚ فَسْـَٔلُوٓا۟ أَهْلَ ٱلذِّكْرِ إِن كُنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ ﴿٤٣﴾
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун адамзаттан эркек кишилерге гана кабар түшүрүп аларды пайгамбар кылып жибергенбиз.Алэми периштелерден пайгамбар жиберген эмеспиз.БулБиздин адатта карманган жолубуз.Эгерде муну четке каксаңар, анда мурунку Китеп ээлеринен сурагыла. Алар силерге пайгамбарлар адамзаттан болгондугун айтышат. Алар периштелерден болгон эмес, эгер силер аларды адамзаттан эмес деп билген болсоңор
بِٱلْبَيِّنَـٰتِ وَٱلزُّبُرِ ۗ وَأَنزَلْنَآ إِلَيْكَ ٱلذِّكْرَ لِتُبَيِّنَ لِلنَّاسِ مَا نُزِّلَ إِلَيْهِمْ وَلَعَلَّهُمْ يَتَفَكَّرُونَ ﴿٤٤﴾
Биз адамзаттан болгон ошол пайгамбарлардыачык-айкын далилдер жана ыйык китептер менен жибердик. Оо, пайгамбар! Биз сага Куранды адамдарга түшүндүрүү зарыл болгон жерлерин ачыкташ үчүн түшүрдүк. Балким алар بلغ Куран · Тафсир акылдарын иштетип,андагыайтылгандардан сабак алышар
أَفَأَمِنَ ٱلَّذِينَ مَكَرُوا۟ ٱلسَّيِّـَٔاتِ أَن يَخْسِفَ ٱللَّهُ بِهِمُ ٱلْأَرْضَ أَوْ يَأْتِيَهُمُ ٱلْعَذَابُ مِنْ حَيْثُ لَا يَشْعُرُونَ ﴿٤٥﴾
Аллахтын жолунан тосуш үчүн айла-амалдарды кылгандар Аллах Карунду жерге жуттургандай аларды да жерге жуттуруудан же алар күтпөгөн тараптан аларга азап келүүсүнөн көңүлдөрүтынчпы?! أو يأخذهم فى تقلبهم فما هم بمعجزين
أَوْ يَأْخُذَهُمْ فِى تَقَلُّبِهِمْ فَمَا هُم بِمُعْجِزِينَ ﴿٤٦﴾
Же болбосоалар жер кесип жана тиричилик кылып жүрүшкөн учурда аларга азап келүүсүнөн көңүлдөрүтынчпы?! Алар андан коргонода кутула да алышпайт. أو يأخذهم عل تخوف فإن ربكم لرءوف رحيم
أَوْ يَأْخُذَهُمْ عَلَىٰ تَخَوُّفٍۢ فَإِنَّ رَبَّكُمْ لَرَءُوفٌۭ رَّحِيمٌ ﴿٤٧﴾
Же алар Аллахтан корккон абалда Анын азабына кабылышынан көңүлдөрү тынчпы?! Аллах алардыбардык абалда азаптоого кудуреттүү. Чындыгында Раббиңер өтө Мээримдүү, Ырайымдуу. Ал жазалоону эртелетпейт. Балким пенделери Ага тообокылып кайтышар
أَوَلَمْ يَرَوْا۟ إِلَىٰ مَا خَلَقَ ٱللَّهُ مِن شَىْءٍۢ يَتَفَيَّؤُا۟ ظِلَـٰلُهُۥ عَنِ ٱلْيَمِينِ وَٱلشَّمَآئِلِ سُجَّدًۭا لِّلَّهِ وَهُمْ دَٰخِرُونَ ﴿٤٨﴾
Жалганга чыгарган адамдар Анын жараткандарына ой жүгүртүү менен назар салышпайбы? Алардын көлөкөсү Раббисине моюн сунуп Ага чындап сажда кылган абалда күндүзү күндүн жүрүшүнө, түндөсү айдын жылышына карап оңго, солгожылып жатпайбы?
وَلِلَّهِ يَسْجُدُ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ مِن دَآبَّةٍۢ وَٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ وَهُمْ لَا يَسْتَكْبِرُونَ ﴿٤٩﴾
Асмандар менен жердеги жандыктардын баарысы жалгыз Аллахка гана сажда кылышат. Периштелер да жалгыз Ага гана сажда кылышат. Алар Аллахка ибадат кылуудан жана Ага моюн сунуудан текеберленишпейт
يَخَافُونَ رَبَّهُم مِّن فَوْقِهِمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ ۩ ﴿٥٠﴾
Алар дайым кылган ибадаттарына жана моюн сунгандарына карабастан Раббисинен коркушат. Ал Өз Заты, багынтуусужана бийлиги менен алардан жогору.Ошондой эле алар Раббиси буйруган ибадаттардыаткарышат
۞ وَقَالَ ٱللَّهُ لَا تَتَّخِذُوٓا۟ إِلَـٰهَيْنِ ٱثْنَيْنِ ۖ إِنَّمَا هُوَ إِلَـٰهٌۭ وَٰحِدٌۭ ۖ فَإِيَّـٰىَ فَٱرْهَبُونِ ﴿٥١﴾
Аллах бардык пенделерине айтты: «Эки кудай тутуп албагыла! Чындыгында Ал жалгыз чыныгы Кудай, Анын экинчиси да шериги да жок. Менден гана корккула жана Менден башка эч кимден коркпогула». بلغ Куран · Тафсир
وَلَهُۥ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَلَهُ ٱلدِّينُ وَاصِبًا ۚ أَفَغَيْرَ ٱللَّهِ تَتَّقُونَ ﴿٥٢﴾
Жаратууда, бийлик кылууда жана башкарууда асмандар менен жердеги нерселер жалгыз Ага гана таандык. Баш ийүү, жалбаруу, ыкластуулук жалгыз Ага гана тиешелүү. Эми силер Аллахтан башкадан коркуп жатасыңарбы?! Жок! Андан гана корккула!
وَمَا بِكُم مِّن نِّعْمَةٍۢ فَمِنَ ٱللَّهِ ۖ ثُمَّ إِذَا مَسَّكُمُ ٱلضُّرُّ فَإِلَيْهِ تَجْـَٔرُونَ ﴿٥٣﴾
Оо, адамдар! Силерде болгон диний жана дүйнөлүк жакшылыктардын баарысы бир Аллахтын Өзүнөн. Кийин силердин башыңарга балээ же оору же жакырлык түшсө, ал нерседен кутулуш үчүн жалгыз Ага гана дуба кылып жалбарасыңар. Ким жакшылыктарды берип, жамандыктардан куткарган болсо, анда жалгыз ошого гана сыйынуу милдет
ثُمَّ إِذَا كَشَفَ ٱلضُّرَّ عَنكُمْ إِذَا فَرِيقٌۭ مِّنكُم بِرَبِّهِمْ يُشْرِكُونَ ﴿٥٤﴾
Анан Ал силердин дубаңарды кабыл кылып, башыңарга түшкөн балээден куткаргандан кийин силердин бир тобуңар Раббисине ширк кылып, Аныменен катар башкаларга да сыйынып кетишти. Бул не деген жүзү каралык?!
لِيَكْفُرُوا۟ بِمَآ ءَاتَيْنَـٰهُمْ ۚ فَتَمَتَّعُوا۟ ۖ فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ ﴿٥٥﴾
Алардын Аллахка кылган ширктери – аларды кыйынчылыктан куткаруу сыяктуу Анын аларга кылган жакшылыктарын танууга түрттү. Мына ошондуктан аларга: «Эртеби-кечпи акырысилерге Аллахтын азабыкелгенге чейин берилген жакшылыктарга жыргай бергиле»–деп айтылат
وَيَجْعَلُونَ لِمَا لَا يَعْلَمُونَ نَصِيبًۭا مِّمَّا رَزَقْنَـٰهُمْ ۗ تَٱللَّهِ لَتُسْـَٔلُنَّ عَمَّا كُنتُمْ تَفْتَرُونَ ﴿٥٦﴾
Мушриктер өздөрүнүн эч нерсе билбеген, пайда-зыян бербеген жансыз кудайларына Биз аларга ырыскы кылып берген мал-мүлктөрүнүн бир бөлүгүн аларга жакындаш үчүн арнашат. Эй, мушриктер! Аллахка ант, силер кыямат күнү бул айкелдерди кудайлар деп жана мал-мүлкүңөрдөн алардын да энчиси бар деп ойлогонуңар үчүн сөзсүз сураласыңар
وَيَجْعَلُونَ لِلَّهِ ٱلْبَنَـٰتِ سُبْحَـٰنَهُۥ ۙ وَلَهُم مَّا يَشْتَهُونَ ﴿٥٧﴾
Мушриктер Аллахтын кыздары бар, алар периштелер деп ойлошот. Ошондой эле Ага перзентти таңуулашып, өздөрүнө жакпаган нерселерди Ага тийиштүү кылышат. Аллах алардын кылып жаткандарынан аруу жана ыйык. Ал эми өздөрүнө болсокөңүлдөрүнө жакканد уулбалдардыарнашат.Мындан да өткөн күнөө барбы?!
وَإِذَا بُشِّرَ أَحَدُهُم بِٱلْأُنثَىٰ ظَلَّ وَجْهُهُۥ مُسْوَدًّۭا وَهُوَ كَظِيمٌۭ ﴿٥٨﴾
Эгерде ал мушриктердин бирөөсүнө кыздуу болгону тууралуу кабар айтылса, анда уккан нерсесин ушунчалык жек көргөндүгүнөн жүзү карарып, жүрөгү кайгы-капага толуп кетет. Андан соң өзүнө жакпаган нерсени Аллахка тийиштүү кылат. بلغ Куран · Тафсир
يَتَوَٰرَىٰ مِنَ ٱلْقَوْمِ مِن سُوٓءِ مَا بُشِّرَ بِهِۦٓ ۚ أَيُمْسِكُهُۥ عَلَىٰ هُونٍ أَمْ يَدُسُّهُۥ فِى ٱلتُّرَابِ ۗ أَلَا سَآءَ مَا يَحْكُمُونَ ﴿٥٩﴾
Ал кыздуу болгондугу тууралуу айтылган сүйүнчү кабардын жамандыгынан намыстанып элге көрүнбөй жашырынып: «Бул кызды кордукка карабай алып калсамбы же жерге тирүүлөй көмүп салсамбы?» – деп өзүнчө сүйлөнөт. Мушриктердин бул кылган өкүмү кандай жаман!Анткени алар Раббисине өздөрүнө жакпаган нерсени өкүм кылышты
لِلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ مَثَلُ ٱلسَّوْءِ ۖ وَلِلَّهِ ٱلْمَثَلُ ٱلْأَعْلَىٰ ۚ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿٦٠﴾
ى Акыретке ыйман келтирбеген каапырларга балага болгон муктаждык, наадандык жана каапырлык сыяктуу эң төмөн сыпаттар таандык. Ал эми Аллахка улуулук, кемчилсиздик, беймуктаждык, илим сыяктуу мактоого арзыган бийик сыпаттар таандык. Ал Өз падышалыгында Кудуреттүү, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт. Ал жаратууда, башкарууда жана өкүм кылуудаم Даанышман
وَلَوْ يُؤَاخِذُ ٱللَّهُ ٱلنَّاسَ بِظُلْمِهِم مَّا تَرَكَ عَلَيْهَا مِن دَآبَّةٍۢ وَلَـٰكِن يُؤَخِّرُهُمْ إِلَىٰٓ أَجَلٍۢ مُّسَمًّۭى ۖ فَإِذَا جَآءَ أَجَلُهُمْ لَا يَسْتَـْٔخِرُونَ سَاعَةًۭ ۖ وَلَا يَسْتَقْدِمُونَ ﴿٦١﴾
Эгерде Аллах таала адамдарды зулумдуктары, каапырлыктары себептүү жазалай турган болсо, анда жер бетинде кыбыр эткен адам да жандык да калмак эмес. Бирок Ал Өз илиминде аларды белгилүү убакытка чейин кечиктирет. Эгер Анын илиминде белгиленген ошол убакыт келсе, анда алар аны бир аз мөөнөткө алдыга да артка да жылдыра алышпайт
وَيَجْعَلُونَ لِلَّهِ مَا يَكْرَهُونَ وَتَصِفُ أَلْسِنَتُهُمُ ٱلْكَذِبَ أَنَّ لَهُمُ ٱلْحُسْنَىٰ ۖ لَا جَرَمَ أَنَّ لَهُمُ ٱلنَّارَ وَأَنَّهُم مُّفْرَطُونَ ﴿٦٢﴾
Алар өздөрүнө жакпаган кыз перзентти Аллахка таңуулашат жана алар үчүн Аллахтын алдында эң жакшыдаража бар деп тилдери менен жалган сүйлөшөт. Эгер алар айткандай кайра тирилери чындык болсо, анда алар үчүн тозок болору анык. Алар ал жайга ташталат жана ал жактан эч качан чыгышпайт
تَٱللَّهِ لَقَدْ أَرْسَلْنَآ إِلَىٰٓ أُمَمٍۢ مِّن قَبْلِكَ فَزَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيْطَـٰنُ أَعْمَـٰلَهُمْ فَهُوَ وَلِيُّهُمُ ٱلْيَوْمَ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ ﴿٦٣﴾
Оо, Мухаммад! Аллахка ант, Биз сенден мурунку коомдорго да пайгамбарларды жибергенбиз. Бирок шайтан алар кылган ширкти, каапырлыкты жана күнөөлөрдү аларга кооз кылып көргөздү. Алар аны кыяматта бизге колдоо көргөзгөн колдоочуболот деп ойлошот.Алар үчүн кыяматта жан ооруткан азап бар
وَمَآ أَنزَلْنَا عَلَيْكَ ٱلْكِتَـٰبَ إِلَّا لِتُبَيِّنَ لَهُمُ ٱلَّذِى ٱخْتَلَفُوا۟ فِيهِ ۙ وَهُدًۭى وَرَحْمَةًۭ لِّقَوْمٍۢ يُؤْمِنُونَ ﴿٦٤﴾
Оо, пайгамбар! Биз сага адамдар талашып тартышып жаткан Аллахты жалгыздоо, кайра тирилүү жана шарият өкүмдөрү сыяктуу нерселерди жалпы адамдарга түшүндүрүп беришиң үчүн гана Куранды түшүрдүк. Ошондой эле Куран – туура жол жана Аллахка, пайгамбарларга, Курандагы келген нерселерге ыйман келтиргендер үчүн ырайымдуулук. Мына ошолор гана акыйкаттан пайда алышат. بلغ Куран · Тафсир
وَٱللَّهُ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَأَحْيَا بِهِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَآ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةًۭ لِّقَوْمٍۢ يَسْمَعُونَ ﴿٦٥﴾
Аллах асман тараптан жамгыр түшүрүп, ал себептүү какыраган как жерден өсүмдүктөрдү чыгарып жерге жан киргизди. Чындыгында жамгырдын асмандан түшүүсүндө жана ал аркылуу жерден өсүмдүктөрдү чыгаруусунда Аллахтын сөзүн угуп,ага ой жүгүрткөн адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдер бар
وَإِنَّ لَكُمْ فِى ٱلْأَنْعَـٰمِ لَعِبْرَةًۭ ۖ نُّسْقِيكُم مِّمَّا فِى بُطُونِهِۦ مِنۢ بَيْنِ فَرْثٍۢ وَدَمٍۢ لَّبَنًا خَالِصًۭا سَآئِغًۭا لِّلشَّـٰرِبِينَ ﴿٦٦﴾
Оо, адамдар! Чындыгында төөдө, уйда, койдо силер үчүн үлгү-сабактар бар. Биз силерди алардын курсагындагы бок-жини менен кандан турган заттын арасынан желиндери аркылуу сүт чыгарып ичиребиз. Буга карабастан ичкендерге жагымдуу таза, даамдуу сүт болуп чыгат
وَمِن ثَمَرَٰتِ ٱلنَّخِيلِ وَٱلْأَعْنَـٰبِ تَتَّخِذُونَ مِنْهُ سَكَرًۭا وَرِزْقًا حَسَنًا ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةًۭ لِّقَوْمٍۢ يَعْقِلُونَ ﴿٦٧﴾
Жана Биз силерге ырыскыкылып берген курманын жана жүзүмдүн мөмөлөрүндө да силер үчүн үлгү-сабактар бар. Силер алардан адамдын акылын мас кылган шараптарды чыгарасыңар. Бул жакшы эмес. Ошондой эле алардан курма, мейиз, сирке, коюу ширелерди чыгарып пайдаланасыңар. Чындыгында бул айтылгандарда Аллахтын кудуреттүүлүгүнө жана пенделерине кылган жакшылыктарына акылжүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар.Мына ошолор мындан сабак алышат
وَأَوْحَىٰ رَبُّكَ إِلَى ٱلنَّحْلِ أَنِ ٱتَّخِذِى مِنَ ٱلْجِبَالِ بُيُوتًۭا وَمِنَ ٱلشَّجَرِ وَمِمَّا يَعْرِشُونَ ﴿٦٨﴾
Оо, пайгамбар! Раббиң бал аарыга жол көргөзүп ага мындай деп илхам кылды: «Уяңды тоолорго сал, бак- дарактарга сал жана адамдар жапкан курулуштарга сал
ثُمَّ كُلِى مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ فَٱسْلُكِى سُبُلَ رَبِّكِ ذُلُلًۭا ۚ يَخْرُجُ مِنۢ بُطُونِهَا شَرَابٌۭ مُّخْتَلِفٌ أَلْوَٰنُهُۥ فِيهِ شِفَآءٌۭ لِّلنَّاسِ ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةًۭ لِّقَوْمٍۢ يَتَفَكَّرُونَ ﴿٦٩﴾
إن فى ذلك لٔايةلقوم يتفكرون Андан кийин өзүң каалаган мөмөлөрдөн жегин жана Раббиң сага баш ийдирип илхам кылган жолдор менен жүргүн». Мына ошол бал аарынын ичинен ак, сары ж.б. түрдүү түстөгү балдар чыгат. Анда адамдар үчүн шыпаа бар. Алар аны менен ооруларынан дарыланышат. Чындыгында бал аарыга кылынган илхамда жана анын ичинен чыккан балда Аллахтын кудуреттүүлүгү жана Ал жараткандарынын иштерин башкаруусу тууралуу ой жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар.Мына ошолор мындан сабак алышат
وَٱللَّهُ خَلَقَكُمْ ثُمَّ يَتَوَفَّىٰكُمْ ۚ وَمِنكُم مَّن يُرَدُّ إِلَىٰٓ أَرْذَلِ ٱلْعُمُرِ لِكَىْ لَا يَعْلَمَ بَعْدَ عِلْمٍۢ شَيْـًٔا ۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌۭ قَدِيرٌۭ ﴿٧٠﴾
Аллах силерди мурда болбогондой көрүнүштө жаратты. Кийин ажалыңар келгенде силерди өлтүрөт. Силердин араңарда өмүрдүн эң жаман баскычыболгон карылыкка жетип көп жашагандар бар.Ал мурда билгендеринин да унутуп калат. Чындыгында Аллах Билүүчү, Ага пенделеринин кылган иштеринин бири да жашыруун эмес. Ал Кудуреттүү, Аны эч нерсе алсырата албайт. بلغ Куран · Тафсир
وَٱللَّهُ فَضَّلَ بَعْضَكُمْ عَلَىٰ بَعْضٍۢ فِى ٱلرِّزْقِ ۚ فَمَا ٱلَّذِينَ فُضِّلُوا۟ بِرَآدِّى رِزْقِهِمْ عَلَىٰ مَا مَلَكَتْ أَيْمَـٰنُهُمْ فَهُمْ فِيهِ سَوَآءٌ ۚ أَفَبِنِعْمَةِ ٱللَّهِ يَجْحَدُونَ ﴿٧١﴾
Аллах таала силерге берген ырыскыда бириңерди башкаңардан артык кылып, силердин араңарда бай жана кедейлерди, башчы жана баш ийүүчүлөрдү кылды. Ал эми Аллах көп ырыскы берип артык кылгандары мал-мүлктө кулдары менен тең ата болуп алар менен шериктеш болобуз деп Аллахтын аларга берген нерселерин жокко чыгарышпайт. Эгерде алар өздөрүнө кулдары тең ата болуп шерик болуусун каалашпаса, анда неге Аллахка кулдарын Ага шерик кылууну каалап жатышат? Бул эмне деген зулумдук! Мындан да өткөн Аллахтын жакшылыктарын жокко чыгаруу барбы?!
وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّنْ أَنفُسِكُمْ أَزْوَٰجًۭا وَجَعَلَ لَكُم مِّنْ أَزْوَٰجِكُم بَنِينَ وَحَفَدَةًۭ وَرَزَقَكُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَـٰتِ ۚ أَفَبِٱلْبَـٰطِلِ يُؤْمِنُونَ وَبِنِعْمَتِ ٱللَّهِ هُمْ يَكْفُرُونَ ﴿٧٢﴾
Оо, адамдар! Аллах силерге ынак болсун деп өзүңөрдөн жубайларды жаратты жана жубайларыңардан балдарды, неберелерди жаратты. Силерге эт, дан азыктары, мөмө-жемиштер сыяктуу адал тамак-аштарды ырыскы кылды. Эми алар жалган кудайларга жана айкелдерге ыйман келтирип жатышабы?! Санаса санак жетпеген Аллахтын көптөгөн жакшылыктарын жоккочыгарып,жалгыз Ага ыйман келтирип шүгүр кылышпай жатабы?!
وَيَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَمْلِكُ لَهُمْ رِزْقًۭا مِّنَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ شَيْـًۭٔا وَلَا يَسْتَطِيعُونَ ﴿٧٣﴾
Ал мушриктер Аллахтан башка кудайларга сыйынышат. Алар болсо асмандар менен жерден аларга эч кандай ырыскыбере алышпайт жана аларга ээлик да кылышпайт. Анткени алар эч нерсени билбеген жансыз заттар
فَلَا تَضْرِبُوا۟ لِلَّهِ ٱلْأَمْثَالَ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَعْلَمُ وَأَنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ ﴿٧٤﴾
Эй, адамдар! Силерге пайда да зыян да бере албаган бул айкелдерди Аллахка окшотпогула! Сыйынууда Ага шерик кыла тургандай Анын эч кандай окшошу жок. Чындыгында Аллах Өзүнө тийиштүү улуктук жана кемчиликсиз сыпаттарды билет. Силер аны билбейсиңер. Ошондуктан Аны өзүңөрдүн кудайларыңарга окшоштуруп Ага ширк кылып атасыңар.ر
۞ ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلًا عَبْدًۭا مَّمْلُوكًۭا لَّا يَقْدِرُ عَلَىٰ شَىْءٍۢ وَمَن رَّزَقْنَـٰهُ مِنَّا رِزْقًا حَسَنًۭا فَهُوَ يُنفِقُ مِنْهُ سِرًّۭا وَجَهْرًا ۖ هَلْ يَسْتَوُۥنَ ۚ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٧٥﴾
Аллах мушриктерге жооп кылып мисал келтирет – эч нерсе кыла албаган, садака кылганга эч нерсеси жок алсыз кул жана Биз Өз алдыбыздан адал байлык берип, ал андан өзү каалагандай ачык да жашыруун сарптаган эркин адам экөөсү бири-бирине тең эмес. Силер Өз мүлкүн Өзү каалагандай сарптап башкарган Аллах менен алсыз кудайларыңарды кантип теңеп жатасыңар?! Аллах Өзү гана мактоолорго татыктуу. Бирок мушриктердин көпчүлүгү кудай болууга жана сыйынылууга жалгыз Аллах Өзү гана татыктуу экендигин билишпейт. بلغ Куран · Тафсир
وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلًۭا رَّجُلَيْنِ أَحَدُهُمَآ أَبْكَمُ لَا يَقْدِرُ عَلَىٰ شَىْءٍۢ وَهُوَ كَلٌّ عَلَىٰ مَوْلَىٰهُ أَيْنَمَا يُوَجِّههُّ لَا يَأْتِ بِخَيْرٍ ۖ هَلْ يَسْتَوِى هُوَ وَمَن يَأْمُرُ بِٱلْعَدْلِ ۙ وَهُوَ عَلَىٰ صِرَٰطٍۢ مُّسْتَقِيمٍۢ ﴿٧٦﴾
ى Аллах аларга жооп кылып эки адам тууралуу дагы бир мисалды келтирди – алардын бирөөсү дудук-дүлөй, ал дудуктугу себептүү сүйлөбөйт, дүлөйлүгү себептүү укпайт, сөзгө түшүнбөйт. Өзүнө да башкага да пайда бере албайт. Аны баккан үй-бүлөсү үчүн ал оор түйшүк. Аны кайда жиберсе да жакшылык алып келбейт, көздөгөн максатты ишке ашырбайт. Эми ушундай адам менен кулагы уккан, сүйлөгөн, ашыкча пайда келтирген, адамдарды адилеттикке буйруган, табияты түз жана эч кандай бурмаланбаган туура жолдогу адам тең болобу? Эй, мушриктер! Силер улуктук жана кемчиликсиз сыпаттарга ээ болгон Аллахка өзүңөрдүн укпаган, сүйлөбөгөн, пайда келтирбеген,зыяндан куткарбаган кудайларыңардыкантип теңеп жатасыңар?!
وَلِلَّهِ غَيْبُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ وَمَآ أَمْرُ ٱلسَّاعَةِ إِلَّا كَلَمْحِ ٱلْبَصَرِ أَوْ هُوَ أَقْرَبُ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌۭ ﴿٧٧﴾
Асмандардагы жана жердеги кайып нерселердин илими жалгыз Аллахка гана таандык. Аны жеке Өзү гана билет, жаратылгандардан эчкимиси билбейт.Ал эми Өзүнө гана тийиштүүкайыптардан болгон кыяматтын тез болушун Ал каалай турган болсо, анда көз ачып жумгуча эле келтирип коёт, балким андан да тезирээк болот. Чындыгында Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, Аны эч ким алсыра албайт. Эгерде ал бир ишти кааласа, анда «Бол!» деп гана айтат, ал ошол замат болот
وَٱللَّهُ أَخْرَجَكُم مِّنۢ بُطُونِ أُمَّهَـٰتِكُمْ لَا تَعْلَمُونَ شَيْـًۭٔا وَجَعَلَ لَكُمُ ٱلسَّمْعَ وَٱلْأَبْصَـٰرَ وَٱلْأَفْـِٔدَةَ ۙ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ ﴿٧٨﴾
Оо, адамдар! Төрөт убагыкелгенде Аллах силерди энеңердин курсагынан эч нерсени билбеген ымыркай абалда чыгарды жана силерге угуш үчүн кулак, көрүш үчүн көз жана акыл жүгүртүш үчүн жүрөктөрдү берди. Балким Ал силерге берген жакшылыктарга шүгүр кыларсыңар
أَلَمْ يَرَوْا۟ إِلَى ٱلطَّيْرِ مُسَخَّرَٰتٍۢ فِى جَوِّ ٱلسَّمَآءِ مَا يُمْسِكُهُنَّ إِلَّا ٱللَّهُ ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يُؤْمِنُونَ ﴿٧٩﴾
Мушриктер абада калкып жеңил учкан куштарга назар салышпайбы? Аллах аларга канаттарды берди жана абаны жумшак кылды. Ошондой эле аларга канаттарын жазып, кайра жыйноону илхам кылды. Аларды кудуреттүү Аллах гана жерге түшүрбөй абада кармайт. Чындыгында бул моюн сундурууда жана түшүрбөй кармоодо Аллахка ыйман келтирген адамдар үчүн белгилер бар.Анткени алар гана белгилерден жана сабактардан пайда алышат
وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّنۢ بُيُوتِكُمْ سَكَنًۭا وَجَعَلَ لَكُم مِّن جُلُودِ ٱلْأَنْعَـٰمِ بُيُوتًۭا تَسْتَخِفُّونَهَا يَوْمَ ظَعْنِكُمْ وَيَوْمَ إِقَامَتِكُمْ ۙ وَمِنْ أَصْوَافِهَا وَأَوْبَارِهَا وَأَشْعَارِهَآ أَثَـٰثًۭا وَمَتَـٰعًا إِلَىٰ حِينٍۢ ﴿٨٠﴾
Аллах таала силер таштардан жана башка нерселерден курган үйлөрүңөрдү силер үчүн эс алуу жана турак-жай кылды. Жана силерге шаардагыүйлөргө окшош кылып төөнүн, уйдун, койдун терилеринен чөлдөрдө чатырларды кылды. Бир жерден экинчи жерге көчкөн сапарларыңарда аларды ташууну жана конгондо аны орнотууну жеңил кылды. Ошондой эле белгилүү бир убакка чейин пайдаланууңар үчүн койдун, төөнүн, эчкинин жүндөрүнөн үйлөрүңөргө керектүү буюмдарды, кийимдерди, жамынчыларды кылды. بلغ Куран · Тафсир
وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّمَّا خَلَقَ ظِلَـٰلًۭا وَجَعَلَ لَكُم مِّنَ ٱلْجِبَالِ أَكْنَـٰنًۭا وَجَعَلَ لَكُمْ سَرَٰبِيلَ تَقِيكُمُ ٱلْحَرَّ وَسَرَٰبِيلَ تَقِيكُم بَأْسَكُمْ ۚ كَذَٰلِكَ يُتِمُّ نِعْمَتَهُۥ عَلَيْكُمْ لَعَلَّكُمْ تُسْلِمُونَ ﴿٨١﴾
Аллах силерге ысыкта көлөкөлөнүш үчүн бак-дарактарды, турак-жайларды кылды жана силерге сууктан, ысыктан, душмандан коргонуш үчүн тоолорго үнкүрлөрдү кылды. Ошондой эле ысык-сууктан сактаныш үчүн силерге кебезден ж.б. нерселерден кийим-кечектерди кылдыжана согушта бири-бириңердин соккуңардан коргонуш үчүн силерди коргогон соот кийимдерди кылды.Алар аркылуукуралденеңерге тешип кире албайт.Ошондой эле Аллах силерге жогорудагы жакшылыктарды берген сыяктуу эле силер жалгыз Ага моюн сунуп, Ага эч бир нерсени шерик кылбашыңардыкаалап Алсилерге жакшылыктарын толук кылып берет
فَإِن تَوَلَّوْا۟ فَإِنَّمَا عَلَيْكَ ٱلْبَلَـٰغُ ٱلْمُبِينُ ﴿٨٢﴾
Оо, пайгамбар! Эгерде алар сен алып келген нерсеге ыйман келтирүүдөн жана ишенүүдөн баш тартышса, анда сенин милдетиң сага буйрулган нерсени гана ачык-айкын кылып жеткирүү. Ал эми алардытуура жолго салуу сенин милдетиң эмес
يَعْرِفُونَ نِعْمَتَ ٱللَّهِ ثُمَّ يُنكِرُونَهَا وَأَكْثَرُهُمُ ٱلْكَـٰفِرُونَ ﴿٨٣﴾
Мушриктер Аллахтын аларга берген жакшылыктарын билишет. Аларга пайгамбарды жиберүү да ошол жакшылыктардан. Кийин алар үчүн шүгүр кылышпай, пайгамбарды жалганга чыгарышып жакшылыктарды танышат.Алардын көпчүлүгүАллахтын жакшылыктарын тангандар. ويومنبعث من كل أمة شهيدا ثم لا يؤذن للذين كفرواولا هم يستعتبون
وَيَوْمَ نَبْعَثُ مِن كُلِّ أُمَّةٍۢ شَهِيدًۭا ثُمَّ لَا يُؤْذَنُ لِلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَلَا هُمْ يُسْتَعْتَبُونَ ﴿٨٤﴾
Оо, пайгамбар! Аллах ар бир үммөттөн аларга жиберилген элчини кайра тирилтип, ал мусулмандын ыйманына жана каапырдын каапырлыгына күбөгө өтө турган күндү эстегин. Ошондон кийин каапырларга алардын кылган каапырлыгы үчүн кечирим суроого уруксат берилбейт жана алар Раббисин ыраазы кылган иштерди кылыш үчүн бул дүйнөгө да кайтышпайт. Акырет – ибадат кылуу жайы эмес, сурак берүү жайы
وَإِذَا رَءَا ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ ٱلْعَذَابَ فَلَا يُخَفَّفُ عَنْهُمْ وَلَا هُمْ يُنظَرُونَ ﴿٨٥﴾
Зулумдук кылган мушриктер азапты көрүшкөндө аларга азап жеңилдетилбейт жана ал кечиктирилип аларга мөөнөт да берилбейт. Тескерисинче, алар түбөлүк азапка киришет
وَإِذَا رَءَا ٱلَّذِينَ أَشْرَكُوا۟ شُرَكَآءَهُمْ قَالُوا۟ رَبَّنَا هَـٰٓؤُلَآءِ شُرَكَآؤُنَا ٱلَّذِينَ كُنَّا نَدْعُوا۟ مِن دُونِكَ ۖ فَأَلْقَوْا۟ إِلَيْهِمُ ٱلْقَوْلَ إِنَّكُمْ لَكَـٰذِبُونَ ﴿٨٦﴾
إ نكم لكذبون Мушриктер Аллахка шерик кылып сыйынган кудайларын акыретте көрүшкөндө айтышат: «Оо, Раббибиз! Мына ушулар Сенден башка сыйынган кудайларыбыз». Алар муну күнөөлөрүн аларга артыш үчүн айтышат. Ошондо Аллах алардын кудайларын тилге келтирип, алар айтышат: «Эй, мушриктер! Чындыгында силер Аллах менен катар сыйынган шериктерде анык жалганчысыңар.Аныменен катар сыйынылган эчкандай шерик жок». بلغ Куран · Тафсир
وَأَلْقَوْا۟ إِلَى ٱللَّهِ يَوْمَئِذٍ ٱلسَّلَمَ ۖ وَضَلَّ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَفْتَرُونَ ﴿٨٧﴾
Мушриктер бой сунушуп, жалгыз Аллахка гана баш ийип калышат. Ал эми Аллахтын алдында шапаат кылышат деген ойдо талашып жүрүшкөн кудайлары болсо аларды таштап кетишет
ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَصَدُّوا۟ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ زِدْنَـٰهُمْ عَذَابًۭا فَوْقَ ٱلْعَذَابِ بِمَا كَانُوا۟ يُفْسِدُونَ ﴿٨٨﴾
Аллахка каапырлык кылышып, башкалардыАллахтын жолунан бурган адамдардын азабына азап кошобуз. Алар каапырлыктары үчүн ага татыктуу болушту. Себеби алар өздөрү бузулушту жана башкаларды адаштыруу менен бузушту
وَيَوْمَ نَبْعَثُ فِى كُلِّ أُمَّةٍۢ شَهِيدًا عَلَيْهِم مِّنْ أَنفُسِهِمْ ۖ وَجِئْنَا بِكَ شَهِيدًا عَلَىٰ هَـٰٓؤُلَآءِ ۚ وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ ٱلْكِتَـٰبَ تِبْيَـٰنًۭا لِّكُلِّ شَىْءٍۢ وَهُدًۭى وَرَحْمَةًۭ وَبُشْرَىٰ لِلْمُسْلِمِينَ ﴿٨٩﴾
لكل شىء وهدى ورحمةوبشر للمسلمين ى Оо, пайгамбар! Биз ар бир үммөттөн пайгамбарды кайра тирилтип, ал алардын каапырлыгына же ыйманына күбөгө өтө турган күндү эстегин. Ошол пайгамбар алардын өздөрүнөн жана ошолордун тилинде сүйлөйт. Эй, пайгамбар! Биз сени бардык үммөттөргө күбө катары алып келдик. Биз сага адал-арам, сыйлык-жаза ж.б. түшүндүрүүсү зарыл болгон бардык нерселерди баяндоо үчүн Куранды түшүрдүк. Биз аны адамдарды акыйкатка багытташ үчүн, ага ыйман келтирип, андагы айтылгандарды аткаргандарга ырайым болуш үчүн жана түбөлүк жыргалчылыктыкүтүшүп Аллахка ыйман келтиргендерге сүйүнчүкабар кылып түшүрдүк
۞ إِنَّ ٱللَّهَ يَأْمُرُ بِٱلْعَدْلِ وَٱلْإِحْسَـٰنِ وَإِيتَآئِ ذِى ٱلْقُرْبَىٰ وَيَنْهَىٰ عَنِ ٱلْفَحْشَآءِ وَٱلْمُنكَرِ وَٱلْبَغْىِ ۚ يَعِظُكُمْ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ ﴿٩٠﴾
تذك رون Чындыгында Аллах пенделерин адилеттүүлүккө, Аллахтын жана адамдардын алдындагы милдеттерин аткарууга жана өкүм чыгарууда бирин экинчисинен артык көрбөгөнгө буйруду.Бирок артык көрүүнүталап кылганга укуктуу болгон абалда гана уруксат. Ошондой эле пендеге милдет болбогон жакшылык иштерди кылууга буйруду, мисалы, өз ыктыяры менен садака кылуу, зулум кылганды кечирүү, жакын туугандарга муктаж болгон нерселерин берүүгө буйруу, бардык жаман сөздөрдөн жана зына сыяктуу жаман иштерден тыюу, шарият жаман көргөн бардык күнөөлөрдөн тыюу, адамдарга текеберлик жана зулумдук кылуудан тыюу. Аллах бул аятта силерге буйруган жана тыйган нерселерди аткаруунуосуят кылат.Балким Анын кылган окуятынан сабак аларсыңар
وَأَوْفُوا۟ بِعَهْدِ ٱللَّهِ إِذَا عَـٰهَدتُّمْ وَلَا تَنقُضُوا۟ ٱلْأَيْمَـٰنَ بَعْدَ تَوْكِيدِهَا وَقَدْ جَعَلْتُمُ ٱللَّهَ عَلَيْكُمْ كَفِيلًا ۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَعْلَمُ مَا تَفْعَلُونَ ﴿٩١﴾
تفعلون Аллахка же адамдарга берген бардык убадаңарды аткаргыла! Аллахтын аты менен касам ичип берген бекем анттарыңардыбузбагыла!Силер аткарам деп касам ичип Аллахтыөзүңөргө күбө кылгансыңар.Чындыгында Аллах силердин кылып жатканыңарды билет. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес. Ал жакында силерге сыйлыгыңарды же жазаңарды берет. بلغ Куран · Тафсир
وَلَا تَكُونُوا۟ كَٱلَّتِى نَقَضَتْ غَزْلَهَا مِنۢ بَعْدِ قُوَّةٍ أَنكَـٰثًۭا تَتَّخِذُونَ أَيْمَـٰنَكُمْ دَخَلًۢا بَيْنَكُمْ أَن تَكُونَ أُمَّةٌ هِىَ أَرْبَىٰ مِنْ أُمَّةٍ ۚ إِنَّمَا يَبْلُوكُمُ ٱللَّهُ بِهِۦ ۚ وَلَيُبَيِّنَنَّ لَكُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ مَا كُنتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ ﴿٩٢﴾
ه Жеңил ойлуу кем акыл адамдардай убадаларын бузгандардан болбогула! Бул акылсыз аялга окшобогула – ал жүндү же кебезди ийригенден тажап, бекем ийригенден кийин мурункудай кылып кайра аны чечип чубап салды. Ал ийригенден да чубагандан да чарчады, көздөгөн ой-максатына да жетпеди. Силердин үммөтүңөр душмандарыңардан көп жана кубаттууболуш үчүн силер антыңардыбири-бириңерди алдаган куралга айлантып алдыңар. Аллах силерди убадаларына бек бекен деп сынап жатат. Силер аны аткарасыңарбы же бузасыңарбы? Кыяматта Аллах силердин бул дүйнөдө талашып тартышканыңардысөзсүз ачык айтып берет. Ошондо акыйкатчыл адамдыжалганга чыгарган адамдан, чынчылдыжалганчыдан айырмалап берет
وَلَوْ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَعَلَكُمْ أُمَّةًۭ وَٰحِدَةًۭ وَلَـٰكِن يُضِلُّ مَن يَشَآءُ وَيَهْدِى مَن يَشَآءُ ۚ وَلَتُسْـَٔلُنَّ عَمَّا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿٩٣﴾
Эгерде Аллах кааласа баарыңарды акыйкатты карманган бир үммөт кылып коймок. Бирок Аллах Өз адилеттиги менен кимиңерди кааласа акыйкатта жана убадаларды аткарууда жардамсыз калтырып адаштырат жана Өз айкөлдүгү менен кимге кааласа ийгилик берет. Силер кыяматта бул дүйнөдө кылган иштериңер үчүн сөзсүз сураласыңар
وَلَا تَتَّخِذُوٓا۟ أَيْمَـٰنَكُمْ دَخَلًۢا بَيْنَكُمْ فَتَزِلَّ قَدَمٌۢ بَعْدَ ثُبُوتِهَا وَتَذُوقُوا۟ ٱلسُّوٓءَ بِمَا صَدَدتُّمْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ ۖ وَلَكُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌۭ ﴿٩٤﴾
عظيم Өз каалооңорду ээрчип антыңарды каалаганда аткарып, каалаганда бузуп аны бири-бириңерди алдаган куралга айлантып албагыла! Эгерде силер ошондой кыла турган болсоңор, анда акыйкат жолдо бекем турсаңар да ал жолдон тайып кетесиңер. Өзүңөр адашып жана башкаларды адаштырганыңар себептүү азаптын даамын татасыңар.Силер үчүн эселеген азаптар болот
وَلَا تَشْتَرُوا۟ بِعَهْدِ ٱللَّهِ ثَمَنًۭا قَلِيلًا ۚ إِنَّمَا عِندَ ٱللَّهِ هُوَ خَيْرٌۭ لَّكُمْ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ ﴿٩٥﴾
Силер Аллахка берилген убаданыбузуп арзыбаган нерсеге алмаштырып жибербегиле! Чындыгында бул дүйнөдөгү Аллахтын алдындагыжеңиш,олжолор жана акыреттеги Анын алдындагытүбөлүк жыргалчылык – арзыбаган нерсе үчүн убаданыбузуп жеткениңерге караганда жакшыраак, эгер мунубилген болсоңор
مَا عِندَكُمْ يَنفَدُ ۖ وَمَا عِندَ ٱللَّهِ بَاقٍۢ ۗ وَلَنَجْزِيَنَّ ٱلَّذِينَ صَبَرُوٓا۟ أَجْرَهُم بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿٩٦﴾
Эй, адамдар! Силердин алдыңардагы мал-мүлктөр, ырахат-жыргалчылыктар канчалык көп болсо дагы акыры түгөнөт. Ал эми Аллахтын алдындагы сыйлыктар түбөлүктүү. Силер убактылуу нерсени түбөлүктүүдөн кантип артык көрүп жатасыңар? Убадаларын бузбай ага бекем болуп сабыр кылгандардын соопторун кылган ибадаттарынан да жакшыраак кылып беребиз.Жакшылыктын сыйлыгын он эседен жети жүз эсеге чейин же андан да эселеп көбөйтүп беребиз. بلغ Куран · Тафсир
مَنْ عَمِلَ صَـٰلِحًۭا مِّن ذَكَرٍ أَوْ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤْمِنٌۭ فَلَنُحْيِيَنَّهُۥ حَيَوٰةًۭ طَيِّبَةًۭ ۖ وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَجْرَهُم بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿٩٧﴾
يعملون Эркек болобу же аял болобу, ал Аллахка ыйман келтирип, шариятка туура келгендей жакшы иштерди кылса, анда Биз аны бул дүйнө жашоосунда Аллахтын тагдырына ыраазы болуп, каниеттүүлүк кылып, ибадаттарга ийгилик берүү менен сөзсүз жакшы жашатабыз жана акыретте алардын соопторун бул дүйнөдө кылган жакшы иштеринин сообунан да артык кылып беребиз
فَإِذَا قَرَأْتَ ٱلْقُرْءَانَ فَٱسْتَعِذْ بِٱللَّهِ مِنَ ٱلشَّيْطَـٰنِ ٱلرَّجِيمِ ﴿٩٨﴾
Оо, мусулман! Эгерде сен Куран окууну кааласаң, анда Аллахтын ырайымынан куулган шайтандын азгырыктарынан сени коргоосун сура!
إِنَّهُۥ لَيْسَ لَهُۥ سُلْطَـٰنٌ عَلَى ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ ﴿٩٩﴾
Аллахка ыйман келтирип, бардык иштеринде жалгыз Ага гана таянгандардын үстүнөн шайтан башкара албайт
إِنَّمَا سُلْطَـٰنُهُۥ عَلَى ٱلَّذِينَ يَتَوَلَّوْنَهُۥ وَٱلَّذِينَ هُم بِهِۦ مُشْرِكُونَ ﴿١٠٠﴾
Бир гана аны дос тутуп, ага азгырылгандарды жана анын азгырыгы себептүү Аллахка шерик кошуп, Аны менен катар башкаларга сыйынгандардыгана азгырыгыменен башкарат
وَإِذَا بَدَّلْنَآ ءَايَةًۭ مَّكَانَ ءَايَةٍۢ ۙ وَٱللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا يُنَزِّلُ قَالُوٓا۟ إِنَّمَآ أَنتَ مُفْتَرٍۭ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ ﴿١٠١﴾
Эгерде Биз бир аяттын өкүмүн өчүрүп анын ордуна башка бир аятты алып келсек, алар: «Эй, Мухаммад! Албетте сен жалганчысың. Аллахтын атынан жалганды ойлоп таап жатасың» – деп айтышат. Алардын көпчүлүгү өзгөртүлгөн өкүмдүн артында Аллахтын сыры бар экендигинин билишпейт. Аллах кандай максатта Курандан кайсы өкүмдү өчүрүүнү же өчүрбөштү Өзү жакшы Билүүчү
قُلْ نَزَّلَهُۥ رُوحُ ٱلْقُدُسِ مِن رَّبِّكَ بِٱلْحَقِّ لِيُثَبِّتَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَهُدًۭى وَبُشْرَىٰ لِلْمُسْلِمِينَ ﴿١٠٢﴾
Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Эч кандай катасы, өзгөрүүсү жана бурмалануусу жок бул Куран менен Жебреил периште Аллахтын алдынан акыйкат менен түштү. Аны Аллахка ыйман келтиргендин ыйманын бекемдеш үчүн түшүрдү. Андан жаңы нерсе түшкөн сайын, анын кээ бир өкүмдөрү өчүрүлгөн сайын ыймандары бекемдейт. Ошондой элеىаларды акыйкаткаىбагыттап, мусулмандар жете турган улуу соопторду сүйүнчүлөш үчүн түшүрдү»
وَلَقَدْ نَعْلَمُ أَنَّهُمْ يَقُولُونَ إِنَّمَا يُعَلِّمُهُۥ بَشَرٌۭ ۗ لِّسَانُ ٱلَّذِى يُلْحِدُونَ إِلَيْهِ أَعْجَمِىٌّۭ وَهَـٰذَا لِسَانٌ عَرَبِىٌّۭ مُّبِينٌ ﴿١٠٣﴾
Биз мушриктердин: «Чындыгында Мухаммадга Куранды бир адам эле үйрөтүп жатат» — деп жатышканын билебиз. Алардын бул айткандарыжалган. Алар үйрөтүп жатат деп ойлошкон адам тили бөлөк адам. Ал эми бул Куран жогорку адабий таза араб тилинде түшкөн. Алар кантип аны тили бөлөк адамдан үйрөндү деп айтып жатышат? بلغ Куран · Тафсир
إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ لَا يَهْدِيهِمُ ٱللَّهُ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ ﴿١٠٤﴾
Аллахтын аяттары Ал тараптан түшкөн деп ыйман келтирбегендер бул жолдон кайтышмайынча Аллах аларга туура жолго түшүүгө ийгилик бербейт. Алар Аллахка каапырлык кылып, Анын аяттарын жалганга чыгаргандары себептүүаларга жан ооруткан азаптар бар
إِنَّمَا يَفْتَرِى ٱلْكَذِبَ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ ۖ وَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْكَـٰذِبُونَ ﴿١٠٥﴾
Мухаммад Раббиси тараптан алып келген нерседе жалганчыэмес. Чындыгында ал жалгандыАллахтын аяттарына ишенбегендер гана ойлоп таап жатышат.Анткени алар азаптан коркушпайт жана сооп да үмүт кылышпайт.Мына ошолкаапырлык менен сыпатталгандар өздөрүжалганчылар.Анткени жалган айтууалардын көнгөн адатыболуп калган
مَن كَفَرَ بِٱللَّهِ مِنۢ بَعْدِ إِيمَـٰنِهِۦٓ إِلَّا مَنْ أُكْرِهَ وَقَلْبُهُۥ مُطْمَئِنٌّۢ بِٱلْإِيمَـٰنِ وَلَـٰكِن مَّن شَرَحَ بِٱلْكُفْرِ صَدْرًۭا فَعَلَيْهِمْ غَضَبٌۭ مِّنَ ٱللَّهِ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌۭ ﴿١٠٦﴾
Кимде-ким ыйманга келгенден кийин Аллахка каапырлык кылып,көкүрөгүн каапырлыкка кенен ачып койсо,аны ыймандан артык көрүп тандаса, ага баш ийип каапырлык сөзүн сүйлөсө, анда ал Исламдан чыгат. Аларга Аллахтын каары болот жана алар үчүн чоң азап бар. Ал эми каапырлык кылууга мажбур кылынып, тили менен каапырлык сөзүн сүйлөсө, бирок жүрөгүндө ыймандын акыйкатына шектенбей бейкут болгондор күнөөкөр болушпайт
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمُ ٱسْتَحَبُّوا۟ ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا عَلَى ٱلْـَٔاخِرَةِ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَا يَهْدِى ٱلْقَوْمَ ٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿١٠٧﴾
ОшолИслам дининен чыгуунун себеби — алар каапырлыктарыүчүн сыйлык катарыалышкан арзыбаган дүйнөнү акыреттен артык көрүштү. Ал эми Аллах каапыр коомго ыйманга келүүгө ийгилик бербейт. Тескерисинче, аларды жардамсыз таштайт
أُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ طَبَعَ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ وَسَمْعِهِمْ وَأَبْصَـٰرِهِمْ ۖ وَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْغَـٰفِلُونَ ﴿١٠٨﴾
Ыйманга келип кайра динден кайтып кеткендер — Аллах жүрөктөрүнө мөөр баскандар. Алар насааттарды түшүнүшпөйт. Алардын кулактарына да мөөр басылган, алар насааттарды угуп пайда алышпайт. Алардын көздөрүнө да мөөр басылган, алар ыймандыбилдирген аят-белгилерге көз салышпайт. Мына ошолор бактылуулук менен бактысыздыктын себептеринен жана Аллахтын аларга даярдаган азабынан бейкапар жүргөндөр
لَا جَرَمَ أَنَّهُمْ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ هُمُ ٱلْخَـٰسِرُونَ ﴿١٠٩﴾
Эч шексиз алар кыямат күнү зыянга учурагандар. Алар ыйманга келгенден кийин каапырлык кылышып өздөрүн кыйроого учуратышты. Эгерде алар ыймандыбекем карманышканда, анда сөзсүз бейишке киришмек. بلغ Куран · Тафсир
ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ هَاجَرُوا۟ مِنۢ بَعْدِ مَا فُتِنُوا۟ ثُمَّ جَـٰهَدُوا۟ وَصَبَرُوٓا۟ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعْدِهَا لَغَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿١١٠﴾
Оо, пайгамбар! Сенин Раббиң ыймандуулардын алсыздарына өтө Кечиримдүү, Ырайымдуу. Мушриктер аларды дини үчүн азаптап, кордук көрсөтүшкөндө алар каапырлык сөзүн айтышка аргасыз болушту, бирок жүрөктөрүндөгүыйманыөзгөргөн жок.Ошондон кийин алар Меккеден Мединага көчүштү.Кийин Аллахтын сөзү бийик болуш үчүн, ал эми каапырлардын сөзү төмөн болуш үчүн Анын жолунда согушушту жана андагы кыйынчылыктарга сабыр кылышты. Чындыгында Раббиң алар кабылган ошол сыноолордон жана азаптоолордон кийин аргалары калбай каапырлык сөздү айтышса да Ал аларга Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу. Анткени алар каапырлык сөздүаргасыздан гана айтууга мажбур болушту
۞ يَوْمَ تَأْتِى كُلُّ نَفْسٍۢ تُجَـٰدِلُ عَن نَّفْسِهَا وَتُوَفَّىٰ كُلُّ نَفْسٍۢ مَّا عَمِلَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ ﴿١١١﴾
Оо, пайгамбар! Ал жердин ушунчалык кыйынчылыгы себептүү ар бир адам башкаларды унутуп, өзүнүн гана таламын талашып калган күндү эстегин. Ар бир адамга кылган жакшылык-жамандыгыүчүн сыйгылыже жазасы толук берилет.Алардын жакшылыктарыкемитилип же күнөөлөрүкөбөйтүлүп зулумдук кылынбайт
وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلًۭا قَرْيَةًۭ كَانَتْ ءَامِنَةًۭ مُّطْمَئِنَّةًۭ يَأْتِيهَا رِزْقُهَا رَغَدًۭا مِّن كُلِّ مَكَانٍۢ فَكَفَرَتْ بِأَنْعُمِ ٱللَّهِ فَأَذَٰقَهَا ٱللَّهُ لِبَاسَ ٱلْجُوعِ وَٱلْخَوْفِ بِمَا كَانُوا۟ يَصْنَعُونَ ﴿١١٢﴾
Аллах Мекке шаарын мисал кылды. Ал шаардын тургундары коркунучтан коопсуз жана тынч эле. Ошол эле учурда анын айланасындагыадамдар таланып тонолууда болчу. Ал шаардын ырыскысыбүт тараптан оңой жолдо келип турчу. Кийин анын жашоочулары Аллахтын аларга берген жакшылыктарын танышып, Ага шүгүр кылышпады. Ошондо Аллах аларды ачкачылык жана жүздөрүнөн эле билинген катуу коркунуч менен жазалады. Бул нерсе алардын каапырлык кылгандары жана жалганга чыгаргандары себептүү алардын кийими сыяктуу эле болуп калды
وَلَقَدْ جَآءَهُمْ رَسُولٌۭ مِّنْهُمْ فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمُ ٱلْعَذَابُ وَهُمْ ظَـٰلِمُونَ ﴿١١٣﴾
Меккенин элине өздөрүнөн эле болгон пайгамбар келди. Алар аны аманаткөй жана чынчыл деп билишчи. Ал – Мухаммад эле. Алар Раббиси тараптан ага түшкөн нерсени жалганга чыгарышканда аларга ачкачылык, коркунуч сыяктуу Аллахтын азабы түштү. Алар Аллахка ширк кылып, Анын пайгамбарын жалганга чыгарышып өздөрүн кыйроогодуушар кылып залым болушту
فَكُلُوا۟ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ حَلَـٰلًۭا طَيِّبًۭا وَٱشْكُرُوا۟ نِعْمَتَ ٱللَّهِ إِن كُنتُمْ إِيَّاهُ تَعْبُدُونَ ﴿١١٤﴾
Оо, пенделер! Аллах силерге ырыскы кылып берген жегенге жагымдуу адал нерселерден жегиле! Жана Аллах силерге берген жакшылыктарды танбастан моюнга алып Ага шүгүр кылгыла! Эгерде Ага ширк кылбай жалгыз Ага гана сыйынган болсоңор, анда ал жакшылыктарды Ал ыраазы болгон жолдорго сарптагыла! بلغ Куран · Тафсир
إِنَّمَا حَرَّمَ عَلَيْكُمُ ٱلْمَيْتَةَ وَٱلدَّمَ وَلَحْمَ ٱلْخِنزِيرِ وَمَآ أُهِلَّ لِغَيْرِ ٱللَّهِ بِهِۦ ۖ فَمَنِ ٱضْطُرَّ غَيْرَ بَاغٍۢ وَلَا عَادٍۢ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿١١٥﴾
ر حيم Аллах силерге адалдап союлбастан өлгөн малды, аккан канды, чочконун бүт мүчөлөрүн, Аллахтан башкага жакындаш максатта курмандыкка чалынган малдын этин арам кылды. Бул арам кылуу – ыктыяры бар болгон абалга гана тийиштүү. Ал эми ким ушул айтылгандарды аргасыз жегенге мажбур болуп, ал арамга көңүлү тартпай, бирок зарылдык чекте гана жеген болсо, анда ал күнөөкөр эмес. Чындыгында Аллах Кечиримдүү, Ал анын жегенин кечирет. Ал ага Ырайымдуу, анткени аргасыз абалда аныжешке уруксат берди
وَلَا تَقُولُوا۟ لِمَا تَصِفُ أَلْسِنَتُكُمُ ٱلْكَذِبَ هَـٰذَا حَلَـٰلٌۭ وَهَـٰذَا حَرَامٌۭ لِّتَفْتَرُوا۟ عَلَى ٱللَّهِ ٱلْكَذِبَ ۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلْكَذِبَ لَا يُفْلِحُونَ ﴿١١٦﴾
Эй, мушриктер! Аллахка жалган жалаа жабыш максатта «Бул нерсе адал, бул нерсе арам» – деп адалды арам кылып же арамды адал кылып Аллахка карата тилиңерден чыккан жалганды айтпагыла! Чындыгында Аллахка жалган жалаа жапкандар көздөгөн ой-максаттарына жетишпейт жана корккон нерселеринен да кутулушпайт. متع قليل ولهمعذاب أليم
مَتَـٰعٌۭ قَلِيلٌۭ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ ﴿١١٧﴾
Алар өз каалоолорун ээрчип кетишкендиги себептүү бул дүйнөдө аларга арзыбаган гана нерселер бар. Ал эми кыяматта алар үчүн жан ооруткан азаптар бар
وَعَلَى ٱلَّذِينَ هَادُوا۟ حَرَّمْنَا مَا قَصَصْنَا عَلَيْكَ مِن قَبْلُ ۖ وَمَا ظَلَمْنَـٰهُمْ وَلَـٰكِن كَانُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ ﴿١١٨﴾
Биз сага (Анъаам сүрөөсүнүн 146-аятында) айтып өткөн нерселерди айрыкча жөөттөргө арам кылдык. Биз муну арам кылуу менен аларга зулумдук кылган жокпуз. Бирок алар жазага татыктуу себептерди кылып өздөрүнө- өздөрү зулумдук кылышты. Анан Биз аларды чектен чыккандыгы үчүн жазалап, алардын жазасы катары ошол нерселерди аларга арам кылдык
ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ عَمِلُوا۟ ٱلسُّوٓءَ بِجَهَـٰلَةٍۢ ثُمَّ تَابُوا۟ مِنۢ بَعْدِ ذَٰلِكَ وَأَصْلَحُوٓا۟ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعْدِهَا لَغَفُورٌۭ رَّحِيمٌ ﴿١١٩﴾
Оо, пайгамбар! Андан соң сенин Раббиң – артыэмне менен бүтөрүн билбестен атайылап күнөө кылышса да, бирок кийин ошолкылган күнөөлөрүүчүн Аллахка тообокылышып,бузукулук аралашкан иштерин оңдогон адамдарга – албетте Раббиң алар тообокылышкандан кийин алардын күнөөлөрүн Кечирүүчү,аларга Ырайымдуу
إِنَّ إِبْرَٰهِيمَ كَانَ أُمَّةًۭ قَانِتًۭا لِّلَّهِ حَنِيفًۭا وَلَمْ يَكُ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ ﴿١٢٠﴾
Чындыгында Ибрахим пайгамбар асыл сыпаттарга ээ, Раббисине дайым ибадат кылган, бардык диндерди таштап Ислам динине гана кайткан адам эле жана алэчкачан мушриктерден болгон эмес
شَاكِرًۭا لِّأَنْعُمِهِ ۚ ٱجْتَبَىٰهُ وَهَدَىٰهُ إِلَىٰ صِرَٰطٍۢ مُّسْتَقِيمٍۢ ﴿١٢١﴾
Аллах ага берген жакшылыктарга дайым шүгүр кылат эле. Ошондуктан Аллах аны пайгамбарлыкка тандады жана акыйкат Ислам динине багыттады. بلغ Куран · Тафсир
وَءَاتَيْنَـٰهُ فِى ٱلدُّنْيَا حَسَنَةًۭ ۖ وَإِنَّهُۥ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ لَمِنَ ٱلصَّـٰلِحِينَ ﴿١٢٢﴾
Биз ага бул дүйнөдө пайгамбарлык, алкыш-мактоо жана такыба пензент бердик. Жана ал акыретте Аллах бейиштеги бийик даражалардыдаярдап койгон жакшыадамдардын катарында болот
ثُمَّ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ أَنِ ٱتَّبِعْ مِلَّةَ إِبْرَٰهِيمَ حَنِيفًۭا ۖ وَمَا كَانَ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ ﴿١٢٣﴾
Оо, пайгамбар! Андан соң Биз сага кабар түшүрдүк: «Жалгыз Аллахка сыйынууда, мушриктерден баш тартууда, Аллахтын жолуна чакырууда жана бардык диндерден Ислам динине кайтып Анын шариятын аткарууда Ибрахимдин динин ээрчигин. Анткени ал кээ бир мушриктер ойлогондой эч качан мушриктерден болгон эмес. Тескерисинче, Ал жалгыз Аллахка гана сыйынган»
إِنَّمَا جُعِلَ ٱلسَّبْتُ عَلَى ٱلَّذِينَ ٱخْتَلَفُوا۟ فِيهِ ۚ وَإِنَّ رَبَّكَ لَيَحْكُمُ بَيْنَهُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ فِيمَا كَانُوا۟ فِيهِ يَخْتَلِفُونَ ﴿١٢٤﴾
Ишенби күн тууралуу талашып тартышкан жөөттөргө ал күнү бардык тиричиликтерин таштап аныулуктоопарз кылынды. Буга чейин алар жума күнү тиричиликтерин таштоогобуйрулушкан эле, бирок алар адашып кетишти. Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиң кыямат күнү ошол талашып тартышкандардын талашы тууралуу өкүм кылат. Ошондоалардын ар бири өзүнө татыктуужазасын алат
ٱدْعُ إِلَىٰ سَبِيلِ رَبِّكَ بِٱلْحِكْمَةِ وَٱلْمَوْعِظَةِ ٱلْحَسَنَةِ ۖ وَجَـٰدِلْهُم بِٱلَّتِى هِىَ أَحْسَنُ ۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ ۖ وَهُوَ أَعْلَمُ بِٱلْمُهْتَدِينَ ﴿١٢٥﴾
Оо, пайгамбар! Сен жана сени ээрчиген ыймандуулар адамдарды Ислам динине даават кылганда алардын абалына, түшүнүгүнө, кызыгуусуна карап жана коркутуу же кызыктыруу менен насаат айтып чакыргыла. Алар менен эң жакшы сөз, ой-пикир жана адепке туура келген жолдо талаш жүргүз. Бирок адамдарды туура жолго салыш сенин колуңда эмес. Сенин милдетиң аларга жеткирүү гана. Чындыгында Раббиң Ислам дининен адашкандарды жана туура жолго түшкөндөрдү эң жакшы билет. Андыктан аларды көрүп жаныңды кейитпе
وَإِنْ عَاقَبْتُمْ فَعَاقِبُوا۟ بِمِثْلِ مَا عُوقِبْتُم بِهِۦ ۖ وَلَئِن صَبَرْتُمْ لَهُوَ خَيْرٌۭ لِّلصَّـٰبِرِينَ ﴿١٢٦﴾
Эгерде душманыңарды жазалоону кааласаңар, анда алар силерге кылган зыяндан ашырбастан жазалагыла! Эгерде жазалаганга күчүңөр жетип туруп аларды жазалабай сабыр кылсаңар, анда аларды адилеттик менен жазалооңоргокараганда сабырдуулук кылганыңар жакшыраак
وَٱصْبِرْ وَمَا صَبْرُكَ إِلَّا بِٱللَّهِ ۚ وَلَا تَحْزَنْ عَلَيْهِمْ وَلَا تَكُ فِى ضَيْقٍۢ مِّمَّا يَمْكُرُونَ ﴿١٢٧﴾
Оо, пайгамбар! Алардын сага берген зыяндарына сабыр кыл! Сенин сабыр кылууга болгон ийгилигиң – Аллахтын сага берген ийгилигине гана байланыштуу. Каапырлардын сенден жүз бурушканына капаланба жана алардын сага кылган айла-амалдары себептүү жүрөгүң кысылбасын! بلغ Куран · Тафсир
إِنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوا۟ وَّٱلَّذِينَ هُم مُّحْسِنُونَ ﴿١٢٨﴾
Албетте Аллах күнөөлөрдү таштап Андан корккондор менен бирге жана ошондой эле ибадаттарды кылып, буйрулган нерселерди аткарып жакшылык кылгандар менен бирге. Ал Өз жеңиши жана колдоосу менен дайым алар менен бирге. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран