سُبْحَـٰنَ ٱلَّذِىٓ أَسْرَىٰ بِعَبْدِهِۦ لَيْلًۭا مِّنَ ٱلْمَسْجِدِ ٱلْحَرَامِ إِلَى ٱلْمَسْجِدِ ٱلْأَقْصَا ٱلَّذِى بَـٰرَكْنَا حَوْلَهُۥ لِنُرِيَهُۥ مِنْ ءَايَـٰتِنَآ ۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْبَصِيرُ ﴿١﴾
Аллах Өзүнөн башка эч кимдин кудурети жетпеген кудурети себептүү улук жана аруу болду. Аллах Өзүнүн кулу МухаммаддыАллахтааланын кудуретине далилболгон кээ бир белгилерибизди көрүш үчүн түндүн бир бөлүгүндө ал ойгоо абалда денеси жана руху менен Аль-Харам мечитинен айланасы пайгамбарлардын ордулары жана мөмө-жемиштер менен берекелүү болгон Байтул-Макдис мечитине алып бардык. Чындыгында Ал Угуучу жана угулган үндөрдүн эчбири Ага жашыруун эмес.АлКөрүүчүжана көрүнгөн нерселердин эчбири Ага жашыруун эмес
وَءَاتَيْنَا مُوسَى ٱلْكِتَـٰبَ وَجَعَلْنَـٰهُ هُدًۭى لِّبَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ أَلَّا تَتَّخِذُوا۟ مِن دُونِى وَكِيلًۭا ﴿٢﴾
Биз Мусага Тооратты бердик жана аны Исраил урпактарына туура жолду көргөзүүчү кылдык. Биз Исраил урпактарына айттык: “Силер өзүңөрдүн ишиңерди тапшырган Менден башка колдоочу кылып албагыла. Тескерисинче жалгыз Мага таянгыла”
ذُرِّيَّةَ مَنْ حَمَلْنَا مَعَ نُوحٍ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَبْدًۭا شَكُورًۭا ﴿٣﴾
Силер Биз Нухменен кошотопон сууга чөгүп кетүүдөн куткарып жакшылык кылгандардын урпактарысыңар. Бул жакшылыктыэстеп жүргүлө! Жалгыз Аллахка баш ийип жана сыйынып шүгүр кылгыла. Бул нерседе Нухту ээрчигиле. Чындыгында ал Аллахو таалага көп-көп шүгүр кылуучу болгон
وَقَضَيْنَآ إِلَىٰ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ فِى ٱلْكِتَـٰبِ لَتُفْسِدُنَّ فِى ٱلْأَرْضِ مَرَّتَيْنِ وَلَتَعْلُنَّ عُلُوًّۭا كَبِيرًۭا ﴿٤﴾
Биз Исраил урпактарына аян кылып, чындыгында алар күнөө кылып жана акыйкатты четке кагып жерде сөзсүз эки жолу бузукулук кылышарын Тооратта билдирдик. Алар адамдарга зулумдук жана душмандык кылышып, адамдардын үстүнөн өздөрүн бийик көрүшүп,аларга болгон текебердиктин чегинен ашышат
فَإِذَا جَآءَ وَعْدُ أُولَىٰهُمَا بَعَثْنَا عَلَيْكُمْ عِبَادًۭا لَّنَآ أُو۟لِى بَأْسٍۢ شَدِيدٍۢ فَجَاسُوا۟ خِلَـٰلَ ٱلدِّيَارِ ۚ وَكَانَ وَعْدًۭا مَّفْعُولًۭا ﴿٥﴾
Алардан биринчи бузукулук болгондо, алардын үстүнөн Биздин күчтүү жана каардуу пенделерибизди башкартып койдук, аларды өлтүрүп куугунтуктады. Жашаган жайларын кыдырышып, барган жерлерин бузушту. Бул нерсеге Аллахтын убадасы болгон, ал сөзсүз ишке ашат
ثُمَّ رَدَدْنَا لَكُمُ ٱلْكَرَّةَ عَلَيْهِمْ وَأَمْدَدْنَـٰكُم بِأَمْوَٰلٍۢ وَبَنِينَ وَجَعَلْنَـٰكُمْ أَكْثَرَ نَفِيرًا ﴿٦﴾
Эй, Исраил урпактары! Андан кийин силер Аллахка тообо кылганыңарда, силерди башкаргандардын үстүнөн жеңишке жеткирип, силерге мамлекетиңерди кайтардык. Мал-мүлкүңөрдү тартып, балдарыңарды кул кылып алгандан кийин силерге жардам бердик.Ошондой эле саныңардыдушманыңардан да көп кылып койдук. بلغ Куран · Тафсир
إِنْ أَحْسَنتُمْ أَحْسَنتُمْ لِأَنفُسِكُمْ ۖ وَإِنْ أَسَأْتُمْ فَلَهَا ۚ فَإِذَا جَآءَ وَعْدُ ٱلْـَٔاخِرَةِ لِيَسُـۥٓـُٔوا۟ وُجُوهَكُمْ وَلِيَدْخُلُوا۟ ٱلْمَسْجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٍۢ وَلِيُتَبِّرُوا۟ مَا عَلَوْا۟ تَتْبِيرًا ﴿٧﴾
دخلوهأول مر ة وليتبرواما علوا تتبيرا Оо, Исраил урпактары! Эгерде силер иштериңерди жакшы кылып, талаптагыдай аткарсаңар, анда сыйлыгы өзүңөргө эле кайтат. Аллах силердин ишиңерге муктаж эмес. А эгер ишиңерди жаман кылсаңар, анын акыбети өзүңөргө зыян. Кылган жакшыишиңер Аллахка пайда бербейт, жаман ишиңер зыян бербейт. Эгерде экинчи жолу дагы бузукулук кыла турган болсоңор, силерди душманыңардын колуна салып беребиз. Алар силерге кордук көрсөтөт жана силерге көрсөткөн түрдүүкордуктардан улам кыйналганыңар жүзүңөргө чыгат.Ошондой эле алар Байтул-Макдиске киришип, аны биринчи жолкусунда талкалашкандай бул ирет да талкалашат жана алар багынткан жерлердин баарысын кыйратып жок кылышат
عَسَىٰ رَبُّكُمْ أَن يَرْحَمَكُمْ ۚ وَإِنْ عُدتُّمْ عُدْنَا ۘ وَجَعَلْنَا جَهَنَّمَ لِلْكَـٰفِرِينَ حَصِيرًا ﴿٨﴾
Оо, Исраил урпактары! Эгерде Аллахтын бул катуу өч алуусунан кийин Ага тообо кылсаңар жана жакшы иштерди аткарсаңар, балким Раббиңер силерге ырайым кылар. А эгер бузукулукка үчүнчү жолу же андан да көп кайта турган болсоңор,анда кайрадан силерден өчалабыз жана тозоктукаапырлар үчүн жатак кылабыз.Алар андан эч качан кутула алышпайт
إِنَّ هَـٰذَا ٱلْقُرْءَانَ يَهْدِى لِلَّتِى هِىَ أَقْوَمُ وَيُبَشِّرُ ٱلْمُؤْمِنِينَ ٱلَّذِينَ يَعْمَلُونَ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ أَنَّ لَهُمْ أَجْرًۭا كَبِيرًۭا ﴿٩﴾
Чындыгында Мухаммадга түшкөн бул Куран жолдордун эң жакшысын көргөзөт жана ал Ислам жолу. Ошондой эле жакшылык иштерди кылган ыймандууларды сүйүнүчкө салган Аллах тараптан боло турган улуу соопторду кабарлайт
وَأَنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ أَعْتَدْنَا لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًۭا ﴿١٠﴾
Жана кыямат күнүнө ыйман келтирбегендерге жамандыкты кабарлайт. Ал нерсе – Биз алар үчүн кыямат күнү даярдап койгон кыйноочуазап
وَيَدْعُ ٱلْإِنسَـٰنُ بِٱلشَّرِّ دُعَآءَهُۥ بِٱلْخَيْرِ ۖ وَكَانَ ٱلْإِنسَـٰنُ عَجُولًۭا ﴿١١﴾
Адам өзүнө жакшылык тилеп дуба кылган сыяктуу ачууланганда да билбестиктен өзүнө, балдарына жана мал- мүлкүнө жамандык тилеп дуба кылат. Эгерде Биз анын кылган жаман тилегин кабыл кылганда, ал бала-чакасы жана мал-мүлкүменен кошокыйрап жок болмок.Адам баласытабиятынан шашкалак.Ошондуктан ал өзүнө зыян берген нерсеге шашат
وَجَعَلْنَا ٱلَّيْلَ وَٱلنَّهَارَ ءَايَتَيْنِ ۖ فَمَحَوْنَآ ءَايَةَ ٱلَّيْلِ وَجَعَلْنَآ ءَايَةَ ٱلنَّهَارِ مُبْصِرَةًۭ لِّتَبْتَغُوا۟ فَضْلًۭا مِّن رَّبِّكُمْ وَلِتَعْلَمُوا۟ عَدَدَ ٱلسِّنِينَ وَٱلْحِسَابَ ۚ وَكُلَّ شَىْءٍۢ فَصَّلْنَـٰهُ تَفْصِيلًۭا ﴿١٢﴾
Түндү жана күндуздү Аллахтын жалгыздыгына жана Анын кудуреттүүлүгүнө далил-белги кылып жараттык. Ал экөөнүн узун-кыскалыгында, ысык-суугунда айырмачылык бар. Түндү эс алып уктоо үчүн караңгы кылдык. Күндүздү адамдар көрүүсү жана тиричилик кылуусу үчүн жараттык. Ошондой эле күн менен түндү байкоо аркылуу жылдардын санын жана аларга керек болгон айлардын,күндөрдүн жана сааттардын убактыларын билүүүчүн بلغ Куран · Тафсир жараттык. Бардык нерселер бири-биринен, акыйкат жолдогулар жалган жолдогулардан айырмалануусу үчүн Биз ар бир нерсени ачык-айкын баяндадык
وَكُلَّ إِنسَـٰنٍ أَلْزَمْنَـٰهُ طَـٰٓئِرَهُۥ فِى عُنُقِهِۦ ۖ وَنُخْرِجُ لَهُۥ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ كِتَـٰبًۭا يَلْقَىٰهُ مَنشُورًا ﴿١٣﴾
Ар бир адамдын кылган иштери моюнга тагылган чынжырдай аныдайым коштоп жүрөт.Кылган иштеринен эсеп- кысап кылынмайынча андан ажырабайт. Кыямат күнү ал кылган бардык жакшылык жана жамандык иштерин камтыган китепти ага чыгарып беребиз,аланын бет алдында жайылып ачылып турганын көрөт
ٱقْرَأْ كِتَـٰبَكَ كَفَىٰ بِنَفْسِكَ ٱلْيَوْمَ عَلَيْكَ حَسِيبًۭا ﴿١٤﴾
Ошол күнү ага айтабыз: “Эй, адам! Китебиңди оку! Сен өз сурагыңды иш-аракеттериңе тапшыр. Кыяматта сенден сурак алууга өзүң жетиштүүсүң
مَّنِ ٱهْتَدَىٰ فَإِنَّمَا يَهْتَدِى لِنَفْسِهِۦ ۖ وَمَن ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيْهَا ۚ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌۭ وِزْرَ أُخْرَىٰ ۗ وَمَا كُنَّا مُعَذِّبِينَ حَتَّىٰ نَبْعَثَ رَسُولًۭا ﴿١٥﴾
نبعث رسولا Ким ыйман жолуна түшсө, анда анын туура жолго түшкөнүнүн сообу өзү үчүн. Ал эми ким адашкан болсо, анда анын адашканынын жазасы да өзү үчүн. Эч бир адам башканын күнөөсүн көтөрбөйт. Биз кайсы бир коомго элчи жиберип аларга далилалып келбестен туруп алардыазаптабайбыз
وَإِذَآ أَرَدْنَآ أَن نُّهْلِكَ قَرْيَةً أَمَرْنَا مُتْرَفِيهَا فَفَسَقُوا۟ فِيهَا فَحَقَّ عَلَيْهَا ٱلْقَوْلُ فَدَمَّرْنَـٰهَا تَدْمِيرًۭا ﴿١٦﴾
Эгерде Биз кайсы бир шаарды зулумдугу үчүн жок кылууну кааласак, анда жакшылыкты көтөрө албай чиренгендерди баш ийгиле деп буйруйбуз, бирок алар баш ийишпейт. Тескерисинче, моюн сунуудан баш тартышат. Мына ошондо аларды жок кылуучу азап сөзү баштарына түшүп, Биз аларды кыйратып жок кылабыз
وَكَمْ أَهْلَكْنَا مِنَ ٱلْقُرُونِ مِنۢ بَعْدِ نُوحٍۢ ۗ وَكَفَىٰ بِرَبِّكَ بِذُنُوبِ عِبَادِهِۦ خَبِيرًۢا بَصِيرًۭا ﴿١٧﴾
Биз Нухтан кийин келген Аад жана Самуд коомдору сыяктуу канчалаган жалганчы коомдорду жок кылдык. Эй, пайгамбар! Раббиң Өз пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар, Көрүүчү. Ага эч бири жашыруун эмес жана ал үчүн аларды жазалайт
مَّن كَانَ يُرِيدُ ٱلْعَاجِلَةَ عَجَّلْنَا لَهُۥ فِيهَا مَا نَشَآءُ لِمَن نُّرِيدُ ثُمَّ جَعَلْنَا لَهُۥ جَهَنَّمَ يَصْلَىٰهَا مَذْمُومًۭا مَّدْحُورًۭا ﴿١٨﴾
Кимде-ким жакшылык иштерди дүйнө жашоосун максат кылып аткарса жана Акыретке ыйман келтирбесе, ага көңүл бурбаса, анда Биз ага бул дүйнөдө ал каалаган нерсени эмес, Өзүбүз каалагандарга берчү жакшылыкты эртелетип беребиз. Андан соң Биз ага тозокту даярдайбыз, кыямат күнү ал тозокко кирип оттун ысыгына азапталат. Бул Анын акыретке ишенбей, бул дүйнөнү тандап Аллахтын ырайымынан куулгандыгы үчүн. بلغ Куран · Тафсир
وَمَنْ أَرَادَ ٱلْـَٔاخِرَةَ وَسَعَىٰ لَهَا سَعْيَهَا وَهُوَ مُؤْمِنٌۭ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ كَانَ سَعْيُهُم مَّشْكُورًۭا ﴿١٩﴾
Алэми кимде-ким жакшылык иштерди кылууменен Акыреттин сообун кааласа жана элкөрсүн,элуксун дегенден алыс болуп аткарган болсо жана Аллах ыйман келтирүүгө буйруган нерсеге ыйман келтирген болсо, анда мына ушул сыпаттар менен сыпатталган адамдардын кылган иштери Аллахтын алдында кабыл болот. Аллах алардын сыйлыктарын берет ل
كُلًّۭا نُّمِدُّ هَـٰٓؤُلَآءِ وَهَـٰٓؤُلَآءِ مِنْ عَطَآءِ رَبِّكَ ۚ وَمَا كَانَ عَطَآءُ رَبِّكَ مَحْظُورًا ﴿٢٠﴾
Оо, пайгамбар! Жакшылык кылуучу адам болобу же бузуку адам болобу, бул эки топко тең Раббиңдин ырыскысынан токтотпостон көбөйтүп бере беребиз. Ал жакшылык кылуучу адам болсун же бузуку адам болсун бул дүйнөдө Раббиңдин ырыскысыэч кимден тыйылбайт
ٱنظُرْ كَيْفَ فَضَّلْنَا بَعْضَهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍۢ ۚ وَلَلْـَٔاخِرَةُ أَكْبَرُ دَرَجَـٰتٍۢ وَأَكْبَرُ تَفْضِيلًۭا ﴿٢١﴾
Оо, пайгамбар, ой жүгүртүп көрчү! Бул дүйнөдө ырыскы берүүдө жана даражаларды көтөрүүдө аларды биринен экинчисин артык кылдык. акыреттеги жыргалчылык даражалары жана жакшылыктары бул дүйнөгө салыштырмалууайырмасыөтө чоң.Ошондуктан ыймандууадам аларга аракет кылып умтулсун
لَّا تَجْعَلْ مَعَ ٱللَّهِ إِلَـٰهًا ءَاخَرَ فَتَقْعُدَ مَذْمُومًۭا مَّخْذُولًۭا ﴿٢٢﴾
Оо, пенде! Аллах менен бирге башка кудайга сыйынба. Эгерде ошондой кылсаң, анда сен Аллахтын алдында жана Анын жакшыпенделеринин жанында жек көрүлүп каласын жана сени эчким жактырбайт.Аллахтын жардамынан куру каласың жана сага эч ким жардам бербей калат
۞ وَقَضَىٰ رَبُّكَ أَلَّا تَعْبُدُوٓا۟ إِلَّآ إِيَّاهُ وَبِٱلْوَٰلِدَيْنِ إِحْسَـٰنًا ۚ إِمَّا يَبْلُغَنَّ عِندَكَ ٱلْكِبَرَ أَحَدُهُمَآ أَوْ كِلَاهُمَا فَلَا تَقُل لَّهُمَآ أُفٍّۢ وَلَا تَنْهَرْهُمَا وَقُل لَّهُمَا قَوْلًۭا كَرِيمًۭا ﴿٢٣﴾
Оо, пенде! Раббиң Өзүнөн башкага сыйынбоону кескин түрдө буйруду. Ата-энеге жакшылык кылууну буйруду, айрыкча алар карылык жашына жеткен болушса. Эгерде ал экөөнүн бирөөсү же экөөсү тең сенин алдыңда карылык жашка жеткен болушса, анда сөз же ушугуа окшогон нерсе менен тажаганыңды билдирбе. Аларга кыйкырба, катуу сүйлөп оройлонбо. Аларга сылык жана жумшак сөздөрдү гана айткын
وَٱخْفِضْ لَهُمَا جَنَاحَ ٱلذُّلِّ مِنَ ٱلرَّحْمَةِ وَقُل رَّبِّ ٱرْحَمْهُمَا كَمَا رَبَّيَانِى صَغِيرًۭا ﴿٢٤﴾
Ата-энеңе жумшак болуп жана аларга ырайым кылып жөнөкөй бол. Жана мындай деп айт: "Оо, Раббим! Мага кичинемде тарбия бергендиктери үчүн аларга ырайым кыл"
رَّبُّكُمْ أَعْلَمُ بِمَا فِى نُفُوسِكُمْ ۚ إِن تَكُونُوا۟ صَـٰلِحِينَ فَإِنَّهُۥ كَانَ لِلْأَوَّٰبِينَ غَفُورًۭا ﴿٢٥﴾
Оо, адамдар! Раббиңер Ага ибадат жана жакшы иштерди кылууда ошондой эле ата-энеге жакшылык кылууда силердин ичиңердеги Ага болгон ыкласыңарды жакшы билет. Эгерде ибадатыңарда, ата-энеңерге кылган мамилеңерде жана дагыэкөөнөн башка иштерде силердин ниетиңер туура болсо, анда айып-кемчиликтерден بلغ Куран · Тафсир аруу Аллах Ага тообо кылып кайткандарды кечирет. Кимде-ким Раббисине ибадат кылууда мурда кемчилик кылгандыгы үчүн же ата-энесин нааразы кылгандыгы үчүн кийин тообо кылса, анда Аллах аны кечирет
وَءَاتِ ذَا ٱلْقُرْبَىٰ حَقَّهُۥ وَٱلْمِسْكِينَ وَٱبْنَ ٱلسَّبِيلِ وَلَا تُبَذِّرْ تَبْذِيرًا ﴿٢٦﴾
Оо, ыймандуу адам! Туугандын туугандык акысын бер. Муктаж болгон кедейге садака бер. Сапарда акчасы калбай калган адамга жардам бер. Байлыгыңдыкүнөөгө же ысырапчылыкка жумшаба
إِنَّ ٱلْمُبَذِّرِينَ كَانُوٓا۟ إِخْوَٰنَ ٱلشَّيَـٰطِينِ ۖ وَكَانَ ٱلشَّيْطَـٰنُ لِرَبِّهِۦ كَفُورًۭا ﴿٢٧﴾
Чындыгында өзүнүн мал-мүлктөрүн күнөө иштерге жумшагандар жана ысырапкорлор мал-мүлктөрүн сарптоодо шайтандардын бир туугандары болуп саналат. Шайтандар аларды ысырапкорлукка буйруса, аларга баш ийишет. Ал эми шайтан Өз Раббисине каапыр болгон. Ал күнөө ишти гана кылат. Ал Раббисин ачууланткан нерсеге гана буйруйт
وَإِمَّا تُعْرِضَنَّ عَنْهُمُ ٱبْتِغَآءَ رَحْمَةٍۢ مِّن رَّبِّكَ تَرْجُوهَا فَقُل لَّهُمْ قَوْلًۭا مَّيْسُورًۭا ﴿٢٨﴾
Аллахтын сага ырыскы берүүсүн күтүп сенде аларга бере турган эч нерсең жок болгондугу үчүн аларга бир нерсе берүүдөн тыйылган болсоң, анда аларга көңүл оорутпаган жумшак сөз айт. Мисалы, аларга ырыскыңар кенен болсун деп дуба кыл же эгерде Аллахсага байлык берип калса, силерге да берем деп убада кыл
وَلَا تَجْعَلْ يَدَكَ مَغْلُولَةً إِلَىٰ عُنُقِكَ وَلَا تَبْسُطْهَا كُلَّ ٱلْبَسْطِ فَتَقْعُدَ مَلُومًۭا مَّحْسُورًا ﴿٢٩﴾
Садака кылуудан колуңду тыйба. Акча сарптоодо ысырап кылба. Эгерде колуңду садака берүүдөн тыйсаң, анда сараңдык кылгандыгың үчүн адамдардын жемесинде каласың жана ысырап кылгандыгың үчүн бергенге эч нерсе таппай садака бере албай каласың
إِنَّ رَبَّكَ يَبْسُطُ ٱلرِّزْقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقْدِرُ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ بِعِبَادِهِۦ خَبِيرًۢا بَصِيرًۭا ﴿٣٠﴾
Чындыгында Раббиң чоң бир даанышмандык үчүн каалаганына ырыскыны көбөйтүп берет жана каалаганына азайтып берет. Ал пенделерин көрүп билип турат. Алардан Ага эч нерсе жашыруун эмес. Аларга Өзү каалаган нерсе менен иш жүргүзөт
وَلَا تَقْتُلُوٓا۟ أَوْلَـٰدَكُمْ خَشْيَةَ إِمْلَـٰقٍۢ ۖ نَّحْنُ نَرْزُقُهُمْ وَإِيَّاكُمْ ۚ إِنَّ قَتْلَهُمْ كَانَ خِطْـًۭٔا كَبِيرًۭا ﴿٣١﴾
Эгерде балдарыбыздыбаксак, кийин ачка калабыз деп коркуп алардыөлтүрбөгүлө. Биз аларга да жана силерге да ырыскы берүүнү Өзүбүздүн кепилдигибизге алабыз. Аларды өлтүрүү чоң күнөө. Анткени алардын күнөөсү жок жана алардыөлтүрүүгө түрткөн себеп да жок
وَلَا تَقْرَبُوا۟ ٱلزِّنَىٰٓ ۖ إِنَّهُۥ كَانَ فَـٰحِشَةًۭ وَسَآءَ سَبِيلًۭا ﴿٣٢﴾
Зынанын өзүнөн жана ага кызыктыра турган нерселерден да алыс болгула. Ал жамандыктын жеткен чеги. Ал ата- тектин бузулуп кетүүсүнө жана Аллахтын азабына алып баргандыгыүчүн жаман жолболду. بلغ Куран · Тафсир
وَلَا تَقْتُلُوا۟ ٱلنَّفْسَ ٱلَّتِى حَرَّمَ ٱللَّهُ إِلَّا بِٱلْحَقِّ ۗ وَمَن قُتِلَ مَظْلُومًۭا فَقَدْ جَعَلْنَا لِوَلِيِّهِۦ سُلْطَـٰنًۭا فَلَا يُسْرِف فِّى ٱلْقَتْلِ ۖ إِنَّهُۥ كَانَ مَنصُورًۭا ﴿٣٣﴾
إنه كان منصورا Аллах ыйман себептүү же коргоо кепилдиги берилгендиги себептүү аны өлтүрүүнү арам кылган жанды өлтүрбөгүлө.Бир гана динден чыгып же үйлөнгөндөн кийин зына кылып же өчалууменен өлүмгө татыктууболуп калса өлтүрүлсө боло берет. Кимде-ким өлтүрүүнү адал кылбаган себеп менен зулум чеккен абалда өлтүрүлсө, анда Биз маркумдун мураскорлорунун бирөөсүнө өлтүрүүчүнүн үстүнөн бийлик беребиз. Ошондо ал андан өч алам деп өлтүрүүсүн талап кылса болот. Ошондой эле ага эч бир нерсе талап кылбай эле кечирип койсоболот. Же кечирип кун алса да болот. Ал өлтүрүүчүнү Аллах адал кылган чектен ашып ашыкча кескилеп салбасын, же ал өлтүрбөгөн нерсе менен аны өлтүрбөсүн, же өлтүрүүчүдөн башка адамды өлтүрбөсүн. Чындыгында ал жардам берилген адам
وَلَا تَقْرَبُوا۟ مَالَ ٱلْيَتِيمِ إِلَّا بِٱلَّتِى هِىَ أَحْسَنُ حَتَّىٰ يَبْلُغَ أَشُدَّهُۥ ۚ وَأَوْفُوا۟ بِٱلْعَهْدِ ۖ إِنَّ ٱلْعَهْدَ كَانَ مَسْـُٔولًۭا ﴿٣٤﴾
Аталарыөлгөн жаш балдардын мал-мүлктөрүн пайдаланбагыла. Бир гана ага пайда болуп көбөйө турган болсо жана сакталып тура турган болсо, анда анын акылы толуп чоңойгонго чейин пайдалансаңар болот. Аллах менен силердин ортоңордогу келишимди жана силер менен Анын пенделеринин ортосундагыкелишимдерди бузбай же кемитпей аткаргыла. Чындыгында Аллах убада берген адамдан убадасын аткардыбы же аткарбадыбы сурайт. Эгерде аткарган болсо, анда ага сыйлыгын берет, а эгер аткарбаган болсо, анда ага жазасын берет
وَأَوْفُوا۟ ٱلْكَيْلَ إِذَا كِلْتُمْ وَزِنُوا۟ بِٱلْقِسْطَاسِ ٱلْمُسْتَقِيمِ ۚ ذَٰلِكَ خَيْرٌۭ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلًۭا ﴿٣٥﴾
Эгерде өзүңөрдөн башка бирөөгө тараза тартып берсеңер кемитпестен толук тарткыла. Эчнерсени кемитпеген туура тараза менен тарткыла. Ушундай өлчөгөнүңөр жана таразага тартканыңар силер үчүн бул дүйнөдө жана акыретте жакшы.Анын акыбети тараза өлчөмдөрүндө азайтып тартуудан жакшы
وَلَا تَقْفُ مَا لَيْسَ لَكَ بِهِۦ عِلْمٌ ۚ إِنَّ ٱلسَّمْعَ وَٱلْبَصَرَ وَٱلْفُؤَادَ كُلُّ أُو۟لَـٰٓئِكَ كَانَ عَنْهُ مَسْـُٔولًۭا ﴿٣٦﴾
Оо, адам баласы! Билбестен туруп ээрчибе! Күмөндүү ойлордон, божомолдордон этият бол! Чындыгында адам кулагы, көзү жана жүрөгү менен кылган жакшылыктары жана жамандыктары үчүн суралат, жакшылыгы үчүн сооп алат, жамандыгы үчүн жазаланат
وَلَا تَمْشِ فِى ٱلْأَرْضِ مَرَحًا ۖ إِنَّكَ لَن تَخْرِقَ ٱلْأَرْضَ وَلَن تَبْلُغَ ٱلْجِبَالَ طُولًۭا ﴿٣٧﴾
Жер бетинде текеберленип, бой көтөрүп баспа! Сен текеберлене бассаң да, бул басыгың менен жерди тешип жибере албайсың жана бул турпатың менен тоолор тиреген бийиктиктерге да жете албайсың! Анда кайсыга текеберленип жатасың?! كل ذلك كان سيئه عندربك مكروها
كُلُّ ذَٰلِكَ كَانَ سَيِّئُهُۥ عِندَ رَبِّكَ مَكْرُوهًۭا ﴿٣٨﴾
Оо, инсан! Жогоруда айтылган нерселерден жаман деп саналгандары Раббиңдин алдында тыйылган. Ал аны кылган адамга ыраазы эмес, тескерисинче, ага каарданат. بلغ Куран · Тафсир
ذَٰلِكَ مِمَّآ أَوْحَىٰٓ إِلَيْكَ رَبُّكَ مِنَ ٱلْحِكْمَةِ ۗ وَلَا تَجْعَلْ مَعَ ٱللَّهِ إِلَـٰهًا ءَاخَرَ فَتُلْقَىٰ فِى جَهَنَّمَ مَلُومًۭا مَّدْحُورًا ﴿٣٩﴾
Биз ачыктап түшүндүргөн буйруктар, тыюулар жана өкүмдөр – Раббиң сага аян кылган кабарлардан. Эй, инсан! Аллах менен бирге башка нерсени кудай кылып алба! Андай кылсаң кыяматта тозокко ыргытыласың, ошондо өзүңдү-өзүң жемелейсиң,адамдар да сени жемелейт жана бардык жакшылыктан курукаласың
أَفَأَصْفَىٰكُمْ رَبُّكُم بِٱلْبَنِينَ وَٱتَّخَذَ مِنَ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةِ إِنَـٰثًا ۚ إِنَّكُمْ لَتَقُولُونَ قَوْلًا عَظِيمًۭا ﴿٤٠﴾
Оо, периштелер Аллахтын кыздары деп айткандар! Эй, мушриктер! Раббиңер силерге уул перзенттерди тандап, Өзү болсо периштелерди кыз кылып алыптырбы?! Аллах силер айткан нерседен аруу. Чындыгында силер Аллахтын баласыбар,кыздарыбар деп каапырлык кылып Ага каршыөтө оор сөздүайтып жатасыңар
وَلَقَدْ صَرَّفْنَا فِى هَـٰذَا ٱلْقُرْءَانِ لِيَذَّكَّرُوا۟ وَمَا يَزِيدُهُمْ إِلَّا نُفُورًۭا ﴿٤١﴾
Адамдар пайдалуусун аткарып, зыяндуусун таштап сабак алууларыүчүн Биз бул Куранда өкүм-буйруктарды, үлгү- насааттарды жана окуяларды баяндадык. Бирок аныгында бул нерсе ички дүйнөсү бузуктардын кээ бирлерин кайра акыйкаттан алыстаттыжана жаман көрүүлөрүн күчөттү
قُل لَّوْ كَانَ مَعَهُۥٓ ءَالِهَةٌۭ كَمَا يَقُولُونَ إِذًۭا لَّٱبْتَغَوْا۟ إِلَىٰ ذِى ٱلْعَرْشِ سَبِيلًۭا ﴿٤٢﴾
Оо, пайгамбар! Мушриктерге айт: «Эгер алар жалган жалаа жаап айткандай Аллах менен катар башка кудайлар болгондо, анда ал жалган кудайлары Арштын Ээси Аллахтын бийлигин басып алууга жол издешмек, аны و талашышмак». سبحنه وتعل عما يقولون علا كبيرا
سُبْحَـٰنَهُۥ وَتَعَـٰلَىٰ عَمَّا يَقُولُونَ عُلُوًّۭا كَبِيرًۭا ﴿٤٣﴾
Аллахмушриктер сыпаттаган нерселерден аруу,ыйык жана алар айткан сөздөрдөн бийик
تُسَبِّحُ لَهُ ٱلسَّمَـٰوَٰتُ ٱلسَّبْعُ وَٱلْأَرْضُ وَمَن فِيهِنَّ ۚ وَإِن مِّن شَىْءٍ إِلَّا يُسَبِّحُ بِحَمْدِهِۦ وَلَـٰكِن لَّا تَفْقَهُونَ تَسْبِيحَهُمْ ۗ إِنَّهُۥ كَانَ حَلِيمًا غَفُورًۭا ﴿٤٤﴾
إنه كان حليما غفورا Аллахтыасмандар аруулайт,жер аруулайт жана асмандар менен жердин ортосундагыбүткүлмакулуктар аруулайт. Кайсы нерсе болбосун, Ага мактоо айтып аруулап турат. Бирок силер алардын кантип аруулап жаткандарын түшүнбөйсүңөр. Силер тилиңер менен аруулаганыңарды гана түшүнөсүңөр. Чындыгында Аллах жазалоого шашылбаган Кеңпейил жана Ага тообокылгандарга Кечиримдүү
وَإِذَا قَرَأْتَ ٱلْقُرْءَانَ جَعَلْنَا بَيْنَكَ وَبَيْنَ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ حِجَابًۭا مَّسْتُورًۭا ﴿٤٥﴾
Оо, пайгамбар! Сен Куран окуганда алар андагы насааттарды, коркутууларды угушуп баш тартышкан болсо, алардын жазасыкатарысени менен кыямат күнүнө ишенбегендердин ортосунда тосмокылып коебуз. Ал аларды Курандытүшүнүүдөн тосуп коёт. بلغ Куран · Тафсир
وَجَعَلْنَا عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ أَكِنَّةً أَن يَفْقَهُوهُ وَفِىٓ ءَاذَانِهِمْ وَقْرًۭا ۚ وَإِذَا ذَكَرْتَ رَبَّكَ فِى ٱلْقُرْءَانِ وَحْدَهُۥ وَلَّوْا۟ عَلَىٰٓ أَدْبَـٰرِهِمْ نُفُورًۭا ﴿٤٦﴾
أ دبرهم نفورا Алар Куранды түшүнбөш үчүн жүрөктөрүн жаап койдук. Алар угуп пайда албаш үчүн кулактарын дүлөй кылып койдук. Эгерде сен Куранда Раббиңди эле айтып, алардын жалган кудайларын айтпай турган болсоң, анда алар Аллахтычын ыкластан жалгыздабастан артка бурулуп кетишет
نَّحْنُ أَعْلَمُ بِمَا يَسْتَمِعُونَ بِهِۦٓ إِذْ يَسْتَمِعُونَ إِلَيْكَ وَإِذْ هُمْ نَجْوَىٰٓ إِذْ يَقُولُ ٱلظَّـٰلِمُونَ إِن تَتَّبِعُونَ إِلَّا رَجُلًۭا مَّسْحُورًا ﴿٤٧﴾
Биз алардын башчылары Куранды кандай максатта угуп жатышкандарын жакшы билебиз. Алар аны менен туура жолго түшүүнү каалашпайт. Алардын каалоосу – сен Куран окуганда маанисиз сөздөрдү сүйлөп, тоготпогондой мамиле кылуу. Биз алардын аны жалганга чыгарган, адамдарды андан тоскон сыяктуу өз ара шыбырашкан сөздөрүн да жакшы билебиз. Ошол кезде ал залымдар каапырлык кылышып: «Эй, адамдар! Силер сыйкырланган, акылынан адашкан адамдыгана ээрчип жатасыңар»,–деп айтышат
ٱنظُرْ كَيْفَ ضَرَبُوا۟ لَكَ ٱلْأَمْثَالَ فَضَلُّوا۟ فَلَا يَسْتَطِيعُونَ سَبِيلًۭا ﴿٤٨﴾
Оо, пайгамбар! Карасаң, алар сени түрдүү жаман сыпаттар менен сыпаттап жатышкандарына таң каласың. Алар акыйкаттан адашты,алар акыйкат жолготүшүшкөн жок
وَقَالُوٓا۟ أَءِذَا كُنَّا عِظَـٰمًۭا وَرُفَـٰتًا أَءِنَّا لَمَبْعُوثُونَ خَلْقًۭا جَدِيدًۭا ﴿٤٩﴾
Мушриктер кайра тирилүүнү четке кагып: «Биз өлүп сөөккө айлансак, денелерибиз чирип кетсе, анан кантип кайрадан тирилмек элек?!Мындай болушумүмкүн эмес!»,–деп айтышат
۞ قُلْ كُونُوا۟ حِجَارَةً أَوْ حَدِيدًا ﴿٥٠﴾
Оо, пайгамбар! Аларга айткын: «Эй, мушриктер! Таштай катуу болсоңор да, темирдей бекем болсоңор да, бул нерсе колуңардан келбейт
أَوْ خَلْقًۭا مِّمَّا يَكْبُرُ فِى صُدُورِكُمْ ۚ فَسَيَقُولُونَ مَن يُعِيدُنَا ۖ قُلِ ٱلَّذِى فَطَرَكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍۢ ۚ فَسَيُنْغِضُونَ إِلَيْكَ رُءُوسَهُمْ وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هُوَ ۖ قُلْ عَسَىٰٓ أَن يَكُونَ قَرِيبًۭا ﴿٥١﴾
ى Же көкүрөгүңөрдө улук туткан ал экөөсүнөн да чоң нерсе болсоңор да, Аллах силерди башында жараткандай кайра жаратат, баштапкы жолу жараткандай кайра тирилтет. Ал каршы чыккандар: «Биз өлгөндөн кийин бизди ким кайра тирилтет?» – деп сурашат. Айткын: «Силерди мурда эч бир окшошу болбогон турпатта баштапкы жолу жараткан Зат». Кийин алар сенин жообуңду шылдыңдай баштарын чайкап: «Ал кайра тирилүү качан?» – деп айтышат. Айткын: «Балким жакын калгандыр. Келе тургандардын баарысы жакын». يوم يدعوكم فتستجيبون بحمده وتظنون إن لبثتم إلا قليلا
يَوْمَ يَدْعُوكُمْ فَتَسْتَجِيبُونَ بِحَمْدِهِۦ وَتَظُنُّونَ إِن لَّبِثْتُمْ إِلَّا قَلِيلًۭا ﴿٥٢﴾
Силер сурак майданына чакырыла турган күндө Аллах силерди кайра тирилтет. Анын буйругуна баш ийип, Ага мактоолорду айтып жооп бересиңер. Ошондожер бетинде аз гана убакыт жашаптырбыз деп ойлойсуңар. بلغ Куран · Тафсир و
وَقُل لِّعِبَادِى يَقُولُوا۟ ٱلَّتِى هِىَ أَحْسَنُ ۚ إِنَّ ٱلشَّيْطَـٰنَ يَنزَغُ بَيْنَهُمْ ۚ إِنَّ ٱلشَّيْطَـٰنَ كَانَ لِلْإِنسَـٰنِ عَدُوًّۭا مُّبِينًۭا ﴿٥٣﴾
Оо, пайгамбар! Мага ыйман келтирген пенделериме айткын: «Маетешкен кездеринде жакшы сөздөрдү сүйлөшсүн, жаман сөздөрдөн алыс болушсун. Анткени шайтан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып алардын арасына кирип дүйнө жана акырет жашоолорун бузуп жүрбөсүн.Чындыгында шайтан адамга анык душман.Андыктан ал андан сактануусу керек»
رَّبُّكُمْ أَعْلَمُ بِكُمْ ۖ إِن يَشَأْ يَرْحَمْكُمْ أَوْ إِن يَشَأْ يُعَذِّبْكُمْ ۚ وَمَآ أَرْسَلْنَـٰكَ عَلَيْهِمْ وَكِيلًۭا ﴿٥٤﴾
Оо, адамдар! Раббиңер силерди жакшы билет. Эч нерсеңер Ага жашыруун эмес. Ал силерге ырайым кааласа, силерди ыйман жолуна түшүүгө, жакшылык иштерди кылууга ийгилик берип ырайым кылат. Силерге азапты кааласа, силерди ыймансыз калтырып, каапырлыкта өлтүрүп азаптайт. Эй, пайгамбар! Сен аларды ыйманга салып, каапырлыктан тыйып, кылган иштерин жазып койгондой Биз сени аларга колдоочу кылып жиберген эмеспиз.Чындыгында сен Аллахжеткир буйруган нерсени гана жеткирүүчүсүң
وَرَبُّكَ أَعْلَمُ بِمَن فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۗ وَلَقَدْ فَضَّلْنَا بَعْضَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ عَلَىٰ بَعْضٍۢ ۖ وَءَاتَيْنَا دَاوُۥدَ زَبُورًۭا ﴿٥٥﴾
Оо, пайгамбар! Раббиң асмандар менен жердеги ар бир нерсени жакшыбилет жана алардын абалдарын, эмнеге татыктуу экендиктерин да жакшы билет. Биз кээ бир пайгамбарларды ээргигендердин санын көп кылып, китептерди түшүрүп башка пайгамбарлардан артык кылдык.Даудга Забур деген китепти бердик
قُلِ ٱدْعُوا۟ ٱلَّذِينَ زَعَمْتُم مِّن دُونِهِۦ فَلَا يَمْلِكُونَ كَشْفَ ٱلضُّرِّ عَنكُمْ وَلَا تَحْوِيلًا ﴿٥٦﴾
Оо, пайгамбар! Мушриктерге айткын: «Эй, мушриктер! Аллахтан башка силер кудай деп ойлогондоруңарга дуба кылгылачы, алар алсыз болгону үчүн силердин башыңарга түшкөн зыянды кетире албайт, аны башкаларга да оодара албайт. Ким алсыз болсо, анда ал кудай боло албайт»
أُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ يَدْعُونَ يَبْتَغُونَ إِلَىٰ رَبِّهِمُ ٱلْوَسِيلَةَ أَيُّهُمْ أَقْرَبُ وَيَرْجُونَ رَحْمَتَهُۥ وَيَخَافُونَ عَذَابَهُۥٓ ۚ إِنَّ عَذَابَ رَبِّكَ كَانَ مَحْذُورًۭا ﴿٥٧﴾
كان محذورا Алар дуба кылышкан периштелер же ошолор сыяктууларыөздөрүжакшылык иштерди кылып Аллахка жакындоого жол издешет. Алар өздөрү моюн сунушуп кимиси Аллахка көбүрөөк жакын деп жарышышат, аларга ырайым кылуусун үмүт кылышат, аларды азаптоосунан коркушат. Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиңдин азабынан коргонуу милдеттүү нерселерден
وَإِن مِّن قَرْيَةٍ إِلَّا نَحْنُ مُهْلِكُوهَا قَبْلَ يَوْمِ ٱلْقِيَـٰمَةِ أَوْ مُعَذِّبُوهَا عَذَابًۭا شَدِيدًۭا ۚ كَانَ ذَٰلِكَ فِى ٱلْكِتَـٰبِ مَسْطُورًۭا ﴿٥٨﴾
Бул дүйнөдө каапырлыгысебептүү Биз азап жана кыйроо түшүргөн же өлүм сыяктуу катуу жазалар менен сынаган кайсы шаар же айыл болбосун, ал азап менен кыйроо – Лавхул Махфузда (сакталган тагдыр китебинде) жазылган Аллахтын өкүмү. بلغ Куран · Тафсир
وَمَا مَنَعَنَآ أَن نُّرْسِلَ بِٱلْـَٔايَـٰتِ إِلَّآ أَن كَذَّبَ بِهَا ٱلْأَوَّلُونَ ۚ وَءَاتَيْنَا ثَمُودَ ٱلنَّاقَةَ مُبْصِرَةًۭ فَظَلَمُوا۟ بِهَا ۚ وَمَا نُرْسِلُ بِٱلْـَٔايَـٰتِ إِلَّا تَخْوِيفًۭا ﴿٥٩﴾
Пайгамбардын чынчылэкендигин далилдеген өлүктөрдүтирилтүүж.б.у.с.мушриктер талап кылган кереметтерди түшүрбөй койгонубуздун себеби – биз аларды мурунку коомдорго да түшүргөнүбүздө аларды жалганга чыгарышкан. Биз Самуд коомуна ачык-айкын улуу кереметти «төөнү» бердик. Алар аны жалганга чыгарышты, анан Биз алардын азабын тездеттик. Биз пайгамбарлардын колу менен кандай кереметти көрсөтпөйлүк, ал коомдор балким моюн сунушар деп алардыкоркутуумаксатта гана көрсөткөнбүз
وَإِذْ قُلْنَا لَكَ إِنَّ رَبَّكَ أَحَاطَ بِٱلنَّاسِ ۚ وَمَا جَعَلْنَا ٱلرُّءْيَا ٱلَّتِىٓ أَرَيْنَـٰكَ إِلَّا فِتْنَةًۭ لِّلنَّاسِ وَٱلشَّجَرَةَ ٱلْمَلْعُونَةَ فِى ٱلْقُرْءَانِ ۚ وَنُخَوِّفُهُمْ فَمَا يَزِيدُهُمْ إِلَّا طُغْيَـٰنًۭا كَبِيرًۭا ﴿٦٠﴾
Оо, пайгамбар! Эстечи, Биз сага айтканбыз: «Чындыгында Раббиңдиң кудуреттүүлүгү бүткүл адамдарды өзүнө камтып алат, алар Анын уучунда. Аллах сени алардан коргойт. Сен буйрулган нерсеңди жеткир». Биз сага Исра түнүндө көргөзгөн нерселерди, адамдар ага ишенет бекен же жалганга чыгарат бекен деп аларды сыноо үчүн кылганбыз. Ошондой эле Куранда айтылган тозоктун түбүндө өскөн Заккум дарагын да аларды сынаш үчүн кылганбыз. Эгерде алар бул эки аят-белгиге ишенбей турган болсо, анда башкаларына эч качан ишенишпейт. Биз аларга аят-белгилерди түшүрүп коркутабыз, бирок бул алардын каапырлыгын жана адашууларын андан бетер күчөтөт
وَإِذْ قُلْنَا لِلْمَلَـٰٓئِكَةِ ٱسْجُدُوا۟ لِـَٔادَمَ فَسَجَدُوٓا۟ إِلَّآ إِبْلِيسَ قَالَ ءَأَسْجُدُ لِمَنْ خَلَقْتَ طِينًۭا ﴿٦١﴾
Оо, пайгамбар! Эстечи, Биз периштелерге: «Адамга сыйынып эмес, саламдашып сажда кылгыла» – дегенибизде алар моюн сунушуп баарысысажда кылышты.Бирок Иблис текеберлик кылып:«Ылайдан жараткан нерсеңе сажда кылмак белем?Мени оттон жараткансың.Мен мындан артыкмын»,–деп сажда кылуудан баш тартты
قَالَ أَرَءَيْتَكَ هَـٰذَا ٱلَّذِى كَرَّمْتَ عَلَىَّ لَئِنْ أَخَّرْتَنِ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْقِيَـٰمَةِ لَأَحْتَنِكَنَّ ذُرِّيَّتَهُۥٓ إِلَّا قَلِيلًۭا ﴿٦٢﴾
Иблис Раббисине айтты: «Айтчы, мени ага сажда кыл деп буйруп менден артык көрүп жараткан макулук ушулбу?! Булдүйнө бүткөнгө чейин мени тирүүкалтыра турган болсоң,мен мунун урпактарын Сенин туура жолуңдан сөзсүз адаштырам, аларды азгырам. Бирок Өзүң коргогон аз сандагы ыкластуу пенделериңди гана азгыра албайм»
قَالَ ٱذْهَبْ فَمَن تَبِعَكَ مِنْهُمْ فَإِنَّ جَهَنَّمَ جَزَآؤُكُمْ جَزَآءًۭ مَّوْفُورًۭا ﴿٦٣﴾
Раббиси ага айтты: «Кет! Сага баш ийгендер да кошо кетсин!». Чындыгында тозок сенин жазаң жана алардын кылган иштеринин толук жазасыболот
وَٱسْتَفْزِزْ مَنِ ٱسْتَطَعْتَ مِنْهُم بِصَوْتِكَ وَأَجْلِبْ عَلَيْهِم بِخَيْلِكَ وَرَجِلِكَ وَشَارِكْهُمْ فِى ٱلْأَمْوَٰلِ وَٱلْأَوْلَـٰدِ وَعِدْهُمْ ۚ وَمَا يَعِدُهُمُ ٱلشَّيْطَـٰنُ إِلَّا غُرُورًا ﴿٦٤﴾
Күнөөгө чакырган добушуң менен алардын кимисин азгыра алсаң азгыр!Атчан жана жөө жан-жөкөрлөрүң менен аларды сени ээрчүүгө чакыр! Шариятка каршы жолду кооз көргөзүп алардын мал-мүлктөрүнө шерик бол. Алардын бала-чакасында да шерик бол, баласы эмес болсо да жалган жолдо баласы кыл, зына жолдо балалуу кыл, بلغ Куран · Тафсир ат койгондо Аллахтан башканын кулу деп ат койдур. Аларга жалган убадаларды, калп кыялдарды кооз кылып көргөз. Шайтандын аларга берген убадасыалардыазгырган жалган гана убадалар
إِنَّ عِبَادِى لَيْسَ لَكَ عَلَيْهِمْ سُلْطَـٰنٌۭ ۚ وَكَفَىٰ بِرَبِّكَ وَكِيلًۭا ﴿٦٥﴾
Эй, Иблис! Чындыгында сен Мага баш ийген ыймандуу пенделеримдин үстүнөн бийлик кыла албайсың! Анткени Аллах алардысенин жамандыгыңдан коргойт. Бардык ишинде Ага гана таянган адамга Аллах жетиштүү Коргоочу
رَّبُّكُمُ ٱلَّذِى يُزْجِى لَكُمُ ٱلْفُلْكَ فِى ٱلْبَحْرِ لِتَبْتَغُوا۟ مِن فَضْلِهِۦٓ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًۭا ﴿٦٦﴾
Оо, адамдар! Силер соода-сатык пайдалары жана башка жолдор аркылуу ырыскы издешиңер үчүн Раббиңер силерге деңиздин үстүндө кемелерди жүргүзүп койду. Чындыгында Ал силерге Ырайымдуу. Анткени Ал силерге бул каражаттарды жеңил кылды
وَإِذَا مَسَّكُمُ ٱلضُّرُّ فِى ٱلْبَحْرِ ضَلَّ مَن تَدْعُونَ إِلَّآ إِيَّاهُ ۖ فَلَمَّا نَجَّىٰكُمْ إِلَى ٱلْبَرِّ أَعْرَضْتُمْ ۚ وَكَانَ ٱلْإِنسَـٰنُ كَفُورًا ﴿٦٧﴾
Эй, мушриктер! Эгерде силер деңизде кыйынчылыкка кабылып, жок болуу коркунучуна туш болсоңор, анда Аллахтан башка сыйынып жүргөн кудайларыңар эсиңерден чыгып,Аллахтыгана эстеп каласыңар,Андан жардам сурайсыңар. Качан Ал силерге жардам берип, корккон нерсеңерден куткарса жана силер кургактыкка чыксаңар, анда Аны кудай тутуудан жана жалгыз Андан гана суроодон баш тартасыңар жана кудайларыңарга кайтып кетесиңер.Чындыгында инсан Аллахтын жакшылыктарын танып кетүүчү
أَفَأَمِنتُمْ أَن يَخْسِفَ بِكُمْ جَانِبَ ٱلْبَرِّ أَوْ يُرْسِلَ عَلَيْكُمْ حَاصِبًۭا ثُمَّ لَا تَجِدُوا۟ لَكُمْ وَكِيلًا ﴿٦٨﴾
Эй, мушриктер! Силерди куткарып кургактыкка чыгарганда Аллах аны силердин үстүңөргө бастырып коюусунан коопсузбуз деп жатасыңарбы?! Же Луттун коомуна кылгандай силердин да үстүңөргө асмандан таштарды жаадырып коюусунан коопсузбуз деп жатасыңарбы?! Ошондо силерди коргой турган жана кыйроодон сактай турган коргоочу да, колдоочу да таппайсыңар
أَمْ أَمِنتُمْ أَن يُعِيدَكُمْ فِيهِ تَارَةً أُخْرَىٰ فَيُرْسِلَ عَلَيْكُمْ قَاصِفًۭا مِّنَ ٱلرِّيحِ فَيُغْرِقَكُم بِمَا كَفَرْتُمْ ۙ ثُمَّ لَا تَجِدُوا۟ لَكُمْ عَلَيْنَا بِهِۦ تَبِيعًۭا ﴿٦٩﴾
به تبيعا Же Аллах силерди кайрадан деңизге чыгарып, андан соң катуу бороон жиберип, силерди мурунку жолу куткарып Аллахтын кылган жакшыгын танганыңар үчүн силерди чөктүрүп жиберишинен коопсузбуз деп жатасыңарбы?! ОшондоБиздин кылганыбызга каршысилерди колдоп таламыңардыталаша турган эч кимди таппайсыңар
۞ وَلَقَدْ كَرَّمْنَا بَنِىٓ ءَادَمَ وَحَمَلْنَـٰهُمْ فِى ٱلْبَرِّ وَٱلْبَحْرِ وَرَزَقْنَـٰهُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَـٰتِ وَفَضَّلْنَـٰهُمْ عَلَىٰ كَثِيرٍۢ مِّمَّنْ خَلَقْنَا تَفْضِيلًۭا ﴿٧٠﴾
تفض يلا Чындыгында Биз адам баласын акылдуу кылып, периштелерди алардын түпкү атасына сажда кылууну буйруп урматтадык. Аларды кургактыкта көтөрүп жүргөн жаныбарларды, унааларды жана деңизде ташып жүргөн кемелерди баш ийдирдик. Аларга адал тамактарды, суусундуктарды жана аялдарды ырыскы кылып бердик. Алардыкөптөгөн макулуктардан артык кылдык.Эми алар Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кылышсын. بلغ Куран · Тафсир
يَوْمَ نَدْعُوا۟ كُلَّ أُنَاسٍۭ بِإِمَـٰمِهِمْ ۖ فَمَنْ أُوتِىَ كِتَـٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ يَقْرَءُونَ كِتَـٰبَهُمْ وَلَا يُظْلَمُونَ فَتِيلًۭا ﴿٧١﴾
Оо, пайгамбар! Биз бардык топторду алар ээрчишкен башчылары менен кошо чакырган күндү эстегин. Ошондо кимдин амал китеби оң тарабынан берилсе, мына ошолор китептерин кубаныч менен окушат. Алардын соопторунан эчнерсе кемитилбейт, ал нерсе данектин сыныгындай ийненин көзүнчөлүк кичине болсодагы
وَمَن كَانَ فِى هَـٰذِهِۦٓ أَعْمَىٰ فَهُوَ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ أَعْمَىٰ وَأَضَلُّ سَبِيلًۭا ﴿٧٢﴾
Кимде-ким бул дүйнө жашоосунда акыйкатка баш ийип, аны кабыл алууда жүрөгү сокур болсо, анда ал кыямат күнү жеткен сокурлукта болот. Андыктан ал бейиштин жолуна түшө албайт жана туура жолдон адашкан жолдо болот.Жаза-сыйлык иштин түрүнө жараша болот
وَإِن كَادُوا۟ لَيَفْتِنُونَكَ عَنِ ٱلَّذِىٓ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ لِتَفْتَرِىَ عَلَيْنَا غَيْرَهُۥ ۖ وَإِذًۭا لَّٱتَّخَذُوكَ خَلِيلًۭا ﴿٧٣﴾
Оо, пайгамбар! Чындыгында мушриктер каалоолоруна туура келген Курандан башка нерсени ойлоп табууң үчүн Биз сага вахий кылган Курандан сени адаштырып коё жаздашты. Эгер сен алар каалаган нерсени кылганыңда алар сени жакын сүйүктүүадамыкылып алышмак
وَلَوْلَآ أَن ثَبَّتْنَـٰكَ لَقَدْ كِدتَّ تَرْكَنُ إِلَيْهِمْ شَيْـًۭٔا قَلِيلًا ﴿٧٤﴾
Сени акыйкатка бекем кылып сага жакшылык кылбаганыбызда сен кээ бир нерселерде аларга ооп кетүүңө аз калган болчу. Андай болгондо алардын алдоолорунун жана айла-амалдарынын катуулугу менен бирге алардын ыйман келтирүүсүнө болгон сенин умтулууңдун катуулугу болгондуктан сен алардын сага кылган сунуштарына макулболуп кетмексиң.Бирок Биз сени аларга ооп кетүүңдөн сактадык
إِذًۭا لَّأَذَقْنَـٰكَ ضِعْفَ ٱلْحَيَوٰةِ وَضِعْفَ ٱلْمَمَاتِ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَكَ عَلَيْنَا نَصِيرًۭا ﴿٧٥﴾
Алардын сага кылган сунуштарына ооп кеткениңде, анда сага дүйнө жашоосунда жана акыретте эселеп азап бермекбиз. Кийин сенден азаптыкетире турган бизге каршыжардамчынытапмак эмессиң
وَإِن كَادُوا۟ لَيَسْتَفِزُّونَكَ مِنَ ٱلْأَرْضِ لِيُخْرِجُوكَ مِنْهَا ۖ وَإِذًۭا لَّا يَلْبَثُونَ خِلَـٰفَكَ إِلَّا قَلِيلًۭا ﴿٧٦﴾
Каапырлар сага болгон душмандыктарыменен сени Меккеден куугунтуктооүчүн сенин тынчыңдыалууларына аз калды.Бирок Раббиңдин буйругуменен Меккеден чыгууңа чейин алардысени чыгаруусунан тосуп койду.Эгерде алар сени чыгарышканда,анда сени чыгаргандан кийин алар аз гана убакыт жашашмак
سُنَّةَ مَن قَدْ أَرْسَلْنَا قَبْلَكَ مِن رُّسُلِنَا ۖ وَلَا تَجِدُ لِسُنَّتِنَا تَحْوِيلًا ﴿٧٧﴾
Сенден кийин алар аз гана жашайт деген Аллахтын өкүмү бул сенден алдынкыпайгамбарлар туурасында болгон Аллахтын өзгөрбөс жолу. Ал жол – кайсы пайгамбарды өз эли куугунтуктаганда Аллах ал коомго азап түшүрүп турган. Оо, пайгамбар! Сен Биздин жолдун өзгөргөнүн көрбөйсүң. Бул өзгөрбөгөн бекем уланып туруучу жол экенин көрөсүң. بلغ Куран · Тафсир
أَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ لِدُلُوكِ ٱلشَّمْسِ إِلَىٰ غَسَقِ ٱلَّيْلِ وَقُرْءَانَ ٱلْفَجْرِ ۖ إِنَّ قُرْءَانَ ٱلْفَجْرِ كَانَ مَشْهُودًۭا ﴿٧٨﴾
Күн чак түштөн оогондон кийин намазыңдыөз убагында талаптагыдай толук оку.Булсөз түн киргенге чейин окула турган бешим жана асыр намаздарын, ошондой эле шам жана куптан намаздарын да камтыйт. Багымдат намазын оку жана анда кыраатты узун оку. Анткени багымдат намазына түнкү периштелер жана күндүзгү периштелер катышат
وَمِنَ ٱلَّيْلِ فَتَهَجَّدْ بِهِۦ نَافِلَةًۭ لَّكَ عَسَىٰٓ أَن يَبْعَثَكَ رَبُّكَ مَقَامًۭا مَّحْمُودًۭا ﴿٧٩﴾
Оо, пайгамбар! Окуган намазың сенин даражаларыңды көтөрүш үчүн түндүн бир бөлүгүндө туруп намаз оку. Кыямат күнү Раббиң кыяматтын оор жагдайларында турганда сени адамдарга шапаатчы кылуусун тилеп оку. Ошондосага абалкылар жана акыркылар алкыш айткан чоң шапаат макамыберилет
وَقُل رَّبِّ أَدْخِلْنِى مُدْخَلَ صِدْقٍۢ وَأَخْرِجْنِى مُخْرَجَ صِدْقٍۢ وَٱجْعَل لِّى مِن لَّدُنكَ سُلْطَـٰنًۭا نَّصِيرًۭا ﴿٨٠﴾
Оо, пайгамбар! Мындай деп айткын: “Оо, Раббим! Мен кайсы жакка кирбейин, кайсыл жактан чыкпайын анын баарын Сага болгон ибадатта жана Сени ыраазыкыла турган иштерде кыл! Жана душмандарыма каршыСен мага жардам бере турган Өзүңтараптан мен үчүн ачык далилкыл”
وَقُلْ جَآءَ ٱلْحَقُّ وَزَهَقَ ٱلْبَـٰطِلُ ۚ إِنَّ ٱلْبَـٰطِلَ كَانَ زَهُوقًۭا ﴿٨١﴾
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге мындай деп айткын: “Ислам келди жана Аллах жардам беришин убада кылган нерселер орундалды. Ширк жана каапырлык кетти. Чындыгында жалган акыйкаттын алдында туруштук бере албай алсырап жок болот
وَنُنَزِّلُ مِنَ ٱلْقُرْءَانِ مَا هُوَ شِفَآءٌۭ وَرَحْمَةٌۭ لِّلْمُؤْمِنِينَ ۙ وَلَا يَزِيدُ ٱلظَّـٰلِمِينَ إِلَّا خَسَارًۭا ﴿٨٢﴾
Наадандыктан, каапырлыктан жана шектенүүдөн арылуу үчүн жүрөктөргө жана аны менен дем салынса денелерге шыпаа болгон,ошондой эле ага амалкылган момундар үчүн ырайым болгон Куран аяттарын түшүрөбүз. Бул Куран каапырлардын кыйроосун күчөтөт. Анткени аны угуу аларды ачуулантып жана алардын жалганга чыгаруусун жана жүз бурууларын күчөтөт
وَإِذَآ أَنْعَمْنَا عَلَى ٱلْإِنسَـٰنِ أَعْرَضَ وَنَـَٔا بِجَانِبِهِۦ ۖ وَإِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ كَانَ يَـُٔوسًۭا ﴿٨٣﴾
Эгер адамга ден-соолук жана байлык сыяктуу жакшылыктарды берсек, анда ал Аллахка шүгүр кылып жана Ага ибадат кылуудан жүз бурат жана текеберленип Андан алыстайт. Ал эми адамга оору же жакырлык сыяктуу кыйынчылыктар жетсе,анда алАллахтын ырайымынан абдан үмүтсүз болот.ل قل ك يعمل عل شاكلته فربكم أعلمبمن هوأهد سبيلا
قُلْ كُلٌّۭ يَعْمَلُ عَلَىٰ شَاكِلَتِهِۦ فَرَبُّكُمْ أَعْلَمُ بِمَنْ هُوَ أَهْدَىٰ سَبِيلًۭا ﴿٨٤﴾
Оо, пайгамбар! Мындай деп айткын: “Ар бир адам туура жана адашуудагы абалын чагылдырган жолунда иш- аракеттерди кыла берсин.Раббиңер ким акыйкат жолдоэкенин жакшыбилет”. بلغ Куран · Тафсир
وَيَسْـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلرُّوحِ ۖ قُلِ ٱلرُّوحُ مِنْ أَمْرِ رَبِّى وَمَآ أُوتِيتُم مِّنَ ٱلْعِلْمِ إِلَّا قَلِيلًۭا ﴿٨٥﴾
Оо, пайгамбар! Китеп ээлеринен болгон каапырлар сенден рухтун кандай экендиги туурасында сурашат. Аларга мындай деп айткын: “Рухтун кандай экендигин Аллахтан башка эч ким билбейт. Аруу Аллахтын илиминин алдында силерге жана бардык адамдарга аз гана илим берилди”
وَلَئِن شِئْنَا لَنَذْهَبَنَّ بِٱلَّذِىٓ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَكَ بِهِۦ عَلَيْنَا وَكِيلًا ﴿٨٦﴾
Оо, пайгамбар! Эгер Биз сага түшүргөн аян-кабарды көкүрөктөрдөн жана китептерден өчүрүү менен Өзүбүзгө кайтарып алууну кааласак, анда аны кайтарып алмакбыз. Андан кийин сага жардам бере турган жана аны сага кайтара турган эчкимди тапмак эмессиң
إِلَّا رَحْمَةًۭ مِّن رَّبِّكَ ۚ إِنَّ فَضْلَهُۥ كَانَ عَلَيْكَ كَبِيرًۭا ﴿٨٧﴾
Бирок Раббиңден сага ырайым болуп аян-кабарды кайра кайтарып алган жокпуз, аны сакталган абалында калтырдык. Раббиңдин сага кылган жакшылыгы чоң. Анткени сени пайгамбар кылды, сени пайгамбардын эң акыркысы кылды жана сага Куранды түшүрдү
قُل لَّئِنِ ٱجْتَمَعَتِ ٱلْإِنسُ وَٱلْجِنُّ عَلَىٰٓ أَن يَأْتُوا۟ بِمِثْلِ هَـٰذَا ٱلْقُرْءَانِ لَا يَأْتُونَ بِمِثْلِهِۦ وَلَوْ كَانَ بَعْضُهُمْ لِبَعْضٍۢ ظَهِيرًۭا ﴿٨٨﴾
ظهيرا Оо, пайгамбар! Мындай деп айткын: “Сага түшүрүлгөн Куран сыяктуу өткүрлүү, мыкты түзүлгөн жана уккулуктуу китеп алып келүү үчүн адамдар менен жиндер баары чогулушса да жана алар бири-бирине жардамдашса да Куранга окшош китепти эчкачан алып келе алышпайт
وَلَقَدْ صَرَّفْنَا لِلنَّاسِ فِى هَـٰذَا ٱلْقُرْءَانِ مِن كُلِّ مَثَلٍۢ فَأَبَىٰٓ أَكْثَرُ ٱلنَّاسِ إِلَّا كُفُورًۭا ﴿٨٩﴾
Чындыгында Биз адамдарга бул Курандагы нерселерди баяндап бердик. Ошондой эле адамдар ыйман келтирүүлөрүн үмүт кылып Курандан сабак ала турган үлгү насааттарды, буйрук-тыюуларды жана окуялардын баарын түрлөп бердик. Көпчүлүк адамдар бул Курандыжоккочыгарууменен четке кагышат
وَقَالُوا۟ لَن نُّؤْمِنَ لَكَ حَتَّىٰ تَفْجُرَ لَنَا مِنَ ٱلْأَرْضِ يَنۢبُوعًا ﴿٩٠﴾
Мушриктер мындай деп айтышты: “Эй, Мухаммад! Сен бизге Мекке жеринен суусу соолубай агып турган булак чыгарып бермейинче биз сага ыйман келтирбейбиз”
أَوْ تَكُونَ لَكَ جَنَّةٌۭ مِّن نَّخِيلٍۢ وَعِنَبٍۢ فَتُفَجِّرَ ٱلْأَنْهَـٰرَ خِلَـٰلَهَا تَفْجِيرًا ﴿٩١﴾
Сага бак-дарактарыкөп бакча жана анда суусу мол агып турган дарыялар болсунбу? بلغ Куран · Тафсир
أَوْ تُسْقِطَ ٱلسَّمَآءَ كَمَا زَعَمْتَ عَلَيْنَا كِسَفًا أَوْ تَأْتِىَ بِٱللَّهِ وَٱلْمَلَـٰٓئِكَةِ قَبِيلًا ﴿٩٢﴾
Өзүң айткандай биздин үстүбүзгө асмандан азаптын бир бөлүгүн түшүрбөйсүңбү? Же сен айтып жатканыңды тастыкташ үчүн биздин алдыбызга Аллахжана периштелерди күбө катарыалып келбейсиңби?
أَوْ يَكُونَ لَكَ بَيْتٌۭ مِّن زُخْرُفٍ أَوْ تَرْقَىٰ فِى ٱلسَّمَآءِ وَلَن نُّؤْمِنَ لِرُقِيِّكَ حَتَّىٰ تُنَزِّلَ عَلَيْنَا كِتَـٰبًۭا نَّقْرَؤُهُۥ ۗ قُلْ سُبْحَانَ رَبِّى هَلْ كُنتُ إِلَّا بَشَرًۭا رَّسُولًۭا ﴿٩٣﴾
سبحان ربى هل كنت إلا بشرا رسولا Сенин алтын же башка нерселер менен кооздолгон үйүң болуп же асманга көтөрүлсөң дагысен Аллахтын элчиси экениңе ишенбейбиз. Эгер Аллахтан Мухаммад пайгамбар деп жазылган китеп алып келип бизге окутсаң гана ишенебиз.Эй,пайгамбар!Сен мушриктерге мындай деп айт:“Менин Раббим бардык айып-кемчиликтерден аруу Зат. Башка пайгамбарлар сыяктуу эле мен да адамдардан болгон пайгамбармын. Бир нерсени алып келүүгө кудуреттүүэмесмин.Ошондуктан силер сунуштап жаткан нерсени кантип алып келмек элем?!”
وَمَا مَنَعَ ٱلنَّاسَ أَن يُؤْمِنُوٓا۟ إِذْ جَآءَهُمُ ٱلْهُدَىٰٓ إِلَّآ أَن قَالُوٓا۟ أَبَعَثَ ٱللَّهُ بَشَرًۭا رَّسُولًۭا ﴿٩٤﴾
КаапырлардыАллахка жана анын пайгамбарына ыйман келтирүүдөн жана пайгамбар алып келген нерселерди аткаруудан тоскон нерсе – аларга келген пайгамбар адамзатынан болгондугун четке каккандыктарыгана тоскоол болду.Алар айтышты:“Аллахбизге адамдан болгон пайгамбар жибердиби?”
قُل لَّوْ كَانَ فِى ٱلْأَرْضِ مَلَـٰٓئِكَةٌۭ يَمْشُونَ مُطْمَئِنِّينَ لَنَزَّلْنَا عَلَيْهِم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ مَلَكًۭا رَّسُولًۭا ﴿٩٥﴾
Оо, пайгамбар! Аларга жооп кайтарып мындай деп айт: “Эгер жер бетинде периштелер жашап, алар силердей болуп тынч абалда басып жүрүшсө, анда Биз аларга өздөрүнөн болгон периштени элчи кылып жибермекпиз. Анткени периште аларга эмне жиберилгенин түшүндүрүп бере алмак. Биз периштелерге адамдардан болгон пайгамбар жөнөтсөк, анда ал даанышмандыкка туура келбейт. Силердин абалыңар да ошондой”
قُلْ كَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدًۢا بَيْنِى وَبَيْنَكُمْ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ بِعِبَادِهِۦ خَبِيرًۢا بَصِيرًۭا ﴿٩٦﴾
Оо, пайгамбар! Айткын: “Мени менен силердин араңарда силерге менин пайгамбар экендигиме Аллах Өзү жетиштүү күбө. Мен эмне үчүн жөнөтүлгөн болсом ошонун баарын силерге жеткирдим. Аллах пенделеринин абалдарын толук билет. Ага пенделеринин абалдарынан эч бир нерсеси жашыруун эмес. Силердин напсиңер жашырган бардык нерселерди Көрүүчү”
وَمَن يَهْدِ ٱللَّهُ فَهُوَ ٱلْمُهْتَدِ ۖ وَمَن يُضْلِلْ فَلَن تَجِدَ لَهُمْ أَوْلِيَآءَ مِن دُونِهِۦ ۖ وَنَحْشُرُهُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ عَلَىٰ وُجُوهِهِمْ عُمْيًۭا وَبُكْمًۭا وَصُمًّۭا ۖ مَّأْوَىٰهُمْ جَهَنَّمُ ۖ كُلَّمَا خَبَتْ زِدْنَـٰهُمْ سَعِيرًۭا ﴿٩٧﴾
Оо, пайгамбар! Аллах кимге туура жолго түшүүгө ийгилик берсе, анда ал чыныгы туура жолдо болот. Ал эми кимди Аллах кор кылып туура жолдон адаштырса, аларды акыйкатка сала турган жардамчы таппайсың. Ал жардамчылары алардан зыянды кетирип жана аларга пайда бере албайт. Биз аларды кыямат күнү кайра тирилтебиз. Алар жүздөрү менен сүйрөлгөндө көрбөгөн, сүйлөбөгөн, укпаган абалда болушат. Алардын баш калкалап барар жери тозок.Анын жалыныазайганда Биз анын жалынын күчөтөбүз. بلغ Куран · Тафсир
ذَٰلِكَ جَزَآؤُهُم بِأَنَّهُمْ كَفَرُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا وَقَالُوٓا۟ أَءِذَا كُنَّا عِظَـٰمًۭا وَرُفَـٰتًا أَءِنَّا لَمَبْعُوثُونَ خَلْقًۭا جَدِيدًا ﴿٩٨﴾
Биздин пайгамбарга түшкөн аяттарга каапырлык кылышып жана кайра тирилүүнү жокко чыгарышып: “Эгер биз өлгөндөн кийин чириген сөөк болуп жана үгөлөнгөн бөлүктөргө айлангандан кийин кантип кайрадан тирилмек элек?”- деп айткандарынын жазасыкатарыалар ушул азапка туш болушту
۞ أَوَلَمْ يَرَوْا۟ أَنَّ ٱللَّهَ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ قَادِرٌ عَلَىٰٓ أَن يَخْلُقَ مِثْلَهُمْ وَجَعَلَ لَهُمْ أَجَلًۭا لَّا رَيْبَ فِيهِ فَأَبَى ٱلظَّـٰلِمُونَ إِلَّا كُفُورًۭا ﴿٩٩﴾
Кайра тирилүүнү четке каккандар билишпейби. Асмандар менен жерди чоңдугуна карабастан жаратууга кудуреттүү болгон Аллах, ошол экөөсүнө окшогон нерселерди жаратканга кудуреттүү. Ал эми ким чоң нерсени жаратууга кудуреттүү болсо, анда ал андан кичине нерсени да жаратууга кудуреттүү. Чындыгында Аллах бул дүйнөдө аларга жашоолору бүткүчө белгиленген убакыт берди. Ошондой эле аларга ажал бердик, андан кийин алардышексиз кайра тирилтебиз. Кайра тирилүүнүн далилдери ачык болсода мушриктер анычетке кагышты
قُل لَّوْ أَنتُمْ تَمْلِكُونَ خَزَآئِنَ رَحْمَةِ رَبِّىٓ إِذًۭا لَّأَمْسَكْتُمْ خَشْيَةَ ٱلْإِنفَاقِ ۚ وَكَانَ ٱلْإِنسَـٰنُ قَتُورًۭا ﴿١٠٠﴾
Оо, пайгамбар! Мушриктерге мындай деп айт: “Эгер Раббимдин түгөнбөс ырайым казынасына ээлик кылсаңар, анда силер анын түгөнүп калуусунан коркуп,кедей болуп калабыз деп анысарптамак эмессиңер”.Момундардан башка адамдар табиятында сараң болушат.Момундар Аллахтын соопторун үмүт кылып сарпташат
وَلَقَدْ ءَاتَيْنَا مُوسَىٰ تِسْعَ ءَايَـٰتٍۭ بَيِّنَـٰتٍۢ ۖ فَسْـَٔلْ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ إِذْ جَآءَهُمْ فَقَالَ لَهُۥ فِرْعَوْنُ إِنِّى لَأَظُنُّكَ يَـٰمُوسَىٰ مَسْحُورًۭا ﴿١٠١﴾
مسحورا Чындыгында Биз Мусага күбө боло турган ачык тогуз далил бердик. Алар аса таяк, жаркыраган кол, ачарчылык жылдар, жемиштердин аз болушу, топон суу, чегиртке, бит, бака, кан. Эй, пайгамбар! Жөөттөрдөн тигил аяттарды Муса өткөн ата-бабаларына алып келгендигин сурачы. Фараон Мусага мындай деп айтты: “Эй, Муса! Мен сени сыйкырланган адам деп ойлоп жатам.Анткени сен таңкалыштуунерселерди алып келип жатасың”
قَالَ لَقَدْ عَلِمْتَ مَآ أَنزَلَ هَـٰٓؤُلَآءِ إِلَّا رَبُّ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ بَصَآئِرَ وَإِنِّى لَأَظُنُّكَ يَـٰفِرْعَوْنُ مَثْبُورًۭا ﴿١٠٢﴾
Муса аларга жооп кайтарып мындай деп айтты:“Эй,Фараон!Булаят-белгилерди асмандар менен жердин Раббиси болгон Аллах гана түшүргөнүн жакшы билесиң. Бул аят-белгилерди Өзүнүн кудуреттүүлүгүн жана пайгамбардын чынчылдыгын тастыкташ үчүн түшүрдү. Бирок сен бул аят-белгилерди четке кактың. Эй, Фараон! Албетте сен өлүп зыянга учурашыңды билемин
فَأَرَادَ أَن يَسْتَفِزَّهُم مِّنَ ٱلْأَرْضِ فَأَغْرَقْنَـٰهُ وَمَن مَّعَهُۥ جَمِيعًۭا ﴿١٠٣﴾
Фараон Муса пайгамбардыжана анын коомун жазалап Мисирден чыгарууну каалады. ОшондоБиз Фараонду жана аныменен бирге болгон жан-жөкөрлөрүн чөктүрүп өлтүрдүк. بلغ Куран · Тафсир
وَقُلْنَا مِنۢ بَعْدِهِۦ لِبَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ٱسْكُنُوا۟ ٱلْأَرْضَ فَإِذَا جَآءَ وَعْدُ ٱلْـَٔاخِرَةِ جِئْنَا بِكُمْ لَفِيفًۭا ﴿١٠٤﴾
Биз Фараон жана анын жан-жөкөрлөрүн өлтүргөндөн кийин Исраил урпактарына мындай деп айттык: “Шам жеринде жашагыла. Кыямат күнү Биз силердин баарыңардысурак майданына алып келебиз”
وَبِٱلْحَقِّ أَنزَلْنَـٰهُ وَبِٱلْحَقِّ نَزَلَ ۗ وَمَآ أَرْسَلْنَـٰكَ إِلَّا مُبَشِّرًۭا وَنَذِيرًۭا ﴿١٠٥﴾
Биз Мухаммадга бул Куранды акыйкат менен түшүрдүк. Жана Куран Мухаммадга эч өзгөрбөстөн жана бурмаланбастан акыйкат менен түштү. Оо, пайгамбар! Биз сени такыбаларды бейиш менен сүйүнтүү үчүн жана каапырлар менен күнөөкөрлөрдүтозок менен коркутууүчүн жөнөттүк
وَقُرْءَانًۭا فَرَقْنَـٰهُ لِتَقْرَأَهُۥ عَلَى ٱلنَّاسِ عَلَىٰ مُكْثٍۢ وَنَزَّلْنَـٰهُ تَنزِيلًۭا ﴿١٠٦﴾
Биз сага Курандыадамдарга шашылбай кыраат кылып окуп берсин деп түшүрдүк жана баяндадык. Анткени бул түшүнүүгө жана ой жүгүртүүгө эң ылайыктуусу. Ошондой эле Биз аны окуяларга жана абалдарга жараша бөлүк- бөлүк кылып түшүрдүк
قُلْ ءَامِنُوا۟ بِهِۦٓ أَوْ لَا تُؤْمِنُوٓا۟ ۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْعِلْمَ مِن قَبْلِهِۦٓ إِذَا يُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ يَخِرُّونَ لِلْأَذْقَانِ سُجَّدًۭا ﴿١٠٧﴾
Оо, пайгамбар! Айткын: «Аллахка ыйман келтиргиле. Силердин ыйман келтиргениңер Ага бир нерсени көбөйтүп да жибербейт же Ага ыйман келтирбесеңер да силердин каапырлыгыңар Андан бир нерсени азайтып да жибербейт. Асмандан түшкөн мурунку китептерди окугандарга, вахийди жана пайгамбарлыкты билгендерге Куран окулса,алар Аллахка шүгүр кылып жүздөрүменен сажда кылып жерге жыгылышат»
وَيَقُولُونَ سُبْحَـٰنَ رَبِّنَآ إِن كَانَ وَعْدُ رَبِّنَا لَمَفْعُولًۭا ﴿١٠٨﴾
Алар сажда учурунда: «Биздин Раббибиз убадасын аткарбай коюудан алыс. Ошондуктан Мухаммаддын келүүсү тууралуу берген убадасы анык болот. Албетте Раббибиздин ал тууралуу же башка тууралуу убадасы сөзсүз ишке ашат»
وَيَخِرُّونَ لِلْأَذْقَانِ يَبْكُونَ وَيَزِيدُهُمْ خُشُوعًۭا ۩ ﴿١٠٩﴾
Алар Аллахка жүздөрү менен жыгылышып сажда кылышкан абалда Андан коркушуп ыйлашат. Куран угуу жана маанилерин түшүнүүалардын Аллахтан коркуусун жана жалбарууларын көбөйтөт. بلغ Куран · Тафсир ي
قُلِ ٱدْعُوا۟ ٱللَّهَ أَوِ ٱدْعُوا۟ ٱلرَّحْمَـٰنَ ۖ أَيًّۭا مَّا تَدْعُوا۟ فَلَهُ ٱلْأَسْمَآءُ ٱلْحُسْنَىٰ ۚ وَلَا تَجْهَرْ بِصَلَاتِكَ وَلَا تُخَافِتْ بِهَا وَٱبْتَغِ بَيْنَ ذَٰلِكَ سَبِيلًۭا ﴿١١٠﴾
بين ذلك سبيلا Оо, пайгамбар! Сенин: «Оо, Аллах! Оо, Ырайымдуу!» деп айткан дубаңа каршы чыккандарга айткын: «Аллах жана Ырайымдуу деген – Аллахтын тааланын ысымдары. Ага ал экөөнүн кимиси менен болсо да же башка ысымдары менен болсо да дуба кылгыла. Анткени Анын көркөм ысымдары бар. Бул экөөсү Анын көркөм ысымдарынан. Андыктан ал экөөсү менен да башка көркөм ысымдары менен да дуба кылгыла. Намазда Куран окуганыңда жарыя окуба, мушриктер угуп алышат. Өтө купуя да окуба, ыймандуулар укпай калышат. Мына ушул эки абалдын ортосундагы деңгээлдеى оку»
وَقُلِ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ ٱلَّذِى لَمْ يَتَّخِذْ وَلَدًۭا وَلَمْ يَكُن لَّهُۥ شَرِيكٌۭ فِى ٱلْمُلْكِ وَلَمْ يَكُن لَّهُۥ وَلِىٌّۭ مِّنَ ٱلذُّلِّ ۖ وَكَبِّرْهُ تَكْبِيرًۢا ﴿١١١﴾
تك بيرا Оо, пайгамбар! Айткын: «Бардык мактоолорго татыктуу болгон Аллахка чексиз мактоолор болсун. Анын баласы жок жана шериги да жок. Бийлик кылууда да Анын шериги жок. Ага эч ким кордук көрсөтө албайт жана кемсинте да албайт. Анткени Ал жардамчыга жана кубаттоочуга муктаж эмес. Аны көп-көп улукта. Андыктан Анын падышачылыгында Ага баланы да, шерикти да, жардамчы да тааңуулабагыла». Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран